|
Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
|
түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
Маматов Мирлан Таштемирович.КУУнун чет-тилдер факультети. Ак-тилек Билинбестен өтүп жатат күндөрүм, Бекер эле жарабастыр жүргөнүм. Эл-жериме талбай эмгек кылууга, Бел байладым эмгектерге эл үчүн. Ойлоп көрсөк мурдагыдан башкача, Адамзаты көп берилди акчага. Мамлекети же болбосо эли үчүн, Жанын үрөп кызмат кылган аз гана. Боло албадык бабалардын сыңары, Баш байлаган чоң эмгекке сыягы. Байкап көрсөк кандай укмуш кишилер, Тыныстандын уулу Касым мисалы. Эли үчүн тике карап өлүмгө, Эчен баатыр чыккан кыргыз элинде. Манасчылар, акындар бар ак-таңдай, Баатырларын даңктап ырдайт элине. Кудай буйруп тилегиме жеткирсе, Элим үчүн эмне болсо даярмын. Максатым бар келечекте, алдыда, Балким мен да бир чоң эмгек кылармын. Сабалоого жарай элек учагым, Кайрып албай акырындап учамын. Акыйкаттык, чындык издеп талпынып, Араң жерден көтөрүлгөн убагым. | |
|