|
Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
|
түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
l Каныбек ИМАНАЛИЕВЖоогазын ыры (сүйүү баяны) I бөлүк Калтегин бүгүн негедир ичинен бушайман болуп, Стамбул шаарынын күн чыгыш тарабындагы Мармар деңизинин жээгинде ойлонуп көпкө басып жүрдү. Бир четинен жолдун мынчалык алыстыгын, кыйынчылыгын билбей туруп, эмне үчүн бул топко кошулуп, Меккеге барып ажылык кылам деп ээлигип жолго чыкканына ичинен кыжаалаттанса, бир жагынан үйүнөн мынчалык узак мөөнөткө кетип көрө элек эле. Жалгыз калган энесин, беймарал турмуш өткөзгөн айылын, андагы айылдаштарын сагынып, куса боло баштады. Азыр кырк күнчөлүк жол жүрүп, болгону жарым жолго жетпеген эле сапар арытышыптыр, эми дагы канча жол алдыда. Анан "жол азабы - көр азабы" демекчи, ушул жолдун баарын кыйналып-кысталып кайрылып, артка басып өтүш керек. Эми орто жолдон артка тизгин буруп, кайра кайтканга да намысы жол бербейт. Себеби, ал ажылыкка жеке өзүнүн каалоосу менен эмес, ошол айылдагы аттуу-баштуу аксакалдардын өтүнүчү менен аттанган эле. Анын жөн-жайы мындай... Айрыкча бул өрөөн үчүн 1911-жыл өтө каражолтой болду. Жылдын башында Чоң-Кеминде айтылуу чоң жер титирөө болуп, кыштын кыраан чилдесине карабай жер көчкүдөн кийинки уюлгуган кара чаң эртеси түш оогон соң араң тарады. Ошондо чаң-тополоңго бой бербей ата-бабалар сыйынып келген Оролмонун чокусу гана шаңкайып көрүнүп, бу тирүүлүктүн уланып жатканына далил болуп, үмүт-тирек болуп турган таризде. Сайлардын нугу өзгөрүп, ар кайсы жерден жарака кетип, ал эми Төлөнбай бай өзү аялы менен Кичи-Кеминге конокко кеткенде бир айыл эли ошол зилзалада жер көчкүнүн алдында калып, эл тынчсызданып, мунун баары Алла Тааланын буйругу, себеби кылымдын башында жергебизге каапырларды көп киргизип, Чоң-Кеминде Новороссийское, Кичи-Кеминде Самсоновка деген хуторлорго деп жерлер тартылып алынып, жер тарыды, ата-бабанын арбагын чоочундарга тебелетип шек келтирдик деп жоромолдошту. Бул жетишпей жаткансып, жазга жуук элге жут болуп, анан Шабдан Баатыр каза болгон соң элден ынтымак-ырк кете баштады. Анан айылдын акыл токтотуп калган зирек балдарынан бирди мусулманчылык жолуна багыштап, арабча үйрөнүп, куранды жаттатып, колдон келсе Меккеге барып биздин уруунун атынан Алла-Тааладан кечирим сурап, ажылыкка жыгылып келсе деп үмүт кылып жүрүшкөн. Ошондо көктөн издегени жерден табылгандай болушту. Араб өлкөсүнөн, болгондо да Меккенин өзүнөн бир шейх чыгып, мусулманчылыкты кеңири жайылтуу максатында бүт жол чыгашасын өз мойнуна алып, Орто Азия элдеринен мусулманчылыкка өтө ынтызар инсандарды ажылыкка чакырып жатыптыр деген кабар Чүй бооруна чейин жетти. Ал шейхтин түрк өкүлү эми бул жакка келип, Шабдан Баатыр ажыга барып келген, Стамбулга токтоп Мекке-Медина тарапка салынып жаткан темир жолго эки миң теңге садага жардам берген деген айыңды да угуп, эми минтип Баатырдын арбагына урмат кылып, мүрзөсүнө куран окутуп, анан бу жердеги аксакалдар менен кеңешип, ажылыкка барып келүүгө бир эле кишинин ысымын атоону сурайт. Иралды учурунда Шабдан медресесинде арабча арип таанып, курандын көп сүрөөлөрүн шыр айта турган Сулайман молдону айтышты. Жана Шабдан Баатырдын мүрзөсүнүн башында кыраатын келтире куран окуганын көргөндө түрктүн да көзү түшкөн эле. Бирок Сулайман молдо кантсе да эстүү киши эмеспи, аксакалдарга кайрылып, түрк мейманды жанына отургузуп мындай деп кеңеш салды: "Мындай ишеним кылганыңарга менин сөөгүм ыраазы, бирок акыл токтотуп иш кылалы, менин сыркоом күндөн-күнгө күчөп, төрүмдөн көрүм жакын болуп калды, ажылыкка барып ак селде оронуп келем деп, жаман айтпай жакшы жок дейт, ал жактан мени анан ак кепинге ороп келишпесин. Жетимиштен ашып калган убагымда алыс жолдо ашыкча жүк болбоюн. Андан көрө, жолдо көп кыйналбай жетип, биздин бала-бакырабызды мусулман жолуна биротоло дит коёлу десек жаштардын ичинен мыктысын тандап, ошону жиберсек кандай болот, буга кандай дейсиздер, аксакалдар?" дегенде, баары "эң туура болот,... кеп эмес бекен, ... ие, ошонусу туура" дешип бир ооздон колдогон болушту. Мурда эле оюн жыйынтыктап, сөзүн даярдап койгондой Сулайман молдо ким бирөөнү күтүп отурбай, түз эле кайра сөзүн улантты: - "Андай болсо "Кеңешип кескен бармак оорубайт" дейт. Силерде талапкер жок болсо менде бир сунуш бар. Бала кезинен бери көз салып жүрөм, өтө токтоо, зирек көрүнөт. Андан калса айтылуу Калыгул бакшынын небереси, Калыбайдын уулу Калтегинди жиберсек кандай болот? Өткөндөгү катуу зилзалада калдардын тукуму бүт Көк-Жардын алдында жер көчкүдө калып, ошол көз ирмемде жылкыларды караганы кетип, жалгыз ушул Калтегиндин тирүү калганын карабайсыңарбы, бул да жөн эместир, демек касиет колдогон жигит. Аны ажылыкка жиберсек шейит кеткен бир тууган, бир урук кал уруусунун дагы арбагы ыраазы болоор", - дегенде баары ушуну гана күтүп турушкансып, "Эң туура, эң туура, куп болот, жакшы сөз болду" деп чын дилдеринен колдошсо, береги четинде отурган кыйтыйган кодо чал "Мен да ушуну айтайын деп отургам" демиш болду. Эми мындай учурда Сулайман молдонун айтканы эки болмок эмес. Айрыкча, өткөндөгү жер титирөөдөн кийин бу жердеги элдин мүнөзү өзгөрүп, бири-бирине айрыкча боор тарткан болушуп, балдары чогуу чүкө атышып, тай чабышып, келиндери бирге куурай терип, нан жабышып, кемпир-кезектери кошуна-колоңдору шеринелешип чай ичишип, аксакалдар болсо кокус дагы жер титирөө болуп кетсе чогуу бир чуңкурда бололу дешкенсип, айтор, эртеден кечке ушул Кайыңды айылынын бет маңдайындагы дөбөдө чогуу отурушуп, аркы-терки кеп кылышып, күндү өткөзүшөт. Мурда минтип чогулушчу эмес. Ар кимиси он-он бештен боз үй тигип ар кайсы колотто, тоо этектеп жайгашып, жамандык-жакшылыкта эле жүз көрүшкөн-дөрү болбосо ар уруунун жашоосу өз-өзүнчө өтө турган. Анан катуу жер титирөөдө өзүнчө обочолонуп тоо этектеген Төлөнбай байдын айылы биротоло жер көчкүнүн алдында калгандыктан, көбүнүн үрөйлөрү учуп, бир чети ушундай кыямат келип турган учурда бири-бирибизге арка-жөлөк, тээк бололу дешип, тоолордон окчундай мына ушул кең өзөндүн жээгин бойлой түшүп келишип, түзөңдөгү Кайыңды деген жерге келип отурукташып, жайгашып калышкан. Кайыңды демекчи, мурда бул жер ажайып калың кайыңдуу келип, Кайыңды өзөнүн этектей жалаң жаш кызыл кайыңдар өсүп, кичине эле жел жүрсө бир укмуш шуулдашып, айылдан өйдө Көк-Жарды көздөй өзүнчө бир жашыл толкун уруп жаткансып, керемет кооздук өкүм сүрөөр эле дешет. Мунун баарын кайдан угуптур, өткөндө бул айылдын атактуу мергенчиси жана устасы Бөкөнчү өлгөндө ушуну кеп кылышты. Андан калса Бөкөнчүнүн өлүмү да бир табышмактуу болду. Жантайдын кыштоосунун этегиндеги сазды жээктеп өскөн көп кайыңдын ичинен үкү топу кийген кыздай ортосунда шаңкайып өсүп турган байтүп кайыңды кыяйын деп нечен ирээт көзү түшкөн эле. Бир чети ары-бери өткөн жолго жакын өскөндүктөн, бир чети айылга жакын болгондуктан нечен жолу кыяйын деп дити барып, нечен ирээт балтасын канжыгасына байлап, кайра тарткан жайы бар. Бир жолу өзү ичинен негедир кыжаалат болуп турганына карабай, күн кечтеп кетелекте сойгок кыйып алайын деп ал үкү топудай алыстан көрүнүп, көзү түшүп жүргөн суурулуп өскөн кайыңга балта чаап жатып мүрт кетиптир. Түндөсү үйүнө келбей, анан эртеси издеп чыгышып, жээрде кашка аты ушу саздын этегинде эле оттоп жүргөндүктөн, ушул тегеректе эле болуу керек деп боолгоп издеп жатып, ошол байтүп кайыңдын түбүнөн табышты. Оозунун тегерегине кара кочкул кан уюп, мурдунан билинер-билинбес кан аккан болуп, анан эң табышмактуусу бети-колунда, балтанын сабында кан жок да, кудум кайыңдан суу акпай эле кан аккансып, балтанын мизи кан да, анан кыйылып жаткан кайыңдын жаракасы да канжалагансып кыпкызыл. Кыйып жаткан кайыңдын бутагына жөлөнүп, чалкалап жаткан боюнча оң колуна айбалтасын кармаган бойдон кете бериптир. Ал кайыңдын теңинен көбү чабылып бүтүп, чыпалак элидей эле жери калып, кармап турган экен. Өлүктү кайыңдын черинен алып чыгаары менен ошону эле күтүп тургансып, ал кайың тарс этип сулк кулады. Бөкөнчүнүн мындай өлүмү айылда уу-дуу кепти жаратты. Бөтөнчө чоң зилзаладан кийин мындай кеп-айыңга айылдыктар өзгөчө таасирленишип, калктын мүнөзү өзгөрдү. Чагылган чартылдаса, күн күркүрөсө, катуу бороон болсо эле үрөйлөрү учуп, жети токоч баабедин жасап, Кудайга тобо келтиришчү болду. Айылдагы элдин гана эмес, бул жердеги жан-жаныбарлардын да, айлана-чөйрөнүн да мүнөзү өзгөргөндөй боло түштү. Үйүр-үйүр жылкылары түн ичинде кээде айылга кирип келип кишенешип, дагы бир алааматтан кабар бергенсип, карыларды уйкусунан чочутуп ойготчу болду. Иттери болсо түн ичинде жер көчкү болгон Көк-Жар тарапты карап улуп-уңшуп, анан куйруктарын кыпчып боз үйгө чейин кире каччу болду. Ушул Кайыңды айылын тегерете курчаган тоолордун көкмайсаң чөбү - сүт, эт, кымыз болуп келген улуу тоолор, тунук кашка булактары кан сыяктуу өмүр берип келген улуу тоолор, бүлдүркөн, кожогат, карагат, сарымсак, ышкыны балдарга таттуу болуп таңдайын тамшанткан улуу тоолор, эми минтип эртели-кеч азыр эле жер көчкүгө айланып кетчүдөй сүрдүү, комсоо көрүнө баштады. Элдин көбү коркуп, отун-карагайга тоо, токойго барбай, суунун жээгинен, аралдардан агынды терип жагышчу болду. Анын үстүнө Бөкөнчүнүн эмне болуп өлгөнүн сурап билген, өзү жедеп карып, өлүм алдында жаткан Теңгедей деген бакшы кемпирдин айтканы ансыз деле бушайман болуп, аза бою тик туруп жаткан элдин үрөйүн ого бетер учуруп, шаштысын кетирди. Өзү Бөкөнчүдөн эки жума өтпөй эле кайтыш болуп, ошол тил-ооздон кала электе тири укмуш бир окуяны айтып бериптир. Анын айтымы боюнча бул Кайыңды жергесинин касиеттүү колдоочусу Кызыл кайың экен. Анын али кыз кезинде мына ушул сайдагы кайың токой күздө өрттөнүп кетип, калың эл кайыңдын каргышына калып, ошол жазда ушул сайда кара сел болуп, түн ичинде бир уруу кырк түтүндөй элди тыптыйпыл кылып сел апкеткен экен, ошонун нугу азыркыга чейин бар. Ошол сел ушунчалык жинденип агып, эки жээгин коо кылып жеп, ал эми сайдагы өрттөн кийинки кайыңдын дүмүрлөрүн таш-пашы менен агызып, бул сайда кум-баткак аралаш селдин нугунан башка эч нерсе калган эмес. Анан өткөн жетимиш жыл ичинде ушул сай кайра толо жаш кайыңдуу болуп өстү. Өскөндө да токойдун ичи жан-жаныбарга берекелүү болуп өстү. Кайыңдуу токойдун калыңдыгынан ат менен аралап өтүү мүмкүн эмес эле, а эгерде жээктеп бастырсаң кулак, куйругун булаң эткизип коёндору мындан көп, кооз куйругун койкоңдотуп кыргоолдор андан көп, эликтер да ушу токойду этектей келип чаарчыктарын эмизээр эле. Ал эми токойду жээктеп өскөн долоно, чыны карагат, бөрү карагат менен чычырканактын ашын айтпаңыз. Жаш балдар тойгончо жеп анын көлөкөсүнө томолонуп уктап калышар эле. Чынында эстеп көрүшсө, ушул Кайыңды айылында кайыңдар шуулдап өсүп турган заманда элдин жашоосу да дуулдап, токчулук, бейкут заман эле. | |
| |