Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,  and see my picture...

Урматтуу окурмандар! Жаш жеткинчектер!
Менин мурунку жыйнагымдагы силердин сезимиңерди дүбүрттөнтүп ой салган "Жылаандын өчүн" улантып берүүмдү суранганыңар бүгүн орундалып отурат.
Силердин мага кайрылып жазган каалоо-пикирлериңерди толук колдоймун.
Эч качан Ата Журтубуздун бешенесине жамандык болбосун!
Кат жазышып пикир алышып туралы.
Дарегим:
715300, Ош облусу,
Алай району, Гүлчө айылы,
Абдиев көчөсү 36.
Жазуучу Бурул Самиева


Бурул Самиева

Жыландын өчү же энелердин трагедиясы

Бостон негедир бүгүн аябай кубанычта. Анткени жубайынын боюна бүткөндөн бери көптөгөн тилек-үмүтү орундалгандай. Балалуу болсо деп ак эткенден так этип жүрчү эле го!: Эми минтип:айлар өтүп, үчүнчү баш кошконунан айдай жүздүү кыздуу болду:
Ошентип, Наристенин ыңаалаган үнүн да укту: Мындайда Бостон кантип бактылуу болбосун. Деги эле жер үстүнө батпай турган учуру. Кудайга жалынып жалбарат. Буга кошулуп тиги улуу тоо да жаңырык салып, жарыкка келген наристеге куттук айып жаткандай. Бөксөдөгү кызгалдактарды кароолоп өсө берген арча-кайыңдар кол булгалашат. Бостон наристенин атын тиги гүлдүү талаанын атынан ырымдап Гүлүм деген ат койду.
Күндөр өтө берди. Наристенин жарык дүйнөгө келиши менен үй ичиндеги тиричилик да көбөйгөнсүдү. Гүлүм колдон колго өтүп, үй-бүлөнүн эрмек кылары. Эне сүтүнө аралашкан буркураган жытын айтпа. Жан аман болсо кечеги ымыркай көзгө урунуп, улуу киши катарына кошулуп кетер күн да келет тура. Гүлүм зээндүү кыз болуп чоңойгондой. Жети жашка да келди. Кичинекей сиңдиси Айданек менен жаны тынбайт. Ата-энесинин жооптуу жардамчылары. Гүлүм атасына аябай ынак. Каякка басса ошоякка ээрчип алат:
Кыз баласы атага өтө жакын болгонун адатта бактылуу болот деп коюшат. Гүлүм шылтоо таап алып Бостондун жанына отуруп алып бирдемелерди божурай берет. Бостон кызын: "Сен чоңоюп калдың, апаңа жардам бер да. Атасын ээрчип алган кантип жакшы болсун", - дей берет. Гүлүм ага да болбойт. Бостон менен дары чөптөрдү тергени ой-тоолорго да чыгып кетет. Дары чөптөрдү жыйнап дарыгер-молдолук жайы да бар, айыл-апада Бостонду кадырлашат, баркташат. Бул өнөрчүлүк ата-бабаларыбыздан бери келаткан бир багыт. Аны ар бир эле адам тута бербейт экен.
Күндөрдүн биринде сары баш беделүү чоң арыктын жээгинде чөп оро баштаган. Эски коргондун жанына жете бергенде терин аарчыганы өйдө боло калганы. Маңдайында калак баштуу кара чаар жылан секирчүдөй болуп бир октолуп кышылдап турбайбы. "Кана эр болсоң мени менен беттешип көрчү адам баласы", - дегенсип казык болуп кадалат. Жыландан көзүн албай ичинен бирдемелерди күбүрөп Бостон да кыймылсыз. Бүткөн боюн көл-шал тер басып, колдорунун салааларынан тер жерге тыпылдап тама да баштады. Күндүн аптабынанбы, же тиги чаардын сүрүнөнбү Бостондун алы кетип мына-мына жыгылып бараткандай абалда болуп турганда: "Ата, мен Айданек!" - деген үн угулду. Караса кичинекей Айданек Бостонду көздөй чөптү аралап чуркап келатат. "Айданек, акырын шашпа!" - деп үн салды. "Айданек" дегенде эле тиги кара чаар жылан чалгы менен бир чапкандай жерге шалп эте кулап, олоң чөпкө оодарыла түштү. "Бу тилегиң каткырдын аты Айданек белем", - деп койду ичинен Бостон. Чач саамайларына түшкөн чөптөрдүн бүчүрлөрү жабышып, мурдунун үстүн тер басып шашып келген Айданек сулап жаткан жыланды көрө коюп: -- Ата, бул жылан го, - деп үнүн акырын чыгарып койду.
- Ооба, кызым, кара чаардын өзү. Коркпо. Адам өзү тийишпесе бул да тийишпейт.
- Гүлүм эже! Мен атамды сенден мурун таап алдым, таап алдым.
- Тиги жай басып келаткан Гүлүмгө мактаныч менен үн салды.
- Айданек, карачы атам жылан таап алды!
- Ата суусадыңызбы? Кымыз алып келдим, апам тамак берип жиберди, - эч нерсени байкабагандай колундагы түйүнчөктү атасына сунду. "Курганым ата, жылан менен беттешкен го", - деп койду ичинен. Атасына айыл-ападагылар: "Бостон жылан менен арбашат", - деп калышар эле. Бирок бир да жолу атасынын жылан менен арбашканын көрө элек. Бостондун жүрөгүнө эч нерсе баспай челектеги кымыздан удаа-удаа жутуп жиберди да, үн-сөз жок эки кызын жетелеп жолго түштү. Орулган чөп, сууланган боолуктар кала берди. Үйгө эптеп жетип, эртелеп төшөк салдырып, тиги чаар менен болгон окуяны эч кимге айтпай, унут калтырайын деп жастыкка баш койду. Көпкө чейин ооналактап жатып, бир кезде көзү уйкуга илинди. Түшүнө жыландар кирди. Бардыгы тегеректеп, Бостонду талап жаткандай. Улам чочуп ойгонуп, бул түн бир азап болду.
Эртеси эриндерине барсайган учуктар чыгып, бүткөн бою салмактанып, кыртышы сүйбөй калыптыр. Айылдагы курбалдаш молдону чакырып дем да салдырды. Араң дегенде табышмактуу бул кеселден арылгансыды. Басса-турса баягы кара чаардын тиктеп турганы көз алдынан кетпейт да. болгон окуяны бир да жанга айткан жок. Өзүнчө эле бир түнт болду да калды.
Тиги орулган чөптү, эски коргонду көргүсү да жок. Күндөр өтө берди, жылдар жылды.
Айданек менен Гүлүмдүн бой жетип калган кези эле. Бышып турган мөмөгө кимдин гана көзү артылбайт. Айылдын жигиттери жеңелери аркылуу сөз айттыра да баштады. "Каап, экөө тең уул болушса ага-ини болуп, бирине жөлөк, бирөөсү атымды токуп, эшиктеги отундарымды жарып бербей беле", - деп кейиште болот Бостон. Анткени менен мынабу эки жигиттен кем ишти жасабаган эки кызынын барына тобо кылат. Кыз бала, чиркин, төркүнүнө күйүмдүү келет тура. Үй ичиндеги да, сыртындагы да жумушту кабагым-кашым дебей, айттырбай жасай беришет. Ыйман бар жерде ырыс да бар. Болбосо ата-энесине кур доомат арткан канча чоөке бийкечтер бар дейсиң.
Күндөрдүн биринде жакын санаалаш досу Садыр уулуна Гүлүмдүн колун сурап келген экен. "Ээ, балдар бири бирин көрүп сүйлөшсүн. Алар бири бирине ык келип калышса ажеп эмес, мен каршы болот белем", - деген сөз тутантты. Канткен менен Садыр өздөй киши. Кызынын бара турган жери орундуу болсо экен деп ким эле тилек кылбасын. Эгерде кудай нике буйрук кылса күйөө болчу Тилек да айылдагы "мен" деген жигиттердин бири. Кудум - шудуңу жок жигит. Бой келбети да бар. Мындай учурда Садыр менен куда болуш эмнеге болбосун? Айтор, айыл ичи күндөн-күнгө уу-дуу. Гүлүм менен Тилек да бири бирин жан дүйнөлөрү менен аруу түшүнүшкөн, ыгы келе калган жерде бири бирине кайдыгер карашпагандыгы бар эле. Бирок бардыгы тең жашыруун болчу. Эми минтип ата-энелери сөз баштаган соң ортолорундагы жылуулук таза мамилелер ого бетер сүрөөнгө алынып тургандай абалга жетти. Буйрукка да айла жок. Ата-энелердин макулдугу менен болгондой абалда экөө жуп болуп ак никелүү да болушту. Оо, андагы айылдагы өткөрүлгөн тойдогу шаңды айтпа. Ар бири кызын күйөөгө узатып жаткандай, экинчи бирөөлөр келин алып, уул үйлөп жаткандай болушту десек калп болбос.
Аруу тилек, ой-максаттар бар болуп,
Айыл ичи көркүн ачты шаң толуп.
Ак никелүү болгон кезек эки жаш,
Ак куулардай танбас сүйүү, жар болуп.
Бирок адам пендечилигин тагдырдын салганына баш ийбөөгө чамасы жок тура. Гүлүмдүн барган жеринин согончогу канабады. Буйругу жок болсо айла жок экен. "Куу согончок аталгандан көрө" - деп Гүлүм атанын төрүнө келип да алды. Анан кантет, ичи-сыртынан "төрөбөс келин" деген күңкүлдөмөй болуп атса. Өзү да корунуп атып жүдөп бүттү. "Таалайым ошондой болуп калса кантейин" - деп ичтен сызылат. Атаганат, колунан баары келген, ыйманы бийик, улуу-кичүүнү наркы менен сыйлай билгендин бир жагы кем болот белем. Ошенткен менен адамдын асыл заттыгы, анын айлана-чөйрөнү, ата журт намысын талаша билгендин бийиктиги жерде калбайт тура. Гүлүмгө үйлөнөбүз деп сөз салгандар болбой койгон жок. экинчи жолу турмушка чыгууга туура келди. Анткени өз айылынан бир азыраак алыс турган айылдан Адыл деген жигит келди. Ал Гүлүм үчүн табылчу дүйнөнүн бардыгын сайды. Бир гана жактырып калган адамы менен бир болууну бийик тутту. Тагдыр деген ошол экен. Адыл менен Гүлүм өмүрлүк жубай болуп баш кошушту. Гүлүмдүн жан дүйнөсүн отко салып, убайым, ар-санаага салган бир гана нерсе кантип бир перзенттүү болуу максаты.
Элден угуп билген дарыгерлерге көрүнүп, же болбосо мазар таап зыярат кылуу. Айтор, ырымчылдык шарттарды көп жасагансыды. Буйрукка айла жок. Гүлүмдүн боюна бүттү. Муну сезген Адылдын кубанычын өлчөп болбойт. Гүлүмдүн оорун колдон, жеңилин жерден алып турат. Анан кантип, сүйгөн жарынан перзенттүү болуш оңойго туруптурбу. Акыры зарыга күткөн күн да келип, Гүлүм уул төрөп бербеспи. Бул кандай гана бакыт, ырыс, таалай! Бул күтүлбөгөн окуя айыл ичин аралап, өзүнчө бир жомоктогудай көрүнүшүн көрсөттү. Зарыгып күткөн чүрпө дешип атын Зарлык коюшту. Жаз айлары ортолоп калган. Эл жайлоого көчө баштаган убак. Адыл айылга жакын деп "Кемпир-Ташка" көчүп барышкан. Жаш бала менен алыстап көчүп конууну туура көрүшпөдү. Эртели-кеч кыштоого чаап барып, анча-мынча тирликке керектүү чай-чамегин алып келип да алышат. Анын үстүнө агайын-туугандарга үзбөй каттап туруусуна да жакшы эмеспи. Жөө басканда бир жарым сааттык эле жол. Анын үстүнө анча-мынча майда жандыктарды жайып, тун баласын бакканга ыңгайлуу. Бөксө адырлуу келип, бетеге суй салып чыгат.
Көчүп келишкенден бери кыштактагыдай кирди-чыкты киши жок. бир аз коңултакташып, анан көнүп калышкандай болду. Наристе Зарлыктын "тамашасы" эле канчага турат. Анын жооштугун айтпа. Курсагы ток болсо бешикте момурап жата берет. Эки колун чечип бош койсоң, бешиктин кармоочуна илинген чүкөлөрдү кармагысы келип убаралана берет, колдорун ары-бери серпкилеп. Баса, кармоочко илинип турган чүкөлөрдүн да баяны бар. Бешикке салганда, айылда Мамырбай деген кары киши бар, өзү анча-мынча дуба салып, эмдеп-демдеп койчу жайы менен улуу балаңарга жети чүкө алып келдим. Чолпон-Ата сөөгүнөн жаралып чыккан. Уулуңар жети өнөрдүн башын туткан азамат болсун" - өзү тагып кеткен. Жакшылыкты тилеген тилеги кабыл болсо экен деп коюшту.
Гүлүм колтугуна кыса келген куурайды сыртка таштап, үйдүн эшигин түрүп, ичке баш бакты. Уулу дале уктап жатыптыр. "Каралдым десе, жаагын жанган ыйлаак болсо шорум катпайт беле, бир аз эмизип коөюнчу", - деп бешик жабууну ача салды.
- Кокуй бул эмнеси? Өлүгүңдү гана көрөйүн! Түйдөктөлүп жатканын кара!: Бешиктеги баланын көкүрөгүнө түйдөктөлүп, башын баланын оң жагына сүйөп жаткан эки карыштай келген кара сур бала жылан жаткан болчу. Гүлүм кычкачты ала коюп, баланын көкүрөгүндөгү жыланды бир апчып сыртка силкти. Жылан ийрелеңдеп чөп арасына түшүп жатып калгандай болду. Бала эч нерседен кебелбей дале мемирейт.
- Ээ, кокуй күн, чагып алган го дейм! Гүлүм бешиктин боолорун шашыла чечип, баланы колуна алды. Бала чукуруна ойгонуп кетти. Апасын көрө коюп, адатынча "бу-бу" деп үн салып койду.
- Каралдым, каралдым менин. Сени карабай кара көзүм кашайсын,
Муну карачы, - деп Гүлүм Зарлыкты бооруна кысты. Аңгыча босого жактан кыш этип үн чыкты. Караса жанагы бала жылан тикесинен туруп алып, тилин соймоңдото теңселип коөт.
- Апей, ботом. Бул эмне шумдук ыя? Кайра кирип келгени эмнеси ыя?!
Кудай сактай көр!:
Баланы жердеги көлдөлөңгө жаткырып, очоктун жанында жаткан көсөөнү ала коюп жыланды бир урду. Жыландын баш босогого бир чабылгандай болду. Гүлүм көсөнү ала коюп, башын былчыйта тебелеп, качан башы жанчылгандан кийин чыңырып ыйлаган баланын үнүндөй доош угулду. Бирок эч нерсени капарына албай ачууга берилген Гүлүм ийрелеңдеп жаткан жыланды күйүп жаткан очоктогу отко салды. Жылан оттун табынан көсөгө ороло берип ары-бери булактап, бышылдап күйүп аткан денесинен жанагыдай баланын ыйлаган үнүндөй болуп үн чыгарып жатты. Боз үйдүн ичи куйкум-күйүк жыттанып кетти. "Эми кайсы жаның калды дейсиң", - деп жыланды көсөдөгү чычала болуп калган калыбында, күл болгуча көсөөлөп жатты. Мына кызык: тиги төрдө жаткан бала бакырып ыйлап жибербеспи. Гүлүм жанатан бери ырахаттанып, жыландан өч алгандай өзүн жеңил кармап баласын көздөй жөнөдү. Кызганычтан, баласынын ыйлап жатканын, анын өпкөсү көөп, үнү бүтүп калганын да байкаган жок. жыландан өч алгандай болду. Ошондо гана көлдөлөңдөгү колдорун тырбалаңдатып өксөп жаткан баласын колуна алып соорото баштады. Бала эмчегин албай, көпкө чейин чырылдап ыйлап сооронду. Эмчекти эмген сайын өзүнчө улутунуп жатты. Бала мынчалык жан алакетке түшүп ыйлаган эместей. Эмчекти чопулдап соруп жаткан баланын дүйнөсүнө эне мээрими ээрип кетти белем, бешикке салына Гүлүм көшүлүп уктап кетти:
* * *
Бул кезде Эне жылан жаны тынбай баласын издеп жүргөн эле. Баласынын өтө эркелигинен өтө коопсунат эле. Бир убакта боз үйгө да келип жетти. Баласынын издери жатат: күйүк жыттанган коңурсук жыт мурдун өрдөйт. Өзүнчө эле жаман ойлор башына келип, бири келип, бири чыгат. Жаман ойдон канчалык алыс болоюн десе да арыла албады. Жанында топуракка аралашкан ар кайсы жерде кандардын изи жатат. Бул адамдын каны эмес. эненин жүрөгү жамандыкты сезди: баласынын жамандыкка кабылганы оюна келсе да ишенген жок. "Ай тентегим ай, тентегим! Адам баласынын жанына жолобо деп канча какшасам да капарыңа албадың. Алар эч кимди аябайт! - деп ичинен муңкана көз жашы каректерине толуп кетти: "Тиги жерде баласын эмизип, өбөктөгөн сулуу келинди кара: наристелерге кантип жамандык кылсын, өзү эне болуп туруп. Ай ким билет? Адамдардан бардыгын күтүүгө болот": эне жылан эшикке шарт бурулуп, жыт искеп, жан алакетке түшүп, ары-бери жүгүрө берди: Бир маалда коломтого жетип барды. Караса: күл болуп өрттөнгөн баласынын сөлөкөтү жатат.
- Оо, шордуу башым! Мен эмнени көрүп турам, ыя?!: Жан-жаныбарларды жараткан Теңир!: эмнеге калыстыгың жо-ок! Наристе баланын жамандыгы эмнеде? Кана айтча жараткан!: Бооруң менен сойлоп жүр деп, жер үстүнө жараткан сен эмес белең!: Адам баласына чекилик жасаган жок элем го!: Жылан күл болуп сүлдөрү кеткен баласын кучагына ороп, ый менен кошо көз жашын көлдөтө шорулдата жыттап жатты: жыландын кайгысына учкан чымчык, жада калса, чегирткелер да тымтырс боло калышты: Тиги айдактанган сагызган гана табаа кылгансып, тал үстүнө отура калып шакылыктап, каткырык сала албай ойдолоктойт да турат: Эне жыландын өпкөсү көөп солуктап, көзүнүн жашы кургап да бүттү. Бүткөн бою чыйралып, тарамыштай түйүлдү. Көзүнөн шыркыраган жалын үйлөнүп, азыр эле жер үстүн өрттөп жиберчүдөй болуп, теңсиздик кылган дүйнөнү жок кылгысы келет: Жылан Эне көптө эсин жыйды. Баласынын кайгысынын өрттөнүп, боз үйдүн чамгарагынан шуу этип тик сайыла кирип барды: Учкан күүсүнөн ууктар майышып, керегелер кычырай, туурдуктар желбирей түштү. Анан катуу эки жолу ышкырды. Анын ышкырыгынан тимеле кулак тунат. Уктап жаткан Гүлүм эмне болуп кетти дегенсип, көзүн алактата ойгонуп кетти. Босогодо Гүлүмдү карап тикесинен турган Эне жыланды көргөндө эси оой түштү. Азыр эле көзү илингенде түшүнө кирген жылан маңдайында турду. Эмне кылышын билбей калды. Боз үйдүн эки капталынан ышкырып үн салышкан жыландар топтоло баштады: Гүлүм көрүп урган көзүнө ишенбей түшүм деди. Колун, бетин кармалап, түшү эмес өңү экенине зорго ишенди.
- Аа-аа: Жардам: жа-ар:дам-га-аа! - деп буулуккан үнү араң чыкты.
- Колуң менен жасаганды мойнуң менен тарт! - деди ызалуу Эне жылан.
- Кандай, кандай?: Мен: Эчтеме кылган жокмун. Кеткиле нары! - деди Гүлүм. Эне жылан каар менен:
- Оо, адамдар,! Калп сүйлөгөнүңөр үчүн: тапкан дүйнө-мүлкүңөрдүн баары жалган! Бири бириңерди балталап, каныңарды суусундукка ичкенден кайра тартпайсыңар! :
Гүлүм эсине келе эки жагын кумтулана карап:
- Сен жылансыңбы?!:
- Ооба, жыланмын. Өз көр оокатын жер үстүнөн издеген сендей эле жанмын.
- Анда жылан болсоң: Мен сени : Азыр өлтүрөм! Туш-тушта үймөлөктөшкөн жыландар уу-дуу боло түштү:
- Мен тиги :сен өлтүргөн жалгыз балам менен бирге өлгөнмүн. Мен жер үстүндө жокмун, каралдымдан айрылып кантип жер үстүндө жүрмөк элем:
- Эмне дейт?:
- Таңгалба сулуу!: Канга-кан алган жай бар.
- Кантип?
- Алдагы балаңды алам!
- Сага анын кереги бар?
- Жыланга да бала керек!:
- Кой антпе! Каалаганыңды ал, балама тийбе!:
- Кеч болуп калды, сулуу. Чыгып кет эшикке! Балаңды жетелеп кеткенимди көзүң көрбөсүн!
- Жок, жок! Антпе:
Гүлүм буркурай ыйлай бешикти кучактай калды. Бул дүйнө аңтарылып кеткендей болду. Анан кандайдыр бир сызылган сыйкырдуу үн чыккандай болду. Сырт жактан баланын баркырап ыйлаганы угулду. Гүлүм шарт тура калып, сыртка чуркай жөнөдү:
- О, балам! Зарлык кайдасың? Бербейм сени: Көйнөктөрү делбелектеп, чачтары саксаңдай: жылаңайлак учуп-күйүп, кыштоону көздөй чуркап баратты. Буттары таштарга тилинип, балтырларын тикенектер аймап, көйнөгүнүн этектери далдалактап кеткен.
- Тетиги ким өзү, делбелектей жүгүргөн? - деп койду Садыр, аты менен көчө ылдый баратып. - Бу курган эме: Чуркаганына караганда Бостондун кызыбы дейм?! Садыр аттын оозун чуркап келе жаткан караанга бура калды. Өтүп бараткан бирөөлөр:
Ой, тиги : тетиги: соо адам көрүнбөйт. Урунуп-беринип эле келе жатат.
- Кана, кана?: Тиги киши чекесине колун тосо калып карай берди:
- Бостондун кызы го:тиги:тоодо эмес беле:
Садыр үн ката атына камчы сылай, бир темине алга бастырды.
- Балам кана? Балам кана, эмизейин? - деди Гүлүм Садырдын алдынан тосо чуркап:
- Ээ, балам. Сенин балаңдын кайда экенин кайдан билем? Деги, эсен-соосуңарбы?
Баламды эмизейинчи. Баламды бергилечи, баламды бергилечи! - деп Гүлүм тизгининен алды. Тиги айылдан жете келгендер Гүлүмдү тааныбай коюшту. Гүлүм өзүн жоготуп койгон эле. Анын өдүк-сөдүк сүйлөгөн сөзүнө, кебете-кешпирине карашып, өзүнүн айылындагы бир кезде атагы таш жарган сулуу келинди эч ким тааныбай турду. Биринен сала бири: Ээ, айланайын сага эмне болду? Кимди издеп жүрөсүң? - дешип, туш-туштан жабалакташат. Гүлүм: "Балам кайда?" - дегенден башка сөз айтпайт, алдында тургандардын бирин да тааныбай, жинди болгонсуп бир сөзүн улам кайталай берди.
- Жүр, балаңды эмиз, - десе да уккудай эмес. Айтор, беймазаланган көрүнүш болду. Гүлүмдүн бул абалын түшүнө беришпеген эки келин Гүлүмдү колтуктап ала: "Жүр үйүңө, балаңды эмиз", - дешип жетелей жөнөдү. Чогулгандар үчүн бул көрүнүш өзүнчө эле табышмак болду. Садыр: "Кой, мен тиги ата-энесине кабар кылайын", - атын таскактата чапкан бойдон кетти.
* * *
Эне жылан Гүлүмдү боз үйдөн чыгарып ийгенден кийин бешикте жаткан балага шып жетип, жабуу төшөгүн сыйрып жиберди да, мемиреп уктап жаткан наристеге суктана тиктеп калды.
- Оо, бала деген кадай укмуш? Адам баласынын турмушу да аялуу ээ! - деп койду улутуна. Энелик мээрими чачылып: "Адамга да теңелип болобу" - деди ичинен. Баланын эмчек сүтүнө аралашкан жыпар жыты Эне жыландын баятан берки каарын жибитип баратты. Көзүнөн жылуу мээрим жылдыздары чачырайт. Өзүнүн баласын эстеп кетти. Ага окшоштуруп, бул наристени да аяп кетти. Тиги босогодо уралап турушкан жыландарына кайрылып:
- Мен өз чечимимди буздум
- Кантип? - деп бир добуштан "чур" дей түшүштү тигилер.
- Баламдын төгүлгөн каны үчүн мына бу наристеден өч алгым келбейт. Мында эмне күнөө?
- Анда кандай буюрасыз? - дешти тигилер жардана карап.
- Муну: Мага бала кылып бергиле!
Аны укканда тегеректеп турган ордо жыландары ары-бери удургуй нааразы болушкандай үн-сөз жок бири бирин карай беришти. Анан бирөө суурулуп чыга берип:
- Адам баласы бизге каршы душман. Кантип анын тукумун тукум кылабыз? Мындай иш тегибизде болгон эмес! - деп калтаарып үн катты. Дагы кайталап айтамын. Мына бу бешиктеги наристени мага бала кылып бергиле. Энеси өмүр бою баласын жоктоп, мендей болуп күйүп калсын. Окугула дубаны! - деп кыйкырды.
Ордо жыландары тикелеринен тура калышты. Бирде чимирик атып, бирде жерге баштарын ургулашып, дуба салынып жаткан расмийди жасай башташты. Көпчүлүктүн нааразылыгынанбы түнү бою окулган дуба балага түшпөй баланын бутунан мойнуна чейинкиси гана жылан түспөлүнө окшошуп турду. Таң агарып да калды. Бирок аздан соң күндүн нуру жерге жайыла чачыла бергенде баланын башы бармактай болуп кичирейди да, бирок бет түспөлү киши келбетинде кала берди. Баары жабыла жыланга айланган бешиктеги баланы чубалта көтөрүп төбөсүнө коюшуп ордону көздөй зуу коюшту. Бала болсо кадимкидей үн чыгара ыйлап баратты. Эне жылан кантип соороторун билбей, сары шүүдүрүмдүн гүлүнөн үзүп оозуна салып коюп келатат. Ага бир аз канаттанган бала кыңк дебейт.
* * *
Гүлүмдүн ат-энеси Садырдын аты менен учкаша отуруп, тиги Гүлүмдү тегеректеп турушкан элге жетип келишти. Бостон аттан биринчи ыргып түшүп Гүлүмдү кучактай калды:
- Садага кызым, сага эмне болду?
- Оо, журт, бул эмнеси! - деп энеси Жазгүл Гүлүмдү баса жыгылды. Тегеректеген эл үн катпай карап турду.
- Бала кайда? Сен биякта эмне кылып жүрөсүң? Энеси Жазгүл шолоктой Гүлүмдү төшүнө кыса жаш төгүп, тургандардын муун-жүнүн бошотуп жиберди. Гүлүм көзүн чоң-чоң ачып алды да:
- Апа-аа! - деп бир бакырып алды да, көзүн сүзүлтө жуумп, эриндери дирт-дирт эте көгүш тартып суналып баратты.
- Кокуй, кокуй суу, суу: деп чурулдап жиберишти тургандар.
Бирөөлөр арыктагы суудан калпагына сузуп алып келе калды белем моюнга жабыла төгүп жиберди. Гүлүм бир аз көзүн ачып, эсине келе калгандай болду. Таңдануу менен тегеректеп тургандарга карап:
- Мен:каяктамын? Балам кайда?:
Көздөрүнө жаш толуп, кирпиктери ирмелгенде мөлт-мөлт эте жашы жамгырлап кетти. Гүлүмдү ордунан тургузуп Бостон колуна жаш балача көтөрүп үйүн көздөй баса берди. Бир жагында делбелектеп Жазгүл жалына-жалбара ыйын жашыра албай буркурайт.
- Айылдагы молдолордун кимисин чакырсам экен?! : Же: Же доктурга алып барсамбы?!: Кыргызча ырымдап, дем салдырып койгонум деле дурус болор: Күйө бала, куда-кудагыйлар эмне дешер экен: Өз билгенин жасап келинибизди колдон жула качканы эмнеси дешеби?!: Алар менен да кеңешип коюш керек го: Андан көрө тиги Сатинбү энени чакырайын:" Бостондун ою чар-жайыт: Тез эле үйгө жетип, Сатинбү энени алдырды. Сатинбү эне "көзү ачык", анда-санда көңүлү каалаган адамды тиктеп туруп, алдыда эмне болорун бетине тике эле айтып салган кары адам эле.
Бир күнү кызык болгон. Бектен деген адам көчөдө атын шатырата чаап баратса:
- Оой, шоруң каткыр токто! Кайда баратасың элтеңдеп, үйүңө тез жеткин. Алыстан азыр бир кабар келет, - дейт. Бектен эмне болуп кетти үйүнө кайрылып барса бир аздан кийин эле почточу жээнинин авариядан каза болгондугун билдирген телеграмма алып келди. Мына ушундай кызык окуя болгондугун айыл ичи көчөмө-көчө аңыз кылып жүрүшкөн жайы бар.
Сатинбү эне Гүлүмдүн тамырын кармап көрдү:
- Катуу чочуп калган турбайбы! Жүрөгүн көтөрүп коөюн:
Бир маалда оң жак ийинине карап туруп бирөөлөр менен сүйлөшкөндөй:
- Эмне дейсиң?: Жыландар дейсиңби?:
Жыландар деген сөз угулганда үйдө үрпөйүп отурукташкандар ого бетерден үрөйлөрү уча түштү:
- Кандай дейсиң?- деди да бир аз көзүн сүзө унчукпай туруп: - ии: ии:!: - деп башын ийкеп койду. Анан тиги жардана карап тургандарга:
- Бу байкуш бала жыландардын ордосуна тийип коюптур:
Отургандардын оозу ачылып калды бейм:
- Кичинекей наристеси аман-эсен. Бирок баласы кайып болуп кетиптир. Отургандар: "Кандайча? Кайып болуп кеткени эмнеси?" - деп чуулдап киришти:
- Ии, ошо!: Мен эмне болгонун айта алам. Мына көргүлө! Баласы жанында жокпу? Жок! Анан эмне дегени турасыңар?!:
Отургандар энеден ийменише ичтеринен: "Бала тиги үйүндө го: Адыл карап калган го", - дешип түкшүмөлдөп коюшту:
Бирок иш андай эмес болчу. Адыл эртесинен жандык тарды короого айдап келсе үйдүн эшиги түрүлүү: Эч ким жок:"Ии, тиги куурай терем деп жүргөн го", - деп, күндө барчу колотко топ арчалардын жанына барып: "Гүлүм! - эле, Гүлүм! - деп заңкылата кыйкырып көрдү: "Кыштакка кеткенби?:" - деп да ойлонду. "Бала менен кыштакка кантип барсын?:"
- Тээ түн бир оокумда гана аттын дүбүртү угулуп, үйдүн жанына келип токтогонго окшоду. "Ким болду экен?" - деп обдула тура кала берээринде эшик шарт ачылып кошунанын баласы Керим кирип келди:
- И, жайсыңбы? - Адыл тигини тиктей калды:
- Айылда сизди чакырып жатат. Гүлүм жеңем ооруп калыптыр:
- Кантип ооруп?: Ал кечээ эле үйдө соо эмес беле?:
- Билбейм, сизди келсин дешти: Мени малды карап тургун дешти! - деди энтиге Керим.
- Түшүнбөдүм, Гүлүм кантип кыштакка барып калды бала менен?
- Баласы жок го!
- Эмне дейсиң?:
Анан ачуулуу Керимди каарый:
- Ээ, сен: сен: дениң тазабы ыя!: Баласы жок дегениң кандай?
- Баласын көрбөсөм эмне кылайын?!:
Керим күнөөлүүдөй башын шылкыйта туруп калды. Адыл шашкалакай, эшик жаппай аттай-буттай жете Керимдин колундагы камчыны сууруй шарт чыгып кетти: Жолдо карата солкулдап келген ат үстүндө: "Деги соо эмес го? Кантип кыштакка барып калды? Балага эмне болду?: Же бала сыркоолой калып айылга жетип бардыбы?: Айтор, санаасы санга бөлүнүп, тезирээк эле жетсем экен дегенсип кашаң атка олдуй-солдуй камчы басат. Өткөн жумада түш көргөн: Деги Кудай сактасын", - деген Адыл айылга да келип жетти. Үйгө да кирди: Төшөктөгү Гүлүмдү тегеректей отурушкандар Адылды көрө четке чыга беришти: Адылдын үнү буулуп:
- Эмне болду?! - дегенге араң жарады: "Ноокастап жатат", - деп бирөөлөр күңк эткендей болду.
- Бала кайда? Адылдын үнү каар менен чыккандай болду.
Адылды көргөн Гүлүм колдору менен көздөрүн баса эчкире ыйлап жиберди:
- Кел уул, отурчу мындай! - деп ордунан тура кетти жеңеси Калыйча.
- Айткылачы бай болгурлар! Эмне болуп атат бул үйдө?:
Гүлүмгө кайрылып:
- Гүлүм, сен бул жерде эмне жатасың? Бала кайда? - деп буулуга үн катты.
- Шашылба, Адыл балам, акыл калчап ой токтотолу. Алла-Таала берген баласын кайып кылып жибериптир! - деп жай сүйлөдү тиги төрдөгү аксакал. "Дүйнөдө!, - деп баштады андан ары молдо Өмүр, - көп нерселер, кубулуштар бар болот экен, сыйкыр деген чоң касиеттүү, укмуштуу болот турбайбы. Кадимки жомоктогудай окуя болуптур. Ордолуу жыланга тийип коюпсуңар. Ордону Эне жыланы башкарат. Ага бүт ордонун жыландары кыңк этпей баш ийишет. Тиги Ош жакта Абыт деген жылан менен арбашып тилин билген карыя бар дейт. Ошол кишиге ат чаптырдык. Кудай жолду ачып ал киши келип берсе:
- Деги, айткылачы, бала кайда? үнү диркирей чыкты Адылдын.
- Айтып атат го бул молдокем. Жылан Эне сыйкырлап наристени алып кетиптир. Эми кун төлөп баланы сураш керек", - деп "чарр" этти белем молдонун жанында отурган байбиче. Адыл тып басылды.
- Эл-журтуң бар. Сабыр кыла туралы.
- Сыртынан "абалап" үргөн иттин добушу угулуп эки жигитти ээрчите Абыт карыя кирди. Бардыгы салам айтып ордуларынан шапа-шупа тура беришти. Босогону камчысы менен: "Мен келдим, кач! - деп бир чапты да, эки жагын карабастан төргө өттү: отургандар Абыт карыядан кандай ылаажы болор бекен дешип бир азга демдерин ичтерине алып отурушту.
- Баарын уктум. Окуя болор күнү эле менин кишилерим мага кабарлашкан: Эмнеси болсо да жерине барып чечели, жыландардын каары жаман. Ачуусу келсе бүт айылды жок кылат. Алардын астынан өтүш керек. Алар адамдан акылдуу. Гүлүм балам акылсыздык кылыптыр. Бир кой, бир эчки, бир кап ун, бир чака айран же сүт алалы. Баралы да Эне жыландан кечирим сурап көрөлү. Макулсуңарбы?! - деп үнүн бийиктетти. Отургандар ордунан козголо, азыр эле чуркап барчудай болуп: "Макул, биз макулбуз", - деп жалооруган кейипте Абытты жалдырай карашты:
Эртеси айылдан үч-төрт киши баш болуп, Адыл Абыт менен өзү жайлап турган жайлоону көздөй бет алышты. Күн аптап болуп, ылаалаган аттар кошкуруп, эптеп басыгын улантууда. Үстүндөгүлөрдү уйку басып, көздөрү бири бирине жабыша калгандай: Анан калса көз божомолдо карыш эле болуп тургандай жер оо бир узак болду бейм: Адыл үйгө жакындаганда: "Оо, Зарлык балам, кайдасың, каралдым? - деп өкүрүк салгандай муңкана үн чыгарып ыйлап жиберди.
- Ой кантет? Ошо да болчу беле? Жамандыкка жоруба.
Кептин баары буйрукта, буйругу жок болсо айла жок. адамды ошого чыдоого жараткан Алла-Таала! - деп, үнүн бакылдата атын бир теминип койду Абыт: Шордуу Адыл анан кантмек эле, ый чыгарбаган, сөөк сыздабаган да жорукпу?: Боз үй жакка келгенде Абыт атынын башын тиги эски коргон жакка буруп:
- Унду тиги дөбөнүн жанына алып баргыла, - деп өзү алга бастырды. Бир кезде:
- Болду ошол жерге түшүргүлө да оозун ачып койгула! - деп аптыккан түрдө атынын тизгин чылбырын бир силке бош коө берди да тигилер каптагы ундун оозун чечип койгон жерге басты.
- Аксакал, мингениңиз таза карматпаган кокуй неме эле, - деди тиги жигит. Кармай туруңуз дегендей чебеленди эле:
- Эми ал ат качаган болбой калган, - деп сырдуу үн катты:
- Кантип эле качаган ат Абыт мингенден кийин эле жоош боло калсын, - дегендей ой бирөөндө да болгон жок:
- Эми силер тиги боз үйдүн жанына бара бергиле. Баланын атасы Адыл гана калсын биерде! - деп буйрук салды. Каптагы унду кочуштап туруп, кыбылага үч жүгүнүп чөптү аралата чачып жиберди. Анан чыгышты, анан түндүк менен түштүк жакты карап туруп да ошондой эле ырым жасап, унду чачты да Адылга карап:
- Эми, мен жасаганды атасы сен да жаса. "Кечир, жылан Эне, кечир деп айткын, - деп буйруду. Адылдын колдору калтырап Абыт айткандай жасады. Бир маалда Абыт үйдү карап, мандаш токунуп отуруп үн чыгара дуба окуй баштады. Негедир айлана өзүнчө тынчып, чурулдап сайрап аткан чымчыктардын да, "шыкы-шыкылдап" аткан чегирткелердин да үнү басылып калды. Барган сайын айлана сүрдүү көрүнө баштады. Абыт аке тынбай күбүрөп, жанынан бычагын алып ундун үстүнө койду. Бир маалда боз үйдүн тегереги күндүн нуруна чагылыша шүүдүрүмгө окшошуп жалтылдап Абыт акени көздөй шуулдаган доош чыгарып дайрадагы толкундай өбөктөшкөн жыландар келе жатышты. Тегерете чачылган ундун жанына солдаттардай башын көтөрүп туруп калышты. Аларды көргөндө жакаларын кармаша эстери ооп жалдырама тийгендей тиктешет. Абыт болсо үнүн чыгарып тынбай бир нерселерди окуп, бешенесиндеги тери буурчактай болуп төгүлүп агып жатты. Бир маалда тиктеп турган жыландарга жан киргендей эки бөлөк жол ачып туруп калышты. Ошондо гана боз үйдүн ичинен бир кулач кара чаар жылан сойлоп чыкты. Аны көргөн Абыт тизелей отура калып жанын үрөп маарап жаткан кой менен эчкини туура тарта даярдаган бычагы менен мууздап жиберди. Кан болсо диркирей агып жол ачкан жыландарга чачырап турду. Кара чаар жылан акырын сойлоп келип, Адылды тиктеп туруп калды. Ошондо шашып кеткен Абыт биринчи болуп канга сөөмөйүн салып тилине тийгизди. Андан кийин кара чаар жылан канга башын тийгизгенде жыландар да канга башын салышты. Бирок бир жылан Адылды тиктеп тура берди. Кечирим сурап ийилип жаткан Абыт жанындагы ундан уучтай кармап: "Кечир!" - сенин балаңдын күйүтү биздин да күйүтүбүз. Балалык кылыптыр: Сенин урпактарыңа мындан кийин эч ким тийбейт. Ак бололу! Ак чачайын! Кечиргиле!" - деп жыландан суранып ундан чачты. Күйүт тарткан жылан кадимкидей көзүнөн жаш агызып тиктеп турду да шарт бурулуп артын карай сойлоп жөнөдү. Артынан агыла, жалтылдап жардап турган жыландар да аны менен кошо кетти. Бир саатка чейин шуулдаган жыландардын үнү басылган жок. Абыт аке дагы эле болсо күбүрөп жатты. Качан гана айлана тынчыганда тизелеп отурган Абыт аке чалкасынан жыгылып түштү. Жанындагы молдо менен Адыл эсине келип Абыт акени кармай калышты. Тоонун этеги менен шамал кылып:
- Токто, эс алсын: жыландын сүрү да жаман: Суу да жаныбызга алып албаппыз. Эс алсын кичине. Мындан кийин эмне кылышты өзүнөн сурайлы, - деп молдо олтуруп калды. Баары оор нерседен кутулгандай үшкүрүп, жалдырап Абыт акени тиктеп турушту; оо бир маалда эсине келип:
- Кана эми, аксакалдар! Жылан өтө күйүттүү. Кечирбей жатып зорго кечирди. Жыланын баласын өлтүрүп эле койбостон өрттөп салган го, чамасы, баланын сөөгүн бербейт, бирок кечирди. Боз үйдү биерден көчүрүп кетүүгө макул болду. Эми баралы, - деп ордунан турушту. Адыл эч нерсени укпай баласына жетишке ашыгып жатты. Үйгө да жетишти. Босогону аттап: "Зарлык!" - деп кыйкырып алды. Бирок бешик калып Зарлык жок эле. Ал эми буюмдар өз ордунда турат. Баары баланы жылан өлтүрүп салса керек деген ойдо болушкан эле. Жада калса бөлөнгөн бешиги бош болчу. Адыл: "Бала кана, балам кана?!" - деп Абыттан сурап жатты. Ошондо гана Абыт аке:
- Адыл, кайрат кыл. Балаң эми табылбайт. Малдарды, үйдү көчүрүп кеткиле. Эми бул жер ыйык болуп калды. Балаңды издесең да таппайсың, - деп молдого баш ийкеди. Молдо тизелей отуруп "куран" окуду. Баары "курандын" окулушуна кулак төшөп, бата кылышып үйдү чече башташты. Тез эле айылга кирип келишти. Адыл үйүнө жете электе чоң кишиге өкүргөндөй өкүрүп ыйлап түштү. Ыйлабаган адам да ыйлап Зарлыкты жоктоп жатышты. Адыл өзүн коөрго жер таппай улам-улам үшкүрүп, өзүн кечире албай башын койгулап, жүрөктү сыздатып кошок кошуп ыйлап жатты. "Баары бир баламды табам. Ал кайда болду экен? Аман болсо экен, мүмкүн табылып калар", - деп баласынан айрылганына ишенбей жатты: Көз алдында баласынын бу-булап умтулуп, эркелеп жатканы тартылган сайын сай-сөөгү сыздап муңканып ыйлайт. Ый салбаска арга барбы, колдон учуруп жиберген кушундай болуп муңкануу жүрөгүн эзип жатса:
* * *
Убакыт өткөн сайын турмуш да өзгөрүлө баштады. Зарлык жыландар менен жашоосун өткөрүп жатты. Жыландардан айырмасы бет түзүлүшү адамга окшош, жыландын терисин башына кийгизип койгондой өзүнчө өзгөчөлөнүп турат. Жылан Эне Зарлыктын жанынан карыш жылбайт. Экөө дайыма бирге, жатканда да бирге жатышат.
Зарлык көбүнчө карагат менен бүлдүркөндү жакшы көрөт. Андан кийин кымыздык менен ышкынды жактырат. Эне жылан да Зарлыктын сүйгөн тамагын жедирет. Чоңойгон сайын башка жыландардан чоң болуп өзгөчөлөнө баштады. Түшүндө дайыма адамга айланып, адамдардын арасында ойноп жатканы көп түйшөлтөт. Адамдар менен аралашып ойногусу келет. Бирок жылан Эне адамдарга жолотпойт. "Алар сенин бир тууганыңды өлтүрүп коюшкан. Бизден коркот, барбагын, өлтүрүп коөт", - деп кулагына кумдай куят. Баласын коргоп Эне жылан анын жанынан такыр чыкпайт. Барган сайын Зарлык чоңоюп ордого батпай бара жатты: Жыландар кеңешип үч ордого бөлүнүштү. Ордодогу алтынды да үчкө бөлүшүп, Зарлык менен энесин ордого калтырышты:
* * *
Күн өткөн сайын Гүлүм оңоло баштады. Бардык чындыкты өз оозунан угушту ата-энеси. Жыландын заары өтүп калганбы баштагы сулуулугу жоголуп чаар бетке айланган. Айыл ичи бүт дүңгүрөтө кеп кылып, кийин токтошкон. Баары негедир Гүлүмдү жыландын баласын өлтүргөнгө жана баласын жыландарга таштаганына бир жагынан жек көрүшсө, бир жагынан аяшат. Пенде экенбиз да, эл Гүлүм атын унутушуп "Залим, Залимкан" - дешип ат коюп алышты. Башта "Залимканчы" дешип жашыруун айтса, эми ачык эле "Залим" деп айта турган болушту.
Убакыт өтүп жатты. Бир гана кыймылга келген жер шары менен убакыт эч токтобойт. Баары биринин артынан бири куушуп, күндүн кандай тез өткөндүгү да билинбейт. Гүлүм Зарлыктан ажырагандан кийин Адыл экөөнүн турмушу супсак боло түштү. Бирок Адыл баштагыдай Гүлүмдү таштап көпкө жүрө албайт. Анткени үйүн дагы эле болсо жыландар каптап келе жаткандай коркунуч бийлеп, эртелеп эле жумушун бүтпөй тез келүүчү болгон. Гүлүмдүн боюна бүткөндөн баштап мурункудан бешбетер айланчыктап чыкпай калган. Анча-мынча иш үчүн эле дүкөнгө барбаса Гүлүмдүн эле жанында: Мынакей күткөн убакыт да келип, Гүлүм дагы уулду болду. Адылга сүйүнчүлөп чыккан кемпирди кучактап өксүп ыйлап жатты: Кудайга миң мертебе ыраазычылыгын айтып, сүйүнчүгө чөнтөгүндөгү акчасын кемпирге кармата салды. Кубанычы койнуна батпаган Адылдын ыйы да токтоду. Бул ый бир жагынан Зарлыкты жоктоо болсо, бир жагынан сүйүнгөнүнөн ыйлап, наристеге жалынып-жалбарып жатты. Баланын өмүрүнүн узун болушун тилеп бир коюн "түлөө" батага чалды: элдин баарын чакырып жентек берди. Эл батасын алып, баласынын атын Тумар койду. Бирок Зарлыктын орду бош болуп өзүн жоктотуп турду. Адыл баласын Гүлүм менен кошо бапестеп багып, баласы да чоңоюп үйдүн супсактыгы жоголуп кайрадан үй ичи "базарга" айлана баштады:
Гүлүм экинчи балалуу болгондон кийин бир аз оңолуп, баштагыдай түнттүгү кетип, баласына эт-бети менен түшүп айланчыктап кароодо. Баарыдан мурун бүгүн да тиги Зарлык баласы түшүнө кирип чыкты. Адыл да түнү бою түйшөлүп жакшы уктабады. Кулагына Зарлык: "Ата, мени алып кетчи", - деп жыландардын арасында колун созуп чакырып ыйлап жаткандай болот: Жыландардан ажыратып, сууруп алам деп канчалык чуркаса да чуркай албай "Зарлык!" - деп кыйкырган боюнча жетпей кала берет: Өзүнүн кыйкырган доошунан өзү чочуп ойгонуп кетмейи да бар. Баласын эстеп от болуп күйүп, ичи ачышып өксөп- өксөп ыйлап алат: Бир күнү ойдо жоктой: "Токто, мен баламды издешим керек. Ал тирүү, ошон үчүн мени чакырып жатат, баламды табышым керек. Сөзсүз табам!" - деп ордунан туруп даярдана баштады. Гүлүм эч нерседен бейкапар баласын кучактаган боюнча тынч мемиреп уйкуда жаткан эле.
Адыл түз эле жайлоону көздөй жөө жөнөдү. "Мейли жыландар менен кармашсам кармашайын. Мүмкүн кечирим сурасам баламды кайра берер: Азыр чоңоюп калды го. Кандай гана караан күнгө туш келдим? Атаны кокуй балам ай! Аман болсоң болду эле: Сени канчага дейре издеп жүрөр экенмин?: Сени табамын балам, сөзсүз табам! - деп жан дүйнөсүн артка салып күйттүү келе жатты. Жыландарга ырым жасаш үчүн ун менен айранды көтөрүп алган. Зарлыкты жоготкон баягы конушуна барды: айлана-чөйрө көрктүү. Бул жерге эч жан жолобогондой жымжырт: бардыгы өз ордундагыдай. Арча менен карагайлар сырдуу тикирейише: "Ии, келдиңби кайра", дегенсип тургандай. Адыл сыдыра соккон салкын жел этек-жеңди жулмалай эркелигин койбой турат: күн чайыттай ачык. Бир гана жок издеп жүргөн Адылдын жүзү бүркөө, жүрөгү жаралуу. Бүт "Кемпир-Таш жайлоосун тегерете айланып келип, эски журтуна электене эс алып отурду. Өзүнчө айлана-чөйрөгө көз жүгүртүп анын кооздугуна суктана карайт. Зарлыкты эстегенде жүрөгү түрсүл ура бүткөн бою нымшып, карекетерине жаш толо туруп калат. бүгүн эски журтта түнөөнү каалады. Мүмкүн Зарлык табылып калар деген ишенимден чыга албай, ат кулактан жулуп келип астына төшөп жатып алды. Кандай болуп уйкуга көзү илинип кеткенин Адыл сезбеди. Бирок түшүнө Зарлык дагы кирди.
Таң агарып калганда шыртылдаган доошту угуп: "Зарлык!" - Баласы келип калгандай эки жакты элеңдей карап, өзүн эттияттап, чочутуп албас үчүн башын көтөрүп нес болуп туруп калды. Маңдайында аны карап башы адамга окшош билектей жоон жылан тиктеп туруптур. Аны көргөн Адыл өзүн жоготуп, эмне кылышын билбей жалдырап туруп калды. Анан барып эсин жыйды. Жыландар менен бирге жашагандай болуп тиги менен сүйлөшкүсү да келди. Жылан болуп кубулуп турган эме Зарлыгым болбосун деп да койду. Башына жаздаган ун менен айранды алып, жыландын жанына коюп, кечирим сурап атты. Ал эми жылан болсо Адылдын койгон ун менен айранына баш тийгизип, Адылдын жалбарып, көзүн жумуп сүйлөп жаткан сөзүн укпастан кандай пайда болсо ошондой жок болуп кетти. Кулагына Зарлыктын ыйлаган үнү жакын эле жерден угулгандай баланын добушу жаңырып жатты. Шашканынан "Зарлык!, Зарлык! - деп кыйкырып кирди. Бирок дагы эле баланын үнү жок тынчып калды. Бир гана тегеректе курчалган тигил аскалар "Зарлык!" - деп кыйкырыгын Адылдын үнүнө үн кошуп жаңырып жатты. Аттиң дүйнө, баланын күйүтү ушунчалык белем!:
Күндө Зарлыкты издөө барган сайын өнөкөткө айлана баштаган. Айыл ичи Адылдын балалуу болсо да Зарлыктын издешин туура көрүшпөдү. Анын күндө тоо аралап, Зарлыкты издеп жүдөп кеткени аянычтуу эле. Гүлүм да Адыл Зарлыкты таап келчүдөй эшиктин алдында Тумар экөө жол караганы караган. Анткени үмүтү чоң болчу. Бул жосунсуз жорук айыл ичиндеги аксакал Өмүр молдого жаккан жок. Адылдын күндө издеп, өң алеттен азып, кирпиктен тартса жыгылчудай болуп калыптыр деп, атайын Гүлүмдүн үйүнө бастырып келди. Гүлүм Тумар менен күйпөлөктөп, күнүмдүк турмушу менен алектенип, үйгө келген кишини да байкабады. Ал Тумар менен өзүнчө сүйлөшүп жатты:
- Атаң Зарлыкка кетти, ал сенин байкең болот. Сөзсүз Зарлыкты таап келет. Ошондо экөөңөр ээрчишип алып ойнойсуңар. Мен силерге сонун оюнчук алып беремин", - деп эркелетип өпкүлөдү да, тунжурай ойго батты: Өмүр молдо чочутуп албайын деп тамагын кыра жөтөлө сөз баштады:
- Айылдан ушак уктум. Адыл кара чаар жылан менен тамак ичип кадимкидей сүйлөшүп отуруптур. Көрүп алып аябай корктум", - деп айыл ичинен бир аксакал эле киши айтып барганынан кийин өзүмдү токтото албадым. Өзүм барып көрүп, оозмо-ооз сүйлөшөйүн деп атайын бастырып келдим. Жылан деген жылан, кекчил неме. Илгери бир койчу ордолуу жыландын баласы экенин билбей өлтүрүп алат. Ошондо жыландын баары тегеректеп келип өч аламын дегенде от коюп өрттөп жиберет жыландарды. Арасында бир жылан учуп чыгып аман калат. Бала-чакасын ээрчитип алып, журт которуп башка бир алыс айылга көчүп жөнөйт. Ошондо койлорду баштаган серкенин мүйүзүндө кичинекей ак жылан оролуп жүрөт дейт. Аралап бара жаткан айыл аксакалдарынын ичинен бир кишиси:
- Балам, ордолуу жыланга тийишип алыпсың, жылан сенден өч алыш үчүн азыр күчүн топтоп жатыптыр. Анын бирөө эле миң жыландын күчүнө татыйт. Сен кыл арканды тегерете курчап алып жат. Андан кийин жети нанды катар кой. Калың, пахталуу кийим тиктирип кий. Эртең күн ысыганда чак түштө сага келет. Мен айтканды туура аткаргын" - деп, - жолуң болсун деп батасын берет. Түнү менен даярдык көрөт. Кудайга жалынып жоого кетип бараткандай аксакал кишинин айтканындай даярданып, чак түштө жолго чыгат койлорун айдап. Ошондо маңдайынан жаанын огундай зуулдаган доош чыгат. учуп келе жаткан бир нерсени көрөт. Ал жылан экен. Шак эле эркечтин мүйүзүнө оролуп кете берди. Түн да болду дейт. Ошондо кыл арканды жети жолу айланта таштап салат да, даярдап алган нандарын тизип коөт экен. Ошондо кыл аркандан өтө албай, нанга уусун чачып, жетинчи кум аралашкан нанга ачуусу менен сугунуп кана өлгөн имиш. Мына ошентип аман калган дейт.
Мындайды башта кулагыбыз эле укчу азыр сенин балаңдан кийин баарына көңүл бура баштадык. "Жылан дегенден жүрөгүбүз зыркырайт. Балаң баладай эле болсочу. Баарыбыздын эстегенде жүрөгүбүз канап кетет. Ата-а айланайын балам ай!: Сен эси бар жансың. Тиги Адылды токтот. Ал ордолуу жыландар жакка барбасын. Жинди болгон немедей талаа-түздө жүрө берген да киши болобу?: Буга кандай дейсиң, кызым? - деп кепке бурду. Ортодо шуркурата уурталган ысык чайдын доошунан башка үн-сөз жок:
Гүлүм Адылды кантип токтоторун ойлонуп жатты. Бирок жүрөгүндө Зарлык дагы эле болсо табылып калчудай ишенич өчпөдү. Ырас эле өткөндө Адыл сени менен жолуккан жылан кандай эле? Мен бир жылан менен сүйлөшүп жатам. Мени менен кошо айран ичет. Ундан ооз тийет. Кээде экөөбүз бирге жатып алабыз, экөөбүз бирге жатып калганда Зарлык түшүмө кирип кадимкидей эркелетип сүйлөшөм, өөп-жыттаймын. Андан кийин эле жыландар ээрчитип менден алып кетет. Мен "Зарлык!" - деген боюнча кыйкырып, жыландардан талашып кала беремин. Колун сунган боюнча жардам сурап бечара балам ыйлаган боюнча кетип калат. Бир жолу да ошентип ыйлап жатып: "Зарлык!" - деп кыйкырып тура калсам менин жанымдагы жылан да башын көтөрүп карап туруптур. Мен ыйласам мени менен кошо ыйлап көзүнөн кадимкидей жаш агып турду. Жерди кучактап туруп өксөп аябай ыйладым. Сөөгү болсо да жашырып түңүлөт элек го. Өмүрүм өткөнчө баламды издейм. Баары бир табамын. Мен кайда болсом мени ээрчиген жылан да ошол жерде болуп жатат. Мүмкүн ошол жылан таап берер баламды?: - дегени чоң ишенич пайда кылган. Эми Өмүр молдого эмне деп жооп беришин билбей турду. Жөн гана узатып чыкканда: "Макул, Адыл келсе айтайын", - деп көзүнөн жаш агыза коштошуп узатып койду. Өмүр молдо да эч нерсе айтпастан жөнөп кетти.
Адыл жылан кечирсе, Зарлыкты кайтарып берет деген үмүт менен күндө эски журтка баруудан баш тартпады. Бирок тиги күндө жолуккан жылан унчукпады: Таңгалыштуу тиктейт да турат: Мына кызык!:
* * *
Күн артынан күн өтүп күндөр айга, айлар жылга алмаша берди: Зарлыктын адам баласы экендиги жыландар арасында унутула баштады. Эне жылан Зарлыктан ажырабай түнү гана сейилдикке алып чыгат. Күндүзү кечке күнгө какталып ыракаттанып уктаганды жакшы көрөт. Кеч кирет. Энеси экөө баягы боз үйдүн ордуна барышат. Ал жерде кымыздык менен бүлдүркөн көп. Көбүнчө ошол жерге барганды жакшы көрөт. Түшүнө да ошол жер көп кирет. Дайыма адам арасында. Өзү да адам болуп ойнойт. Бирок түшүнөн чочуганда көпкө чейин уктай албай кыйналчу. Ошол жерге барып түрдүү ойго батчу. Эне жылан да акыркы күндөрү жөн жайына койду. Башта тынбай издечү. Баласын издеп таба турган жерин билип жөн койду. Бирок: "Адамдардан этият бол. Алар - эки аяктуу "желмогуз," өлтүрүп коөт. Алыстан көргөндө эле бекинип кал", - деп кулагына кумдай куя берет. Ал эми Зарлык болсо адамдарга суктана карап, алардын кыймыл-аракетине кызыгып, бир нерсе жетишпей жаткандай кусалыгы артат. Ошолорго аралашып ойногусу келет. Аларга суктанып отуруп жанына келген кишини да байкабай, андан боюн жашырганга араң үлгүрүп калды. Ал кишинин жүдөө кейпи негедир ичин тызылдатты. Эмнегедир өңү Зарлыкка тааныш көрүндү. "Эмне кылар экен", - деп кызыгуу менен жанында турган кишиге таңданып карап жатты. Келген киши өзүнчө эле боз үйдүн ордуна ак чачып, айран куюп, бир нерселерди жасап, оозун кыбыратып жүзүн алакандары менен сылап койду.
Өзүнчө үн чыгарып ыйлаган кишиге боору ачыды: Бир маалда тиги ордунан туруп, балдыркандын жалбырактарынан үзүп, астына төшөп жатып уктап калды. Анын коңуругу таш жарат. Үн чыгарып уктаган адамга таң калып, акырын жанына жылып келди. Кишинин жыты Зарлыкка тааныштай сезилди. Дагы жакындап жытын жыттагысы келди. Ошол учурда түш көрүп жаткан Адыл "Зарлык!" - деп кыйкырып ордунан тура калды. Зарлык эч жакка жыла албай, Адылдын маңдайында бетме-бет туруп турган. Экөө бири биринен коркуп кетишти. Башы адамга окшош жыланды көргөндө, көргөн көзүнө ишенбей коркуп көзүн жуумп жиберди. Качан бир чаап өлтүрөт деп Зарлык карап турду. Бирок Адыл өзүн оңдоп, астына ак чачып, айранды идишке куюп, көзүн жуумп алып бир нерселерди күбүрөп жатты. Ак нерсени көргөндө Зарлык өзүнчө кызыгып, башын тийгизе ооз тийди. Айран Зарлыкка ширин көрүнүп көпкө ичти. "Бул киши жакшы экен. Энем өлтүрүп коөт дебеди беле. Кайра мени сыйлап жатат, - деп ойлонуп койду. Тиги дагы эле көзүн жумуп алып бир нерселерди күбүрөп жатат. Аны көрүп секин жылып апасына баргысы келип кетип калды. Азыркы көргөн кишисин кандайдыр бир жакын адамдай көрүп, көз алдына элестетип, өзүнчө эле үн чыгара улутунуп алды. Аттиң дүйнө: Бири кем дүйнө ата баланы, бала атаны тааныбай, табигаттын таш боор жазасын тартып, экөө эки жерде азап чегип жатышты. Атасынын жыты Зарлыкка тааныш жыт болуп мурдун өрдөй, белгисиз бир ички сезим, купуя сырдын күбөсүндөй ойго батырды. Апасы адатынча күндүн ысыгына магдырап уктап жатыптыр.
Зарлыкты бир тиктеп башын көтөрүп, кайра күндүн табына ырахаттана көшүлүп уйкуга баш урду. Зарлык да жылан энесинин жанына кактана жата кетти. Бирок уктай албады. Кечтин кириши менен баягы барып турчу ордун көздөй сойлоп жөнөдү. Эртең мененки көргөн кишиси уктап жатыптыр. Жанына жакын сойлоп барып, өзүнө жакын жытты кумарлана жыттап жанына жатты. Адатынча түшүнө баягы эски түшү кайталанып кирди: Жанында ушул киши: үйүндө ойноп жүрөт: Зарлык да адам кейпинде. Куушуп ойноп жатканда: "Зарлык!" - деп кыйкырып Адыл ойгонуп, жанында жаткан жылан да түшүнөн чочуй, жаш балача буркурай боздоп ыйлап жатты. Адылдын көз алдына Зарлыктын ыйлап кетип бараткан добушу кулагына жаңырып, өзүн өзү токтото албай, көз жашы жамгырдай төгүлдү беле: жанындагы жыландан баласын кайрып берүүсүн суранып, кечирим кыла көр деп өтүнүп да, сыйынып да жатты. Аны көргөн Зарлык Адыл менен кошо ыйлады: бири бирин түшүнгөндөй көз жаштары төгүлүп жатты: Ошентип таң аткыча көз ирмебей ойлонуп чыкты. Адыл болсо Зарлыктын үнүн өңүндө уккандай, үн кайдан чыкканын билиш үчүн кулагын түрө тыңшап элеңдейт: Бир гана чымчыктардын сайрашынан башка эч кандай үн угулбады: "Зарлык тирүү", - деген боюнча аны көрөм деген үмүт менен эски журтка келишин токтотподу. Өмүрү өткөнчө Зарлыкты издеп, эски журтта өмүрүн өткөргүсү келет: Кийин ошол журттан, Адыл келип отура берчү жерден кара чаар жыланды көп көрүшкөндөрү айтылат. Ал эмес кадимкидей көзүнөн жаш чыкканын көргөндөр да бар дешип аңыз кылышат. Тобоо!
Табияттын табышмактуу кубулуштары менен аралашып Зарлыкты издеп, оо дүйнөдө да дүйнө кечип, жөө басып жүрсө керек. Мүмкүн Адыл баласын тапкандыр. Балким: Баласы кара чаар жыландыр?: Мүмкүн: буйрук болсо:
* * *
Убакыт өтүп Гүлүмдө Адыллдан эки баласы калды: Балдары очор-бачар болуп, турмуштан орун таап, балдарын карап азыр кичинекей, чүмүрөйгөн, чымыр, кайраттуу кемпир болду. Азыр да өзүн өзү күнөөлөп, кудайдан кечирим сурап, балдарына: "Мендей болбогула", - деп, башынан өткөн кайгылуу окуясын айтып "жомок" кылат. Мен да уккан жомокто Адылды аяп, өзүмчө жыландын баласы менен кеткен Зарлыкты аяп кыжалат болом. Кээде түшүмө да кирет. Ошол эле жайлоодо жыландын баласы менен куушуп ойноп жүргөндөй көрөм. "Эне, балаңыз кийин табылдыбы?" - деп сурап жарасын кайра канатып аламбы деп сурай албайм. Ал эми Зарлыктын да-йынсыз жоголушу алигиче таң калтырат. Адылдын өлүмү да табышмак болду. Азыр жайлоого чыккан адамдар "Адылдын конушунан" кеч киргенде өтүп калышса баланын чырылдап ыйлаганы угулуп турат дешет. Ошондуктан ал жерден кечтеп өтүүгө аракет кылбай калышты. Дайыма күндүзү өтүшөт. Өтүп баратканда сөзсүз "куран" окуп бата кылышат: барган сайын боз үй турган жер мазарга айланып калды... Кемпир кээде бизге өтө эле сүрдүү, көзүнө көрүнбөскө аракет кылабыз. Кемпирдин бир нерсени күткөндөй дайыма эшикти карай беришиндеги кичинекей кара көзүндө кусалыктын белгиси көрүнүп турат. Мүмкүн кемпир дале баласын күтүп жүргөндүр!: Анын дайыма тиги тоолорду карап үнсүз отурганы - баласын күткөнү деп ойлойм. Кемпирге кошула айыл ичиндеги мага окшогон боорукер "тентектер" да Зарлыктын келип калышын күтөбүз. "Мүмкүн баланы жыланга айлантып койгондур?" - деген коркунучтуу сезим бизди чочутат. Айылда ойногону топтолуп келип эле кемпирдин кырда отурган караанын көргөндө оюнубуз да токтойт. Түркүн сөздөрдөн баштап, баланын табылышына тилек кылып, өзүбүзчө сыйынып "үйлөгөн" жыландан биз да корко кечирим сурап калабыз: бирок жыландар кечирсе гана: Аттиң дүйнө!:мына: Күн да томуктай булут курчап, жамгыр төгүп, үйдү карай тилек кылган кыздар да чуркай жөнөштү: Табият да Зарлыктын жоголушуна кайгырып жаткандай чагылган жаркылдап, нөшөр төгүлүп жатты. Аттиң, жыландын тилин билсек гана!: сурайт элек: "Зарлык кайда?" - деп: Көз алдымда Зарлыктын жыландын баласы куйкаланып аткандай болуп чырылдап ыйлаганы ай!: Акыры кудайдын бир кор пендеси экендигибиз жана алсыздыгыбыз өкүндүрөт бул окуя укум-тукумубузга жомок болуп, экинчи мындай жорук кайталанбашына өкүм болуп кала берет. Жомок күндө уланат:
Баса, өткөндө биздин айылдан кемпир бир жыландын өлүгүн таап алыптыр. Аны колуна кармап, ботодой боздоп ыйлаганын эч киши токтото албай убара болушуптур. Тобо! Бир айга чейин сүйлөбөй жыланга кадимкидей аза күттү дешет. Жыландын өлүгүн аздектеп көөмп, ал жерге күндө барып эскерип туруптур. Шумдук!: Кемпир ыйлаган сайын Зарлык эске түшөт: Зарлык дале жоктолуп жаткандай туюлат. Айыл ичи, баары кенедей кемпирдин кайгысын бөлө тартышкан менен да пайда жоктой. Анткени Зарлык биздин жүрөгүбүзгө жазылган өчпөс тамга болчу. Аттиң дүйнө! Жаратылыш менен табигаттын сырларын эч ким чече албайт го. Баары сырдуу, табышмактуу көрүнөт. Жада калса, тиги кичинекей кемпир да сырдуу. Ал кемпирди көргөндө баарыбыз аялуу сезим менен карайбыз. Тигине, баласын жоктоп муңдуу кошогун күндө айтып ырдап отурат. Анын ырына үн кошуп, шамал да Зарлыкка жеткизүүгө ашыгат. Кемпирди сагыныч ээлеп, Зарлыкты келип калчудай дале күтөт. Күтүүдөн чаалыкпай:
Төрт мезгилдин алмашышы, күндүн чыгып батышы менен табияттын мыйзам ченемдүү көрүнүшү тынымсыз өтүп жатты. Гүлүм эне баягы эле дөбөчөдө адатынча кыңылдап, кошок айтып, ичинен сызып отурат: азыр ал дөбөчө да Гүлүм эне кичирейген сайын жепирейип жапыз болуп бара жаткансыйт. Турмуш өзгөрүлгөн: Биздин муундагылар топ таш сыңары ар бирибиз турмуш жолу менен чачырап кеткенбиз. Мен да апамды көрүш үчүн тынбай каттап келем: Бизге жомок кылып Зарлыктын тагдырын айтып берчү дөбө кандайдыр бир купуя сырды өзүнө катып, аягандай сырдуу да көрүнөт: ал эми Гүлүм эне менен ошол дөбөчө сырдаш курбулардай: дале болсо экөөлөп Зарлыкты күтүшөт: Бүгүн негедир айлананы боз чалып, күн күркүрөп жамгыр жаап, эшикке чыкканга да мүмкүнчүлүк жок болду. Адатымча Гүлүм эненин секичесине көз жүгүрттүм. Башта астына кичине көрпөчө коюп, соксоюп отуруп алчу эле. Эми болсо балдары кичинекей секиче жасап, үстүнө суу тамбагыдай, кичине бутун сунуп жамбаштап жатууга, айлана-чөйрөнү тегиз көрүп тургудай кылып алачык жасап беришкен. Бул да кызык. Ал секичеге барып отурсаң айыл ичи тептегиз көрүнөт: бүгүн секичеде негедир караан көрүнбөдү: Гүлүм эненин үйүнүн жарыгы жанып турат: Секичеге карап турган терезе жакта Гүлүм эне жатат: Күн бүркөлгөндү адамдар да кабак-кашы бүркөлүп, негедир кырс болуп калышат дешет. Апам эчак кошуналардыкына кеткен: Өзүмчө кыжалат болуп чыктым. Негедир айнек жакка келип, Гүлүм эне жакты дагы көз жүгүртүп карадым: Таң калыштуу, эмнени көрүп турам? Өзүмчө селт эте коркуп, ойлорум уйгу-туйгу. Денемди калтырак басып, көзүмдү ачып-жумуп дагы карадым: Туура: Мен жаңылбаптырмын: Терезеге тигилип турган адам кейпиндеги жыланды көрүп, бакырып ийе жаздадым. Муунум калтырап, ээктерим титиреп өзүмчө бир кызык абалда турдум: дагы эле болсо коркконума карабай кызыгып карап жаттым. Оюма Зарлык түштү. Ырас эле Зарлык болуп жүрбөсүн? Өзүмдү коөрго жер таппай калдым. Муунумдун титирегени басылбай, калтырап чыктым: Кызык! Жыландын кайда кеткени билинбей калды. Эшик ачылып апам баш болгон аялдар Гүлүм эненикинен чыгып келе жатышты: Мен да аларга таңданып карап калдым: Аялдардын күбүрөшүп сүйлөгөндөрү даана угулбайт: Эшикти ачканча эле апам кайгырып кирди:
- Бала эненин боор этинен жаралат деген туура да!: Эчак жыланда калган Зарлык баласын чакырып, баласы өлгөндөй баарыбыздын жаныбызды кейитти. Ботом, ал баланын сөөгү эчак чирип жок болгондур: Өмүр бою ошол балам деп Адыл өттү: Эми Гүлүм эненин зары жыландын жүрөгүн ийитсе келбейт беле? - деп бир топ сөздөрдү күбүрөп жиберди:
- Апа, эмне болуптур? Гүлүм эне ооруп калтырбы? - деп сурадым.
- Ооба, дагы эле: "Зарлык, кечир мени балам!" - деп жөөлүсө жанында тура албайсың, - дегенде жүрөгүм сыздады. Апамдын сөзү менен бир паста эми элеки окуяны унута калыптырмын. Эсиме түшө калганда айнекти карай чуркадым. "Мүмкүн ошол Зарлыктыр?" - деген сезим мени бийлеп алды:
* * *
Зарлыктын жыландардан өзгөчөлөнүп чоң болушу, ошондой эле келемиш менен чычкан, баканы жутуп жей албаганы анын адам экендигин билгизип коюучу. Бирок ал сыйкырланып калган жылан эле: Көбүнчө таттуу жемиштерди жечү: уйдун эмчегин соруп, сүт ичкенди жакшы көрчү: Эне жылан да карый баштады. Дайыма Гүлүмдү табалап, анын күткөн күйүт ыйына, баласын өмүр бою издегенине кубанчу: өч алганына сүйүнчү: Эми өмүрү өтүп, карылыктын деми аны баштагыдай кубантпай калды: Зарлыктын жыландардын арасында болушу акыркы күндөрү тынчсыздантып койду. "Мен өлгөндө ордун таба алабы, же жыландар өлтүрүп коөбу?" - деген ой тынчын алды: Акыры Зарлыкка чындыкты айтууга бел байлады: адатынча Зарлыкка: "Бүгүн башка жакка сейил курабыз", - деп ээрчитип жөнөдү. Гүлүм эне ошол учурда секичеде ичинен кайрып кошогун айтып отурган, жол карап отурган: Анын жанынан жүз кадам жерде карагат бар: ошол жерге ээрчитип келип: "Балам, сен менин баккан баламсың: сенин энең ушул кемпир: Менин баламды сенден кызганып өлтүрүп койгон: Ошондуктан сенин энеңден өч алып, сени дуба менен жыланга айлантып бала кылып алгам: Өмүрүм аз калды: Менин туугандарым мен өлгөндө сени мендей асырап алабы, же өлтүрүп коөбу? Ишенич жок!: Ошон үчүн акыркы сөзүмдү айтып калайын: Адам кейпине келип, энеңдин астанасын атта!: Мен өлгүчө сени адам кылам", - деди. Зарлык тиги өз "апасына" таң калды: кулагы чуулдап, чүкөдөй кемпир энеси экендигине ишенбеди : Көпкө тиктеп туруп, сойлогон боюнча кайда кетип бара жатканына көңүл бөлбөй учкан куштай "сызып" бара жатты: Эне жылан Зарлыктын кеткен жагын карап турду: Мейли, өзүн өзү токтотуп келсин", - деп тим койду. Зарлык бир топко барып өзүнө келди: Баарын баш-аягына чейин ойлонуп чыкты: Түшүнүн туура келиши анын эс-учун жоготту: Анын кайгысын жаратылыш да коштоп, күндүн күркүрөгү, жамгырдын төгүп жаашы, Зарлыктын кайгысын көз жашы менен ички дүйнөсүн тазалап жууп жатты: Жылан менен Зарлыктын рухун, духун кандайдыр аруу сезим ойготуп, бири бирине болгон мээримдүүлүктү коштоп, тагдыр тамашасына тан берди: Кайрадан энесин көздөй жөнөдү: Эми адам болуш керек!: "Ал - адам!" - деген сөз жүрөгүнө жаңырып, кичинекей кемпирдин кусалуу көзү менен баласын күтүп отурушу, Зарлыктын көз алдына тартыла түштү: Ордосуна кетип баратып дагы бир жолу жарык чыккан үйдү карай сойлоп жөнөдү:
* * *
Жылан Эне жолдо зарыга күтүп туруптур: Зарлыктын жайбаракат, көңүлү жай келиши аны кубандырды: Анан өзү да токтоо: Жылан энесине адатынча эркелей келип башын тийгизди: Эне да аны аөо сезими менен карап эркелетип койду: Түнү бою тынч уктай албай эне-бала чабалактап чыгышты: Өмүрүнүн аз калганын билген жылан Эне ордодогу уруктарынын баарын чакырды: Жылан эне алардын алдында кайраттулук менен үнүн бийик чыгарып сүйлөп жатты:
Менин жашоом аяктап калды!: Эми: менин силердин алдыңарда бир өтүнүчүм бар!: Тынч өлгүм келет: Балам үчүн күйүткө чыдабай адам баласын жыланга айлантып бала кылып жүрдүм: көксөм сууду!: мен кечирдим!: Эми баламды арасат калтырбай кайра адам кылгым келет: Бул өтүнүчүмдү жокко чыгарбагыла!: бүгүн ата-бабабыздын ыйык дубасын окуп жардам беришиңерди күтөмүн! - деди жашын кылгырта:
Жылан Эненин өтүнүчү ордо жыландары үчүн таң каларлык "жаңылык" болду: Тынч тура алышпай өздөрүнчө удургуп, күн нурунун шооласына чагылыша кулпуруп, өздөрүнчө көрк берип дуулдап жатышты: Ар кимиси ар түрдүү сөздөрдү айтышты. Бирок, баары бир эненин айтканына макул табышты. Күн уясына баткандан баштап дуба окууга өтүштү: Зарлык кандайдыр салмактанып, көшүлө уйкуга кетти: Жылан энеси өзүн көрсөтпөй Зарлыктын караанын, кыймыл-аракетин карап туруп, анын басканын көрүп, баласы жаңыдан кайра өлгөндөй жүрөгү кайгыны көтөрө албай, акыркы жолу Зарлык менен коштошууга даярдык көрө баштады: Гүлүмдүн турмушу, бала үчүн акыркы деми менен жүргөндүгү кекти өчүргөнсүдү: Ал да эне болчу: Энелик сезим жыланда күчтүү эле!: Эми карылыкка моюн сунуп жыландар арасында баласынын орду жокко эсе болгондуктан өз энесине тапшырууну туура тапты. Таң атканча окулган дубадан жылан баласы кайрадан адам болду: Ал алигиче уйкудан көзү ачыла элек: жыландар акыркы жолу бир тууганынан ажырагандай уйкудан көзү ачылбаган Зарлык менен коштошуп кетишти: Жанында "баласын" адамдардын колуна тапшырыш үчүн жылан Энеси калды. Зарлык адам кейпине келгенде ичи күйгөнүнөн жарылып өлүп кала жаздады: Бирок өлүм алдында акыркы милдетин аткарууга бел байлады:
Качан күн нуру жер бетине тийгенде чукурана ойгонуп кетти. Таңкы шүүдүрүмгө денеси үшүгөнүн сезип өзүнө өзү таң кала эси оой олтуруп калды: Анын айланасындагы кечээки көрүнүш түш сыяктуу болуп өз көзүнө өзү ишенбеди. Кечээки өзүн тегеректеп отурган жыландар дайынсыз, жалгыз калыптыр: Ал кадимки жаш баладай тамтаңдай басып, өз боюн токтотууга аракеттенди: Таң калыштуу: Өзүнө көңүл бурбай, башын көтөрүп сойлоого аракет жасап, баштагыдай сойлой албады. Кыймылдаганда колу кошо кыймылдады: эки колун, эки бутун көрүп таң калды: колун өөдө көтөрүп, : ордунан туруп басууга аракет кылды: азыр ал жылан эмес, ал - адам!: Кубангандыгынан өзүн өзү токтото албай: "Ура-аа!" - деп кыйкырды:
Жылан Эне адамча басууга жасаган кыймыл-аракетине, боюн токтото албай жыгылып жатканына ичи ачышып, жардам берүүгө жанына сойлоп барды: Байкуш эне!: Зарлык жылан Энесин көргөндө башын жыландын башына тийгизип, эреркеп ыйлап жиберди: Жылан Эненин да көзүнөн жаш куюлду: Бирок кайратын жыйып: "Бас, балам, энеңе тапшырайын!: мен баарын кечирдим!: сенин ордуң адамдардын арасында!: Көп жашыба!:Мен дайыма сени мененмин!" - деп башы менен жол көрсөтүп, өзү алдыда койкоюп бара жатты. Артында жылаңач бала, астыда жылан: Алар Гүлүмдүн үйүн көздөй биринчи кадамын таштап жөнөштү.
* * *
Айыл ичиндеги жан-жаныбарлар эмнеге эле чуу түшүп калышкан?: Ой шумдугуң оо-ой!: бүгүнкү таңдын атышы да башкача болчу: Адепте бир жакшылык келерде адам кубанычына табигат да коштолуп үн салып турган жайы бар:
Уйларды бадага кошкону кошуналар бири бирин чакырып, малдарын топтой башташты. Аңгыча малдар дүргүй түшүп, бирөөлөргө жол бошото туруп калышты. Өздөрүнчө күү-күү болуп жатканда малдын дүргүгөнүнөн кулачтай жыланды көргөндө ооздоруна келме кирбей калды: Койкоюп тик казыктай болуп баратат: Анын артында энеден туума жылаңач тестиер бала: "Шумдугуң кургур, эмне болуп жатат?: Бул түш эмеспи", - дегендей көздөрүн ачып-жуумп, түш эмес чындык экенине ишене албай турушту: Жылан менен бала Гүлүмдүн секичесин көздөй баратышты: Муну көргөндөр жалдырай тиктеп, ордунан козголо албай турушту: Бул мезгилде Гүлүм эне оорусунан оңоло албай Тумардын жардамы менен секичеде отурган. Дагы деле Зарлыктан үмүтү үзүлбөйт: Бүгүн негедир жүрөгү толкуп, кубанычтын белгиси келгенсийт. Жолдон көз албай кароо, баласы үчүн чыгарган кошогун үн чыгарып, өзүнчө күбүрөп ырдоо Гүлүм эненин адаты эмеспи. Бүгүн да күндөгү адаты боюнча жолду карап олтуруп секичеден ыргып кете жаздады. Капырай!: Тигинде өткөндөгү Зарлыкты эмизип жатканда көргөн тааныш Эне жылан келе жаткан эле. Көзүн тигилте карап, анын артында мас немедей тамтаңдап баскан жылаңач баланы көргөндө ордунан секирип турду: Делбелектей чуркап: "Зарлык!" - деген ачуу кыйкырык Тумарды да чочутту. Эшикке ыргып чыгып энесинин чуркап бара жатканын көрүп, анын артынан: "Эмне болду?" - деп кошо чуркады. Гүлүм Эне жыландын астына тизелей отуруп, кечирим сурап, экөө бири бирине муңдарын айтып, сырдашып, эки курбу сыяктуу көздөрүнөн жаш агызып ыйлап жатышты: Эне жылан менен Гүлүм жоголгон курбусун тапкандай кучактап, колу менен жыланды сылай ботодой боздоду. Жылан башын көтөрүп артындагы жылаңач балага: "Энеңе учураш", - деп ишарат кылды: Зарлык Гүлүм менен жыландын ортосунда экөөнү кучактап турду. Түшкө кирбеген жорук!: Зарлыкты көрбөгөн Гүлүм баласын жыттап, анын өң-түспөлү бир өзүнө окшоп, бир Адылга окшоп турганы укмуш көрүндү: Жылан экөө Зарлыкты бир карап, аны өз энесине тапшырганына кубанып, Гүлүм менен жыландын жүрөктөрүнүн согушу басаңдап, акыркы нурсуз көзүнүн кареги менен карап экөө кучакташкан боюнча өлүмгө баш коюшса болобу: Бул эмне деген сыйкыр?!: Экөө эзелтен курбу сыяктуу оо дүйнөгө да жетелешип бирге кетишти: Алардын кубанычына, ортоктош болгон эл. Жакаларын карманышып, жаратканга ыраазычылык айтышып, жыландын баланы кайрып бергенине, анын энелик сезимди бийик тутуп, эми Гүлүм экөөнүн өлүмү бир кезде болгонуна тобо кылышты. Эки эне, экөө тең бир калыпта түбөлүккө уктап атышты: Тумар үстүндөгү чапанын Зарлыкка жаап, экөө кучакташып, энелерин, атасын жоктоп ыйлашты: элдер чогулуп эки энени көтөрүп, бирге жаткызып, бир жайга коюшту. Алардын ордун жоктоп күн күркүрөп, жамгыр төгүп, шамал да аза күтө озондоп, кандайдыр бир купуя сырды ачкандай төгүлүп жатты: эки кылымдык сырды жашырган Гүлүм эне менен жылан Энени койгон жайлардын арасында жаңы дөбөчө пайда болду:
Жомок күндө улана берет: Ал түгөнбөйт тура!




  Китеп_тизме: 



Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0777) 329784
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат