Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,
 and see my picture...


Кубан ТЕЗЕКБАЕВ
Комузду чертчи Кыргызым.
Колуңа алчы кырыз комузду
Козголупжүрөртөрдөн ыр чыксын
Көңүл ачып курбу курдаш жамакта
Куйулушкан касиеттүү күү чыксын.

Эй чалмалар, чалмакейди чалбагын
Чатак салып афтаматты албагын
Ок атып улуу Кыргыз балдарына
Алла деп сен күнөөгө батпагын

Черт комузду афтаматтын ордуна
Ырлар чыксын жааган октун ордуна
Кумарланып ыр күүлөрдү угалы
Куран окуп кошок кошкондун ордуна

Эй чалмалар чалбагыла чалышты
Алла деп адам мууздап салышты
Араптардын амирлери кеткиле
Арбак урсун,силерге окшогон чалышты.

Кыргызым колуңа алчы комузду
Козголуп жүрөгүңдөн ыр чыксын
Көңүл ачып достор менен ыр ырдап
Теңир берген бейиш жерден күү чыксын.


Жанызак оңдогон вариант
Колуңа алчы, Кыргыз-Ата, комузду,
Жүрөктөрдү козгогудай ыр чыксын!
Көңүл ачып, курбу-курдаш, жамакта,
Куйулушкан касиеттүү күү чыксын!

Эй чалмалар, чалмакейди чалбагын
Чатак салып автоматты албагын!
Ок чыгарып Түпкыргыздын уулуна
"Алла!"ны айтып, сен күнөөгө калбагын!

Черт комузду, автоматтын ордуна
Ырлар чыксын жааган окту жуушатып.
Кумарланып ыр күүлөрдү угалы,
Куран айтпай, кошок кошпой сыздатып.

Эй чалмалар, чалбагыла чалышты!
"Алла"ны айтып, адам мууздап салышты!
Араптардын амирлери, кеткиле,
Тынч элиме болбогула карышкыр!

Эй кыргызым, колуңа алчы комузду,
Жүрөгүңдөн жан жыргаткан ыр чыксын!
Көңүл ачып достор менен ыр ырдап,
Теңир берген бейиш жерден күү чыксын!
01.07.2004




Кубанычбек өзү оңдогон вариант
Кыргызым колуңа алчы комузду
Козголуп жүррөктөрдөн ырлар чыксын
Жамакта курбу курдаш көңүл ачып
Касиет күү угалы эң мыктысын

Тынч албай дүйнө бүгүн дүрбүп турат
Колдогу автоматтар ажал чачып
Ок атып от жалындай опурталдуу
Оргуштап соккон жүрөк үшүн алып

Баткендин коогалаңдуу окуясы
Жаралган ажалына жигиттердин
Адамдык атын саткан жин ургурлар
Чалмакей чалган неси кан ичкирдин

Алла деп адам мууздап түркөй жандар
Күнөөгө батып турат ушшул саамда
Теңирдин берген жанын алган зөөкүрдү
Арбагы аталардын урсун анда

Ордуна автоматтын черт комузду
Оргуштап ырлар чыксын жан сергиткен
Угалы ыр күүлөрдү кумарланып
Курандан кошоктордон ыйдан оолак

Кыргызым колуңа алчы комузду
Козголуп көкүрөктөн сырлар чыксын
Ыр ырдап, көңүл ачып достор менен
Көөнөргүз күү чертилип ыр ырдалсын.
05.07.2004




Бу чыгарма тууралуу пикириңизди
Меймансапка жазыңыз, урматтуу окурман..







Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат
Почта дареги:janyzak@mail.ru
Телефону: (0777) 329784