Абдыманап ЖАПАРКУЛОВ
Күзгү жалбырактар
Ырлар жана поэма
Бишкек - 2002
"Жасап жазган ырыңан, эгер билсең, Жашап жазган ырларым күчтүү эмеспи"
Кызылы менен саманы, дурусу менен бурушу аралашып жаткан азыркы кыргыз поэзиясы сапаттык жагынан да, сандык жагынан да өстү. Чыгарманын нак, чынына караганда, капчыгына көбүрөөк караган бүгүнкү заманда адабият менен өнөрдүн наркы жана баркы түк да кемиген жок деп ойлойм. Тек гана өзүбүздүн жан-дүйнөбүз жардыланып, турмушка, дүйнөгө болгон көз карашыбыз байлык менен бааланып, өлчөнүп калганы үчүн ким күнөөлүү? Кантсе да руханий күлазыксыз эч ким толук бактылуу боло албас. Адамдын сезимин жаркыратып, пейилин тазарткан, пыр дүйнөдөн ыр дүйнөгө канат байлап учурган искусствонун улуу күчү ар качан, ар заманда өз кудурет-кунуна ээ болуп, эңсетип, чакырып, көз талдырып турганы турган.
Абдыманап Жапаркулов аз, бирок саз жазган акын. Жаңы китебинин кол жазмасын окуп олтуруп, анын өз үнү, жүзү, почерки, жолу бар акын экенине дагы бир ирет ынандым. Абдыманап Жапаркуловдогу мен байкаган эң башкы касиеттердин бири - ар кандай таланттуу инсанга мүнөздүү боло турган акындык аруулуктун, тазалыктын бардыгы жана жан дүйнө чабытынын кеңдиги, молдугу болду. "Талант тартынчаак келет" дегендей, акын А. Жапаркулов да көп жылдар өзү менен өзү алек болуп, боюнда шыктын бар экендигинен шектенип, өзүнө өзү ыраазы болбой, ичинен күйүп, алоолоп жанып келген. Бул сапат да таланттуу адамдарда гана болот. Бирок, А. Жапаркулов өзүнүн ким экенин, кандай акын экенин жакшы билет:
Айрып калдык күрмөк менен күрүчтү,
Бирок көздү тордоп турат жөргөмүш.
Кереги жок кандек болуп үрүштүн,
Булбул болсок, булбул бойдон өлөбүз, - деп так, таамай айтат.
Акын Абдыманап Жапаркуловдун ырларында Алыкулдун ырларындай ички уйкаштык, үндөштүк, сөздөрдүн гармониясы өтө катуу өнүккөн. Жай караган көзгө анчейин уйкаша бербегендей сезилген ырлар ич ара тутумдашып, граниттей бекем болуп турат. Анын ырларында кургак акыл, кургак насаат жокко эсе, сезим менен от, сүйүү менен жек көрүү ширелишип, жазган предметин жандуу кылып, канат байлап учурат.
"Кайрымдуулугуңдан ажырасаң, акындыгыңдан да ажырайсың", - деп мага казактын көк жал акыны, устатым Жолон Мамытовдун жан аяшпас досу Мухтар Шаханов көп айтып калат. Абдыманап Жапаркулов да акындыгы менен адамдыгын, атуулдугу менен азаматтыгын катар алып жүрөт:
Жашагандан көрөкчө тилсиз, үнсүз,
Балык сымал билбестен айырманы.
Жүгөрүгө айланып кеткен жакшы,
Дүмбүл кылып балдар жейт кайрып аны, -
деген ыр саптарынан А. Жапаркуловдун жашоодогу бүт кредосу ачык көрүнүп турат. Жолдору аңкүдүк аткан, тагдыры желкеден баскан учурларда да акын кайра чыйралып: "Жасап жазган ырыңан, эгер билсең, жашап жазган ырларым күчтүү эмеспи" - деп жаңы ырларды жазып, жылдызга чаң жукпагандай жаркырап-жанып турду.
Акындын таланттуулугун, нукуралыгын анын ашыктык ырларынан билүүгө болот. Акын канчалык күчтүү болсо, анын махабат ырлары да ошончолук таасирдүү келет. Абдыманап Жапаркуловду башкалардан айырмалап турган дагы бир белги - анын сүйүү жөнүндөгү суу кошулбаган кымыздай мөлтүр, тунук лирикалары болуп саналат. Ал бир ырында:
Бу жашоодо сүйүү гана адилет,
Жашайсың сен өзү менен жүрөктүн, -
деп ырдайт.
Же:
Акындардын адалдыгы, актыгы,
Көөнөрбөгөн сүйүү менен ченелген, -
дейт.
Же:
Турмушка сен жаралган чабалекей,
Сен үчүн мен жаралган каркырамын.
Таалайды издеп жүрүп таба электей,
Таба электей таалайга алпарамын, -
деп сүйгөн адамы үчүн башын канжыгага байлап, бардык азапка кайыл болот.
Акын Абдыманап Жапаркуловдун сүйүү ырларын окуп отуруп, Түркиянын улуу акыны Назым Хикметтин түрмөдө жатып жазган эң сонун, канаттуу ырлары негедир эсиме түшө берди.
Эптеп ыр кураштырган бардык элде бардыр, бирок, акынды акын кылган тагдыр. Ошол үчүн турмуш да акын болор адамдын жолуна жыландай оролуп жатып алып, аны бирде отко салып, бирде сууга малып сынайт экен. Сынганы сынып, сынбаганы жүрөк күйүтүн сыгып акын болуп чыгат окшобойбу. Абдыманап Жапаркулов да турмуштун оор сыноосуна кабылып, азаптын отуна тирүүлөй жагылып, муң чайбаган жүзүнө кыл чайнаган тагдыр туш келип, эр болсоң эми мени айланып өтүп көр деп жолунда кылыч жаткан, Сибир жактан, ак кар менен көк музга ырдын отун жаккан:
Эрте келип кечигүүгө,
Жол жок беле таптакыр.
Баштан өткөн азапты бул,
Түк бербесин эч кимге.
Мага берсе керек балким,
Акын болсун деп тагдыр, -
деп өз жолун көрөгөчтүк, көсөмдүк менен ырга салат.
Баба кыргыз "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген эмеспи. Кутум менен чагымдын курмандыгы болуп, ак жеринен күнөөлөнгөн Абдыманап Жапаркулов жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту "анын ишинде эч кандай кылмыштуулуктун элементи болбогондуктан толугу менен акталсын жана ага коюлган айып жокко чыгарылсын" деген адилет чечимин чыгарды. Бул чечим кечирээк чыкты. Бирок, кеч болсо да акындын эл алдында, өзүнүн абийиринин алдында ак, таза экендигин далилдеди.
Акын Абдыманап Жапаркулов адабият айдыңына 70-80-жылдары тобу менен келген Акбар Рыскулов, Маркабай Ааматов, Айгүл Узакова, Шайлообек Дүйшеев, Турсуналы Бостонкулов, Атакул Жакыповдордун муунуна кошулуп, алардын катарынан орун алышы керек деп ойлойм. Анын бул орунга толук татыктуу экенин колуңуздардагы жаңы китеби тастыктап берет деген бекем ишеничтемин.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ,
акын.
Ырларым менин
Ырларым менин - сырларым менин ымандай,
Бириңди кыйсам, бириңди турам кыялбай.
Жазылып бириң, жазылбай миңиң баракка,
Дүйнөмө келип, дүйнөмөн кеттиң кыялдай.
Бириңде өзүм, бириңде сүйүүм - жарака,
бүтөлбөй турат кан агып кочкул сыядай.
Ырларым менин - ымандай менин сырларым,
Кагазга сыйдың, кагазга миңиң сыйбадың.
Көз түшкөн менен кайрылып кайра көрүшпөс,
Кыздардай мага бейтааныш болдуң, кыйнадың.
Эгерим кээси жолукпас дагы, өбүшпөс,
Көрүшкөн ырды, өбүшкөн ырды жарымдай эле сыйладым.
Ырларым менин - сырларым менин ымандай,
Канча жыл бойдо тумчугуп жүрдүң чыга албай.
Аралап элди, кыдырып жерди көргүлө,
Киргиле үйгө, тартынбай дагы, уялбай.
Жаксаңар жанга, жаксаңар аруу көңүлгө,
Калгыла анда, чаң басып, бирок жыйылбай.
Өзөн суу болуп, өлбөс да, өчпөс өмүргө,
Учкула бийик, учурдум элге, кыйылбай.
* * *
Турмуш мени таштап таман астына,
Кабыргамы кайыштыра басты да.
Тирүү туруп, көрдүм нагыз тозокту.
Көрдүм токту, көрдүм алсыз, ачты да.
Чолпонбайча тоспой оозун дзоттун.
Кур жалаага курман болгом жанчыла.
Тагдыр мени таштап таман астына,
Аппак кылды кара кундуз чачты да.
Үмүт оту өчүп-күйүп үлпүлдөп,
Даяр эле жан да менден качууга.
Эгер билсе баштан өткөн бир билет,
Тозок күндөр кумга айлантат ташты да.
Тагдыр мени таштап таман астына,
Келген кутту кумдай шилеп чачты да.
Адамдан бек, пендеден бек жок экен,
Аман алып чыккан алтын башты да.
Опаа дүйнө күйгөн кызыл чок экен,
Күлгө айланткан темир менен ташты да.
А мен болсо жашап жүрөм дагы эле,
Өжөрлөнүп балдарымдын бактына.
Жаз
Каз-каз туруп, жаңы баскан бөбөктөй,
Араң, араң, араң соккон жүрөктөй.
Ала жазды өгөйлөйбү кыш дагы,
Күндүз ийип, а түнкүсүн түнөтпөй.
... Бир карасаң толукшуган сулуу кыз,
Көлдө сүзгөн бир ажайып чүрөктөй.
Кечээ эле там-туң баскан балабыз
Чаңга оонап, чаңда ойноп жүрөт, эй!
Түбөлүк чакырык
Кайдандыр алыс-алыстан
Чакырат мени.
Угулуп үнү угулбай,
Таанылып дагы таанылбай
Угулат үнү капыстан.
Уулумдун үнү эмеспи?
Тыңшаймын алсыз дабышты,
Таанып да турам, тааныбайм.
Чакырат кимди?
Жатпасын мени чакырып?
Көрүнбөйт өзү,
Өңүнөн балким айрылган.
Келеби шоокум дайрадан,
Үнүбү куштун сайраган?
Жаныман чыгат кайра үн,
Кимгедир кайта кайрылган.
Соо эмес бул үн - азгырык.
Азгырат мени кайрадан.
Окшобойт туушкан үнүнө,
Уулумдун дагы үнүнө,
Кызымдын дагы үнүнө,
Жарымдын дагы үнүнө.
Эшикке мени чакырган эркиндик болуп жүрбөсүн?
Азоодой болуп туйлаган жүрөгүм болуп жүрбөсүн?
А балким башка бирөөнү, чакырып, балким, жаткандыр.
Көтөрүп уулун түгөйү бу жерге келип жүрбөсүн.
Чыкпайбы аны күттүрбөй, а бирок өзү көрүнбөйт.
Угулбай үнү угулат,
Таанылбай үнү, таанылып.
- Кимсиң? - дейм ага жалынып,
Көрүнбөйт көзгө сайса да,
Өзү эмес анын карааны.
Үнү да эми угулбай,
Эстетти эрмен талааны.
Угулат бир үн кайрадан,
Чыккансыйт мына жаныңан.
Жүрөктү саят ийнелеп,
Кан чыгат секин тамчылайт.
Балалык күндүн элеси,
Чакырат, балким ээ, бизди.
Жанчкылап жанды,
Жаткандай бирөө камчылап.
Чакырат мени,
Чакырат, деги, ким бизди?
Балким, бу чакырык менен түбөлүк
Түбөлүк балким бирбизби?
Чакырат деги ким бизди?
Ал жашоонун үнү эмеспи?
* * *
Бир өлүм бар моюнда, билем аны,
Көз жарганда ал дагы жаралганбы?
Өлүм мага туюлат көлөкөмдөй -
Даяр турган дайыма жан алганы.
Кайда барба, адашпай жүрөт такыр,
Көлөкө эмес ээрчиген ажал - тагдыр.
Караңгы түн - жарыктын жан алгычы,
Ал күн менен кошо эле жаралгандыр.
Уктатып бүт дүйнөнү, бүт пендени,
Бул ажал-түн манчыркап жинденеби?
Сыйкырлап салат окшойт убактылуу,
Азгырып кете албастан күндөн сени.
Көөнөдөн бүтпөй келген ушул казат,
Ким эми жараштырат, таразалайт?
Өлүмдөн байкуш пенде болбос азат.
... Күжүлдөп күрөш менен өтсө өмүр,
Жеңилип, кайра жеңсең ошол лаззат.
Бир өлүм бар моюнда, билем аны.
Даяр турат барактай айрыганы.
Турмуш - дайра, биз - анын чабактары,
Илет бир күн өлүмдүн кайырмагы.
Жашагандан көрөкчө тилсиз, үнсүз,
Балык сымал билбестен айырманы,
Жүгөрүгө айланып кеткен жакшы,
Дүмбүл кылып балдар жейт кайрып аны.
* * *
Жалбырагын чачып жерге туш келди,
Мынча неге дарактарга күч келди.
Ак кар чалып Ала-Тоонун чокусун,
Ай талаада сары оорудан күз өлдү.
Көк жылгаяк музга айлантып суу башын,
Тоо койнунда ханыша кыз төрөлдү.
... Күтүп эми көктүн көксөп ыйлашын,
Бүгүн эми төмөн карай жөнөйбү?
Алтын күзүм менин назик, кыйбасым,
А кыш мага - ыраак тууган, өгөйбү?
Тайторудай бороон чуркап, туйласын.
... Өмүр дагы бир жаш жылып эңкейди,
Аяз келип, мейли мени кыйнасын,
Мен чыдаймын, адаммын да ак пейил.
Жалбырагын чачып жерге туш келди,
Дарактарга мынча неге күч келди.
Миң тамыры балкып бүгүн Жер-Эне,
Ак мамыкчан аппак кардан сүт эмди.
Ай талаада буудай өсүп тер менен,
Токчулукка тойгузат да бүт элди.
Базар-Коргон - Арстанбап маршруту
Мазар тайып келген жубай перзентсиз,
Зыяратка келген кемпир-абышка.
Базар-Коргон... жайдын күнү, чаңкай түш.
Автобекет... атам турат кап ууштап,
... Чурка, чурка... аттиң, жетпес күч,
Бир колу анын калып калган согушта.
Карегинде турат анын өкүнүч,
Тиричилик... ал базарга түшкөн эле жумуштап.
- Орто бопбош... кана, кана бир, эки, үч...
Эл күйшөлүп болот бир аз жылышкан.
... Автобекет... жан адам жок,
Жалгыз гана атам турат кап ууштап.
Бир жак колун жулуп кеткен ок.
... Ким ойлоптур автобусту согушта.
* * *
Акынмын деп көкүрөктү койгулап,
Эл алдында бергеним жок убада.
Ичтен сызып, уюткулуу ой курап,
Жашоо менен болдум көп жыл убара.
Өттү-кетти аккан суудай жаш курак,
Курбуларым үй салышып, тикти бак.
А мен болсо ыр издеген - дубана,
Жашап келем үзүк-үзүк жипти улап.
Кошула албай акындардын тобуна,
Тири укмуштуу түркүн-түркүн кеп угам.
Минген атым келди азыр табына,
Мен чамалайм, көздөн учкан жээкти улам.
Бу турмуштун чыдап жогу-барына,
Мен ырлардын перисине жолугам.
Мен өзүмдү өзүм терең изилдеп,
Үйрөнгөндө жаштайыман алымча.
- Катардагы акындардын бири, - деп, -
Айтаар беле, "Алыбай деп алынча".
Балким, балким, ирдүүлөрдөн ири деп
Берет беле, балким, мага калыс баа.
... Бирок, көңүл гүлдөбөстөн кирдемек,
Жакшы-жаман аралыгы карыш да.
... Жазып ырды машак өңдүү термелеп,
Мен чыгынбай келем түшчү жарышка.
Кыйын, кыйын Алыкулга теңелиш,
Жүрөк даабай турат кыйын эр эңиш.
Алыкулдай ак боз атты чабуу үчүн,
Керек болчу Алыкулдай төрөлүш.
Айрып калдык күрмөк менен күрүчтү,
Бирок көздү тордоп турат жөргөмүш.
Кереги жок кандек болуп үрүштүн,
Булбул болсок, булбул бойдон өлөбүз.
Жолонду жоктогон эки ыр...
Жибектей беле мүнөзү назик созулган,
Кат-кабар барбай калдыбы, досум, досуңдан?
Ачылат бир күн эшиги темир түрмөнүн,
Аз калды, досум, аз күндө элге кошулам.
Заарыгып күтөт, айтчы дос, дагы ким мени?
Тааныйбы мени үн салсам эгер доошуман.
Бүгүнбү, эртең калабы келип деп мени,
Жол карап жүрсөң керектир, досум, зарыга.
Негедир эстейм сени эмес, эжем Меңдини,
Табылбас, аттиң, айыкпас дартка дары да.
Ааламдын кимге кеңдиги менен тардыгы?
Жолону кайтпас татыган жалгыз баарына.
Ал кимди күтөт? Үмүтү эбак үзүлгөн,
Жүрөгү түтпөй жол карайт: "Неге кечикти?..
Кечикти мынча". Келчүдөй эле сезилет:
"Ачып кой уулум, жаппачы бүгүн эшикти?"
Мен кирип барам агамды жоктоп, безилдеп,
Колума кармап сүрөтү чыккан гезитти.
Өлүмдүн баркы, түрмөнүн баркы ушунда,
Кайрылып келер бир учуп кеткен кушуң да.
Зарыгып, зарлап, досторум, мени күтпөңөр,
Мен келем жазда же жайда, күздө, кышында.
Сапары бүтүп, кайрылбас болуп кеткен эр,
Түбөлүк жашаар жүрөктүн гана тушунда.
Өлбөстүк жолунда
Бир өмүрдү көз ирмемге сыйдырып,
Жашоо жолун өлүм кыя чаптыбы?
Койгон өңдүү мен теректи кыйдырып,
Билбей турам кантип көңүл айтууну.
Сан жылдарды сараң сапка сыйдырып,
Сен өмүрдү сараң болбой кыйдың, ие.
Ай жүздөрүн көз-жаш менен жуудуруп,
Кете бердиң туйбай такыр кайгыны, ээ.
Агат, агат, агат тынбай көздөн жаш,
Көз жаш менен өткөн өмүр кайрылбас.
Сепил болуп сенин жазган ырларың,
Өз элинен эзели эми айрылбас.
Бир өмүрдү бир ирмемге сыйдырып,
Ыйык жолду ажал кыя чаптыбы.
Адамзаттын бир барагы - сени айрып
Ажал мындан болдубу же бактылуу.
Жазган ырың жашаар эми - миң кайрык,
Мезгилдерди көзөп өтөр ыр сабың.
Ажал алып сенин аруу жаныңды,
Кыл буугандай токтотту ыр сабыңды.
Жарык көрбөс Мамытовдун жаңы ыры,
Эски ырыңда жашайт, бирок жаңыруу.
Кечир жеңе, салбай калдым топурак,
Билбей турам кантип көңүл айтууну.
Көкүрөктө көөнөрбөгөн ой турат:
"Ал өлгөн жок, кайып болду ата уулу!"
* * *
Тоонун башын ак буламык кар чалып,
Карандай суук эрмек кылат арчаны.
Тээ өрөөндө сары көйнөк кыз жүрөт,
... Булоо бүркүп, жер да балким чарчады.
Суунун башы тоңуп эми акырын,
Бопбоз кыроо басты жердин ой-кырын.
Эзген шамал жылаңачтап даракты,
Күүгө салып, созот кыштын той ырын.
Жайдак талаа, жайлоолор да ээн калып,
Кыш жакындайт чыкыроондоп, ээк салып.
Жай артынан күз да сапар карытат,
Токой алма, талаа дарбыз жыттанып.
Аз күн өтөт, аяз чыгат сахнага,
Айлананы бөлөйт ак кар - пахтага.
Жаз да, жай да, алтын күз да кечээки,
Кетип калган бөтөн-бөлөк жактарга.
Аяз менен кошо бийлейт балалык,
Кыш кызык да чана минип чапканга.
Күндөр кээде өтпөй такыр саналып,
Күч чыгарам сыя, кагаз, каламга.
Өмүр кышка калган өңдүү такалып,
Ой жүгүртөм ак олпокчон ааламга.
Жүзгө чыккан карыядан бата алып,
Жөнөйм жазга, жаз жыттанган калаама.
Кечээ жайдан, алтын күздөн кат алып,
Жообун жаздым сагынычтуу саламга.
Канча жолу кышты утурлап, каттадык
Кыш кыштыгын кылат дайым, сараң да.
Айдалыга өтүп күндүн аптабы,
- Ак жол берсин, - деп каалайлы адамга.
* * *
Бороон күнү таппай башбаанек,
Терезеге келип конгон чымчыктай.
Кыртышына али тамыр жая элек,
Жаңы тиккен жапжаш чырпыктай.
Эки жакты карап элеңдеп,
Турдуңар да үнсүз, унчукпай.
Тамашасын кара тагдырдын,
Көздөн учуп, карек талдырды.
Күчөйт кайра күсөө, сагынуу,
Көкүрөктү эзип кайгы-муң.
Бир бейдаба сындырбасын шагыңды,
Керек азыр мен силерден айрылуум.
Көрдүңөр да, жөнөп кеттиңер,
Канбай калды менин көксөө, моокумум.
Үмүт үзбөй, эми күткүлө!
Атар таңдын, атар аппак шоокуму.
Бүгүн түнү апапакай кар жаады
Чөнтөгүңөн түшүп калган акчага,
Кантип эле ичиң сыздап, ачышпайт?
А күн - өмүр татыбай бир тыйынга,
Биз чачабыз оңго-солго кочуштап.
Бир арзыбас иш бүтүрбөй быйыл да...
... Көздөн учуп турат бүгүн токоч нан.
Бүт өмүрүң бир күнчөлүк татыбай,
Изи да жок, өзү да жок дайынсыз.
Башты оорутуп, башты бөөдө катырбай,
Жашап өтөт ким турмушта айыңсыз?
Бир күн сени кучагына батырбай таштап кетет,
Жаткан жериң жайлуу, бирок жайытсыз.
Кор кармасаң көзгө түшөт чөп дагы,
Бөөдө өткөн күндөр кийин өкүнтөр.
Айтпасам да бир жаңы ой, кеп дагы,
Желге минип, житкен күнгө жетип көр!
... Бүгүн түнү апапакай кар жаады.
Жааган жамгыр карга айланып кетиптир.
Элетте
Карт тарыхтын барагында билинбей,
Канча, канча өмүр өчтү иңирдей?
Бирок эстен кетпей калган канча элес,
А канча элес кеткен колдун кириндей.
Адам - пенде кышка калган алча эмес,
Көкүрөгү бүт тытылган кийимдей.
- Жолоочунун жолдогусу жакшы, - деп
Кээде-кээде барып калам айылга.
Сылап беттен таза аба, таңкы илеп,
... Кыз-келини окшош аппак кайыңга.
Чай кайнатат апам улам отту үйлөп,
Аралашпай дейди ушак-айыңга.
- Көп жыл болду акка таңкыс биздин үй,
Жарыбадык... этке кетип1 күрөң уй...
Шүгүрчүлүк, дасторкондун көркү нан.
Атам айтат: "Апакеси чайдан куй!"
... Кайда каймак, кайда айран, кымыран,
Айырма жок элет-шаарда оо, кокуй!
* * *
Кан тамырдай тең жарышкан,
Эки зымдан,
Эки колдоп алып кубатты.
Шаар аралап,
Троллейбус чуркап баратты.
... Сезип-сезбей беймаал убакты,
Туюп-туйбай такыр уятты,
Жигит өбөт кыздын кызыл эринин.
Кыз жигитке берет кубатты.
... Эки зымдан алып кубатты,
Шаар аралап,
Троллейбус чуркап баратты.
* * *
Ар кимибиз жазсак жеке көйгөйдү,
Ал бирөөнүн көкүрөгүн өйкөйбү?!
Ара туулуп, араң-араң күн көргөн,
Арам, көпшөк, араңжан ыр көбөйдү.
- Эл иши, - деп, - эл үчүн, - деп эр өлгөн!
Элесин жаз колдон келсе айкөлдүн.
... Кайда сөзүң, кайда берген убадаң?
Айкелине колуң али тие элек.
Акталбастан дале сенин убадаң,
Талантың да жарык чачып, күйө элек.
Канча жолу гүлдөп өрүк, төктү гүл,
Сенин болсо мөмөң али түйө элек.
Таштасаңчы эртең, эртең бүтөттү,
- Бүтөт, - деген жообуң сени түгөттү.
Тартсаң тарткын, такыр тайманбай
Колдон келсе кереметтүү сүрөттү.
Көкүрөктө жүргөн сөздү айталбай,
Кабырга ооруп, канча-канча жыл өттү.
Ар кимибиз жазсак жеке көйгөйдү,
Ал бирөөнүн көкүрөгүн өйкөйбү?!
Эл тамырын, жер тамырын кармаган.
Ырга салып, ырда акылман айкөлдү!
Жылас болгур өмүр кайда калбаган,
Жасоо керек көөнөрбөгөн айкелди!
Толкундар
Толкунда кандай күч бар кудуреттүү?
Тынымга токтобойт түк аракети.
Болбосо жоокерлердей жанын кыйып,
Курман болуп кетеби көксөп жээкти?
Тизилип, катар сапка кабат-кабат,
Келатат учкаштырып бирин бири.
Көк жээктен көксөп, издеп нени табат,
Толкуса болбойт беле өлбөй тирүү?
Ой келет көңүлүмө мындай деген:
"Толкундар - сакчылары Ысык-Көлдүн.
Жылоолоп, түк жылдырбас жигер менен
Жашоого курман кылат өзүлөрүн".
* * *
Сен мага кеңеш бербе: "Көп оку!" - деп,
Акынды эли билет, жалган төрө.
- "Ырыңда жүрөк оту жок экен", - деп
Айтып кой, ачык кепти андан көрө.
- Турмушту үйрөнгүн!, - деп кеңеш бербе,
- Жазганың жалаң эле ток пейил - деп.
Ырларым күйүп отко, жуунуп терге жазылган.
Сен жүргөндө шаар сейилдеп.
Сен окуган китептин мазмундары,
Кол жетпеген жылдыздай асмандагы.
Эл аралап жашап көр мени менен,
Сүйүнөсүң жалгыз сөз тапсаң дагы.
Турмуштун үстүндө эмес, түпкүрүндө,
Жүрөктөн ырлар чыккан үшкүрүнө.
Каймагын калпып жеген күндөрүңдүн,
Алмашпайм, азаптуу акын, үч күнүнө.
Жасап жазган ырыңан, эгер билсең,
Жашап жазган ырларым күчтүү эмеспи.
* * *
Сабагынан алма алыс түшпөйбү?
- Атасынын өзү, - дешчү, - бүт пейли.
Кан майданда ажал менен алышып,
Мунжу болгон бир жоокерди эстей жүр.
Тартар азап, анда бүтпөй калгансып,
Баласынын түптүз жолун кесиптир.
Төрт жылы тең ок аралап, от кечип,
Секунд сайын ажал менен тиктешип.
Жеңиш менен жоокер кайткан болучу,
Тартар азап, тартар кайгы бүткөнсүп.
Тийип-тийбей душманынын огу ушу,
Кулады уулу, беймаал кезде бей насип.
- Сабагынан алма алыс түшпөйбү?
- Атасынын өзү, - дешчү, - бүт пейли.
Ата-бала тарткан азап окшошуп,
Тайкы тагдыр тузун гана жүктөйбү?
Учурашып, анан кайра коштошуп,
Күтөт, күтөт, качан бүтөт күтмөйү.
Ырыс жугуп, балким күнөө оошуп,
Муундан муунга кете берет бүт пейли.
* * *
Ачууланба акындын кылыгына,
От сураган ал сенден жылынууга.
Келаткан тээ көөнөдөн ата салты,
Көңүл бурбай калганбыз азыр буга.
Бирөө келсе үйүңө аттан алып,
Жай бошотчу төрүнөн жолоочуга.
Мен дагы жолоочу элем азган-тозгон,
Жол улап, соопчулукка колун созгон.
Тагдыр мага тандатпай жылуу жайды.
... Жайлуу жайды мен деле болжобогом.
Өмүрдү коштоп келет жалаң кайгы,
Жан барбы мусапырды кордобогон?
Ачууланба акындын кылыгына,
От сурагам мен сенден жылынууга.
Коломтодо жок болсо жаккан отуң,
Сөзүң жокпу жүрөктү жылытууга,
Черткилесем эшикти ачкан жоксуң,
Жолоочунун көкүрөк ыйын уга.
Боздоп бороон күчөсө андан бетер,
Тондон эмес ызгаары жандан өтөр.
Караңгыда кайыккан жолоочу бу,
Эсен болсо эңсеген жазга жетер.
Жалаа жапкан айыптан бошосо бу,
От бербеген кишини эркелетер.
* * *
- Акындар али жаза элек ырды, туя элек али туюмду,
Жазгым бар ырды, туйгум бар ошол туюмду.
Көрүнбөс көзгө, илинбес көзгө элести,
Көрсөткүм келет, көрсөтүү абдан кыйындыр.
Мээримим төгүп, мээримдүү кылып мерезди,
Тыйылар беле, - деп ойлойм, - адам ыйың бир.
Кутулбас куяң, айыкпас оору сыңары,
Түшүмдөн кээде чочутат неге ырлар бу?
Сагыныч мени саргайтты сары париктей,
Тумардай кылып тагынып албай Тумарды.
Түшүрүп ийип, таба албай калган шариктей,
Өңүм да өчүп, ай-жүздүн качты кунары.
Калп айтып кээде жаныңды, ырас, карайттым,
Эсеси анын башыма түшкөн мүшкүлбү?
Билбеймин азыр, тумандай ойлор тарайт тим,
Түгөнбөйт окшойт тагдырдын тайкы түрмөгү.
Кыялды кыйбас, максатты асыл кыйратты,
Жексурду кандай, көтөрүп жүрөт ким деги?
Муңайбас жанды, ыйлабас жанды ыйлатты,
Убалы кимге? Уругу куруп кетсе эгер.
Кылымдын кылы кыйшайбас эле, эгерим,
Кырылып кетсе, кырылып калса кыйды аттуу.
Көтөрүп кылым жүгүн
Кечээги өмүр күнүң,
Кайрылып келбейт бүгүн.
Өмүр - өткүн, мезгил - өткүн,
Аны кууп өтөм десең,
Жетпеске жетем десең,
Жүгүр, жүгүр!..
Жүз жылга, миң жылга,
Кетип кал, алдыга!
Көтөрүп кылым жүгүн.
Өмүрдү кыйып ийгин!
Жаныңды чалып ийгин курмандыкка!
Кечээки өткөн күнүң,
Кайрылып келбейт бүгүн.
Мезгил - өткүн, өмүр - өткүн.
Кууп өтөм десең,
Атылган октой түйүл!
Жалындап күй!
Бир өмүр татып кетсин миң өмүргө,
Миң көчөт өсүп чыксын өлүмүңө.
Күнүмдүк тиричиликтин,
Көнбөгүн көйгөйүнө.
Даяр тур адамзаттын тагдыры үчүн,
Көнөктөп жамгырдай төгүлүүгө.
Периште пендени сүй!
Токтоосуз токтотуп ий!
Колдон келсе -
Күнөөсүз адам каны төгүлүүдө.
Төгөрөктүн төрт бурчунда,
Санак жеткис сансыз санаа.
Дүйнө азыр турат калпыс,
Кыяматтын кылда учунда.
Кыйрабасын Жер-Эне,
Бузулбасын Жер-Уя,
Адамзаттын маңдайына бүткөн жалгыз.
Баарынан Эне алсыз,
Көзүнө жаш албасын!
Анын да баласы - пенде жалгыз.
Кылымдын кыйырынан,
Мен сени жолуктурам.
Жердешим, тоолук улан,
Мен сага сыймыктанам.
Көтөрүп кылым жүгүн,
Кыраан куш сызгын улам.
Эне-Жер алкайт сени,
Мен сага тизе бүгүп, таазим кылам.
* * *
Таза жүрүп, таза жашаган,
Арабызда көп, же аз адам.
Арасында сен да жүрөсүң,
Абай салып, аңдап карасам.
Тагдыр менен катуу күрөштүң...
Мен суктанам улам алга баратсаң.
Сени менен чогуу жашап жүрүү үчүн,
Умтуламын сага түшүмдө...
Сени менен колтукташып жүрүпмүн,
Кала берет мага ал түш күчүндө.
... Таза жүргөн, таза адамды сүйүпмүн,
Мен да сендей болсом кана, сүйүктүүм!
* * *
Абийир топтоп, намыс топтоп күкүмдөн,
Адам жоктур ырысына түкүргөн.
Бешенеге жазып койсо кантесиң?
Бүлүнсө эгер аруу ишиң бүтүргөн.
Канча адамды көрдүм кере үшкүргөн,
Ким аларды сууруп чыгат түпкүрдөн?
Кечээ көргөн опаа дүйнө бүгүн жок,
Бүтпөс ишти адам кана, бүтүргөн?
Болдино күзү
Өмүргө Болдинонун күзү келип,
Жүрөктүн эрибеген музу эриди.
Мээримин төгүп мага Пушкин өзү,
Ак батасын бергенсийт эркелетип.
Бешикте наристе - ыр уктап жатат,
Ыйласа акырын, жай терметели.
Келдиби, Болдинонун күзү мага,
Ыр жазам сүйүп мен да куштарлана.
Сүйлөшүп Пушкин менен, Гөте менен,
... Алыкул унчукпайт не туш жагымда.
- Көрө албай турабы?, - деп ойлоп кетем,
Кыргыздын каны согуп тамырында.
Гөте жок, Пушкин да жок, кетиштиби?
Болдино күзү турат. Алыкул тең экөөбүз,
Үн-сөзсүз, тиктешип олтурабыз.
Ордунан бир обдулуп, үшкүрүнөт.
"Акынга Болдинонун күзү келип,
Турганда, эми анын өзү келбей.
Жүрөгү сокпой неге токтоп калды,
Келбестей өтө алыс сапар алды.
Калды да Болдинону көзү көрбөй.
Сүйбөстү сүйгүзүп ал сөзү менен,
Жашаган өз элинин муңу менен.
Жалганга туруп тике кыры менен,
Жүрөктүн черткен назик кылы менен,
Жашаса болбойт беле акын өлбөй.
Толбосту кантип эми толтурабыз?
Болбосту кантип эми болтурабыз?
Жол тартып кетиптир да Жолон иним,
Жол тартып кетиптир да ишенгеним.
Колуңдан келээр бекен эми сенин?
Ушуга жооп таба албай үшкүрөмүн".
Болдино күзү турат. Алыкул, мен - экөөбүз,
Үн-сөзсүз, маңдай-тескей олтурабыз.
- Толбосту толтурабыз, болбосту болтурабыз,
Өмүрдү сайып коюп, ыр жазабыз.
Бушайман жебе, Алыкул, үшкүрүнүп,
Турасың мага азыр түш көрүнүп.
Өмүргө Болдинонун келди күзү,
Батасын берди мага Пушкин өзү,
Көөдөндөн турат азыр ыр төгүлүп.
* * *
Төрт мезгил - бир пенденин бүт өмүрү,
Бу жашоо төрт мезгилге бөлүнөбү?
Балалык - там-туң баскан бөбөк беле?
Ал мага жазга окшоп көрүнөбү?
Томуктай булуту жок, көкмөк асман,
Туптунук, балачагым бейкүнөөлүү.
Бу дүйнө күнгө төнүп, гүлгө төнүп,
Бу аалам жаңы гана төрөлгөнсүп.
Айтканга алымсынбай алып учат,
Акыйкат сөздөр дагы төгүндөлүп.
Айкалып эки башка эки кучак,
Жай жаздан күзгө барат бөлүнгөнсүп.
Колуңдан баары келер курактагы,
Мөмөсүн көтөрө албайт дарак дагы.
Жигериң мелт-калт толуп көкүрөккө,
Жылдызга кол сунасың асмандагы.
... Таң калып тырыш баскан иреңиңе,
Кыш келет өмүрүңө качсаң дагы.
* * *
Күн аптабы куйкалабай даракты,
Шамал дагы уйпалабай жадатчу.
Айы-күнү жетип калган аялдай,
Ай талаада айыбы жок күз жатты.
Жумшак жели сылап беттен аярлай,
... Кыз келатат сары көйнөк ызааттуу.
Жаз да, жай да ага такыр көз артып.
Токой азыр сапсары жез теңгедей,
... Бирок, мага жашыл көйнөк жаз артык.
* * *
Кутулуп ушул жердин тозогунан,
Кутулуп ушул жердин асманынан.
Туз буйруп кайсы күнү жолугабыз,
... Даам сызам качан сенин дасмалыңан.
Жолукчу күнгө, жаным, шашылабыз,
Келечек мынча неге кызык улам?
Экөөбүз эки бийик ашуудабыз,
Күткөн күн мынча узарып, созулбаган.
Эрте-кеч сурамжылап чарчаткандыр,
Кусаңы күчөткөндүр кошуна улам.
... А бүгүн саргаябыз сагынычтан,
Данектей бир тарс этип жарыла албай.
Түшүмө кирет ар түн жалгыз атчан,
Жол тосуп уулун күткөн карыядай.
* * *
Ким билет эртең, эртеге,
Күн - өмүр кандай болорун?
Болгондой баары кечээ эле,
- Ажалга, - дейбиз, - жок орун.
Бу турмуш - эрөөл талаадыр,
А жашоо, балким, зор оюн.
* * *
Жазда дарак үмүт менен,
Байлайт жашыл жалбырак.
Күздө дарак күмүш кийген,
Кийиминен айрылат.
Күзөтчүдөй түн күзөткөн,
Кышты күтүп жалдырайт.
... Пейзаж тарткан сүрөтчүбү?
Ала сакал тал турат.
Көңүлүндө күдөр үзбөй,
Көктөмүнө умтулат.
Күн - айлампа, баары келип,
Айлампага тутулат.
Айгүл Узаковага
Көңүл калып, балким, аруу сүйүүдөн,
Байкуш жүрөк чындап эле үшүгөн.
Түгөйүнөн айрылган ак кептердей,
Тур, эсенсиң, муң-кайгыга мүгүбө!
Көңүл калса калгандыр ким бирөөдөн,
Күдөр үзбө, бирок улуу-кичүүдөн.
Чанып кетип, кайра ырга келгендей,
Сен сүйүүгө келериңе ишенем!
* * *
- Ата!, - деген үнүңдөн айланайын,
Эт-жүрөгүм эзилип кетет окшойт.
Жетпей турам мен сага, айла барбы?
Көкүрөгүм көк түтүн, кетем онтоп.
Билбейсиң ээ, сен азыр жокту-барды,
... Мезгил өтөр, бу күндөр жомок болот.
Байлап коюп балалык бактыңарды,
Тагдыр мени азгырып кеткен беле?
Мөмөсү жок, мөгдөгөн бак сыңары,
Көнбөйт адам капастын тартибине,
Жолугаар күн кайдасың, шаштыралы.
... Маңдай-тескей олтурсак эртең эле.
- Ата!, - деген үнүңдөн кагылайын,
Эт-жүрөгүм эзилет сагынычтан.
Учуп жетсем кана эми, айла барбы?
Таш боор тагдыр мынчалык жаңылышкан.
... Бирге жиреп барарбыз аппак карды,
Унутулар бу күндөр сагынышкан!
* * *
Мен жактырып, тандабагам бу жолду,
Тек, тагдырга баш ийесиң, айласыз.
Тээ түпкүрдө ыйлап жүрөк, кор болду.
Жип чириген, үзүлдү да байланыш,
Өттү-кетти күлкү-өмүрдүн бир доору.
Болбос эми кайра баарын кайтарыш.
Жакшылыкка жүрчү элек го түш жоруп,
Кагылайын караандарым - кайдабыз?
Бар туруп биз, көздөн учуп жоголдук,
Айткан менен арман ичте, пайдасыз.
Жоокерлери чаап кеткен моңголдун,
Айыл, шаардай - үмүт, максат кыйраган,
Көңүлдө муз, азыр мага жай да кыш.
* * *
Суу түбүнө чүмкүчүбүз,
- Ким чыдайт, - деп, - эң узак?
Санаа кайда, күлкүчүбүз,
Бала элек да чыт курсак.
Жарым мүнөт - бар күчүбүз,
Дем алалбай ким чыдайт?
А мен кечээ тээ түпкүрдөн,
Чыктым таштай атылып.
Көңүл куштай жеңилдеген,
Кайгы да жок, жок да, бирок каткырык.
Кубанбадым чын дилимен,
Кесилгем да ак туруп.
* * *
Таң да атат, кеч кирет,
Күн карматпайт эч кимге.
Жаңырат да, эскирет,
... Адам эски кийимби?!
Эртеңкилер эстүрөөк,
Мөмөлүү шак ийилди.
Уулум отту өчүрбө,
Болгун менден бийик дагы күчтүрөөк,
Жандан бүткөн жалгыз сенсиң көчүрмөм.
* * *
... А мен кайра мурдагымдай март бойдон,
Көктөмдөгү кара жаандай төгүлдүм.
Көкүрөктөн кетпес, кетпес дарт, оору.
Унутармын, балким-балким тоо гүлүн,
Миң жашаса тарп талашкан карт жоору,
Бир жыргалын билбес, билбес бөрүнүн.
Биринчи эмес бар болуу да, жоголуу,
Жол тарткандын ордун басат бир наристе төрөлүп.
... Бүгүн жашоо мынча чалкеш, коогалуу,
Эл тынчыбай, турат жер да термелип.
Биз кетебиз, биз өтөбүз, тоо калып,
Ырыс качып, бизден оомат ооганбы?
Кайда азыр, достук, достук саамалык?
Биз чындыкка кошуп алып жалганды.
Кечээ эле биз жаш да элек, мас элек,
Көчөт элек али гүлүн ача элек.
Биз балапан, темир канат талпынган,
Канат сермеп али көккө уча элек.
... Бу турмуштан көңүл калып, жалкыган,
Жаш ортосу... Кубанычтан ыза көп.
Мезгил - кеме көк деңизде чалкыган,
Биз убара... кумду жүктөп, туз жүктөп.
* * *
Чарчадыңбы, ай наристе, Нариме,
Жүргөн элең кечээ эле жүгүрүп.
Кырсык келип элиң менен жериңе,
... Бүт баарыбыз мүңкүрөрүн мүңкүрөп.
Аман калсаң болбос беле, эмине?
Өзүң менен кошо апаңды күлдүрүп.
Чарчадыңбы, ай Нариме, наристем,
Жерден бооруң көтөрүлүп жаңы эле.
... Ата-энең да аза күтүп танды эстен,
Сенден таттуу дагы эмне бар эле?
Учуп кеттиң келип неге, келбестен?
Мен сен үчүн кимди дагы жемелейм.
Чарчадыңбы, ай наристе, Нариме,
Каңырыкты түтөттүң, көкүрөктү жарып, ээ.
Бу кырсыкка такыр айла жок белем,
... Күн элесиң калып калды каректе.
Боздоп ыйлайт, жоктоп ыйлайт энекең,
Ай элесиң жашайт эми жүрөктө.
Чарчадыңбы, ай Нариме, наристем,
Үнүң чыкпай калды эми дализден.
Жер сыйпалап издегендей ийнени,
Сен жашаган татынакай үйдү издейм.
* * *
Чабалекей бир бечара бейкүнөө,
Ашык болбойт анын эч ким көркүнө.
Адамдардын мээримине бөлөнүп,
Уя салат дализге эмес, төркү үйгө.
Ошол үйдө балапаны торолуп,
Учуп кетет анан бир күн эркин ээ!
Жөргөмүштүн желесине оролуп,
Уя калат унутулуп төркү үйдө.
... Этиет бол, узак-узак, жол алыс!
Назик элең, суук өтпөсүн өпкөңө!
Ким бересе, ким аласа, ким карыз?
Жалгыз уя күтөт кимди четки үйдө?
Намашам гүл
Бажырайып ачылбай күн нуруна,
Күн нурунан жашынган бу кандай гүл?
Толсом дагы мен сенин купулуңа,
Сайрасам да булбулдай безенип бир.
Шылтоо издеп сен менден кутулууга,
Жүз үйүрдүң неге эми намашам гүл?
Намазшам гүл кеч күүгүм, ире-шере
Бажырайып ачылдың кимге ишене?
Мупмуздак ай нуруна жүзүң чайып,
Куштар кылдың жүрөктү сен өзүңө.
Балким, сага айлуу түн бу ажайып,
Жалгыз сага жар болуп теңешеби?
Күн нурундай мээрим төксөм сага мен,
Берсем сага ак сүйүүмдү туптунук.
Сен менден жашынасың намашам гүл,
Жылытпаган жүрөктү айга умтулуп.
Оо, сага түшүнбөдүм... тамаша бул,
Тагдыр бизди турса да жолуктуруп,
Качасың неге менден түнгө буурул?
* * *
Тири укмуштуу түш көргөндөй,
Өттү, кетти эки жыл.
Элеги жок эл ичинде,
мен жөнүндө,
айтылгандыр кеп ар кыл.
Болбойт беле жай жүргөндө?
болбойт беле таптакыр?
Жаралгандай ит үргөнгө,
Шамал дагы жүгүргөнгө.
Ким кутулган качып сенден оо, тагдыр!
Эгер билсек эртең эмне болорун,
Үйдөн чыкпай койбойт белек таптакыр.
Айтышкандай менин орус боорлорум:
"Жыгыларды билсем саман төшөп коймокмун".
Алдын ала чийип өмүр долбоорун,
Чыкчу жерге чыгып деле бармакмын.
Анда жашоо окшош болуп коөндой,
Айырмасы болор беле эстүү менен акмактын.
Бар да болбой, бир да нерсе жоголбой,
Фигурасы тура бермек шахматтын.
Кимге дагы жагынмаксың корголой,
Кимден дагы көз жаш агып шорголой.
Безеленген булбул үнүн ким укмак?
Кимге керек, керек беле боз торгой?
Өткөн менен кеткенди бүт унутсак,
Эл дагы анда эрмен болмок эл болбой.
Тири укмуштуу түш көргөндөй,
Өттү, кетти эки жыл.
Элеги жок эл ичинде,
мен жөнүндө,
айтылгандыр кеп ар кыл.
Эрте келип, кечигүүгө,
Жол жок беле таптакыр?
Баштан өткөн азапты бул
Түк бербесин эч кимге.
Мага берсе керек балким,
- Акын болсун!, - деп тагдыр.
* * *
- Көйнөгүңө конуп калса көпөлөк, -
деп айтышат, - бүгүн сага кат келет.
Жөрөлгөнү кабыл алган ким мындай,
Оо, бул жерде шарт да бөлөк, салт бөлөк.
Бир жакшылык болсо, кокус, кымындай,
Көңүл учат куштай бийик көкөлөп.
Бүгүн келет, эртең келет... кат келет,
Үмүт менен кечке жашап, күн "өлөт".
Чээнге кирип кетишкенби аюудай,
Мен силерге капаланам, күнөөлөп.
Биротоло кечип дагы, кыялбай,
... Күндөр өтүп, өмүр четтен өөнөлөт.
Көйнөгүмө консо деле көпөлөк,
Сенден дале кат алиге келе элек.
- Балким, эртең... түңүлбө! - деп өзүмө,
Жазар, - деймин бала-чака эркелеп.
... Кайгы-капа эрип кетер сөзүңө,
Бир аз чыда, кар да али кете элек!
Жарыма
Мелт-калт эле бак-таалайдын чөйчөгү,
Турмуш дагы ачык эле чайыттай.
Кайда, кайда жаштыгыбыз кечээги?
Бир көрүнүп, көрүнбөгөн кайыктай.
Бармак тиштеп олтурабыз, кеч эми,
Жүрөктөгү жараат эми айыкпайт.
Жүрөктөгү жараат эми айыкпайт,
Тагдыр - толкун айдайт жалгыз кайыкты.
Билбейм сүйүү кимибизди айыптайт,
Турмуш дагы кыйнайбы алсыз майыпты?
... Уктаарыңда кучагыңды жайып жат!
Кучагыңа кучак толсо айыппы?
Чыгып-чыкпай түнт токойдон, чытырман,
Ашуу алдында турабыз биз калтырап.
Сен да суран, мен да өтүнөм тагдырдан,
Жолугууну берсин бизге батыраак.
Отту өчүрбө очоктогу жагылган!
Жаз келе элек босогодо кыш турат.
Көктөм келер жашыл кымкап жамынган,
Кызыл-тазыл гүлгө оронор туш тарап.
... Өзүбүзгө батпай кетсек чатырап,
Күндү эстейли зарлап күткөн, сагынган.
Ысык-Көлдүн сүйүүсү
Сынчы жок Ысык-Көлдөй акын үчүн,
Ыр арнайт, сынайм мен да талант күчүн.
Төгүлөйүн келчи илхам, берчи канат,
Бир чечилип чертейин жүрөк күүсүн.
Көңүлдүн кең дүйнөгө мооку канбайт,
Көлгө да чаңкоом канбай жүрөттүрмүн.
Шашылса жолугууга кечиккендей,
Кечиксең жүрөк үнүн эшиткендей.
Жүрөгүм көрүшөрдө туйлап алат,
Күтүлбөс жерден карп-күрп кезиккендей.
Сезимди түбөлүккө байлап алат,
Эзелки, эсил кеткен сүйүктүүмдөй.
Көрүнүп көрүнбөстөн баш-аягы,
Бир жагы бир жагына кыйшаябы?
Толкуса тогуз кабат боюн тосуп,
Добушун дилгирленип тоо угабы?..
Селт этип бир көз ирмем алат чочуп,
Койнунан Ысык-Көлдүн үн чыгабы?
- Көк асмандан бөлүнүп калган элем,
Мен дагы тээ илгери асман элем.
"Кыргыз" деген бир элдин тоолоруна,
Жүрөк сырын жашыруун ачкан элем.
Бороон, шамал ылайым оңбосун аа...
Айың кепке ишенип, айдап ийген.
Ошол күндөн ушул күн бороон менен,
Ошол күндөн ушул күн шамал менен,
Мен күрөшөм жеңилип-жеңилбестен.
Бороон мени сапырса кышы-жайын,
Шамал айдайт бетиме толкундарын.
Айлам куруп, алсырап калган кезде,
Суу ууртатат тоолорум - сүйгөн жарым.
Кубат берип тоо суусу өмүрүмө,
Кулпурамын окшошуп тоо гүлүнө.
Бороон менен шамалдын алы жетпей,
Тоого асылат жетүү үчүн тилегине.
Кышы-жайы чокудан мөңгү кетпей,
Канын берип турат тоом жүрөгүмө.
Жай саратан. Күзгүдөн көрүндүм бир,
Тааный албай турдум мен өзүмдү өзүм.
Жубар өңгө түшүптүр ала сепкил,
Ачыла да баштаптыр этек-жеңим.
Көз алдымда тургандай кары кемпир,
Кайгы каптап калыптыр каректерим.
Кечээ эле перидей мөлтүрөсөм,
Кучагымда ойносо Асан-Үсөн.
Каканактап карегим соолуп барат,
Жүргөн менен жан сактап аман-эсен.
Көтөрүлүп кетейин асманыма,
Кагылайын тоолорум чанып жүрсөң.
Келбей калды мүрөк-сууң, ачкамын аа...
Сен соолутуп бир күнү өлтүрөсүң.
Шамал менен келишип алгандырсың,
Бооруң ачып жаткандыр бороонго же?
Мени сүйбөй, а балким чангандырсың,
Баш ийдиңби тагдырга менден эрте?
Ак булутту же сүйүп калгандырсың,
Саамайыңды ал назик сылап өтсө..."
Тоо башынан чагылганы жарк этип,
Көздөн жашын төгүп ийет көлүнө.
Көл ансайын кылыктана, жалт этип,
Толкундары чачын тарап, өрүүдө.
Улуу тоонун көңүлүнө шек кетип,
Араң турат мөңгүлөр бүт эрүүгө.
Бирок, бирок мүрөк суусу азайып,
Көлдүн бою улам барат пасайып.
Алыс кетип кечээ турган жээгинен,
Куниктенип барат өңү ажайып.
Сыгып берип бүт кубатын сөөгүнөн,
Тоосу самайт күлсө экен деп жылмайып.
А көл болсо өңдөн азып токтобой,
Ажарынан улам барат ажырап.
Тоонун суусу көлдү эстеп жоктобой,
Агат, агат, агаар жагы кайсы жак?
Алган адам аны байлап ноктолой,
... Көлдүн болсо тамчы суудан көзү учат.
Улуу тоонун, көлдүн ыйык сүйүүсү,
Бүтүп барат кайгылуу да, кейиштүү.
Адам-ата сүйүп Обо-энени,
Чындап эле таштаганбы бейишти?
Көл баянын а биз тамам этели,
А бул баян уланууда кейиштүү.
Көк асманга көл айланып кетеби?
Кадырына Ысык-Көлдүн жетели.
Кана айтчы, замандашым кеңеш бер,
Жер кареги,
Эл кареги эми соолуп кетеби?!
* * *
Күздөгү суу мынча тунук болобу?
Карегиндей сулуу кыздын мөлтүрөп.
Кимге арнап жаздым билбейм бул ырды,
Дартымды айтам кимге дагы элжиреп.
... Эске түшөт жаздын күнү жамгырлуу
Сөөктөн өткөн... плащ болчу эскирээк.
Ким билиптир:
бешенеге жазылган бу тагдырды?
Өзүбүзгө кыйла-кыйла эстүү элек.
Кереги не өткөндү эстеп кайгыруу,
Суудай кайра тунабызбы мөлтүрөп?
Бу турмушта жолугуу бар, айрылуу,
Бир көтөрсө акын, жүрөк көтөрөт.
Сезсем дагы мен өзүмдүн айбымды,
А мен сага айтпаптырмын "кечир" деп.
Сен бирөөнүн сүйгөн жары, зайыбы,
- Экөөбүздүн үй-бүлөбүз бир бөлөк.
Кимге айтамын кайгымды, муң-зарымды?
Ачууланам, кимди дагы күнөөлөп?
Жашоо кээде эске салат базарды,
Бирок турмуш андан түстүү, түрдүүрөк.
Жаздым неге билбей ушул казалды,
- Уктабайын, - дедимби же, - үргүлөп.
Канткен менен жүрөк, дилим тазарды,
Жамгыр жаады, чагылган да күлдүрөйт.
... Эстейм дагы мен классташ кыздарды,
... А Мыктыбек күлбөгөндү күлдүрөт.
Кийин, кийин жүрөк минтип сыздаарын,
Билсе Кайрат, жалгыз Кайрат бир билет.
Көкүрөктүн билсем дагы муздаарын,
Сүйлөшкүм бар аны менен соңку ирет.
... Эске түшөт жаздын күнү жамгырлуу,
Сөөктөн өттү... плащ дагы эски эле.
Кереги не өткөндү эстеп, кайгыруу?
Сапар карып, күн да батат, кеч кирет.
Бу турмушта айрылуу бар, жолугуу,
Телегейи тегиз эмес эч бирөө.
* * *
Эки өзөндөн агып түшкөн эки суу,
Кара-Үңкүргө кайдан келип кошулган?
Күндү эстеп сен экөөбүз жолукчу,
Мен чыга албай турам чыкчу ашууга.
Көз жашыңдын куюлганын, колуктум,
Көргөндүр ээ, саа жан тарткан кошуна.
Сопсоо элек, тагдыр бизди оорутту,
Жаңы гана кыз көргөндө жакшына.
Көрбөй калдым там-туң баскан бөбөктү,
Укпай калдым күлкүсү анын чыкканын.
Ыңааласа бешикти ким терметти?
Ыйладыңбы, жоктоп мени, муңканып.
Бопбоз болуп жашыл кийген жер бети,
Кеттиби аны бир заматта өрт алып.
Тагдыр бизди кургатты да, тердетти,
А мен жалгыз... Үйдө калган төрт карып.
Туман тарап, тоолор кайра көрүнөт,
Так төбөдөн күндүн нуру төгүлөт.
Ай талаада ыңкыйт буудай быйылкы,
Ала жазда, эң эле эрте эгилген.
Балким сүйүү, балким перзент ыйыктыр.
- Үйгө кеттик, - дешет тартып жеңимден.
Өмүр куту, сендей асыл зайыпты,
Зар какшатып ыйлатпасмын эми мен.
Кантария, Егоровдой сайып туу,
Мен кайгыны жоготомун өмүрдөн.
Атадан калган туяк бар
Таякем Болоттун жаркын элесине
Эбаккы кайгылуу күн түшүп эске,
Мен кызык болуп жүрдүм бүгүн кечке.
... Келбес сапар аттанып Болот тайкем,
Көз жумуптур мен жетип келгичекти.
Муң-кайгыга топтоло ушул аалам
- Мен өлсөм болбойт беле,
Сен байкуш өлгүчөктү...
... Семетей таштаптыр ээ, Айчүрөктү.
Көз ирмемге сыйып-сыйбай канча жыл,
Канча жылдар бизден кетип калыптыр.
Жеңем байкуш кайра төшөк жаңыртпай,
... Кечиресиз минтип айтуу айыптыр.
Калагы жок көлдө сүзгөн кайыктай,
Туюп-туйбай мындай асыл зайыпты,
... Арак менен күн өтүптүр кеп укпай.
Көзү өткөн соң, кеп айтылбайт: "Жаман", - деп,
Ал жамандан бу жалганда жаман көп.
Алты саны аман жүргөн адамдан,
Мага тайкем туу чокудай көрүнөт.
Бул турмушка ал эртерээк жаралган,
Байлык күтүп, атак күтүп арамдан,
Булганбастан кетип калган эртерээк.
Досторуңуз кыйышпаган түбөлүк,
Кеткен күнү кеткен алар бөлүнүп.
Эстегени эстегендир, калп айтпайм,
Көз көрсөтөт кээде-кээде көрүнүп.
Эл аралап жүргөн болсоң кайтадан,
Сен жашасаң чачылып да, төгүлүп.
Айырмасы болбой кара каргадан,
Калар эле ак өргөңдө үйүлүп,
... Келбейсиң да билем кайра тирилип.
Жалгыз уулуң - калган туяк атадан,
Адам болот, кепил түшүп айта алам.
Жеңем байкуш жөлөп-таяп жетелеп,
Эл таанытып, жер таанытты - алты аалам.
Кайгы-азапты көтөрсө жер көтөрөт,
Набыт кеткен бир кайгыдан канча адам.
Бир жеңемден башка болсо "эстүүрөк",
Башка өмүрдү баштайт беле кайтадан.
Бала чактан бирге ойноп, чоңойгон,
Досторуңуз: Шайлоо, Төлөн "чоңойгон".
Көтөрүмүш болуп калат деп угам,
... Көңүлдү улап кээде чалып телефон.
Күйүп-күйбөй бир бирине бир тууган,
Мээрим кетип, боорукерлик жоголгон.
- Туюп муну туруп келсең уйкудан,
Сиз тааныбай каласызбы, - деп корком.
Жакшылык иш акча-пулга сатылып,
Жамандык иш акча-пулга катылып.
Элдин пири, элдин уулу болгондун,
Кээ бирөөсү кеткен эле атылып.
... А мен болсо азиз-ыйык жолдомун
Сизге айта албай турам азыр батынып.
Буту сынып, сиздин кунан-жоргонун,
Боздоп жүрөт "бейиш" жерде аты улук.
Куру доомат, жалаа менен кор болуп,
Жүргөн жери сизге жакын, туңгуюк.
Ортосунда өмүр менен ажалдын,
Уккансызбы, бир укмуштуу жер барын?
Ошол жерде ооп-кыйрап, жыгылып,
Көргөнсүзбү адам-пенде жашаарын?
... Болсо күнөө моюнда бир кылчалык,
Мейли сайса, сайсын дейсиң канжарын.
Бир наадандар жүрсө сени кул кылып,
Булганбайбы абийир, аруу кан-жаның.
Сиз баштаган аруулуктун күрөшү,
Бир жеңилип, кайра жеңип келатат.
Болбосо да менде мыкты сүрөөчү,
Билем мага, бүгүн-эртең таң атат.
Кыйратамын кыйрабаган тирөөчтү,
Мага өзүң кубат бергин, бер кайрат!
Жакшылыкка чаап жиберип жүрөктү,
Жамандыкты тебелеймин майкандап.
Мен ырларды окуп кайра сиз жазган,
Эт жегендей болдум жакшы туздалган.
Даамы кетпей турат дале тилимде,
... Калем сабың турат үйдө учталган.
Бир айбыкпай ажал менен өлүмдөн,
Бир кызгансам мен калемди кызганам,
Ордун таппай калган биздин өмүрдөн.
Уул-кызыңдын бирөө эгерде ыр жазса,
Сизди тирүү жүрөт эле дээр элем.
Ырыңызды жазып бизге калтырган,
Табылбады, кээси гана табылды.
Досторуңуз алып кеткен чыгарма,
Билбейм азыр кимде, кайта катылган?
Чыкпай калган ырларыңыз чыгарда,
Чыккынчыдай балким-балким атылган.
"Актап", "көктөп", тактап дагы калганын,
Топтой албай койдум, ушул арманым.
Канча жылдар күйүп-бышып жүгүрдүм,
Сизди сыйлап, сыйлап тайке арбагын.
Жеңем мени көргөн сайын жаш төгүп,
Ыйлайт экен эстеп алып Болотун.
Кайдан дагы калган элем окшошуп,
Каарманындай эзелки бир жомоктун.
Жеңем эмес бүт балдарың жоктошуп,
Эски дартты далай-далай козгопмун.
... Барбы бизде, тайке, кандай окшоштук?
Ыр жазчумун мен да: "Сиздей болом!", - деп.
Кийин мен да дал өзүңүз сыңары,
Үйүр алып кеттим кызыл гезитке.
... Жаш акындын чыгып-чыкпай ырлары,
Бечел бойдон жатып калган бешикте.
Көп жыл өтүп көкүрөктү кыйнаарын,
Кайдан билдим ачарды бу эшикти?
Ырлар мени сүйгөнүндөй сыйлаарын,
Билбептирмин, кечигээрин кечиктим.
Мен сизчилеп чачкан жокмун таруудай,
Жөндөмүмдү, шыгымды да курулай.
Таппай жүрүп өз үнүмү, жолуму,
Өтүп кеткен, өтүп кеткен жыл далай.
Бирок менин арак болбой эрмегим,
Эрте конуп эрке башка бак-таалай,
Билбей калгам ырдын кимге керегин.
... Бар эле да кабарчылык өнөрүм.
- Күйгөн катын кошокчу, - деп айтышат,
Балким, мында бардыр негиз, акыйкат.
Күйгөнүмдөн, бирок жазбай ырларды,
Сүйгөнүмөн жазгам ооба, ырларды.
Бу өмүрдө ошол арзуу эң кымбат,
Жүрөгүңдө турса боздоп, ал ыйлап,
Ырлар, ырлар алар түбү жазылат.
Айтпай койсом болмок сизге көйгөйдү,
Өткөн жандын көкүрөгүн өйкөйбү?
Бирок менин жан дүйнөмү түшүнгөн,
Жакшы адамга айткың келет күйгөндү.
Дос-жолдоштун, бир туугандын ичинен,
Билсе билер баркын кантип сүйгөндүн.
Уютку алып, мен махабат күчүнөн,
Ырлар жаздым, ырдан таптым түгөйдү.
Кызык, алган жарың кызыл-суулук болучу,
Мага дагы кызыл-суулук жолукту.
Жесир калса жеңем байкуш түбөлүк,
Менин жарым күтүп жүрөк оорутту.
Бактыбыз да окшоп биздин бүлөлүк,
Бизди тагдыр неге мынча окшотту?
Сүйлөсөк да акыйкатты сүйлөдүк,
Бизди турмуш далай-далай боздотту.
Көргөн сайын жеңем мени сизди эстеп,
Азыр деле ичтен сызып, жаш төгөт.
Ошондонбу көзүнө көп көрүнбөй,
Мен өзүмчө жүрөм күйүп, жан түтөп.
Ортобузда таза сезим, туугандык,
Туугандыкты туу тутунуп, туу кылдык.
Өз эжемден артык көрүп мен сизди,
Таазим кылам адамдыкка баш ийип.
Жесир-жетим деп айта алат ким сизди?
Айтса бирөө сизди кокус кемсинтип,
Топурагын берүү керек бек түйүп.
Көзү өткөнгө жыл айланып, айланбай,
Оту күйгөн коломтого байланбай.
Этек толо кызыл чие балдарын,
Таштап кеткен аял жокпу? Бар мындай.
Тагдыр, билбейм кимди кандай тандаарын,
Көзү барда бир бирине алтындай,
Көзү жокто урат канжар, шамшарын.
Топтоголок калган жетим балдардын,
Убал-сообу ойлонтпойбу аларды?
Өмүр берсе жетилишер бир күнү,
Унутулуп муңдуу күндүн уу-зары.
Угуп алар шаңшып чыккан күлкүнү,
Бака-шака кайнаар жашоо базары.
... А күкүктүн кетип эми көркөмү
Өтөт, өтөт перзенттердин азап менен назары.
Уулду үйлөп, кыз чыгарып сиз бүгүн,
Келатасыз тартып турмуш оор жүгүн.
Эл ичинде жашаганга асыл зат,
Асыл заттын барлыгына сүйүнгүн.
Ушул саптар сизге арналып жазылат,
Эстелиги болсун адал сүйүүнүн.
... Өмүр жолу бүтө элек да, али узак,
Таазим сизге, мен башымды ийемин.
Алдыбызда канча капкан, жар турат,
Аман болуп,
Адам бойдон калалы деп тилеймин!
* * *
Эт-жүрөгүм эжигейдей эзилип,
Бир ай өттү бир кылымдай сезилип.
Кечээ эле жашыл эле бак-дарак,
... Жайдакталды жалбырагы үзүлүп.
Аруу жуунган, ак шоолалуу сен тарап,
Көрүнөсүң ак куу сымак сүзүлүп.
Күтөсүң, ээ, жаным, күндө жол карап,
А мен болсо кечиккенден кечигип...
Жөргөмүштүн желесинен чыга албай,
Жан талашкам миң тирилип, миң өлүп.
Балдарымдын ый-күлкүсүн уга албай,
... Олтурамын түпсүз түндөй түнөрүп.
Очоктогу суу отунду жага албай,
Нур төгүлгөн күндө мынча жүдөдүк.
Чыркырайт да торго түшкөн жагалмай,
... А булбулдун үнүндө жок күнөө түк.
Буркан-шаркан түшкөн суудай агалбай,
Дымып турам,
Узак эмес ошол тыным мүнөттүк.
Жөргөмүштүн желесинен чыга албай,
Жан талашам миң тирилип, миң өлүп.
* * *
Ушунчалык укмуштай суук кабарды,
Угузбасын шор пендеге эгерим.
Бирөө бүтүп узак өмүр-сапарды,
Чаңкай түштө келди ага ак өлүм.
Оо, бир боорум, боздобо эми сабыр кыл!
Бизге деле өлүм келет эрте-кеч.
Аза күнү айтуу кыйын сага акыл,
Өлүм эски, жашоо жаңы нерсе эмес.
Адамынан ажыраса эң жакын,
Айтар кеп го: "Аттиң, арман, эрте өлдү".
Макул болбой мыйзамга биз таптакыр
Деп ыйлайбыз: "Неге, неге төрөлдү?".
Туйбай дагы бу жашоонун аптабын,
Эңшерилип турат бир жак капталым.
Кантип сага, кантип көңүл айтуунун?
Ыгын ойлоп, ылайыгын таппадым.
... Ай, өзүмдө бошоп барат кайта муун,
Жалгыз турат ат байланбай ак мамы.
Бир канаты сынып калып ак куунун,
Бир жылдыздан айрылды ээ асман бу.
Арамдык жок, адалдыкты туу кылып,
Тууган жердин топурагын жазданды...
* * *
Күлгөнүң сенин күлкүсү тунук булактан,
Сезилчү үнүң үнүндөй назик кыяктын.
Жыргатып жанды, эритип жанды эче ирет,
Ооруттуң жанды, өзүңдөн кайра айыктым.
Убакыт өтүп, кайгыны мезгил өчүрөт.
Алыскы көлдө жапжалгыз, жалгыз кайыкты,
Калаксыз айдап, калаксыз аны ким минет?
Угулбай үнүң булактын көзү бүтөлдү,
Кыяктын үнү элиртпей дагы жүрөктү.
Кыяк да, максат, бейкүнөө сүйүү - бүт өлдү,
... Араңжан адам, адаммын араң түспөлдүү.
Сен көрдүң беле өлгөн, жан, шейит сүрөтүн,
Оюмду онго, санаамды санга ким бөлдү?
Көөнөдөн бүткөн көңүлдө билбейм жүрөт ким?
Кайрадан сага, жолукпай сага өтөмбү?
Жолугар күндү, кездешер күндү билет ким?
Булактын тунук күлкүсүн кайра, күлкүңдү кайра угамбы?
Угамбы үнүн-кыяктын үнүн мукамдуу?
Ким эстейт мени, ким мени эстен чыгарды?
Араба тартып бараткан алсыз унааны.
Кудаага шүгүр! Кармалап коөм жакамды,
... Эпкини тийип, аскадан бир таш кулады.
Коркпогон жүрөк алкымга келип такалды,
Алактап учуп кетти да кузгун-кулаалы.
Эритип эми көк музду дагы, ак карды,
Жаз келсе кайра булбулдун үнүн,
булактын үнүн угамбы?
* * *
Жакшы айтышып, жаман дагы айтышып,
Тууган адам туугандыктан кайтышып.
Көрүп-билип турсак дагы жалганды,
Көрмөксөнгө салып келдик канча жыл?
Бечел кылып билеги жоон балбанды,
Канатсызга канат берип учурдук.
- Ак ийилет, түбөлүгү сынбайт, - деп
Жашаганбыз үмүт менен илгери.
- Бирок бүгүн жалгыз чындык кымбат, - деп
Учурунда айткан жанды ким көрдү.
Айыгышы кыйын эми ырбаак эт,
... Өлсөң дагы акыйкатты сүйлөп өт!
Күчтүү болсо ууру келген доочудан,
Ууру эмес доочу доого жыгылган.
Эчен жылдар эркин оюн айта албай,
Достор дагы досторунан чочуган.
Бир бирине жиксиз жообун кайтарган,
Бир бирине "ынак" эле канча адам?
Көрүп-билип турсак деле аларды,
Тике сүйлөп, тике чыгып ким барды?
Кайраттуунун колун байлап акырын,
Көрсөтүшкөн ага "бейиш" жайларды.
Жетпей калган менин такыр акылым,
... Мени деле дал ошолор жайлады.
Кайра куруу шылтоо болуп көбүнө,
Жасап кетти келген ишти көөнүнө.
Желаргы эмес, бороон-шамал керектир,
Бүгүн, балким, менин дудук элиме.
Кереги жок бизге эски деректир,
"Волга" берген көпкөн кыздын себине.
Чыгуу керек ачык эле күрөшкө,
Чындык үчүн башты байлап өлүмгө.
* * *
Ала темгил, ала-була - бу турмуш,
Жакшысы да, жаманы да аралаш.
Кыштын мизи кайтып, жазга бурулду,
Араң, араң, араң басат ала жаз.
Жашоо менен бирге жашайт кубулуш,
... Жаздай болуп кана дайым жашасак.
* * *
Билбеймин, а балким өзүңдү ойлорсуң эң бактылуу,
Ааламга ажайып жаралгандай жалгыз эле.
Жубайың маңдайыңда, балдарың маңдайыңда,
Жаркырап күйүп турса, ар бири өз өзүнчө жылдыз эле.
Күндөрүң күлкү менен - өмүрдүн майрамы да,
... Жүрөгүң эстебестир кез-кезде тыз-тыз эте.
Өтүп жылдар, өтүп айлар, күндөр дагы санаксыз,
Жамандыкты көрдү алтын баш, көрдү
канча жакшылык?
Канаттуу элек, калдык анан канатсыз.
... Бейтааныштай жүрөбүз да суудай тунук, аксынып.
Жок күнөөнү моюнга алып, калетсиз,
- Камалды, - деп уккандырсың акча алып.
Балким, сен да ишенип ал ушакка калгандырсың,
- Бечара, тиричилик, - деп сунгандыр алсыз моюн.
Турмушта нелер болбойт, жалганды чын,
кылышып, талаган жан жок беле колхоз коюн.
... Айыпсыз аман болсун, алтын башың,
Чымыркан, жамандыкка чыдагын, чыдап койгун!
Калганда көзүңдү май, өзүңдү кара басып,
... Мен сага же жөлөк боло албадым, кыйбас досум.
Ким билет, оюңа келген деле эместирмин?
Унутуп койгондурсуң жаттаган жадыбалды унуткандай.
Күндүзү кимге керек жарыгы электирдин,
... Бир кезде койгом сени таптакыр жылыта албай.
Арийне, сага эмес мен башкага керектирмин,
Жүргөндүр кимдир бирөө мени да унута албай.
Уруксат берчи үч күнгө
Жай алып жан да кээ күнү,
Капалык жок да, өкүнүү.
Көкүрөк күсөп каалайт ээ,
Жапайы, жыпар тоо гүлүн.
Тазарып, дилиң нээтиң да,
Албырат алма бетиң да.
Тептегиз болуп телегей,
Жетилип жетим-жесир да.
Унутулуп турмуш көйгөйү,
Жашоонун жоктой эч өөнү.
Жуурулуп кетет шекилдүү,
Күнөөсүз менен күнөөлүү.
Кейибей эми кеч күнгө,
Тийгизбей тилди эч кимге.
Бейиши болгур, балалык,
Өмүрдөн неге көчтүң ээ?
Кайрадан сага барайын,
Уруксат берчи, үч күнгө?
* * *
Бир көз ирмем бүт өмүрүң,
Өлүмүң да бир ирмем.
Бүтөт баары, өтөт баары,
Калат жалгыз көз ирмем.
Кучагында мезгилдин,
Тереңинде мезгилдин.
Мейли эзилбе, эзилгин,
Сенсиз деле өтөт күн.
Калат баары,
Кандай болсо ошондой,
Миң жыл мурун,
Баары болгон да.
Бар болбой, жоголбой,
Жашайт дүйнө.
Бүктөмүндө каласың сен,
Унутулуп.
Сени бирөө эстеп койбойт,
Улутунуп.
Жоктоп койбойт,
Ачышып эт-жүрөгү.
Буга ким күнөөлүү?
Жалгыз өзүң.
Өмүрүң курман болбой,
Калганы үчүн.
* * *
Кыя албай сени касымдай дагы, жатымдай,
Жүрөмүн сени батырып жанга, батырбай.
Жан этим менен жаралып калган жан белең?
Айрылбас болуп ата-энем койгон атымдай.
Бар бекен сага алты аалам элде тең келген?
Сагындым сени, сагынбай дагы коө албайм.
Жан дүйнөм кээде токойдой эле өрттөндү,
... Туюлдуң кээде бейтааныш, чоочун аялдай.
Көктөмдөй кайра көгөрүп, гүлдөп, көрктөнгөн,
Келесиң эске көөнөрбөс көөнө кыялдай.
Төрт чарчы кылып, жанымды сага төрт бөлөм,
Сезимдин селин сен дагы калсаң тыя албай.
... Кайгырба дагы, ыйлаба дагы мен өлсөм,
Бейитке келип, гүл койгун мага уялбай.
* * *
Жүрөктүн үшүн алган суук кабарды,
Суук кабарды айтып жатты сөөк сыздаткан,
Айтып жатты...
Салыштырып Ташкентти, Мексиканы...
Калтаарыган үнү менен,
Жүрөккө куюп жатты кайгынын тамчыларын.
... Ким билди жердин минтип атыларын?
Ким билди дейсиң жандын жанчыларын?..
Ленинакан, Кировакан, Спитактын,
Эң жөнөкөй карапайым адамдары,
Шаар менен кошо алар жайрап калды.
Ташы-талкан болгондой аскери Спартактын.
... Биз бүгүн кыямат-кырсыкты бул,
Чогуу чаран көтөрөбүз.
Уу чыкса кичинекей жылчыктан бир,
Аяр бол, Адамзат - бүт өлөбүз!
Чыркырап чымчыктай жан,
Күйшөлсө кумдай гана төгүлөрбүз.
... Жүрөктү титиреткен суук кабарды,
Суук кабарды радио айтып жатты.
Калтаарыган үнүнөн,
Агып жатты,
Кайгынын капкара тамчылары.
Ушундай кырдаалда,
Суу бүркөт колтугуңа,
Тозоктун көпүрөсү солкулдаган,
Турганда Кожожаштай кыл чокуда.
Кайгыңа колун жууган,
Каткырып күлүп турган,
Наадандар боло алабы сага тууган?
Карайлап, көз чачырап турган маалда,
Кайгыңды бөлүшпөсө,
Муңуңду муңдашпаса,
О, анын туугандыгы жалган, жалган.
Эл ичинен чыккан ал - Көкчөгөз менен Көзкаман.
Ким элин ызаттабай,
Оор жүгүн көтөрүшпөй,
Тууганың кайра өзүңө тузак салса,
Кырсыктан, кайгыдан да ошол жаман.
... Бир боорум ордуңан тур!
Сенин жараң - ал менин жарам.
Адамдар адамча жашабаса,
Боло албаса бир бирине арка-жөлөк,
Кастыктын түбү жаман жарашпаса,
Кектешсе бири эмес миңи өлөт.
Боору менен көр пенде жылып калса,
Койбосоң аны жөлөп,
Барбы анан адамдыгың, пенделигиң?
... Эгерим тааныбаган бөлөк-бөтөн,
Көрсөтүп, жатса сага ак пейилин.
Кабыргаң кайышпаса калкың үчүн,
Кара жерди кайрадан шылтоо кылып,
Чыгарса чыркыраткан калпыс чечим.
Көрсөтүп койбойт бекен кимдин кимин?
Кыя өтпөйт сенден эч ким,
Адамзат тосуп турат сага ийин.
Дасторкон жайнап турат, жегин, ичкин!
Үшүсөк бололу сага кийим,
Сен жалгыз эмессиң, адам сүйүн!
* * *
Жек көрөм сени эзели кеткис кек бардай,
Түшүрдүң түртүп, түбү жок орго казылган.
Жашаган элем жапжаңы жааган ак кардай,
Жан элем аруу китепте даңктап жазылган.
Канаты сынып, шаңшыган алсыз шумкардай,
Кор болуп турам, табасы канып касымдын.
Обдулуп улам, обдулуп улам... күч калбай,
Зорго эле турам. Ким тосуп чыгат астымдан?
Канча бир собол, канча бир суроо чече албай,
Ой ойлоп, боздоп, оорутуп башты катырам.
Заарканат жүрөк кечүүнү тайыз кече албай,
- Суук түшөт эртең. Кыш болот, - дешет, - катыраң.
Көз өтсө арман, көз өтсө арман акталбай,
Бу дүйнө жалган койнуна бизди батырган.
Караны-акты, жалганды-чынды эске албай,
Карматса болмок, ага да мага же туз, нан.
Өмүргө түшүп, таң атпай, балким, кечки маал,
Көз өтпөс бекен, о ушул ылаң, дартынан.
Өчпөсө экен үлбүлдөп күйгөн ичке шам,
Кирермин суудай күрпүлдөп агып, тартылбай.
Эзели кетпес, унутпас дагы эч качан,
Эсеси кептин уулума балким айтылат.
Теңирим урсун, көк асман урсун, көк асман!
Күбөсү болуп күн турат көктө, ай турат.
* * *
Сагынып калышкандай бирин бири,
Тийишет кыпкызыл чок эриндери.
Батышта күн менен жер балкып жатат.
... Зарыгып күтөт кимди тоонун гүлү?
Кайтышты каркыралар ысык жакка,
Сүйүүнү ала кетип жүрөктөгү.
Күн менен жер жолукса туу белесте,
Тийишсе кыпкызыл чок эриндери.
Негедир эбаккы күн түшөт эске,
Айылдын көк көйнөкчөн келиндери.
Билдирбей кайгыларын кара күчкө,
"О, кудай, аман келсе", - дешет, эрин
Күн сайын нан сыңары кирип түшкө,
Коштошот, жолугушат... көлдүн жээги.
Кездешип жер менен күн туу чокуда,
Аздан соң айкалышат кучактары.
А турмуш барды дагы жок кылууда,
... Ооруктун оор күндөрү узак калды.
Тепкилеп тагдыр бизди топ кылабы?
Көчөдөн учуратам балдакчанды.
Көзүндө көлдүн жээги көк кылалуу,
Колунда балдак эмес жүрөт чалгы.
... Бактылуу байбичеси көп балалуу,
Бир кемпир-кошунасы тартат кайгы.
Башынан кара жоолук түшпөй дале,
Чиркешип турмуш менен келатпайбы!
Кара көлөкө
Айтылып-айтылбас кеп бирде-экиде
Көңүлдү кара көөдөй кирдетти, ээ.
Чындык сөз чычаладай куйкалаган,
Өйдө го бир жалгандан миң бир эсе.
О, муну түшүнсө да адам-пенде,
Туусундай тутуна албайт бардык жерде.
Калп күлүп, сүйлөп коюп көңүл үчүн,
Акмакты чыгарышат куттуу төргө.
Акмактын акмактыгын билсек дагы,
Батынып, баатырдык кеп айта алдыкпы?!
Колунда бийлик турса, кызмат турса,
Бир сөзү чөлгө айлантса ай талааны.
- Кулак, - деп айрылбастан мүйүзүнөн,
Жаңылбай ушул басык, жүрүшүнөн.
Теңирге тең келүүнүн кереги не?!
Жазбаса болду го ал сүйүшүнөн.
Айланып акырындап макулукка,
Ишенип кур каткырык, чакырыкка,
Унутуп баратканда өзүбүздү,
Сөзүбүз айланабы жаңырыкка...
... Ким ачты биздин сокур көзүбүздү?
Сыйрылып жалган иштин көшөгөсү,
Жылаңач турат мына Чындык өзү.
Илээлеп келет, бирок ажырабай,
Кечээки күндүн кара көлөкөсү.
Көлөкөнү күнөс жерге түшүрүп,
Ысык, дедик, биз ысыбай үшүдүк.
Кара кагаз ак барактай туюлган,
Кур патриот беле бизде түшүнүк.
* * *
Унуткан адам болбойт мурункусун,
Өмүргө бак-таалайдын нуру тийбей.
Нуру жетпей калыптыр жайы-кышын,
Тагдырга келатабыз башты ийбей.
Адамдын сактап абийир, уюткусун,
Муз болсоң, керек мага ошол музуң,
Эриткен жүрөктү сен унутупсуң.
Көңүлүм иренжибейт муздугуңа,
Иренжийт көңүлүңдүн боштугуна.
Турмушка чыйрак болгун, чылбыр болгун!
Чыйырың окшоп турсун куштукуна.
Сенин да келет бир күн гүлдөө дооруң,
Чыгасың тоонун бийик кылда учуна.
Өзү бол, аба жарган самолөттун!
Мен сага аэропортмун учушуңа,
Даярмын тосуп сени, узатууга,
Кайрылып жерге келип конушуңа.
* * *
Өмүр өтөт бир күнчөлүк билинбей,
Бири илинсе, көзгө миңи илинбей.
Байлык-дөөлөт келет-кетет ээрчишип,
Самын менен жууган колдун кириндей.
Өнөр өлбөс турса адам өөрчүтүп,
... Кийим деле калат бир күн кийилбей.
Адам-пенде бирин бири кор тутуп,
Жашайт неге сүйүндүрүп, сүйүнбөй?
Колдон келсе бирин бири коркутуп,
Бир-бирине кыйын болот ийилбей.
... Бу турмушта канча утулуп, канча уттук?
Жол жок экен, түз сызыктай чийилген.
Каз-каз туруп, там-туң баскан бөбөктөй,
Бу турмуштан жедик далай таякты.
Жөлөбөй да, же адамды жөлөтпөй,
Баратабыз унутуп сый-урматты.
* * *
Мен көргөн азаптын сен бирин көрбөй,
Бейчеки наалыбагын бу жашоого.
Үмүттү тагдыр айдап, бириктирбей,
Алпарат ажал бизди босогого.
Үзүлгөн бутагынан бариктердей,
Турмушка жалынбаймын, жаным соога.
Айылда бийик өскөн теректердей,
Теңелгим келген менин Ала-Тоого.
Айрылбас, ажырабас шериктердей,
Сезилсек керек, балким, аттиң, тобо!
Гүлү күүлгөн бейубак өрүктөрдөй,
... Турам бүгүн жапжалгыз кара жолдо.
А сен мага, а мен сага нур төгүп жарык бербей,
Бирибизге бирибиз болгон белек кара жолтой.
* * *
- Мекен жүгүн көтөрөм, - деп, төш кагып,
Кыйкырыппыз, а чынында иш калып.
Өзүбүздү алдап дагы, сооротуп,
Жүрүптүрбүз бош казанга от жагып.
Өлчөнбөгөн өмүрдү тек коротуп,
Сынчыл элек, билип-билбей сын тагып.
Кереги не көңүлдү эми сооротуу,
... Кеселдикке болот эми ким табып?
Суудай агып кеткен өмүр изи жок,
Кагазда бар, кылган иштин өзү жок.
Табиятта мындай мезгил болорбу?
Кыш да, жаз да, жайы менен күзү жок.
Биз туу кылып тутунгандар жок болду,
Кордодукпу, адамды биз көзү жок?
Сенек болуп, таштай катса ал мезгил,
Сергек адам аны, балким, сезгендир.
Кыял менен жашап калсак баарыбыз,
... Же азгырып кетти беле жез кемпир.
Ойгонду эми кеч да болсо арыбыз,
Мезгил келди бел сынашар, билек түр!
Керек бизге кеселдиктен арылыш,
Тике сүйлө, болуш керек жүрөктүү.
Жарым токтом, жарым мыйзам, жарым иш,
Жарым кылым жанды жаман жүдөттү.
* * *
Билсек дагы бар экенин айырма,
Бу турмушту салыштырдык дайрага.
Балалыкка окшоп турат миң булак,
... Миң булакка бөлүнбөйт да ал кайра.
Аттиң, жаштык, кайда кызыл гүл сымак?
Агат, агат, этек-жеңи жайыла.
... Башын чайкап турат жээкте карыя:
- Бу дарыя, баягы эле дарыя.
"Подзаголовок 2"Акындардын адалдыгы,
"Подзаголовок 2"актыгы, көөнөрбөгөн сүйүү
"Подзаголовок 2"менен ченелген
Каалоо
Кыялымда кучагымды толтуруп,
Ай жүзүңөн, көздөрүңдөн өпкүлөйм.
Ак сүйүүнүн жааган жааны туптунук,
Жети кабат жантениме өттү бейм.
Жаңы ачылган жаз гүлүндөй кулпунуп,
Көзүм жетсе, колум жетпей энтигем.
Бу жашоодо бар экенсиң бактыма,
- Сен да мендей бактылуу бол! - деп тилейм.
Бактысына умтулган жан бактылуу
- Жөлөсөңүз, а мен карап турамбы!
- Ак сөзүңбү, балким, жалган ураандыр?
Сен да мендей кайра таяп-жөлөсөң,
Улар үнүн укчу тоого чыгармын.
Жашоо - өмүр жалаң ырга айланып,
Чынга айлантып кетер белек кыялды.
Жөөлөбөстөн бирин бири жөлөсө,
Адам болуп кетер алсыз, өлөсө.
Алоолонуп күйгөн от да өчпөйбү,
Кайта-кайта түбүн чукуп, көөлөсө.
Ырыс алды болот, ырас, ынтымак,
Ынтымакка умтулалы миң эсе.
Сен жөлөсөң, мен да сени жөлөсөм,
Даай алабы бизге бирөө жөөлөшкөн.
Дүйнөсүнө ырдын чогуу кирели,
Болсок дагы жеңил аяк, гөлөшчөн.
Махабаттын мартабасын билеби,
Лаззат үчүн кун-акысын төлөшкөн.
Мен жөлөсөм, сен да мени жөлөсөң,
Башталбайбы жашоо кайра бөлөктөн.
Бузулбаган куркулдайдын уясын,
Күн нуруна, ай нуруна бөлөнткөн.
Кереги жок, махабаттан уялуу,
Жоо аяган жаралуу да илгертен.
Бактысына умтулган жан бактылуу,
Сен таалайга талпына бер, мен жөлөйм.
Эгер тапсаң мен аркалуу бактыңды,
Ак сүйүүңдү миң эселеп төлөйм мен.
Акындардын адалдыгы, актыгы,
Көөнөрбөгөн сүйүү менен ченелген.
* * *
Сүрөтүңү көрсөм деле миң жолу,
Канбайт окшойт ага такыр моокумум.
Бөксө жерим бөксө бойдон, толбоду,
Кыйын экен мага сенин жоктугуң.
Тагдыр бизди адаштырып, болжолу,
Койбойт окшойт бу турмушта шоктугун.
Сүрөтүңдү тиктеп, тиктеп миң ирет,
Суубай койду, көксөп сени көкүрөк.
Канбайт окшойт сага такыр моокумум,
Чанбайт окшойт сени такыр бу жүрөк.
Кирпик какпай күтүп таңдын шоокумун,
Жанымдагы жарым болду бу сүрөт.
* * *
Бир көз ирмем эсте калган түбөлүк,
Унутулбады, унуткум да келбейт эч.
Көрөр күн да, ичер суу да түгөнүп,
Көз сүзүлүп баратканда эстээрмин.
Көз сүзүлүп баратканда эстээрмин,
Кайдан-жайдан табылгансың кайып кыз.
Маңдайымда турдуң күлүп мээримдүү,
- Кетемин! - деп калган элем Кайратсыз.
- Кетемин! - деп калган элем Кайратсыз,
Үмүт оту өчкөн эле, оо эбак.
Дивизия калган өңдүү байраксыз,
... Жашоо дагы мага болгон бир абак.
Жашоо дагы мага болгон бир абак,
Жарк дей түшкөн күндүн көзү ачылып.
Бүт айланам көз ирмемде болду абад,
Ай жүзүңөн аппак шоола чачылып.
Анна Керн... Бир ажайып көз ирмем,
Дале ишенбейм, ал кайып кыз сен белең?
Көздөн учуп кеттиң, анан заматта,
... Аттиң, арман, кармап калбай кол менен.
Жүрөктө бир жараат калды айыкпас,
Арман болуп чыгат менден бир өлөң.
Жашап келем канча жылдар Кайратсыз,
- Алтын башта бар, - деп коюп, - бир өлүм.
... Көз алдымда ал ажайып көз ирмем.
Бир дивизия калган сымал байраксыз!
Өтүнүч
Жалынсам жалбарбагын мага кайра,
Багынсам сен багынба мага бир эч.
Кылгыртып карегиңи сүзүлтүп кой,
Үмүт-нур төгүп турсун эртели-кеч.
Күтсөң да сен өзүңдү күттүрүп кой,
Жете албай, мен жетүүгө болоюн өч.
Бош келсең бошоп кетер жүрөк кылы,
Көңүлдө тамыр жайып ыргылжыңдык.
- Төркүнгө маалым, - делет, - кыздын сыры,
Оо, мага кереги жок андай чындык.
Сүйүүнүн түгөнбөгөн аруу ыры,
Өмүрдү коштоп жүрсүн суудай жылжып.
* * *
Жыргалды бердиң, дууладык, бир күнгө өмүр татыбай,
Кууралды бердиң. Көзүмдөн учту капкара, кара жарты нан!
Бийикте, паста, түпкүрдө терең туңгуюк,
Абийирим менен жашадым таза, сатылбай.
Тизелеп сага баш ийбей, көнбөй шартыңа,
Намысым, дилим туу болду мага эң ыйык.
Жооп жазбай койдум достордун канча катына,
Билбепмин мурда койгонун мени батырбай.
Шектенип менин адамдык аруу атыма,
Мамиле кылган периште аялзатындай.
Ырларым менин дабасы болду дартыма,
Баш аман болсун уюган нагыз алтындай.
* * *
Оозуңдан өбөм - мупмуздак кагаз, мупмуздак,
Колуңдан кармайм, колуң да, жаным, бүт муздак.
Сүрөттө болбой жанымда турсаң сен азыр -
... Алыспыз, жаным, алыспыз, биздин жол узак.
А балким, бизге ушундай сүйүү жазгандыр,
Тагдырды эми талкалап, жаным, ким бузат?
Эртеби-кечпи жолугар күнгө аз калды.
... Эриниң неге мупмуздак, жаным, мупмуздак.
Өпкүлөйм улам, мупмуздак, муздак кагазды.
Жалынам сага, жалбарам сага, колду узат!
Сагындым сени, саргайдым күздөй сапсары,
Сагыныч менде, кусалык менде тогуз кат.
* * *
Көмүрдөй калтар чачты ак аралап,
Бу мезгил бешенеге желе тартат.
Баш ийбейт ага жалгыз көңүл гана,
Өзгөрбөйт көңүл гана ала канат.
Сен болсоң өзүм менен кошо жашап,
Келесиң жашыл бойдон о, махабат!
Өтсө да канча мезгил өзгөрүлбөйт,
Өзгөрүлбөй келесиң ошол бойдон.
Сен менин өзгөрүлбөс көңүлүмдөй,
Жаралып калсаң керек кыял-ойдон,
Экөөбүз бир китептин бөлүмүндөй,
Бир мукаба ичине каптап койгон.
Айыбы жок мүчөңдүн бир жеринде,
Окшотомун мен сени айга-күнгө.
Өмүр бою аздектеп жашай берем,
Кир жугузбай мен сенин кирпигиңе.
Ага болбой дагы эле жооп бербейсиң,
Мен айланып калгам да өз пириңе.
Тил албасаң акыры таяк жейсиң,
Алы жетер чалынын кемпирине.
Мен сага түшүнбөдүм алигиче,
Биле албай койдум сырды оюңдагы.
"Мага жакшы түшүнгүн..." деген менен
Оюңдагы ой чети оюлбады.
Бир сыры бар айтылбас пендеге эч,
Жубайлар да жытташкан моюндашып.
Өмүр бою сүйүүмдү аздектеген,
Айткам сага айтылбас сырымды ачып.
Таппай калам мен сени эртең менен,
Төгүлүп бир айтпадың оюңду ачык,
А өңүмдө таптакыр ийилбейсиң,
Айкел өңдүү аянтка коюлгансып.
* * *
Иштен келсем катың келип калыптыр,
Колума алдым, алаканым кызыл чок.
Кылт этти ой: "Катымды ал алыптыр".
Окуганга даабай турам: "Кандай жооп?"
Жүрөк онтойт, ал бир байкуш карыптыр,
Кыйналгандай жарадарга тийип ок.
Эң башында мага жазган катыңын,
Дал тушунда "Айдың" деген атымдын.
Кожожаштын кайберенди сулаткан,
Эң бир учтуу жаанын огун тартыпсың.
Мен сүрөтүн тартып койдум жүрөктүн,
- Аксын, - дедим эми андан кочкул кан.
Ал сүрөттөн акты кызыл-кочкул кан,
Жазгандарың калды окулбай барактан.
Махабаттын күчү ушубу, керемет,
Адамдарды адам кылып жараткан.
Бир тең келсе сүйүү ага тең келет,
Булак болуп атылса эки тараптан.
* * *
Мен сени эбак таштап кетер элем,
Булуттай каалгып көчкөн асмандагы.
Негедир кен өңдөндүң кемибеген,
Бир чети оюлбаган казсам дагы.
Китептей сыйкырлаган барагыңды,
Ачамын, ачкым келип ачсам дагы.
Мен сени сүйөт окшойм ушунчалык,
Куткарбайт окшойт мени качсам дагы.
Күн ысыгы болуп кырк беш градус
Күн ысыгы болуп кырк беш градус,
Дем кысылат, адам жаны чыдагыс.
Саратанда күн төбөдөн куйкалайт,
Көлөкөлөйт гозо чапкан келин-кыз,
Чөл аптабы тоонун гүлүн уйпалайт,
... Көздөн учат салкын аба, бал кымыз.
Көз-каректен түшөт кулап тамчы жаш,
Жаңы келген келин эле, болчу жаш.
Өрттөсө да бу саратан мейли эле,
Керек беле бөөдө көңүл камчылаш.
Жараткандан назик эле, наристе
Өз айлынан - тамырынан айрылбас.
Сезими анын назик болчу, гүл болчу,
Жашоосу да кыял менен бир болчу.
Жүрөр эле жүрөк менен ыр жазып,
Ырлар эле анын ынак жолдошу.
Жазгандарын агайына окутуп,
Көңүлүндө өзүн ага болжоочу.
Каректери калса непа тиктешип,
Кетер эле бадан - бою титиреп.
Эч нерсесин байкамаксан агайы,
Абай салса ал да кызга тигилет.
Унутулат албуут сезим жапайы,
... Кайран жаштык, капасынан күлкү көп.
Уяң эле өзү жазган ырлардай,
Күлүп койчу, күлкүсүндө сыр бардай.
Кээ түшүнүп, кээ түшүнбөй бу кызды,
Агайы аны жүрөр эле кыялбай.
Жаңы чыккан жаздын жашыл жалбызын,
Кимдер үзбөйт өз напсисин тыя албай,
... Ууз сүйүүсүн айтты бир күн уялбай.
Эске түшүп эсил кеткен бу курак,
Көз алдынан көчүп өтөт тасма бу.
Кечээ эле жүрсө гүлдөй буркурап,
Бүгүн болсо бөтөн дагы, башка бу,
Чын турмушка чыдай албай калды урап,
Кыял менен курган аруу дүйнөсү.
Эстейт кээде агайынын кыялын,
Эстейт кээде жазган эски ырларын.
"Уялбады. А сен неге уялдың
Ачса сага жүрөктөгү сырларын.
"Аябадың... Неге эми аядың?"
Махабаттын ичке, назик кылдары,
Жөөлүп жатсаң сени неге таяды.
Эми ойлосо, эми өткөндү эстесе,
Бүттү баары, эми баары кеч десе.
Каректерден каректерге өткөн нур,
Жүрөгүңдү ысытса ал, өчпөсө.
Сайрап турса көкүрөктө бир булбул,
Булбул сенин бутагыңдан кетпесе,
... Сүйүү деген нагыз өзү эмеспи.
Ак булуттай көңүлү анын удургуп,
Кыял менен кетти өткөндү кыдырып.
Чыбырчыктап маңдайынан аккан тер,
Жеңи менен коөт секин сыдырып.
Көз алдында турат өскөн элет жер,
Агайынын турат ыры угулуп.
Көр тирилик кыйнаганда кейип жан,
Миң тирилип, ыйлаганда кейип жан.
Эстеп алып эсил кайран сүйүүсүн,
Кайгы менен капалыкты унуткан.
Кээде өзүнчө шыбырайбы: "Сүйүктүүм,
Мен унутпайм... а сен мейли унутсаң".
Күн ысыгы болуп кырк беш градус,
Көлөкөдө дем кыстыгат чыдагыс.
Саратанда так төбөдөн тийет күн,
Жаш келиндин тышы жалын, ичи муз.
Бактысынан үзбөй такыр үмүтүн,
Өкүттүү кеп, айтыла элек: "Кошуңуз!".
Жазганыма мен бул ырды көп болду,
Канча жолу гүлдөр гүлдөп жок болду.
- Унутам! - деп элесиңди мен сенин,
Кабыл алгам эчен-эчен токтомду.
Жоготконсуп эң бир ыйык нерсесин,
Жүрөк ыйы - онтоп, онтоп, ок болду.
Кийин... кийин... жолуктук биз эче ирет,
Бизди сүйүү кечирсе бир кечирет.
Канча жолу ээн үйдө экөөбүз,
Жолукканбыз, айтпасак да: "Келчи!" - деп,
... Жетпегенге качан эми жетебиз?
Кут күтөбүз качан биз да элчилеп?
Абийир иши экөөбүзгө жол ачпайт,
Биз сүйүүнүн таткан жокпуз лаззатын.
Жоолошпой да, достошпой да коштошпой,
Туткан белек жигит-кыздын ызатын.
Бирин бири кыйышпаган боордоштой,
Кол узатам, сен да колду узаткын.
Сен узаксың, мен да аябай узакмын,
Сен ысыксың, мен аябай муздакмын.
Жүрөгүмдү жылытып кой кичине!
Унутулсун уусу ушул тузактын.
Карабастан эми абийир ишине,
Кол узатам, сен да колду узаткын.
Сен айтмакчы, келет, келет азат күн,
Мен ишенем болоруна лаззаттын.
* * *
Өмүр жолу өтө кыска, өтө алыс,
Кыян, сел, жар, түнт токой бар өтө алгыс.
Жол ортолоп калган кезде жолуктук,
Ат которуп минелиби, түркмөн кыз?
Кыя басып өтүп кетсек эми биз,
Толбой калар толчуу биздин кемибиз,
Бири жетсе миңи жетпес махабат,
Миңи болбой бири болсок экөөбүз.
Өтө узак, өтө кыска өмүр жол,
Кол байласа, ой байлабайт темир тор.
Кыйын кезде кыя жолдон кездештик,
Кучак жаям, кучагыма кучак бол.
Жол ортолоп калган кезде жолуктук,
Ат которуп алалыбы, түркмөн кыз?
- Алты ааламда эки ашык болуптур,
Түркмөн кызы - түгөйү анын, - дейт, - кыргыз,
Айтылабы эки элде кеп-аңыз.
* * *
Окуй берип катыңды улам-улам,
Сүйлөмү эмес жатталды чекиттери.
Туюлгансып ал мага ыйык куран,
Жүрөктү эмес жүлүндөй көзөйт мээни.
Жыгылганы, каралдым, араң турам,
Коөсуңбу кичине жөлөп мени.
Окуй берип катыңды кайра-кайра,
Чекити эмес жатталды үтүрлөрү.
Жан кыйналып жалындайт, таппай айла,
Күлгө айлантып, ал мени бүтүрөбү?
Сүйүүм сага тынымсыз аккан дайра,
Ал дайрага сени да түшүрөбү?
Окуй берип катыңды жаттап алдым,
Кыттай куюп үтүрдү, чекиттерди.
Эсин алган махабат Мажнуңдун,
... Ачык турат өлүмдүн эшиктери.
Жандын баары энедей жаралбайбы,
Таштай албас перзентин бешиктеги.
* * *
- Жаным! - деген сөзүңдөн айланайын,
Түптөгөнсүң сүйүүнүн пайдубалын.
Жашап калдым тек гана кыял менен,
Күчү менен байладың кай дубанын?
Жүрөктөгү сезимди тыям десем,
Канга айланып кетиптир, тыя албадым.
Ойлойсуңбу адамдын кайгы-убалын?
Күчү менен байладың кай дубанын?
Көңүлүмдөн кубалап эчен ирет,
Кубам дедим, сезимди куба албадым.
Күн унутсам, түшүмө түнү кирет,
Күч жетпесе кантейин, убарамын.
Кучактап жатсаң жалгыз балышыңды1,
Тилеймин балыш болуп калышымды.
"Кана, эми махабаттын паттасына,
Ким мурда жетет, жаным, жарышалы".
- Жаным! - деген сөзүңөн айланайын,
Күчү менен байладың кай дубанын?
* * *
Келбей сенден көптөп бери кат дагы,
Күтө берип, күтүү дагы чарчады.
Унутулуп калат окшойт акырын,
Экөөбүздүн өмүр сүргөн канча жыл.
Тагдыр бөлүп жакынынан жакынын,
Өңү өчөттүр гүлдүн дагы кыпкызыл.
Бара-бара кайгы адатка айланып,
Адам-пенде көнүп деле калабы?
Көңүлдү биз көңүл менен жайгарып,
Унутабызбы жүрөктөгү жараны?
Бирибизге ким бирөөбүз байланып,
Жүрөбүзбү болгон үчүн балалуу.
Жаман-жакшы сөз айтылып ортодо,
Канжар сайган күндөр болду толтого.
Мен сени укпай, сен мени укпай кээ-кээде,
Кээде экөөбүз окшоор элек ой-тоого.
А мен сенден, а сен менден пас келбей,
Кыялыбыз кыл келбептир, ой тобоо!
Бир бөлүнүп, бир бөлүнбөй ыргылжың,
Күндөр өттү азап уусу бир куржун.
Кайра жанып, башталганда ынактык,
Туйган кезде жароокер жар кадырын,
Тагдыр бизди безилдетип, ыйлатып,
Көрсөттүбү көрүнбөгөн бир кырын.
Кокустук иш мени өлтүрүп тирүүлөй,
Алып кетти түпкүрүнө турмуштун.
О, баягы кыргыз көчкөн үркүндөй,
Бере албадык биз көчкүгө туруштук,
Бир жыл болду жүрөм мында бир күлбөй
Көкүрөктөн кетпейт окшойт кайгы-муң.
Жол көрүнбөйт каптап калган жөө туман,
Көзүң курч го, көрүнөбү жол, Тумар?
Жалгыз баштын жан кумарын ойлосом,
Жүрөт белем а мен мында олтурбай.
Менин жашоом жалгыз кыял-ой болуп,
Болор ишти коөт окшойм болтурбай.
Келбей сенден көптөн бери кат дагы,
Көкүрөктө күчөйт, күчөйт дарт дагы.
Биз өтөгөн турмушту иргеп четинен,
Талдап чыктым өмүрдү өткөн арттагы.
- Жылуу сөздү аяба! - деп өтүнөм,
Жамандыктан жүрөк катуу чарчады.
... Айайсыңбы кышта калган алчаны.
* * *
Келки-келки ойлор келет керкилген,
Баш ийбестен менин жумшак эркиме.
Берген жообуң, балким, мени өлтүргөн,
Миң сан максат кыйрады ээ, бейкүнөө.
- Жөлөсөңүз, мен турамбы, - деп күлгөн,
Мен күлкүңдү чындык экен депмин, ээ.
Чырак болуп күйдүң эле жапжарык,
Мен көпөлөк болгом сага айланып.
Жан-дүйнөмдү чакчелекей аңтарып,
Өмүр - күндү бир айланттың майрамга.
Кызык эле жашоо, мына, таң калып,
Ишене албай койгом - укмуш айлана.
Чырак бир күн капилеттен жалп өчтү,
Башка түштү бир каран күн - жер көчтү.
Билбейм, билбейм, кетпес кегиң, барбы өчүң?
Мен карайлап калдым, билбейм не дешти.
Махабаттын кыйрап устун-тирөөчү,
Суу алдында калды сүйүүм күнөстүү.
Жадыраган жаз менен жай өттүбү?
Күз келдиби өмүрүмө, капилет.
Бу жашоонун жаңылбаган тартиби,
Аткарылбай калды канча ой-тилек.
Күтөм сени - өлбөйт сүйүү, ал тирүү,
Кан майдандан кайтпай калган жоокердин,
Энесиндей күтөм сени күн-түнү.
* * *
Бир көз ирмем көрүндүң мага кайыптай,
Жок болуп кеттиң, ишенбей калдым көзүмө.
Жүрөктө жүрөт махабат - оору айыкпай,
Кайрадан кайра алпарат жаштык кезиме.
Көк ирим көлдөй, көз жетпес көркөм жайыктай,
Ажайып элес калыптыр көңүл-эсимде.
Жээгинде көлдүн жапжалгыз калган кайыктай,
Жаштыгым кайда, жан курбу кайда эсил ээ?
Айыптайм кимди, кимди эми, кимди айыптайм?
Сениби Кайрат, от болуп күйгөн сезимде.
Кайыптай мага көрүнгөн элең көз ирмем,
Ишенбейм сага, ишенбейм, кантип ишенем?
- Күтө тур! - деген сен белең, балким, сен эмес,
Кеп уккам, балким, бейтааныш, бөтөн кишиден.
Эсимден кетпей, унутулбай калды ал элес,
Сезимди байлап, эсимди койгон кишендеп.
Термелип жер да, эгерим такыр термелбес,
Кыйраган шаарым чак түштө эмес, бешимде.
... Өтпөгөн баштан, билбеген адам түк билбес,
Көкүрөк-көөдөн калбырдай болуп тешилген.
Жубайыма
Бышып дагы, быша элек жапайы алма,
Бир тарабы кыпкызыл... аппак эле.
Мага балким, атайы жаралган да,
Жаралганды жүрөгүм тапкан беле!
Таттуу эмес, кымызтек даамы алманын,
Эстегенде шилекей кетер агып.
Билип-билбей ал мага арналганын,
... Мен бир күнү кеттим да ала качып.
"Алдыңды мал, артыңды бала бассын,
Көгөрсүн көшөгөңөр!" - ыйык бата.
Чала масмын, сен дагы чала массың,
Бактыбызга тең шерик эне-ата.
Уул көрдүк, кыздуу болдук - бакыт ушу,
Ойлобой жашадык да утулушту.
Казан-аяк кагышты кээ күндөрү,
Күндөр болду көксөгөн кутулушту.
Ынтымакты ширеткен бала беле,
Эм болду да оо, алар экөөбүзгө.
Ажырашып экөөбүз алар белек,
Жазылбаса перзенттер чекебизге.
- Уясы бузулбасын чымчыктын, - деп,
Жашайбыз экөөбүз бир жылчык бүтөп.
Айтылат акыр түбү бир чындык кеп,
... Сен жок болсоң мага да жашоо бүтөт.
* * *
Билесиң, билемин,
Өткөн күн эми кайрылбайт.
Кайгыргын эми, кайгырба,
Тагдыр жол башка,
Башка экен биздин ээ, Кайрат.
Кошулбай эки дарыя...
Күлүк күн кеткен,
Токулбай калган жайдак ат.
Биз баскан шагыл, таш жолдо,
Ким барат бүгүн, карачы?
Кулак сал чыккан обонго,
Булбулбу? Ээ, жок, таранчы.
Ай талаа жайдак,
Алмалуу бак да жоголгон.
Кыз да жок кечте,
Жасанып дайым таранчу.
Шейит кеткен махабат
Таш жол эле, жаңы шагыл төгүлгөн,
Айлуу түндө баратканбыз экөөбүз.
Чыга бердик жолдун бир жак четине
Бир машина келет учуп,
Анын жолун ээлегендей жеке биз.
Көз уялтат жарыгы анын,
- Кызды уялтып коөт го, - деп, - сырды ачып,
Далдаланып калгам сага.
Дейсиң мага:
- Жашырынба, бараткандай биз качып.
Далдаланып анан мага,
- Сен алдыга басчы, - дейсиң, - апачык.
Биз экөөбүз кирип кеттик,
Калың бакка капкара.
Жарыгы жок машинанын,
Кереги жок жашынуунун,
... Бирок, бирок апкаарам.
Биз экөөбүз аша албадык ашууну бу,
Жаш төгүлүп көздөрүңөн капкара.
Көкүрөгүң көксөгөнбү кошууну,
О, бул өмүр жашыл, кызыл, ак-кара.
Айрый албай өңүн анын,
Турам азыр доошун угуп.
Өткөн кезди казып улам аңтарам,
... Калабызбы биз качандыр жолугуп.
Ошол ирмем таалай тура, бак тура,
Таш жол жаңы шагыл жолдон эң ыйык,
Кайра дагы баргым келет бүгүн мен,
Кетким келет келбес кезге ажайып.
... Бирок, бирок чыкпай жолдун четине,
Тунгуч сүйүү шейит кеткен кан жайып.
* * *
Өмүрүмдө болгон далай тааныш кыз,
Көбү унутулду, кээси дале унуткус.
Көз алдыма келип кээде кайыптай,
Жылт этишет жаштыгымдай туруксуз.
А сиз болсо кол жетпеген жайыттай,
Дале мага тоо суусундай тунуксуз.
Түндө дагы түшкө кирип чайыттай,
Көл боюнда кол кармашып туруппуз.
Сүйгөм сизди, сизди сүйгөм сөз айтпай,
Мен ооруган - оору зилдей айыккыс.
Пенде ичинде боору бүтүн бар бекен?
Эми экөөбүз калагы жок кайыкпыз.
* * *
Кат жазган сенин колуңан, жаным, колуңан,
Куткардың мени саргайган сары оорудан.
Кайрадан кайра окуймун канбай моокумум,
... Кыялда сага капилет жерден жолугам.
Жапжайдак эле, атымды бирөө токуду,
Көз болуп көзгө сүйүнттүң шордуу сокурду.
Шаарымды кайра тургуздуң эбак ураган,
Жазгым бар менин жазылбас такыр жок ырды.
Даракты кайра көктөткөн эбак куураган.
Жашыл бак, бостон, кылалы куусаң такырды,
Дыйканбы ал бир көктөмдү көксөп, сугарган?
Буудайдыр, балким, аңызда ыңкып ыргалган,
Бул ырды, балким, ким бирөө айтып жаздырды,
А, балким бул ыр - ыр бекен эбак ырдалган.
... Кат жазган сенин колуңан, жаным, колуңан,
Өтүнүч сенден: "Жүрчү эми жүрөк оорутпай".
Өңүмдө билбейм, түшүмдө сага жолугам,
Токулбай турат негедир, бирок тору тай.
Катыңды окуйм, кайталап окуйм аны улам,
... Селкинин каты майданга жазган ооруктан.
* * *
Сагындым сени, сагынбай дагы коө албайм,
Бир боорум элең, боорумду турам кыялбай.
Элесиң кетпей эт-жүрөк мынча эзилет,
Келесиң айтпай, кетесиң таттуу кыялдай.
Оо, сага билбейм махабат кандай туюлат,
Жүрөгүм: "Сен!" - дейт, мен аны койдум кыялбай.
Сен болдуң мага унутпас ыйык уямдай,
Жар салгым келет ааламга эч бир уялбай.
Жалгызым сени, жалгызым сени сүйөм деп,
Эп кетти эсти, акылды аңдап жыялбай.
Билбеймин жүрөк, билбеймин качан сүйүнөт,
Жапжалгыз турам айланткан башты кыяда.
Суу сурайм сенден: "Махабат - суудан ичир!", - деп,
Баратат улам, уламдан-улам күчөп өрт.
Алсырап калдым, айламды такыр табалбай,
Жалбырттап күйгөн жалынды кимдер өчүрөт?
Калсам да болмок жашоого минтип жаралбай,
Жашасам болмок жайдары куунак, элчилеп.
Кантейин эми, сага эми такыр баралбайм,
Айтпайсың сен да: "Жаркыным менин келчи!", - деп.
Сен мага азыр куш учуп жетпес аралдай...
... Билбеймин дагы кайсы жол сага жеткирет.
Кайратка арноо
Кайран жаштык өтпөөчүдөй кечээ эле,
Жетелешип жүрчү элек го көчөдө.
Экөөбүздүн ортобузда бир сезим,
Жүрөктөрдү табыштырган элчи эле.
... Көп жыл өтүп сага капыс жолуктум,
Көзүм түштү көйнөгүңө кирчимел.
Көзүм түштү көйнөгүңө кирчимел,
Сага атайын тиккен окшойт бир чебер.
Бет алдыңа даап тике баралбай,
Мен алыстан баш ийкедим, ийкебей.
Өтө бердиң маңкайган ак маралдай,
Мен тарапты тиктеп дагы, тиктебей.
Жаш балача карап калгам жалдырап,
... Маңдайымда көз уялткан ай турат.
Өтпөй дагы, кетпей дагы жанымдан,
Жүрдүң беле жан дүйнөмдө ай, Кайрат!
Таанышкандай эми экөөбүз жаңыдан,
... Кайра келбес кейисек да дат вайрат1.
Билгим келет азыр деле негедир,
Болсоң дагы сен бирөөнүн аялы.
Сени менче сүйдү беле пенде бир?
Жүрөгү анын болду беле жаралуу?
Ашык болуп өзүң дагы кимгедир,
Сүйдүң беле менден башка баланы?
Көсөм болбой биздин көсөм элчибиз,
Бөтөн колго тийип кеткен энчибиз.
Ат көтөргүс кайгы башка түшкөндө,
Керек болду мага сени эскериш.
Кайрат берип турдуң: "Эми үшкүрбө,
Биз жашоого кайра дагы келербиз".
Билсем дагы эки өмүрдүн болбосун,
Көңүл үчүн айткан кебиң, жан досум.
Жетип туруп, жетпей калсак экөөбүз,
Кантип эрийт от жагылбай коргошун.
Кайран жаштык, кайран ошол сүйүүбүз,
Минип качкан Шырдакбектин жоргосун.
* * *
Ырларыңды окуп бүгүн гезиттен,
Эске түштү негедир ак көпөлөк.
Көз ирмемди эстебестен кезиккен,
Түшөт неге көңүлгө бир ой бөлөк.
Жүрөгүңдү жүрсөм дале эзгилеп,
Сүйүү бизден бийик, дагы өйдөрөөк.
Өкүнүч бар, күйөт дале өзөктө,
Сага айтылбай калган бир сөз, бейдарек.
Сезсе сезер, карегимден сезер ал,
... Жар боюнда жалгыз калган байтерек.
* * *
Мен сени соорото албай койгом такыр,
Көзүңдөн жаш төгүлгөн ак жаан болуп.
Аттиң ай! Ошондо не жетпей акыл,
Салбаптыр эжем сага аппак жоолук.
Турса да кошуп бизди насип-тагдыр,
Кошулбай калдык неге арман болуп.
Мен сени соорото албай койгомун эч,
Көзүңдөн жаш куюлган мончок-мончок.
Арманды айтам кимге эч ким билбес,
А бүгүн сага алпарчуу жол дагы жок.
Өмүрдө миң окуя түшкө кирбес,
... Сен мага болдуң окшойт бүтпөс жомок.
Мен сени соорото албай койгомун түк,
Көзүңдөн жаш төгүлгөн тыйылбастан.
Ошондон ушул күнгө келем өксөп,
Кыйбасым, сени такыр кыялбастан.
Коө албай, кете да албай жандан кечип,
... Азыр да баргым келет уялбастан.
Канча ирет көк чөп өсүп, көк чөп куурап,
Турмушта канча толуп, бөксөрбөдүк.
Досторду бир кездеги кудайлашкан,
Тагдырдын татаал жолу жек көрсөттү.
... Теңибиз башка-башка кудай кошкон,
Жүрөктөр таппай калган жүрөктөштү.
Жоголуп, биз жашайбыз жоголбостон,
... Чыдамы кетип эрте чырак өчтү.
Кымбатсың, кагылайын, кыйла достон,
Аман жүр, башатында башка көчтүн.
* * *
"Сүйөмүн" деп жазган арзуу катымды,
Билбей турам, албадыңбы, алдыңбы?
Алган болсоң "жарк" дей түшүп чагылган,
Ай талаада ак көйнөкчөн калдыңбы?
Жаш кездеги сезим эбак жазылган,
Алоолонуп жүрөктө от жандыбы?
Мукактанып жаш балача күнөөлүү.
Ойлодуңбу: "... Болсо дагы бүлөлүү.
Ошол күндөн ушул күнгө унутпай,
О бечара, дале эстеп жүрөбү?
Алган жары ысытпай да, жылытпай,
Сагынычтан саргайгандыр сары өңү".
... Айыбы жок кайра үйүрүн тапкан соң,
Өткөн өттү, кайра келбейт онтосоң.
Сүйгөм сени, дале сүйүп жүрөмүн,
Күтөм сени, күтөм, күтөм, жол тосом.
Сага арналган, сен деп согот жүрөгүм,
Сага умтулам, жалгыз сага кол созом.
... Сүйөмүн деп жазган арзуу катымды,
Билбей турам албадыңбы, алдыңбы?
Алган болсоң "жарк" дей түшүп чагылган,
Ай талаада ак көйнөкчөн калдыңбы!
* * *
Өзүң тарткан кош мандалак, кош гүлдүн,
Бири сенсиң, бири, балким, мендирмин.
Экөөбүздү тагдыр каалап кошпосо,
Теңир бизди гүлгө айлантып ийгендир.
* * *
Кысып-кысып көкүрөккө баласын,
Бар мээримин балкып төккөн энедей.
Ашык жарды кучагыңа аласың,
Деңиз болуп, ал бир сүзгөн кемедей.
Өз сүйүүңдү кийин таппай каласың,
Башталганы бүтпөй, аны өөнөмөй.
... Түбөлүккө бүтпөй келет бу талаш.
Койсо эгерде махабатты жөлөбөй,
Жашаар беле адам малдай аралаш.
* * *
Саат он болду. Өчтү шамдын жарыгы,
Аргасыздан жаттым, араң чечинип.
Терезеден түшүп айдын ак нуру,
- Кечирип кой, келдим, - деди, - кечигип -
Анан сага айланды да, кубулду: -
- Алып келдим ай шооласын ээрчитип.
Тартынгандай сылап менин жүзүмөн,
Улап жатты үмүтүмдү үзүлгөн.
Жароокерим шыбырайсың кулакка:
- Сиз сүйсөңүз, кантип анан сүйбөйм мен.
Кетелиби жалгыз көздүү булакка,
Аруу жуунуп, арылалы күнөөдөн.
Мен умтулуп кысайын дейм кучакка,
Таппай калам кайып болуп кетесиң.
Уктай албай кыйналамын узакка,
"Жетпегенге кантип эми жетесиң?"
Тосуп алып, сени кайра узатпай,
Өкүнтөсүң. Жанып неге өчөсүң?
... Терезеден түшүп айдын жарыгы,
Жарык болуп турат үйдүн жарымы.
Телегейим тегиз болмок азыр ээ,
Жан куйкалап турса сүйүү жалыны.
Жолукпайбы экөөбүзгө кыдыр же,
Кошуп бир күн жаным менен жаныңы.
... Азыр жарык үйдүн араң жарымы,
Качан түшөт сенин шоола жарыгың?
* * *
Сайраган үнүн укпай булбул куштун,
Бөтөн жакка келеби сенин учкуң.
- Тагдыр менин сүйүүмө тийбегин! - деп
Жараланттың жүрөгүн бир байкуштун.
Атылган ок, ойлонбой айтылган кеп,
Керек беле көңүлдү оорутуштун?
Назиксиң, наристесиң, баөо бойдон,
Сүйүүнү жасап алган кыял-ойдон.
- Тагдыр менин сүйүүмдү албагын! - деп,
Жалынасың сезимге торолбогон.
Кыйырдан калыптанып келаткан тек,
Чын сүйүү жыпжылаңач оронбогон.
Карабай, абийир, намыс, уятыңа,
Күч барбы аны тыйып, уялтууга?
Миң жылгадан чыккан миң-миң булактай,
Миң-миң булак келип куят бир сууга.
Албуут сүйүү өзүмдү укпай, сени укпай,
Алдан тайып турам нугун бурууга.
Миң булактай, миң-миң тамыр, миң тарам,
Миң тамырдан бир жүрөккө куят кан.
А мен сенин кыймылыңдан кылт эткен,
Өз сүйүүмүн канын-жанын уюткан.
Жетпеген көп, жанын сайган эр жеткен,
- Мен сүйүүнү бийик, - деймин, - уяттан.
* * *
Кайчылашып, сүзүп турмуш-дайрадан,
Жылдар өтүп, жолугарбыз кайрадан.
Угабызбы-укпайбызбы ошондо,
Терезеден булбул үнүн сайраган.
Кайрат кылгын, көз жаш төгүп бошобо,
Экөөбүздө болор көп-көп айрыма.
Экөөбүздө болор көп-көп айрыма,
Батынбаппыз өкүнүчтү айтууга.
Өзгөрүлүп калса дагы өңүбүз,
А каректер батып турар кайгыга.
Сооротсок да өзүбүздү өзүбүз,
Кайталанбас ыр сабындай кайырма.
- Жакшы тур! - деп, - "Жакшы кал!", - деп айтарбыз,
"Эх жаштык..." деп кайта экинчи кайтаргыс.
Колду сунуп, кол булгалап коштошпой,
... Эрк да болор кайгы-капа майтаргыс.
Бирибизге бирибиз эч окшошпой,
Эки жакка кетербиз биз... жол алыс.
Экөөбүздө болор көп-көп айрыма,
... Тагдыр бизди тамашалап айырба.
* * *
Жаным сен билесиңби, билбейсиңби?
Жан сырын сапар тарткан каркыранын.
Кошо учат алар менен чабалекей,
Бир жипке байлап коюп тагдырларын.
... Таалайын издеп, издеп таба электей,
Мен сага таштак жолдо табылармын.
Көз жетпес көк деңизден кантип өтөт?
Чаалыгып, чарчабайбы, чабалекей?
Канаттары талыса бечаранын,
Жонуна конуп алып каркыранын,
Көздөн учкан көк жээкке жетет экен.
Турмушка сен жаралган чабалекей,
Сен үчүн мен жаралган каркырамын.
Таалайды издеп жүрүп таба электей,
Табыла элек таалайга алпарамын.
Кукеге
Сени тагдыр жаратыптыр жапакеч,
Балким, сени керек беле: "Апа", - деш.
Өз бактыңды кыйып башка бирөө үчүн,
... Айкөлдүктү кандай кыйын ката деш.
Бирок сезбей такыр, такыр күн өзүн,
Нурун төгөт ай-ааламга тепе-тең.
Айкөлдүгүң - сенин бактың, ырыскың,
Сен жашайсың мизи менен кылычтын.
- Сен ооруба, сен ыйлаба, иним!, - деп,
Мен ооруюн, мен ыйлайын, иним!, - деп,
Бар азабын өз мойнуңа алыпсың.
Бети чарым, бети калың адам көп,
... Өзүңдү ая, араң-араң айыктың.
Өзүңдү ая, араң-араң айыктың,
Сен да мендей бу турмушта майыпсың.
Оң жагыма жакыныраак отурчу,
Болбогонду өзүң эми болтурчу.
- Сүйөм! - деген бир сөзүңдөн айыктым,
Көзүм жетсе колум жетпес ыйык туум!
* * *
Качандыр бир мезгилдин кыйырынан,
Жолугарбыз экөөбүз капилет бир.
... Олтуруп махабаттын кайыгына,
Деңизде бирге сүзүү адилеттир.
Толкун жиреп, тогуз валга туш болбой,
Элегинен өтүп деле кетербиз.
Башыбызга, бирок бакыт куш конбой,
- Өкүнөрбүз, жолуктук, - деп - бекер биз.
Көр тиричилик жан багуунун амалы,
Эзелки бир ак сүйүүнү унутар.
Көздөн кетпей көөнөрбөгөн жамалың,
... Тарап кетер тармал чачтуу булуттай.
Качандыр бир мезгилдин кыйырынан,
Экөөбүз жолугарбыз капилеттен.
Түбөлүк тыйылбаган ыйды угам,
... Ыйыбы Ромео же Жульеттин?
* * *
Ушул кат, сага жазган акыркы кат,
Жүрөк да жүлүндү өрттөп жалгыз калат.
Жылт этип жанып-өчкөн көз ирмемдей,
Сен жылдыз болдуң мага жалгыз канат.
Кабылып мен сүйүүнүн кеселине,
Айыкпас оору болдум, атаганат.
Боздоттуң боор оорубай бечарага,
Айлантып мени адамдын начарына.
Ишенбей ак сүйүүмө алдагандай,
Чүкөдөй өкчөп мени калчадың да.
Кечээ эле күкүктөнүп аккан дайра,
Узарып, учу уланбай чарчады да.
Ушул кат сага жазган акыркы ирет,
Жаныма жан шеригим жалгыз сүрөт.
Калп эле аны сурап, муну сурап,
Түшүңө кирбейм эми күлүмсүрөп.
Жүрөктө өчпөс сүйүү жашайт дайым,
Өлгөндө өзүм менен кошо өлөт.
Кош сулуу, кош бол сулуу, кош бол эми!
Акынга болдуң аз күн жан шериги.
Жылт этип жандың дагы, өчүп калдың,
Табият тартып алып таберигин.
- Сүйөм! - деп анан кайра айнып калдың,
Кыялбай койду кимди кыз жүрөгү.
* * *
Сен кандай периште элең унутулгус?
Кыйрады, ойрон болду жашоо турмуш.
Эсимен чыгып калды биротоло,
Кең жайык, келберсиген жайлуу конуш.
Бар беле мамилебиз же ортодо?
Керек беле мени саа жолуктуруш?
Элесиң эриктирбес эрмегимдей,
Өзүң менен сүйлөшөм эртели-кеч.
Дем берген жан-теңиме делбиримдей,
Жүрөккө байыр алды жаңы бир көч.
Өмүрлөш, жаным бирге шеригимдей,
Махабат болдубу же бизге тилмеч.
Куюлтуп көздөн жашты жаздыгыма,
Жатаарда ушул ырды жаздым мына.
Түшүмө киришиңди тилек кылып,
- Түнкүсүн жолуксам ээ, алтыныма.
Бир кезде муздак төшөк калат жылып,
Конгонбу ак куу келип айдыңына.
* * *
Сулуулукту талашкандай бир биринен,
Саябандап жүрөт кыздар - перилер.
Ким айбыкпайт оо, алардын сүрүнөн,
Ыгын таппай аңдыйт жигит - бөрүлөр.
Айдың көлдүн ак куулары бөлүнүп,
Сүзүп жөнөйт түнөгүнө акырын.
Перилердин арасынан терилип,
Калат, калат жүрөккө эң жакыны.
Саябандап жүрөт, каалгып перилер,
Ыгын таппай аңдыйт жигит - бөрүлөр.
Көз кумарын сулуулукка кандырып,
Айды аңдыган ак булуттун бири мен.
Жүрөктөргө өчпөс отту жандырып,
Бар болгула, бар болгула перилер!
* * *
Турмуш - деңиз, толкуну анын,
Өмүрдөгү толгон-токой окуя.
Кызыгы да, кырсыгы да аралаш,
Өткөнү өттү, келер күнү купуя.
Азыткыдай тагдыр жылаңач,
Кайсы жээкке урат бизди, кокуй я!
* * *
Ак кайыңдай сымбаттуу да, сулуу элең,
Бутагыңда булбул элем сайраган.
Көңүлүмдө ынак, кыйбас курбу элең,
Сени сүйүп, сени урматтап, сыйлагам.
Арнап сага жазгам канча ырды мен,
Кетти такыр, кетти такыр айла-амал.
Сенсиз алсыз, сенсиз мынча жарды элем,
Ажарынан ажырады ай-жамал.
Жалгыз жиреп калың түшкөн ак карды,
Жыгылдым да, кайра турам күрткүдөн.
Эстейм сени, эстейм ысык жактарды,
Жаштык кезди, алоолонуп от күйгөн.
Ак кайың жок, сулуу дагы, сымбаттуу,
Булбул да жок, бутагыңда сайраган.
... А сен азыр ким бирөөнүн кымбаты,
Бөбөгүңдү соороторсуң ыйлаган.
Жүрөгүмдөн канча жылы кан акты,
Токтото албай койдум, дале кыйналам.
Өмүр өтөр, кетер бизден ыраактап,
... Жолугарбыз балким, балким кайрадан.
Добуш чыкса чакыргандай бир жактан,
Ошол менмин...
Махабаттын үнү угулат дайрадан.
* * *
Өз сүйүүсүн батыра албай өзүнө,
Мен бирөөнүн көргөм көз-жаш төккөнүн.
Соорото албай коюп аны эч эле,
Мелт-мелт эткен көз жашынан өпкөмүн.
Ал окуя болгон өңдүү кечээ эле,
Даамы турат тил учунда шипширин.
Көнөктөтүп көз-жаш төгүп ыйлаган,
Көргөмүн мен дагы башка бирөөнү.
Баш көтөрбөй, төрт бүктөлүп кайгыдан,
Калган анын араң эле сүлдөрү.
Азыр деле көрүшүүдөн айбыгам,
Болгон өңдүү баарына мен күнөөлүү.
Катар жашайт кайгы менен кубаныч,
Келет күндөр бир бирине уланып.
Кыйын, кыйын кыйрап кайра куралыш,
Жашоо кызык - куду өзүңдөй уламыш.
Билбейсиң да неси калпыс, неси анык,
... Калптын билбейм, акыйкаттын жолу алыс.
Азыр эми эстеп эсил сүйүүнү,
Өкүнөсүң, туюп кайра келбесин ал сезимдин.
Чечилсе да эбак сырдын түйүнү,
Эстелиги ал бир жаштык мезгилдин.
Экөөбүз тең болуп эки бүлөлүү,
Эки жерде эки түтүн булаттык.
Эми биздин бойго жеткен уул-кыздар,
- Кетет, - дейли биздин жолду улантып.
Бир бирине болуп, болбой ынтызар,
Жетпей калар... жүрөктөрүн уулантып.
... Ошондо да күлүп-жайнап жылдыздар,
Ай-күн аман... бир ак жуумал таң атып...
* * *
Соолуп жатам, гүлдөй кызыл ыргыткан,
Болбогондой жыты жанды жыргаткан.
Күндөр өтүп, мага чөлдөй сезилип,
Бүтпөй койду турмуш таңдай кургаткан.
Кызыгы жок тыйынчалык өмүрдүн,
Кайда дүйнө көзүң тойбой чуркаткан?
Мелт-калт эле, ашып турчу кыргактан,
Үлпүлдөгөн үр кызындай үмүтүм.
Жерге түшүп, сынып калган айнектей,
Максат дагы талкаланды, түшүп түн.
Көзгө сайса көрүнбөгөн караңгы,
Үшүн алат араң соккон жүрөктүн.
Катыңды алдым, тарап кетти жөө туман,
Жамгыр төктү, кызыл гүлдөй кулпурам.
Ак баракка катып аруу сүйүүңдү,
Жөнөттүңбү мээр чөбүңдү бир тутам.
Көздөн учкан көк жээк болдуң сен мага,
... А мен сага өмүр бою умтулам.
* * *
Шаардын чети, эң бир чети, чекеси,
Жок эле да тротуар, көчөсү.
Коюндашып турган жапыз үйлөрдүн,
Бир үйүндө келин жашайт жеке өзү.
Бир түнүндө айсыз түндөрдүн,
Капилеттен баргам ага мен өзүм.
Чымчык көздүү терезе аста чертилип,
Бузуп ийген балдай ширин уйкуну.
"Эмес беле сырткы эшик кулпулуу
Кантип кирди, ал ачкычты жулдубу?"
- Ким? - "Мен. Эшигиңди эрте илип...
алгансыңбы?" Классташтын тааныш үнү угулду.
Халатынын илип-илбей түймөсүн,
Үстүнө ал жамынып ак күрмөсүн.
Түшүнө албай турду ал такыр.
Классташтын бу келишин түндөсү.
"Балким, эбак таң да аткандыр,
Бир иш менен келип жүрбөсүн?"
Көңүлүнө келип дароо миң санаа,
Көңүлүнөн кетти ойлор миң салаа.
Классташтын кан-сөлү жок өңүндө,
Кар астында калган кадим ай талаа.
Башты байлап коюп нагыз өлүмгө,
Аттангандай, келбес, кайтпас сапарга.
Сурай албай анын неге келгенин,
Билбей турду: "Үйгө кирбе, кир!" - дээрин.
Туйдубу же туйбай калдыбы?
Ал сүйүүнүн укмуш ирмемин.
Көңүлүнө бир жаман ой алдыбы?
- Кыз эмес да... акыр бу келин.
Дал ушинтип шектүү ойлонуп,
Тургансыды анын ары кордолуп.
Жүрөгүндө эч бир кири жок,
Классташтын кареги бүт тордолуу.
Сүйүп калып ал өзүнүн курбусун,
Унута албаган айлуу түндү бир жолку.
Өтсө дагы канча мезгил, канча жыл.
Ашуу ашып, ашса дагы канча кыр.
Унута албай койгон анын жамалын,
Унута албай койгон аны таптакыр.
Уксун мейли, уксун анын жемесин,
- Тобокел! - деп ал эшикти аттаптыр.
Сүйүп калса жүрөк кантесиң,
Кандай кылып аны айтасың?
Жок жердеги ушул, жорукпу,
Жарым жолдон кантип кайтасың?
Кыз жигитке болбой колукту,
Ажырашып алган канчасы?
Караңгы түн... үйдө экөө эле,
Угулбайт үн... чыкпайт сөз деле.
Бир биринин тиктеп карегин,
Дымыйт неге, дудук пендеби?
Экөө сокур, экөө көр эле,
... Жетпей жүрдү чиркин тең-теңи.
Напиз агып, ийип турса да,
Сөздүн нугун улам бурса да.
... Келин көөнү сүйүп турса да,
Байкамаксан, такыр билмексен.
Экөө бирдей отко күйүү үчүн,
... Колдор колго жетиш керек да.
* * *
Досторуң сага кастардын ишин кылса эгер,
Ошондо көңүл бир сынат.
Жүрөктү билбейм, кордукка мындай ким чыдайт?!
Жакшылык башта, жамандык башта,
Кайгыга мындай кой чыдап.
Ким эле бейиште жагат шам чырак?
Унутулат баары, унутулат баары аз-аздап.
* * *
Көөдөндө жаш, көөдөнүмдө муз тоңуп,
... Мен бечара, а сен мага тың болуп.
Махабаттын бир жээгинен бир жээгине өтө албай,
Кара нардай жатам жансыз комдонуп.
Таштап кеттиң неге салкын кыштооңду?
Көөдөндө жаш, көөдөнүмдө муз тоңду.
Арманымды, азиз, сага айталбай,
Жадыраган жазым, жайым кыш болду.
Канат сынган каркыра эми кайта албас,
Ак кар басты сага алпарчу таш жолду.
* * *
Билбейм, сенден келет кандай жаңылык?
Калдыңбы же, балким, мага таарынып.
Жүрөгүңдү жылыта албай койдубу?
Жазган катым сени сүйүп, сагынып.
Кур кыялга толтуруп мен койнумду,
Түз жолуман калдымбы же жаңылып?
... Билбейм сенден келет кандай жаңылык?
Окуган соң онтоп жазган катымды,
Уккуң келбей калдыбы же атымды?
Чабалактап торго түшкөн балыктай,
Бойду ургулап, издейсиңби бактыңды?
- Көксөгөнгө жетем, - десем, - талыкпай,
Жол тостубу адал-пейил актыгың.
Жамандыкка өз жаныңды кыялбай,
Көз жашыңды төктүң бекен тыялбай.
А мен болсо: "Буйругу, - деп, - жүрөктүн
Жан сырымды айткам сага уялбай.
Сага бүтсө, мага дагы бүтөт күн,
Үлпүлдөгөн үмүтүмдөн айырба.
Кайта-кайта окуп жазган катымды,
Сен сүйүүнүн таттуу даамын таттыңбы?
Балкып боюң, көңүл учуп көкөлөп,
Айлуу түндө мени эстеп жаттыңбы?
- Биз турмушту куралы, - деп экөөлөп,
Сен өзүңө-өзүң чындап айттыңбы?
Ак кагазга түшүрө албай бүт баарын,
Билбей анан кантип таңдын атканын.
Түнү бүтпөй: "Бүтөмүн, - деп, - эртеге,
Билдиңби, сен, кантип күндүн батарын?
Жазып, чийип, өчүрүп миң мертебе
Сездиңби сен... жазылганын кантип менин каттарым?
Билбейм, сенден келет кандай жаңылык?
Кубанамбы, издегеним табылып?
Жүрөгүңдү жылытса эгер махабат,
Сен да мага кат жазасың сабылып.
Кандай жыргал, кандай бакыт, ырахат?!
Кат жазышуу сүйүп, жанып, сагынып.
... Билбейм, сенден келет кандай жаңылык?
* * *
Уктабай жатасыңбы сен да азыр?
Жанга батып жалгыздык, көңүл ооруп.
Сыга, сыга кучактап жаздыгыңды,
Эстеп коюп эселек жалгызыңды.
Куюлабы көз жашың тамчы болуп?
Көңүлүңү күдүк ой азгырабы?
Капалантып, сабайбы камчы болуп.
Мен дагы уктай албай жатам азыр,
Көзүмө элесиңи тартып алып.
Жазылып жазылбаган качанкы ыр,
Көңүлдү удургутат камчыланып.
Айтылып айтылбаган ымандай сыр,
Жатабыз сен экөөбүз ай чыланып.
Көзүңдү жум, мен дагы көздү жумам,
Сен бир селки периште, мен бир улан.
Кыялданам, сен дагы кыялдангын,
Эстеп алып өткөндү улам-улам,
Колду карма, колуңду кармайынчы,
Жанга кубат алалы жолугуудан.
Жымжырт үйгө жөнөбө күндөгүдөй,
Үйдө күтөм мен сени түндөгүдөй.
Өзүңдү жалгыз дебей, жалгыз сезбей,
Элесимди эркелет сүйгөнүңдөй,
... Жаздыгымы кучактап жатам жалгыз,
Жанга шерик жаздыгым түгөйүмдөй.
Өтүп кетет бу түн да кайра жалгыз,
Өмүрдүн көзгө илешпес ирмеминдей.
Көктөм келет, кайрадан көктөйт жалбыз,
Жазда келет өмүргө бир билинбей.
* * *
Жашай албай калдым сенсиз жарым күн,
Бирок сенсиз өтүп жатат өмүр - күн.
Жүрөгүмдүн толтосунан жай алып,
Айландыңбы дал өзүнө жүрөктүн?
А мен сага, а сен мага байланып,
Мен да сени, сен да мени жүдөттүң.
Жолугушуу, жолугушар келет күн.
Эңсеп сени, көксөп сага жете албай,
Жектеп сени, таштап бирок кете албай.
Аралашып каның менин каныма,
Турса дагы баш ийбедиң ниетти алдай.
Кошулбастан жаның менин жаныма,
Боломунбу, болосуңбу, бейтаалай.
Жолугушуу, жолугушар келет күн.
Карегиңден көргөм сүйүү учкунун,
Ошол учкун сага мени туш кылды.
Үч күн мага болуп азыр үч кылым,
Үшкүрүгүң жан дүйнөмү муз кылды.
Сага арналып, багышталган ушул ыр,
Козгой алар бекен жүрөк ышкыңды.
Жолугушуу, жолугушар келет күн.
Жашай албай калдым сенсиз жарым күн,
Өчүп-күйөт үлбүрөгөн үмүтүм.
- Болбогонду болтурамын, - деп жүрүп,
Боздоп, боздоп мен ботодой күйүктүм.
Барды бардай, жокту жоктой бүтүрүп,
Жообун берчи, жароокерим, сүйүктүүм.
Жолугушуу, жолугушар келет күн.
Бирок сенсиз өтүп барат өмүр - күн,
Эртеңки күн кандай болот ким билет?
Келбейт, бирок аны сенсиз түгөткүм.
Бу жашоодо сүйүү гана адилет,
Жашайсың сен өзү менен жүрөктүн.
Жолугушуу, жолугушар келет күн.
<ң1>Адашкан сезим</ң1>
(поэма)
Жазыгы жок жаш баладай наристе,
Наристе элең секелек кыз периште.
Жадыбалдай калган мага жатталып,
Жадыраган жайдын түнү... баары эсте.
Ай-айларга, жыл-жылдарга катталып...
... Маа сезилет кечээ болгон таризде.
Көктөм көзүн көрүп-көрбөй үзүлүп,
Эрте жазда соолуп калган жалбыздай.
Таалай бизге таарынганбы, жүз үйрүп?
Тагдыр бизге таш боор беле ушундай?
Он гүлүңдүн ачылбастан бир гүлү,
Өчүп калган бир жылт эткен жылдыздай.
Мен үйлөнүп баш кошкондо жаңы эле,
Сен секелек кыз элең да кичине.
Кызыл көйнөк, кызыл жагоо тагынып,
Окуур элең алтыда же жетиде.
... Мезгил өтүп сүйүп сени, сагынып,
Кайдан билдим от коөруң ичиме.
Сен секелек кыз элең да кичине,
Жаш шараптай күч кире элек күчүңө.
Көкүрөктө эми гана түп байлап,
Кош алмаң да көрк бере элек мүчөңө.
... Сүйүп сени, жетпей сага жыл-айлап,
Жалынарым түк келбептир эсиме.
Күндүн алып аптап табын, ысыгын,
Жаратылыш жагып алоо кызыгын.
Айдан алып ашкан сулуу чырайды,
Сен толукшуп, тоо гүлүндөй ачылдың.
Кыртышыңда махабатым кылайды,
Азыр айтсам, ымандай сыр, ачыгын.
Өттү мезгил, өттү жаштык кайрылгыс,
Калды элесиң, калды менден айрылгыс.
Кайра эстеп, качанкы бир кездеги,
Кепти айтайын жан адамга айтылгыс.
Унуттуңбу? Балким дале эстедир,
Эсте болсо, мага көздөй кайкып уч.
Эми экөөбүз эки башка жайыкпыз,
Айлуу түндү айыптуу да, айыпсыз.
Сөздү буруп, жаман-жакшы дешпейли,
Экөөбүз тең махабаттан майыппыз.
Мен ашыкмын, а сен мага кайып кыз,
Жүрөгүмдө жарат калган айыккыс.
... Сен экөөбүз бир чоң үйдө жапжалгыз,
Эки бөлмө, эки бөлөк жатканбыз.
Мен сени ойлоп, а сен ойлоп башканы,
Сүйүү азабын эки башка тартканбыз.
Түк даай албай жүрөк сырын ачканы,
Байлап турган мени бир күч аркансыз.
Ойлор келип мага ар кыл, азгырык,
Алып кетет улам сага азгырып.
Уйгу-туйгу уюлгуган сезимдин,
Уюткусу беле уяң, наз кылык?
Жата албадым, эзилерин эзилдим,
Шарабы жок, турдуң мени мас кылып.
Терезеден түшүп айдын жарыгы,
Ак шоолага көшүйт үйдүн жарымы...
Эшикти ачтым... кирдим басып үстүңө,
Бүт унуттум, уят-сыйды, арымды.
Уктап жаттың, а сен бейгам, сүзүлө,
Туйбай такыр менин жогум-барымды.
Күйөт, күйөт күчөп менде ышкы оту,
Бүт денени басат алсыз калтырак.
- Кыз койнуна кирүү оңой, оюнбу?
Мага күлүп терезеде ай турат.
Көзүм жетсе, жетпей сага көкүрөк,
Умтулат да, жаш балача умсунат.
Жаныңдамын, жансыз, араң кыймылсыз,
Жүрөк дик... дик... туйлайт тынымсыз.
Билбейм, кийин кандай иш болот,
Кошулушуу азыр бизге ырымсыз.
Өз башыма, балким, ушу муш болот,
Кудай ургур, ушу жорук жагымсыз.
Чукул келдим, жылып секин, акырын,
Эңги-деңги кылат жыпар - атырың.
Колум жетип сага азыр турса да,
Алыс элең менден миң-миң чакырым.
Алдырдымбы кумар-кусага -
Жоголуп бүт турат эс-уч, акылым.
Көзүм өтүп сенден чачырап,
Тула боюм толду чатырап.
- Кириңизчи оттуу койнума! -
Тула боюң тилсиз чакырат.
Кана жыттап турна мойнуңан,
Кучактагым келет батыраак.
Жылам сага, улам жакындайм,
Ажырагам бүт-бүт акылдан.
Ал ансайын жүрөк опкоолжуп,
Чыгып кетпей чыдайт кабынан.
Көшүп боюм улам баратат,
Эрип көк муз ысык табыңдан.
Тийип-тийбей колум колуңа,
Урундумбу күчтүү тогуңа.
Алапайым кетип, алсырайм,
Сен куйкалап кызыл чогуңа.
Жараланган жоокер кансырап,
Жатат жерди кысып бооруна.
Жуурканыңдын ачтым четин, чекесин,
- Көксөгөнгө жеттиң... эми жетесиң.
Ошо учурда оодарылып оң жакка,
Тоо суусундай аңтарылып кетесиң.
... Үстүңдөгү шейшеп сыйрылды,
... Нес болдум да туруп калдым. Кантесиң?..
Сен перидей жыпжылаңач экенсиң.
Айдын нуру аймалап ак мүчөңдү,
Ажыратат аны кандай күч эми?
Жылып келип, жаттым жаныңа,
... Жүрөк туйлайт... күсөө күчөдү.
Тийип-тийбей балтырыңа, саныңа,
Ден-денеге жетпей турду үч эли.
Айланайын, ай чырайлуу татынам,
Кантип, сага кантип батынам?
Дем алалбай, денем энтигет,
Күүлөнөмүн, кайра тартылам.
Койгон сени кимге энчилеп?
Ал бактылуу, мен айрылам бактыман.
Бирок койбой мени бир күч эркиме,
Бетим тийди сенин ысык бетиңе.
Жыттап-жыттап жыпар чачкан чачыңдан,
Тийгизерде мен төшүмдү төшүңө.
Шарт жабылды шейшебиң бүт ачылган,
... Суу сепкендей күйгөн отту өчүрдү ээ.
Калдым туруп, каккан казык сыңары,
Айланкөчөк... көчөт, көчөт... бүт баары.
Муунтуп ыза, муунтуп абийир, алсыздык,
Бар сезимим - чагат, чагат... сары аары.
Башка түшүп эми күйүт, жалгыздык,
Жапан чөлгө таштап кетти атайы.
- Кетиң деймин, ордуңузга барыңыз!
Акыр, сиздин бардыр уят-арыңыз.
Үлпүлдөгөн үнүң дирилдеп,
Угулду да мага каңырыш.
Ойлоруң да, ойлорум да дирилдеп,
Менде ыза, сенде жумшак таарыныч.
Араң жеттим төшөгүмө мупмуздак,
Жүрөгүмдү ачыштырат ким туздап?
Кыял менен курган менин көпүрөм
Кыйрап калды... Сага жетчү жол узак.
Жан караят, капкара ал көмүрдөн,
Муунтат мени абийир-уят - кыл тузак.
Тилеймин мен түндүн өтпөй коюшун,
Жана дагы таңдын атпай коюшун.
"Махабатты аздектебей, сыйлабай,
Наадандык да аны койдой союшуң".
Өттү түн да, таң да атты кыйнамай,
Уулугамын, угам сүйүү добушун.
Ким билиптир не болорун соңунда?
Кыялымда кыйла ойлор серпилип.
Азгырылып кетсең түнкү оюнга,
Мен эритсем, сен да мени эритип,
Каалап мени коө берсең коюнга,
Жүрөт белең алтын бешик терметип.
... А сен көнбөй койдуң да.
Унутасың кантип уят-сезимди,
Жүрөк байкуш эзилерин эзилди.
Жер жарылбай калыңдыктан көтөрөт,
... Тик карабай сенин жал-жал көзүңдү.
Айтылар кеп кетти айтылып,
Обологон от сүйүүнү өчүрчү.
- Ишенип сиз ошо китепке...
Айтайын дейм... Зээним кейийт ээ.
Ашык болсо, ашык болгондур,
Боло берер андай китепте.
Чалагайым, бирөө жазгандыр,
Өз кызыгын көздөп алгач иретте.
Кереги жок мага андайдын,
Ички сезим, ичти иритме.
Айтылган сөз мага тийди ок болуп,
Куйкалады кызыл жалын чок болуп.
Жүлүнүмө жетип турду жүйөө кеп,
Жүрөк дагы сокпой турду токтолуп.
Ызаландым жаш баладай таяк жеп,
- Эркелейм, - деп мен өзүңө, шоктонуп.
... Улам жаңы гүлдөн гүлгө умтулуп,
Мезгил менен кетсе элесиң унтулуп.
Кереги не, кейип кепти, айтыштын?
Болбосо эгер тун махабат туптунук.
... Мейли каргап, миң: "Жаман!" - деп айтышсын,
Ооба, сени келем туудай тутунуп.
Жазыгы жок уккан кулактын,
Бир айың кеп сени кулатты.
Ылайга суу, пайнап кошулуп,
Булгап салды мөлтүр булакты.
- Эр албайт, - деп эми чочушуп,
Зордоп сени эрге узатты.
Көө сыйпалып нурлуу өңүңө,
Тыйылбады көз жаш төгүлө.
Ишенбесе, кантип айтасың,
- Тазамын! - деп мына көргүлө.
Ошолорду кудай каргасын,
Ичтен сызып кеттиң сөгүлө.
Кимге айтасың арман, дартыңды?
Турса дарга тартылуу.
... Эң соңку ирет артыңа бир кылчайып,
Кабинага түштүң, жүгүң артылуу.
Уу жуткандай ууз сүйүүмдөн айрылып,
Кол жууп калдым, мен жоготуп бактымды.
Бөпөлөгөн менин сүйүүм наристе,
Бүттү, ошентип күйүт менен кейиштүү.
Бирок, бирок, жүрөктү ким тыя алат?
Билбейт сүйүү тагдырга баш ийишти.
Дил дилиме булак болуп куюлат,
Айлуу түн да, кайтпас кейиштүү.
Жеңе-абысын ичтен табалап,
Аяр аңдыйт иттей кабаанак.
Шек келтирип таза дилиңе,
Кайдан сага таалай кааламак?
Үн катпастан тилди басып тишиңе,
Куюлтасың жашты салаалап.
Түн ортосу, өчтү үйдүн чырагы...
Күйөөң кирди... кетип чыдамы.
Ала жазгы ак байчечек өңдөнүп,
Үлбүрөгөн кыздын бопбоз ыраңы.
Аргасыздан, айласыздан сен көнүп,
Ай чымын жан, чыгып кетпей чыдады.
Бутка кирген чөңөр тикен сыңары,
Сыздап ооруйт теңгедей жер аялуу.
Кочкул канга боөп аппак шейшепти,
... Жуурканды эмес, эстетет ал чыланы.
Сенек кылып сезимди бүт селейтти,
Ууз денеге уусун чачып жылан бу.
Жеңелердин жаагы жанган жап болуп,
Таза чыккан, кыз намысы ак болуп.
- Этегинен жалгасын, - деп бүшүркөй,
Алкашты алар. Сага бакыт-бак конуп...
Бар ширесин соруп алган жүзүмдөй,
Көкүрөктө бу түн калды так болуп.
Кербезденип, келин болуп гүлдөбөй,
Бүчүр байлап, бүрдөп дагы бүрдөбөй.
Бирде кагып, бирде тилдеп урушуп,
Кээде энеси, кээде эжеси, күйөөсү.
Сен унчукпай, бир каяша кеп айтпай,
Жашың төктүң жаздыгыңа түндөсү.
Азап менен өттү, кетти эче жыл,
Аралады ортону да кеп ар кыл.
Ак никеден төрөлгөн уул-кыздарды,
Сыйлабады күйөөң, балким, кем-акыл.
Ажырашып кеттиңер да акыры,
Эки жерге бөлүп койду бу тагдыр.
Ал үйлөндү бөтөн, башка бирөөгө,
Дал ушундай кыйын-кыстоо учурда,
Керек эле сага дагы сүйөмө.
Сен да тийдиң бөтөн, башка бирөөгө.
Баш кошконуң бакыр болду жарым эс,
Башка мээнет, башка кайгы үйдү ээ.
Кайда барба, көрү окшойбу Мамайдын,
Жанып-жанып жаның жаман күйдү ээ.
Уккум келип кайып кыздын күлкүсүн,
Барар элем сага күндүз, түнкүсүн.
Жан карайып, өчүп такыр жылдызың,
Турса дагы сен жылмайып ийчүсүң.
Айланайын, ай азаптуу периштем,
Сүйбөй калдың сүйчү адамды сүйчүсүн.
Маңдайымда олтурган бир перизат,
Колду узатам, сен да мага колду узат.
Өзүбүздүн айлуу түнгө кетели,
Аттиң... ага алпаруучу жол да узак.
Өкүнүчтө, балким, өмүр өтөбү?
Тагдыр, балким, койгон бизге кыл-тузак.
Акыркы ирет көрүштүк биз экөөбүз,
Көздөн жашың төгүлдү бир көнөктөп.
Жетпегенге кантип эми жетебиз?
Же турмушту баштайлыбы бөлөктөн?
- Жүрүңүзчү, ай талаага кетели,
Чочусаңар таанышыңар көрөт, - деп.
Карегиңен окуп ушул саптарды,
Көз алдыма тартып өттүм ак карды.
Бир жеринде кара чекит, тагы жок,
Кантип эми таштап кетем ак жарды?
Кеп айтылат багы жокко, дагы жок,
Кенемтелүү бу кең аалам, жер тарбы?
Күрпүлдөгөн эки дайра, эки суу,
Кете албады бир деңизге куюлуп.
Биз сүйүүдөн татпай балды, жутуп уу,
Эки жерде эки таштай уюдук.
А сен мага, а мен сага кол жетпес,
Кол жетпеген асыл заттай туюлуп.
Ошондуктан сүйүү, балким, эч өлбөс,
Болсо керек анда укмуш, улуулук!