Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,  and see my picture...



Кыргыз Республикасынын билим жана маданият министрлиги
Нарын мамлекеттик университети
"Кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы" кафедрасы
Чолпонбаев А.К., Календерова Н.К.
СҮЙЛӨӨ ЧЕБЕРЧИЛИГИ
1-бөлүк
Кеп маданияты
Жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окуу-методикалык курал
Бишкек - 2002

Алгы сөз
ХХ кылымдын экинчи жарымында тил илиминде коммуникативдик аспектиге астейдил көңүл бурула баштады. Нормативдик лингвистикадан, тилдик бирдиктерди синхрондук абалда сыпаттоодон коммуникативдик лингвистикага, тилди турмушта колдонуунун практикалык маселелерин изилдөөгө өтүү процесси кызуу жүрүп жатат. Мына ушунун натыйжасында тил илиминде "тилдик норма", "байланыштуу кеп", "кеп маданияты", "чечендик өнөр" сыяктуу жаңы тармактар, окуулар, илимдер калыптанып, өнүгө баштады. Кыргыз тил илиминде бул жаңы багыттардын изилдениши жаңыдан гана башталды деп айтууга болот. Ошентсе да, өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын филологиялык факультеттеринде ушул жаңы багыттарга арналган "Кыргыз адабий тилинин нормасы", "Байланыштуу кеп", "Кеп маданияты", "Чечендик өнөрдүн негиздери" ж.б.у.с. курстар окутулууда. Тилекке каршы, бул курстар боюнча кыргыз тилиндеги адабияттардын жетишсиздиги студенттердин жаңы илимдерди терең өздөштүрүүсүнө кедергисин тийгизүүдө. Бул китепче "Кеп маданияты" жана "Чечендик өнөрдүн негиздери" курстары боюнча окуу программасынын негизги бөлүгүн камтып, адабияттардын жетишсиздиги маселесин жеңилдетүүгө багытталды.
Тилдик норма, кеп маданияты жана чечендик өнөр деген илимдер сүйлөө чеберчилигин изилдей турган өзүнчө бир илимий циклди түзүп турат. Булардын ар бири сүйлөө чеберчилигинин ар кыл деңгээлдерин изилдегендиктен, аларды иерархиялык тепкичте, вертикалдык сызыкта биринин артынан бирин жайгаштырууга болот:
1. Тилдик норма кеп түзүүнүн накта тилдик гана эрежелерин изилдеп, кеп маданиятынын курамына кирет.
2. Кеп маданияты өзүнүн изилдөө алкагына кеп түзүүдөгү лингвистикалык маселелер менен бирге айрым психологиялык (кептин орундуулугу), логикалык (кептин тактыгы), эстетикалык (кептин көркөмдүгү), этикалык (кептин тазалыгы) ж.б.у.с. маселелерди да камтыйт.
3. Ал эми чечендик өнөр өзүнүн алдына кеп түзүүнүн, пикир алышуунун бардык маселелерин изилдөөнү максат кылып коөт. Чечендик өнөрдө пикир алышуунун бардык жагдайлары, аспектилери - философиялык, психологиялык, парапсихологиялык, логикалык, эстетикалык, этикалык, физиологиялык маселелер; ойду далилдөө (аргументациялоо), мисалдар менен бекемдөө (иллюстрациялоо), полемика, талаш жүргүзүү процесстери каралат.
Үч илимий дисциплинанын бул өз ара байланышын төмөнкүдөй схема менен чагылдырууга болот:
Бул илимдердин өз ара байланышы алар изилдеген сүйлөө чеберчилигинин деңгээлдеринин өз ара байланышын да чагылдыра алат. Чечендик өнөр - сөз менен ынандыруу, баш ийдирүү өнөрү - алгач кеп маданиятынын жогору болушун талап кылат, ал эми кеп маданиятынын зарыл шарты - тилдик нормалардын сакталышы.
Тилдик норма тилдеги эрежелерди бузбай, туура сүйлөөнү изилдесе, кеп маданияты туура сүйлөө менен бирге так, элестүү, орундуу, таза, адептүү, көркөм сүйлөөнү изилдейт. Тилдик нормада лингвистикалык түшүнүктөр гана изилденсе, кеп маданиятында аларга айрым психологиялык, логикалык түшүнүктөр кошулат. Ал эми чечендик өнөрдө кеп түзүү, пикир алышуу процессинин бардык жагдайлары: лингвистикалык, психологиялык, логикалык, семиотикалык ж.б. аспектилери толук изилденет.
Бул китепте кеп маданиятынын жана чечендик өнөрдүн негизги түшүнүктөрү иликтөөгө алынды. Китепти түзүүдөгү негизги максат - илимдин олуттуу, турмушта да чоң практикалык мааниси бар тармактары болгон кеп маданияты жана чечендик өнөр жөнүндө окурманга көлөмү аз болсо да, жы -йынтыктуу, бүтүн маалымат берүү, бул тармактар боюнча окуу куралдарынын кенемтесин толтурууга аз да болсо салым кошуу. Авторлор кеп маданияты жана чечендик өнөр (риторика) боюнча иштелип чыккан жаңы теорияларды мүмкүн болушунча камтууга жана аларды жалпылап, бир системага салууга аракет кылышты. Окуу куралы лекциялык курстун структурасын негизге алып түзүлдү. Окуу материалын бекемдөө жана кайталоо үчүн тапшырмалар, суроолор берилди.
Чечендик өнөрдүн сырларын үйрөнүүгө дилгир адамдын талаптарын негизге алып, теориялык маалыматтар менен бирге өз алдынча машыгуу үчүн практикалык көнүгүүлөр китептин экинчи бөлүгүндө тиркеме түрүндө берилмекчи. Албетте, китептин өз максатына толук жеткенин же жетпегенин окурман өзү баалап алар. Сиздердин сунуштарыңыздарды, эскертүүлөрүңүздөрдү ыраазылык менен кабыл алабыз. <кол тамга>Авторлор

СҮЙЛӨӨ ЧЕБЕРЧИЛИГИНИН ТУРМУШТАГЫ МААНИСИ
1. Пикир алышуу жана анын коомдогу ролу.
2. Пикир алышуунун структурасы.
3. Сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүүнүн зарылчылыгы.
Адамдын турмушун коомсуз, коом менен байланышсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Мамилелешүү, пикир алышуу - адамдын жашоосунун маанилүү, зарыл бөлүгү. Японияда "адамдын жана коомдун тилдик жашоосу" ("языковое существование человека и народа") деген теория иштелип чыккан. Бул адамзаттын турмуш-тиричилигин терең изилдөөдөн келип чыккан теорияда "кептик ишмердүүлүк - адамдын жашоосунун, бытиөсунун чөйрөсү" деп айтылат. Кептик чөйрөнүн өнүгүшү, адамдын андан татыктуу орун алышы жана ал чөйрөнү ийгиликтүү колдонушу - адамдын коомдогу ийгилигинин башкы чен-өлчөмү катары каралат.
Пикир алышуусуз, баарлашуусуз инсанды калыптандыруу, аны тарбиялоо, акыл-эсин өстүрүү мүмкүн эмес. Билим берүү, адеп-ахлактын, ыймандуулуктун эрежелерин үйрөтүү пикир алышуу аркылуу жүргүзүлөт.
Адам баласы коомдо жашайт. Анын башка макулуктардан айырмачылыктарынын бири - өз иш-аракетин адамдар коому, жамааты менен координациялай, бир максатка багыттай алгандыгы. Ал эми координациялоонун негизги шарты - өз ара байланыштын түзүлүшү. Байланыш болмоюнча иш-аракеттерди чогуу багыттоого мүмкүн эмес. Адамдардын өз ара байланышынын негизги куралы - тил. Тилдин негизги кызматы - бир коомдун, бир жамааттын мүчөлөрүнүн ортосунда маалымат, ой-пикир алмашууга, коомдун бир мүчөсүнүн сезимин, максатын, тилегин башка мүчөлөргө жеткирүүгө шарт түзүү. Албетте, байланыштын табигый-тыбыштык тилден башка да куралдары болушу мүмкүн. Мисалы, Морзе алиппеси, сүрөттүк символдор, мнемоникалык белгилер, информатикалык тилдер ж.б. Бирок, алардын бардыгы табигый тилдин негизинде калыптанган жана табигый тилге жардамчы каражат катары гана колдонулат.
Бизди эмне көбүнчө сарсанаага салат? Эмне бизди кубандырат, кайгыртат, ойго салат, сүйүнтөт? Албетте, башка адамдар менен пикир алышуубуз, мамилебиз. Пикир алышуунун натыйжасында адамдардын өз ара мамилеси түзүлөт: сыйлашат же касташат; урушат же достошот. Пикир алышуунун жыйынтыгында адамдын ички дүйнөсү ачылат, ага баа берилет. Гректин улуу ойчулу Сократ: "Сүйлө, анан мен сени тааныйын" деген накыл сөз калтырса, атактуу акын бабабыз Саади мындай дептир:
"Акылмансың, акмаксың, улуксуңбу, жөнсүңбү?
Билербиз биз, сүйлөсөң, угуп бүтүп сөзүңдү."
Адамдын коомдогу орду, коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы анын башкалар менен пикир алышуусунун сапатына байланыштуу. Айрыкча, демократиялык (эл бийлеген) коомдо элдин жашоосунун маанилүү маселелери жалпы талкууда, биргелешип чечилүүгө тийиш. Бул кырдаал да сүйлөө чеберчилигинин маанисин жогорулатат.
Сүйлөө чеберчилиги, чечендик өнөр коомдун жалпы өнүгүшүндө да зор роль ойнойт. Америкалык окумуштуулар изилдөөлөрдүн, салыштыруулардын негизинде "Чечендик кеп коомдун өнүгүү багытын өзгөртө алат, чечендик кептин мыкты үлгүлөрү коомдун рухий абалына таасир тийгизип, коомдук жашоону туура өнүктүрүүгө түрткү берет." [2, 24] деген ойго келишкен.
Пикир алышуу дегенибиз эмне? Ал үчүн кандай шарттар керек жана ал кандайча өтөт? Орус окумуштуусу В.П. Морозовдун төмөнкү сөзүндө бул жөнүндө мындай айтылган: "Сүйлөө жөндөмдүүлүгү - эң укмуштуу жана эң "адамдык" жөндөмдүүлүктөрдүн бири. Табияттын бул керемет тартуусун дайыма колдонуп көнүп калгандыктан, биз анын канчалык мыкты, татаал жана табышмактуу экендигин байкабай да калабыз. Адамда ой жаралат. Аны башкаларга бериш үчүн ал сөздөрдү айтат. Адамдын үнүнөн жаралган акустикалык толкундун (сөздүн) анын ой-сезимдерин толук сактаган бойдон башка адамдын кулагына жетиши, ошол замат угуучу анын жашыруун маанисин жана мазмунун билиши, бардык ойлор жана сезимдер ага түшүнүктүү болуп калышы таң калыштуу эмеспи?! Бул кандайча ишке ашат?" (Морозов В.П. Занимательная биоакустика. Изд.2. М., 1987.)
Пикир алышуу - өтө көп кырдуу, татаал кубулуш. Анын татаалдыгы изилдөөчүлөрдүн көптөгөн ар кыл көз караштарын жана изилдөө багыттарын туудурган. Бул кубулушту философия, психология, логика, эстетика, этика, лингвистика, социолингвистика, психолингвистика ж.б. бир катар илимдер изилдешет. Чечендик өнөр жана кеп маданияты ал илимдердин жетишкендиктерин эриш-аркак колдонуп, кептик пикир алышуунун, сүйлөө чеберчилигинин сырларын ачууга умтулат.
Пикир алышуу - адамдардын өз ара таасир этүү процесси. Бул процессте маалымат, сезим, билим алмашуу болуп өтөт. Пикир алышуу - инсандын калыптануусу жана өнүгүүсү, коомдун өзүнүн жана коомдук мамилелердин түзүлүшү, адамдардын өз ара байланышынын түзүлүшү жана өнүгүшү. [4, 7]
Философиялык аспекттен (өңүттөн) көз жүгүрткөндө, пикир алышуу - адамдын, субңекттин коомдук статусун камсыз кылуучу процесс. Ал адамды коом менен байланыштырат, коомдук ролдорду аткарышын камсыз кылат. Коомдун башка мүчөлөрү менен байланыш түзмөйүнчө адам коомдун мүчөсү боло албайт. Пикир алышуу аркылуу адамдын коомдогу орду, ролу аныкталат. Социалдык-психологиялык өңүттөн алганда - баарлашуу жамааттын, андагы жеке адамдын коомдук сапаттарын аныктайт. Ал эми психологиялык өңүттө - жамааттын ичиндеги нравалык климатты, өз ара мамилени көрсөтөт. [2, 12.]
Пикир алышуунун негизги каражаты - кеп. Ошондуктан пикир алышууну башка айрым каражаттар (белгилик системалар) - телеграф, Морзе алиппеси, светофор, математикалык, химиялык ж.б. символдор аркылуу түзүлгөн байланыштан айырмалап кептик пикир алышуу деп аташат. Кептик пикир алышуу эки тараптын (айтуучу-угуучу, жазуучу-окуучу) тең катышуусу, аң-сезимдүү аракети аркылуу түзүлөт. Айтуучу оюн ыраатка салуу, оюн туура билдирген кеп түзүү, аны айтуу же жазуу менен алек болсо, угуучу кабыл алынган кепти анализдөө, аны түшүнүү, туюнууга аракет кылат. Коммуникациянын жүрүшүн схемалык түрдө төмөнкүдөй чагылдырууга болот:
Айтуучунун ишмердиги: 1) Максатты (ойду, идеяны) калыптандыруу - 2) ойду белгилик, коддук системанын (тилдин) каражаттары менен туюнтуу (кодирование) - 3) сигнал жөнөтүү (кепти айтуу);
Угуучунун ишмердиги: 1) сигналды кабыл алуу - 2) андагы белгилерди, коддорду чечмелөө (декодирование) - 3) ойду түшүнүү (өз аң-сезиминде жаңы маалыматты калыптандыруу.
Пикир алышуу 3 түрлүү компонентти өз ичине камтыйт:
* Кыймылдык (процессуалдык) компонент - ой жүгүртүү, сүйлөө, жазуу, угуу, окуу;
* Белгилик компонент - тил жана кеп;
* Тексттик компонент - мазмун жана маани.
Белгилик компоненттин мүнөзүнө карай экстралингвистикалык (жаңдоо, мимика, обон аркылуу) пикир алышуу жана буюмдук-жышааналык (искусство чыгармалары, буюмдар ж.б. аркылуу) пикир алышуу деген түрлөрдү да айрым учурда өз алдынча бөлүп карашат.
Сүйлөөдөн, кеп түзүүдөн мурда ар бир адам өзүнүн алдына төмөнкүдөй суроолорду коюуга тийиш:
1. Эмнеге сүйлөшүм керек? Кебим кандай максатка багытталмакчы? - Бул суроого жооп берүү - кептин максатын аныктоо. Кептин максатынын негизги түрлөрү - суроо берүү (маалымат талап кылуу), маалымат кабардоо, угуучунун аң-сезимине, жүрүм-турумуна таасир этүү.
2. Эмнени айтышым керек? - Бул суроонун жообу кептин мазмуну болот. Кептин мазмуну угуучунун психологиялык, курактык ж.б. өзгөчөлүктөрүнө, байланыштын кырдаалына ылайык болууга тийиш. Кептин мазмуну максатына шайкеш болуусу негизги талап.
3. Кебимди кандай каражаттар, кандай ыкмалар менен айтышым керек? - тексттин формасын тандоо - айтылчу маалыматты кандай жанрда, кайсы сөздөрдү, кандай сүйлөмдөрдү, интонацияны колдонуп берүү ылайык экендигин аныктоо.
4. Кебимдин натыйжасы кандай болот? - угуучунун психологиялык абалына, көз карашына кеп кандай таасир этерин, кандай реакцияны, жоопту (жүрүм-турумду) жаратарын алдын-ала прогноздоо, божомолдоо.
Кеп түзүүдөгү бул төрт маселе бири-бирине тыгыз байланышып, системалык мүнөзгө ээ болот. Эгерде алардын бирөө өзгөрсө, башкалары да аны ээрчип өзгөрүүгө дуушар болушат. Кептин максаты өзүнө ылайык мазмунду талап кылат. Мазмунга ылайык кептин жанры, түрү, көлөмү, стили, интонациясы, пафосу ж.б. тандалат. Текстке жараша кептин таасиринин деңгээли, угуучулардын кепке жасай турган реакциясы күтүлөт.
Көрүнүп тургандай, сүйлөө чеберчилигинин маселелери тил илиминин алкагына сыйбайт. Тексттин өзүн изилдөөдө лингвистикалык билимдер, категориялар менен чектелүүгө мүмкүн болсо, кептин максатын, мазмунун, таасирин психологиянын, логиканын категорияларын колдонбой изилдөө мүмкүн эмес. Ошол эле учурда кептин көркөмдүгүн, адептүүлүгүн аныктоодо эстетиканын, этиканын, философиянын категориялары да колдонулат. Кийинки мезгилдеги изилдөөлөрдө (неориторикада) маалымат теориясынын, кибернетиканын, семиотиканын, парапсихологиянын, психолингвистиканын ж.б. илимдердин маалыматтары да пайдаланылууда. Демек, сүйлөө чеберчилигин ар тараптан, толук изилдеген чечендик өнөрдү жеке бир илимдин - тил илиминин, адабият таануунун же эстетиканын тармагы катары аныктоо кыйын. Аны кайсы илимдин тармагына киргизүү керектиги жөнүндө ар кыл пикирлер бар. Ал эми Е.Н. Зарецкая: "Сөздүн кеңири маанисинде алганда, риторика адамзаттын рухий маданиятынын бир бөлүгүн түзгөн филологиялык дүйнө таанымдын өзгөчө бир тиби. Ал гуманитардык билимдин методологиясы: Риторика билимдин жана коомдук ишмердиктин маданий негизи болуп эсептелет:"[3, 3] деген ойду айтат. Кандай болгон күндө да, риториканын лингвистикага, жалпы эле филологияга тыгыз байланыштуу экендиги талаш туудурбайт.
Кептик чеберчиликти өнүктүрүү - жакшы адис болуунун эң негизги жолдорунун бири. Кайсы гана кесиптин ээси болбойлу, ар бирибиздин ишибиз жамаатташ адамдар менен байланыштуу. Адамдардын эриш-аркак аракети гана ийгиликке алып келет. Ошондуктан пикир алышуунун сапаттуу жүрүшү адам үчүн өтө маанилүү. Өз ой-пикирин жеткиликтүү, түшүнүктүү, таасирдүү айтып бере албоо адамды кандайдыр-бир психологиялык комплекстерге алып келет, шагын сындырат. Сүйлөө чеберчилиги адамдын "карьерасына", ийгилигине, кадыр-баркына дайыма оң таасирин тийгизет. Таасирдүү, көркөм сүйлөй билген адам өз оюн түшүндүрө да, пикирин далилдей да алат. Бул болсо анын коомдогу кадыр-баркынын өсүшүнө өбөлгө болот. Тескерисинче, ою канчалык туура, канчалык баалуу болсо да, аны башка адамдарга толук жеткирүүдө чабалдык кылуу адамдын беделин түшүрөт.
"Сөз кичинекей денелүү, анча байкалбаган нерсе болсо да, керемет иштерди кыла ала турган улуу өкүмдар. Ал коркунучту жок кылып, кайгыны тарата да, кубандырып, кайгырта да алат. Сөздүн ынандыруу күчү жан дүйнөнү каалагандай калыптандырууга жөндөмдүү"-деп байыркы Рим чечени Горгий айтса, анын замандашы Аристотель чечендик өнөрдү "ынандыруунун жана баш ийдирүүнүн жашыруун куралы катары" эсептеген. Сөздүн кудуреттүү күчү жөнүндө ойлор кыргыз элинин көптөгөн макал-ылакаптарында да айтылат.
Жакшы жетекчи, педагог, коомдук ишмер болуу үчүн оозеки баяндама жасоого, диалог жүргүзүүгө, коомдо, жамаатта маектерди алып барууга, башкаруу, багыттоо максатында маектешип турууга үйрөнүү зарыл. Акыркы мезгилдерде кызматкердин адистик деңгээлин аныктоо үчүн анын коммуникативдик профессиограммасын - пикир алышуу жөндөмдүүлүгү боюнча мүнөздөмөсүн аныктоо ыкмасы кеңири тарап келе жатат.
Сүйлөө чеберчилиги - алака, мамиле түзүү үчүн эң негизги шарт. Азыркы заман - демилгелүү, жигердүү, ишкер адамдардын заманы. Бүгүнкү күндө чыгармачылык менен ойлонгон адамдар үчүн каалаган багытта демилге көтөрүп, каалаган багытта ишмердик жүргүзүүгө шарттар түзүлүп жатат. Ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү коммуникация, байланыш, мамиле түзүү менен тыгыз байланышкан. Батыштын ишкерлери кызматкер тандоодо коммуникабелдүүлүктү - байланыш түзүүгө жөндөмдүүлүктү негизги талаптардын бири катары коюшунун себеби да ушул. Ишкерлер ортосундагы сүйлөшүүлөрдө, келишимдерди талкуулоодо өз оюн таасирдүү чагылдыруу, далилдүү чечмелөө, талаш маселелерди чечүүдө өз кызыкчылыктарын коргоо сыяктуу кырдаалдарда сүйлөө чеберчилиги, кеп маданияты зор роль ойнойт. Америкада "Бизнес - адамдар менен сүйлөшө билүү" деген элдик макал жаралган.
"Өнөр алды - кызыл тил" деген макал кыргыз элинин даанышмандыгынын дагы бир айкын далили. Анткени, коомдо жасалып жаткан ар бир иш, ар бир адамдын жан дүйнөсү, анын тарбияланышы, адамзаттын көп кылымдардан берки тажрыйбасын өзүнө сиңириши, коомго келтирер пайдасы адамдын өз оюн тил аркылуу таасын, таамай, так, таасирдүү чагылдыра алышына түздөн-түз байланыштуу. Азыркы замандагы тар адистешүү шартында өз ара байланыш, коомдун, мекеменин, эки адамдын өз аракеттерин пландаштыруу, ишмердигин бир максатка багыттоо үчүн өз ара маалымат алмашуунун сапаттуулугу үчүн тилди пайдалануу чеберчилиги эң биринчи, зарыл шарт.
"Адамдардын акыл-эстик байланышынын жападан жалгыз каражаты - сөз, мындай байланышты түзүү үчүн сөздөрдү алардын ар бири угуучуларга керектүү жана так түшүнүктү туюнткандай кылып колдонуу керек" - деп Л.Н. Толстой, орус элинин улуу ойчулу айткан экен. [Русские писатели о языке. 2-е изд. М., 1955, 285-бет.] Сүйлөөчү өз аң-сезиминдеги, оюндагы нерсе угуучуларга толук жетиши үчүн ошол ойду так чагылдырган сөздөрдү туура тандап, туура кураштыра билиши керек. Ошондо гана "акыл-эстик байланыш" түзүлөт - эки акыл-эс, эки аң-сезим бирин-бири түшүнө алат. Өз оюн туура туюнта билүү - ар бир адамдын турмушунда башка адамдар менен байланышты жакшыртуу үчүн, өз көз карашын коргоо үчүн зарыл өнөр. Ошондуктан, чечендик өнөрдүн сырларын, ыкмаларын үйрөнүү эл алдына чыгып сүйлөө үчүн гана эмес, күнүмдүк турмуш үчүн да керектүү.
"Чечендик өнөр - сөз менен ынандыруунун өнөрү"-деп мындан эки жарым миң жыл мурда байыркы грек ойчулу Аристотель айткан экен. Байыркы гректер жана римдиктер бул өнөрдү күчтүү жана жашыруун курал ("тайное оружие") катары эсептешип, ак сөөк эмес, карапайым адамдардын бул өнөрдү үйрөнүүсүнө тоскоолдук кылышкан.
Адамды күч менен мажбурлап кул кылууга болот. Бирок, кара күч адамдын аң-сезимин багынта албайт. Аң-сезимди сөз менен ынандыруу, ишендирүү аркылуу гана багынтууга болот. Ошол себептүү коомдук башкаруунун бардык түрлөрүндө, саясатта, динде чечендик өнөргө чоң маани берилет. "Жылуу сөз жыланды ийнинен чыгарат", "Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет" деген макалдар кыргыз эли да бул чындыкты эзелтеден эле байкаганы, туйганы жөнүндө кабар берет. Байыркы грек жана рим чечендери бул жашыруун куралды этият пайдаланууну талап кылышкан: "Чечендик өнөр элдин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылышы керек, оратор адамдык аруу сапаттарга ээ болушу зарыл" деген талап чечендикти үйрөнүүдөгү алгачкы шарт катары эсептелген.
"Оюмду айтайын десем, тил жетпейт", "Билип эле турам, бирок айта албайм" деген сыяктуу сөздөрдү көп эле угуп жүрөбүз. Ооба, кеп маданияты, чечендик өнөр азыркы учурда коомубузда жогорку деңгээлде эмес. Көркөм, элестүү сүйлөгөн, оюн шуруга тизгендей ырааттуу, так туюнткан адамды күндө эле жолуктура албайбыз. Бул да болсо кеп-сөздүн эл ичиндеги баркынын төмөндөп кетишинин, а балким, кыргыз тилинин баркынын бир кездеги төмөндөгөндүгүнүн кесепетидир. Бирок, бул жерде маселенин экинчи жагы - "таяктын экинчи учу" да бар. Кыргыз тилинин нормаларын тактап, анын көркөмдүгүн, тактыгын арттыра алсак, кыргыз тилинде чебер сүйлөөгө үйрөнсөк биздин тилибизди чет өлкөлүктөрдүн үйрөнүүсүнө да стимул пайда болору шексиз. Ошондо "Кыргыз тили - жарды, бул тилде ойду так чагылдыруу кыйын" деген сыяктуу түркөй, ыкшоо, патриоттук эмес көз караштарга сокку урулары шексиз.
Сүйлөө чеберчилиги табигат тарабынан берилеби же каалоосу бар адам аны өздөштүрө алабы? Бул суроого чечендик өнөрдүн тарыхында ар кандай жооптор берилген. Байыркы Римдин атактуу чечени Марк Туллий Цицерондун бул маселеге көз карашы учкул сөзгө айланган: "Poetae nascuntur, oratores fiunt" - "Акын төрөлөт, чечен жасалат". Ошентип, ал чечендикке шык, таланттын анча зарылчылыгы жок, бул өнөрдү машыгуу, эмгектенүү менен өздөштүрүүгө болот деген ойду жактаган. Байыркы грек чечени Демосфен да тынымсыз машыгуу, талыкпаган эмгек аркылуу гана чечендиктин жогорку деңгээлине өсүп жете алган. Анын алгачкы эл алдына чыгып сүйлөөсү ийгиликсиз болгон - элдин шылдыңы менен кыйкырыгынан кебин акырына чейин жеткире алган эмес. Байыркы грек тарыхчысы Плутарх "Салыштырма өмүр таржымалдары" ("Сравнительные жизнеописания") аттуу эмгегинде Демосфендин чечендикке машыгуулары жөнүндө баяндайт. Бала кезинде Демосфендин үнү алсыз, ичке болгон, толкунданган учурда ийнин күйшөй берчү адаты да бар эле. Бул кемчиликтерден арылуу үчүн ал жер төлөдөн өзүнчө бөлмөнү машыгуу үчүн бөлүп коюп, чыдамкайлык менен күнүгө машыккан. Машыгуудан алаксыбаш үчүн атайын башынын жарты чачын кырып салып, эки-үч ай бою, чачы өскөнгө чейин жер төлөдөн чыкпай калчу.
Yнүн, дикциясын ачык, так кылыш үчүн Демосфен оозуна буурчактай таштарды салып алып, ошол боюнча акындардын чыгармаларын жатка айткан. Чуркап баратып, тоого чыгып баратып сүйлөгөнгө машыккан. Бир дем менен, кайра дем албай, узун ырды же текстти айтууга аракет жасаган. Ким менен жолугуп, сүйлөшсө да, ал маекти көнүгүү катары пайдаланчу. Маек бүтөр замат жер төлөгө түшүп, болгон маекти кайталап чыгып, талдап, аны дагы оңдоого, ырааттуу кылууга, кептеги далилдерди, жүйөөлөрдү бекемдөөгө көнүкчү. Башка чечендердин сөздөрүн угуп, алардын ой жүгүртүүсүн талдап, артыкчылыктарын жана кемчиликтерин байкоого умтулган. Башкалардын же өзүнүн жакшы чыккан сөздөрүн жаттап калып, кийинки кептеринде колдонгон, бир эле ойду чагылдыруунун көптөгөн варианттарын таап, аларды оңдоп-түзөп, жылмалап, курчутуп, таасын вариантын иштеп чыгууга машыккан. Мына ушундай талбаган эмгек Демосфендин өз учурунун эң күчтүү чечени болуп өсүп чыгышына мүмкүндүк берди. Демосфендин атак-даңкы, чечендик чеберчилиги - анын табигый талант-шыгынын эмес, тынымсыз, өмүр бою жасалган эмгектин үзүрү.
Плутархтын эмгегинде Цицерондун өмүр таржымалы да камтылган. Цицерон өтө билимдүү, ар тараптан өнүккөн жана мээнетчил адам болгон дейт автор. Өспүрүм кезинен баштап эле илимдин бардык түрлөрүн кызыгуу менен өздөштүргөн. Эмгекчилдиги жана шыктуулугу жаш кезинен эле анын атын чыгарган. Цицеронду өз көзү менен көрүш жана анын акылдуулугуна ишениш үчүн сабакка чоочун адамдар келип катышып турушкан. Мектепти аяктагандан кийин да ал тырышчаактык менен билим алууну уланткан. Философияны, грек тилин үйрөнүү менен бирге чечендиктин сырларын өздөштүрүүгө аракет кылган, өз чеберчилигин курчуткан, таптаган. Сотто актоочу болуп чыга баштаганда эле анын кептери эл көңүлүнө илинген. Бир жолу афинылык Аполлоний деген грек чечени Цицерондон латынча эмес, грекче (чет тилде) сүйлөп берүүнү өтүнөт. Цицерон макул болуп, грек тилинде сүйлөйт. Сүйлөп бүткөндө угуучулардын баары ыраазы болуп, мактай башташат, бир гана Аполлоний сабыры суз, унчукпай көпкө отурат. Цицерондун таң калган көз карашын байкаганда гана ал эсине келип, минтип айткан экен: "Сен, Цицерон, мактоого татыктуусуң, сенин өнөрүңө суктанам, бирок мен Греция үчүн кайгырып отурам, анын эң акыркы артыкчылыгы жана жалгыз сыймыгы - билим жана чечендик - сенин айыңдан римдиктерге кетип жатат."
Чечендик өнөр тубаса шыкка анча көз каранды эмес. Бирок, чечен болуу жөнөкөй, жеңил-желпи иш да эмес. Чебер, чыгаан чечен болууну көздөгөн адам талбай, тынымсыз машыгууга, билимдүү болууга тийиш.
<сан> Кайталоо жана бекемдөө үчүн суроолор жана тапшырмалар:
1. "Адамдын жана коомдун тилдик жашоосу" теориясында эмне жөнүндө айтылат?
2. Сократ жана Саади кепти кандай баалашкан?
3. Пикир алышуу процесси жөнүндө өз түшүнүгүңдү айтып бер.
4. Пикир алышуунун структурасы кандай? Жогоруда берилген схеманы өз алдыңча чечмелеп бер.
5. Кептин максаты, мазмуну, текст жана кеп таасири жөнүндө өз түшүнүгүңдү айтып бер.
6. Сүйлөө чеберчилиги кайсы илимдер менен байланыштуу?
7. Сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүүнүн эмне кереги бар?
8. Сен чечендикти үйрөнө алам деп ойлойсуңбу? Ал үчүн эмне кылыш керек?
ПИКИР АЛЫШУУ ПРОЦЕССИ
1. Кепке коюлуучу негизги талаптар.
2. Кептик ишмердүүлүк жана анын компоненттери.
Кеп - пикир алышуу процессинин негизги каражаты. Кептин максаты - корреспонденттин маалыматын, ой-пикир, идеясын угуучуга жеткирүү. Бул максатты ишке ашыруу үчүн кеп эки негизги талапка жооп бериши керек:
1. Корреспонденттин оюн, маалыматын тилдик бирдиктер аркылуу так, туура чагылдырышы керек.
2. Адресаттын өзгөчөлүктөрүнө (билим деңгээли, жаш курагы, психикалык абалы ж.б.) ылайык болушу керек.
Бул талаптарга жооп бербеген кеп өз максатына толук жете албайт.
Толук кандуу пикир алышуу үчүн адам айрым бир жөндөмдүүлүктөргө, сапаттарга ээ болушу керек. Бул сапаттар логикалык, психологиялык жана лингвистикалык жагдайлардын өз ара айкашынан түзүлөт: 1. Маектин жүрүш багытын байкоо жана андагы өз позициясын аныктоо. 2. Кептин максаты жана мазмунун алдын ала аныктоо. 3. Өз оюн берүү үчүн ылайыктуу каражат тандоо жана даярдоо, б.а. белгилүү бир мазмундагы жана формадагы текст түзүү. 4. Кептик кайра байланышты камсыз кылуу (айтылган ойго карата угуучунун мамилесин байкоо, аныктоо). Булардын баары өз ара тыгыз байланышкан аракеттер, биринин сапатсыз аткарылышы кептин жалпы сапатына кедерги тийгизет.
Адамзаттын узак мезгилдик тарыхый өнүгүүсүндө табигый кепке жөндөмдүүлүк (речевая способность) калыптанган. Адамдын мээ түзүлүшү кепти иштеп чыгууга, ал эми дем алуу ж.б. органдары үн чыгарып, тыбыш жасоого ыңгайланышкан. Бирок, табигат тарабынан берилген жөндөмдүүлүктү аң-сезимдүү өнүктүрмөйүнчө кептик ишмердүүлүк калыптанышы мүмкүн эмес. Кептик ишмердүүлүк деп адам организминдеги кеп түзүүгө багытталган психофизиологиялык аракеттердин жыйындысы аталат. Адамдын кептик ишмердүүлүгү төрт түрдүү жөндөм-сапаттардан куралат:
1. Угуу (окуу).
2. Сүйлөө (кеп түзүү).
3. Жазуу.
4. Түшүнүү.
Төмөндө бул процесстердин ар бирин тереңирээк карап чыгабыз.
Угуу (окуу) - кептин маанисин кабыл алуу. Бул тилдик белгилер менен туюнтулган маанилерди чечмелөөгө (декоддоштурууга) багытталган активдүү ой жүгүртүү процесси. Угуу процессин үч бөлүккө ажыратууга болот: кабыл алуу, идентификация (таануу) жана түшүнүү.
Кабыл алуу этабында үндүк (графикалык) сигналды угуу (көрүү) органы аркылуу кабыл алуу жана борбордук нерв системасына өткөрүү иши аткарылат. Кепти кабыл алууда угуу (көрүү) эс тутуму чоң мааниге ээ. Анткени, оперативдик (убактылуу) эс тутумдун иштөөсү кыска-кыска сеанстар аркылуу жүрүп, кептин белгилүү бир бөлүгүн гана бир "сеанста" кармап, сактап кала алат. Оперативдик эс тутумда кептин канчалык чоң үзүндүлөрү сакталып турса, кепти түшүнүү, аны логикалык ыкмалар менен кайра иштеп чыгуу ошончолук жеңил жүрөт. Бул учурда сөздөрдүн өз ара маанилик байланышы да кошумча жардам боло алат. Өз ара маанилик байланышта турган сөздөр аң-сезимге бүтүн блоктор, схемалар, образдар түрүндө кабыл алынат. Бул сыяктуу көптөгөн маанилик бөлүктөрдүн өз ара айкашуусунун, байланышуусунун натыйжасында турмуштун, чындыктын бүтүн бир фрагменти, үзүндүсү түзүлөт. Кептин маанилик бөлүктөрүнүн өз ара чектерин ажыратуу жана эс тутумунда сактап калуунун натыйжалуу ыкмасы - таяныч (ключевые, опорные) сөздөрдү аныктоо. Мисалы: "Быйыл окуу жайыбызга 524 студент кабыл алынды. Алардын ичинен 150 студент бюджеттик негизде окуп жатышат. Ал эми калган 374 студент окуу акысын контракттын негизинде төлөшөт." деген үзүндүдөгү алды сызылган сөздөр - таяныч сөздөр. Алар аркылуу тексттин кыскартылган мазмунун түзүүгө болот: "524 кабыл алынды, 150 бюджеттик негизде, 374 контракттын негизинде".
Жакшы кабыл алуу, эс тутумунда бекем кармап калуу үчүн айрым учурда кепти ичтен кайталоо (проговаривание) ыкмасы да сунуш кылынат. Бул учурда эс тутумдун угуу, көрүү эс тутуму сыяктуу түрлөрү менен бирге механикалык, кыймылдык эс тутум да ишке киришет. Айрыкча, жаңы жолуккан сөздөр, түшүнүктөрдү эстеп калууда ичтен кайталоо жакшы жардам берет.
Кабыл алуу менен бир учурда эле тилдик белгилерди (тыбыштарды, тамгаларды, сөздөрдү, интонацияны ж.б.) таануу, идентификациялоо механизми иштей баштайт. Мында сырттан (айтуучудан, жазуучудан) келген үндүк же графикалык сигналдарды эс тутумда сакталган модель, эталондор менен салыштыруу жана окшоштуруу процесси жүрөт. Айрым сигналдарды таануу, алардын маанисин аныктоо аткарылгандан кийин кептеги бардык сигналдардын маанилерин өз ара айкалыштыруу - кептин жалпы маанисин, мазмунун аныктоо - түшүнүү процесси башталат. Бул учурда көптөгөн логикалык операциялар: маанилерди, түшүнүктөрдү жалпылоо, классификациялоо, анализдөө, топтоштуруу ж.б.у.с. аракеттер аткарылат. Ушул учурда адамдын турмуштук тажрыйбасы, билими сигналдарды, алардын маанисин интерпретациялоо, чечмелөө үчүн чоң роль ойнойт.
Психолингвистикада угууну рефлексивдүү угуу жана рефлексивдүү эмес угуу деп экиге бөлүшөт. Рефлексивдүү эмес угуу айтуучунун сөзүн бөлбөй, кепти түшүнүп жатканын мимика жана жест аркылуу билдирип угуу менен гана чектелет. Ал эми рефлексивдүү угууга кайра байланыш (угуучунун өз мамилесин билдирип турушу) көбүрөөк мүнөздүү. Мында суроо берүү, сезимин, мамилесин ачык билдирүү, түшүнгөнүн кайра айтып берүү сыяктуу аракеттер жасалат [3, 48]. Ал эми жазуу кебин кабыл алуу - окуу процесси жазуу кебинин мезгилдеги туруктуулугуна, кайталап окуу мүмкүнчүлүгүнө байланышкан айрым өзгөчөлүктөргө ээ. Ушуга байланыштуу окуунун сапаттык классификациясы төмөнкүдөй аныкталат:
1. Үстүртөн окуу - мында окурман кептеги ойду, кабарды жалпы жонунан гана кабыл алат, "барактап чыгуу", үстүртөн көз жүгүртүү менен чектелет.
2. Тааныша окуу - кептин мазмуну жөнүндө жалпы түшүнүк алуу.
3. Критикалык (сын көз менен) окуу - тексттин мазмуну менен терең таанышуу, аны анализдеп, талдап окуу.
Угуунун механизми менен бирге анын маектештердин өз ара мамилесине тийгизген таасирин да карап чыгууга болот [4, 24]. Мында угуу жөндөмдүүлүгү, анын этикалык, нравалык аспектилери чечмелөөгө алынат. "Угуу - жөн гана үн кабыл алуу эмес, ал кептин маанисин, айтуучунун оюн, психикалык абалын, маанайын түшүнүү. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, маектешин кунт коюу жана сабырдуулук менен угууга, айтылгандын маңызына жете түшүнүүгө адамдардын 10%ы гана жөндөмдүү: Угуу - маектешти, адамды түшүнүү. Бул - оор жумуш, ошол эле учурда баалуу касиет." [4, 25]. Угуунун манерасы, шарттары да анализге алынган. Натыйжалуу угуунун шарты катары: маектеш менен көздүк контакт-ты сактоо (көздү ала качпоо), ага "физикалык" көңүл буруу - түз карап отуруу (туруу), артын салбоо; айтуучунун жестине, мимикага жана интонацияга этият көңүл буруу; кепке мамилени суроо, тактоо жест, мимика, аркылуу билдирип туруу; ортодогу ыңгайлуу аралыкты ("инсандык аралыкты") сактоо сыяктуу аракеттер көрсөтүлөт.
Психологиялык изилдөөлөр адамдын тегерегинде белгилүү бир "өздүк", инсандык аймак бар экендигин аныкташкан. Башка адам бул аймактын чегинен өтүп кирип келсе, "басып алса" инсанда психологиялык ыңгайсыздык, дискомфорт пайда болот. Инсандык аймактын чеги адамдар ортосундагы мамилеге, психологиялык жакындыкка байланыштуу. Төмөнкүдөй инсандык аралыктар аныкталган: чоочун, тааныш эмес адамдардын оросунда - 5-3,7 м., тааныш адамдардын сүйлөшүү учурунда - 3,7-1,2 м., достордун, жакын адамдардын маегинде - 1,2-0,5 м [4, 36]. Ыңгайлуу кырдаалда, натыйжалуу пикир алышуу үчүн ушул аралыктарды сактоо талапка ылайык.
Угуучу (окурман) сигналдар аркылуу түзүлгөн текстти кабыл алат. Сөздөр, сөз айкаштары, сүйлөмдөр, сөздөрдүн орун тартиби, жест, мимика, интонация ушундай тилдик сигналдарга кирет. Текстти туура түшүнүү адамдын сигналды кабыл алуу жана аны декоддоштуруу, чечмелөө жөндөмдүүлүгүнө көз каранды болот. Кептеги кабар, мазмун маанилик кесиндилерден, бөлүктөрдөн түзүлөт. Кабыл алууда алгач ар бир үзүндү, бөлүк эс тутумуна алынып, анын мааниси аныкталат. Ар бир үзүндүнүн мааниси мурунку жана кийинки үзүндүлөрдүн мааниси менен байланыштырылат. Кептин бардык бөлүктөрүнүн маанилери өз ара байланыштырылып, анализделгенден кийин гана тексттин жалпы мааниси аныкталат. Бул учурда рефлексия дайыма орун алат. Рефлексия - кептеги сигналдардын маанисинин угуучунун турмуштук тажрыйбасы, билими менен байланыштырылышы. Ар бир сөз, ар бир түшүнүк угуучунун дүйнө таанымы аркылуу чечмеленет. Мисалы, "Жер" деген сөздү дыйкан агрономия менен байланыштырса, архитектор аянт, кыртыш менен, астроном планета менен, ботаник өсүмдүктөр менен байланыштырат. Кептеги ойду угуучу кайра өз сөзү менен айтып берүүгө даяр болгондо гана түшүнүү процесси аяктайт.
Пикир алышуу процесси негизинен даярдыксыз жүрөт, угуучу менен айтуучунун эвристикалык (таанып-билүүчүлүк) ишмердигине негизделет. Бир адам экинчиге жаңы, балким ал күтпөгөн маалымат берет, экинчи адам ал маалыматты өз тажрыйбасынын негизинде талдап, анализдеп, башка маалымат иштеп чыгып, кайра биринчиге берет, өз кезегинде ал маалымат биринчи адам үчүн жаңы маалымат болуп эсептелет ж.б.у.с. Кептин маанисин туура түшүнүү, чечмелөө угуучунун тилди билүү деңгээли менен гана чектелбестен, анын сөз болуп жаткан тармак боюнча билимине жана тажрыйбасына, психикалык абалына ж.б. шарттарга байланыштуу.
Кептин маанисин туура, так чечмелөө, контексттик маанилерди туура аныктоо, көмүскөдөгү (подтексттеги) маанилерди толук ачуу өз ара түшүнүшүүгө алып келет. Өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылууда төмөнкү сапаттар чоң роль ойнойт:
1. Адамдын угуучуга, анын тажрыйбасына, дүйнө таанымына, билим деңгээлине, көз карашына ж.б. өзгөчөлүктөрүнө тексттин маанисин, мазмунун ылайыктап бере алуусу - текстти трансформациялоо (өзгөртүп түзүү) жөндөмдүүлүгү.
2. Кепти терең кабыл алуу - өзүн айтуучунун ордуна коө билүү, мазмунду айтуучунун көз карашынан туруп түшүнүү жөндөмдүүлүгү.
Адатта, кептин, сүйлөмдүн мааниси белгилүү бир суроого берилген жооп катары түшүнүлөт. Эгер кеп эч бир суроого жооп бербесе, анда анын эч кандай мааниси жок. Кепти түшүнүү - ал жооп бере турган суроону аныктоо. Суроо - билүү менен билбөөнүн, маалыматтуулук менен маалыматсыздыктын ортосунда жайгашкан ой жүгүртүүнүн өзгөчө формасы. Суроо коюу, суроо түзүү учурунда адам кептин предмети жөнүндө терең ой жүгүртүп, аны анализге алат, касиеттерин талдайт. Мисалы, тестиер баланын "Жылдыз эмне үчүн көрүнбөйт?" деген суроосунда эки маанилик бөлүк бар:
1. Жылдыздын күндүз көрүнбөгөндүгү жөнүндө маалыматтын балага белгилүү экендиги.
2. Бул кубулуштун себебин түшүндүрүп берүүнү талап кылуу.
Суроо берүү - өзүндөгү билимдин кенемтесин, жетишпегендигин аныктоонун, аны жоюуга аракет кылуунун натыйжасы.
Ошентип, түшүнүү механизми кептеги маанилерди өз ара байланыштыруу, салыштыруу, анализдөө сыяктуу логикалык процесстердин негизинде ишке ашат да, өз ара түшүнүшүүнү калыптандырууга умтулат. Психолингвисттер пикир алышуу процессинин негизги, түпкү максаты - айтуучунун аң-сезиминдеги түшүнүктөрдүн, элестердин жана идеялардын угуучунун аң-сезимине "көчүрүү" деп аныкташкан. Идеалдуу түшүнүү - айтуучунун аң-сезиминдеги ойлорду эч өзгөртпөй, чыпчыргасын коротпой кабыл алуу. Бирок, мындай түшүнүүнүн болушу дээрлик мүмкүн эмес. Анткени, толук, идеалдуу түшүнүү үчүн эки адамдын дүйнө таанымдары, билимдери, этикалык, эстетикалык, нравалык көз караштары бири-бирине толук окшош болушу керек. Мынчалык окшош адамдарды табуу кыйын. Ал эми реалдуу, турмуштагы пикир алышууда ойлор эки өткөөлдөн өтүү учурунда (алгач айтуучу өз оюн тилдик системага өткөрөт, анан тилдик системадагы ой кайра угуучунун аң-сезимине өткөрүлөт) бир катар жоготууларга, өзгөрүүгө сөзсүз учурайт. Өз ара түшүнүшүүнү жогорулатуу үчүн айтуучу кепти угуучуга ылайыктап түзүүгө, ал эми угуучу кепти айтуучунун көз карашы менен кабыл алууга аракеттенүүгө тийиш.
Маекти баштаардан мурун негизги сөздөрдү, терминдерди кандай мааниде түшүнүү керек экендигин алдын ала макулдашып алуу пайдалуу. Эл ичине кеңири тараган икаяда мындай айтылат:
"Мугалим окуучуга суроо берет:
- "Капиталды" ким жазган?
Анда окуучу мындай жооп бериптир:
- Чын айтам, мен жазган эмесмин."
Бул икаяда капитал деген сөздүн маанисин эки ача түшүнүү комизмдик эффектке алып келген.
Жазууда да, сүйлөөдө да кеп түзүү процесси ишке ашырылат. Ошондуктан, жазуу менен сүйлөө негизинен окшош. Алардын негизги айырмачылыгы түзүлгөн текстти чагылдыруунун каражатында гана - сүйлөөдө үндүк белгилер колдонулса, жазууда графикалык белгилер колдонулат. Ошентсе да, алардын ар бирине өз алдынча токтолуп, талдоого алып көрөлү.
Сүйлөө - ойдун калыптануу жана туюнтулуу процесси. Сүйлөө процессинде үч аспект катышат: 1. Коммуникативдик ниетти аткаруу. 2. Референция жана предикация. 3. Кептин айтылышы.
Ар бир кеп пикир алышуу процессинде (ички же сырткы диалогдо) түзүлөт. Ал пикир алышуунун бир бөлүгү катары кызмат кылып, айтуучунун коммуникативдик максатына (маалымат берүү, маалымат талап кылуу, угуучуга таасир этүү ж.б.) багытталат. Кепти түзүүдөн мурда айтуучуда мотив пайда болот, б.а. кепти түзүүгө ички, психологиялык стимул, түрткү жаралат. Бул учурда "Эмне үчүн, кандай максатта сүйлөшүм керек?" деген суроо алдыга коюлуп, жообу аныкталат. Бул коммуникативдик ниетти, каалоону жаратат.
Референция - сөздүн денотатка (сөз атаган кубулушка, нерсеге) болгон катышы, байланышы. Ар бир предмет, кубулуш, зат аң-сезимде түшүнүк менен чагылып, ал эми тилде өз атоосуна, өз сөзүнө ээ болот. Сүйлөө учурунда аң-сезимдеги түшүнүк референцияланат, ар бир түшүнүктү туюнта турган сөз тандалып алынат.
Предикация - бүтүн бир ойдун тилде грамматикалык жак, чак, модалдуулук категорияларынын жардамы менен чагылышы. Ойдо камтылган окуялар, заттар, аларга болгон мамилелер тилде сөздөр жана грамматикалык категориялар менен туюнтулат. Мисалы, "Бишкек - Кыргызстандын борбору" деген сүйлөмдө сөздөрдөн башка да мезгилдик категория (маани) - учур чак, 3-жак жана айтылган кабарга жай мамиле (модалдуулук) катышып турат.
Референция жана предикация кубулуштарын конкреттүү мисалдын негизинде карап көрөлү: "Бишкек шаары кооз жана жашыл" деген сүйлөмдү түзүү учурунда алгач референция процесси аткарылат - аң-сезимибиздеги түшүнүктөргө, оюбузга, максатыбызга ылайык сөздөр тандалат. Бул учурда эс тутумдан төмөнкүдөй сөздөр "чакырылышы" мүмкүн: "Бишкек (шаары, калаасы), (борбор шаарыбыз), (Кыргызстандын борбору) (кооз, сулуу, татынакай, көрктүү) жана (дарактарга толгон, өсүмдүктөргө бай, жашыл)" Бул сөздөрдүн (варианттардын) арасынан оюбузду болушунча так чагылдырган, сүйлөмдүн жалпы мазмунуна ылайыктуулары тандалып алынды. Кийинки этап - предикация. Ойду жыйынтыктуу берүү үчүн аны мезгил (чак) жана автор (жак) менен байланыштыруу керек, ошол эле учурда автордун кабарга мамилеси сөзсүз камтылат. Биз түзүп жаткан сүйлөмдө учур чак (": жашыл жана кооз болот" же ": жашыл жана кооз болчу/болгон" эмес), 3-жак жана ылайыктуу модалдуулук ("Бах, Бишкек шаары кооз жана жашыл" же "Ка-а-п, Бишкек шаары кооз жана жашыл" же "Бишкек шаары кооз жана жашыл го" эмес) катышат.
Сүйлөө жөндөмдүүлүгү үчүн референциянын сапаттуу аткарылышы чоң роль ойнойт. Эң ылайыктуу, түшүнүктү так, кырдаалга тууралап чагылдырган, туюнткан сөздү тандап алуу кептин маанисинин тактыгына, түшүнүктүүлүгүнө өбөлгө болот. Сөздөрдү туура тандоо үчүн адамдын лексикону бай болууга тийиш. Лексикон деп жеке адамдын сөз байлыгы, кебинде дайыма колдонуп жүргөн сөздүк кору аталат. Эс тутумда сөздөр жана сүйлөмдүк моделдер, схемалар үч деңгээлде жайгашат:
1. Жогорку деңгээл же дайыма колдонулуп жүргөн сөздөр.
2. Ортоңку деңгээл же чанда, айрым учурда колдонулган сөздөр.
3. Төмөнкү деңгээл же дээрлик колдонулбаган сөздөр.
Тилибизде колдонулган сөздөрдүн бардыгын түшүнсөк да, алардын азын гана колдонобуз. Көркөм сөздүн чыгаан чеберлери да тилдин лексикасынын, жалпы сөздүк корунун аз гана бөлүгүн колдонушат. Сүйлөө чеберчилигин жогорулатуу үчүн активдүү лексиконду байытуу, болушунча көбүрөөк сөздөрдү кепте колдонууга үйрөнүү чоң өбөлгө болот.
Сүйлөө процессинин акыркы этабы - кепти айтуу. Мында үн чыгаруу, тыбыш жасоо, үндү сегменттөө (ажыратуу) жана интонация менен жабдуу механизмдери ишке киргизилет. Сүйлөөнүн негизги куралы - сүйлөө органдарында жаралган, ар түрдүү бийиктикке, күчкө, тембрге ээ болгон үн. Үндүн жасалуу сапаты тыбыштардын так айтылышына, дикцияга таасир этет. Сегменттөө - жасалган тыбыштарды жайгаштыруу, тыбыштардын, сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн чегин тыным менен ажыратуу. Ал эми интонация - кептин маанисин туюнтууда чоң мааниге ээ болгон каражат. Кептин интонациясы анын маанисине шайкеш болууга тийиш. Үндүн тону, катуулугу, тактыгы, кептин айтылыш темпи кептин кырдаалына жараша жөнгө салынат. Айрым бир шарттарда катуу сүйлөө орунсуз, туура эмес болсо, башка учурда шыбыроо ылайыксыз болушу мүмкүн.
Жазуу - текст түзүү жана аны графикалык белгилер (тамгалар, тыныш белгилери ж.б.) аркылуу чагылдыруу процесси. Жазууда эки аспект - тексттин мазмуну жана жазуу техникасы эске алынат. Жазуу техникасында каллиграфиялык (сулуу, элементи менен жазуу) көндүмдөргө жана тыныш белгилерин, абзац коюу ыкмаларына көңүл бурулат. Ал эми тексттин мазмунуна жазуу кебинде оозеки кеп түзүүдөгү, сүйлөөдөгү сыяктуу эле талаптар коюлат. Кепти, тексттин түзүлүш процессин төмөнкү схема менен чагылдырууга болот:
<сан> Кайталоо жана бекемдөө үчүн суроолор жана тапшырмалар:
1. Кеп кандай максатка багытталат?
2. Кепке кандай негизги талаптар коюлат?
3. Кептик ишмердүүлүк деген эмне?
4. Кептик ишмердүүлүк өзүнөн-өзү өнүгөбү?
5. Кептик ишмердүүлүк кандай жөндөмдөрдөн куралат?
6. Кеп кандайча кабыл алынат?
7. Кепти туура түшүнүү үчүн эмне кылуу керек?
8. Кеп түзүү процесси кандайча жүрөт?

КЕП ЖАНА ТИЛ
1. Тил менен кептин өз ара айырмачылыктары.
2. <Тил маданиятыбы> же <кеп маданиятыбы>?
3. Кептин жаралуу процессиндеги жагдайлар.
"Кеп маданияты" деген термини эмнени билдирет? Бул суроого толук жооп алуу үчүн алгач "кеп" деген терминдин маанисин тактап алуу зарыл. Мындан жарым кылым мурда орус лингвистикасында, 20-30 жыл мурун кыргыз лингвистикасында "кеп маданияты" жана "тил маданияты" деген терминдердин кайсынысы туура экендиги жөнүндө кызуу талкуу жүргөн. Ошентип, "кептин маданиятыбы" же "тилдин" маданиятыбы?
Тил менен кептин ортосундагы айырма - тил илиминдеги фундаменталдык маселелердин бири. Бул эки түшүнүктүн окшоштугу, жакындыгы ачык эле көрүнүп турат. Бул жакындык көпчүлүк учурда чаташууларга, алардын ортосундагы айырмачылыктарды байкабоого, эки түшүнүктү "бириктирүүгө" алып келет. Ал эми алардын айырмасы эмнеде?
Тил - система. Тил - байланыш үчүн колдонулуучу бирдиктердин (тыбыштардын, сөздөрдүн, мүчөлөрдүн, сүйлөмдөрдүн ж.б.) жыйындысы. Ал эми кеп - ал бирдиктердин конкреттүү кырдаалда, мезгилде, шартта колдонулган ырааттуулугу, тизмеги. Тилде мүмкүнчүлүктөр орун алса, ал эми кепте ал мүмкүнчүлүктөр ишке ашат. Мисалы, белгилүү сандагы сөздөрдөн белгилүү сандагы сүйлөмдөрдү түзүүгө болот: мен, ал, көр, адам, көчө деген сөздөрдөн - Мен ал адамды көчөдөн көрдүм.-Мен аны көчөдөн көрдүм.-Мен аны көрдүм.-Аны көрдүм.-Көчөдөн көрдүм.-Көрдүм. - деген сүйлөмдөрдү түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул тилдик системада камтылган, орун алган мүмкүнчүлүктөр. Конкреттүү кырдаалда ушул сүйлөм варианттарынын ичинен бирөө гана колдонулушу мүмкүн. Бул - ишке ашкан мүмкүнчүлүк же кеп. Ошентип, тил - мүмкүнчүлүктөрдүн системасы, кеп ал мүмкүнчүлүктөрдүн конкреттүү кырдаалда ишке ашышы. Тилде белгилүү сандагы тыбыш, мүчө, сөз, сүйлөм түрлөрү камтылса, кепте ал бирдиктерден белгилүү көлөмдөгү, мазмундагы, максаттагы текст түзүлөт.
Тил - семиотикалык, белгилик система. Тилдин ар бир бирдиги символдук, белгилик кызмат аткарат. Тилдеги ар бир сөз - обңективдүү чындыктагы белгилүү бир затты же кубулушту туюндуруучу, чагылдыруучу белги, символ. Мисалы, "дарак" деген сөздү укканда же окуганда аң сезимде белгилүү бир элес чагылат, б.а. ушул беш тыбыштын айкашынан турган символ аң сезимде тиешелүү элести чакыруу, чагылдыруу касиетине ээ. Ал эми кеп - сөз тизмеги, сүйлөм же текст аң сезимде нерсенин же кубулуштун элесин чагылдыруу менен токтолбостон, бир нече элестерди камтыган көрүнүштү, обңективдүү чындыктын белгилүү бир фрагментин, моделин чагылдыра алат. Мисалы, "Моюнкумдун аптаптуу талаасы заматта ай-ааламды толтурган ызы-чууга бөлөнүп, акыр-кыямат келгендей боло түштү. Вертолеттордун добушу, мылтыктардын тарсылдагы, бөкөндөрдүн жер жаңырткан дүбүртү:" деген үзүндүнү окуганда, турмуштун бир бүтүн фрагменти, эпизоду көз алдыңа келет (аң сезимиңе чагылат). Мына ушундан байкалгандай эле, пикир алышуу процесси - эки (же андан көп) аң-сезимдин ортосундагы маалымат алмашуу. Пикир алышуу, баарлашуунун түпкү максаты - бир аң-сезимдеги элес, түшүнүктөрдү башка аң-сезимге көчүрүү. Көчүрүүдө элестерди ташуунун, алып жүрүүнүн каражаты болуп кеп кызмат кылат.
Тилдик бирдиктердин мааниси жалпы элге бирдей - тилдик системада маанилер ординардуу. Кепте болсо, сөздүн мааниси айтуучунун жекече дүйнө таанымын, инсандык мамилесин кошумча чагылдырып, башка да мааниге ээ болуп калышы мүмкүн. Мисалы,
"Замана кандай кары, кандай керең,
Закымдап учкан сайын түбү терең"
- деген саптарда "керең" деген сөз жаңыча, тилдик системада бул сөзгө "бекитилбеген" мааниге ээ болот. Сөздөр, тилдик бирдиктер инсандын дүйнөгө жекече көз карашын чагылдыруунун каражаты катары кызмат кылат. Тилдик семантика жалпы, тилде жеке көрүнүштөр орун албайт, ал эми кептик маанилер - жекече инсандык мүнөзгө ээ.
Кеп тилдик бирдиктердин семантикасынын жогорку деңгээлдеги түрүн - кептик мазмунду камтый алат. Кептик мазмун көптөгөн тилдик бирдиктердин маанилеринин татаал байланыштар аркылуу биригишинен, айкашынан түзүлөт. Ал эми тилдик бирдиктер мындай татаал семантикалык бүтүндүктү түзө алышпайт. Мазмун - тилден тышкаркы, кепке гана тиешелүү категория [11, 23]. Ошондуктан кеп тилдик гана кубулуш эмес, ал психологиялык, эстетикалык да кубулуш. Кеп эзелтен эле эстетикалык, психологиялык жактан бааланып, "көркөм сөз", "айкын сөз", "ак сөз" деген сыяктуу баалар берилип келген. Бирок, кептин бул сыяктуу баалары, кептин сапаттары терминдик деңгээлде - мааниси такталып колдонулган эмес. Кеп маданиятынын дагы бир милдети - кептин сапаттарын аныктоо, аларды атай турган терминдерди иштеп чыгуу. Ал эми тилдик бирдиктерди эстетикалык, көркөмдүк жактан баалоого мүмкүн эмес. Айрым сөздөр эмоционалдык ыраңга, экспрессивдик мааниге ээ болгону менен алардын бул маанилери өз алдынча турганда эч кандай таасир кыла албайт, сөз маанилери кептин курамында, кептин мазмуну, контексти менен байланышта гана толук ачылат.
Тил - жалпы коомдун, элдин аң-сезиминин, генийинин продуктысы. Ал жеке адамга же коомдук катмарга тиешелүү эмес. Ал эми кеп жеке адам, индивид тарабынан жаралат. Анын жетишкендиктери же кемчиликтери жалпы элге же жалпы тилге байланыштуу эмес, ошол адамдын кеп маданиятына жана жалпы маданиятына байланыштуу.
Тил - абстрактуу көрүнүш, тилдик бирдиктер, алардын мүмкүнчүлүктөрү реалдуу дүйнөдө жашабайт, алар жалпы элдин аң-сезиминде, ар бир адамдын аң-сезиминде жашайт. Тилдик бирдиктердин реалдуу колдонулушу, реализацияланышы - кеп гана реалдуу, жарык дүйнөгө жаралат.
"Тилдин маданияты" деп айтуунун өзү туура эмес, анткени тигил же бул сөз мүчөсүн, тыбышты маданияттуу же маданиятсыз баалоого болбойт. Абстракттуу тилдик бирдиктер өз алдынча туруп, ыймандык же адеп-ахлактык мааниге ээ болбойт, тигил же бул кубулушка атайын, түз багытталбайт, ошондуктан алар этикалык, нравалык критерийлерге, чен-өлчөмгө баш ийбейт. Ал эми кеп адамдын дүйнөгө көз карашын чагылдырат, айрым этикалык, эстетикалык, адеп-ахлактык сапаттарга ээ болот. Ошондуктан, "кептин маданияты", анын айрым критерийлерге, талаптарга жооп бериши жөнүндө сөз кылуу жөндүү, жүйөөлүү. Ал эми тил маданияты деген терминдин маанисинин өзүндө логикалык ката камтылган.
Кеп маданиятын, кептин критерийлерин аныктоо үчүн анын табиятын - жаралуу процессин, анын жаралышындагы жагдайларды аныктап алуу зарыл. Төмөндө кептин жаралышына, бааланышына (критерийлерине) байланыштуу жагдайлар жөнүндө сөз болот.
Ар бир кеп бир нече жагдайлардын өз ара карым-катышында түзүлөт. Кептин табиятында, анын жаралуусунда жана бааланышында төмөнкү байланыштар маанилүү роль ойнойт:
1. "Кеп-тилдик система".
2. "Кеп-ой жүгүртүү".
3. "Кеп-аң-сезим".
4. "Кеп-реалдуу дүйнө".
5. "Кеп-угуучу".
6. "Кеп-кырдаал".
Кеп тилдик системанын каражаттарын колдонуу аркылуу түзүлөт. Кептин мазмуну тилдик каражаттардын мааниси, семантикасы аркылуу берилип, кептин структурасы тилдик эрежелердин, нормалардын негизинде уюшулат. Ошондуктан кеп маданиятынын негизги критерийлери ушул байланышка негизделип, кептин тилдик каражаттарды, алардын семантикасын туура колдонуу, кеп түзүүдө тилдик нормаларды сактоо талабы коюлат.
Кеп айтуучунун оюн чагылдырат, мазмунга ээ болот. Мазмундун туура, так берилиши үчүн анын ой жүгүртүү менен байланышын жөнгө салуу - ойдун ырааттуу, так чагылышын камсыз кылуу зарыл. Бул байланыштын негизинде кепке ой жүгүртүүнүн мыйзамдарын, логиканын мыйзамдарын туура колдонуу, кыйшаюусуз сактоо талабы коюлат.
Кеп - аң-сезимдин продуктысы. Аң-сезимдин өзгөчөлүктөрү, анын дүйнөнү таанып-билүү жөндөмдүүлүгү кептин мазмунун түзөт. Аң-сезимдин дүйнө таанымы, дүйнөгө жекече көз карашы кептин элестүү болушун же болбошун, көркөмдүк деңгээлин аныктайт.
Кептин жаралышына реалдуу дүйнөдөгү кубулуштар, заттар стимул, түрткү берет. Кептин мазмуну обңективдүү чындыктагы кубулуштарды чагылдыруу, реалдуу дүйнөнүн белгилүү бир фрагментин, үзүндүсүн, моделин түзүү үчүн кызмат кылат. Бул модель дүйнөнү так же так эмес, бурмалап чагылдырышы мүмкүн. Демек, кепке коюлуучу дагы бир талап - реалдуу дүйнөнү так, бурмалабай, "обңективдүү" чагылдыруу.
Кеп конкреттүү угуучуга, адресатка багытталат. Ал адресат балким жалпы адамзат, балким белгилүү бир адам болушу мүмкүн. Ар бир кеп өз адресатына ылайыкталууга, анын психикалык, логикалык өзгөчөлүктөрүн, дүйнө таанымын эске алуу менен түзүлүүгө тийиш. Ошондо гана кеп угуучуга "жетет" - угуучунун аң-сезими аркылуу адекваттуу, туура кабыл алынат.
Кеп реалдуу дүйнөдө, демек белгилүү бир мезгилде жана мейкиндикте жаралат. Ар бир кеп өз мезгилине ("дооруна"), ордуна жана шартына ылайыкталышы зарыл. Бул талап аткарылбаса, кептин этикалык, эстетикалык сапаттары төмөндөйт.
Кеп маданияты кепке коюлган критерийлерди жана ал критерийлерге төп келиш үчүн зарыл болгон сапаттарды аныктоо, ал сапаттарды камсыз кылыш үчүн айтуучу аткара турган иш-аракеттерди, ээ боло турган жөндөмдүүлүктөрдү изилдөө менен алектенет. Кептин сапатын арттырууга жасалган аракет - кеп маданиятын өнүктүрүү, кеп аркылуу оюбузду так, таамай, таасын, көркөм жана таасирдүү берүүгө үйрөнүү үчүн жасалган аракет.
<сан> Кайталоо жана бекемдөө үчүн суроолор жана тапшырмалар:
1. Тилдин сапаттарын санап, мүнөздөп бер.
2. Кепти мүнөздөп бер.
3. "Тилдин маданияты" деп айтуу эмне үчүн туура эмес?
4. Кептин жаралышында кандай жагдайлар катышат?
Кептин коммуникативдик сапаттары
1. Кептин негизги сапаттары.
2. Кептин сапаттарынын бөлүштүрүлүшү.
3. Кеп маданияты жана анын баскычтары.
Кеп маданияты жөнүндөгү илимдин негизги маселелеринин бири - кептин табиятын аныктоо. Кептин табияты - ал ээ болгон сапаттардын жыйындысы. Кеп маданиятында кептин коммуникативдик (байланыштык) сапаттары деген термин колдонулат. Бул термин кептин пикир алышуунун, коммуникациянын куралы экендигине жана кептин пикир алышуу үчүн кызмат кылган сапаттарын өзүнчө бөлүп кароого негизделген. Кеп маданиятына ээ болуу - кептин сапаттарын жогорку деңгээлге жеткире өнүктүрүү. Эгер кеп жогорку сапатта түзүлсө, айтуучунун оюн угуучуга толук, туура жеткире алат, пикир алышуунун сапатын өстүрөт.
Кептен кандай сапаттарга ээ болуу талап кылынат? Бул суроо кеп маданиятына арналган бардык эмгектерде курч коюлуп, терең изилденген. Ошентсе да, кептин сапаттарын аныктоо, классификациялоо боюнча окумуштуулар алиге бир пикирге келише элек. Ар түрдүү көз караштар, чечмелөөлөр азыркы мезгилге чейин орун алып келет. Мунун обңективдүү себеби - кептин көп кырдуу, көп жагдайлуу кубулуш экендиги. Төмөндө бул маселеге өз пикирин билдиришкен төрт окумуштуунун көз караштары талдоого алынат.
Орус окумуштуусу Б.Н. Головин өз эмгегинде [11, 25] кептин коммуникативдик сапаттарын анын ой жүгүртүү, аң-сезим, тил, реалдуу дүйнө, угуучу жана пикир алышуунун шарты менен байланыш-катышта аныктаган. Кептин тил менен байланышынан кептин тууралыгы, тазалыгы жана байлыгы келип чыгат. Кептин тууралыгы - анын тилдик тилдик эрежелердин, нормалардын негизинде түзүлгөндүгү, нормалардын кепте кыйшаюусуз сакталышы. Кептин тазалыгы - анын адабий тилге жат жана этикалык нормаларга ылайык келбеген сөздөрдү камтыбагандыгы. Ал эми кептин байлыгы - анда тилдик каражаттардын мол колдонулгандыгы.
Кептин ой жүгүртүү менен карым-катышынын негизинде кептин логикалуулугу, тактыгы жана жеткиликтүүлүгү түзүлөт [11, 27]. Эгер кепте түшүнүктөр жана элестер аларды так туюнткан сөздөр жана сөз айкаштары менен чагылдырылган болсо, андай кеп так болот. Эгерде сөздөрдүн, сөз айкаштарынын жана сүйлөмдөрдүн өз ара маанилик байланышы логикалык мыйзамдарга карама-каршы келбесе, анда кептин логикалуулугу сакталат. Кептин жеткиликтүүлүгү анын логикалык ырааттуу өнүгүшүнө байланыштуу.
Кептин аң-сезим менен байланышы кептин көркөмдүгүн, элестүүлүгүн жана таасирдүүлүгүн жаратат. Эгер кепте атайын даярдалган сөздөрдүн жайгашуусу, кептин түзүлүшү акыл-эске гана эмес, аң-сезимге да таасир этип, угуучунун көңүлүн бурса, кызыктырса, кептин көркөмдүгү жогорулайт. Ал эми аң-сезимде конкреттүү-сезимдик, көркөм элестерди жаратууга жөндөмдүү кеп элестүү кеп катары бааланат. Кеп угуучулардын акыл-эсинин, аң-сезиминин бардык сфераларына таасир этип, угуучуну айтуучуга багындыра алса, мындай кеп таасирдүү болот.
Кептин реалдуу дүйнө менен катышы кептин предметтик тактыгын жана предметтик логикалуулугун берет. Сөз мааниси менен дүйнөдөгү предметтин (нерсенин, кубулуштун) ортосунда толук дал келүүчүлүк болсо, кептин предметтик тактыгы камсыз кылынат. Ал эми предметтердин ортосундагы байланыштар, мамилелер сөздөрдүн ортосундагы маанилик байланышка дал келсе, кеп предметтик логикалуулукка ээ.
Кептин угуучу менен байланышынан улам кептин жеткиликтүүлүгү жана таасирдүүлүгү аныкталат. Тилдик структурасы андагы маалыматты жеңил түшүнүү үчүн ылайыкталган кеп жеткиликтүү кеп деп аталат. Эгер кептин структурасы угуучунун жүрүм-турумун, ишмердигин, көз карашын өзгөртүүгө таасир кыла алса, андай кептин таасирдүүлүгү жогору катары бааланат.
Кептин пикир алышуунун шарты менен байланышы кептин орундуулугун шарттайт. Кептин структурасы пикир алышуунун шарт-кырдаалына ылайык түзүлсө, кеп орундуулугу сакталат.
Ошентип, Б.Н. Головиндин эмгегинде кептин 10 коммуникативдик сапаты көрсөтүлгөн:
1. Кептин тууралыгы.
2. Кептин тазалыгы.
3. Кептин байлыгы.
4. Кептин тактыгы.
5. Кептин логикалуулугу.
6. Кептин көркөмдүгү.
7. Кептин элестүүлүгү.
8. Кептин жеткиликтүүлүгү (жатыктыгы).
9. Кептин таасирдүүлүгү.
10. Кептин орундуулугу.
Автор эмгегинде бул сапаттардын "накта" терминдик мааниге ээ боло электигин моюнга алып, китептин калган бөлүгүндө аларды терминдештирүүгө, маанисин тактап-чектөөгө аракет жасайт. Бирок, китепте кептин 7 гана сапаты толук чечмеленип, элестүүлүк, жеткиликтүүлүк жана таасирдүүлүк деген сапаттарга атайын темалар арналган эмес.
Ал эми М.Р. Львовдун эмгегинде [6, 50] кеп маданиятына кыскача гана тема арналып, анда риторикалык көз караштан кептин төмөнкүдөй "критерийлери" саналып өткөн:
1. Кептин мазмундуулугу
2. Кептин адеп-ахлактын, ыймандуулуктун талаптарына жооп бериши.
3. Кептин логикалуулугу.
4. Кептик ишмердүүлүктүн жогорку деңгээли.
5. Кептин "тилдик" тууралыгы.
6. Кептин айкындыгы.
7. Кептин көркөмдүгү.
Кеп биринчи иретте мазмундуу болууга тийиш. Кандай гана типте жана көлөмдө болбосун, кепте сөзсүз маектештер үчүн маанилүү болгон, кызыктырган орчундуу маалымат камтылышы зарыл. Мазмунсуз, маңызсыз кептин зарылчылыгы жок.
Кеп ыймандык, адеп-ахлактык эрежелерге, нормаларга төп келүүгө тийиш. Ал чындыкты гана камтып, ак ниеттүүлүккө, маектештердин рухий баюусуна багытталуусу абзел.
Кеп логикалуу болууга тийиш. Кепте ойдун ырааттуулугу сакталып, логикалык мыйзамдар бузулбашы керек. Логикасыз, ыраатсыз кеп маданиятка жат көрүнүш.
Кептин сапаттуу болушу үчүн оратордун кептик ишмердүүлүгү жогорку деңгээлде өнүккөн болушу зарыл. Интонацияны чебер колдонуу, сөздөрдү туура жана тез тандоо, сүйлөмдөрдү туура түзүү - кептик аракеттердин тездиги - кептин сапатын жогорулатат.
Кептин тилдик тууралыгы, кепте тилдик нормалардын сакталышы - кептин зарыл сапаты.
Кептин дагы бир критерийи - кептин айкындыгы (ясность). Кеп кырдаалга, шартка ылайыкталган жана ойду так чагылдырган каражаттардан куралууга тийиш.
Кепке коюлуучу талаптардын эң жогоркусу - кептин көркөмдүгү. Кепте тилдик бардык казынасы - интонациялык каражаттар, көркөм сөз каражаттары ж.б. активдүү колдонулууга тийиш. Кептин жогорку көркөмдүгүнө артистизм менен, сөз берметтерин, жесттик, мимикалык каражаттарды чебер колдонуу менен аткарылган кептер мисал боло алат.
Байкалып тургандай, М.Р. Львов кептин сапаттарына риториканын деңгээлинен карап, эл алдында сүйлөнүүчү (публичный) кептерди гана эсепке алат. Ал эми Л.А. Введенская менен Л.Г. Павлованын эмгегинде [4, 67-82] кептин табияты теориялык ыңгайда эмес, практикалык жактан анализге алынып, төмөнкү сапаттар кеп жаратуучудан талап кылынган:
1. Сүйлөөчүнүн лексиконунун байлыгы. Жөнөкөй адамдын лексиконунда 7-9 миңден тартып, 11-13 миңге чейин сөз камтылат. Ал эми көркөм сөз чеберлеринде лексикондун байлыгы чеберчиликтин көрсөткүчү катары бааланат. Мисалы, А.С. Пушкин өз чыгармаларында 21 миң сөз колдонгон болсо, С. Есенин - 19 миң, М. Сервантес - 17 миң, В. Шекспир - 15 миң сөз колдонгон. Лексикондун жардылыгы кеп маданиятын жогорулатууга тоскоол болот.
2. Кептин тазалыгы - кеп маданиятынын зарыл шарты. Кеп ашыкча сөздөрдөн, мите сөздөрдөн, отоо сөздөрдөн таза болушу керек.
3. Кеп айкын, элестүү, көркөм болууга тийиш. (Мында айкындык, элестүүлүк, көркөмдүк терминдештирилген эмес, б.а. бул сапаттарга так аныктама берилген эмес.)
4. Айкындык, түшүнүктүүлүк - кеп маданиятынын орчундуу белгиси. Кепте жаңы, угуучулар үчүн белгисиз сөздөр, терминдер, диалектизмдер ж.б. лексиканын пассивдүү катмарларын этияттык менен колдонуу зарыл. Түшүнүүгө жеңил, жалпы элге кеңири тараган тилдик каражаттарды колдонуу - кеп маданиятынын талабы.
5. Кептин тактыгы ачык, так, туура ой жүгүртүү менен байланыштуу. Ойду так туюнткан сөздөрдү чебер тандап алып, колдонуу зарыл. Сөздүн маанисин терең билип, аны чебер колдонуу керек.
6. Кептин тууралыгы - адабий тилдин нормаларынын сакталышы.
Сөз болуп жаткан автор кептин сапаттарынын теориялык аныкталышына, дефиницияланышына умтулбастан, окурманга практикалык кеңештерди берүүнү максат кылган.
Ал эми С.Ж. Мусаевдин эмгегинде [1, 17-76] кептин сапаттары Б.Н. Головиндин изилдөөсү менен үндөш жагдайда, тагыраак айтканда, теориялык жагдайда иликтенген. Автор кептин төмөнкү сапаттарын белгилейт:
1. Кептин тууралыгы - кепте тилдик нормалардын бузулбай сакталышы.
2. Кептин байлыгы - кепте тилдик казына-кенчтин бар мүмкүнчүлүгүн пайдалануу, кепте тилдик каражаттардын мол болушу жана алардын ийкемдүү колдонулушу.
3. Кептин тазалыгы - кептин чет сөздөрдөн, диалектизмдерден, "кызматсыз кыстырынды" сөздөрдөн таза болушу. Кептин тазалыгы - чет сөздөрдү толук четке кагуу эмес, кыргыз тилинин "нормаларына айланууга мүмкүн болбогон сөздөрдү колдонбоо" [1, 45].
4. Кеп тактыгы - түшүнүктү аны таамай туюнткан сөз менен берүү, аны толук, ачык, жеткиликтүү туюнткан каражат-бирдиктерди, сүйлөмдөрдү колдонуу.
5. Кеп адеби - элдин каада-салтына, адеп-ахлактык эрежелерине туура келген кеп түзүү.
Ошентип, жогоруда анализге алынган төрт эмгекте кептин сапаттары ар кыл өңүттө, ар кандай курамда, мүнөздөмөдө аныкталат. Бул классификацияларды өз ара салыштыруунун, кептин табиятын, өзгөчөлүктөрүн талдоонун натыйжасында, кептин төмөнкү сапаттарын негизги катары кароону окурманга сунуш кылабыз:
1. Кептин тууралыгы.
2. Кептин тазалыгы.
3. Кептин байлыгы.
4. Кептин тактыгы.
5. Кептин орундуулугу.
6. Кептин көркөмдүгү.
Ал эми кептин жогорку эмгектерде аталган башка сапаттары ушул алты сапаттын ичинде камтылат:
Кептин тууралыгы анын тилдик нормалар менен катышын, нормаларды бузбай сактоо зарылдыгын камтыйт.
Кептин тазалыгы анын курамы этикалык, нравалык нормаларга туура келбеген сөздөрдөн (жаргонизм, вульгаризм ж.б.) жана угуучуларга түшүнүксүз сөздөрдөн (варваризм, диалектизм, кесиптик терминдер ж.б.) таза болушун камсыз кылат. Мына ушунун өзү эле кептин жеткиликтүүлүгүн [11], түшүнүктүүлүгүн [4] кеп адебин [1; 6] да камсыз кылууга катышат.
Кептин байлыгы - кепте тилдик каражаттардын мол жана максатка ылайык колдонулушу, кепте ыксыз кайталоолорго, сөздүк жардылыкка жол бербөө.
Кептин тактыгы - айтуучунун оюн (түшүнүктөрдү жана алардын ортосундагы байланыштарды) так, таасын туюнткан тилдик каражаттардын колдонулушу, ойдун ырааттуу өнүктүрүлүшү. Мында кептин логикалуулугу [11] да камтылат. Б.Н. Головин предметти атоону кептин тактыгы деп, ал эми предметтер ортосундагы байланыштарды туюнтууну логикалуулук деп бөлүштүргөн. Биздин оюбузча мындай бөлүштүрүү ылайыксыз, олдоксон, так эмес. Автор өзү да тактык, логикалуулук деген сапаттардын окшоштугун, жакындыгын мойнуна алган [6, 144]. Биздин оюбузча кептеги ой, идея деген терминдер түшүнүктөрдү да, алардын ортосундагы логикалык байланыштарды да камтый алат. Ошентип, кептеги ойдун тактыгы, ырааттуулугу анын угуучунун аң-сезимине таасир этүү деңгээлин күчөтөт, демек, кептин таасирдүүлүгүнө [11] да өбөлгө түзөт.
Кептин көркөмдүгү - анын адамдын акыл-эсине гана эмес, аң-сезимине, жан дүйнөсүнө да таасир этүүчү касиети. Кептин таасирдүүлүгү жана элестүүлүгү көркөмдүк менен өтө жакын турган түшүнүктөр. Анткени, биринчиден, кептин көркөмдүгү дегенибиздин өзү эле анын көркөм элестерге (элестүүлүккө) бай экендигин түшүндүрсө, экинчи жагынан, кептин эстетикалык жогорку деңгээли анын аң-сезимге таасир этүүсүнө (таасирдүүлүгүнө) өбөлгө болот. Албетте, кептин таасирдүү, ынанымдуу болушу үчүн андагы идеянын так, ырааттуу болушу (кептин тактыгы) да зарыл.
Кептин орундуулугу - анын чөйрө, кырдаал, шартка ылайыкташкандыгы. Кеп өз максатына жетиши үчүн угуучулардын өзгөчөлүгүн (жаш курагын, айтуучу менен мамилесин, билим деңгээлин, учурдагы психикалык абалын ж.б.) эске алып түзүлүшү керек. Демек, ал угуучуларга түшүнүктүү, жатык сөздөрдөн (кептин жеткиликтүүлүгү [6]), ыймандык, адеп-ахлактык нормаларды сактоо менен (кеп адеби [1, 6]) түзүлүшү абзел.
Ошентип, жогорудагы алты сапат кептин талдоого алынган, кептин максатка жетиши, өз кызматын аткарышы үчүн зарыл болгон бардык сапаттарын камтый алат. Ал эми кептин мазмундуулугун [6] өзүнчө сапат катары изилдөө анчалык актуалдуу эмес, анткени кептин белгилүү бир ойду туюнтушу, мазмунга ээ болушу ага коюлган эң биринчи талап. Мазмунсуз кеп орундуу да, көркөм да, так да, туура да боло албайт.
Кептин сапаттарын андан ары талдоо аларды эки баскычка ажыратууга алып келет. Кеп маданиятынын эки баскычы төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр менен мүнөздөлөт:
1. Кеп маданиятынын алгачкы баскычы кептин коммуникативдик сапаттуулугу деп аталат да, айтуучунун маалыматын угуучуга жеткирүү үчүн зарыл болгон кептин баштапкы сапаттарын камтыйт. Мында маалымат катары реалдуу дүйнөдөгү окуя же кубулуш жөнүндөгү "жылаңач" (сезим, мамиле, көркөм элес катышпаган) кабар түшүнүлөт. Мындай кабарды берүү үчүн ойдун, түшүнүктөрдүн тилдик каражаттар менен туура туюнтулушу гана жетиштүү. Бул баскычта кепке ойду чагылдырууда тилдик нормаларды бузбай сактоо талабы гана коюлат. Демек, биринчи баскычка, кептин коммуникативдик сапаттуулугуна жогорудагы сапаттарынын ичинен кептин тууралыгы гана тиешелүү.
2. Кептин коммуникативдик максаттуулугу деп аталган кеп маданиятынын экинчи баскычында кептин жөн гана маалымат берүүдөн жогору турган максаттары - айтуучунун кабарга болгон мамилесин, ички сезимдерин көркөм чагылдыруу, кепти чөйрөгө, кырдаалга жана шартка ылайыктоо жана угуучунун аң-сезимине таасир этүү максаттары эске алынат. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн кеп так, таза, орундуу, көркөм, бай болушу зарыл.
Кептик ишмердүүлүк, кептин максаттары, кызматы жана сапаттары жөнүндө түшүнүк алгандан кийин бул түшүнүктөргө таянып, кеп маданияты деген терминдин маанисин тактап алууга болот. Бул термин азыркы мезгилде кырдаалга жараша үч мааниде колдонулуп жүрөт:
1. Адамдын кептик ишмердүүлүгүнүн өнүгүү деңгээли, өз оюн так, туура, көркөм, таасирдүү, орундуу чагылдыра билүү жөндөмү. "Кеп маданияты жогору", "маданияттуу сүйлөйт" дегенде ушул маанини түшүнөбүз.
2. Кептин сапаттарынын жыйындысы, кептин өз максатына жетиши үчүн зарыл болгон сапаттар. "Маданиятсыз кеп" же "маданияттуу кеп" дегенде ушул маани колдонулат.
3. Кептин табияты, анын пикир алышуудагы кызматы, ал кызматты аткаруу үчүн зарыл болгон сапаттар жөнүндөгү илим, тил илиминин бир тармагы.
Арийне, бул эмгекте "кеп маданияты" термининин экинчи мааниси, б.а. айтуучунун оюн угуучуга сапаттуу жеткирүү үчүн зарыл болгон кеп сапаттары изилдөөгө алынат.
<сан> Кайталоо жана бекемдөө үчүн суроолор жана тапшырмалар:
1. Б. Н. Головин кептин сапаттарын эмнеге таянып бөлүштүргөн?
2. Б. Н. Головин кептин кандай сапаттарын бөлүп көрсөтөт?
3. М. Р. Львов кептин кандай сапаттарын аныктайт? Ал кептин сапаттарын кандай багытта изилдеген?
4. Л. А. Введенская менен Л.Г. Павлованын эмгегинде кептин сапаттары кандай багытта каралган?
5. С. Ж. Мусаевдин эмгегинде кептин кандай сапаттары изилдөөгө алынат?
6. Сенин оюңча, кептин кайсы сапаттарын негизги деп эсептөөгө болот?
7. Жогорудагы сапаттарга дагы кайсыларды кошууга болот?
8. Кеп маданияты деп эмнени айтабыз?
Кептин тууралыгы. Кеп маданияты жана тилдик норма
1. Кептин тууралыгы жөнүндө түшүнүк.
2. Кептин тууралыгы менен тилдик норманын байланышы.
3. Тилдик норма жана анын типтери.
Кептин тууралыгы деп кептин тилдик нормаларга ылайык түзүлүшү, тилдик норманын талаптарына жооп берген структурага ээ болушу аталат. Кептин структурасынын тилдик нормаларга ылайык болушу - андагы сөздөрдүн, грамматикалык формалардын, сүйлөм курулмаларынын ж.б. тилдик каражаттардын нормага ылайык болушу. Кептин бул коммуникативдик сапаты тилдик норма илими менен өтө тыгыз байланышкан. Ошондуктан, кептин тууралыгы жөнүндө толук түшүнүк алуу үчүн тилдик норма жөнүндө жалпы түшүнүктөргө ээ болуу зарыл.
Тилдик норма деген түшүнүк тил илиминдеги салыштырмалуу жаңы түшүнүктөрдүн бири. Анын мааниси жаңыдан гана такталып келе жатат. Тилди нормалаштыруу, норманын тилдик система жана кеп менен карым-катышы сыяктуу маселелер тилдик норма деген түшүнүктүн маанисин, предметин аныктоо үчүн зарыл теориялык маселелер болуп эсептелет.
Тил- белгилик система. Ар бир тилдик каражат (сөз, мүчө, сүйлөм ж.б.) реалдуу дүйнөдөгү белгилүү бир предметтин (заттын, кубулуштун) шарттуу белгиси, символу, коду. Мисалы, "дарак" деген беш тыбыштын белгилүү ырааттуулуктагы тизмеги (сөз) чындыктагы белгилүү бир предметти аң-сезимге референциялоо, чагылдыруу үчүн тилибизде кызмат кылат. Бирок, тилибиздеги белгинин чындыктагы предмет менен реалдуу, ички байланышы жок, булардын ортосунда шарттуу гана байланыш түзүлгөн. Белги менен предметтин ортосундагы байланыш аң-сезимде гана, болгондо да бир тилди жалпы колдонгон жамааттын аң-сезиминде гана жашайт. "Дарак" деген сөз (тыбыштык тизмек) кыргыз тилин колдонгон адамдардын аң-сезиминде гана белгилүү предметти (көп жылдык өсүмдүктөрдүн бир түрүн) туюнтат, ал эми башка элдердин, башка тилдик жамааттардын өкүлдөрү үчүн бул тыбыштык тизмек белгилик мааниге ээ эмес, чындыктагы предметтер, кубулуштар менен байланышпайт. Тил - белгилүү бир жамааттын чындыктагы заттарды, кубулуштарды белгилөө, туюнтуу үчүн шарттуу түрдө кабыл алган символдорунун, коддорунун, белгилеринин жыйындысы.
Тилдик белгилерди жалпы, бирдей колдонуу үчүн аны колдонуунун жалпыга милдеттүү ыкмалары, эрежелери иштелип чыгууга, калыптанууга тийиш. Анткени, бир эле белгини ар кандай ыкма, эреже менен колдонуунун болжолдуу, потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү өтө көп. Муну азыркы кыргыз тилиндеги диалектилердин ортосундагы сөз колдонуу өзгөчөлүктөрүнөн ачык көрүүгө болот. Мисалы, "музоо" деген сөз түндүк диалектиде жаңы туулган, бир жашка толо элек уйду билдирсе, түштүк диалектиде бир жашка толгон уйду билдирет. Мында бир эле белгинин эки башка ыкмада, тагыраак айтканда эки башка мааниде колдонулушун көрүп турабыз. Эгерде мындай сөз колдонуу, түзүү өзгөчөлүктөрү көбөйүп кетсе, ар бир топ, ар бир адам өзүнчө ыкмаларды колдонсо, тил тил болуудан калат. Анткени, тилдин байланыш куралы катары кызматы анын бирдиктеринин жалпы жамаат, коом ичинде бирдей колдонулушу менен шартталган. Эки адамдын тилдик бирдиктерди колдонуу ыкмалары бирдей болбосо, анда эки адам эки башка тилде сүйлөйт деген эле кеп.
Тилдик белгилерди, каражаттарды колдонуунун жалпы элге бирдей эрежелеринин жыйындысы тилдик норма деп аталат. Нормасыз тил да, кеп да болушу мүмкүн эмес. Тил, кеп жана норма деген түшүнүктөрдүн ажырагыс биримдиги тил илиминде "тилдик үч деңгээл жөнүндө" теориянын келип чыгышына түрткү болгон. Анын жактоочуларынын бири Э. Косериу мындай дейт: Тил - биринчиден, система (системалык деңгээл), ал жеке тилдин колдонулушунун идеалдуу формаларын, б.а. кептик ишмердүүлүктүн техникасын, ыкмаларын жана эталондорун камтыган мүмкүнчүлүктөрдүн жыйындысы, системасы. Экинчиден, тил - норма, б.а. жогоруда айтылган техниканын жана эталондордун негизинде тарыхый калыптанган, милдеттүү түрдө колдонулган моделдердин системасы. Тил - үчүнчүдөн, кеп. Кеп - кептик ишмердүүлүк, текст." [1, 79].
Тилдик норманын табиятын орус лингвисти В.А. Ицкович мындай дефиниция, аныктама менен туюнткан: "Норма - белгилүү бир мезгилде, белгилүү тилдик жамаатта обңективдүү жашаган сөз маанилери, алардын фонетикалык түзүлүшү, сөз түзүүнүн, сөз өзгөртүүнүн моделдери жана алардын реалдуу колдонулушу, сөз айкашынын, сүйлөмдүн моделдери, алардын реалдуу колдонулушу." [12, 5]. Бул көз караш башка авторлор тарабынан да колдоого алынат [9; 11]. Норма өзгөрүлмөлүү: "Өткөн кылымда, атүгүл 15-20 жыл мурун норма болуп эсептелген нерсе бүгүн нормага жатпаган көрүнүш болуп калышы мүмкүн." [4, 8]. Жогорку аныктаманын өзүндө да "норманын белгилүү бир мезгилге" байланыштуу экендиги айтылат. Ошондуктан, нормага жогоркудай өңүттөн, структуралык аспекттен туруп аныктама берүү көптөгөн шарттуулуктарга, ыңгайсыздыкка алып келет. Норманын табиятын анын коммуникативдик кызматынын негизинде аныктоо так жана ачык-айкын дефиниция, аныктама түзүүгө мүмкүндүк бермек. Норманын негизги кызматы - бир тилдик жамааттын мүчөлөрүнүн тилди бирдей техника, эталон, моделдердин негизинде колдонуусун, демек өз ара түшүнүшүүсүн камсыз кылуу. Норманын негизги максаты - тилди колдонуунун ыкмаларынын бирдейлигине жетишүү, ыкмаларды унификациялоо. Ошондуктан, тилдик норманын аныктамасын структуралык эмес, коммуникативдик-функционалдык аспекттен туруп туюнтуу анын табиятын толук ачып берет жана ачык, кыска, так болот: "Норма - пикир алышууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тилдик эреже, модель, ыкмалардын жыйындысы". Мында норманын структуралык компоненттери: сөз маанилери, фонетикалык түзүлүшү, моделдери да, ошол эле учурда <белгилүү бир мезгил>, <тилдик жамаат> деген түшүнүктөр да туюнтулат.
Тилдик норма деген термин үч мааниде колдонулуп келе жатат:
1. Тилдик каражаттарды колдонуунун эрежелери. Мисалы, "норманын бузулушу", "норманы сактоо" деген айтылыштарда ушул маани туюнтулган.
2. Ошол эрежелердин кепте реалдуу колдонулушу: "Мындай колдонуу - норма (норма эмес)".
3. Тилди колдонуу эрежелерин изилдеген илим.
Тилдик норма тилдин бардык структуралык деңгээлдери (тыбыш, сөз, морфема, сүйлөм) менен бирдей байланыштуу. Бул пикир алышууда тилдик деңгээлдердин бардыгы бирдей катышкандыгы менен шартталган: тыбыштан сөз куралат, сөзгө мүчө жалганат, сөздөрдөн сүйлөм түзүлөт. Ар бир тилдик деңгээлдин өзүнө гана тиешелүү эрежелери, нормалары бар. Ушуга байланыштуу тилдик норманы төмөнкүдөй структуралык типтерге (бөлүктөргө) ажыратуу орун алган:
1. Орфоэпиялык норма.
2. Орфографиялык норма.
3. Морфологиялык норма.
4. Синтаксистик норма.
5. Стилистикалык норма.
Орфоэпиялык норма оозеки, үндүк кепти тейлейт. Ал сөздөрдү туура айтуунун эрежелеринен түзүлөт. Тил илиминин орфоэпия бөлүмү орфоэпиялык норма менен тыгыз байланыштуу. Норма эрежелерди калыптандырат, өзгөртөт, ал эми илим, орфоэпия ал эрежелерди илимий анализге алат. Орфоэпиялык норманын орчундуу маселелери төмөнкүлөр:
* Кепте тыбыштардын фонетикалык варианттарынын туура тандалышы. Мисалы, жазууда сөз башына келген к тыбышы оозеки кепте интервокалдык (эки үндүүнүн ортосуна келген) позицияда жумшарып айтылат: бара кел - [барагел], ак ун - [агун]. Кээ бир тыбыштар айрым позицияларда редукцияланып, алсырап, түшүп калат: келе жатат - [келатат], алып кел - [апкел] ж.б. Сүйлөөдө бул өзгөчөлүктөр эске алынбаса, жазуу варианты боюнча эле айтыла берсе, кеп туура эмес кабыл алынышы мүмкүн.
* Басымдын туура коюлушу. Кыргыз тилинин төл сөздөрүндө басым негизинен аяккы муунга түшөт: маданий эмес-маданий, руханий эмес-руханий ж.б.?
Орфографиялык норма жазуу кебин тейлеп, туура жазуунун эрежелеринен турат. Анын эрежелери тил илиминин орфография бөлүмүндө окутулат.
Морфологиялык норма сөз жасоонун эрежелерин камтыйт. Бул норманы шарттуу түрдө эки бөлүккө ажыратууга болот:
1. Мүчө жалгоонун эрежелери.
2. Морфемалардын сөз ичиндеги орун тартиби.
Уңгуга мүчө жалгоодо морфемалардын өз ара айкашуу мүмкүнчүлүктөрүн (синтагматикасын) эске алуу зарыл. Каалаган уңгуга эле каалаган мүчөлөрдү улаганга болбойт. Биринчиден, ар бир сөз түркүмүнүн өзүнө гана тиешелүү мүчөлөрү болот. Этишке зат атоочтун мүчөсүн, зат атоочко этиштин мүчөсүн жалгоо мүмкүн эмес. Экинчиден, бир эле сөз түркүмүнө тиешелүү мүчөлөр да белгилүү бир уңгулардын тобуна гана уланууга жөндөмдүү. Мисалы, - поз мүчөсү жалгана турган уңгулар: илим, өнөр, ышкы (ышкыбоз), бекер, кумар ж.б.у.с. Бул мүчө билим, окуу, жумуш сыяктуу уңгуларга уланбайт.
Кыргыз тили агглютинативдүү тилдердин тобуна киргендиктен бир уңгуга көп сандагы мүчөлөр биринин артынан бири улана берүүсү тилибизге мүнөздүү. Ушул өзгөчөлүк мүчөлөрдүн сөз ичиндеги жайгашуу иретин, орун тартибин маанилүү маселеге айлантат. Уңгуга уланган мүчөлөр грамматикалык мааниси боюнча өзгөчө бир иерархияда, "улуулашып" жайгашат. Мисалы, өнөрлөр-өнөрпоздор; өнөрдө-өнөрлөрдө деген сөздөрдөн байкалып тургандай, улам кийинки уланган мүчө сөз аягына жайгаша бербестен, белгилүү бир тартип боюнча жайгашат. Мүчөлөрдүн орун тартиби боюнча атайын, терең изилдөөнүн али жоктугу өкүнүчтүү. Азырынча, морфемалардын орун тартиби баш аламан эместигин төмөнкү байкоолор, гипотезалар аркылуу көрсөтүү менен чектелебиз: Зат атоочтордо уңгудан кийинки, биринчи позицияда сөз жасоочу (-чы, -кер ж.б.) мүчөлөр; 2-позицияда көптүк сандын (-лар) мүчөсү, 3-позицияда жөндөмө мүчөлөрү жайгашат. Ал эми жак мүчөсү дайыма акыркы позицияга келет. Мисалы: жумушта-жумуштарда-жумушчуларда; окуучуларда-окууларда-окууда. Байкалып тургандай, сөз ичинде мүчөнүн ар бир түрүнүн "өздүк", ага гана тиешелүү орду, позициясы бар. Эгер ал мүчө сөз өзгөртүүгө катышпаса, анын позициясына автоматтык түрдө кийинки позициядагы мүчө "которулат".
Кийинки учурда көбүрөөк учурап жүргөн мүчөлөрдүн бир сөз ичинде ыксыз кайталануусу морфологиялык норманын бузулушунун типтүү мисалы катары каралууга тийиш. Мисалы, чагылдырылат деген сөздө туюк мамиленин -ыл мүчөсү эки жолу, ыксыз кайталанат. Бул сөзгө семантика-морфологиялык талдоо жүргүзүп көрөлү. Сөздүн баштапкы, тарыхый уңгусу чак этиши (ширеңке чак). Уңгунун лексикалык мааниси "бир заттын экинчи затка тийип кайтышын", "эки заттын кагылышын" туюнтат. Чагыл деген сөз формасында уңгуга туюк мамиленин мүчөсү уланып, "өзүнөн өзү тийип кайтуу" деген маани жасалат. Ага -дыр мүчөсүнүн уланышы "мажбур кылуу, аткартуу" деген маанини кошумчалайт. Демек, чагылдырыл деген сөздүн грамматикалык курамын мындай схема менен туюндурууга болот:
Уңгу + Туюк мамиле + Аркылуу мамиле + Туюк мамиле
Ал эми аркылуу мамиле менен туюк мамиленин маанилери бири-бирине карама-каршы келет да жоюшуп кетет. Салыштырып көрүңүз: жасал-жасалдырыл, ачыл-ачылдырыл. Ошондуктан, чагылдырыл деген сөздүн мааниси чагыл деген сөздүн маанисине дээрлик толук дал келет: "көркөм чыгармада чагылдырылышы"-"көркөм чыгармада чагылышы". Акыркы мезгилде эсептелинет деген сөз формасы да кээде учурай калып жүрөт. Мында да семантикалык, тагыраак айтканда, логикалык ката бар. Кыймыл-аракеттин субңектисинин, аткаруучусунун белгисиздиги бул жерде эки жолу туюнтулуп калган: эсепте+ыл+-ын(-ыл). Акыркы мүчө өздүк мамиленин -ын мүчөсү эмес, туюк мамиленин (-ыл) өзгөргөн варианты, анткени эсепте этишинин лексикалык маанисине да, эсептел формасына да өздүк мамиленин мүчөсү ылайыксыз. Бул сөздү эсептелет деген формада колдонуу кыргыз тилинин нормаларына ылайык: "аң-сезимдин бир формасы болуп эсептелинет"-"аң-сезимдин бир формасы болуп эсептелет".
Синтаксистик норма сүйлөм түзүүнүн эрежелеринен турат. Бул норманы да эки шарттуу бөлүккө ажыратууга болот:
1. Сөздөрдү өз ара байланыштыруунун эрежелери.
2. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби.
Cөздөрдү өз ара байланыштырууда эки маселеге көңүл бурулат: сөздөрдүн маанилик жактан өз ара байланышы жана ал байланыштын грамматикалык каражаттар менен туюнтулушу. Морфемалар сыяктуу эле, сөздөрдүн да айкашуу мүмкүнчүлүгү чектелген - бардык эле сөздөр бири-бири менен байланыша бербейт. Бул байланыш сөздөр билдирген предметтердин реалдуу дүйнөдөгү өз ара байланышы жана логиканын мыйзамдары менен шартталган. "Кызыл мезгил", "жашыл сүйлөө" же "ак көк" деген сыяктуу сөз тизмектери логиканын мыйзамдары тарабынан четке кагылат. Сөздөрдүн өз ара айкашуусунда төмөнкү мамилелерди мисал кылууга болот:
1. Аныктооч менен аныкталгычтын ортосундагы байланыш - кыймыл-аракеттин кырдаал менен, заттын, кубулуштун сын-сыпат менен байланышы: жакшы сүйлөө, терең түшүнүү, туура ойлонуу; терең билим, реалдуу дүйнө, техникалык прогресс. Реалдуу дүйнөдө бул мамилелердин дайыма орун алышы тилдик системада белгилүү сөз түркүмдөрүнүн - этиштин тактооч менен, зат атоочтун сын атооч менен дайыма айкашуусун шарттаган. Ал эми сүйлөмдө бул мамиле аныктоочтун ээ жана толуктооч менен, этиштик баяндоочтун бышыктооч менен байланышы аркылуу туюнтулат.
2. Кубулуштардын ортосундагы логикалык, себеп-натыйжалык мамилелер. Бул мамилелер тилде мүчөлөр жана кызматчы сөздөр аркылуу туюнтулат: тең даражалуулук мамилеси - жана, менен байламталары аркылуу - "ылдам жана сапаттуу", "Асан менен Үсөн"; карама-каршылык, бирин-бири жокко чыгаруучулук мамилеси - шарттуу ыңгайдын -са мүчөсү жана кызматчы сөздөр аркылуу - "кичине болсо да, маанилүү", "узак, бирок кызыктуу" ж.б.
Ошентип, сөздөрдү байланыштырууда логикалык, маанилик байланыштарга жана алардын туура, ылайыктуу грамматикалык каражаттар менен туюнтулушуна көңүл буруу зарыл. Бул маселе сүйлөмдүн жалпы маанисинин, семантикасынын түзүлүшүндө да маанилүү роль ойнойт. Анткени сүйлөмдөгү сөздөрдүн ортосундагы маанилик байланыштардын баары биригип, сүйлөмдүн жалпы маанисин түзөт. Бирок, сүйлөмдүн мааниси сүйлөмдөгу сөздөрдүн маанилеринин жөнөкөй суммасы эмес. Сүйлөмдүн маанисин түшүнүүдө сөздөрдүн маанилери жөн эле байланыштырылбастан, анализделип, синтезделип, жалпыланып, кошумча контексттик маанилер, "көмүскөдөгү" семантика - подтекст аныкталат.
Сүйлөм түзүүдөгү экинчи бир маселе - сөздөрдү сүйлөм ичинде жайгаштыруу. Сүйлөм курамындагы сөздөрдүн орун тартиби боюнча ар бир тилде өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөр, эрежелер орун алган. Кыргыз тилинде сүйлөм башында адатта ээнин зонасы (ээге байланышкан сөздөр) жайгашып, баяндоочтун зонасы экинчи, аяккы позицияда келет: Тээ алыста көрүнгөн чокулар - дүйнөдөгү эң чоң Федченко мөңгүсү жайгашкан тоолор. Сүйлөмдүн ар бир зонасынын ичиндеги сөздөрдүн орун тартиби да баш аламан эмес. Сүйлөмдүн ээсинен мурунку позицияда ээнин аныктоочу жайгашат: Асандын китеби столдун аркы бурчунда турат. Акылдуу бала элин каардуу хандан сактап калды. Ошол эле учурда баяндоочтун зонасына кирген мезгил жана орун бышыктоочтордун сүйлөмдүн эң башында жайгашуусу нормалдуу көрүнүш: Күзүндө бул жер жемиштердин аңкыган жытына бөлөнүп калат. Айылдын четинде эски тегирмен бар.
Стилистикалык норма - тилдик норманын эң жогорку деңгээлдеги нормасы. Анда тилдик каражаттарды турмуштук чөйрөлөргө ылайыктап колдонуунун эрежелери изилденет. Бул эрежелер тилдик норманы кеп маданиятындагы орундуулук менен байланыштырат.Стилистикалык нормада:
* Сөздөрдү чөйрөгө, шартка, кырдаалга ылайык тандоо;
* Чөйрөгө, кырдаалга, шартка ылайык сөз курулмаларын тандоо маселелери талдоого алынат.
Стилистикалык норма стилистика менен да тыгыз байланыштуу. Тилибизде беш функционалдык стиль ажыратылат:
1. Көркөм стиль.
2. Публицистикалык стиль.
3. Илимий стиль.
4. Иш кагаздар стили.
5. Оозеки стиль
Ар бир стиль башка стилден тилдик каражаттарды колдонуудагы өзгөчөлүктөр менен айырмаланат. Мисалы, көркөм стилге көп маанилүүлүк жана көп маанилүү сөздөр мүнөздүү болсо, илимий стилге тескерисинче бир маанилүүлүк, ойдун так берилиши, терминдер мүнөздүү. Азырынча стилистикалык норма боюнча олуттуу изилдөөлөр жүргүзүлө элек.
Кыргыз адабий тилинин нормаларынын көпчүлүгү али терең изилдөөгө алына элек. Бул бөлүмдө андай изилдөөнү биздин алдыбызга максат катары коюлган жок. Бирок, тилдик нормаларды изилдөө, аларды тактоо - кыргыз лингвисттеринин кечиктирилгис милдеттеринин бири. Норманын такталышы жана атайын илимий эмгектерде чечмелениши кеп маданиятынын өнүгүшүнө да, ошол эле учурда кыргыз тилди чет тили катары үйрөтүүгө да чоң салым кошмок. Тилдик нормасы аныкталбаган, чечмеленбеген тилди үйрөнүү - татаал, оор иш.
<сан> Кайталоо жана бекемдөө үчүн бгаRR
< в - ¦ Үила>1. Кептин тууралыгы деп эмнени айтабыз?
2. Кептин тууралыгы тилдик норма менен кандай байланыштуу?
3. Тилдик норма деген эмне?
4. Норманын кандай структуралык типтери бар?
5. Норманын ар бир тибине мүнөздөмө бер.
6. Гезит-журналдардан, радио жана телевидениеден норманын бузулушуна мисал тап. Табылган мисалда кайсы норма бузулган? Эмне үчүн?
7. Кыргыз адабий тилинин нормаларынын такталышынын эмне кереги бар?
Кеп байлыгы
1. Кеп байлыгы жөнүндө түшүнүк.
2. Кеп байлыгын түзүүчү компоненттер.
3. Тилди жарды деп баалоо туурабы?
4. Кеп байлыгына жолтоо болуучу көрүнүштөр.
Кеп байлыгы - кептин эң маанилүү коммуникативдик сапаттарынын бири. Адатта адамдын кептик ишмердүүлүгү "сөзгө бай", "тил (сөз) байлыгы кенен" деген сөздөр менен бааланат. Чыгаан жазуучунун чыгармасы менен гезиттик макаланы салыштырып, кайсынысында кеп байлыгы жогорку деңгээлде экендигин баалоодо баарыбыздын көз карашыбыз бирдей эле болуп чыгат. Демек, кеп байлыгы - кептин ачык байкалган, обңективдүү сапаты. Бирок, кеп байлыгы деген эмне? Бул сөздүн маанисин кандай түшүнүү керек? деген суроолорго ар бирибиз эле так жооп бере албайбыз. Төмөндө кеп байлыгы деген сөздү терминдештирүү, анын өзгөчөлүктөрүн аныктоого аракет жасалмакчы.
Кеп байлыгы биринчи иретте лексикалык байлык менен байланыштырылат. Кепте канчалык көп сөз колдонулса, кептин байлыгы ошончолук жогору бааланат. Демек, адамдын лексиконунун байлыгы, адамдын активдүү колдонгон сөздөрүнүн көптүгү кеп байлыгына өбөлгө түзөт. Бирок, кеп байлыгы ушуну менен гана чектелип, ушуну менен гана камсыз болуп калбайт. Кеп байлыгы активдүү лексикондун байлыгы менен бирге кеп түзүүнүн ыкмаларынын байлыгын, ыксыз кайталоолордун, "жансыз", штамп сөздөрдүн аз колдонулушун да талап кылат. Кеп байлыгын түзүп турган төмөнкүдөй компоненттерди байкоого болот:
1. Лексикалык байлык.
2. Семантикалык (маанилик) байлык.
3. Синтаксистик каражаттардын көп түрдүүлүгү.
4. Интонациялык-эмоционалдык байлык.
Мына ушул каражаттардын кепте мол, чебер колдонулушу кептин ажарын ачып, байлыгын арттырат. Кеп байлыгынын бул компоненттеринин бардыгын бирдей деңгээлде колдонуу, өздөштүрүү - сүйлөө чеберчилигинин идеалдык көрүнүшү. Бирок, бул ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Адатта, бул компоненттердин кээ бири жакшы, кээ бири начар колдонулушу мүмкүн. Мисалы, лексикалык байлыгы күчтүү, бирок семантикалык байлыгы азыраак же интонациянын көп түрдүү каражаттарын мол колдонгон, бирок синтаксистик байлыгы чектелүү болушу кээ бирибизге мүнөздүү болушу мүмкүн.
Кеп байлыгынын жогорудагы курамдык бөлүктөрүн, компоненттерин чечмелөөгө өтүүдөн мурда, "кеп байлыгы" деген сөз менен бирге айтылып жүргөн "тил байлыгы" деген сөздү аныктап, ажыратып алуу абзел. Кээ бир учурда "кыргыз тили жарды, орус (англис) тили бай" деген сыяктуу сөздөрдү угуп калып жүрөбүз. Бул түп-тамырынан туура эмес ой. Тил, эгер ал өлүү тил болбосо, коомду, улутту, элди тейлеп жатса, жарды болушу мүмкүн эмес.
Тил коомдук зарылчылыктардын, талаптардын негизинде өнүгөт. Тилдин өнүгүү деңгээли аны жараткан, колдонгон элдин жашоо-турмушуна, өнүгүү деңгээлине байланыштуу болот. Элде жаралган ар бир түшүнүк, ар бир предмет тилде өз атоосун жаратат. Эгер ал эл малчылык, дыйканчылык менен алектенсе, мал чарбасына, агрономияга байланышкан сөздөр, терминдер көбүрөөк өнүгөт, эгер ал эл техникалык, илимий прогресске жетишсе, тилде да ал тармактарга байланыштуу сөздөр жаралууга, өнүгүүгө тийиш. Бирок, эмне үчүн психологиялык, информатикалык, техникалык теорияларды кыргыз тилинде талкуулоо азыркы учурда кыйынчылыкты туудуруп жатат? Мунун себеби, биринчиден, коомубузда бир кылымга жакын өкүм сүргөн саясий-идеологиялык жагдайга байланыштуу. Совет доорунда кыргыз тили, башка көптөгөн тилдер сыяктуу эле, орус тилинин экспансиясына учураганын азыр ачык эле айтууга болот. Сөз жүзүндө тилдердин тең укуктуулугу жөнүндө айтылса да, коомдогу бардык информациялык булактар - китептер, гезит-журнал, телевидение, радио негизинен орус тилинде болгондугу ар бир адамды орус тилин үйрөнүүгө мажбурлап турган. Айрыкча, илимий изилдөөчүлөр үчүн орус тилин билүү эң негизги талап, зарылчылыкка айланган. Анткени, илимдин бардык тармактарында орус тили гана үстөмдүк кылып турган. Жаңы илимий ачылыштар эмес, илимдин фундаменталдуу, эски теорияларынын көпчүлүгү кыргыз тилине которулган эмес. Ушундай себептерден улам, кыргыз тилдик жамаатынын мүчөлөрү илимий-техникалык прогресске кошулса дагы, алар өздөштүргөн түшүнүктөр кыргыз тилинин жашоосуна, улуттук психологияга кабыл алынып, ал түшүнүктөр кыргыз тилинде өз атоосун алган эмес. Ошентип, кыргыз эли илимди, техниканы өздөштүрүп, айрым тармактардын өнүгүшүнө олуттуу салым кошсо да, кыргыз тили илим менен техниканы "өздөштүргөн" эмес, алардын өнүгүшүнөн четте калган. Ушунун кесепетинен азыркы учурда илимий жана техникалык тар тармактар боюнча эмгектерди кыргыз тилинде жазуу, талкуулоо зор түйшүктү талап кылат. Анткени, кыргыз тили илимдин бир кылымга жакын өнүгүшүнөн четте, артта калды. Анткени, кыргызча жазыш үчүн бир кылым ичинде жаралган түшүнүктөрдүн, терминдердин баарын кыргыз тилине которуп чыгуу керек. Бирок, бул иш - сөзсүз аткарылуучу иштердин бири. Илимий-техникалык ж.б. терминдерди которуу, жөн гана которуу эмес, "кыргызчалоо" - кыргыз улуттук психологиясына ыңгайлаштыруу бир жагынан кыргыз тилинин коомдук турмуштун бардык сфераларына активдүү аралашуусуна өбөлгө түзсө, экинчиден, илимдин жетишкендиктеринин аз сандагы, орус тилин билген адамдарга гана эмес , жалпы кыргыз элине жайылышына түрткү болот.
Биз дайыма идеал туткан орус тилинин башынан да ушундай эле кыйчалыш кырдаал өткөн. XVII-XVIII кылымдарда, Петр I Европага "терезе" ачкандан кийин, орус аристократиясы латын, немец, француз тилдерин өздөштүрүп, Европанын илимин үйрөнө баштайт. Бирок, орус интеллигенциясы да бул иште "чектен ашып", чет тилдерге ооп, эне тилин "чана" башташкан. Бир да чет тилди билбөө жана чет тилинде сүйлөй албоо аристократ үчүн уят иш катары эсептелип калган. "Чет тилде сүйлөө - маданияттуулуктун туу чокусу" деген түркөй көз караш өкүм сүрө баштаган. Москва университетиндеги лекциялар да латын, немец тилдеринде жүргүзүлгөн. Ошол мезгилде орус элинин чыныгы атуулдары орус тилинин келечеги үчүн күрөш башташат: "Бир учурда университеттердеги сабактарды орус тилинде берүү укугун коргоого, ал үчүн күрөшүүгө туура келгенине бүгүн ишениш кыйын: Дал ушинтип, 1755-жылы философия профессору, Ломоносовдун шакирти Н. Н. Поповский алгачкы лекциясын угуучуларды Москва университетинде сабакты орусча өтүүнүн убактысы келгенине ынандыруудан баштаган: "Философия алгач гректердин тилинде сүйлөгөн, алардан римдиктер өздөштүрүп алышкан. Ал римдиктердин тилин кыска убакыттын ичинде эле үйрөндү: Биз деле римдиктердикиндей ийгиликтерди күтсөк болбойбу?: Ошентип, кудайдын кудурети менен, философияны бүткүл Россиядан бир гана киши түшүнгөндөй эмес, орус тилин билген ар бир киши аны ыңгайлуу пайдалангандай кылып окуй баштайлы." Ага көптөгөн окутуучулар каршы чыгышкан. Мындан 12 жыл өткөндөн кийин гана, 1767-жылы Екатерина II лекцияларды орус тилинде окууга уруксат берген. Бирок, дагы бир топ жылдар бою айрым окутуучулар өз сабактарын чет тилинде өтүүнү уланта беришкен.
Тил - жамааттын, демек аны түзгөн ар бир адамдын аң-сезиминин продуктысы. Эгерде кыргыз физиктери, химиктери, психологдору, жалпы эле илимпоздору, саясатчылары өз ойлорун эне тилинде чагылдырса, өз илимин, билимин кыргыз элине арнаса, тилибиз канчалаган терминдер, түшүнүктөр, ой жүгүртүүнүн, ойду чечмелөөнүн чебер ыкмалары менен байымак эле.
Кыргыз тилинде оюн так, толук түшүндүрө албоонун, "тилдин жардылыгынын" дагы бир себеби - кыргыз тилин дайыма эмес, чанда гана, керек учурда гана колдонуу. Бул, айрыкча, шаардын жашоочуларына мүнөздүү. Үй-бүлөдө, жумушта, көчөдө - жашоо убактысынын көпчүлүк бөлүгүндө чет тилин колдонуу кыргыз тилин унуттурат, аны колдонуу чеберчилигин начарлатат. Мындай учурда ой жүгүртүүнүн өзү акырындап чет тилге ыңгайлаша баштайт. Ошентип отуруп, кыргыз тилинин жамааты дагы бир мүчөсүнөн, дагы бир баюу булагынан ажырап калышы мүмкүн.
Орус тилинин таасири азыркы учурда деле алсырай элек. Азыр англис тили да "тилдик аймагыбызга" баш багууда. Чет тилди үйрөнүү эч качан жаман иш болбойт, бирок эне тилге кызмат кылуу - ар бир атуулдун парзы. Азыркы, кечиктирилгис милдетибиз - илимди жана техниканы кыргызча "сүйлөтүү", кыргыз тилинин "аймагында" толук кандуу илимий-техникалык, маалыматтык "мейкиндик" түзүү. Мындай мейкиндик түзүлсө, тил башка тилдер менен тең укукта, теңтайлашып жашай алат, б.а. коомдук, турмуштук, илимий жаңылыктарды дароо кыргыз тилине которууга мүмкүндүк түзүлөт. Өз атуулдарыбыз, башка элдин өкүлдөрү сыяктуу эле, илимий ачылыштарын, эмгектерин кыргыз тилинде жазууга мүмкүндүк, стимул алышат. Ал эми анын чет тилдерге которулушу кийинки, кошумча этап болууга тийиш. Ошондо гана "кыргыз тилинин жардылыгы" жөнүндө түркөй көз караштарга чекит коюлат.
Кыргыз тили кыргыз элинин тиричиликтик, коомдук сфераларынын бардыгын тейлей алат, анда бул үчүн зарыл болгон каражаттардын бардыгы бар. Кыргыз сөздөрү менен сезимдин бардык түрлөрүн, татаал ой толгоону, чындыктын бардык кубулуштарын так, көркөм, элестүү, таасирдүү чагылдырууга болот. Кыргыз элинин көркөм сөз чеберлери, чечендери кептин күчү менен угуучуларды ыйлатып, кайра сооротууга, кубандырууга, шыктандырууга жөндөмдүү болгону баарыбызга белгилүү. Эч бир тилди "жарды", "кедей" деп баалоого болбойт. Бул жерде кептин байлыгы же жардылыгы жөнүндө сөз кылуу жөндүү.
Кеп байлыгынын зарыл шарты - адамдын лексиконунун, активдүү сөздүк корунун байлыгы. Конкреттүү жеке тилди колдонгон адам ал тилдеги сөздөрдүн бардыгын "билиши", түшүнүшү мүмкүн. Бирок, тилдеги бардык сөздөрдү өз кебинде активдүү, дайыма колдонууга эч бир адам жөндөмдүү эмес. Бизге белгилүү болгон лексикону эң бай адам А.С. Пушкин дагы өз кебинде, чыгармаларында 21 миң гана сөз колдонгон. Ал эми жөнөкөй, карапайым адамдын лексиконунда 7 миңден 11 миңге чейинки гана сөздөр камтылат. Лексикону канчалык бай болсо, адам өз оюн ошончолук так, таамай бере алат, оюн так бере турган сөздөрдү тандоо мүмкүнчүлүгү кеңейет. Ошол эле учурда сөз корунун байлыгы ыксыз, жадатма кайталоолордон алыс болууга өбөлгө түзөт. Бирок, лексикондун байлыгы автоматтык түрдө кептин лексикалык байлыгын түзө албайт. Активдүү лексикондогу сөздөрдү ыктуу пайдалануу үчүн адамга атайын көндүмдөр (навык) керек. Керек учурда лексикондон зарыл болгон сөздөрдү "чакыруу", маанилеш, синоним сөздөрдүн арасынан эң таамайын тез тандап алуу үчүн атайын машыгуулар, сүйлөө тажрыйбасын өстүрүү зарыл. Бул иште аң-сезим жана ой жүгүртүү да катышат. Аң-сезим канчалык эрктүү болсо, ой жүгүртүү канчалык так болсо, сөздөрдү тандоо да ошончолук натыйжалуу болот.
Кептин лексикалык байлыгын арттырууда тилдин лексикалык атайын ресурстарынын: көп маанилүүлүк, синонимия, фразеологизмдер, учкул сөздөрдүн мааниси зор. Көп маанилүү сөздөр жана синонимдер кепти сөздөрдү улам-улам кайталай берүүдөн кутултуунун негизги каражаттары. Таамай, таасын, көркөм учкул сөздөр, макал-ылакаптар, фразеологизмдер кептин ажарын ачат, көркүнө чыгарат. Бирок, буларды колдонууда этияттык керек, аша чаап кетүү тескери натыйжага алып келет.
Кептин семантикалык байлыгы - сөздөрдүн маанилик байланышынын көп түрдүүлүгү. Көркөм сөз чебери А.С. Пушкин: "Акыл-эс түшүнүктөрдү жаратуудан тажабайт, тил сөздөрдү байланыштыруудан тажабайт. Сөздөрдүн бардыгы лексикондон чыгат, бирок, минут сайын жаралып жаткан китептер лексикондун жөн эле кайталанышы эмес."-деген. Бир эле ойду сөздөрдү ар кыл вариантта байланыштыруу менен туюнтууга болот. Мисалы: "Айдардын бүгүн кабагы салыңкы" - "Айдардын маанайы бүгүн жакшы эмес" - "Айдар бүгүн күлө албайт" - "Айдар чарчап жүрөт" ж.б. Мындай жаңы байланыштар кепти маанилик жактан байытат, көркөмдүгүн арттырат.
Синтаксистик байлык - кепте сүйлөм курулмаларынын ар кыл түрлөрүнүн, моделдеринин мол колдонулушу. Кептин кырдаалына, ойдун мазмунуна ылайыктап кемтик, толук, бир тутумдуу, эки тутумдуу сүйлөм моделдерин колдонуу, сүйлөм мүчөлөрүнүн ордун алмаштыруу кептин көп түрдүүлүгүнө өбөлгө түзөт. Тескерисинче, бир гана формадагы, бир гана түрдөгү сүйлөмдөрдөн курулган кеп жансыздыкка, бир түрдүүлүккө, тажатмалыкка алып келет.
Кеп байлыгынын дагы бир булагы - интонация. Үндүн тонунун кубулжуп турушу, ыктуу коюлган тынымдар, басымдар, кептин айтылыш темпи кептин уккулуктуулугуна, көркөмдүгүнө өбөлгө түзөт. Ал эми үндүн тонунун өзгөрүшү, күчү, тембри адамдын көп кырдуу сезимдерин чагылдыруу касиетине ээ. Интонация оозеки кепке гана тиешелүү эмес, ал жазуу кебинде да көмүскө түрдө катышат. Бир эле текстти, чыгарманы, кепти бир нече адам окуганда интонация дээрлик окшош, бирдей болорун байкоого болот. Анткени, интонация кептин структурасына, семантикасына "салынган", кеп түзүлүп жаткан учурда эле анын интонациясы да аныкталат. Тыныш белгилери интонацияны, анын элементтерин жазуу кебинде берүү үчүн колдонулат. Ошентсе да, оозеки кептеги "тирүү" интонацияны, интонациялык "казына", көркөмдүктү графикалык белгилер, жазуу кеби толук туюнта албайт.
Ошентип, кеп байлыгы бир нече компоненттен туруп, кептин уккулуктуулугун, таасирдүүлүгүн, көркөмдүгүн арттырууга көмөкчү болот. "Кеп байлыгы - берилген кеп аянтында тилдик белгилердин мүмкүн болушунча көп түрүнүн жайгашуусу" [11, 208].
Айрым бир көрүнүштөр кеп байлыгына кедерги болуп, анын деңгээлин төмөндөтүп жиберет. Мындай көрүнүштөргө кептик штамптар жана ыксыз кайталоолор кирет. Кээ бир сөздөр, сөз тизмектери өтө кеңири тарап, эч өзгөрбөй колдонула берүүдөн улам трафаретке, штампка айланып калат. Мисалы, "сунуш кылынды, баса белгиленди, маселе боюнча кайрылды, чара көрүлдү". Мисалдардан көрүнгөндөй, кептик штамп айрыкча иш кагаздар стилине, канцелярдык стилге мүнөздүү. Иш кагаздарында мындай сөздөрдү колдонуу туура эле көрүнүш, анткени бул стилде сөздөрдүн бир маанилүүлүгү, тактыгы жана стандарттык курулмалар талап кылынат. Бирок, канцеляризмдерди башка стилдерде колдонуу ылайыксыз. Анткени, булар айтуучу тарабынан даяр тизмек, штамп катары колдонулуп, угуучу тарабынан да ошондой эле кабыл алынат, б.а. ой жүгүртүүнү, түшүнүп колдонууну талап кылбайт, аң-сезимге таасир этпейт. Кептик штамптар кеп ичинде маанилик "вакуумду", боштукту пайда кылып, кептин көркөмдүгүнө, байлыгына терс таасир тийгизет.
Лексикондун жардылыгы, ылайыктуу сөздөрдүн, синонимдердин эс тутумда жоктугу же кеп түзүү көндүмдөрүнүн өнүкпөгөндүгү кепте ыксыз кайталоолордун болушуна алып келет. Мисалы: Биздин айыл тоо арасында жайгашкан. Биздин айыл малга бай. Биздин айылда жаңы мектеп салынган. Биздин айылдын окуучулары райондук, областтык олимпиадаларга дайыма катышат. Мындай кайталоолорго жол бербеш үчүн айтуучунун эс тутумунда сөздү алмаштыра турган синонимдердин, фразеологизмдердин ж.б. каражаттардын жетиштүү запасы даяр турууга жана айтуучу аны ыктуу колдонууга тийиш.
<сан>Кайталоо жана бекемдөө үчүн бгаRR
< в - ¦ Үила>1. Кеп байлыгын өзүңдүн аныктамаң аркылуу туюнт.
2. Кеп байлыгынын кандай компоненттери бар?
3. Тил жарды болушу мүмкүнбү?
4. Орус тили дайыма эле азыркыдай бай болду беле? Анын өнүгүшүнүн себеби эмнеде?
5. Кыргыз тилинин байлыгын өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек? Жогоруда айтылгандарга сен эмне кошумчалай аласың?
6. Кеп байлыгына эмне кедерги болот?
7. Көчөдө, үйдө айтылган кептердин байлыгына байкоо жүргүз. Талдап жаткан кебиңде кеп байлыгынын кайсы түрлөрү кандай өнүккөн?
Кеп тактыгы
1. Кептин реалдуу чындык жана ой жүгүртүү менен байланышы.
2. Кеп тактыгы жана анын бөлүнүшү.
3. Кеп тактыгына жолтоо болуучу көрүнүштөр.
Ойду так бере билүү чеберчилиги ар бир эле адамга мүнөздүү сапат эмес. Бул жөндөмдүүлүктү калыптандыруу үчүн талыкпаган, узакка созулган машыгуулар керек. Ойду кеп аркылуу туюнтууда, чагылдырууда эки процесстин так, катасыз аткарылышы талап кылынат:
1. Реалдуу дүйнөнүн, андагы кубулуштардын аң-сезимде так чагылышы.
2. Аң-сезимде жаралган идеяны, түшүнүктөрдү тилдик бирдиктер аркылуу так туюнтуу, башка аң-сезимге - угуучунун аң-сезимине түшүнүктүү болгондой кылып туюнтуу.
Мына ушул эки процесске байланыштуу, кеп тактыгы өз ичинен эки түргө бөлүнөт:
1. Кептин предметтик тактыгы - кепте реалдуу дүйнөнүн так чагылышы.
2. Кептин түшүнүктүк тактыгы - кепте ойдун, түшүнүктөрдүн так чагылышы [11].
Кеп түшүнүктөрдү, элестерди, ойду, маалыматты - мазмунду камтыйт. Ал эми ар бир кабар, ой реалдуу дүйнөнүн аң-сезимге таасир этишинен, чагылышынан жаралат. Мисалы, "Кар жаады.", "Асан - жакшы бала.", "Экиге экини кошсо төрт болот." деген сүйлөмдөрдүн ар биринде реалдуу дүйнөдөгү окуя, кубулуш, мамилелер аң-сезимдин призмасынан, лабораториясынан өткөрүлүп, ойго, маалыматка айланган. Сырткы дүйнөдөгү бардык кубулуштар адамдын билим деңгээли, дүйнөгө көз карашы, турмуштук тажрыйбасына таянып анализденет, түшүнүлөт. Мисалы, кичинекей балдардын аң-сезими жогорку мисалдарда туюнтулган кубулуштарды төмөнкүдөй так эмес чагылдырышы, түшүнүшү мүмкүн: "Сыртта кебез жаап жатат.", "Асан - унчукпаган бала.", "Экиге экини кошсо үч болот." ж.б.у.с. Демек, кеп тактыгынын алгачкы талабы - обңективдүү чындыктын аң-сезимде так, катасыз чагылышы. Реалдуу дүйнөнүн так чагылышы кептин предметтик тактыгын камсыз кылат. Мисалы, "Дүйнөдөгү эң бийик тоо - Памир", "Баяндооч сүйлөмдүн аныктоочу менен байланышат", "Помидор бакта өсөт" деген сүйлөмдөрдө кептин предметтик тактыгы бузулган. Ошол сыяктуу эле, "Тоту куш сүйлөйт, демек акылдуу", "Машина кыймылдайт, демек жандуу" деген сыяктуу сүйлөмдөрдө логиканын мыйзамдары бузулгандыктан, предметтик так эместикке жол берилген. Кептин тактыгынын жалпы шарты - логикалык мыйзамдарды бузбай, так, туура ой жүгүртүү. Байыркы Римде эле "Ким так ой жүгүртсө, ал так сүйлөйт> деген макал жаралган. Ал эми орус ойчулу В.Г. Белинский мындай деген: "Сөз ойду чагылдырат: ой түшүнүксүз болсо, сөз да түшүнүксүз. Айтуучу өзү үчүн түшүнүктүү, өзү айкын элестете алган ойду гана так, айкын баяндап бере алат."
Реалдуу чындыктан алынган маалымат аң-сезимде иштелип чыгып, билимге айланат. Муну айкын элестетүү үчүн жаңы илимий ачылыш жасаган окумуштуунун мисалында кароого болот. Ал дүйнөдөгү кубулуштарды изилдөө татаал эксперименттерди өткөрүү жана алынган жыйынтыктарды, маалыматтарды аң-сезиминде анализдөөнүн натыйжасында жаңы маалыматка, билимге ээ болду. Ал билим анын аң-сезиминде жаралды, демек ал билим ошол окумуштуунун жекече дүйнө таанымына, билимине, психологиялык өзгөчөлүктөрүнө ыңгайланышкан, терең жекечелик (глубоколичностный) мүнөзгө ээ. Эми кийинки этап - окумуштуунун өз аң-сезиминдеги билимди башка аң-сезимдерге, угуучуларга ылайыктап кайра түзүп чыгуусу - билимди кабарга айландыруусу.
Ойду кабар түрүндө кайра түзүп чыгууда айтуучу кабардын мүнөзүн (ой жүгүртүү, баяндоо, сүрөттөө), максатын (маалымат берүү, чечим кабыл алууга үндөө, аң-сезимге таасир этүү ж.б.) кептин кырдаалын жана адресатын (угуучу же окурман), алардын өзгөчөлүгүн (билим, жаш курак ж.б.) эске алууга тийиш. Ой жүгүртүү жана кеп түзүү - эки түрдүү, бири-биринен өтө айырмаланган процесстер. Билүү, билимге ээ болуу менен аны кепте чагылдыруу, кабарлоонун ортосунда өтө алгыс тоскоолдук (коммуникативдик тоскоолдук) пайда болушу да мүмкүн. Бул маселе көп адамдарды түйшүккө салган. Орус акыны А. Феттин "О, сөздөрсүз эле жан дүйнө менен сүйлөшкөнгө болсо эмне:" деген өкүнүчү элибизде айтылып жүргөн "Айттырбай билер болсоңчу." деген учкул сөз менен үндөшүп кетет. Ал эми Ф. Тютчев "Кепке айланган ой - жалган" деген сөзү ойду толук, так берүү оор экендигин, орус акынын буга жетүүдөн үмүтү үзүлгөндүгүн кабарлайт. Бирок, бул сөздөр улуу акындардын өз оюн чагылдырууда мажес экендигин моюнга алуу эмес, бул алардын рухий дүйнөсүнүн өтө байлыгын, көп кырдуу, көп түрдүү ойлорунун бардыгын кепте туюнта алуу түйшүктүү экендигин гана билдирет: "Өз ойлорума боорум ачыйт - алардын ушунчалык азын гана сөз менен кармап кала алдым." (Н. А. Некрасов)
Мына ушуга байланыштуу илимде "ой жүгүртүү логикасы" жана "баяндоо логикасы" деген бөлүштүрүү орун алган. Логиканын мыйзамдары ой жүгүртүүдө да, кеп түзүүдө да бирдей, ошондой болсо да, аң-сезимде элестер, түшүнүктөр жана ойлор менен иштөө, "операция кылуу" менен тилдик бирдиктерди, категорияларды колдонуунун ортосунда чоң айырмачылыктар бар.
Ойду кепте чагылдырууда төмөнкү маселелер негизги ролду ойнойт:
1. Сөз колдонуу тактыгы - түшүнүктөрдү так атаган сөздөрдү тандап алуу.
2. Баяндоо логикасы - кептеги тилдик бирдиктерди логикалык жактан туура байланыштыруу жана ойдун ырааттуулугун сактоо.
Сөз колдонуу, сөздү туура тандап алууда сөз маанилерин терең билүү чоң мааниге ээ. Бул учурда көп маанилүүлүк, синонимия, омонимия жөнүндө маалыматтуулук талап кылынат. Адам өз оюн чагылдыруу учурунда алгач синонимдик катарды - бир маани билдирген сөздөрдү, сөз курулмаларын эс тутумдан "алып чыгат". Андан кийин синонимдердин ичинен ойдогу түшүнүктү так, таамай, таасын туюнткан сөз тандалат. Мисалы, эгер сизге чогуу окуган курдашыңызды мүнөздөөгө туура келсе, анда болжол менен төмөнкүдөй сөздөр эс тутумунан чакырылат: "Асан (менин, биздин) (таанышым, группалашым, досум /таанышыбыз, группалашыбыз, досубуз). Ал (ак көңүл, боорукер, кичи пейил - жакшы же таш боор, бой көтөргөн, кекирейген, мактанчаак - жаман) (бала, жигит, студент)." Мына ушул синонимдерден, варианттардан сиздин оюңузду, мамилеңизди так чагылдырган сөздөр тандалып, алардан сүйлөм түзүлөт. Синонимдер лексикондо, эс тутумда канчалык көп болсо, тандоо ошончолук натыйжалуу болуп, түшүнүктү, ойду ошончолук так берүүгө болот. Синонимдер лексикалык же синтаксистик болушу мүмкүн. Лексикалык синоним - эки сөздүн маанилеринин жакындыгы. Ал эми синтаксистик синонимдер бир нече сөздөрдүн айкашуусунан турат. Мисалы, "Асан - республикалык олимпиадага катышкан (билимдүү), өзүн жакшы алып жүргөн (сылык), кыйшың-мыйшыңы жок (ак ниет) бала." Синонимдердин жогорку көркөмдүктөгү, жогорку тактыктагы түрү катары фразеологизмдер да кызмат кыла алышат. "Асан - (биттин ичегисине кан куйган - тың / кессе кан чыкпаган - сараң / кой оозунан чөп албаган - момун) бала. Фразеологизмдер ойду элестүү, так чагылдырышат.
Ошентип, сөздү туура тандоодогу алгачкы талап - лексикондун байлыгы жана түшүнүктү так чагылдырган сөздү "табуу", тандап алуу. Эгер лексикондо түшүнүктү так туюндурган сөз жок болсо, анда айтуучу "төөнүн баласы" (тайлак, бото), "чычкандын баласы" (кызылчие), деген сыяктуу олдоксон курулмаларды колдонууга аргасыз болот. [1, 52].
Көп маанилүү сөздөрдү колдонууда анын кайсы мааниде колдонулуп жатканын алдын ала билдирип, макулдашып алуу ашыкча болбойт. Сөздү айтуучу бир мааниде колдонуп, угуучу башка мааниде түшүнүүсү көптөгөн татаалдыкка алып келет. "Бээ десем, төө дейт" деген ылакап ушул маселенин негизинде келип чыккан. Улуу математик Р. Декарт: "Сөздүн маанисин аныктап алыңыздар - ошондо дүйнөнү анын чаташууларынын жарымынан куткарасыздар"-деген экен.
Омонимия, формалдык окшоштук да кептин тактыгына доо кетириши мүмкүн. Белгилүү икаядагы комизм эффекти омонимияга негизделген:
" - Атың ким?
- Айтпаймын.
- Эмнеге айтпайсың?
- Айтпаймын деп жатпаймынбы."
Кеп түзүлүшүндө синтаксистик омонимия да кезигет: "Асандын мүнөздөмөсү туура чыкты.", "Асан Үсөнгө жолукту, бирок ал аны алыстан тааныган жок." деген сүйлөмдөрдө мүнөздөмө кимдики экени (Асанга берилген мүнөздөмөбү же Асан берген мүнөздөмөбү?), кимдин тааныбай калганы (Асанбы же Үсөнбү?) белгисиз бойдон калат. Ошондуктан, сүйлөм түзүүдө мындай так эмес туюнтмалардын алдын алуу керек. Мисалы, сүйлөмдү "Асанга берилген мүнөздөмө туура чыкты.", "Асан Үсөнгө жолукту, бирок Үсөн аны алыстан тааныган жок." деген сыяктуу түзүү так эместикке, эки ача түшүнүүгө жол бербейт.
Баяндоо логикасы - реалдуу дүйнөдөгү жана аң-сезимдеги түшүнүктөрдүн, элестердин ортосундагы мамиле-катнаштарды жана аларды туюнткан тилдик бирдиктердин ортосундагы маанилик байланыштарды туюнтуу, чагылдыруу. Баяндоо логикасын үч деңгээлге ажыратып кароого болот:
1. Сөздөрдүн ортосундагы логикалык байланыштар.
2. Сүйлөмдөрдүн ортосундагы логикалык байланыштар.
3. Кептин жалпы композициясы же мазмундун уюштурулушу, ойдун ырааттуу өнүктүрүлүшү.
Сөздөрдүн ортосунда логикалык байланыш түзүүдө сөздөрдүн маанилик айкашуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек. Мисалы, "Асан узун бойлуу жана сүрөтчү.", "Кыргызстан Орто Азияда жайгашкан жана бийик тоолуу." деген сүйлөмдөрдө бири-бирине тиешеси жок түшүнүктөр (бой жана жөндөмдүүлүк, орун жана сын-сыпат) катар коюлган. Бул ойдун ыраатсыздыгына, так эместигине алып келет. "Кыргызстандын заводдорун жана өнөр жайын өнүктүрүү зарыл." деген сүйлөмдө да логикалык ката - бир текке кирген эки түшүнүктү (завод, өнөр жай) бири-биринен алыстатуу, бири-бирине карама-каршы коюу орун алган.
Татаал сүйлөмдүн бөлүктөрүнүн ортосундагы логикалык байланыш кызматчы сөздөр (анткени, бирок, ошентсе да, себеби ж.б.) менен да туюнтулат. Алардын туура эмес колдонулушу сүйлөмдүн маанисинде, семантикалык структурасында карама-каршылыктардын жаралышына алып келет: "Кече шаңдуу өттү, бирок келгендер көңүлдүү тарашты.", "Көз - коркок, анткени кол - баатыр", "Мезгил өтүп жатты жана кыз эч нерсени унуткан жок."
Сүйлөмдөр ортосундагы логикалык байланышта ойдун ырааттуу өнүктүрүлүшү, маанилик байланыштар жана бир ойдон экинчи ойго өтүүнү белгилөө сыяктуу маселелерге көңүл буруу керек. Ойдун өнүгүшү жөнүндө сөз кылуудан мурун сүйлөмдүн актуалдуу жиктелиши жөнүндө түшүнүк алуу абзел.
Сүйлөм аркылуу угуучуга жаңы маалымат берилет. Бул маалымат эски, угуучуга белгилүү маалымат менен байланыштырылып, ага таянып берилет. Ошентип, сүйлөмдө эски жана жаңы маалымат камтылат. Ушуга байланыштуу сүйлөмдү шарттуу түрдө эки бөлүккө ажыратуу, актуалдуу жиктөө орун алган:
1. Сүйлөмдүн темасы - угуучуга белгилүү, эски маалымат.
2. Сүйлөмдүн ремасы - сүйлөм аркылуу угуучуга жаңыдан берилип жаткан маалымат.
Мисалы: "Асан - үлгүлүү окуучу", "Асан - класстын активисти" деген сүйлөмдөрдө "Асан" деген сөз теманы түзсө, ал эми сүйлөмдөрдүн калган бөлүктөрү ремаларды түзөт. Кепте (текстте) улам кийинки сүйлөмдө мурунку реманы тема катары пайдалануу менен улам жаңы маалыматтар кошулуп, ой өнүктүрүлүп жүрүп отурат. Мисалы: "Кыргызстандын борбору - Бишкек. Бишкек Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Чүй өрөөнүнүн климаты жагымдуу келип, жемиштердин көп түрү бышат." Бул үзүндүдөгү ойдун ыраатын төмөнкү схема менен туюнтууга болот:
Т (тема)+Р (рема)>Т1(Р)+Р1>Т2(Р1)+Р2
Ойдун мындай өнүгүүсү түз сызыктуу мүнөзгө ээ. Ал эми башка учурларда ойду тереңдетүү, байытуу үчүн ар кайсы планда жана аспектте берүү менен бир эле теманы жана реманы улам-улам кайталоо ыкмасы да колдонулат: "Кыргызстандын борбор шаары Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Бишкек шаары берекелүү, бышыкчылыктуу өрөөндүн ортосунан орун алган."
Ойдун ырааттуу өнүгүшү үчүн сүйлөмдөрдүн ортосундагы логикалык байланыш так, ачык-айкын жана бекем болуп, эки ача түшүнүүгө жол берилбеши керек. Мисалы, "Биздин өлкөбүздө 7 дубан жана элүүгө жакын райондор бар. Аларды губернаторлор башкарат." деген сүйлөмдөрдө алар деген ат атооч мурунку сүйлөмдөгү кайсы сөз менен байланышкандыгы (дубан, район) түшүнүксүз. Мындай учурда логикалык байланышты тактоо үчүн лексикалык кайталоо - сөздү кайра кайталап колдонуу ылайык: "Биздин өлкөбүздө 7 дубан жана элүүгө жакын райондор бар. Дубандарды губернаторлор башкарат."
Ойдун ырааттуулугу үчүн кызматчы сөздөрдүн да мааниси зор. Алар бир ой менен экинчи ойдун ортосундагы байланышты туюнтушу мүмкүн. Мисалы, "Мына, жай да келди. Күн эртели-кеч суук." деген сүйлөмдөрдө ойдун логикалуулугу бузулган - күндүн сууктугу жайдын келишинин натыйжасы катары берилет. Бул жердеги ойдун ырааттуулугун калыбына келтирүү үчүн бирок, ошентсе да деген сыяктуу байламталардын колдонулушу жетиштүү болмок: "Мына, жай да келди. Бирок, күн эртели-кеч суук."
Бир ойдон экинчи ойго өтүүнүн графикалык белгиси - абзац. Ал эми оозеки кепте белгилүү узактыктагы тыным бир ойдун аяктаганын, экинчи ой башталганын туюнтат. Жаңы ойдун башталышы эч бир белги менен туюнтулбаса, ойдун өнүгүшү, ырааттуулугу, түшүнүктүүлүгү төмөндөйт. Мисалы: "Дары-дармектер сатылат. Сатыкта линолеум, паркет, сыр бар." деген сыяктуу курулмалар комизм эффектин пайда кылышы да мүмкүн. Ошол эле учурда абзацты "ашыкча" пайдалануу да туура эмес:
"Бул изилдөө органикалык химиянын актуалдуу маселелеринин бирине арналган.
Анда жалбырактардын фотосинтез кубулушунун айрым практикалык маселелери каралат." деген үзүндүдөгү абзац ашыкча. Анткени, бул эки сүйлөмдө бир эле ой улантылат.
Кептеги баяндоо логикасынын негизги компоненти - композиция. Кептин мазмунунун, ойлордун ырааттуу, максатка ылайык жайгашуусу кептин тактыгы үчүн чоң мааниге ээ. Кептеги ойлордун жайгашуусу, композиция антикалык доордон баштап эле изилдөөгө алынган. Композицияны эки, үч, төрт, беш, атүгүл жети бөлүккө ажыратууга аракеттер жасалган. Азыркы учурда кептин түрлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүнө мүнөздүү катары үч бөлүктүү композиция кеңири тараган:
1. Киришүү.
2. Негизги бөлүк.
3. Корутунду.
Киришүү угуучуну же окурманды негизги маалыматты кабыл алууга даярдоо үчүн кызмат кылат. Анын көлөмү негизги бөлүктө камтылган маалыматтын татаалдыгына жараша, бир сүйлөмдөн же бүтүн, көлөмдүү тексттен турушу мүмкүн.
Негизги бөлүк-көлөмү боюнча да, мазмуну боюнча да эң маанилүү бөлүк. Мында негизги ой, кабар камтылгандыктан, логикалуулук, тактык айрыкча талап кылынат.
Корутундуда ойдун өнүгүшү, баяндалышы, чечмелениши аяктайт. "Кептин аягы аны жыйынтыктоого, б.а. кептин башы, киришүү менен байланышууга тийиш: Аяктоо - бүткүл кептин тагдырын чечет." [11, 155]
Кепте ойлор бирин экинчиси улап, бир ойду экинчи ой далилдеп, бекемдеп, ойду кеңейтип, өнүктүрүп жүрүп отурууга тийиш. Ойлордун тизмеги үзүлбөшү, алардын ортосундагы өткөөлдөр ачык туюнтулушу абзел. Ошол эле учурда кайсы ойдон баштап, кайсы ой менен аяктоо керек экендигин айтуучу алдын ала аныктап алуусу зарыл. Ошондо гана ой түшүнүктүү, таасирдүү, ырааттуу болуп, кептин тактыгы камсыз кылынат.
Ошентип, кептин тактыгын камсыз кылуунун эң биринчи жана негизги шарты - кептин предметин, кепте козголгон маселени терең билүү. Кепти так түзүү үчүн тилди, тилдик маанилерди терең билүү да зарыл шарт болуп эсептелет. Кептин бардык сапаттары бирин-бири шарттап турат: кеп так болмоюнча көркөм жана орундуу боло албайт.
<сан>Кайталоо жана бекемдөө үчүн бгаRR
< в - ¦ Үила>1. Реалдуу дүйнөдөгү кубулушту кепте туюнтууга чейин кандай процесстер аткарылат?
2. Кеп тактыгы өз ичинен кандай бөлүнөт?
3. Кептин предметтик тактыгына аныктама бер.
4. Кептин түшүнүктүк тактыгына аныктама бер.
5. Баяндоо логикасы дегенди кандай түшүнөсүң?
6. Кеп ичиндеги ойдун өнүктүрүлүшү кандайча жүрөт?
7. Кептин тактыгына кедерги болуучу шарттарды аныкта.
8. Үйдөн, көчөдөн, массалык маалымат каражаттарынан кеп тактыгына байкоо жүргүз. Кеп тактыгынын бузулушун анализде.
Кептин орундуулугу
1. Кептин орундуулугу жөнүндө түшүнүк.
2. Кептин орундуулугунун бөлүнүшү.
3. Кептин орундуулугунун шарттары.
Ар бир кеп белгилүү бир чөйрөдө, белгилүү бир кырдаалда жана шартта жаралат. Кеп өзүнүн максатына жетиши үчүн - угуучуларга түшүнүктүү, ынанымдуу, таасирдүү болушу үчүн - өзү багытталган кырдаалга, чөйрөгө жана шартка ылайык түзүлүшкө ээ болушу керек. Кептин орундуулугу деп андагы тилдик бирдиктердин кептин максатына жана шартына ылайык уюштурулган структуралык-семантикалык өзгөчөлүктөрүн айтабыз. Кептин орундуулугуна байланыштуу кептин кырдаалы, кептин шарты жана кептин чөйрөсү деген түшүнүктөрдү тактап алуу үчүн аларды төмөнкү мааниде түшүнүүнү макулдашып алалы:
* Кептин шарты - кеп түзүлгөн жана багытталган орундук, мезгилдик шарттар, кептин мезгилде жана мейкиндикте жайгашуусу. Мисалы, кеп төмөнкү шарттарда жаралышы мүмкүн: илимий конференция, балдар бакчасындагы сабак, жогорку окуу жайындагы сабак ж.б.
* Кептин чөйрөсү - кеп багытталган угуучулардын (окурмандардын) өзгөчөлүктөрү. Бул өзгөчөлүктөргө жаш курагы, интеллектуалдык (билимдик, акыл-эстик) деңгээли, турмуштук тажрыйбасы, дүйнөгө көз карашы ж.б. кирет.
* Кептин кырдаалы - кептин чөйрөнүн нукура психологиялык жалпы абалы, маанайы боюнча өзгөчөлүктөрү. Мисалы, аза күтүү митингиндеги кырдаал, үйлөнүү тоюнун кырдаалы, салтанаттуу кеченин кырдаалы ж.б.
Кептин түзүлүшүндө ар бир чөйрөгө, кырдаалга, шартка ылайык тилдик каражаттарды колдонуу зарыл. Бала бакчасына барып, атомдук физика жөнүндө лекция өтүүгө же илимий конференцияда өтө жөнөкөй мазмундагы, примитивдүү баяндама жасоо орунсуз болору түшүнүктүү. Ар бир чөйрөгө, кырдаалга ылайык сөздөр, сүйлөм түрлөрү, интонация, пафос тандалып алынат.
Кептин бул сапатына кыргыз эли да эзелтен эле көңүл бурган. "Сөздү учуру келгенде айтпаса, атасы өлөт" деген сыяктуу макалдарды колдонуп, элибиз орду менен сүйлөгөнгө үйрөткөн. Тоголок Молдонун "Кемчонтой" тамсили - кептин орундуулугуна, кайсы жерде кандай сөз айтуу ылайыктуу экендигине үйрөтүүгө түздөн-түз багытталган чыгарма.
Байыркы Римде жана Грецияда да кептин орундуулугу анын эң негизги сапаттарынын бири катары бааланган. Аристотель өз эмгектеринде ар бир стилде, ар бир чөйрөдө кеп ар кандай формада айтылышы керек экендигин белгилеген. Ал эми атактуу чечен Марк Туллий Цицерон оратордун ийгилиги, анын угуучуну ынандырып, өзүнө багынта алуусу биринчи иретте кептин орундуулугуна байланыштуу экенин айткан: "Турмушта да, кепте да эмне орундуу экенин аныктоодон татаал нерсе жок: Бардык коомдук абалга, бардык кызматтарга, ар кыл абройдогу ораторлорго, бардык жаш курагына, ошондой эле бардык орунга, мезгилге жана угуучуга бир эле стилдеги кеп ылайык келбейт, кептин ар бир бөлүгүндө эмне орундуу экенин байкап туруу керек, бул сөз болуп жаткан иштин мүнөзүнө да, сүйлөп жаткан, угуп жаткан адамдарга да байланыштуу." [11, 228]
Сөздөрдүн чөйрөгө (угуучулардын билим деңгээлине, турмуштук тажрыйбасына, жаш курагына) жараша тандалып алынышы кептин түшүнүктүү, жеткиликтүү болушуна өбөлгө түзөт.
Шартка ылайык стиль (көркөм, оозеки, илимий ж.б.) тандалып алынып, ага сөздөр, сөз маанилери, интонация, пафос ылайыкталат. Мисалы, сабак учурунда илимий стиль, официалдуу пафос колдонулса, көчөдө, үй-бүлөдө оозеки стиль, эркин пафос, поэзияда көркөм стиль, көтөрүңкү пафос ылайыктуу, орундуу.
Ар бир кырдаал өзүнө ылайык кептин интонациясын, стилин жана пафосун талап кылат. Үйлөнүү тоюна мүнөздүү болгон салтанаттуу пафосту, көркөм стилди, көтөрүңкү маанайды сабак учурунда колдонуу анча орундуу эмес.
Кептин орундуулугуна эзелтен эле көңүл бурулса да, анын табиятын аныктоо алиге чейин аяктай элек. Кептин орундуулугун төмөнкүдөй бөлүктөргө ажыратып изилдөө ылайыктуу:
1. Кырдаалдык орундуулук.
2. Стилдик орундуулук.
3. Инсандык-психологиялык орундуулук.
Кырдаалдык орундуулук - угуучулардын психологиялык абалына кептин ылайыкталышы. Чебер оратор угуучулардын маанайын дайыма көзөмөлдөп турат. Алардын көңүлү чөгүңкү, балким жинденген абалы, кайдыгерлиги же көтөрүңкү, майрамдык маанайы айтуучунун көз жаздымында калбоого тийиш. Ар бир маанайга жараша сөздөр, сүйлөм моделдери, интонация, пафос талап кылынат. Сөздөр лексикалык мааниден (Кемчонтойчосунан өлүк көмгөн жерде "Түшүм мол болсун!" дебеш керек) башка да функционалдык стилдик жана экспрессивдик маанилерди алып жүрөт. Үйлөнүү тоюнда, официалдуу эмес кырдаалда "Коомдун социалдык-нравалык жактан бекем ячейкасын түзүүңүздөргө, мамлекеттин, элибиздин моралдык-этикалык нормаларын карманып, аларды өнүктүрүүңүздөргө тилектешмин." деген сыяктуу официалдык стилге мүнөздүү, патетикалык пафоско ээ сөздөрдү колдонуу орунсуз болору белгилүү.
Кептин стилдик орундуулугу - анын турмуштук чөйрөгө, кептин шартына ылайыкталган сапаттары. Стилдик орундуулук тилдеги функционалдык стилдер менен тыгыз байланыштуу.
Функционалдык стилдер деп турмуштун белгилүү бир сферасында кызмат кылууга ылайыкталган сөз колдонуу, кеп түзүү моделдерин аташат. Төмөнкүдөй функционалдык стилдер ажыратылат:
1. Көркөм стиль.
2. Илимий стиль.
3. Публицистикалык стиль.
4. Иш кагаздар стили.
5. Оозеки стиль.
Ар бир стиль башка стилдерден айрым бир өзгөчөлүктөр менен айырмаланып турат. Көркөм стиль көркөм чыгармаларда колдонулат. Ага көп маанилүүлүк, көркөмдүк мүнөздүү. Мисалы, "Бах, Ак-Сай жайлоосу кандай керемет! Белге чыккан тулаң чөп, көз жоосун алган гүлдөр, жыты аңкыган дары чөптөр!" Бул сүйлөмдөрдө бах, керемет, белге чыккан, көз жоосун алган, жыты аңкыган деген сөздөр реалдуу дүйнөнү көркөмдөп, көтөрүңкү маанай менен сүрөттөп турат.
Ал эми илимий стилде сөз маанилеринин тактыгы, илимий терминдердин жыш колдонулушу, бир маанилүүлүк басымдуулук кылат. Мисалы: "Ак-Сай жайлоосу альпы шалбаасы зонасында жайгашкандыктан, ага көп жылдык чөптөрдүн молдугу мүнөздүү." Мында альпы шалбаасы, зонасы, көп жылдык чөп деген терминдер колдонулуп, алар реалдуу дүйнөнү так, обңективдүү чагылдырууга мүмкүндүк берет.
Публицистикалык стиль - басма сөздүн, массалык маалымат каражаттарынын стили. Анын мүнөздүү белгилери - көтөрүңкү пафос жана көп маанилүүлүк. Мисалы, "Аба ырайынын каатчылыгына карабай дыйкандар оруу-жыйноо өнөктүгүн ийгиликтүү аяктоодо. Алыскы бийик тоолуу райондорубузда түшүмдүн 70%ы жыйналып бүттү." деген сүйлөмдөрдө каатчылыгына карабай, алыскы бийик тоолуу райондордо деген айкаштар кепке көтөрүңкү пафос, көркөмдүк тартуулап турат.
Иш кагаздар стилине стандарттуулук, штамп, бир маанилүүлүк мүнөздүү. Мисалы: "Биз, төмөндө акты жазып, кол коюучулар" "текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды." деген сыяктуу түрмөктөр стандарттык, штамптык түрмөк катары колдонулат.
Оозеки стилге нормалык талаптардын боштугу, синтаксистик курулмалардын кыскартылган, кемиген түрлөрү мүнөздүү. Мисалы: "Каякка? Кел бери, бери келе кет." Мында кемтик сүйлөм катышып, сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби толук сакталган эмес.
Эч бир стилге жеке тиешелүү болбой, бардык стилдерде бирдей колдонулган сөздөрдүн жыйындысын нейтралдык, бейтарап лексика деп аташат. Көпчүлүк сөздөр функционалдык-стилдик мааниге ээ, б.а. стилдин белгилүү бир түрүнө тиешелүү. Мисалы: үлгүлүү-жакшы-момундай, маңызсыз-маанисиз-келжиреген, дөөдүрөгөн деген синонимдик катарлардын биринчи түгөйлөрү көркөм стилге, экинчилери-нейтралдык лексикага, үчүнчүлөрү оозеки стилге тиешелүү экени алардын маанисинен эле байкалып турат. Ар бир стилдин өзгөчөлүктөрүн терең өздөштүрүү жана сөздөрдү стилге ылайыктап колдонуу алардын орой угулушунун, ыңгайсыз, орунсуз болушунун алдын алат.
Кептин инсандык-психологиялык орундуулугу кеп адеби деп да аталат. Ар бир кеп маалымат, кабар менен бирге адамдын ички сезимдерин, угуучуга мамилесин чагылдырат. Көп учурда бул сезимдер айтуучунун эркинен тышкары, көмүскө түрдө берилет. Ошондуктан, кеп адеби лингвистикалык гана эмес, психологиялык маселелер менен да байланыштуу. Кеп адеби - адамдын психологиялык, ички маданиятынын, ой жүгүртүү маданиятынын көрсөткүчү.
Кыргыз элинде кеп адебине өтө чоң маани берилген. Мунун себеби ата-бабабыздын ар бир сөздү барктап-баалаганында. "Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн", "Эр жигиттин уялганы - өлгөнү", "Ойлонбой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат", "Буттан жыгылган турат, сөзгө жыгылган турбайт" деген макалалар сөздүн, кептин канчалык аздектелгенин, сөздөн жеңилүү, жыгылуу канчалык оор болгонун айгинелейт. Илимпоз бабабыз М. Кашкаринин сөздүгүндө "Тил арслан турур, эшигиңде йатур" (тил - босогоңдо жаткан арстан) деген накыл кеп жазылып калган. Бабаларыбыз кепти курч, коркунучтуу курал катары баалашып, ага этият мамиле кылууга үйрөтүшкөн: "Айтылган сөз - аткан ок", "Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет", "Ириген ооздон чириген сөз чыгат". "Жакшы сөз - жарым ырыс" деп кепти жакшылыкка, аруу тилекке гана багыттоого үндөшкөн.
Кеп адебин кеп этикети (кептик этикет) менен чаташтырууга болбойт. Кеп этикети белгилүү бир салттык учурларды (учурашуу, коштошуу, кечирим суроо, бата берүү, куттуктоо ж.б.у.с.) гана тейлеп, негизинен салттык "формула", модель, трафареттерден турат. Ал эми кеп адеби бардык кырдаалдарда жана шарттарда "иштейт", ал кептик моделдерден, тилдик бирдиктерди колдонуунун эрежелеринен турат.
Кеп аркылуу маектештердин ортосундагы мамиле калыптанат. Кептин эмоционалдык мазмунуна, камтылган сезимдерге жараша адамдардын мамилеси күчөйт, психологиялык жакындык, өз ара түшүнүшүү, оң эмоционалдык маанай түзүлөт же тескерисинче орто сууп, себепсиз жерден карама-каршылыктар жаралышы мүмкүн. Кептин инсандык-психологиялык орундуулугун камсыз кылуу үчүн айтуучу маектешине сылыктык, кичи пейилдик, эң кур дегенде сабырдуулук менен мамиле кылуусу керек. Терс экспрессивдик мааниге ээ сөздөрдү, вульгаризмдерди колдонуу эмоционалдык, сезимдик ыңгайсыздыкка алып келет. Былжыра, келжире, мээни чак ж.б.у.с. сөздөр мамиленин терс жакка өзгөрүшүнө түртөт. Кеп адеби тилдик деңгээлинде да гана эмес, психологиянын, ой жүгүртүүнүн деңгээлине жөнгө салынат. Ошондуктан кеп адебинин негизги шарты - ой жүгүртүү маданиятынын, адамдын жалпы маданиятынын жогорку деңгээлде болушу.
<сан>Кайталоо жана бекемдөө үчүн бгаRR
< в - ¦ Үила>1. Кептин орундуулу деген эмне?
2. Кептин орундуулугунун кандай мааниси бар?
3. Кеп орундуулугу кандай бөлүнөт?
4. Кептин орундуулугунун ар бир түрүнө мүнөздөмө бер.
5. Кеп орундуу болуш үчүн кандай шарттар керек?
6. Кеп орундуулугуна эмне кедерги болот?
7. Кеп орундуулугунун бузулушуна массалык маалымат каражаттарындагы, көчөдөгү жана үйдөгү кептерден мисалдарды тап, аларды талда.
Кеп тазалыгы
1. Кептин тазалыгы жөнүндө түшүнүк.
2. Чет тилдерден кирген сөздөрдү колдонуу маселелери.
3. Кептин тазалыгын камсыз кылуучу шарттар.
Кептин маданияттуулугун, түшүнүктүүлүгүн, көркөмдүгүн жогорулата турган дагы бир сапат - кеп тазалыгы. Кеп тазалыгы - анда чет тилден кирген, угуучуга түшүнүксүз сөздөрдүн жана адеп-ахлактык нормаларга туура келбеген сөздөрдүн колдонулбашы. Аныктамадан байкалып тургандай, кеп тазалыгын эки аспектиден кароого болот:
1. Чет сөздөрдөн жана адабий тилдин нормасына жатпаган сөздөрдөн кептин таза болушу - кептин адабий тилдин нормалары менен байланышы.
2. Орой, булганыч, адепсиз сөздөрдөн таза болуу - кептин адеп-ахлактык нормалар менен байланышы.
Үчүнчү, кошумча аспект катары кепти мазмундук-маанилик жүк көтөрбөгөн, ашыкча сөздөрдөн тазалоо маселеси да катышат.
Кептин тазалыгына кедерги болуучу көрүнүштөргө төмөнкүлөр кирет:
1. Варваризмдер.
2. Диалектизмдер.
3. Жаргонизмдер.
4. Вульгаризмдер.
5. "Мите" сөздөр.
6. Канцеляризмдер.
Варваризмдер - эч кандай зарылчылыгы жок туруп кепте колдонулган, жалпы элге түшүнүксүз болгон чет сөздөр.
Диалектизмдер - адабий тилдин нормасына ылайык келбеген, диалектинин аймагында гана колдонулган сөздөр.
Жаргонизмдер - белгилүү бир коомдук топто, чакан чөйрөдө гана колдонулган сөздөр.
Вульгаризмдер - турмуштук айрым бир кубулуштарды орой сүрөттөгөн, адамдык ар-намысты тебелеген, адеп-ахлактык нормаларга ылайыксыз сөздөр.
"Мите" сөздөр - кепте эч кандай маани туюнтпаган, көнүмүш адат катары гана тез-тез колдонулган сөздөр.
Канцеляризмдер - тилде өзүнчө бир штампка, мөөргө айланган, мааниси жоюлуп кеткен сөздөр же сөз айкаштары.
Кеп тазалыгы жөнүндө сөз кылганда чет тилдердин таасиринен кутулуу, нукура эне тилде таза сүйлөө маселеси биринчи планга коюлуп келет. Арийне, бул маселе улуттук аң-сезимге байланыштуу болуп, атуулдук сезимди козгой турган маселелердин бири. Бирок, "ура-патриотизм", ашыкча пуризмге берилбей, бул маселеге токтоолук, сабырдуулук, акыл-эстүүлүк менен мамиле кылганыбыз абзел. Пуризм деген түшүнүк атуулдук сезимди куру намыска айлантуу, башка элдердин, демек жалпы адамзаттын жетишкендиктерин өздөштүрүүдөн баш тартуу дегенди билдирет. Албетте, акыл-эстүү пуризм, атуулдук ар-намысты баалоо эч качан ашыкча болбойт. Бирок, аша чапма пуризм пайдадан көрө зыянды көбүрөөк алып келет.
Эч бир эл башка элдерден башка элдерден бөлүнүп, өз алдынча өнүгө албайт. Ар бир эл жалпы адамзаттык маданияттын казынасына өз салымын кошуп, кайра ошол казына-кенчтен пайдаланат. Өзүнчө, жалгыз өнүккөн элдин маданияты башка элдердикинен алда канча артта калары табигый иш.
Эл менен, коом менен тыгыз байланышта өнүккөн тил да ошондой эле мүнөзгө ээ. Дүйнөнүн азыркы тилдеринин эч бири "акактай таза" эмес, тескерисинче, тил канчалык кеңири тараса, өнүксө, ага ошончолук көп чет сөздөр кабыл алынып турат. Ал сөздөр өздөрү менен кошо жаңы түшүнүктү, жаңы маанини ала келип, тилдин сөздүк корун, семантикасын байытат.
Албетте, тилдин ички өнүгүү булактарын көз жаздымында калтыруу, алардын маанисин төмөндөтүү да туура эмес. Элдин жашоосуна кирген жаңы кубулуш, предмет, элдин аң-сезиминде пайда болгон жаңы түшүнүк биринчи иретте кыргыздын төл сөздөрү менен туюнтулганы абзел. Базар мамилеси (рыночные отношения), жайма базар (ярмарка), электр тармактары (электросеть) деген сыяктуу терминдер кыргыз тилинин нормасында кадимкидей орун алып келе жатат. Ал эми алардын калька котормо экендиги жагдайында сөз башка. Бирок, эне тилибизде жаңы кубулушту атоого ылайык сөздөр, сөз курулмалары табылбасачы? Компьютер, Интернет, файл сыяктуу сөздөрдү кантип кыргыз сөздөрү менен алмаштырууга болот? Балким, "үналгы", "сыналгы" деген сыяктуу сөз жасоо типтерин колдонуп, акыл машина, дүйнөлүк тор, маалымат кутусу деген сыяктуу котормолорду кабыл алуу зарылбы? Бул суроого бир жактуу жооп берүү да кыйын.
Э. Косериу тилдик үч деңгээл жөнүндө теорияны чечмелеп жатып, мындай дейт: "Тил - норма, б.а. тилдик системадагы мүмкүнчүлүктөрдүн ишке ашышы."[1, 23]. Бул ойду андан ары өнүктүрсөк, тилдик системадагы мүмкүнчүлүктөрдүн реалдуу колдонулганынын, ишке ашканынын баары нормага айланат. Эгерде жогоркудай котормо, жогоркудай сөз жасоо моделдери жалпы элге кеңири тарап, тилдин реалдуу фактысына айланса, ал нормага айланышы табигый нерсе. Бул жерде коомдук аң-сезимдин мындай жаңы моделдерди кабыл алууга даярдыгы чечүүчү ролду ойнойт.
Азыркы учурда, мамлекеттик тилдик өнүктүрүү боюнча чаралардын шарапаты менен, ар бир тармакта тар кесиптик терминдерди кыргызчалоо аракеттери аз да болсо жүрүп жатат. Айрым иш кагаздары кыргызча басылып чыгып жатканы да көңүл жылытарлык көрүнүш. С.Ж. Мусаев "башка тилден кирген сөз" деген түшүнүк белгилүү даражада убакыт менен байланышкандыгын, убакыттын өтүшү менен бардык чет сөздөр төл сөздөй сезилип каларын айтат [1, 40]. Ошол сыяктуу эле жаңы сөз жасоо модели, термин которуунун жаңыча ыкмалары убактылуу гана өөн учурайт. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин мезгил сыноосуна туруштук бере албаган бир топ жаңыча которулуштар колдонуудан чыгып калары түшүнүктүү. Ошентсе да, ыкманын, моделдин өзү реалдуу тилдик фактыга айланып, жашап калышы мүмкүн.
Нукура кыргыздын төл сөздөрү менен, чет тилден кабыл алынган сөздөрдү кошпой сүйлөө дээрлик мүмкүн эмес. Бул кеп тазалыгында талап катары коюлбайт дагы. Варваризм термининин өзүндө мындай талапты, ашыкча пуризмди четке каккан маани камтылган: варваризм - жалпы элге кеңири тарабаган, көпчүлүккө түшүнүксүз, демек, адабий тилдин нормасына жатпаган чет сөздөр. Демек, адабий тилибизге кирип, кадимкидей орун алган чет сөздөр варваризм катары эсептелбейт.
Чет тилден кирген сөздөрдү канчалык деңгээлде колдонуу керек? Мында да колдонуунун чегин билүү, чектен ашып кетпөө зарыл. Ашыкча пуризм менен кептин чет сөздөрдөн тазалыгынын ортосундагы чекти аныктоо кыйын. Бул маселеде В.И. Лениндин көз карашын негизге алуу туура болот. Ал эне тилде бар, түшүнүктү так туюнткан сөздөрдү чет сөздөр менен алмаштыруу туура эмес экенин айтып, "дефект деп сүйлөөнүн эмне кереги бар, орус тилинде ошол эле түшүнүктү так туюнткан пробел, недостаток, недочет деген сөздөр бар эмеспи?"- дейт. Кыргыз тилинде бар сөздөрдү чет сөздөр менен алмаштыруу туура эмес, маданиятсыздыктын белгиси. Л.Н. Толстой мындай деген: "Кандай десең да, эне тил дайыма эне тил бойдон калат. Чын жүрөктөн сүйлөгүң келсе, бир да француз сөзү башыңа келбейт, а мактангың келсе, анда башка иш."[11, 122]. Мындай көрүнүштөрдү айрыкча оозеки кептен көп кезиктирүүгө болот: "Мага өтө нагрузка болуп атат", "Биздин отделениеде 15 постоянный сотрудник бар." ж.б.у.с. кептер келегей, олдоксон угулуп, угуучуларга терс таасир бериши мүмкүн. Бул сүйлөмдөрдө колдонулган чет сөздөрдүн бардыгын кыргыз тилиндеги сөздөр менен алмаштырууга болот: "Мага өтө оор болуп жатат", "Биздин бөлүмдө 15 туруктуу кызматкер бар".
Диалектизмдер чектелүү аймакта гана колдонулгандыктан, угуучулардын бардыгына эле түшүнүктүү боло бербеши толук мүмкүн. Бул кептин туура кабыл алынышына, түшүнүүгө тоскоол болот. Диалектизмдер көркөм чыгармаларда, каармандын кебинде гана анын мүнөзүн ачып берүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Диалектилер - адабий тилдин баюусунун негизги булагы. Бирок, адабий тилдин нормасына кабыл алына элек диалектизмдерди колдонуу туура эмес. Кеп маданиятынын негизги талабы - адабий тилде сүйлөө.
Жаргонизмдер диалектизмдер сыяктуу эле кептин түшүнүктүүлүгүнө, жеткиликтүүлүгүнө кедерги болуу менен бирге, кептин этикалык-нравалык сапаттарына да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени, алар адатта терс эмоционалдык маанини да ала жүрүшөт.
Айрым сөздөр кепте дайыма кайталанып, адатка айланат да, адамдын кебинде "мите" сыяктуу жашайт. Мындай сөздөргө тиги, бул, неме, баягы ж.б.у.с. сөздөр мисал боло алат. Бул сөздөр кепте маанилик жүк көтөрбөйт да, семантикалык боштукту, вакуумду жаратып, кепти кабыл алуунун сапатын төмөндөтөт. Мите сөздөрдү колдонуунун себеби ар кыл болушу мүмкүн: толкундануу, ой жүгүртүүнүн тез эместиги, лексикондун жардылыгы. Кандай себептер жаратса да, мите сөздөрдөн арылууга аракеттенүү зарыл.
Канцеляризмдер - десемантизацияланган, мааниси жоюлуп кеткен сөздөр. Ошол эле учурда алар иш кагаздар стилине мүнөздүү эмоционалдык жардылыкты, жансыздыкты алып жүрөт. Канцеляризмдерди колдонуу ой жүгүртүүнү начарлатат, айтуучу өз оюн, сезимин, мамилесин так, таасын чагылдырган сөздөрдү чыгармачылык менен издөөнүн ордуна даяр штамптарды айта салууну адат кылып алышы мүмкүн. Ошону менен бирге, канцеляризмдер кепти жансыз, сезимсиз кылып, элестүүлүктү, көркөмдүктү төмөндөтөт. Мисалы: "Бул маселени карап чыгуу керек. Бул маселе боюнча чечим чыгарууда өлкөнүн кызыкчылыгына басым коюлушу керек".
<сан> Кайталоо жана бекемдөө үчүн бгаRR
< в - ¦ Үила>1. Кептин тазалыгына жолтоо болуучу көрүнүштөрдү санап бер.
2. Таза тил болушу мүмкүнбү?
3. Тилди тазартуу үчүн эмне сунуш кылмак элең?
4. Кепте чет сөздөрдү кандай колдонуу керек?
5. Күнүмдүк турмуштагы кептерден кеп тазалыгына байкоо жүргүз.
Кеп көркөмдүгү
1. Кептин көркөмдүгү - анын таасирдүүлүгүнүн өбөлгөсү.
2. Көркөмдүк жана элестүүлүк.
3. Көркөмдүктү камсыз кылуучу шарттар.
Кептин коммуникативдик, пикир алышууда колдонулган сапаттарынын эң маанилүүлөрүнүн бири - көркөмдүк. Айрым окумуштуулар [6, 53] көркөмдүктү кепке коюлган эң жогорку талап катары баалашат. Мунун себеби эмнеде? Ар бир кептин түпкү, айрым учурда айтуучу өзү да айкын сезе бербеген максаты - угуучунун аң-сезимине таасир этүү, аны айтуучуга "тилектеш" кылуу, ынандыруу, аң-сезимин, эркин баш ийдирүү. Кеп жөн гана кабарлоого багытталбайт, ал таасир этүүгө багытталат. Кептин таасир этүү деңгээли биринчи иретте анын көркөмдүгүнө байланыштуу.
Кеп угуучуга маалымат, кабар гана жеткирбестен, айтуучунун сезимдерин, кабарга жана угуучуга болгон мамилесин да жеткирет. Кеп аркылуу угуучунун акыл-эси менен гана байланыш түзүлбөстөн, анын аң-сезимине, жан дүйнөсүнө да "көпүрө" түзүлөт. Берилип жаткан маалымат сезимдер менен шөкөттөлүп, эстетикалык ырахат тартуулоого, угуучунун сезимдерин жандандырууга, анын айтуучу менен чогуу кубануусуна, кайгыруусуна, ойлонуусуна түрткү болот. Жалындуу сезимдер айрым учурда ойдун аргументтерин, иллюстрациясын да алмаштыра алат - күчтүү сезим менен айтылган көркөм кепти угуп жатып, адам өзү жактырбаган, каршы болгон идеяга ынанып, берилип кетиши да мүмкүн. Сезимдер <жугуштуу> болору эзелтен эле байкалган. Коомдук кыйын кырдаалдарда айрым ораторлор сезимдеринин күчү, фанатизми аркылуу элди туура эмес жолго салып жибериши мүмкүн экенин Гитлердин, Муссолининин мисалынан байкоого болот. Ошондуктан, чечендиктин биринчи шарты - оратор өз өнөрүн элдин жыргалчылыгы үчүн гана колдонууга тийиш.
Кептин көркөмдүгүнүн ар кандай деңгээлдери бар. Бир эле темага багытталган жөнөкөй адамдын кеби менен жалындуу оратордун кебинин айырмасы - ал кептердин көркөмдүгүндө. Эки башка, карама-каршы ойлорду жактаган эки кепти элестетип көрөлү. Ойду, идеяны далилдей турган жүйөөлөрдүн, аргументтердин деңгээли бирдей эле болсо да, көркөмдүк деңгээли жогору турган кеп таасирдүүрөөк болуп, көбүрөөк жактоочуларды пайда кыла алат.
Кептин көркөмдүк деңгээли ой жүгүртүү өзгөчөлүгүнө да байланыштуу. Илимпоз менен чыгармачыл адамдын кимисинин кеби көркөм болот? Албетте, чыгармачыл адамдыкы. Анткени, илимпоздун ой жүгүртүүсүнө тактык, абстракттуулук, сабырдуулук (сезимдерге берилбөө) мүнөздүү болсо, чыгармачыл адамга дүйнөнү көркөм элестер аркылуу таанып-билүү, сезимталдык мүнөздүү. Окумуштуу реалдуу дүйнөнү сабырдуулук менен таанып-билет, аны баалоого умтулбайт, ал эми чыгармачыл адам ар бир кубулушту өз көз карашы менен баалайт, баа берет. Арийне, бул шарттуу гана салыштыруу. Илимпоз да өзүндө элестүү ой жүгүртүүнү өнүктүрүшү мүмкүн.
Көркөмдүк - ойдун көркөм элестер аркылуу чагылышы. Элестүүлүк деген эмне? Элестүүлүк - каймана түрдө чагылдыруу [6, 54]. Элестүүлүк - реалдуу дүйнөнүн башка бир кубулуштарын пайдаланып, угуучунун аң-сезиминде белгилүү бир түшүнүктү жаратуу. Айлуу түн деген түшүнүктү берүү үчүн көлчүктө булуттардын, жылдыздардын чагылышып турганын сүрөттөө жетиштүү. Т. Казаковдун белгилүү "Ак шумкар" деген ырында мындай саптар бар:
Көрүнбөй жердин үстү,
Көнөктөп жамгыр төгөт.
Белгисиз кай жаккадыр,
Баратат шумкар жөнөп.
:А жамгыр басылбастан
Кайрадан күчөп барат.
Шумкардын карегинен
Шумдуктуу көз жаш тамат.
Бул саптарды окуганда биз жырткыч кушту гана элестетпейбиз, аны менен бирге адамды, анын жан дүйнөсүнүн жабыркоосун элестетебиз. "Элес - тиги же бул эмоционалдык абалды жараткан сүрөттөрдүн тизмеги"[6, 54].
Жогорудагы мисал аркылуу көркөм элестин татаал маанини, эч бир сөз менен бере алгыс маанини жеткиликтүү, түшүнүктүү бере алуу өзгөчөлүгүн да байкоого болот. Ал эми түшүнүү, чечмелөө, интерпретациянын өзгөчөлүктөрү жөнүндө баш сөздү карасаңыз болот.
Көркөм элес - түшүнүктү көз алдыңа келтире алгандай кылып, анын ар бир өзгөчөлүгүн сүрөттөө гана эмес, ал өзү аркылуу автордун баасын, мамилесин да чагылдырат [6, 55]. Элес аркылуу автордун көз карашын кабыл алабыз. Бул көз караш конкреттүү сөздөр аркылуу туюнтулбашы да мүмкүн. Кептин семантикасы, мазмуну - андагы сөздөрдүн жөнөкөй суммасы гана эмес. Мазмун конкреттүү сөздөр менен туюнтулбастан, подтекст, көмүскө маанилер аркылуу туюнтулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Кептин көркөмдүгү дайыма эле көркөм элес менен байланыштуу эмес. Тескерисинче, эгерде кепте ой жалаң гана көркөм элестер аркылуу чечмеленсе, кепти кабыл алуу татаалдашып, кептин эстетикалык деңгээли да төмөндөп кетиши мүмкүн. Көркөмдүктү арттырууга ар кыл каражаттар кызмат кылышы мүмкүн. Атүгүл, кыйкырыктын да, унчукпоонун да, чочуунун да, таңдануунун да көркөмдүгү бар [11, 183]. Анткени, булар да сезимди билдирип, угуучуларды сезимдик чыңалуу абалына келтирет, кепке көңүл бурууну, кызыгууну күчөтөт. Кептин жалпы фонунан, жалпы структурасынан интонация, семантика ж.б. каражаттар аркылуу өзүнчө бөлүнгөн, басым коюлган тилдик бирдиктердин бардыгы көркөмдүктү күчөтүүнүн каражаты боло алат.
Кептин көркөмдүгүн кандай аныктоого болот? Бул жерде көркөмдүктүн кызматын жана жаратуучу себептерди негизге алуу зарыл. Кептин көркөмдүгү кепке угуучунун көңүлүн бурууга, кызыгуусун арттырууга багытталып, угуучуларды ынандыруу, таасирлентүү үчүн кызмат кылат. Ошентип, кептин көркөмдүгү - кептин угуучуларга таасирдүүлүгүн, алардын кызыгуусун арттыруу үчүн колдонулган структуралык жана семантикалык өзгөчөлүктөрү.
Көркөмдүк кептин кырдаалына да байланыштуу болот. Педагогдун кебинин көркөмдүгү менен саясатчынын кебинин көркөмдүгү ар башка каражаттар менен уюшулат. Илимпоздун кебинин көркөмдүгүнүн табияты адвокаттын кебинин көркөмдүгүнөн башкачараак.
Кеп көркөмдүгүн шарттуу түрдө төмөнкүдөй түрлөргө ажыратууга болот:
1. Эмоционалдык (сезимдик) көркөмдүк.
2. Интонациялык көркөмдүк.
3. Семантикалык көркөмдүк.
Эмоционалдык көркөмдүк сезимдерге негизделип, сезимдердин көп түрдүүлүгү, күчтүүлүгү менен мүнөздөлөт. Мындай көркөмдүк айрыкча саясий кептерге, талашка, дискуссияга мүнөздүү.
Интонациялык көркөмдүк же сүйлөө көркөмдүгү интонациянын бай казынасын пайдалануу менен түзүлөт. Үндүн тонунун кубулжуп өзгөрүп турушу, басымдардын, тынымдардын ыктуу коюлушу, үндүн катуулугун чебер пайдалануу аркылуу чебер сүйлөөчү кептин көркөмдүгүн өтө жогорку деңгээлге көтөрө алат. Көркөмдүктүн бул түрү адвокаттык-соттук, саясий кептерге көбүрөөк мүнөздүү.
Семантикалык көркөмдүк кептин мазмунунун байлыгы, ойдун ырааттуу жүрүшү аркылуу жаралат. Кепте ойдун кызыктуу чечмелениши, угуучу үчүн күтүлбөгөн жыйынтыктарга алып келүү сыяктуу ыкмалар кептин көркөмдүгүн арттырып, угуучуну "арбап" алат.
Кептин көркөмдүгүнүн кандай каражаттары бар? Тилибиздеги көркөм сөз каражаттары дал ушул максатка кызмат кылышат. Көркөм сөз каражаттарына троптор жана фигуралар кирет.
Троптор негизинен лексика менен байланышып, сөздүн семантикасы аркылуу түзүлөт. Тропторго эпитет, салыштыруу, метафора, гипербола, литота, оксюморон ж.б.у.с. кирет.
Эпитет - заттын же кубулуштун өзгөчөлүгүн, мүнөздүү касиетин көркөмдөп туюнтуунун каражаты. Эпитет дайыма өзү мүнөздөгөн сөз менен катарлаш жайгашат. Мисалы, жансыз көздөр, муздак дубалдар, канкор Манас ж.б.у.с.
Салыштыруу - затты же кубулушту башка затка же кубулушка көркөмдөп окшоштуруу, салыштыруу. Ал адатта -дай, -ча сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы менен түзүлөт. Мисалы, көөдөй кара, төөчө желүү, камгактай жеңил ж.б.у.с.
Метафора - затты же кубулушту башка бир затка же кубулушка көмүскө түрдө салыштыруу, эки заттын айрым окшоштуктарынын негизинде аларды окшоштуруу. Салыштыруудан айырмасы - окшоштурулуп жаткан эки заттын бирөө көмүскө түрдө катышат, сөз менен аталбайт. Мисалы, мезгил учат (канаттуу менен окшоштуруу), замана кандай кары, кандай керең (адам менен окшоштуруу) ж.б.у.с.
Гипербола - заттын кандайдыр-бир белгисин өтө күчөтүү, ашыра баалоо. Мисалы, чечилбес маселе, бүтпөгөн жумуш, тоодой жүк ж.б.у.с.
Литота - гиперболанын антиподу, заттын белгисин кичирейтип, азайтып жиберүү. Мисалы, чымын чакканчалык эмес, чыпалагына тең келбейт ж.б.у.с.
Оксюморон - бири-бирине карама-каршы келген, бирин-бири жоө турган түшүнүктөрдүн биригиши, айкашы. Мисалы, тирүүнүн өлүгү, акылдуу жинди, узундун кыскасы ж.б.у.с.
Кепти көркөмдөөгө кээ бир синтаксистик каражаттар да көмөкчү болот. Мындай каражаттарга синтаксистик параллелизм, антитеза, градация кирет.
Синтаксистик параллелизм - айрым бир сөз айкашынын, тизмегинин кеп ичинде өзгөртүлбөй кайталануусу. Бул ыкма кептеги негизги ойду, маселени баса белгилөөгө өбөлгө түзөт. Мисалы:
"Биздин максатыбыз эмне? Укуктук мамлекет куруу, ар бир адамдын укугун, ал ким болбосун, ыйык сактоо, коомдо бир гана культту, мыйзамдын культун калыптандыруу.
Биздин максатыбыз эмне? Коомду жакырчылыктан, кризистен чыгаруу, ар бир адамдын өз керектөөсүн канааттандыра алуусуна жетишүү. Бул үчүн өндүрүштү, илимди, техниканы өнүктүрүү зарыл.
Биздин максатыбыз эмне? Жалпы дүйнөлүк коомго толук кандуу мүчө катары кирүү. Дүйнөлүк ар бир маселени талкуулоого тең укуктуу катышуу.
Бул максатты аткаруу үчүн бүткүл коомдун биригиши, жапа тырмак аракет кылышы керек. Балким, бул максатка биздин урпактарыбыз гана жетер. Бирок, ошол урпактарыбыздын бактылуу жашоосу үчүн биз жан аябай аракеттенүүгө милдеттүүбүз."
Ал эми антитеза - ойлордун, идеялардын, түшүнүктөрдүн карама-каршы коюлушун камтыган мазмунду чагылдырган структура. Мисалы: "Көз - коркок, кол - баатыр", "Ою асманда, өзү аңда", "Бирөө ичүүгө суу таппай жүрсө, бирөө өтүүгө кечүү таппай жүрөт" ж.б.у.с.
Градация - кептеги идеянын, ойдун улам чыңалып, жогорулашына же алсырап, төмөндөшүнө негизделген структура. Мисалы: <Демосфен турмуштун башка кызыкчылыктарын унутту, чечендик жөнүндө гана ойлонду, күнү-түнү талбай аракет жасады, болгон күчүн үрөп иштеди - мына эми ал кайталангыс, тарыхта аты калган инсан>.
Кепти көркөм түзүүгө үйрөнүү үчүн эмне кылуу керек? Эң алгачкы талап - ой жүгүртүүнүн өз алдынчалуулугу, чыгармачылык изденүү. Ой жүгүртүү активдүү жүрбөсө, кептеги маселе жөнүндө терең ой толгоо болбосо, кепти көркөм кылуу мүмкүн эмес. Сабакка чала даярданган окуучу материалды эске түшүрүү менен гана алек болот - анын эс тутуму гана иштеп, ой жүгүртүүсү иштебейт. Ал эми сабактагы материалды үйдөн анализдеп, ой жүгүртүп, терең өздөштүргөн окуучу ал маселе боюнча оюн көркөм чагылдыра да алат.
Кептин көркөмдүгүнүн кийинки шарты - айтуучунун кепте козголуп жаткан маселеге кызыгуусу. Эч кандай кызыгуусуз, ооз учунан же кагаз боюнча айтылган кеп ал канчалык жакшы түзүлсө да, жансыз, супсак болуп калары белгилүү. Тескерисинче, жалындуу, жасалма эмес кызыгуу менен, чын жүрөктөн айтылган кептин айрым структуралык мүчүлүштүктөрү байкалбай, кеп көркөм болуп чыгат.
Айтуучунун тилди, анын мүмкүнчүлүктөрүн терең билүүсү да кепти көркөм түзүүгө шарт түзөт. Лексикондун байлыгы, сөз маанилерин билүү жана чебер колдонуу, интонациянын байлыктарын ыктуу пайдалануу кептин элестүү түзүлүшүнө, таасирдүү болушуна өбөлгө болот. Ошону менен бирге тилдик стилдер - кайсы кырдаалда кандай сөздөр, каражаттар ылайык экендиги жөнүндө маалыматтуу болуу да зарыл.
Көркөм сүйлөө, кепти көркөм түзүү үчүн адамдын өзүнүн эрки да маанилүү. Өзүнүн алдына кебинин көркөмдүк деңгээлин өстүрүү максатын койгон, кеп ишмердүүлүгүн, анын ыкмаларын талыкпай үйрөнгөн адамда атайын көндүмдөр, тажрыйба пайда болот. Кепти көркөм түзүүгө машыгуу үчүн алгачкы этапта башкалардын жана өзүнүн кебине көңүл буруу, талдоо, кемчиликтерди табуу жана аларды жоюуга аракет кылуу жетиштүү.
Колдонулган адабияттар
1. С. Ж. Мусаев. Кеп маданиятынын маселелери. Бишкек, 1993.
2. В. М. Залепо. Деловая риторика. Бишкек, 2001.
3. Е. Н. Зарецкая. Риторика. Теория и практика речевой коммуникации. Москва, 1998.
4. Л. А. Введенская, Л.Г. Павлова. Культура и искусство речи. Современная риторика. Ростов-на-Дону, 1995.
5. Мастерство устной речи. Пособие для учителя. Под редакцией В.В. Голубкова. Москва, 1965.
6. М. Р. Львов. Риторика. Учебное пособие для учащихся. 10-11-классов. Москва, 1996.
7. Риторика. Культура речи учителя (Педагогическая риторика). Сборник программ учебных курсов. Москва, 1998.
8. Холодович. А. А. О типологии речи // Историко-филологические исследования к 70-летию Н.И. Конрада. - М.: Наука, 1967. - с. 202.
9. О. М. Казарцева. Культура речевого общения: теория и практика обучения. Учебное пособие для студентов педагогических учебных заведений. Москва, "Флинта": 1998.
10. Лурия А. Р. Язык и сознание. Москва, 1979.
11. Б. Н. Головин. Основы культуры речи. М. 1987.
12. Ицкович В. А. Языковая норма . - Москва, 1968
13. Виноградов В. В. Проблемы русской стилистики. - Москва, 1981.
14. Акишина А. А., Формановская Н. И. Русский речевой этикет. - Москва, 1983.
15. Ножин Е. А. Основы советского ораторского искусства. - Москва 1976.
16. Панфилов Б. З. Взаимоотношение языка и мышления. - Москва, 1971.
17 Скворцов Л. И. Теоретические основы культуры речи. - Москва, 1980.
18. Роль ремы в структурной организации и типологии текста. - Москва, 1979.
19. Кожин А. А., Крылова О. А., Одинцов В. В. Функциональные типы русской речи. - Москва, 1982.
20. Кожина М. Н. Стилистика русского языка. - Москва, 1977.
21. Рогова К. А. Синтаксические особенности публицистической речи. - Ленинград, 1975.
22. Апресян Г.З. Ораторское искусство.- Москва, 1978.
23. Будагов. Р. А. Человек и его язык. - Москва, 1974.
24. Кленина А. В. Связное высказывание в научной речи. - Москва, 1975.







  Китеп_тизме: 



Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0777) 329784
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат