Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,
 and see my picture...

Жоогазын ырыl Каныбек ИМАНАЛИЕВ
Жоогазын ыры
(сүйүү баяны)
III бөлүк

Анан Теңгедей бакшы кемпирдин айтуусу боюнча, бул ирээт касиеттүү кайыңдын каргышына уста Бөкөнчү жана анын кесепети менен кайыңдылыктар өздөрү калышты. Ийилчээк болгону менен бекем болот, сынбайт экен, бак-дарактын сымбаттуусу ушул экен деп атып баарын Бөкөнчү баштап, кайыңдан сойгок, чалгы сап, айры сап, жаа жасаганды адат кылып, анан кийин бүт айыл ошого өтүшүп, анысы аз келгенсип Кайыңдынын кызыл кайыңы укмуш болот экен дешип кошуна айылдардан бери келишип, кыйып кетип атышып, ал эми Көл, Кочкор, Сокулук, Кегетиден мейманга келгендер түптүз болуп өскөн, бутактары текши өскөн бул кайыңды көчөтү менен көчүрүп кетип атышып, Кайыңдынын кайыңдуу токою тез суюлуп баратты. Кайыңдар канчалык азайган сайын, ошончолук мага жетпей калат дегенсип ашыгып, шашылып барып эң түз, бийик өскөндөрүн ээлеп алып, талашып кыйгандарды кой-ай деген киши болбоду. Ошол кайыңдар көп кыйылган жылы жут болуп, малдын жарымы көтөрүм болуп атып жаздан араң чыкты. Андан кийинки жылы элдин чуу-сун басып, элинин туусу болгон Шабдан Баатыр дүйнөдөн өттү. Анан кайыңдылыктардын колдоочусу болгон Кайың касиети чындап урду белем, дүйнөдөгү эң күчтүү үч жер титирөөнүн бири ушул жерде болду. Жер титирөө болгондо да он сегиз миң бул ааламда жер титиребей, дал ушул кайыңдары кырылган алакандай Кайыңды айылынын тоо жагы жер көчкүнүн борбору болуп отурбайбы. Башкасына ынабайлы десе да бакшы кемпирдин бул айтканына муюп, ишенип беришти. Ишенбейли десе, кашкайып чындыкты далилдегендей, бир айыл эл жер көчкүнүн алдында калып, калган жарымы акиташтуу болгондуктан кашкайып жар болуп, анысы Көк-Жар аталып күнү бүгүн да тээ алыстан көрүнүп турбайбы.
Алиги бакшы кемпирдин акыркы айтымы боюнча Бөкөнчү мергенчи билип-туюп турса да, шайтан азгырып, мазар-кайыңга балта чапкан экен. Ал эми кайыңдан кан чыгып калганы, эми дагы бир алаамат болоорунун белгиси, анан алааматтан аман калгандар үчүн дагы жетимиш жыл бейкут жашоо болот деп көзү ачыктык кылыптыр. Мурдагы жылы да Сатардын баласы токойдон кайың чаап жатып, элирип акылынан адашып барып каза болгонун эстешти. Кемпир да ошо алааматка калбайын деп шашылгансып көп өтпөй көз жуумп кете берди. Жакында дагы алаамат күтүлөт десе эле эл же жер титирейт, же сел жүрөт деп коркушту. Ал эми алдыда Үркүн алааматы турганын кайдан билишиптир. Мындан кийин кайыңдылыктар кайың кыймак түгүл, кайың көчүргөндөн да катуу коркуп калышкан жайы бар...
* * *
Мармар деңизин жээктеп, ушунун баарын ойлонуп басып жүрүп, жок, айылдын аксакалдары ишенип жиберип жаткандан кийин бу да болсо Кудайдын айтканы деп, эми бет алган жолдон кайтпашым керек деп оюн бир бекемдеп алды.
Бирок анын жүрөгүн уйгу-туйгу кылып, бушайман түшүрүп буюктургандын себеби башкада эле.
Бая түштө Стамбулдун чоң ак мечитине барып, намазга жыгылышты. Буларга жол көрсөтүп келген түрктүн айтымына караганда ушул Ак мечит Мекке, Мединадан кийинки дүйнөдөгү үчүнчү чоң мечит экен. Чоңдугу, кеңдиги, салынышы, анан эскилиги жеткени жагынан чынында эле анын мактаганындай бар. Стамбулдай шаардын кооздугун, элдин көптүгүн, базардын баш-аламандыгын мурда ал кайдан көрүптүр. Мындай буркан-шаркан түшкөн соодагерчилик жашоодон алда кайда алыс калып, шар аккан өзөн менен токпейил тоолордун арасында тынч, бейкам күнүн өткөзүп жаткан айылы, айылдагы эл-журту эстен чыкпады. Кыбырап өтүп жаткан кыргыздын турмушунан башка да дүйнөдө буркан-шаркан түшүп өсүп-өнүгүп, бири-бири менен тыгыз алака түзүп жаткан дагы бир канча элдер бар экенин ойлоду. Жолдо карата Олуя-Атаны, Чымкентти, Ташкентти, анан Түркмөндүн, Персиянын чөлүн басып өтүштү. Алардын турмушу деле кыргыздыкынан ашып кетпептир. Бирок жер шарты татаалыраак экен. Суу тартыш болот экен, ал эми мээ кайнаткан ысыкта да кетмен-күрөгүн көтөрүп канча элдер талаада иштеп жүрүшкөнүн көрдү. Бирок накта жер соорусу Араб жергесинде болсо керек, айрыкча ыйык Мекке шаары жашыл түскө жайкалган, өзөн-суусу шаркырап аккан, абасы салкын, түркүн куштар сайраган, ар кыл гүлдөр жайнаган өзүнчө эле бир бейиштин төрү болсо керек деп ойлонуп баратты. Бекеринен ал жерди үмөтү улук Мухаммед пайгамбар мекендебесе керек, тегин жерден ошоякта ыйык куран жаралбаса керек, жөн жерден Алла Тааланын үйү ошол Ыйык Меккеде жайгашпаса керек деп ойлоп, тезинен эле ал жерге жетүүгө жолдо карата эки көзү төрт болуп ашыгып келди. Жолдо ага сапарлаш болгон жашы элүүлөргө барып калган узун-агаштык бир казак менен Ташкенге чейин бирге барып, ал жерден Бухарадагы медреседен келген бир өзбек болушуп, түрк жол көрсөтүп, бири-бирине эрмек болуп келишти. Алиги орто бойлуу, жашы алтымыштардан өтүп калган, антсе да отуруп-турган сайын Алланы оозанган, кыймылы тың өзбек киши көрсө Бухарадагы медреседе дарс окуйт экен. Курандын сүрөлөрүнүн көбүн, намаздын бүт эрежелерин билип, ажыга барып келген кишилер менен бир канча жолу жолугушканын айтып келди. Казак боордош болсо, өзү султанзаада, сыягы мал-жандуу, оокаттуу бүлөнүн кожоюну окшойт. Тиги түрк, өзбек менен кошулуп Ташкенден бери намазга жыгылып баштады. "Кул-кубалооху, ахади" же "Лай-иллохуу-илла-лой" келгенде эле үнүн катуу чыгарбаса, ичинен бирдемелерди кобураган болот. Кыйытып айтканына караганда Меккеге барып ажылыкка жыгылып, мусулманчылыкты биротоло үйрөнгөндөн кийин казак элинин казысы болсом деген үмүтү бар шекилдүү. Аны Меккеге чакырып баргандыгы үчүн тиги түрккө бир баалуу чапан кийгизип, күмүштөн кемер кур тартуулагандыгын айтып отурду.
Ал төртөө Стамбулга эки күн эрте келишип, Үрүмчү, Кашгар жактагы мусулмандарды өзүм көрүп, куранды тың билгендеринен болсо тандап ала келейин деп кеткен араб шейхти күтмөк болушту. Тиги түрктүн айтымында шейх абдан бай, анан март киши деп мактап отурду. Өзү жети жолу ажылык кылып, азыр эми калган байлыгын, мүмкүнчүлүктөрүн мусулманчылыкты кеңири жайылтууга, куран китебин таркатууга, ажылыкка барууга алы келбей жүргөндөргө жардам берүүгө арнап жүрөт имиш. Мындан эки жыл мурда бул түрк да ажылыкка барып бул шейх менен таанышып, Меккеде конок болуп, анан Стамбулга, андан ары мүмкүнчүлүк болсо Кавказдагы, Орто Азиядагы чөлкөмдө тирлик кылып жүргөн мусулмандарга бир барсам деп ниеттенип жүрүп, эми минтип тилеги ишке ашканы отурат.
Күтө даярданган түрк туугандарды катуу күттүртүп жатып, шейх дагы эки күн кечигип, Стамбулга бейшемби күнү бешим намаздын кезинде келип түштү. Түрк туугандар дуулдап катуу тосуп алышты. Бирок түрктөрдүн шейх менен чопулдашып өбүшүп учурашканы ага жакпады. Кыргызда ата-энеси баласын, жигит сүйгөнүн өбөт. Бирок жигитти жигит өппөйт. Көрсө бу шейхтин жардамы аркылуу бул жерден Меккеге ажылыкка барчу дагы жети-сегиз түрк бар экен. Ошолор сый-урмат кылып жатышыптыр. Шейх менен кошо аземделип жасалган төөлөр менен дагы бир түрк, башына чалма салынган куркуйган индус чалыш лөлү, алар менен бирге уйгур топу кийип бакжайган бир абышка, анын ак барча көйнөк кийген балпайган ак байбичеси, анан кара паранжы жамынган бир кыз кошо келди.







Бул баракты Жанызак даярдады. © Janyzak This page is made by Janyzak.