| Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
| түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
Калипа Эсенаманова БЕТ АЧААРЫ КИТЕПТИН Турмушка жаралган соң адам деген, Табихат жашоону да ченеп берген. Тоо булбул болуш үчүн эмгек керек, Талбастан изденүүнүн жолу кенен. Адамдар бир-бирине чиеленген, Ой-сезим ар адамда чексиз кенен, Өөрчүбөс адамзаттын жолу татаал Өзгөрбөс жашоо жолдо күтөт ажал. Окурман китеп окуп ачаарыңда, Олуттуу ойду карма дидарыңа. Жөнөкөй сезимталдуу адам жазса, Бир кана капа болбо начарына. Тагдырдын жазмышы болсо демек, Табихат тандап туруп берсе керек. Тоодон ал, жер суу менен көрктөнөм деп, Толгонуп ыр жазууга келдим эңсеп. Береке койну кенен талбай учсам, Окурман ырларыяды чанбай уксаң. Мен Пушкин же Алыкул эмесимди, Сындасын сынга чөкпөй алга учсам. Кыргыздар чечен келет, устат келет, Кудайым ыр талантын өзү берет. Кадырлуу окурмандар алдыңарда, Айылдык жөнөкөй кыз эсеп берет. ФАТИМА (Поэмадан үзүндү) Башы "Жашоодон үмүт үзүлбөйт" аттуу китепте. Неге турмуш көп кырдуусуң, албуутсуң, Адам үчүн кай учурда катуусуң. Шылдый карап, кем жаратып шордууну Бирде катуу, бирде балдай татуусуң Келишели алар оорун тапты деп, Тууган туушкан жерө берет кайгы жеп. Кеп нускасы бөлөк жакта? окурман, Толук жандар кайыр сурайт темселеп. Эмне үчүн? - адам тегиз жашабайт, Эмне үчүн? - кор болушат, басалбайт. Кудай таалам аяп койсо не болмок, Андан адам көбөйбөйт да азайбайт. Фатиманын тагдырына келейин, Поэмамды улап жазып берейин. Шал жаралган айдай сулуу нур кызды Ыр жаратып жүрөгүмдө сезейин. Көктөн жылдыз жанып турса жымыңдап, Таң шооласы үй ичине куюлат. Кирпик какпай өткөн түнү аз эмес, Көз жаш агып, зар какшатып улутат. Ал периште, улуу сөздө уят жок, Кыз элесиң, ууз күлкүңдү жарган жок Аял болуп жаралган соң бирдейбиз, Даап, тутуп бир жан адам барган жок Аяп кетем, там кучактап кыз жатат, Адамда жок назик, сулуу уз жатат Кең мекенде дагы канча жандар бар, Жашоо чиркин бөлөктөрдөн аксатат. Каар заман капканына салды азап, Канча жандар курмандыкта зар жашап. Жалгыз жанын тың багалбай кай бирөө Тагдыры тар, ичтен сызат зар какшап. Фатиманын үнүн угуп? окурманым? Жүрөгүмдү зил аралап олтурамын. Бүтпөгөн муңдан бүткөн баспас кызды Кабак-кашын ыр менен толтурамын. Тартуулап таза үзүп гүлдү берем, Таарынтпай таттуу сүйлөп кабак керем. Билсем да заары күчтүү тагдыр жолун, Мен кантип Кудай алган бутун берем. Сезимтал, тунук кызга жолдуу келем Сезбеген өмүр кайрык кандуу белем. Буйтуйтуп албасам деп бура сүйлөп, Белегим жок болсо да, дилим берем. Саргайып сары чөптөй күндөр өтөт, Сабыркап ачуу кайрык үндөр өчөт. Салтанат жолун таппай Фатима кыз, Саамайын ак аралап өмүрү өтөт. Бурадарлар жүрөгү сыздап алаар, Буурул чач боз топурак сызда калаар. Аттиңай баспаган кыз Фатиманын, Эл барбы ырыскысын чымчып салаар. Канчаларга тилке-тилке изди салды, Канчалар көрбөй, укпай, баспай калды. Ак тамда жаткан менен ФАТИМАНЫН, Акыл эси, булут менен кошо жанды. Дирилдеп жүрөгүнүн каны акса, Кыймылсыз ак шейшепте жаны жатса. Ааламдан кайрымдуулук болоор беле. Таш боордук мизи жанып, жолун ачса. Баары жансыз дыңылдашкан, үй кунарсыз, Баарынан кызыгы - бул жарык алсыз. Бапестеп өстүргөн эже-агайлар, Фатиманын тагдырына болот калыс. Турмушуң бирде жыргал, бирде куурал, Жаныңда болсо жакшы миздүү курал. Ажайып көркөм шибер аралабай, Өткөн күн зар какшаган кимге жыргал. Кыбырап кумурскалар жазда жылат, Буркурап гүлдүн жыты жайда чыгат Телчитип, өмүр деген таттуу экен, Фатима элүү жашка майда чыгат. Телмирип терезеден карап турса, Тентек жел саамайларын аяр урса. Бакытка кол жетпеген, жетээр эле, Таң эртең торгой үнүн басып укса. Жүрөктөр шала-шала эзилеби? Шал болгон адам зары сезилеби? Тирүү жан аракети күчтүү болсо, Кайгынын зар муңдары кесилеби? Ким кандай болсо дагы жашаш керек, Кең дүйнө жалпы жанга таандык демек Аруулук сезимиңде оттой жансын, Ден соолук жерде болсо казат элек. Ааламга адам келсе кайрыламын, Акылымдан билип туруп айрыламын. Кемитип бир мүчөсүн бербей эле, Алты санын аман койгун, жалынамын. Буйрук деп сезбесе деп агыламын, Булуттай аппак таңды сагынамын Баланы берсең теңир жаратагөр Акыл эси аман болсун, жалынамын. Эстүүнүн эңсегени эли болот, Жыргалда эли өтсө, көңүлү толот. Телегейи текши өтпөйт адам руху, Таза дил, жаркын маанай кайгы жоёт. Эми мен баянымды кыскартайын Ыр дүйнө-жан шерикти узартайын Окурман көңүл бөлсө издеп табар, Ойго алар, көңүл кушун муздатпайын. Уландысы бар. КӨГҮЧКӨН Бейпил учуп бакка чыгып кончу элем, Канаттуудан мен бактылуу болчу элем. Балдар берип конфет, нанын, тартуусун, Перзенттердин купулуна толчу элем. Көгүчкөндү кими барктап карашат Кооздугум кантип кайра жарашат. Жем таба албай айланамын турамын, Кылтак коюп, курсагымды жара атат. Тентек балдар ташка бута алышат Куйкалашып туздан сээп салышат Замананын оордугу таасирдүү Мен сындуулар азайгансып барышат. Достук деген ураан менен уччу элем, Адамзаттын сүйгөн жалгыз кушу элем Пионерлер кайра келип жаралып Уя салып жемден, чачып турса экен. ЧЫМЫНДАР Дыңылдаган чымындар, Менде эмне өчүң бар. Жуунганмын тап-таза, Табелимде бешим бар. Тамак берсе чоң-энем, Учуп түштүң табакка. Терезе, эшик ачыктан Пайдаланган жаман да. Көрчү тиги көпөлөк, Учуп жүрөт көкөлөп. Кыянаттык жасабайт Гүлдү сорот бөпөлөп. ЧООЧУН МЫШЫК Короодогу мышыкты Айка кармап тырмышты Кой дегенге болбостон, Жүндөрүнө кызыкты. Мыёолоду, ар деди, Колун тытып кан кетти. Чоочун мышык карматпай Качып кетти жан кечти. Апа деди ай кызым Айкеримим, жылдызым Чоочун мышык кармабай Жүрбөйсүңбү нур кызым. "ЧЫЧКАН КӨРДҮМ, АПАКЕ" Ислам кирди жүгүрүп, Желиккенсип күйүгүп. Ашканадан көрдүм дейт, Арс чычканды сүйүнүп Капкан салса түшпөгөн, Мышык көрсө үркпөгөн. Шумдуктуудай зор чычкан, Көрүп калам үйлөрдөн. Кичинекей Айчүрөк Кармап бер деп ыйлады Оюнчук деп түшүнөт, Атакесин кыйнады. Алда балам Исламым, Кандай сөздү баштадың. Алым жетпейт чычканга, Сооротуп кел жыргалым. Экөө кетти тойпоңдоп, Чычкан жүрөт той тойлоп. Мышык жатат бүрүшүп, Заман акыр не болмок?.. ЧАРК АЙЛАНГАН КӨПӨЛӨК Китеп окуп отурган, Кызым шашып чочуган. Чарк айланган көпөлөк, Тизесине кондурган, Коркпо балам тиштебейт, Учуп кетет көпөлөк. Көйнөгүңдө кызыл гүл, Соромун дейт өнтөлөп. - Ики апа калп айтпа, Биз тартканбыз көпөлөк. Окшош - ко канаты, Бийик учат көкөлөп. - Туура айтасың нур кызым, Боппоз болгон көпөлөк, Түн ичинде көп болот, Аты шайтан көпөлөк. - Жомоктогу шайтандын, Баласыбы апаке. Гүл сыяктуу бырпырайт, Канатыбы апаке? Жарык көрсө айланган, Зыяны жок жаны бар. Шайтан деген кишидей, Азгырыктуу жагы бар. Айтса айтпаса төгүнбү, Көпөлөктөр көбөйдү. Жаралгансып шайтандан, Күбө чачат көбүктүү. КЫЗЫЛ ГҮЛ Терип алдым кызыл гүл Чоң энеме белекке Жарап бергин соолубай, Бир ишине керекке. Кызыл гүлдү жыттасын, Тынч уйкуда уктасын. Гүл өмүрүн түш көрүп, Жаңы ырларды чыгарсын. Энекемди сыйлаймын, Тентек ишти кылбаймын. Гүл жыттатып өмүрүн. Мен жанынан жылбаймын АЙЧҮРӨГҮМ ЖЫЛДЫЗЫМ Түн бир оокум болгондо, Жылдыз толук толгондо. Айчүрөгүм чыр кылат, Чиркей соруп койгонго Умай эне урдубу? Азыткылар куудубу? Түшүнбөймүн кызыма, Төө жолуңда турдубу? Эне- атасы күйпөктөйт Чала- бучук төпөштөйт Каалаганын аткарып, Экөө бирдей түйдөктөйт. Ыйлабачы нур кызым, Маңдайымда жылдызым Аман-болсо ата-энең Алып берет бүт, кызым. ЧАКПАЧЫ ААРЫ Биздин бакча гүл бакча, Тегеренип ойнойбуз. Түркүн-түркүн гүл жыты, Жыпарына тойбойбуз. Жарышкансып биз менен, Аары жүрөт гүл эмген. Чага көрбө тийбейбиз, Достошуп ал биз менен. Огородду аралап, Тергенибиз карагат, Аары менен жарышып Кубалашсак жарашат. НАРИСТЕМ Ашыгып күткөн наристем, Алтындай болуп эриткен. Апакең сенден садага, Алдейлейм сени периштем. Жумуштан кайтсам жарк деген, Жүрөккө жакын берекем Кулуну болуп элиңдин, Аман бол балам, наристем. Төксөң да кашык каныңды, Эл үчүн бергин жаныңды, Дайыма кызмат өтөй жүр, Ата-энең күтөт даңкыңды. БЕРЕ АЛБАДЫМ БЕЛЕГИМДИ Асман, жерде калкып жүргөн эжемди, Айбыгып оң бетинен өбө албай. Бөлөк кылып топ жылдызды берээрди, Аруу сезим ич дүйнөңдү бөлө албай. Берет элем дүйнөдө жок зергерди, Бирок колум эч нерсеге жете албай Берем эжек жрөктөгү ай-күндү, Баары калсын белек не деп сезе албай Төмөнкү ырды арнап жазып алгамын, Айбыктым колум сунуп бере албай. ЗУУРА СООРОНБАЕВАНЫН 75 жылдык мааракесине арналат Жетимиш беш жаш, пайгамбардын курагы, Жетимишбеш жаш өмүрлөрдүн чырагы. Жүздөн нары чанда жандар кездешет, Жүз болсо экен Зуура эженин курагы. Коргойм, сактайм, ырым менен көздүүдөн, Артыкчасыз, чыгаандардан сөздүүдөн. Кылым эстээр кыргыз калктын энеси, Кымбаттуусуз акыйкаттуу сөз билген. Жер кымбатын баалайт акын сүрөттө, Эл залкары, башаты айыл түнөктө. Эне үнү асман жерди жаңыртат, Кыргыз айым өлбөс, өчпөс жүрөктө. ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ ЖАКШЫ ЫРДЫН ЖАРЫШЫНА Эне десең, Зырп деп жүрөк, оргуштаган кан кайнайт, Эне десең, өмүр учу узаргансып,гүл жайнайт. Эне куту, Аалам тегиз добуш менен айланып, Эне үнү айга, күнгө жеткирсем деп ой самайт. Наристени жыттап эне эзилгенин сезесиң, Наристенин келечеги, өмүр гүлү экенсиң. Наристенин үнү угулса аш-бышымча чыр этип, Наристе үчүн жаның берип курмандыкка кетесиң. Бактылуу эне шамал менен, тең жарышып шаңданат, Эне ырысы, жалын чачып ар-бир үйгө шам жанат. Эне жокто, ойлоп көрчү көргөн күнүң курусун Эне үчүн, Жанын берген азаматка салтанат. Оо, калайык! Эне үнүн аздектейли, тыңдайлы. Эне тапкан баарыбызды, Улуктугун, ыйыктыгын сактайлы. ЖАҢЫ ЖЫЛДА БИЙЛЕЙЛИ ӨМектеп жашына жете элек балдар үчүнӨ Жапжаш арчаны, Жүгүрүп бийледик. Оронуп барчаны, Кийимди кийбедик. Аюулар бакырат, Түлкүлөр түрдөнүп. Карышкыр чакырат, Коёндор сүрдөнүп. Балдарга кызыктуу, Бегемот илинди. Конфетти талашып, Соргоктор билинди. Бийлейли келгиле, Табышмак айтышып. Ортону белгилеп, Тарс этмек атышып. Канакей келгиле, Ёлканы айланып. Конфеттен жегиле, Жылтырак байланып. Быйылкы Жаңы Жыл Жемишин төксүнчү. Балдарга Жаңы Жыл, Ырыскы бөлсүнчү. ЫРЛАР Сугалактар момун элди куруткан, Суурулуп чык кыйың көзөң турмуштан. Тизмесине кирбейли да байкайлы, Бир күн чыгат жарк деп бизге сулуу таң. Суурулуп чык бөөдө кырсык азаптан, Сезээр бекен байлыктарын алдаткан. Кыргыз жери көркөм кооз бийик шаар, Жери алтын элин Кудай жараткан, Суурулуп чык кедейликтин сазынан, Сылаңкороз былжып чирийт башынан. Сезимдерди тунук кармап өтөлү, Секелекти туура башта жашынан. БАКТЫМ ДЕБЕ Бактым дебе эселекте балдарды, Бардык түйшүк чоңойгондо башталды. Турмуш курса ажырашып тынышат, Жэтээр бекен балдарына алдары. Бешөө, алтоо бир бүтүмгө келе албайт, Безеленип ар түрдүүчө көп сайрайт. Ата-эненин биригишпейт балдары, Кайрып алар ата-энесин бага албайт. Турмуш күрөш аны айтуу опоңой, Жүрүшсө эмне тил алышып топоңдой. Айрым жерден айта берет апам деп, Мойнун буруп, басып өтөт койкоңдой. Карыганда салып азап-тозокко, Калтырышат от жактырып очокко. Баарын бирдей айта албаймын окурман Айрымдар бар бөлөйт мамык олпокко. ТАПСАМ ЭКЕН ОРДУМДУ Тапкым келген өз ордумду элимден, Тар заманда тар жашоодон кемиген. Тарбиялап алты бала учурдум, Балдарым бар бактылуумун эми мен. Тапкым келген өз ордумду элимден, Ташкындаган ыр жүрөгүм эриген. Таалайыма акындыкты ыйгарып, Таап-алдым таалайлуумун эми мен. Тапкым келген өз ордумду элимден, Таппай калдым чын сүйүүнү берилген. Ажал оту тооруса да кебелбес, Байбичемин мен балпайган, керилген. АТЫМ ЧЫГЫП КАМЧЫЛААР Бир нерсеге куса болуп баратам, Белгисиз бир кумар күүсүн таратам. Зырп деп алса өрөпкүгөн жүрөгүм, Кантип аны, кай мезгилди каратам. Токтоно албай кыялымда оргуштайм, Дили таза эр адамга жолукпайм Кыйдыланган адамзаттын жүрөгүн, Кантип кандай заттар менен толуктайм? Жамгыр болуп жааган күнүм бар чыгаар, Мени көздөй мүрөк суусу тамчылаар. Кыргызстан түпкүлүгү бай өлкө, Эл байыса менин атым камчылаар. Тобо дейин бир Кудайдын өзүнө. Ыр жаадырам күн-түн дебей бериле. Мээ чарадан калбай калса көрөңгө, Ошол күндө шордуумун дейм өзүмчө. ОКШОШКОНГО-МУШТАШКАН Эки акын жолоочулап бирге басып, Бара жатты ыр сандыктын түбүн казып. Биринчиси Алыкулдай жазамын дейт, Ичпей жаз дейт экинчиси башын жазып. Оңой шилтейм оозумда бар тил мөөрүм, Сен койчу мен жеңил желпи төгөмүн. Оо катыгүн мага жетиш ат чабым, Ашып бүткөм Байдылда ашкан төрлөрүн... Чымыны бар дыңылдаган акындар, Көөдөнү жок жүз граммга жакындар. Сын айтууга менин деле акым жок, Мезгил өттү, жалган учкан закымдар. АК ЭМГЕК ЖАШОО ЖОЛГО ТАЛПЫНААРСЫҢ Өмүрдүн өчүп бүтпөс жанган шамы Жашоомдун кереметтүү баткан таңы. Сүрөткер тартса болот өлбөс пейзаж Мезгилдин өз учурда аккан шаңы. Гүлүмдүн бүчүрлөрү күбүлбөгөн Сүйүүмдүн түйүндөрү түйүлбөгөн Асманда жылдыз эркин учуп жүрсө Жерде мен эркин жашайм бүгүлбөгөн Таңда мен атсам болот ой учкунда Таалайга жазган мени ыр туткунга Мейли мен ачка болсом кайыл элем Балдарым аман болсун бул турмушта. Ырларым күндө жанса обон менен Жашоомду элестетем күндө кенен Мезгилде чыга албасам кайгырбаймын Акыры даңазалар кездер белен. Элимдин турмушуна болуп кайыл Ыр менен адам өтсүн көрпө жайыл Мезгилде мен-менсинбей оордун табуу Ал түптүү ырыскылуу түпкө чайыл. Саресеп эсебине көнбө деген, Сарпайы чапан жапкан ырдап берсең. Сыймыктуу карыш деген оор белемсиң, Саамайың агарганда чектен кетсең. Заманды оор дегенден жаңылабыз, Табихат бир калыпта келет калыс. Адамдар түшүнбөстөн кейий берип, Акыры оор заманга кабылабыз. Андыктан айтаарым бул замандашым Бир боорум, өнүп өскөн бир кандашым Тагдырга моюн сунуп жатып албай Ак эмгек жашоо жолго талпынаарсың. КОЛГО ТҮШТҮМ ӨСакалчандын сурагыӨ Колго түштүң сен өзүңдү ким деп жүрдүң, Туткундагы адамдарды аруу сүйдүң. Бошотууга кудуретиң жетпеген соң, Аялзатсың дардаңдабай жөндөп жүргүн. Жооп Баткендеги колго түшкөн жигиттерди, Бошотууга ырларым бар тешээр жерди. Көзүм менен көрүп сокку бермекчимин, Адепсиз согуш ачкан ал иттерди. Мен энемин сендейди жарата алган Сүтүм менен өз элимди коргоп алгам Ниети бузук биздин жерде эркин жүрсө, Ырым менен төшүн жарып, өтүн алам Азыр чап кылычыңды шилтей алсаң Жарык нур сага мага бирдей жанган. Эңкейип тизе бүгүп аллах дештин Китебинде уруш-талаш жазылбаган. Манастын урпактары экенибиз, Кыргызстан гүлдөгөн өз мекенибиз. Эсиңерден чыкпасын, арам ойлор, Кан кайнаган өжөр калк экенибиз Элчи сымал мен келсем, куну жоктор, Учурдуңар мен тарапка зуулдап октор. Ар чуңкурдан самсаалап аткылайсың, Калкан кармап калкалачу Туусу жоктор. Деп айтып түркүн ойдун кучагында, Жатыпмын таттуу уйкунун кучагында. Билбеймин дагы канча жаткансыймын, Душмандын турдум карап сурагында. Кармашып кайрып колду чабаарында Тилди сууруп дудук жасап салаарында Жүрөгүм дүк-дүк этип ачтым көздү, Алмадай башты кыя чабарында. УЛУУЛУКТУН КАНЧАЛЫК ДАРАЖАСЫ Биз билбеген бакыт кушу кайда учуп, кайда конот ? Каалагандай турмуш нугу- эркин жашоо неге болбойт ? Түз жолуңдан адаштырып Кыялыңды татаалдантып, Көз жаштар сызылып аккан менен орду толбойт. Улуулуктун канчалык даражасын сезээр белең улугум, Биз конокпуз чын жашоо бар акыл менен туйгунуң. Түп максаты адамзаттын аткарылса деп ойлойм, Жыйылган ой максатсыз күн, эсептешип кутулгун. Мезгил жетсе кыйналган жан түбү менен жок болот, Көп нерсенин оорду толот, бактылуу адам көп болот. Жеңил - желпи жел турмушка кызыкпаса адамзат, Эмгек менен өз жашоосун жашаганга бак конот. ЫР САБЫНДА ЧАБЫЛДЫ Токой чердин чегедеги жагылды, Болоор болбос кыяндардан агылды. Каармандын жаалы жанса жалында, Чакмак болуп ыр сабында чабылды. Кербез ырдын сересине кабылсаң, Сан түйшүктүн желесине камалсаң. Ыр түйшүгүн түшүнгөнүң ыраспы, Кол учунда жеңил - желпи чабылсаң. Азаматтар бийик жерден кабышсын, Ыр сабында чыркырашып чабышсын. Бетме-беттик акыйкатчыл болоор дейм, Арстан бекен же коёнбу айтышсын. ҮТҮР УСТА ТУРБАЙБЫ Баардык адам тыңдуусунуп үн кошот, Баткен, Баткен - кыйкырышып үн созот. Капа болбой калыс болсо окурман, Бир-биринен кем калбаган алга озот. Эли үчүн кабыргасы кайышса, Согуш болуп жаткан жерге туу сайса. Жетип - жетпей баатырсынып жүргөнчө Апкаарыбай Манасымдай чуу салса Тойго кетти канчалаган алтындар, Баткенге деп жыйнап жатат саткындар Тылың бекем болбой калса, бурадар, Жойлоп кирет ниети бузук качкындар. Миң сандаган акча түшөт турбайбы? Заводдорду ишкананы курбайбы, Ок - дарыны бирөөлөрдөн сурабай, Өзүбүздүн Үтүр уста турбайбы. ЖАЗ Жазда майрам эл эмгегин көздөсө, Жазда жайнайт кыз-жигиттер өзгөчө. Кылымдардан кылымдарга созулган, Кызуу кыймыл жазда өтөт өлбөсө. Жазда келди жаркын маанай ууз тилек, Жазда ойнойт махабаттуу кош жүрөк. Кыштын каары кетпесе да зыпылдап, Жазда күчөйт эмгектенген кош билек. Төлдөтөм деп жутунушат чымындар, Тирүүлүгүн билгизишет кымындар. Жандуу менен жансыздардын күрөшү, Жазда болот айтылган көп кылымдар.. Жердин бетин саймалаган гүлзарлар, Жерди чапчып тебинишет тулпарлар. Токчулуктун белгисиндей көрүнөт Жер томкоруп, эмгек өтөйт дыйкандар. ТУРМУШ СОНУН Таза ырга суусап дайым, эңсеп жетпейм, Таң менен бирге туруп сөздү эстейм. Миң түркүн булбул үнүң уксам дагы, Бир тунук булбул үндөн алыс кетпейм. Канымда мококтукту таратамбы? Кечикпей жакшы ыр сапты жаратамбы? Өмүрдү ченеп берген мезгилимден Өктөөсүн тунук сезип баратамбы? Мен эми түшүнөмүн тагдыр жолун, Ыр менен чулгап алдым созсо колун. Бийиктик дале бийик аалам жарган, Бир жөнөкөй келин жазса кандай сонун. ЭЛ ЭМНЕДЕН ЧОЧУЛАЙТ Эл чочулайт бөөдө ушак заар кептен Баш айланып мээ чарага так жеткен. Жогор жактан эзип жатса элиңди, Калың элдин арасына зак кеткен. Эл эмнеден чочулаарын билебиз Эсептешпей эптеп жашап жүрөбүз Эбегейсиз байлык кетти чачылып Ээнсирейт эми эмнени күтөбүз. Эл эмнеден чочулаарын сезебиз Сойкуларды уккан кезде безебиз Генофонддун бузуп алсак катмарын Кыргыз болбой биз түгөнүп кетээрбиз Балык деген баштан сасыйт деп келген Балык албай аркар атып жеп келген Ата-баба салтын коргоп түз жүрсөк, Ар-бир үйдү эркек коргойт деп келген. ТУШОО КЕСҮҮ ӨАкындаргаӨ Акынсыңбы?Ө- ышкын даамдуу ыр жазар Тоо гүлдөрү, аркар эти жыттанаар. Эки ооз сөздү курабаган Кыргыз жок, Кыйналып не, калем кагаз тынч алаар. Акынсыңбы келечекти көрөөрсүң, Сөз баасынын ой - чуңкурун бөлөөрсүң. Тушоо кесер акындардын дүйнөсүн Тузу кемби, же мурч бекен сезээрсиң Акынсыңбы? - булбул үнүн билээрсиң Чагылгандын учкунунан илээрсиң. Мезгил өзү сыноо экен, окурман, Ойлоруңду каның менен чийээрсиң. "КООМ ЖАНА ҮЙ БҮЛӨ" Үйдүн ичи ырыскыга жык толгон, Үйдөн чыгат ымыркайлар шок болгон. Түтүн булап, тамак жасап Ата-Эне, Ырдайт бийлейт наристелер окшошкон. Үй-бүлөнүн куту болот атасы, Үй кайгысын айдап чыгат апасы. Бакыт кушу кете албастан айланып, Тийген сымал элдин ыйык батасы. Калкка пайда "Коом жана Үй-бүлө", Коомдун ишин чече берсин күнүгө. Эл көөнүнө айкалышып, төп келсе, Аздектелип анык татыйт сүйүүгө. ӨМҮР ГҮЛҮН СЕБЕ БИЛ Өмүр менен алпурушуп канча жыл, Өмүр гүлүн себе албайбыз түбөлүк. Өмүр деген сен тирүүңдө бакча гүл, Өмүр өтсө кайта жазбайт күбөлүк. Сүйүү менен ойногону от болот, Сүйүү деген жазылбаган керемет. Сүйүү жанса - жүрөгүңө чок толот, Сүйүү-бешик, ырахатка терметет. Аман калбай арак менен тирешкен, Арак деген кан дүргүтөт билээрсиң. Арак душман, адам канча күрөшкөн Арак ичпей кулагыңа илээрсиң. Тирүүлүккө өмүр гүлүн себе бил. Кайтпас жашоо, жер алдында жатаарсың Сезимиңди эскиртпестен сезе бил, Көз огуңда сүйгөнүңдү атаарсың. ТУРМУШ - КҮРӨШ Турмуш - күрөш, аягы жок ат чабыш, Оңой эмес тапка келип тапталыш Жаралган соң кадырлап өт өмүрдү, Жашынсаң да өлүмдөн жок сактаныш. Көз караштан сүйгөнүңдү тандап ал, Сөзүң эмес сезим менен арбап ал. Махабаттын кууралына көнө бил, Жалаң жыргал сүйүү, айтчы, кайда бар? Орун калбай канча таттуу тамакка, Ашказанды толтурабыз аракка. Түгөнбөгөн азыткыбы арагың, Түбөлүккө түшүп келет талашка Турмуш - күрөш тандап жолду басып өт, Түбөлүккө ийне менен казып өт. Тайгаланып тар жолдордон аксабай, Жадыраган маанайыңды жазып өт. МААНАЙ Жан дүйнө жабанымдын оозун ачтым, Оргуган ойлорумду төгүп жаздым. Аруу жан кыялданып окуса деп, Аялуу махабаттын сырын каздым Санаамды санга бөлүп тарап алдым, Сагыныч кучагына ороп алдым. Биз сүргөн мезгил кайра кайталанбайт, Бар сырым ак кагазга төгүп жаздым. Антсем да айта албадым көп ойлорду, Айтуунун, жазуунун да болот орду. Телмирип тереземди тиктеп туруп, Көркөмү төп дүйнөгө көңүл толду. БЕКЕРПОЗ Күттү дайым өмүр учкун жанганча Күттү дайым кашык каны калганча Күтүү менен чектелгенсип тагдыры, Күттү бекер оозго алма салганча Маңдай тердеп иштебеген өмүрү, Маанай чөгүп, өтүп барат көңүлү Билбей жүрөт адамдыгын өзүнүн, Токойдогу элестеткин бөрүнү. Сурай келсең эртең таңым атат дейт Капаланбайм катын багып жатат дейт Кайдыгерлик ээлеп алган жүлүнүн, Каршылашкан, мылтык менен атат дейт. БАЙ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ? Бай болгуң келеби? - сен ойлонгун, Таң агарып күн батканча толгонгун. Ишсиз жатпай, үйдүн көзүн карабай, Ишти эмнеден кураарыңды ойлонгун. Бай болгуң келеби? - Кадам сайын саз болсун, Буттарыңды ылай кармап, таш болсун. Ак эмгектен казып жегин мөмөнү, Ал үйүлгөн үйүң толо аш болсун Бай болгуң келеби? - эринбегин эч качан, Малды, күткүн майнап берет таптасаң. Байлык, мансап учуп кетет - кол кири, Бай болбойсуң убакыттан утпасаң Айтаарым бул; чындык керек адамга, Аруу болгун баскан улуу кадамда. Алты саның аман болсо тилей бер, Бай адаммын ушул жалган заманда. МЕЗГИЛДЕР Мезгилдер ар бир аткан улуу таңда, Мээрими бирдей жанат баардык жанга. Жемишин жей албаган жандар калат, Кемсинип жалкоолуктун кучагында Мезгилдер өз мөөнөтүн өтөп кетет Мезгилдер зымыраган куштай өтөт. Мезгилге уттурбайлы, адамзаттар, Мезгилге камчы урган акыр жетет. Мезгилдер кышпы, жайбы күз болобу, Мезгилдер ырын ырдап түз бололу. Мезгилдер жан-жаныбар, жансызга да- Сүрөөтчү, адам өсүп жүз бололу. ОРОЗО Отуз күнкү орозонун токтугу, Тамак - ашка карааныңдын жоктугу. Кереметтүү орозону тутуп ал, Пенде затым, ыйманыңдын оттугу. Соор ичип, таң нуруна бөлөнгүн, Чолпон жылдыз казыгына жөлөнгүн. Маркумдарга куран окуп, бата айт, Жети күндүн бири болот өлөөр күн. Ата-баба жөрөлгөсүн керели, Улан-кызга көрөнгөсүн берели. Аял-эркек оордун билип жашоонун Салтты кармап ыйман менен жеңели. ЖҮРӨК ТОЛКУП Тоо башынан кайрыктарың угулат Шаңдуу добуш бүт дүйнөгө сунулат Кылымдардан өрт аралап кыялдар, Жүрөк толкуп, сагынычтар туюлат. Азоо аттай музыканын толкуну, Мөлтүр тунук, мүрөк суудай толкуду. Өр таянган өмүрлөрдүн кумарын, Кайрып жанат жан кумарлуу шоокуму. Беттешкендин беделдерин сындырган Комуз күүсү, кыл кыягы сызылган. Кан-жаныңдын толтоосунан жаралып, Кайрат күчтү тартуулаган музыкаң. ЖАЛГЫЗДЫК ӨКолунан көөрү төгүлгөн Гүлай кызгаӨ Жалгыздык мага бүгүн дүңүн ачты, Жалбырак саргайыңкы бүрүн чачты Жүрөгүм тилингенсийт ичтен кайнап, Жибитпей жалын курак менден качты. Жалгыздык каным менен бирге болуп, Жүрүпмүн өмүр жолун иргеп жоруп. Жанымда жүргөн достор кетет экен. Жашоомду ажал мерес келет тооруп Таарынып өткөнүмө манчыркаймбы? Тагдырым жүрбөй калса жанчыламбы? Жок окурман жүрөгүм бар, жашоо берген Өмүр гүлү азоо экен камчыланчу. АЛТЫ САНЫ АМАНДЫГЫ ЧОҢ БАКЫТ Баспай калды жандай сүйгөн кулуну Жаздым дебей сыйлачу эле улууну Кай жеринен жазып койду Кудайга Тапкан пайда, сый - урматы ушубу? Улам карап чоңойгондо баласы Каптап келет кайгы менен санаасы. Зирилдетип өзөк өрттөйт жара көп Муун-жүлүндөн жаралгансып чаласы. Эне жүрөк бырча-бырча тилинет Көргөн сайын азап-тозок билинет Алты сандын амандыгы чоң бакыт Кайгы - муңдар жүрөгүнө илинет. АЙТЫҢАР МААРЕК БОЛСУН Келе жатат илгеркиден озгону Куттукташып ылым санап достору Кайсы үйгө баш бакпагын бурадар, Ооз ачырып ак пейилде тоскону. Кыздар калды ийменишип улуудан, Балдар жүрөт накта атадан туулган. Ишке ийги жаштар чыкса кубаныч, Кыргызымдан кыраан чыгып туулган. Орозобуз отуз күндө токтолот, Ар-бир үйдө кубанычтуу той болот. Жарамазан айтып ырдап жаш балдар, Эшик кагып, колун кармап шоктонот. Кутту болсун калың Кыргыз тоюңар Улуу болсун дүйнө элинен оюңар. Кудай чачып ырыскыны жалпыга Кылым жанып, ишке ийги болуңар. АКАЕВДИ МАКТАГАН АЛИК АКИМАЛИЕВГЕ КАЙРЫЛУУ Кыргызга башчы болуш кыйын дедиң Кыйкырып башчыбыздын камын жедиң Кызыкка бармак болдуң Алик бала Кырына чыга албаган ашып белдин Туусунда ырларындын жалганы жок Мактоонун ширин сөзү калганы жок Жардылар ишсиз жүрөт, жардам сурайт Жарытылуу тыйын-тыпыр алганы жок Миллион - миллиарддарды чоңдор жешет Калдыгы калган элге калаар дешет Чет элде эдиреңдеп жүргөнү үчүн Биздеги кымбатчылык курсак тешет Мен деле өз элимди жактап ырдайм, Кутмандуу өз жеримди жактап ырдайм. Чыйылдап чыт курсактар тойбой турса, Анан не ажобузду мактап ырдайм. Болбосо да күнөөсү ашып ташкан, Болгон чыгаар мүнөзү жумшак ашкан. Бишкек шаары "жалпыбыздын үйүбүз"-деп, Жол берип, кучагына койнун ачкан. ТАҢ СУПАСЫ ТӨГҮЛДҮ Жаркырап ай чыкты чыгыш жактан, Түндө эле батыш жактан балбылдаган Таң супасы төгүлүп көрүнгөнсүйт, Аппак түстүү күн чыгып келе жаткан. Жаш кумар тарайлекте оюн салыш. Таң супасы көрүнгөнсүйт аппак чалыш. Кумары таркасынчы, коё турчу. Уят ко көз ирмемде чыга калыш. Ал кумар күн чыкканда тарабайбы. Берилип айлананы карабайбы. Жаркыраган чолпонду басып чыкты, Күн нуру бакыт берди, каалабайбы. Таң супасы асмандан көрүнгөндө. Там-туң баскан бала да тура келди. Жашыл чөп, жан-жаныбар адам дебей, Жарыгын жер үстүнө бирдей берди. Төгүлө бер ырыскы, төгүлө бер, Таалайлуу жан бул таңдан ырыскы алсын. Теребел бейкут жаткан жанданышып, Шооласы күн нурунан жагалдансын. ЖАН ДҮЙНӨГӨ ТҮШӨТ АЗАП Мезгилдин добулуна кабылбагын Жарыңдан бөлөктөргө жаңылбагын. Турмушту байкабасаң, элеп коёт, Кайрылгыс таттуу күнгө таарынбагын. Сүйүүгө жетсең эгер канат жасап, Биринен бирине өтсөң каалап жашап, Баары бир бактысызсың, айдай сулуу, Байкагын жан дүйнөңө түшөт азап. Ар жерде сагаалаган сойку болсоң, Намысты четке кагып, жойпу болсоң. Апаппак ак сүйүүңдөн айрыласың, Ар жерден келген элдин тарпы болсоң. Укпайт деп жарты үндө шыбырагын, Караңгы түн жамынып кыбырагын. Асманда жылдыз менен ай турганда, Актык жок чебеленип тыбырагын. Келечек сага жана ага конуш, Эркекке жукпайт, парзым айтып коюш. Колун булгап кор тутуп баса берет, Эркектин канында бар төрө болуш. ДИРИЛДЕГЕН СЕЗИМДЕР (обондуу ыр) Перизат сени издедим, Жалжалымсың назик жибектей. Дирилдеп мени имердиң, Саамайларың жазгы шибердей. Кумарланган таттуу махабат, Тамырымдан жибип таралат. Кайырма: Балбылдаган көзүң албырып, Багыштаган сөзүм табылып. Эргитесиң жүрөгүмдү,сен Куйкаландым өзүм кабылып. Күлгүндөй жаштык мезгилин, Барктайлы кутун кетирбей. Дирилдейт жаштык сезимим, Өркүндөйт учкун мезгилдей Мээримге көнгөн жүрөгүм Сагынтат жүрөк эзгендей Кайырма: Балбылдаган көзүң албырып, Багыштаган сөзүм табылып Эргитесиң жүрөгүмдү сен Куйкаландым өзүм кабылып. АКАКТАЙ АРУУЛУК (обондуу ыр) Махабат тутанат күнүм оттой, Башканы издебедим Кырчындай аздектеп сүйүүм чоктой, Тагдырга бирге келдим. Аруулук акактай гүлүн топтой Соолубас түрүн бердим, Өзүңдү сүйүп пендеде жоктой, Туруктуу бүрүн тердим. Кайырма: Махабат сезим отторун Өзүңдөн күтүп келдим. Тутантып жашоо чокторун, Күлмүңдөп жайнай бердиң Мезгилдин добулун бирге кагып, Зиректеш болушалы Чегедек талынан бирге жагып, Томкоруп тоо ашалы. Ак-сарай конушун бирге салып. Түбөлүк жанашалы. Өмүрлүк жүрөктү бирге багып, Музыка созушалы. Кайырма: Махабат сезим отторун, Өзүңдөн күтүп келдим. Тутанып жашоо чокторун, Жарпылдап чыга келдиң. СЕЗИМ ТУНУК Шаарда тегиз эл жата элек, санаа, оюм бөлүнөт, Жылдыз нурун бизден катып, батып кеткен өңдөнөт. Бирге басып араладык, эркин тоонун бак шагын, Өктөм калган өткөн күндүн кумар күүсү төгүлөт. Тентек сезим аралады оргуштатып каныңды, Үлбүрчүдөй аппак булут, шейшеп болуп жамынды. Аба муздак бир аз турдук, жүр кетели дегенде, Кабагыңдан карыш барыш майда болуп чабылды. Сезим тунук, булгана элек, мөлтүр тунук мүрөктөй, Өмүр гүлүн аздектеген жаңы кошкон жүрөктөй. Учурашат салкын соккон жел сезимди аралап, Каректерге орноп калды жансыз түшкөн сүрөттөй БАТКЕНДЕГИ КУРМАН БОЛГОН БАЛДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ Энелердин жүрөктөрү бырча-бырча тилинген, Эрдиктериң эбегейсиз барчын куштай билинген. Алааматта кайып кеткен айланайын жаш балдар, Түбөлүктүү унутпоого жүрөккө туу илинген. Аруу тунук сезимиңер кирдебестен кеттиңер, Элди коргоп кан майданга сүрдөбөстөн жеттиңер. Ээн жердин жорулары канды суудай агызаар, Келбес жайды баатырларым үндөбөстөн сездиңер. Балапандар эне сүтү али ооздон кете элек, Балалыктын мас кыялы каныңардан өчө элек. Кыргызымдын эстен кеткис шейит кеткен балдары, Душман азыр силер баскан чек арадан өтө элек. Назиксиңер кубулжуган мукам үнгө тойбогон, Боздосок да кырчындарды жарык күнгө койбогон. Кулундарым көздөн тамган бир тамчыдан нур жанат, Түбөлүккө элиң оройт жыттуу гүлгө соолбогон. ХЕДОНУ КҮТКӨНДӨЙ КҮТҮҮ Бүгүн сен баркыбызды билбей калсаң Эртеңки күн жүрөгүңө илбей калсаң Анда биз эмнелерди эскирмекпиз Рух дүйнөңдү алоолонтуп жагалбасаң Сезимдерди теребелге тепсебегин, Алтынды көктөн, жерден издебегин. Сен менен таттуу күндөр чогуу болот, Суранабыз бөлөк жанды тиктебегин. Арзышуу улуу - кичүү арткан экен, Кайрылбай өткөн өмүр калган бекен. Арасында ай менен күн жаралгандай?.. БУЗУЛБАСЫН КЫЯЛДАР Саламдаш жайдар карап суйсалбастан Дүйнөдөн жаркылдап өт кыйналбастан. Кыялын бузба анын жоодураган, Шашпагын, отур өзүң жыйналбастан Чатактуу адамдардан абайлагын Чырылдап баса калат өз байлыгын Чырдашып качып кетсең туура болот, Билбеске кабылбагын, жалтайлагын Коңшуңдун асылдыгын билип жүргүн, Колуңдан келсе он маал ага жүгүн. Кыйналып турган маалда керек болот, Көтөргүн башындагы оор жүгүн. КҮЛҮКТӨР Ээси менен чапкан күлүк канатташ, Чаап калды тулпарларга талапташ. Чыйырыккандай демин тарта жүгүрдү, Артта калды аш бышымча жанашпас. Таң супадан ат суутуп чалган кезде, Башындагы ноктолугун алган кезде. Көз тийиптир окуранды бир аз аксап, Көп күлүктүн арасында калган кезде. Тулпардын туяктарын сезээр элем. Мааракеде нечен жолу безээр элең. Саяпкериң тегеренип сыздап турат, Дарманыңдын жеткен чеги ушул белем. Анык тулпар тулпарлыгын билгизгени, Аз калганда арыштарын тирилткени. Чаңы чыгып суурулуп эң алдыга, Чыга келип бир топ жанды күйгүзгөнү. ӨКҮНҮЧ Жүз грамм сатып бер деп жалдырады, Кан-сөлсүз буту-колу калтырады. Аттиңай кеп айтышат жигит эле, Акылы кайда кетип балдырады. Жүрөгүн оорутпадым алып-бердим? Аярлап бир азыраак суроо тердим? Аваке айтыңызчы капа болбой, Үй-бүлөң кайда калды, кайдан?- дедим. -Карындаш сурап калдың мен айтайын Ичтеги болгонумду эч катпайын Аялым өтүп кеткен бул дүйнөдөн Шалдырап өтөт күнүм таң атмайын. Кызым бар ичсең үйгө кирбегин дейт Уулум бар жыйган малга тийбегин дейт. Келиним баралында сыйлачу эле, Керкейип тамак бербейт кирдедиң дейт. "Сыр-Аяктын сыры кетет, сыны кетпейт" Карынын улгайганда кыры кетет. Авайлап оорду менен ичсе эмине Ансыз да башындагы чыры жетет. ЖАЗМАКЕРДИН АЙТКАНЫ... Кимдер кандай түшүнүшөт билбеймин, Жазмакермин жаман сөздү илбеймин . Жаза албаса учур чакты көркөмдөп, Калем сапты колго алганды ким деймин... Ширин сүйүү Омор Хаям айткандай, Таң чолпону ырахаттуу баткандай. Тунук жанган кереметтер жазылат, Элим окуп таңы жаңы аткандай. КАНДЫН ДЕЛЕ ТАТЫМ ТУЗУ КЕМ БОЛГОН Жашоо жолун адам нукка салууга, Күчү жетет өмүр жолун табууга. Казан, табак, май көл, сүт көл болсочу. Өмүр улап бейкут жашап калууга. Таалайларда дайым ырыс чачырайт, Таң чолпону күн-түн дебей асырайт. Тили сайрап, үнү кайнап турганда, Тике чыккан тикенектер качырайт! Бизден кийин чыккан муунду сатпагын, Билгениңди жүрөгүңө катпагын. Убакытысын үнөмдөгөн зор болот, Үйдө бекер алма быш деп жатпагын. Келечекте из калтырган адам бол, Туңгуюктун аттаар чеги-кадам жол. Чагылгандай чартылдаган, жайнаган Турмуш - күрөш деген акын аман бол! Ичээр сууну өмүр шарап жөнүндө, Омар Хаям жазгандары көңүлдө. Убакытты уттурба дейт акындар, Айткан оюн жаратып көр өңүндө. Мына-ана дегичекти жел сызат, Канат керген өмүр жолун сел кысат. Кандын деле, татым тузу кем болгон, Кайдыгерлик муундурат, бел кысат. ЖҮРӨККӨ ТАКТЫ ИЛБЕЙЛИ Көз кумарлуу ыйык өткөн көп жолдор, Көөнөрбөгөн чийин чийет ак колдор. Тагдыр жолу жомоктордон жаралган, Бир кудайдан тилек тиле жолду оңдоор. Бирге жашап кайгы-муңду бөлбөстөн, Жашоо супсак ылгай жаша өлбөстөн. Кадырлуу бол, ден- соолукту аягын, Азап - муңду кудай ылгап көргөзгөн. Өмүрлөрдө түптүз жолду басалы, Ак-караны ылгап алтын казалы. Тирүү жүрүп айбан эле дегиче, Алтын башка илим -билим жазалы. Саамайлардын салкын соккон желдери, Санаалардын жанды кыйнайт чеңгели. Сабыркабай сезе жүрсөк болгону, Сапырылган жалбыракты жердеги. САНАА ЖАМАН Караңгыдан бир күнкү жарык артык, Терилерден коёндун териси артык. Тата албасаң бу жашоонун кумарын, Оо дүйнөгө сапар кеткен жолдор артык Сабырдын токтомдуулук жолу артык Врачтын дарыгерлик колу артык Ажал жетпей, күнүң бүтпөй өмүр берсе Гүлдөтүп жарык күндө жашоо артык. Сандалып эл ичинде баскан жаман, Санааңда жатып алтын казган жаман. Колуңдан келбегенге тырмышам деп, Саргарып сары ойдо жаткан жаман. Тирүүлүк - бул жашооңдун өмүр гүлү, Тирүүңдө каскын билим күнү-түнү. Үзүрүн көрөөрүң чын ак жашоодон, Жарк этип чыга келет күндүн-күнү. СҮЙҮҮ Көз караштан жүрөгүңдү тандап ал Өмүр таттуу сүйүү менен арбап ал Турмуш татаал азабына көнө бил, Махабатсыз жашоо айтчы кайда бар? Көңүл кушу учуп кеткен жел болот, Адам руху табылбаган кен болот. Бал татыган махабатка оронсоң, Бүт өмүрүң кереметтүү кең болот. Жоготкондо жүрөктөгү сүйүүнү Токтоно албай бурганактап жүгүрүү. Аярлабай ак - молдого асылат, Табылчудай, чечилчүдөй түйүнү Мезгил болот унуткарган дарысы Токтоп калбайт жүрөгүңдөн кагышы Ишенимдер кайтып калат өзөктөн, Кайталангыс оор сүйүүнүн жагы ушу АК-ТАЛАА Ак-Талаанын ачык түстүү жерлери, Аппак адыр, топурагы, белдери. Куйкум сөздү курабаган калкы жок Кубулжутуп тунук ырдайт элдери Акындардын жан дүйнөсү бир башка Байымбеттин куржунунан бар жашта Борбор шаарда эмгектенип жүрүшөт, Билим менен сугарылган ар башка Киндик каным тамчылаган жериме, Тилейм ырыс түптүү, журттуу элиме Ырым арнап Ак-Талаама алыстан Жашап келем жаным менен бериле АРАККА ТЕРМЕ Жандуулардын арасынан табасың, Жаны жоктун жүрөк үшүн аласың. Жалбырттатып жан алакет кетирип, Жакшы-жаман келекеге чаласың. Катар-катар тизилсе да чучуктар, Карабайсың бир араксыз кызытаар. Койкоңдогон шишелердин сулуусу, Көркүн ачкан адамзатты арактар. Арак, арак дайым сенин жүрүшүң, Өзүң үчүн жыргал өмүр сүрүшүң. Макулуктар күркүрөшөт дем алып. Уят арак, элди азгырып турушуң. Кепке-сөзгө келбей кээде тайраңдап. Кесир сүйлөп антип-минтип сайрандап. Кадыр-баркты төмөндөтүп саласың. Бир жылдыгын бир күн ичип сайрандап. СҮЙҮҮ Сүйүү сырын аздектейин айтайын, Аял сырын жүрөгүмө катпайын. Кучак жайгын төрөң үйгө киргенде, Наздуу карап, наздуу тарткын ан сайын. Үрүл-бүрүл таңдын жолун тоскунун, Чачты тарап анан колду созгунуң. Таттуу ширин сыйлашуудан жадабай, Андан мурун, андан күчтүү толкугун. Баардык түйшүк түшсө дагы үстүңө, Эрдик жасап күйөөңөргө түткүлө. Ажырашып, таба албайсың мыктысын, Түбөлүктүү өлбөс жашоо күткүлө. ЫР САБЫНДА ТОЛГОНУУ Түйшөлгөндө түйшүк тартып сезденип Түркүн ойдун кучагында кезденип Тар турмушуң тыным бербей жаныңа, Томолонуп, катуу болуп, безденип. Айтуу кыйын заман жаңы дегенге, Көнгөн элек, электенген беленге. Чыйыр салган Ата-Баба элесин, Сезип алгын кыйын болсоң элиңде. Турмуш - күрөш, балталаба жолуңду, Туруктуу бол, жыя билгин оюңду. Табихаттан ала билгин дээр элем Таттуу берген суна билгин колуңду Ойгонууга аракеттен уйкуңдан, Жол бербегин алга кетсе жулкунган. Теңдик бар го, колуңдагы бакытты, Тарттырбагын ченебеске булкунган. Таштан жасап чыны идиш чөйчөктү, Куттан төгүп көчөлөрдү көйкөлттү. Мунусуна рахмат деп айтабыз, Бирок чиркин көргүлүктү көрсөттү. Бир жатындан чыккан Кыргыз эл элек, Майдаланып жем болбосок дээр элек. Майнаптуулук колубузда турбайбы, Мансап тийген мыкчыгерлер не демек?.. Акча менен турмуш иши айкалып, Бара атабыз билинбестен тапталып. Жолун билбей айрым жашоо эсебин, Алданабыз, алаңдайбыз сактанып. Абалтадан Кыргыз баатыр эл болгон, Алтай, Кытай манжуларга тең болгон. Катылгандын канаттарын кайырып, Чалкып жаткан төр жайлоосу кең болгон. Бүлбүлдөгөн өмүрлөрдүн агымы Дарттуу илдетке табылбаган жагыбы? Көр тирликте өткөн өмүр шооласы, Балбылдатып табы урсун жалындуу Адамдарга ак пейилден ак тутул, Бул дүйнөнүн парызынан ак кутул Өксүтпөгүн өмүрлөрдүн арышын Өбөктөбөй талап менен алга умтул Өмүр гүлү улам тамган тамчыбы? Тай күлүккө чабылбаган камчыбы? Кылдыраган тетиктери эскирсе Өмүр өчөт, жалбырттатпай салчубу? Өкүнбөгүн жайың ушул билгиниң, Оо дүйнөгө даярдыктуу жүргүнүң. Акылыңды азаптарга коротпо, Мээрим менен сулууларды сүйгүнүң Козголбосо коротпогун дилиңди Жүрөк ооруйт келтирбегин жиниңди Аздек менен гүл ордуна соруп кой, Бал татыган ай чырайлуу пириңди Мүңкүрөбө болоор-болбос нерсеге, Муунуң бошоп карып кетпе тез эле. Бала бактың, өз жайына тим койгун, Мээси барлар өсүп чыгат тез эле. Жан билигиң дайым турсун жагылып, Жан чиркинди ала албайсың карыздап. Ак тилекте тилеп жүрсөң дайыма, Алоолонот кечпи-эртеби балбылдап Тазалыкта жүрсөң дайым аздегим, Жүрөк толкуп сүйлөп сөздүн кезегин. Жалын чачкан мезгилиңди булгаба, Эске туткун өкүнүчкө кетериң. Адамдардын баары бирдей билгенге, Жүрөк сүйөт көңүл кушун илгенде. Тартынчыктап жүрөк сүйбөй кабылсаң, Таарынтпагын сыйда коштоп сүйгөнгө. Көңүл кирдеп оргуштаса каныңда, Кейип турсаң айла таппай жаныңда. Шондо дагы милдет койбо башкага, Байкап билгин кимдер турат алыңда. Бирге жүргөн досторуңдан кызганба, Алыстагын бакыт сенден сызганда. Көр-тирликке алдырбагын дилиңди, Аракеттен тазалыкта учканга. Коротпо суу, сүйбөгөнгө сүйкөнбө, Сырдуу дүйнө эч билинбейт бүркөлбө. Көңүл кушу маңдай жарган таш экен, Өкүнүшөт убакыттар өткөндө. Бул жашоодо тай-туяктай тебишкин, Торунан кач өмүр бою эзиштин. Жиги кетет тарам-тарам ыдырап, Баш кошкон соң эмне керек жериштин. Жакындаса өлүм мага аз кома Жетишпейм деп коркуп кетем жазганга Жакшы адам өлүм менен кармашат Деген сөзүм чыгат белем жалганга. Пардасына жашынаарда өлүмдүн Чыгарбагын жакшы-жаман көңүлдөн Азап-тозок болсо дагы кайгырба Кечире бил кача албайсың өлүмдөн.. Ырыс-кешик ынтымактуу болууда, Өр-таянган жашоолордун жолунда. Кайдыгерлик араласа каныңды, Аракеттен кемчиликти жоюуга. Баскан аяк жеңил-желпи шилтенсин, Бар күчүңдү көргөзө жүр иштелсин. Өкүм менен өлүм тогоп турса да, Өмүр жолун ыйык тутаар ишкерсиң. Кан дегениң ал аруулуу сезимдин, Кан дегениң ал башчысы элиңдин. Каның менен кошо жазсаң ырларды, Кармап калем жүрөгүңдүн ээсисиң. Жаратылыш жашооңордун азыгы, Жашап турган тамдын кетсе асылы. Макулукча жүрө бериш уят иш, Жансыз нерсе алардын не жазыгы. Илим-билим тереңдигин ачкандар, Билим керек жашообузда пайгамбар. Асман нуру жамгыр менен нурданат, Элин сыйлап ыйык китеп жазгандар. Топурагын өзүң өскөн чөйрөнүн, Жытын жыттап, даамын сезсең өскөнүң. Тебелетип өз жериңе ээ болбой, Тентип кетсең, андан көрө өлгөнүң. Ырас чыны жер шарында жерлер көп, Чагылгандай боло бербейт көңүл төп. Туулган жердин топурагы толо алтын. Ултан болуп жашаш керек кетпей көөп. Адамдарга уйку менен жан таттуу. Ачка калыш ал эмгексиз кур жатуу Бөөдө кырсык кесепеттен сактангын Аңдоосуздан басып алган жол катуу. Чааптыр десе жоругуна багынып Чал-кемпирдин акылына жалынып Чалкалашып далай ашуу ашышкан Чындык менен өр таянып кагылып. Чүрпөм десе жүрөгүнөн жалынып Миң кыялдын пардасына жамынып Өтүп кеткен өз жашосун көп ойлойт Өктөм сүйлөп кээде айнытат карылык. Куйкум сөздүн кыялында уча бил Кубандырып адамдарды жашай бил Дүйнө сага упа болуп бербесин Кыялыңа, жүрөгүңө сыза бил Пайдаң тийсин башын жетсе булутка Жерде жүргөн адамзатты унутпа Аралашып алар менен бирдей бол Жөнөкөйлүк адам үчүн улук да. Саар санап саргайбагын пендесиң, Кудай туйсун сага бакыт берээрин. Күрүлдөгөн агымы күч дайрадай, Күтүлбөстөн бир күн жарк деп келээрин. Эл байысын анда болот байлыгың, Эл жыргасын анда толот сандыгың. Сан ойлорду тизмектөөгө үлгүрбөй, Ашып-ташып турат менин алтыным. Күнүгө кандай таңдын атаарына, Күбө болуп эрте тургун таң заарында. Кыдырып бөлөт экен ырыскыны, Кур калба, элдин тургун катарына. Суу болуп каржалбагын акыл болсо. Сезимди кармап калаар акын болсо. Тирүүлүк дайым жанат канатында, Түбөлүктүү жем жеген акыр болсо, Буюгуп туюктардын арасында, Калсаң да өчпөс ойдун санаасында. Кечикпей терең ойлоп чече билгин, Өлүмдүн жакын калаар пардасында. Айта алмак эстүү адам жашоо жайын, Сагаалап өлүм турат кадам сайын. Ажалга баш ийбеске чара да жок Тирүүлүктү сезбей туруп ал кандайын. Жашайм дейт бакыт менен күндөй күлүп, Жашоонун жигин билбейт желдей күлүк. Кош жылдыздай гүл жыттанып чыга келсе, Өтөт өмүр кырчын жашың жүрөк сүйүп. Кыйналып арабаңды кылдыратып, Кысымы кусалыктын шылдыратып. Кең дүйнө кеңдигинен чыдай берет, Кээ күнү турмуш өзү жалдыратып. Күркүрөп күйүт оту тутанганда, Каршы чыгып өсөт адам бутактана. Айрымдар таза тунук жашоо кечет, Эс алып мөлтүр аккан булактарда. Акынмын анча деле бийик эмес, Алыстан элес берет бийик белес. Күч барда жазып алсам ак кагазга, Тарыхка калтыраармын өчпөс элес. Эшигим дайым менин ачык болот, Ыр окуп кагаздарым чачык болот. Кичине үйдүн ичи шаңга толуп, Маанайын адамдардын ачып коет. Эл берет, элге берем ырыскымды, Сапырып төгүп чачам сан ырымды. Кыргызда кыраан чыккан акындар көп, Төгөйүн колдон келген жан сырымды. Мезгилдин түрмөктөлгөн кырдаалында, Кара булут каптабасын жыргаарымда. Өзгөрүлбөй пейли таза адам болсо, Өзүңдүн жашап жаткан заманында. Нени айтып терең кеттим окурманым, Жалындан бүткөн менин асыл жаным. Ыр менен көрө билдим турмуш жолун, Эл үчүн кызмат өтөйт жалгыз жаным. Аттаарда үйдөн бутту биринчи ирет, Аңтаргын жан дүйнөңдү нелер кирет. Өрт болуп өкүм жүргөн кыялдарга Өзөктүү дарт аралаш сөздөр тийет. Бир жерде той тамаша оюн-күлкү, Бир жерде ачкачылык өмүр сүрүү. Кайгырып канатыңды керсең деле, Кайрылбай кетти окшойт күндүн күнү. Айрымдардын куураганын сездиң бекен, Самсаалап ачка күндү кечтиң бекен Ак эмгектен ара жолдо калып кейип, Капчыгың толбой күнүң өттү бекен. Кыдырып кыйла элди карап көрчү, Кыйындыктын мүдөөсүнө жарап көрчү. Чагылгандын учкунунан от жандырып, Аалам берген таза үндө күндө өрчү. Мезгилинде үлпүлдөгөн улуу болгун, Менменсинип өнөгүңдөн сулуу болгун. Минут саат белгиленген чекке жетип, Бааланган баркка, сынга шондо толгун. Кыйкырып кырдан туруп үндү салгын, Кырмызы кычыраган кийим алгын Көөдөндө өргүбөсө акыл эсиң, Кыйналбай илгеркинин тилин алгын Пул күтпө пулдай болгон досуң жүрсүн, Ырларың эл ичинде өмүр сүрсүн, Кыргыздын атын чыгар, даңкын чыгар, Тарыхта өлбөс болуп атың жүрсүн. Бирөөгө касташаардан мурун ойлон, Ал адам кандай адам тогуз толгон. Зак кетип, аброюн бузуп алсаң, Окшошот какыр чөлдө суусап соолгон Курч мүнөз тайбас адам таяк көп жейт Өлбүрөп бош болсоң, өзөк өрттөйт. Түрдүү кеп, каңырышты уга берсең Мезгилден уттурганың эстен кетпейт. Теңтушка жоорап маарап кепти кошкун, Өзүңдөн бийик кетип алга озсун. Кеп билбеске кейиште кеп айтпагын, Сезип туруп сезиминин боосу бошун. Түптүүдөн маанилүүсүн айтып күлгүн, Түстүүдөн түбөлүктүү күтүп жүргүн. Таңы атат ал адамдын багы ачылат, Таалайлуу экендигин түшүндүргүн. Түшүнсөң мезгилиңден билим алгын. Турмуштун тереңдигин билип алгын. Таалайыңа бүткөн жарык үй - бүлөңдү, Таарынтпай терең баалап сүйүп алгын. Өлбөстүн суусун сепсең турат дебе, Көк мелжиген Мунараны курат дебе. Андай эмес жашоо жолу акты кара Өзгөртүп өмүр жолун бурат дебе. Таттуу кыял учкул сезим канат менен, Таң заардан ырларыма жашоо берем. Түрмөктөлгөн түйүндүү учуктарын, Түйүндөрүн чечмелеп курап келем. Өмүргө тойгон барбы айткылачы? Өксүсө толгон барбы айткылачы? Ырымда мындай деп айтаар элем, Дени сак акыл менен жашаганды. Күн-күнгө алмаштыргыс минут келет, Кадырын тирүү жандын билиш керек. Азаптан минут санап кайгы жебей, Убайымсыз жашоону жашаш керек. Чекеге эмне чийсе көрөт деген, Чиймелеген тагдырга көнөт белем. Чабалдын чабалдыгын билгизбейби, Чарчоодон кесел болуп өлөт деген. Уусунан жыландардын сактанаарсың, Адам болсоң түз жолго аттанаарсың. Ак жолдо тайгаланбай шыдыр кетсең Журт алдында жүзүң жарык актанаарсың Эңсеген ажайып жай нечен болот, Баатыр чепте, тойдо ырчы чечен болот. Баардык жерде барк баасын сактабаса, Чүрүшүп элден качып бечел болот Эңишке түшөөрүң бил намыс үчүн Эзелки кегиң эмес калыс түшүн Туйгуңдун туйгундугун шондо сынайт, Тарыхка мактап ырдап жазыш үчүн. Адамдар кем жаралбайт жаралганда, Бапестен убагында сактаганда. Орду толбос кайгылар болбос эле, Ак бешиктен аман эсен аттанганда. Маанилүү жерлер болот аралашаар, Маңызын турмуш даамын кошо тартаар. Билимдүүмүн деген кээ бир жолдош, Билимге шек келтирип оозун ачаар. Көчөдө көп жан жүрөт колун жайып, Булуң бурчта жаштар жүрөт төшүн ачып. Алардын бир күнөөсү түшүнүк кем Нукка түшүп, көнүп калган, мына айып Ууру кылса адам үчүн күнөө болот, Ушак айткан тозок үйгө түнөк болот. Акыл менен таразалап карап көрчү, Алар деле дили таза бирөө болот. Дүнүйө мүлк адамды сокур кылат, Чени менен жашаган алга чыгат. Чаалыкпай тынымы жок эмгектенсең, Ал адамдын жашоосу кылым жылат. Пулум жок деп жалдырап түз кубулбай, Пулдуунун колунан пулун жулбай. Аракеттен ар күнү, жүзүңдү жууп, Кудай берет адамдарга акча суудай. Салмактап даражаңды сезе билгин, Өз алыңа жараша безе билгин. Сары ооз балапанча оозуңду ачпай, Сага келген бакытты кармай билгин. Адамга ырыс келет төрт мезгилде, Биринчиси сен балапан он сегизде. Экинчиси солкулдаган жыйырма беш жаш, Үчүнчүсү үй-бүлөлүү кырктан кийин, Төртүнчүсү төрт тарабың шай келгенде. Алтымыштан ашкан кезде даана бакыт, Азаптардын каймагын калпып татып. Балпайган чал байбиче төрдө отурса, Бапестеген балдарына бакыт айтып. Кайгыны кайсы убакта десем болот, Майып болсо балдары сезсең болот. Көргөн сайын зар какшап Ата-энеси, Бактысы колдон учкан десе болот. Кайгыны кайсы убакта десем болот, Заар кесел тор артына кеткен болот. Салмактап бакыт дөөлөт күтө албаган, Пенденин арасында нечен болот. Адамдын алты саны аман болсун, Түбөлүк өмүрлөргө бакыт консун. Тирүүлүк күнүн, бийик билип алгын, Пенделердин телегейи тегиз толсун. Ушул ырым канаттары кайрылганда, Ушул ырым талаптардан айрылганда. Демөөрү болсо экен деп эңсеп келем, Санаага батып, өңдүн саргайганда. ЧЫНДЫК Чыркыраган чындык үчүн от жанат, Чырылдаган балдар үнү миң санат. Чайкоочунун чайы кунун кууйт белем, Чарчоо менен мээ чарага кан тамат. Чыркыраган чындык менен ким жашайт? Ак эмгектен май каймакты ким ашайт? Мезгил дейбиз, күнөө болот, бурадар, Эстүү-баштуу элдин жолун түз баштайт. Чыркыраган чындык үчүн от жанат, Уча аласың минсең тулпар ок канат Элиң турса кабыргасы кайышып Алдым-жуттум заманы бул ким танат. Чыркыраган чындык менен жүрбөгөн Өз доорунда бейпил өмүр сүрбөгөн. Кеч болсо да бир жеринен тешилип, Жашоо бербейт өмүр бою күрмөгөн. Чындык! чындык! Кыйын зарыл билишсин, Чындык үчүн туусун дайым илишсин. Баардык жерде баш кошушкан үй-бүлөө, Чын дилинен бактылуу өмүр сүрүшсүн. АБДЫРАХИМ ЭЛЕБЕСОВГО Көкүрөк көөдөнүңдү таза карма, Көп түкүрөт көл ичине башың салба, Ийгилик өзү келет Кудай жалгап, Ичи ооруган пендеден буюм алба, Айткандарым акыл эмес, каалоо болот, Замандашсың Кудайымдын өзү жалга. Кыргыздын кыйла жерин бассаң дагы, Кырларын бел-белесин ашсаң дагы, Жөнөкөй улуулуктун туткунуна, Камалып жан дүйнөңдү казсаң дагы, Адамдык тамчы мөлтүр агып турат Акыйкат кучагында жатсаң дагы. Мен-менсиген азамат аткара албас, Жашоонун нугун чечип талпына албас, Дайрадай тереңдигиң көлкүп жатат, Түз жолду куруп салдың кайталанбас, Эмгегиң эрдигиңдин сөзү тирүү, Кай бирлер ишти жасайт пайдаланбас, Сезимиң терең жанган жан белемсиң, Иш иштейсиң кай бирлер аткарылбас. Сүрмө топ катмарынан оттой жанып, Суурулуп чыга келдиң чоктой жанып. Демөөрчү болгонуңа алкыш айтам, Акындык дараметти жамай салып. Миң күнкү өмүрүңдүн күнү калпып, Маанайга изди салсаң гүлдү тартып. Ар таңда эрте туруп камданамын, Ар-кимге баргым келет ырыс артып. Колумда барым болсо бермек элем, ҮЙ-бүлөөңө аппак чыккан таңын артып. Кыргыздын эр жаралган сен кулуну, Ыр коштоп ден-соолукта болсун жаның. Шашылган шамал жолун тороп өткүн, Шашылбай акыл изин тарап өткүн, Он күнкү жашап кеткен күн ичинен, Жүрөккө жакын күнүн санап өткүн. Өзөктү өрттөй турган күндөрүңдү, Сүйүүнүн курманы деп чанып өткүн. БҮТКӨНДӨЙ ЖАРЫК КҮНДҮН ОТ - ЧОГУНАН ӨАкын Сүйөркул ТургунбаевкеӨ "Жалгыз жан терезенин түбүндөгү, мезгилдин үнүн тыңшап шуулдаган, келгендей жапан жашоо дүйнөсүнөн, бүткөндөй жарык күндүн от-чогунан, тулкунан алп ойлордун илеби уруп Турмуштун чулдуруна кулак салган кыялы аалам бойлоп албууттанган жүрөктө жандай сүйүп асыраган, белгисиз идеялык алыстыктар белгисиз эмоция өчүп жанган". -Жазган ыры акын жанын бийлеп чулгап, далайды ойго салат ийлеп, чубап, дүйнөнү алаканга салган акын. ырында эргүү күчү жалынданат сезимди теребелге тентек учкан, акындын ою терең ырдап турат. Таза ырдын касиетин бийик тутуп, кулакка сырга сымал кадап турат. акындарды өзүнөн бийик кармап, өмүрдү таза сөздөн алат курап. Кары жаш тегеректеп жүрөт жандап закымдап заман менен тең жарышып, таанымал, Кыргыз элге ысмы жагат. Түптүү жан түбү менен болот ко деп замандаш курбулары айтып калат Самаркан сахнасында оттой жанган өрт акын ушул күндө азып барат Шондо да чаалыгуу жок, жанын сабап, отту ыр оттук ташын жанып барат. АСКАР МАКЕШОВГО Бакыт деген ал жашоо,- Баасын билип жарыктын. Бир келген бул өмүрдү, Парасаттуу карыткын. Кандай сонун саптарыңдан дил жанат, Окурмандын жүрөгүңдө миң кабат. Сатиралар, куйкум сөздөр чуурган, Сезимдерди ойготконун ким танат. Бүгүн кечең көптөн күткөн зарыгып, Жүрөгүндө кубаныч бар жаңырып. Мезгил койгон сыноосунан өткөнсүң, Чыга келдиң элден озуп, жарылып. "Көзүңдөн мөлтүр нур жанат , Сөзүңдөн шекер бал тамат" Кыргызстандын майору замнач. УУР жол. Капашов Андрей Айдыковичке Белестин белестерин ашып келген Өз ишине берилип иштеп көнгөн Көркөмдүү, сулуу жигит Андрейге, Чын жүрөктөн эжеси ырын берген Күрпүлдөп дайра менен кошо аккандай, Жандуунун тилин сууруп сөз тапкандай. Канатуу жете албаган чокуларга, Канатсыз сабалап ал бараткандай. Тынчы жок жерде иштеп жүрсө дагы, Кайгырбайт жүзү жарык нур чачкандай. Булуттун арасында калкып өскөн, Башынан түрдүү окуя далай өткөн, Баарына көзү жетип турса дагы, Бийиктигин жөнөкөйлүк басып өткөн. Береке пейли кенен улуу инсан, Бар-жокко кайыл болгон данек өскөн. Кең далы кең көкүрөк байкай алсаң, Элиңе ак эмгекте дайым жансаң. Ийгилигин Кудай таалам өзү берет, Акыйкат ак жолунда түп-түз бассаң. Иштериңдин көзү тирүү элиң байкайт Генерал исмизумга канат каксаң. 50 ЖЫЛДЫК МААРАКЕҢИЗ КУТ БОЛСУН! ӨМҮРАЛИЕВ ЭСЕНГУЛ КАСЫМОВИЧКЕ Улуу инсан бүгүн майрам тоюңуз, Узун болсун, өмүр өткөн жолуңуз. Ушул кырдаал, каары күчтүү заманда Майдаланбай бийик болсун оюңуз. Куттуктаймын бүгүн туулган күнүңүз Бейпил болсун ар-бир өткөн түнүңүз Үй-бүлөөнүн өчпөс таңы, чырагы, Элиң үчүн балбылдаңыз, күйүңүз. Адам деген болоттой бек боло алса, Ар убакта эл көзүнө толо алса, Аалам сизди сыйлабайбы баш ийип, Министрдин баары сиздей боло алса. Өктөмдүк, каны менен кошо жанса, Кудай берген өмүр жолду адам басса, Аракет, иш билгиден ийгиликетр, Чагылгандай чарт этип бийик чачса. Бир жөнөкөй келин сизге ырын курап Ийгилик, каалоо сөзүн сизге сунат Ар дайым ден соолукта болсо экен деп, Ата-баба салты менен ырдап турат. 14-сентябрь 2000-ж. ФАТИМА АБДАЛОВА Жол четинде өңдөн азып гүл турат, өткөндөрдөн жарым ууртам суу сурап... Үмүтү ооруп үзүлчүдөй тамыры, жүрөгүндө жүгүн артып муң турат. Көз жашымды тамчылатсам дарыдай, мүмкүн ал гүл өлбөй калып кулпунат. Өмүр тилеп жансыз менен жандууга, Тике барат өзү теңдүү алдууга... Кырчын өмүр жаш кезеги өтүүдө, Гүл сыяктуу кайра жайнап алууга. Жараткан ырларыңдан сыр тапкандай. Жыргашат окугандар бал таткандай. Кыялың жаш баланын мөлтүр үнү, Жайнайсың бешенеңе таң аткандай. Өзүңдү түшүнбөстөн кызганамын, Угулат мукам үндүү сыздаганың. Жароокер Кыргыз кыздын багын ачкын, Куттуктоо сөз жиберем сызбай алгын. ҮСӨН, ТУУЛГАН КҮНҮҢ КУТТУУ БОЛСУН! Чиркин жаштык билинбестен сабалап Өтүп жатат күн нурунда оболоп Чакырылгам ушул тойго мен дагы Ыр дестенин ала келдим ыроолоп Үсөн менен Күлипанын бактысы Ортосунда кичине кыз ачкычы Жалын жаштык өтсө дагы өкүнбөс Ал экөөнүн ынтымактуу бактысы Өмүр жолуң өксүбөсүн эр жигит, Бар күчүңдү үй-бүлөңө бер жигит. Тагдыр кошкон таалайыңдан баар таап, Махабаттуу таттуу күндү сүр жигит. Нечендердин чечмелерин чече бил, Айбандардын кыяндарын кече бил. Аткарылса эл алдында өз мүдөөң, Мактанбастан баатырдыкты сезе бил. Ай менен күн алып берем дей албайм, Ынтымактуу ырыс кешик күн каалайм. Досторуңдун ырахаты эмеспи, Бир өзүңө, ароматтуу гүл арнайм. Сапырылган шамалдарга жалбырак, Саат минут жүрөктөрдө албырат. Силерге окшош жаштар болсо Кыргызда, Жүрмөк эмес көчө таптап шалдырап. ӨФ.Ш.КУЛОВГОӨ Бир күнкү өмүр гүлүн жыттабасаң Ак мамыкта тынч жатып уктабасаң Жоготуунун баасы канча окурманым? Акыл-эсти ой сандыкка кулптабасаң. Бүркүткө талыбаган канат берген Илгеркилер азаматын сынап көнгөн Ф.Кулов жебей ичпей ак жаралса, Кыргыз элге тоодой, таштай ырыс келген Кек кууган бөлөк-бөтөн жерде болот Эр азамат биздин Кыргыз элде болот Кайрылган канатыңды курчут баатыр, Эки чылбыр бир тизгин сенде болот. КАРМАШУУ Тополоң тос жүрүп жаткан жел колот Удургуган буюктурган сел болот Каары күчтүү каарманды жыккыча Мээң чыңалып, каректерге кан толот Кармашуунун эчен түркүн жагы бар Арылдаган ажаандардын жаагы бар Коркпогондон өзүң корккун бурадар Уу сепкенден коргонсоң да загы бар ЫЙМАНДУУЛУК Үмүтүбүз Алла Таала жараткан, Биз кулубуз айткандардын тараткан. Кыяматтын көпүрөсү бирөө эле, Кудай салган түз жолунан адашкан. Ыйык туткан Куранымда жазылат, Мээримдүүлүк боорукерлик айтылат. Кайталагын Пайгамбардын сүрөөсүн, Мына ошондо билим кени казылат. Ыймандуу бол ырыстуу бол дегени, Сага бийик шыбаганын келгени. Чектен чыгып ыйманыңды жебесең, Жүзү жарык, топук болот жегени. АКЫН ЖАНА ЖУРНАЛИСТ ГҮЛЖАМИЛА ШАКИРОВАГА Тирүүлүктө баалашалы сөз менен, Сөз учкуну терең кимдер эстеген. Ак-Талаанын акын айым чүрөгү, Атуулдар бар камчы салып жетпеген. Сен жайнаган көктөгү бир жылдызсың, Жанып турган шам чырактуу нур кызсың Эчен тасма - тар жолдордон өтө бер Кош жылдызың колун берип пир тутсун. Акын жолу татаал болот билгенге Көз жаздымда татыбайт деп иргелбе Каалаганым Академик сен болсоң Ак-Талаанын сыймыгы эмей эмне? Тирүүлүктө гүл оронуп жүрөлү Ата-энени, жерди-сууну сүйөлү. Акындардын жүрөгүнөн от жанса, Таамай сүйлөп эл кайгысын билели. МҮРӨКТҮҮ ШИНГИЛ Данектен өнүп чыккан чырпык улап Сүйүүнүн тамырынан чыктык курап Себелеп гүл өмүргө ширин тамчы. Мүрөктүн суусундай шиңгил сурап. Ак булут жаздыгынан жазданганда Ак шейшеп пардоосуна жашынганда Бир серпим минутаны чагылдырыш Сүйүүнүн кучагына назданганда. (АЙТЫШ) АМАНТАЙ КУТМАНАЛИЕВ, КАЛИПА ЭСЕНАМАНОВА КАЛИПА: Амандык сурап жай сурап, Амантай иним келиптир. Айтышып көнгөн шумкарым, Айкырып чыгып далайды, Азабын колго бериптир. Айтышам деп жаш бала, Аягы мага келиптир, Кыйланы дайым жеңиптир, Кыйратып далай акынды, Кызыгын колго бериптир, Кыргыздан чыккан чыгаандын, Кезеги мага келиптир, Калыстар туруп кеп айтат, Кана айтышкын деп айтат, Каргадай болгон баланы, Жеңсең тогуз коюлат, Кара козу союлат Жеңе албасаң баланы Бааң төмөн - жоюлат Амантай туруп мактанат Актандын уулу Табылды Тезекти жаман тергизгем Жетээр жери ушул деп Жем издетпей Бишкектен Нарынына жеткизгем Жети өлчөп бир кеспей Жемишин тактап жөн жебей Айтышка чыкты Амантай Комузу жок элеңдей Бирөөнүн сурап комузун Үзүп-үзүп добушун Чегене болуп конушуң Кайран бала соолупсуң Калипа эжең катышкан Бөтөлкө менен оорупсуң Кой иним, айтыш эң кыйын Дегениме көнбөдүң Сөздөрүмдү бөлгөнүң Кол алышып күпүлдөп Каршы чыгып сүйлөдүң Кезекти берсем биринчи Келиштире айткың бар Улуулугум жол бербей Сөз азабын тарткым бар Кыргыз эл угат ырыңды Калпты кошпой айтып ал Керек жерден сен деле Көмкөрүп чаап калпып ал Кыргызга даңкың тараган Кымча бел кыздар караган Кыйын кезең заманда Канча экен сенин таразаң Кыялыңды бузууга Теңтуштар камчы салбаган Канатын керсин Амантай Кайда жүрсө мейли деп Кадырлаш эркин кармаган Таластан чыккан таланттар Таарынтып сени салганбы? Эл жакшысы Эстебес Эсиңден кетпей калганбы? Ээленип жаман тилдедиң Эзилишкен жарыңды Эстебес тартып алганбы? Эселек кезде таптаган Ээликтирип жанына Ээрчиткени жалганбы? Талантты талант сагынат Ташыркаса таарынат Тизе бүгүп сен барсаң Тура калып кучактап Эстебес атаң жалынат Кезектеше келейин Кезекти сага берейин Кээрдүү сөздү чалып көр Көрөңгө сабың калгандыр Кыраан бала айтып көр Каардуу сөзүң жалгандыр Каруум жетсе чалайын Кадырлуу калыс топ күбөө Каргадай болгон баланын Кармап өтүн алайын Жүзүңдү сууга чаяйын Жулунган бала жүзүңдөн Жылмалап биртке аяйын Жумурай журтка таанылган Жибектей болгон баланы Айтышып мөөрөй алайын Эмесе мени билип ал Керектүү жерин илип ал Эсенаман кызымын Ак-Талаа жерин жердеген Ал жерге кимдер келбеген Торгойдой Муса, Калмурат Ыр жактан орун бербеген Тоголок Молдо, Байымбет Алар да баскан жер менен Эл жазуучу Шүкүрбек, ак эмгектен тердеген. Кечээки эле баласың Сени көрдүм мен деген Нукура кыргыз элденмин Баатырлар баскан жерденмин Алты бала өстүрүп Алтооно билим бергенмин Адабият жүзүнө Араңдан зорго келгенмин Эмесе сөздү угайын Кулак түрүп турайын бал тилиңди чача бер Ыр кезегин сунайын АМАНТАЙ КУТМАНАЛИЕВ Оо, кагылайын каран күн Кандай жерге камалдым Калаасына келгем бейм Качаңкы өткөн замандын Кадимки кызы эмеспи Кара жаак Эсенамандын Айланайын каран күн Аска зоого камалдым Мен айлына келген бейм Абалкы өткөн замандын Анык тукуму эмеспи Ак таңдай Эсенамандын? Алла кудай жар болуп Арбагы колдо алардын Таластык болот ал киши Тарыхты билген адаммын Кармашкандар көп болгон соң Кайгырбайм да кубанбайм Айла жок мынча болгон соң Арт жакка тизгин бура албайм Сүйөркул, Черикчи авалар Сүрөшсө чыдап туралбайм Кетенчиктеп коркпоңуз Кекетмек тургай мен сизди Кебез менен уралбайм Киоски көп көчөдө Кирбейт ар ким өзү эле Базарда бар миң киши Бара жаткан алыскы Балыкчыны балыкчы Жазбай тааныйт деп айткан Жанагы макал аныкпы Эсендештик эмесе Ээ, кудай бер береке Энесиндей кишиге Эрегишет дебесе Амандаштык эмесе Аа кудай бер береке Апасындай кишиге Айтышып жатат дебесе Эң биринчи дүйнөгө Не жаралган эжеке? Аял эмес биринчи Эр жаралган эжеке Асмандан соң мынагу Жер жаралган эжеке Алгач тамыры өнүгүп Бутак болот эжеке Ар нерсенин башаты Узак болот эжеке Аа ушак неден жаралган Ушул сиздей аялдан Арак ырас уу болот Ашык ичкен жерлерде Албетте ызы чуу болот Келгин ичкин деп туруп Кеткенден кийин кеп кылып Кээ бирөөлөр куу болот Ууртап койгон экенмин Ушул жерден кеселмин Түндүгүн жерге түшүрүп бул арак Түбүнө жеткен нечендин Ушундан кудай сактасын Урушсаңыз дагы ичпеймин Убадага бекеммин Ырас нечендер менен айтышкам Эстери ооп кайтышкан Эгерде илхом келбесе Эстекең деле байкуш жан Эң алгачкы кароодо Эки күндө акын чыдабай Элүү акын жалпы учкан Ар акын менен айтышкам Акынга шык келбесе Ашыкең деле байкуш жан Алгач айтыш болгондо Аягына чыдабай Алтымыш акын жалпы учкан Алыста калды жеңген күн Актанов тезек терген күн Тарыхта калды жеңген күн Тайырбек тезек терген күн Маалында Майраны Маладец Аман жайлады Муну айтсаңыз чын эже Бирок буруу сөзүң кайдагы Айылына жеткире Кубалаган эмесмин Айланып далай айтыштык Будалаган эмесмин Чындык кепке баш ийбес Чунак адам эмесмин Комуз жок кезде бирөөдөн Сурабаган эмесмин Бирде жигит төө минет Бирде жигит жөө жүрөт Табы жок кезде далайлар Тайсалдай берет дөөдүрөп Аа бирок чынын айтайын Айтышпайбыз ай сайын Бул күндү кантип унутайын Буйрук болбойт күн сайын Жыл жашы улуу адамдар Жыртса да көп көйнөгүн Көңүлүм жок кезде да Көп акындан өйдөмүн Талантмын деп аа бирок Таянбаймын бөйрөгүм Эстебес аке бир кезде Ээрчитип жүрдү эле деп Кадырлаймын сыйлаймын Кайталангыс күн беле Төкмөлөр акем сыяктуу Төрөлө бербейт күндө эле Күндөрдү-күндөр кубалап Жылдарга жылдар уланат Мени, сизди жок кылчу Мезгил чиркин сугалак Түркүк болуп дегеле Дүйнөгө ким тура алат Ырас акебизге таарынып Анча мынча наалыдык Ачык айтсам баарын ук Азыр ал сезимдин бири жок Ал күндү жүрөм сагынып Коркуп качып кетемин Кокустан калса кабылып Чындыктан неге мен качам Ырларын угуп чер жазам Тирүүңдө андай залкарды Сыйлады эле эл качан Эгер Эстебес акем көзү өтсө Эки күн боздоп төшөктө "Эстебес деген дастанды" Эң биринчи мен жазам Ак-Талаа менин жерим деп Мактап өткөн экенсиз Атактууларды андагы Каттап өткөн экенсиз Аябай жердешчиликти Актап өткөн экенсиз Аа мен өзүм Таластан Айкөл жаткан тараптан Кыйын чыккан аз эмес Кыргызда ошол тараптан Эки күндө бүтөбүз Эгерде атын санашсак Эл кааласа тизмесин Энциклопедиядан издесин Анткени эже аядым "Аргументтин" барагын Каатчылык тушунда Кагаз кымбат учурда Көп алыс кетпей токтоймун Көп болуп кетти ушул да Көлөмүн толук басабы Көңүлүмдө кооп бар Баштагы сиздин суроонун Баардыгына жооп бар Суроо берген эжемди Суусатпаган сооп бар Күлкү чыкса экен деп Күпүлдөп койдум кичине Ардактаган эжемсиз Албаңыз кекти ичиңе Кантип катуу айтайын Калк сүйгөн сиздей кишиге "Аргументтин" кабары Атпай журтка тарады Кубанып жатат окуган Куруптур айтышканы деп Топто эчен акын бар Толгон эчен азил бар Мунун токтолбосун аягы КАЛИПА Кыргыздан чыккан кыраандын, Кыйкырып турган сөзүн көр. Токтолбосун ырлар дейт, Токтогулдай толкуп көр. Тоодой болгон берендин, Тоголонгон күчүн көр. Тай кунандай чамынган, Тайлактай боздоп бакырган, Тай күлүктүн күчүн көр. Темене тартып төө алган, Тең өскөн балдар алга өсүп, Темтеңдеп өзү жөө калган, Теңсинген бала күчүн көр. Сооп издеп элди кыдырган, Сүйлөтүп тилди курчуткан, Сопу бала сенсиңби? Сороктоп башың көрүнүп, Саргайып көөнүң бөлүнүп, Сыйкор бала сенсиңби? Сыраң этип бир чыккан, Сан түркүн эл кол чапкан, Сайраган бала сенсиңби? Суусунга суум даяр деп, Силкинсем кимди табам деп, Суу чачкан бала сенсиңби? Тескери бата окутуп, Теске салат дедиңби? Терменин күчү бийик бейм, Телмирип кайгы жедиңби? Ташка тамга баскан жол Таланттар кырды ашкан жол, Талпынтып сени ээрчитип, Ташыркатпай ачкан жол, Таланттарды сыйлагын, Таарынууга акың жок, Амантай иним аман бол, Эмесе иним угуп ал, Эзелки өткөн төкмөлөр , Эсепсиз жаман кулаттың. Эл сынына толушка, Эл ырчысы болушка, Эч ким чыкпайт деп айттың. Айтканыңа көнбөймүн, Айтышты уккан залкарлар, "Аргументтен" окушса, Арачы болуп бөлбөймүн, Азыркы биздин айтышты, Эл сынаса эп болот. Акындар бизге чек коёт. Айтышкан биздей акынга, Ааламда жок бак конот. Алмадай бала жарышса, Айкырып бийик тартышса, Асабалуу так болот. Амантай иним, өткөндө, Азыраак айтсам аракты, Актандың такыр ичпейм деп. Ал сөзүң ырас чын болсо, Азаптан алыс сактангын. Азыраак чымчып мен өтсөм Аябай жаман актандың "Келгин ичкин" деген сөз. Кыргызга менчик сый болот, Кырк күнү оюн той куруп, Карчыга, төштү омуруп, Керилтип чанач ойдуруп, Конокко койду сойдуруп, Куу деген атты жойдуруп, Колумдан келбейт Амантай, Коймокмун бээни сойдуруп. Узун-узун тил болот, Ушул ырды сайраткан, Убайымда бараткан, Эки көз болот жараткан, Көргөнүн айтып бергендин, Ушагы болот каяктан, Аял эмес биринчи Эр жаралат дептирсиң, Эркек тууйт дегенин, Укпагам Кудай кечирсин Аллага калдың жалынып, Апа деп боздоп ачылып Ал сөзүң мени жылытты Аягына жеттиң чамынып Акын деген тартынбайт. Ыр сабында чабышып Калбайлы кыраан абайла Ыркырап итче кабышып. Төмөнкү суроо берейин, Амантай иним, жообун бер, Эзелкинин салты деп, Эл аралап келели. Эстен кеткис кыямат, Жер аралап берели. Эч качан бүтпөс шайлоонун, Барагынан терели. Башы-көзү жарылбай, Мүлккө колу малынбай, Жосуну күчтүү замандын, Жоругуна келели. Ач-жылаңач көчөдө, Балдар жүрөт береги. Укумдан-тукум калган сөз, Улуудан сыймык алган сөз Укпайт деп айтса жалганды, Удургушуп айыпка, Жыккандары жалганбы? Акын деп элдер сезчү эле, Азыраак сыймык берчү эле, Адабият эл жүзү, Алыста эчак калганбы? Өзүбүздөн бүт чыгат, Алдары жеткен бүт сыгат, Газ, суу, тузу сатылып, Кашайып турган заманбы? Каршылашкан жоолорго, Кыраандарың чалынып, Кырылганы жалганбы? Амантай иним, мен дейсиң, Бул суроомо не дейсиң, Баары күчтүү заманбы? Кайгырбайт да, моюбайт, Карды тоюп калганбы? Көп улуттар аралап, Кыргыз жерин сагаалап, Кыр-кырларга чыккын деп, Качырганы жалганбы? Мал киндиктүү элибиз, Алтынга бай жерибиз, Адашып калып ак жолдон, Малай болуп калбайлы, Кечигип калып эми биз. Түшүнбөй калың элибиз, Эркиндик, теңдик дегендин, Качырбайлы, ээси биз. АМАНТАЙ КУТМАНАЛИЕВ КАЛИПА эжеме каалоо Эжекем менен айтышып Черим чыккан убагы Маңдайымдан сызылып Терим чыккан убагы Буга ыраазы боломун Буйрук экен бул дагы Тамашалуу кээ сөзгө Татынакай эжекем Таарынгансып турабы? Ар акындын ыры бар Алабарман сөз кетчү Анын дагы сыры бар Урматтап айткан сөзүмдү Угуп койгун эжеке Эркелеп айткан кебимди Буруп койгун эжеке Ката кеткен жагымды Оңдоп койгун эжеке Жашамак белек түбөлүк Катташып дайым жүрөлүк Эч убакта болбосун Эртеңки күн бүдөмүк Жолугушуп калганда Каткырышып күлөлүк Чыгарбаймын жалган сөз Чындык болсун күбөлүк Урматташуу ушундай Учур өтсө бузулбай Узак өмүр сүрөлүк. Жаралат адам ар кандай (Эркек жолдошторго) Эзелкинин кеби деп, Эзилишет кайгы жеп. Эркин ырдап жатканда, Эмкинин деле сөзү эп. Каарман эле деп калат, Кабарлап улуу кеп салат. Катар менен сынашса, Касыркы деле жооп алат. Эмесе кепти баштайын, Эзилген сырды катпайын, Элден чыккан баатыр көп, Эң башынан таштайын. Эркектин канча түрү бар, Эмгекчил канча бүрү бар. Эшикке чыкса томкоргон, Эшитсем кайрат сүрү бар. Башында түлкү тебетей, Башкарат элди кенебей. Барктуу кийип калпагын, Болбоско өзү теңелбей. Кызылдан кыйып төбөсүн, Кундуздан каптап көрпөсүн. Кан башында тебетей, Кадырын шондо көрөсүң. Жакшы адамдын белгиси, Текши карайт ал элин. Токчулуктуу болсун деп, Бөлүп берет өз жемин. Мансапкор далай адамдар, Маашырланып басышат. Мактанып дүйнө күткөнгө, Майдалап сөздү касышат. Акчаны сүйгөн эр кулдар, Катылып жатат көп пулдар. Кай жерде канча пул бар деп, Тентип жүрөт көп шумдар. Жалпылап сөздү козгогон, Акоп оозун тоспогон. Кебелбеген дөдөй көп, Артка же алга озбогон. Күндө үйүндө күңкүлдөп, Түн ичинде дүңкүлдөп. Жүрө берет кайгы жеп, Чала сүйлөп мүңкүлдөп. Азап салган жигит бар, Ай сайын тандап күтөт жар. Акыйлашып не керек, Аягында болот зар. Ичмекейи ичинде, Көкүрөк билек күчүндө. Түнөрүп туруп иш кылат, Тебелеп басып түшүндө. Шаңшып ырдап жайнаган, Кырк жылкыны жайлаган. Азыр куйрук жедим деп, Алты өрдөктү айдаган. Оомалуу төкмө дүнүйө, Күндө той өтөт күнүгө. Күркүрөп чачып дүйнөсүн, Акча калат түбүндө. Бейпилдиги зор дейсиң, Билими жетпейт кор дейсиң. Кычыктап кепти туурадан, Ал менен жашоо кор дейсиң. Колунан келбейт мык урган, Ырыскы катын балада. Келбети моло таш урган, Эсепти мыкты тактаган. Бир - эки тамга аттаган, Доллар болот билгени, Чет элге тынбай каттаган. Жаны курман ким көрсө, Жанталашат ким өлсө. Жыйындан калбай жулунат, Коркок экен ал көрсө. Үстөмдүк болсо ийилген, Ручкадай чийилген. Кошоматчы көп чыгат, Этегин түрүп жүгүнгөн. Эми мындай баштайын, Мыктысынан таштайын. Эл камын көрүп жетилген, Баатыр болот жаштарың. Көп түкүрсө көл болот, Көлүң барып сел болот. Деген экен Арыстанбек, Калың кол элге чеп болот. Кайраттуу билим - илимдүү, Кадырлуу элге жугумдуу. Кыргызда баатыр көп чыкты, Кулакка толук угумдуу. Эл десе жанын карч урган, Баатырды бийлик жалпы урган. Далайын салып түрмөгө, Качырды байлар ант урган. Эл үчүн курман болгон көп, Эсирген адам андан көп. Эсебин албай кан ордо, Чындыгын айтпайт жалган көп. Томкоруп жоону каскан көп, Тоо аралап баскан көп. Толубайдай тотугуп, Токтогулдай жазган көп. Сулууну барктап баккан көп, Алтынды сансыз тапкан көп. Арууну сезген жигиттер, Ашууну ашып баскан көп. Керемет тоону сатпа деп, Кечигип башты катпа деп. Кечээки өткөн согушту, Кекээрин туюк сакта деп. Уларды кармап сатпа деп, Уяттуу болуп такта деп. Узарып барат күндө эле, Жеп ичет деген накта кеп. Чындыкты айтып какшаган, Чырылдап күндө жашаган. Чылбырын үзүп кете албай, Чырылдап жүрөт накта адам. Берекелүү жерибиз, Эзелтен Кыргыз элибиз. Муюбайт да түгөнбөйт, Эмнени айтып кейийбиз. Тоолуу Кыргыз эл келет, Кайраттуу баатыр эл делет. Катылгандын катыгын, Кадимки ушул эл берет. Түбү тутка эл болот, Байлыгы чексиз кең болот. Тийишкендер жаза алган, Теги баатыр шер болот. Тукумдап элим көбөйөт, Жашылдап жерим көгөрөт. Дардаңдап жүргөн бөтөндү, Баатырлар тизе чөгөрөт. Ким консо дагы тактыга, Караса экен жалпыга. Кайдыгер болбой эл жерге, Кол койбой жалган АКТыга. Бир аз жаздым оюмду, Ойноттум бир аз колумду. Катырып сындап кууратпай, Тоспосо экен жолумду. Кыргызга кубат кут келсин, Ырыска бакыт жуп берсин. Каны Кыргыз жигитке, Аткарылып туш келсин. Арман Кыргызстанда эгемендүүлүк, эркин республика болгондон тартып, айрым жууну боштор, бир топ кыйынчылыкка дуушар болушуп, таштандылардан ар кандай нерселерди терип, күйүтүнөн аракка түбү оту менен кирип кеткен адамдардын тагдыры. Таң эртең туруп умсунам, Челекке барып кол сунам. Чакчелекей төгүлгөн, Чымын чиркей үйүлгөн, Чирикти чачып олтурам. Чымындай жандан ар кетип, Чыркырап балдар баа дешип. Чыйрыгып кеттим заманга, Чындыкты айтып отурам. Чаалыккан менде арман көп, Чарчабай аңдыйм челекти. Четинен оюп киргенде, Чеңгелге нерсе тийгенде, Мен тоюп бүтүп калгансып, Орусу келди тигинде, Капшыттан чыгып качырат, Тийишип мага кычырайт. Тим койсом мойсоп койгудай, Көзүнөн заары чачырайт. Менин да бүлгүм козголду Жеп ийгим келди тирүүлөй, Челекти андып бозгонду. Армандуу жандын азыгы Же, азыгы толо болсочу. Тартышпай кетсем кеп болмок Жүрөгүм жаман козголду. Араңдан тапкан шишени Калтырап жаткан тиземди Кармай албай дал болдум Ушинтип өлүп кетемби? Тагдырым мындай болоорун, Башынан биртке сезсемчи. Карышып калган жаагымдан Кармасам кара суу келет, Кайгырган мендей пендеге Кайрылып жардам ким берет. Магазинге баралбайм, Мончого тыйын таба албайм. Жай мезгил болсо башка эле Кышкысын айла табалбайм. Сүйрөлүп жүрсөм жийиркенет. Элдерге жакын баралбайм. Ызамды элден чыгарам, Сөгүнүп жиндеп күч алам. Ушинтип тентип жүргөндө, Үй-бүлөөм таштап кетишти. Асыл жарым боздогон, Алкаштыкы жетишти. Ага да болбой баш багам, Алыстан айтып мактанам, Уй-жайым бар, бала бар. Тийишкенге актанам. Сазайды берди менттериң, Мага окшогон тентиген Адамдардын оодарып Айкырып сөгүп эстерин. Күндө эле тапчу жай эле, Бүгүн күнгө азык жок Калтырайм башым иштебей, Мага окшошко жазык жок. Жүрөгүм кетет секирип, Жаш баладай элирип, Токтосо эрте токтосун Тентиген алкаш дедирип. Кокустан өлсөм ким көмөт, Кокуйлап элдер бир көнөт Адамдын санын көбөйтпөй, Алса экен кудай жөөлүтпөй Азабы күчтүү адамдын Өлгөндө сыйлайт дөөлөттөй Зыяны жок иччү эле, Чан жугузбай көөлөтпөй Көөмүп коёт өрттөшпөй. Боздогон менен пайда жок Акыр чикир турганда Ажал бир тизгин бууганда Кача албаймын ээлигип, Канымда микроб турганда Эстесе элим жол бербес, Мага окшогон урганга Билинбей сорот курт окшоп Белимди кудай урганга Эмесе сөздү бүтөйүн Кайрылбас жайга кетейин. Тайлак баатыр Баатыр Тайлак баянын, Билгенимдей баштайын. Эмесе мындай болуптур, Тайлак баатыр баяны. Эл ар кандай жоруптур, Чындыктан чыккан баатырын, Тарыхый инсан болуптур. Он сегизинчи кылымда, Он тогуздун башында. Кандыгы орноп Кокондун, Орто Азия кашында. Айтылуу Нарын калаасын Басып алып Калмагын Баш ийдирген чагында Саркерлике катталып, Салык салган кези экен. Субайылдай кыздарын Кордоп жаткан кези экен. Кыргыздар толук баш ийип, Шорлоп жаткан кези экен. Бир четинен Кытайлар, Орустар колдойт дегенсип, Коркуп жаткан кези экен. Кокондон чыккан тынчысы, Кыргызда болгон кептерди Жеткирип жаткан кези экен. Мадали ханга эпилдеп Ташып жаткан кези экен. Ташкенде турган акими, Ляшкар-Кушбак өкүлү, Сан жигитти алыптыр. Саргара жүрүш салыптыр, Сары - Өзөн Чүйдү бет кылып, Самсаалап жүрүп калыптыр. Толгон аскер кашында, Топурай кары-жашы да. Бир жагы Чүйдү каптаса, Экинчи колу калдайып, Тоону беттен ашыптыр. Тянь-Шань тоосу бийик тоо, Басалбай жандар жашыптыр. Өкүмдөн корккон аскерлер, Акыры тоону ашыптыр. Бетегелүү жерлерди, Пейли жакшы элдерди. Тулаңы белден буралган Зайыптар сулуу суналган. Өрүшү малга толтура, Тоо баштап тогуз куралган. Тянь-Шанды ээлептир, Жерлерин Кокон жердептир. Тогуз-Тороо, Куртка, Жумгалга, Кара-Кол, Барскоон, Ыссык-Көл, Жерлерге чептер курулган. Элдерин жаман кыйнаптыр, Эзели кетпес кек куушуп Байбичелер ыйлаптыр. Короодо иттер улуптур, Тай кунан туйлап туруптур. Элге мүшкүл салышып, Кандыкты ээлеп алышып. Күнөөлөп Кыргыз элдерди, Жазалап моокум каныптыр. Канча турар дейсиң деп, Акыры жаркын күн тиет, Дешип момун Кыргыздар Башын ийип келишкен. Тымызын ичтен жоо топтоп, Жоо жарагын тыңдашып, Бирин-бири сындашып. Шыбырашып күлүшүп, Биримдиктүү жүрүшүп. Тымызын ичтен күйшүп Даярдана беришкен. XIX - кылым башында Теңир тоолук Кыргыздар, Чыгыш Түрк менен катташып, Цин башкарган империя, Аралашып такташып. Жахангир кожо элинен, Ай талаа ачык жеринен. Ачыктан эле билинди Кыргыздын деми делинген. Жахангирдин урушу, Жакпаптыр элде турушу. Канын көздөй качты бейм, Майда бачек жерлерден, Ар-намысын сатты бейм Кайнатасы Омор хан Оо дүйнөдөн өткөндө Ал тарапка качты бейм. Жаңыдан курап аскерди Кайын-журттан апкелди. Карынын кеби капта деп Элдик сөзгө эп келди. Эл журттан алып акылды, Мадали канга чаптырды Кош колдоп сунуп саламды, Жиберди калын кабарды. Берсеңиз жардам жаманбы? Белди бекем буусамбы? Аскердик бөлүк курсамбы? Мына ошентип түптөнүп, Бийликке келди күчтөнүп. Калың кол курап турганы, Кыргыздын көөнүн бурганы. Теңир-Тоого келгени, Саяк менен Чорого. Сыйлуу колун бергени, Кыз алышып кыз берип. Карым катнаш таштады, Капчыгы толуп кайран кан. Кайра жашоо башталды. Атантай, Тайлак сыяктуу, Эл баатырын жактырып. Күтүрөтүп кол баштап, Күүлөнүп калды Жахангир. Калын Кыргыз элибиз, Кабарын угуп кошулуп. Аз - аздан топтоп ар жерден, Түркстандан келгени. Чыгышта согуш болду деп, Чыгаандар жардам бергени. Ак - Талаа жердин ырысы, Айтылуу Куртка жер ушу. Ал жердин элин сурасаң, Намыска бекем эл келет. Тийишкендин катыгын, Чечкендик менен тердетет. Тукуму Чоро эл болот, Ак - талаа ыйык жер болот, Топурагы буруксуп. Элдери иштеп ак эмгек, Бункерге буудай көп толот. Калың кытай элине, Каршы чыгып турушту. Ааламда жок азилдик, Алаамат күндү көрүштү. Пиндин колу сүрүлдү, Кытайлар жандан түңүлдү, Жахангир колу бир тарап. Тайлак менен Атантай, Жагдайлуу жагын бир карап, Огеле колду көп курап. Бирине - бири танапташ, Аскери жүрөт талапташ. Кубалап чыкты Кытайды, Жерине жексен жеткирди. Цин колунун башчысы, Джун - Тандын солдаты. Бириндеп артка чегинди, Алсыздыгы билинди. Тайлак баатыр кыраанын, Ийинине кийирди. Атантай менен Тайлакты, Кенешчи коюп Жахангир. Энеси эркек туугандай, Мандайын жарып сүйүндү. Коп узабай Калмактар, Кылтакты колго илишти. Амалдуу келген куу Кытай, Амал издеп жүрүштү. Алангазар Жаханды, Айла таап колго түшүрдү. Жахангирди олтуруп, Өз иштерин бүтүрүп. Эр азамат Тайлакка, Элчи жүрүш салышты. Кытай Кыргыз элбиз деп, Келишимге келели. Чырдашкан менен пайда жок, Бабалардан калган сөз. Уламадан айтылган, Кыймылдаса Кытайың, Кылым жылат деген бар. Уу жуткурат байкатпай, Жылаандай арбап келгени бар. Алы жетпей баратса, Амал менен жыгышат. Азыркы Кытай элинде, Калдыбы ичте кектери. Ачып эшик бериппис, Аралап Кытай тепседи. Бүргөдөй жойлоп тымызын, Кат жиберди Кытайлар. Мадали канга кайрылып, Бат жиберди Кытайлар. Жахангирге кошулган, Тайлактын көзүн тазалап. Кандай экен Кытайлар, Баатырды берсең жазалап, Деген кабар жеткирди. Черик, Саяк, Чоролор, Чабышып турду кошундан. Бир тууганы башында, Калың Кыргыз кашында. Эр жүрөк баатыр Тайлагың, Моюн бербей Кытайга, Татып берди муңая. Курал деген болбогон, Аскери толук толбогон. Кайраты кетип мүңкүрөп, Ичтен сызып күңгүрөп. Жеңилерин сездиби? Баатыр Тайлак колунун, Азыр жүрөк эздиби. Кун түйшөлүп уктабай, Тун заргарып кеттиби? Ак - Талаанын кулуну, Айдай жүзү өчтүбү. Келте - чап менен Теректен, Керилип эркин баса албай. Кыраан баатыр Тайлакты, Кыр - кырдан шимшип тузактап. Кысымга дагы карабай. Тайлак баатыр күчөдү, Туйгунуң Тайлак басканда, Чыкпаган жерден чан чыкты. Чырылдаган Калмактын, Чымындай жандан жан чыкты. Опол тоодой аралап, Мадали жандын солдатын, Өпкө жүрөк найза уруп, Чыкпаган жерден кан чыкты. Берсем Кокон чинин дейт, Бул кылганы неси деп. Тайлакты кармап келгиле, Кылычтап өтүн алгыла. Кара көзүн ойгула, Кармап көргө салгыла. Тайлак менен Атантай, Тайбас бала көрүнөт. Кан Мадали каарданып, Билегин айда түрүнөт, Калың сепил бузгула. Туткуй, Терек, Куртканы, Туусун алып жыккыла. Каарданып Мадали, Эл сыйлаган бала деп. Сыйлап жүрсөм көр муну, Дүпүрөп колум турганда. Туйгун Тайлак эр болсо, Каршылашып көрсүнчү. Кармап келгин баатырды, Канын сууга чачайын. Айдай - буйдай келтирбей, Алмадай башын кыяйын. Атантайын калтырбай, Аны да жерге жыгайын. Каарданып бакырып, Аюдай болуп айкырып. Жар чакырды Мадали, Кошунун көккө сапырып. Дүңгүрөгөн калың кол, Дүбүрттөдү бир топко. Тайлакка бакыт артуулап, Кокон чинин тартуулап. Бул кылганы неси деп, Өкүмү чыкты катуурак. Чындыктын ким ээси деп, Чар тарапты чалышты. Чарчоону билбей калын эл, Чабылып издеп калышты. Чаңдатып издей беришсин, Тайлак баатыр баянын. Дагы да сайрап көрөйүн. Тагалардан уккандан, Тагыраак айтып көрөйүн. Тайлак тандап минген ат, Айбандан бөлөк жаралган. Жалын тарап койгондо, Буурул атка көрк кирген. Буулугуп турган тулпарды, Жараштырып Тайлагын, Булкунтуп жоого тик кирген. Форумун көрсөң Манастай, Жакындап барса касташкан, Торго түшкөн капастай. Илеби менен жыга алат, Күрөштө тоодой күч алат. Күпүлдөгөн Тайлагың, Күргүштөп аккан дайрадай. Беттешкенди жайлаган, Далайды тилсиз байлаган. Колуна найза алганда, Шахардай болуп кайнаган, Беттешкенин бербеген. Топтошуп чыккан кыраандар, Томолотуп жеңбеген. Бар экен элдин ырысы, Ак - Талаадан төрөптүр, Куртка элдин бир кызы. Атасы кыраан киши экен, Ырыстуудан таралган. Ырыскулбектен жаралган, Тайлак баатыр өзү экен. Элин коргоп баатырың, Эдиге менен беттешти. Жерин коргоп баатырың, Эсебин таап кептешти. Казактын элин каптаса, Бириндеп калкы кетпеспи. Тоголотуп тебишти, Топ таштай жерден эңишти. Чоролордун эрдигин, Кызыталак Казактар, Кызыгын шондо корушту. Башында туулга чопкуту, Көкүрөк башы олбурлуу. Көргөндө жандар түңүлгөн, Кыргыздын баатыр эл куту. Тайлак баатыр баянын, Мына ошентип айтышат. Ооздон - оозго төгүлгөн, Анча - мынча адамга, Кыраан Тайлак баатырын. Жомоктогу Кара - Доо, Дал өзүндөй көрүнгөн. Бир тууганы Амантай, Калышпаган Тайлактан. Каш кабагы камандай, Капилет чыккан жоолорду, Биригип экөө жайлашкан. Эмесе кайра барайын, Издөө салган Тайлакты. Мадали хан береги, Андан кабар алайын. Тумандаган калың кол, Тепсесе жерлер оюлган. Басып өткөн жерлерге, Чөп чыкпай жыдып жоюлган. Көк кашка суулар булганып, Кокондон чыккан калың кол, Карап турсаң жут экен. Черик. Саяк, Чоролор, Уламдан - улам тийишип. Мадалинин калын кол, Азабын колго беришип. Атантай, Тайлак баш болуп, Калын элдин куту экен. Эл кутун сыйлап турсунбу, Кармап келди Мадали. Тайлактан калып көңүлү, Каармандын өмүрү, Капилет кетти кыйылып. Теңир-Тоолук азамат, Топурак менен жуурулуп. Калын элдин оозунда, Дастан калды куюлуп. Ботодой көзү жайнады, Диркиреп каны кайнады. Капилет кармап Мадали, Акырет жайга айдады. Гульбара Орозова - философия илимдеринин кандидаты. Орузбай Ахмедов - илимий кызматкердин вариянтында жазылды. | Китеп_тизме: |
|