|
Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
|
түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
Шералы Жапаров Адам аттары - эл байлыгы Кыргыз антропонимикону (Кыргыз энчилүү адам аттарынын тизими) 2-бөлүк Баш сөз Антропонимдер (энчилүү адам аттары) коомдук көрүнүш жана кубулуш катары коом менен тыгыз байланышта болуп, андагы жаралган жаңылыктарды тынымсыз чагылдырып турат да, элдин энчилүү аттарынын жалпы жонунан тынымсыз толукталып турушуна өбөлгө түзүү менен улуттук ономастикалык мураска айланат. Антропонимдердин жаралышы - элге ысым болуп таралышы, коомдо жашап калышы же туруктуу ономастикалык абалга айланышы бир топ кызыктуу, мындайча айтканда, алардын айрымдары элдин өзү жаратып жактырган, элдин сыноосунан өткөн катмарды түзсө, айрымдары кайра элдин өзүнө, кийинки муундарга жакпай, бара-бара пайдаланылбай калат. Дагы бир топтору кээде керекке жаратылып, кээде токтолуп калып, анан дагы кайрадан колдонулган учурлары жолугат. Мындан биз элдик антропонимдик чыгармачылыкты, ономастикалык эстетико-этикалык табитти байкайбыз. Тил менен антропонимия ар дайым эриш-аркак болуп өнүккөн жана өнүгүп да жатат. Төмөндөгү сиздерге сунуш кылынган кыргыз антропонимикону - көптөгөн кылымдарда жаралган ономастикалык ыйык кенч. Алардын азыркы кездеги кызматына назар салсак, колдонуудан калып бара жаткандары, сейрек учурагандары, жаңыдан жаралып жаткандары да бар. Кандай болгон учурда да, алардын ар биринде, ошондой эле, алардын бардыгында мезгилдин да, мейкиндиктин да үлүшү бар. Энчилүү адам аттарына тарыхый, этнографиялык, тилдик өңүттөн баа берүү келечектин милдети. Биздин бул материал - кыргыз антропонимикону кийинки келечек илимпоздорго аздыр-көптүр маалымат болуп бере алат деген ойдобуз. Автор кыргыз энчилүү адам аттарына болгон кызыгуусун жана материал чогултуусун XX кылымдын алтымышынчы жылдары эле баштаган, азыр деле улантууда. Өздүк ономастикалык фондусунда элүү миңге жакын антропонимдик картотекасы бар. Алардын тең жарымына жакынын сиздердин назарыңыздарга сунуш кылынды. Кыргыз антропонимиконунун алфавиттик көрсөткүчү А • Б • В • Г • Д • Ж • З • И • К • Л • М • Н • О • Ө • П • Р • С • Т • У • Ү • Ф • Ч • Ш • Ы • Э • Ю | Адам аттары: Китеп_тизме: |
|