|
Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
|
түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
Ташиев Нургазы,1977-жылы Карасуу районундагы Миялы айылында туулган. 1999-жылы Ош технологиялык университетин аяктап, "Инженер-энергетик" адистигине ээ болгон. Ырлары мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланып келет. "Студ таймс" гезитинин башкы редактору, "Жаштык" телестудиясынын жана Жаштар иштери жана коомдук байланыштар боюнча департаментинин директорлугу, Кибернетика Жана маалымат технологиялар факультетинин деканынын орун басары кызматтарында иштеген. Учурда ОшТУнун ректорунун жардамчысы кызматында эмгектенүүдө. АКЫН Ак барагын элестетип күзгүдөй, Калем менен тарак өңдүү таранат. Элге жетчү эки сөзгө каранат, Элге окшоп этек жеңге көз салбай. Узун күнүн алпурушуп ой менен, Кээде түнүн ыры менен күзөтөт. Акындыктын айырмасы адамдан, Ал адамдын жан дүйнөсүн гүлдөтөт. ЖАЗ Жазгы сапар жашыл жолдон башталып, Эң биринчи Аялзатка жол берген. Үч ай минип мезгилдердин тулпарын, Кезек күткөн асыл жайга жол берет. Жер бетине жазгы үрөөн себилип, Сезимдерге жаңы сүйүү уялайт. Мажүрүм тал таазим этип сүйүүгө, Жүзүн каткан жаш келиндей уялат. СҮЙҮҮНҮН КӨЙНӨГҮ Жазгы сапар жашыл жолдон башталып, Чуркап жатты бир ордунда тура албай. Сезимдерим ойгоно албай толгонуп, Ойлуу гана тиктеп турду кыя албай. Кыркынчы жип, жалгыз көздүү бир ийне, Айлангандай сенин эки көзүңө. Тигип жаттың өз көйнөгүң саймалап, Чактап-бычып дал келгендей өзүңө. Бирок баары кеч калган деп айталбай, Көз караштар аргасыздан уурданат. Селки сенин сезилбеген жазыңдан, Сезимимде сүйүү эмес, уу калат. Далай көйнөк дал-дал болуп бөлүнүп, Аралашкан турмуштагы нугуна. Жалгыз көйнөк туңгуч түстөн жаңылбай, Жашап жүрөт чыдап турмуш суугуна. БИЗДИН СҮЙҮҮ Шоола издеп, үмүт улап мен сенден, Сага дедим бүт каткырык күлкүмдү. Ыр аркылуу ысырыктап дүнөңдү, Ыр аркылуу ачкым келди сүйүүмдү. Биздин сүйүү-көп түрмөктүү ырлардай, Биздин сүйүү-табышмактуу сырлардай. Өзгөлөргө көз жетпеген чек болсо, А биз үчүн андан бийик кырлардай… БАЛАЛЫК ОЙ Анда кайдан, ой жүгүртүүм таптаза, Бүт дүйнөнү кыдырчумун ой менен. Кыбыр эткен кичинекей пенде да, Өткөрөт деп өмүрлөрүн той менен. Улам-улам өскөн сайын көз караш, Таттуу ойлор тамырлашып ачууга. Кээ бир кезде таттуу ойго алдансам, Кээде келди ачуу ойдон качууга. Азыр антпейм. Ар бир ойду ойлоном, Ар бир ишке ак ниетте толгоном. КЕЧ КҮЗДҮН ТАҢЫ Таңкы жел аста гана кытыгылайт, Билинбей кирип-чыгып эшигимен. Жүзүмөн аяр сылайт:"Тура кой,- деп, Кеч калдың жаңы күндүн кешигинен". Көз ачсам сары көйнөк жалбырактар, Каректе сапырылат түнкү түштөй. Айнектен агып кирген күндүн нуру, Күлүңдөп салам жолдойт, алик күтпөй. *** Түн бир оокум. Жылдыз санап жатамын, Санай албай сансыз ойго батамын. Сан жылдыздан сага карай кол сунсам, Жетпей калды ошол менин арманым. *** Таң ойгонуп, чолпон жылдыз жашынат, Миң толгонуп, эчен ырлар жазылат. Нурга бөлөп, көңүлүңдү терметчү, Ой учкуну сага карай чачылат. КАНЧА ОЙЛОР ЫЙЛАП КЕТТИ АЙТЫЛБАЙ (Жолонго) Көңүлүмдө кайгы-чуусу дүңгүрөп, Күйүп турдум жер көчкөндөй титиреп. Кайран Жокем, калк ичинде көрүнбөйт, Кайда учтуң, дайыныңды ким билет. Отту сүйүп, издеп чыгып ааламга, Оргуштадың Акбуураңдын башында. Тарыхтарда ырың калып, өзүң жок, Жалын үрөп, оттой күйөөр маалында. Канча ойлор кетти го бейм айтылбай, Канча ырлар кетти мээде жазылбай. Табийгат да жоктоп жатты Жолонду, Түндө жааган жамгыр дале басылбай. СЕН ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНУУ Сени ойлоп таң атат да, күн батат, Сен жөнүндө ар бир денем үн катат. Сен бар үчүн дүйнө түгөл сезилип, Сен бар үчүн жүрөгүмдө күн жатат. Сен жөнүндө ойлонбоого ант алып, Иш баштасам, иштер токтойт таң калып. Жан тартыша ойлор сага жүгүрөт, Сени ойлосом, иш башталат чаң салып. "Сен жөнүндө ойлоном деп ар дайым". Мен ойлорду дал ушинтип алдайын. А сен дагы мен тууралуу ойлонбой, Сурап көрчү ойлоруңдан ал жайын. МАХАБАТ Ууз сүттөй, ыйык, таза махабат, Узак жашайт. Уламышка айланат. Утурумдук жалын чачкан сезимдер, Ууру сымал узактарга байланат. *** Сезимди бийлеп алдың, бир жолугуп, Оролуп чырмооктошуп өңдүү бүт денеме. Шаңкылдап жылаажындай күлкү койуп, От жагып кете бердиң ак кемеге. А балким адаштымбы деңизиңде? Багытын таба албай махабаттын. Алсырап жалгыз турам ой жээгинде, Кулуна айлангандай ушул сааттын... *** Бек болуп орун алып жүрөгүмдө, Бир сезим жашап келет күндөн күнгө. Багынтып бул сезимге аргасыздан, Чакырат белгисиз бир жаңы дүйнө… Ойлонуп ой түбүнө жете албадым, Байланган бул түйүндү чече албадым… Жүрөктө "жалбырт" дейби сезим чогу, Түз эле басып неге кете албадым… ДОС-ДУШМАН Караңгы түн кучагындай түнөрүп, Санаа чектим, сансыз ойлор жээгинде, Досуң дагы "мансап" барда дос экен, Үмүт кылба колуңда жок кезиңде. *** Тоо суусундай сезим сага агылат, Күлкүң оттой жүрөгүмө жагылат. Жапа чегип, мен турмуштан кыйналсам, Сүйүү мага канат болуп жайылат. МЕНИН АЙЫЛЫМ Менин айылым тоо койнунда жайгашкан, Миялы деп гүл атынан аташкан. Улан-кызга мектебинен учурган, Мактоо, сыймык далай ирет жарашкан. Аксакалдар акыл айтып жашына, Ак калпагы жарашыктуу башына. Байбичелер бакыт төрү-айылдын, Жакшылыктын нуру түшүп чачына. Жигиттер жалкоо эмес жанбакты, Иштен качпайт, эрки бекем кайраттуу. Мейманына сый көрсөтүп кадырлайт, Сөз сүйлөшүп карыядай салмактуу. Кыраңдагы кызгадактай кыздары, Кырмызы жүз, жаз мүнөздүү кыялы. Бүт ааламды кыдырсам да айланып, Табылбастыр менин айылым Миялы. ЭНЕКЕ Тарбия берип баарына, Талыкпай кызмат аткардың. Жамгырдай тегиз төгүлүп, Суусундай эрип ак кардын. Алтындай асыл сөздөрүң, Түбөлүк калат эсимде. Алдыма кенен жол салат, Арбалып калган кезимде. Өмүрдү берген энчиме, Өзүң күн, бүтпөс берекем. Жайкала басып төрүмдө, Жашай бер дайым энекем. АПА "Уят, намыс бийик тут"-деп айтканың, Тумар кылып, көкүрөктө сактаймын. Үмүтүңдү Алатоодой бел тутуп, Ишен апа, ак сүтүңдү актаймын. ДОСТОРГО Достор бар менде дагы эл катары, Арасында азаматы, жакшысы. Бирок досту мүнөзүнөн тандабайм, Мага жакын ич-дүйнөсү тазасы. Жакшы-жаман күдөрүңдө билинет, Жакын досуң бир туугандай ийилет. Бакытыңды, азабыңды бир бөлүп, Бар жарыгын сага арнап тийгизет. ЖАЛБЫРАК Шыбырайт бир-бирине кыналышып, Бирок да пенделердей ушакташпайт. Унчукпай бирин-бири колдоп турат, Узаса артка кайтып кучакташпайт. Тепселип бут алдыңда жата берет, Сырларын үн чыгарбай ката берет. Тынч алып уктап жатчу жай тапкансып, Күн санап жерге карап бата берет. *** Өмүр-дайра, өз нугунан бузулбайт, Өткөн жолго көз кылчайтып бурулбайт. Канча тартсаң көр турмуштун азабын, Дал ошончо бакыт сени утурлайт. Жаштык-күлүк, чабандеси чапкылайт, Чар тарабын шамал коштоп аркырайт. Балалык кез артта калып кыйкырса, Карылык доор алды жактан чакырат. Өлүм-шамал, кайдан келет билбейсиң, Бир "үлп" этсе, кайра кайтып күйбөйсүң. Эл эскерчү эмгек кылсаң жашыңдан, Өлгөн соң да, тирүүлүктөй гүлдөйсүң. ТООЛОР Толор ыйык, тоолор бийик баарынан, Чокулары кең саманды кырланткан. Кучакташып булуттарга достошуп, Ушакташып жылдыздарга сыр айткан. Тоолор сырдуу, тоолор терең баарынан, Этектери жер-энеге байланган. Көл бетине көлөкөсүн түшүрүп, Толкун жүрсө толкундарга айланган. Өмүр жазы кең тоолордон башталып, Тоодон аккан тоо дайрадай ташкындайт. Тоолор күнгө эң биринчи баш ийкеп, Тоолор күнгө эң акыры кош айтат. УУРДАП КЕТТИҢ Сен аны сүйүү үчүн, Сен ал деп күйүү үчүн. Сен аны сынаш үчүн, Сен аны кыйнаш үчүн. Сага эмне, Бир жыл керек беле? Сен андан алкыш албай, Сен андан каргыш алып, Ыйлатып ошол кызды, Карабай кетүү үчүн. Сага эмне, Бир жыл керек беле? Артыңа карабастан, Шашылыш чуркап кеттиң. Жүрөгүн сага деген, Тирүүлөй муздап кеттиң. Түшүнсөң ошол кыздын, Сүйүүсүн уурдап кеттиң. ЖАШОО ФОРМУЛАСЫ Жалган дүйнө дарбазасы-Эненин, Жан жеринен ый аркылуу башталат. Тогуз айда өнүп чыккан ал урук, Тоскоолу көп Жер-Энеден баш алат. Жылга жетпей өз алдынча жөрмөлөп, Жыгылса да күнгө карай каш кагат. Балалыктын ууз дүйнөсүн аралап, Балдай ширин тили менен таш чагат. Колго кармап кыл чылбырын жаштыктын, "Карс" сындырат каршылыгын турмуштун. Көзгө илбей көр-тирилик учкунун, "Кана кел" деп үн чыгарбай тур муштум. Бул учур да убакытка уурданып, Бош жүргөнүн сууруп таштайт башынан. Жаш селкилер жаңы дүйнө узатып, Жаш күлүгүн мыктап таптайт жашынан. Боз уландар ат которуп башкадан, "Боз ат минген жаштыгынан узаган" Тиргиликтин бек кадалып жүгөнү, Түк жылдырбай туягынан тушаган. Кабат-кабат бырыш баскан нур жүздөр, Карылыктын казыгында байланат. Үйдөн алыс узай албай жашоосу, Үмүт кургур балалыкка айланат. Турмуш чындык өзгөрүлбөйт нугунан, Коломтосу отко толгон-Эненин, Бул жашоонуен формуласы ушундай, Балээси көп бакытынан Пенденин. Ый аркылуу башат алган бул дүйнө, Ый аркылуу кош айтышат өлгөндө… КЫШ Бар байлык, асыл мүлкүн элге чачып, Сапарлап жолго чыкты кыштын күнү. Үч айга ак кийинтип Жер -Энени, Токсон күн той баштады узак түнү. Ат минген ызгаар суугу обон созуп, Түн бою кирпик какпай ырдап жүрөт. Ызгаардын кайырмасын коштогондой, Алыстан анча-мынча иттер үрөт. Ак алтын бүт ааламды миң түрлөнтүп, Көз жеткен аралыкка оюн курат. Мезгилдин жетелешкен үч баласы, Тамшанып кышты көздөй моюн бурат. ОШ ШААРЫ Үн салып бүткүл ааламга, Үч мийге толду Ош шары. Кутмандуу курак белгилеп, Тарыхтын сүйлөөр убагы. Сулайман тоону карашып, Суктанат жаштар, карылар. Экинчи Мекке Ошумдан, Издесең баары табылар. Ордолуу Ошко көрк берип, Акбуура агат шарактап. Достукка шаттуу жол ачып, Ааламга өмүр тартуулайт. КАДЫР ТҮН Кут чачып Алла Таала ушул кечте, Жымыңдайт жылдыздар да бакыт сунуп. Кадыр түн касиетин кармап калат, Пенделер Кадыр түндөй пейли тунук. *** Жоодурап көздөр гана сыр алышып, Тартындык бирибиз да сөз айталбай. Сүйлөөгө дарман жетпей тил байланып, Жер карап, тура бердик көз ата албай. Бир убак… Күлүп ийдиң токтоналбай, Күлкүңдөн сөз башталды убап-чубап, Сүйлөшүп көпкө турдук узай албай, Узун күн бүтүп барат улам кычай. Турмушта кимдер гана жолугушпайт, Таанышат, тамашалайт, күлүмсүрөйт. А бизди тааныштырган Сенин күлкүң, Сезимди тынч алдырбай өмүр сүрөт. ӨМҮРҮ КЫСКА МАХАБАТ Сезимим сен тарапка көчкөн менен, Сен жаккан сүйүү оту өчкөн менден. Сен деген таттуу ойлор талкаланып, Сен деген таттуу ойлор өчкөн мээден. Ал күндөр азыр бизден абдан алыс, Албырып турган жүрөк азыр жалгыз. Алдыга шашкан сайын убакыттар, Арттагы убакыттар бизге калыс. Бейтааныш адамдардай сапар улап, Бейубак жолугаарбыз даа бир убак. Ээлигип шамал кууган камгак болуп, Эл ичин каптап өтөөр даа бир ушак. КАРАМА-КАРШЫЛЫК Биз бүгүн катырдык деп жүргөн менен, Биз бүгүн каткырдык деп жүргөн менен, Баардыгын бир көз ирмем учур бийлейт, Байкатпай баса калып өлүм деген. Биз, бирок башты салып төмөн карай, Көз жумсак баардыгына өлгөн жандай. Анда не кереги бар бул жашоонун, Жер карай багыт алсак төккөн жаандай. СТУДЕНТТИК ТАРЫХТАН 1-курс Көнө албай сексен мүнөт сабактарга, Көп учур ойлор кетчү тоо жактарга. Күн өтпөй алтынчы күн күтчү элек, Күпүлдөп сүйлөй албай тоолуктарча. Элеттин эт-нандары эске түшүп, Эрте-кеч тамак ичпей эттен түшүп. Жол кире араң жетчү түз жүрсөк да, Жоготуп алба дешип берген түйүп. Кызыгып ар бир күндүн эртеңине, Кыбырап окуучубуз таңдан кечке. Сабактан калган күнү санаа чегип, Саргарган сары майлар түшчү эске. Элеңдеп эки жакты карап-карап, Ээн-эркин басып калдык жыл аяктап. Эң кызык күндөр өткөн биринчиде, Эң алгач жааган кардай кыламыктап. 2-курс Жай өтүп экинчи жыл эшик ачып, Элеңдеп турчу мүнөз бизден качып. Үстүртөн кыйыр тиктеп биринчини, Үстүңкү топчуларды кенен ачып. Сөздөр да көбөйүшүп кечээгиден, Сабакка жетишчүүбүз кечикпестен. Сол жакка кадам таштап анча-мынча, Сыр айтып сырдашчуубуз зерикпестен. Жакындан салам айтып агайларга, Жагынып эжейлерге жакын баса, Жаштыктын таттуу күнүн бир өткөрдүк, Жан-шерик достор менен окуу жайда. 3-курс Көпкөн кез. Көтөрүлө күлүп, сүйлөп, Көк түтүн ооз-мурунду алган бийлеп. Көбүрөөк сүйлөп койсо кийинкилер, Көгөртпөй муштачуубуз ийлеп-ийлеп. Сабакка келген менен эч ким албай, Эч кимдин көңүлү жок мурдагыдай. Калп эле "КЖ" болбой кетчү элек, Кеңешип айткандарга көңүл бурбай. Себинип атырлардан, мода кийип, Көптөрү кыз жандашып, селки сүйүп. Сабакты алмаштырып жаштык менен, Жаштыкты катырганбыз белди түйүп. Айылга барса-барып барбаса жок, Барбоого кээде гана айласы жок. Жаштыкка сугарылып канган менен, Шамалдай күндөр өттү чалмасы жок. Түн кирсе саякаттап кыздар жакка, Иш жоктой андан бөлөк кылаар башка. Билинбей үч да кетти төрдү карай, Дүйнөсүн суроолордун үйүп башка. 4-курс Тартынып мурункудан бир аз артка, Тартылып көз алдыга тааныш парта. Сайранга көнүп калган ойноок курак, Сабакка көндүрбөстөн тартат артка. А бирок ойлондуруп эртеңки күн, Алдыга улам шашат бүгүнкү күн. Тамырын кенен жайып билим-дүйнө, Тереңин ээлеп алган жүрөктөрдүн. Токтолуп тоолук мырза пейил күтүп, Толгонуп келечекке ой жүгүртүп, Баардыгын жасаганга үлгүрчүүбүз, Баштасак чымыркана билек түрүп. 5-курс Адистик алар кезде улам жылып, Ар минут ойлондурат ичтен сызып, Турмуштун бир кайноосун баштан өтүп, Тургуздук билим деген кыштан тизип. Көп учур эске түшүп өткөн жылдар, Көбүрөөк эске түшчү өпкөн кыздар, Көңүлдү өйүп турат азыр дале, Комузда, гитарада черткен ырлар. Көптөрү үйлөнүшүп, турмуш күткөн, Өзүнчө дүйнө болуп базар дүкөн, Ошентип таттуу күндөр өтүп кетти, Жыл өтпөй жомок болуп түшкө кирген. Коштошуп колду кыса жолго түштүк, Ойлонуп, оо бир топко ойго түшүп, Ошентип узап кеттик тарап-тарап, Турмуштун тузагына колго түшүп. *** Көналбай сексен мүнөт сабактарга, Көп учур ойлор кетчү тоо жактарга. Күн өтпөй алтынчы күн күтчү элек, Күпүлдөп сүйлөй албай тоолуктарча. Жай өтүп экинчи жыл эшик ачып, Элеңдеп турчу мүнөз бизден качып. Үстүртөн кыйыр тиктеп биринчини, Үстүңкү топчуларды кенен ачып. Түн кирсе саякаттап кыздар жакка, Иш жоктой андан бөлөк кылаар башка. Дүңгүрөп үч да кетти төрдү карай, Дүйнөсүн суроолордун үйүп башка. Токтолуп тоолук мырза пейил күтүп, Толгонуп келечекке ой жүгүртүп, Баардыгын жасаганга үлгүрчүүбүз, Баштасак чымыркана билек түрүп. Адисттик алар кезде улам жылып, Ар минут ойлондурат ичтен сызып, Турмуштун бир кайноосун баштан өтүп, Тургуздук билим деген кыштан тизип. ӨМҮР Өмүр сынып, өлүм каптап өтсө да, Өкүнбөстөн күлүп жайнап өтөөрмүн. Өтүп жылдар, тээ качандыр бир убак, Мен кайрадан күндү карай өсөөрмүн. АЯЛЗАТ Ажарыңар ар бир жанды суктанткан, Ааламсыңар адамзатты кубанткан. Ыйыксыңар Жер-Энедей теңдешсиз, Ыйык отту мээрим менен тутанткан. КҮТҮҮ Мен сени күтө бердим, күтө берем, Күткөндөй күн чыгышын батыш тарап. Таанышкан кыздын баары сага окшош, Баардыгы бир өзүңдөй тааныш карап. САПАРДА Кызыл жээктүү ак жоолугун салынып, Күлө сүйлөп, сүйгөн жарың жагынып. Автобуста баратканым сезилбейт, Ак жүзүңө кара көзүм багынып. КААЛОО Ырыс-кут кетпей дайым ордоңордо, Ынтымак орноп турсун ортоңордо. Ыр менен коштоп жүрүп жашооңорду, Ыйык от эч өчпөстөн коломтодо. | |
|