Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,  and see my picture...




Сен сүйгөн обон
Бишкек-2002

ББК 84 Ки 7-5
С-31


Түзүүчү: Бекмырза Жекембаев

С-31 "Сен сүйгөн обон-7". Түз. Б.Жекембаев. - Б.: 2002. 128-б.

ISBN 9967-20-966-6

Китепчеге 60-жылдардан бери эл арасында ооздон түшпөй ырдалып жүргөн мурдагы жана азыркы обондуу мыкты ырлар тандалып топтоштурулду.


Жыйнак ыр жандуу ышкыбоздор үчүн.



КЫЙЫЛЫП ТУРАМ
Сөзү О. Султановдуку,
обону К. Досмамбетованыкы

Жылкы айдап үрөң-бараңдап.
Жылганы бойлой бастырсам.
Жайлоонун салкын абасы
Эркелей согуп астыртан,
Көңүлгө сиңген гүл жыты-ай
Көркөмү менен мас кылган.

"Ашуу-Төр" менен "Чолок-Төр"
Эңседим сени сагынып,
Жадырап өскөн гүлдөрүң.
Жакама үзүп тыгынып,
Обонун созсоң болушчу
Аскадан чыккан жаңырык.

Тоодогу өткөн балалык,
Тобулгу чикит чабышып,
Бир күндө он жол урушсак.
Он жолу кайра табышып.
Куушуп оюн салчу элек.
Кулундар менен жарышып.

Ушинтип жүрчү күндөрүм,
Бүлбүлдөп узап баратат,

Мен тойбос жаштык кезимди
Мезгилим колдон талашат.


САГЫНДЫМ ТУУЛГАН ЖЕРИМ СЕНИ
Сөзү Б.Сейитбекованыкы,
обону А.Карымовдуку
Жапжашыл жибекти жамынгандай,
Жайкалган төрүңдү сагындым, ай.
Жашоодо керемет кандай күч бар,
Жол күтүп мен сага камынгандай.

Кайырма:
Сактадым унутпай элесиңди,
Салкын төр, кызгалдак, белесиңди.
Саймалуу тоолоруң көздөн учуп,
Сагындым туулган жерим сени.

Жол алып учушкан каркыралар,
Жолдогон саламым айтып барар.
Жол бою ак көйнөк кийип алып,
Жолумду күткөндүр гүлкайырлар.

Жылдызың сагындым жыбырашкан,
Жымыңдап мага арнап ыр ырдашкан.
Жоодурап жолумду карашкандыр,
Жол четин ээлеген кызгалдактар.
ООРУП ТУРАТ ЖҮРӨГҮМ
Сөзү Г.Рыспаеваныкы,
обону А.Карымовдуку

Сени таштап учуп кетем куш болуп,
Таалайыма ушул тагдыр туш болуп.
Таарынбагын, өзүң болдуң себепкер,
Көңүлүмдүн калганыңа суз болуп.

Кайырма:
Жаным сыздап, ий, ий ооруп турат жүрөгүм,
Жалгыздыктан абдан жадап жүдөдүм.
Жакынымдан айрылуу да бат беле,
Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм.

Көздөрүңдө турган жашың термелип,
Көкүрөктө калар балким сыр болуп.
Көрө билип, көңүлүңө туя жүр,
Кайтып келем сага жакшы ыр болуп.

Жакшы көрүп, жаным бирге деп жүрсөм,
Жан дүйнөмдө жасалгалуу жан белең.
Жаман айтып жүрөгүмдү ооруттуң,
Кандай жансың жакшылыгым сезбеген.

АЙТЧЫ, АЙТЧЫ
Сөзү, обону
М.Атаналиевдики
Ырдасам ырларым да сен жөнүңдө,
Жүрөктө сырларым да сен жөнүндө.
Нымдалган кирпигиңе көз жашырып,
Сен дагы ойлойсуңбу мен жөнүндө?

Кайырма:
Билбейм неге,
Сен жашап түшүмдө да өңүмдө.
Айтчы, айтчы, сен дагы ой,
Сен дагы ойлойсуңбу мен жөнүндө?

Кыялды бир үн коштойт аянычтуу,
Жаңы эле сен тараптан келгенимде.
Жаңыртып жаратымды оорутасың,
Жөн гана ойлоюнчу сен жөнүндө.

Сезимди бир ой ээлейт аянычтуу,
Жомоктой айтып бүткүс сен жөнүндө.
Уктаарда дуба кылып миң сураарым,
Жөн гана ойлоп койчу мен жөнүндө.
БОЗ ТОРГОЮМ
Сөзү Кубат Жакыповдуку,
обону Айбек Карымовдуку.
Сезимимде кири жок секелегим
Сенин келет колуңдан жетелегим.
Сездире албай жүрөмүн сездире албай
Сезим оту жүрөктө өчө элегин.

Кайырма:
Токтоло элек мүнөзү боз торгоюм
Туралбайсың жанымда шоктонмоюн.
Туура түшүн кара көз туура түшүн
Турмуш супсак жүрөктө от болмоюн.

Агаң болуп жүрөмүн абройлуу,
Ачык айтам канткенде анык ойду.
Абай салып байкачы карлыгачым
Азап болду агаңа азап болду.

Шыбырт болсо шырп учкан чымчыктайым,
Чырмалышкан ойлорго тумчукпайын.
Чырак болуп жагылдың кеч күүгүмдө
Чырайыңды эш тутуп тынч уктайын.

ЖАҢЫ ЖЫЛ
Сөзү, обону М.Осмоновдуку
Асмандан ак кар себелеп,
Айлана укмуш керемет.
Жан жыргап жаңы жыл тоссок,
Бул күн эмнеге теңелет.
Кубаныч күндөр дайыма,
Жүрөктөр турсун желелеп.
Ак карды жакшы көргөндөй,
Ак сүйүү мага келе элек.

Кайырма:
Кел, кел, кел, келсең жаңы,
Ыр күүлөр тынбай жаңырсын.
Майрамдап элим майрамдап,
Көчөгө батпай агылсын.
Тилеген тилегимди бер,
Бактылуу болуп жашайлы.

Көңүлүм кушка айланып,
Көкөлөп учат жанданып.
Күткөнүм жылда бир келет,
Быйыл да турам камданып.
Жүргүлө достор көчөгө,
Эшикте бүгүн Ай жарык,
Жаңы жыл келди жаңырып,
Ак дилден тилек айталык.

СУРАНАМ
Сөзү, обону
Б.Борбиевдики
Суурулуп сөз чыкпайт мындайда,
Суу жетпей кургаган таңдайга.
Электеп кол жаңсап чакырам,
Элесиң турган маңдайда.

Кайырма:
Суранам, сенден суранам,
Суусаттың, кайда убадаң.
Алыстан издеп сен келсең,
Акталаар эле го убараң.
Ётүнөм сенден өтүнөм,
Ёзөктөн онго бөлүнөм.
Айылга издеп келатсам,
Алдыңдан нур болуп төгүлөм.

Жүрчү элек үстүндө булуттун,
Капырай кантип сен унуттуң.
Төлгөлөп отурам жол ачып,
Аттиң не мынча куруттуң.
<кайрыма>Кайырма:
Баралбайм алдыңа шар жетим,
Баратам ан сайын шай кетим.
Айламды таба албай турганда,
Ай болуп чыга кел жар кетип.

БАРАМ САГА
Сөзү Э.Ибраевдики,
Обону А.Бедияровдуку
Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап
Кызгалдактар гүл ачканда

Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп жана.
Бар жогума кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.

Жылдыз көккө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.

Кайырма:
Дайра ташып чамынганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.

ЖАРАШАЛЫ
Сөзү, обону Д.Нуриевдики
Сүйүү бир келет,
Сактай албадык.
Ак сүйүүнүн ишенимин
Актай албадык.
Кимде күнөө, кимде өкүнүч,
Тактай албадык.
Кайырма:
Элдешели, кел дешели,
Жарашалы(2 жолу), кечиришели.

Болдуң башканын,
Сүйүшкөн жары.
Кайт өзүмө бол кайрадан,
Сүйүү мунары.

Кээ бир сөз айтып,
Кээде таарынттым.
Кайра түзөп, кайра жазам,
Сүйүү тарыхын,
Кайталабай каталарын,
Чийип барасың.

Кайырма:

УЙКУСУЗ ТАҢДАР АТАТ
Сөзү, обону А.Мааткеримовдуку

Уйкусуз таңдар атат,
Кирпиктер ирмелбеген.
Кусалык жүрөктү эзет,
Эч кимге билинбеген,
Айтылбай сырлар калат,
Сезимдин тереңинде.
Ак таңдай өтө албаган,
Турмуштун тереңинде.
Жаңырат кулагыма,
Наристе сезим үнү.
Тартылат көз алдыма,
Алгачкы тунук сүйүүм.
Унутпай койдум сенин
Жылмайган элесиңди,
Азаптуу ал күндөрдү,
Алтыным билесиңби?

Билинбей күндөр өтөт,
Щмүттү үзгөн менен.
Ак сүйүүм жашай тура,
Жүрөктө сага деген.
Унутпай койдум сенин,
Жылмайган элесиңди.
Унутпай койдум сени
Эмне үчүн билесиңби?

СҮРӨТТӨГҮ ЭЛЕСИҢ
Сөзү М.Осмоновдуку,
обону К.Керимбаеваныкы

Кайсы күнү түштүк эле сүрөткө,
Ошол мезгил сакталбаптыр жүрөктө.
Акыркы ирет түшүптүрбүз ошондо,
Эскерерсиң, сен да бир күн күн өтсө.

Кайырма:
Элесиңди сагынамын, эстеймин,
Жүрөгүңдө сакталганбы кептерим.
Ойлой берип ошол күндүн келерин,
Күтөм дале келсе деймин, эңсеймин.

Арабызга кооз идишке салынып,
Турган гүлдөр бир өзүнчө керемет.
Ошол жаштык өтүп калсаң жанымдан,
Көңүл бөлүп бир кайрылып келе кет.
<кайрыма>Кайырма:
Кучакташып түшкөн ошол сүрөтүң,
Дале турат төркү үйдө илинип.
Сен да мени, мен да сени сүйөрүм,
Көзүбзүдөн турар эле билинип.
<кайрыма>Кайырма:
ОШТУК КЫЗ
Сөзү, обону С.Бейшекеевдики
Орошол чачтуу периштем,
Убайым тартам кечиксең.
Ашыктык гүлүн берейин мен,
Ак-Буура бойлоп кезиксең.

Талыкпай тиктейм нур жүзүң,
Таңыркап таңкы жылдызым.
Оорутуп жүрөк жактырды,
Ордолуу Оштун бир кызын.

Жоругу жазгы жайдасың,
Жоогазын болуп жайнасын.
Коргошун болуп кетемби,
Кургурум памил чайдайсың.

Сурмалуу сулуу периштем,
Сумсайам бир аз кечиксең.
Сунмакмын сага гүлүмдү мен,
Сулайман тоодон кезиксең,
Махабат гүлүн термекмин,
Ак-Буура бойлоп кезиксең.

ӨРҮК КЫЗ
Сөзү Б.Рахман уулунуку,
обону А.Карымовдуку
Өрүк кыз, садагасы,
Өкүнө карабачы.
Алыстап кеткен бизден,
Ал кездин арабасы.

Кайырма:
Мөгдөбө көңүл калып,
Мокобо өңдөн азып.
Мончоктоп куюлган жаш.
Мойнуңдан ылдый агып.
Каш кербе, кагылайын,
Калп эле жалынбайын.
Жүдөтпө билип туруп,
Жүрөктө бирөө барын.

Жамалың жаман азып,
Жабыкпа эстен танып.
Жарыша куюлган жаш,
Жаагыңдан ылдый агып.

Каректи суулабачы,
Көңүлдү уулабачы.
Тынч соккон эт-жүрөктүн,
Тынчтыгын уурдабачы.

МЕН СЕНИ САГЫНГЫМ КЕЛЕТ
Сөзү А.Ёмүркановдуку,
обону Р.Аманованыкы

Күлгөн күлкүм, черткен күүлөр, ырларым,
Жалгыз сага арналганын бил, жаным.
Бакыттын бул мелт-калт толгон кесесин
Эч бөксөртпөй ээлеп тургун, жыргалым.

Кайырма:
Ээ-ээ-ээ-ээй, мен сага таарынгым келет,
Мен сени сагынгым келет.

Эки жүрөк бир жүрөктөй сезилген,
Эс тандырган эстен кетпес көз ирмем.
Эгиз жандай өткөрөлү, өткөрөлү өмүрдү,
Энчиленип экөөбүзгө бир келген.

Кайырма:

Күлгөн күлкүм, черткен күүлөр, ырларым,
Жалгыз сага арналганын бил, жаным.
Бакыттын бул мелт-калт болгон кесесин
Эч бөксөртпөй ээлеп тургун, жыргалым.


СЕН ДЕСЕМ ЖАНЫМ КАРЛЫГАЧ
Сөзү, обону А.Акбаровдуку
Ак шоола жанган көзүңдү сүйдүм,
Асели тамган сөзүңдү сүйдүм.
Сен десем жаным карлыгач болуп,
Серпилип учуп өзүңдү сүйдүм.

Кайырма:
Ээ, көзүңдү сүйдүм, сөзүңдү сүйдүм,
Серпилип учуп өзүңдү сүйдүм.
Ак шоола жанган көзүңдү сүйдүм,
Асели тамган сөзүңдү сүйдүм.

Карлыгач канат кашыңды сүйдүм,
Агылган булак чачыңды сүйдүм.
Көңүдлү көккө көтөрүп учкан,
Көктөмдөй лаззат атыңды сүйдүм.

Кайырма:

Жүзүңдөй жүзүң бир көрүп сүйдүм,
Жүрөктөн кызыл гүл өнүп сүйдүм.
Өлүмдү жерден алыска айдап,
Өзүңдү келет түбөлүк сүйгүм.

КҮЗГҮ НӨШӨР
Сөзү Б.Сейитбекованыкы,
обону С.Бейшекеевдики
Сапырылган сары жабырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеге келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.

Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?

Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүнгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.
Кайырма:

Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң тургай атың укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.

КӨЛДҮК КЫЗ
Сөзү, обону
С.Бейшекеевдики
Көк көйнөк кийсең көңүлүм сага бөлүнөт,
Көркөмүң мага күн нуру болуп төгүлөт.
Көңүлүм сизге бөлүнүп калды көлдүк кыз,
Көксөгөн муунум, жүрөктө сырым угуңуз.

Ак көйнөк кийсең акылым сага бөлүнөт,
Ажарың мага ай нуру болуп төгүлөт.
Ашыкмын дагы ашыкмын чындап көлдүк кыз,
Ажайып сизге арнаган ырым угуңуз.

Кызылды кийсең кыялым сага бөлүнөт,
Кыялың мага кызгалдак болуп көрүнөт.
Кымбатым менин көлдүк кыз ырым угуңуз.
Кылымдар бою бүтпөсө экен ырыбыз.

СҮЙҮП ЖҮРДҮМ
Сөзү Г.Абдылдаеваныкы,
обону Б.Токтобаевдики
Мен сени ушунчалык сүйүп жүрдүм,
Назданып сүйүү ырын ырдап жүрдүм.
Кечигип көп көрүнбөй калганыңда
Кусама чыдай албай ыйлап жүрдүм.
Сен болсо сезимимди кордогонсуп
Жаралуу жүрөгүмдү кыйнап жүрдүң.

Адамдар бирөөгө кор, бирөөгө зар,
Деген сөз анык экен акылмандын.
Жолугуп мени сүйгөн бир адамга,
Сен деген жүрөк дартын алып салдым.
Сен эми мен жөнүндө ойлобогун,
Мен сенден ушунчалык алыстадым.
Мен дагы сен жөнүндө ойлобоймун,
Сен менден ушунчалык алыс калдың.


ЫРДАЛЫП БҮТПӨС МАХАБАТ
Сөзү Н.Алымбековдуку,
обону К.Эралиеваныкы
Ыймандан дилиң тазарат,
Ырлардан көңүл жашарат.
Ыр менен жашап түбөлүк,
Ырдалып бүтпөйт махабат.
Арзуудан өмүр тазарат,
Арзуудан жүрөк наз алат.
Армандуу дүйнө кимде жок,
Айтылып бүтпөс махабат.

Күндө өтүп турса сапар бат
Күлгүн жаш келбейт катарлап.
Гүл азык болуп өмүргө,
Гүл бойдон калат махабат.

МЕН АЙРЫЛСАМ, СЕН ДА МЕНДЕН АЙРЫЛДЫҢ
Сөзү Р.Абдыкадыровдуку,
обону А.Бөдөшовдуку
Ошол кечте көзүм толо жаш болгон,
Мен сүйүүдөн баш айланып мас болгом.
Азыр сенин аз мезгилдин ичинде,
Айтчы неге жүрөгүңө жаш толгон.

Кайырма:
Абалым оор аябастан кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Сен айрылсаң, мен да сенден айрылдым.

Бир жаныңа өзүм бир жүз жан элем,
Бир жашоодо жалгыз күйгөн шам элең.
Мээримдүү элең, кара көзүм, жалгызым,
Мен да сага ичим күйгөн тар элем.
Кайырма:
Мынча неге көз жаш төгүп кайгырдың,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Сен айрылсаң, мен да сенден айрылдым.

Сендей адам эми такыр таппаймын,
Боорум ысып, жүрөк жылып жатпасмын.
Ыйлап, ыйлап, көз жаштарым да тынар,
Шумкар кезде канаттарым да сынар.

Кайырма:
Мээримдүү ай, мен да сен деп кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Сен айрылсаң, мен да сенден айрылдым.

ТААЛАЙЫМА ТАПТЫМ СЕНИ
Сөзү, обону
Г.Садыбакасованыкы

Көздөрүңдүн карагаты,
Көп кадалып карабачы.
Байлап алып кирпигиңе,
Басынтпачы садагасы.

Кайырма:
Сындырбачы назарымды,
Сылатып кой жамалыңды.
Өмүр бою тарткым келет,
Жыргалыңды, азабыңды.
Оорутпачы көңүлүмдү,
Соолутпачы өмүрүмдү.
Билдирбестен койо албадым
Махабатым сезимимди.

Кайырма:

Азда болсо өмүр деген,
Алдабасын көңүл чеги.
Тагдыр буйруп табыштырса,
Таалайыма таптым сени.

БЕЙПИЛ БОЛСУН ТҮНҮҢӨР
Сөзү А.Абжапаровдуку,
обону М.Осмоновдуку

Күн нуру батып күүгүмдөп,
Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп.
Уйларын сааган энелер,
Дасторкон жаят күлүңдөп.

Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.

Асманды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп санаамды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн тарткан заманды.

Азайып элдин агымы,
Карайып көчө жарыгы.
Уйкуга чөгүп баратат
Тынчы жок турмуш кайыгы.

Кайырма:

Эс алуу үчүн жаталы,
Эске албай кайкы, капаны.
Эсен, соо өтсүн түнүбүз
Жараткан берип батаны.

Кайырма:

Караңгы улам коюлуп,
Жатууга достор болду убак.
Түнүңөр бейпил болсун деп
Калалы биз да кол булгап.


КЕЧ КҮЗ
Сөзү Б.Чотурованыкы,
обону М.Осмоновдуку

Кел кеч күзүм, жолуң тосуп жөнөйүн,
Сыр сурасаң, сырым төгүп берейин.
Күндө таңкы күн нуруна жуунган,
Сары алтындай саамайыңдан өбөйүн.

Кайырма:
Сары, кызыл жалбырак,
Санааларга алдырат.
Сары кыздай боенгон,
Саябан бак алдырат.

Кел, кеч күзүм, бизди унутпай келе кет.
Эл жериңе берекеңден бере кет.
Дан жыттанган токчулуктун үрөөнүн
Арбыныраак, арбыныраак себе кет.

Кайырма:

Кел, кеч күзүм, шыбагаңдан бөлө кел,
Тынчтык күнгө бышыкчылык төгө кел.
Быйыл атам алган чыгар мол түшүм,
Бир эңкейип мартколунан өбө кел.

КҮТҮҮ
Сөзү, обону М.Осмоновдуку
Сүйгөнүн кимдер сагынбайт,
Жашоодо кимдер таарынбайт.
Элесиң эстеп бирөөнүн
Эт жүрөгүм күйүп жалындайт.

Күткөнүм күткөн келет деп,
Бассам да турсам сени эстеп.
Башкалар көзгө көрүнбөйт,
Сен гана көзгө элестеп.

Колумдагы гүлдү сунайын,
Эмне десең баарын кылайын.
Келсең келчи жанды кыйнабай,
Жообун угуп мен да тынайын.

Келчи, келчи гүлүм эртелеп,
Алайынчы сага эркелеп.
Жүрөгүмдүн алтын ачкычы,
Мен жүрөмүн аны сенде деп.

ӨРҮКЗАРГА КЕТЕЛИ
Сөзү М.Тураеваныкы,
обону Жайнаковдуку
Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.

Мөл булакка барабыз Ай тоскону
Ат жалында шамалдай ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Ёрүкзарга кетели макул болчу.

Каректерге жашырып сүйүүбүздү,
Мөл булакка сүртөлү жүзүбүздү.
Жылдыздарды чакырып койнубузга
Өткөрөлү экөөлөп түнүбүздү.

Айлуу түндө жетелеп сүйүүбүздү,
Ёрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздардын терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.

БАКТЫЛУУ БОЛУП ЖАШАЙЫН
Сөзү Б.Сарногоевдики,
обону А.Кадыровдуку
Бал болсоң бачым татайын,
Башымды сага катайын.
Махабат ташып жүрөктөн,
Бактылуу болуп жашайын.

Гүл болсоң күндө жыттайын,
Күлкүңдөн башка укпайын.
Жайды жайлап, айды айлап,
Жаныңдан алыс чыкпайын.

Сен менен өмүр бир өтсүн,
Сен мага сүйүү мүрөксүң.
Кай жерде жүрсөк бир каксын,
Кагышы эки жүрөктүн.

5"Б" КЛАСС
Сөзү Ж.Мамытовдуку,
обону А.Торобековдуку
Кирип барсам класска сен олтурган,
Берки бурчта менин ордум боло турган.
Окшоп кетет ошол күн сенсиз мага
Эй-эй-эй сенсиз мага

Өткөн өмүр бекерге коротулган.
Оо, алтыным, мен сени сүйүптүрмүн,
Сүймөк тургай кызганып жүрүптүрмүн.
Суз өңдөнүп мамилең мага гана
Эй-эй-эй мага гана
Башкаларга балбылдап күлүп жүрдүң.

Сүйөм десем мен сени жолдон эле,
Ыйлап ийдиң шолоктоп шондо неге?
Бул окуя бул иштер көпжыл мурун
Эй-эй-эй көп жыл мурун
5"б" класста болгон эле.
СЕНИН ҮНҮҢ
Сөзү, обону
А.Кыязовдуку
Бүгүн кеч кандай гана ырахаттуу,
Өмүргө бул келген кез салтанаттуу.
Кошулуп комуз менен ырдап жаттың,
Сен мага ак куу болуп миң канаттуу.

Карегим карегиңе чагылышты,
Ырдадың мендеги бир сагынычты.
Сен айттың өмүр деген чоң дайрада,
Махабат жайындагы кагылышты.

Ырыңды, обонуңду жаттап алдым,
Үнүңдү жүрөгүмө сактап алдым.
Бул ырды, бул обонду бул үн менен,
Жараткан кудуретке таңыркандым.

КӨЗҮҢДӨГҮ КЕРЕМЕТ
Сөзү Н.Алымбековдуку,
обону А.Бедияровдуку
Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көптөн бери жашаган сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.

Катасыңбы сырыңды, катасыңбы?
Карегиңде айталбай жатасыңбы?
Айтпасаң да жактырып калдым окшойт,
Адеби бар адамдык сапатыңды.

Мүнөзүңдү жактырдым, мүнөзүңдү,
Күнөөкөрдөй айталбай билгенимди.
Билип жүрсөң болду эми мындан ары,
Үмүт үзбөй өзүңдөн жүргөнүмдү.

УНУТАМ ДЕП
Сөзү Б.Асаналиевдики,
обону Н.Тилебаевдики

Чалбаймын деп бердим далай убада,
Чалсам жетип турса дагы буга да
Аракетим ашар эмес жүзөгө
Анын баары куру бекер убара.

Кайырма:
Унутам деп өзүм-өзүм алдадым.
Унутам деп эч унута албадым.
Күмүш күлкүң кулагыма угулуп
Күн элесиң көз алдымда ар дайым.

Кеталбассың сен деле мени кыйып,
Кереги не көөдөнгө санаа жыйып.
Мамилени бузбайлычы түшүнөлү
Махабаттай сезимдерден от чачышып.

ЖЫЛДЫЗДУУ ТҮН
Сөзү Б.Абакировдуку,
обону Т.Жоробековдуку
Жаз мезгили жеңил-желпи кийинип,
Сен экөөбүз айлуу түндө биригип.
Өмүр балын жаңы татып турганда
Өмүр гүлү бизге турду ийилип.

Сенин жытың гүлдөн артык сезилди.
Ай сылады аппак нурдуу бетиңди.
Дүйнөдөгү жалгыз кызык болдуң
Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди.

Жабыраган жылдыз улам суюлуп,
Ай шооласы жерге берип жылуулук.
Билинбестен өтүп жатты өзү эле,
Менден сага, сенден мага жылуулук.

ЖАҢЫЛЫПМЫН
Сөзү, обону
А.Ысмановдуку
Өнөрүмдө ач көз болуп,
Өкүнүчүм ичте калды.
Убаланды аткара албай,
Ууландырып кетиң жанды.
Түшүнбөпмүн бирге жашап,
Түгөйүмдүн ичи жарды.
Кайырма:
Ак сүйүүнү сезбегенди,
Зарлап күтсөм келбегенди.
Санаа тартып сагынармын,
Кадырыма жетчүлөрдү.
Жарын сыйлап өтчүлөрдү.
Жолуксам да жаңылыпмын,
Жаштык кылып жалыныңа.
Жалгыздыктын тагдырына,
Жашоодо мен жаңылыпмын.

Кыя албаймын дале сени,
Бир кездеги жалындарды.
Беш жыл бою бирге жашап,
Өмүрлүк жар боло албадың.
Бакыт кушу колдон учуп,
Тагдыр бизге кылды кастык.

Эрте-кечтир жолугарбыз,
Бирок сүйүүм муздап калган.
Ишенбеймин эми сага,
Үмүтүмдү үзүп салгам.
Ишеничтин жиби үзүлдү,
Жолукпаймын эми сага.

ЖҮРӨЛҮЧҮ ЖҮРӨК ООРУТПАЙ
Сөзү К.Садыковдуку,
обону А.Рысалиевдики
Таңкы ойлоп, сараң болушпай,
Таңкы салкын. Жайкы конуштай.
Жүрөк сырын бирге чечишип эй,
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.

Кайырма:
Жакын жүрөк, оолак болушпай,
Жаман айтып, аңдып тоорушпай.
Мезгилибиз өтөөр кош айтып эй,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.

Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай,
Ойноп күлсөк, ойго коюшпай.
Гүлдөй назик адам көңүлү эй,
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.

АЯДЫМ
Сөзү А.Бегимкулованыкы,
обону А.Бедияровдуку

Жан дүйнөмө жагып турду жамалың,
Жалын чачып неге мынча карадың?
Жандап баспай жалгыз кеттиң садага,
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.
Имерилип неге мынча карадың?
Ийик сымал ийрип жибин санаанын.
Ишеничиң сынбасын деп садага,
Ийнеликтей назиктигиң аядым.

Карегиңди кайра-кайра кададың,
Кайдан билдим менден нени самадың?
Катар баспай жалгыз кеттиң садага,
Калтар сымал келбетиңди аядым.

Оозун ачпай ооруп бүткөн жаранын,
Ойлорумду жүрөгүмө камадың.
Таарынбагын таттуу сөзүм укпасаң,
Тамчы суудай тазалыгың аядым.

ГҮЛГҮН ЖАШ
Сөзү Э.Ибраевдики,
обону А.Бедияровдуку.

Өткөн өмүр, өкүнтөт, айла барбы,
Өкүнгөндө же табар пайда барбы.
Күлкү менен ыр менен таң атырган,
Гүлгүн жаш-ай, гүлгүн жаш кайда калды?

Жылаңайлак суу кечкен сайда калды,
Жылгалардан гүл терген жайда калды.
Ишке тойбой таң менен күн батырган,
Жалың жаш-ай, жалын жаш кайда калды?
Ташты эритер сендеги чоктун деми,
Кайсыл топко алпарып коштуң мени.
Айрылгым жок, айрылбас аргам да жок,
Кошкун гүлгүн жаштыгым, кошкун эми.

МЕН СЕНСИЗ ЖАШАЙ АЛБАЙ КАЛГАНСЫЙМЫН
Сөзү Н.Алымбековдуку,
обону С.Бактыгуловдуку
Көрсөм да көрмөксөнгө салгансыймын,
Көңүлдүн көксөгөнүн тангансыймын.
Мертинген тилегиме медер кылып,
Мен сенсиз жашай албай калгансыймын.

Сен десем сезим жаным күлгүнсүймүн,
Сен менен бир өмүрдү сүргөнсүймүн.
Кол шилтеп басып кетсем болор беле,
Себебин өзүм гана билгенсиймин.

Түйшүктүү бул турмушка толгонсуймун,
Түгөтүп бүт жыргалым койногсуймун.
Билиги жанган сайын үмүтүмдүн,
Бир гана мен бактылуу болгонсуймун.

Билсем да билмексенге салгансыймын,
Бир келген таалайымды тангансыймын.
Себебин сен билесиң айыбым жок,
Сенсиз мен жашай албай калгансыймын.
ЖҮРӨКТҮ ЖАЛЫН ЧЫРМАДЫ
Кытайлык
кыргыздардын ыры
Бир келсем сиз деп айылга,
Көңүлүм сүйүп ашыкты.
Керемет экен, оо жигит,
Сүрөлү доорун, жаштыктын.

Көңүлдү көтөр жаз болуп,
Көрбөгөм сиздей жаш болуп.
Айрылсам эгер, о жигит,
Арманда өтөм жаш болуп.

Көп ырдап сизге ырларды,
Көңүлдө жара ырбады.
Жашоодо эч бир өчпөгөн,
Жүрөктү жалын чырмады.

ЖАНДАЙ КӨРГӨН АДАМЫМ
Сөзү А.Өмүркановдуку,
обону Р.Аманованыны
Жандай көргөн жаркын адамым,
Жаркылдаган жаздай жамалың.
Кан-жаныма канат бүтүрүп,
Кандайсың деп айткан саламың.

Жандай көргөн жаркын адамым,
Кайыгына түшөм санаанын.
Бирөө менен басты бекен деп
Ойлоп оттой күйүп жанамын.

Жандай көргөн жаркын адамым,
Кандай бакыт барың, аманың.
Элестетип жоодур көзүңдү,
Эх чиркин ай, эстен танамын,
Жандай көргөн, жакшы көргөн
жалгыз адамым.

БИРӨӨ БАР
Сөзү Н. Алымбековдуку,
обону А.Бедияровдуку

Элесимде бирөө бар, элжиреткен бирөө бар,
Ээлеп алган жүрөгүмдү, эми кимде күнөө бар?
Кыялымда бирөө бар, кылт дей түшсө күнөө бар,
Делбир болду жүрөгүм ай, деги кимде күнөө бар?
Айдың көлгө барсамбы, ак кууга кошуп салсамбы,
Азабың тартып жүргүчө, ашыгың болуп алсамбы?

Өзөнгө сууга барсамбы, өрдөккө кошуп салсамбы,
Өзүңө тагдыр буйруса, өмүрлөш болуп алсамбы?
Жакшы тилдүү бирөө бар, жаман тилдүү бирөө бар,
Ак калпагын булгалаган, араңарда бирөө бар.
Атын айтпайм, бирөө бар.

БИР СҮЙҮҮ
Сөзү А.Өмүркановдуку,
обону А.Бөдөшовдуку

Караган сайын көзүңдү,
Бактылуу сезим өзүмдү,
Оюңа оюң жарашып деги,
Өрт болуп күйөөр кезимби.

Бир көрүп сүйүп калганга
Сен жигит анча таң калба.
Бир көргөн сүйүү чоң сүйүү,
Өмүрлөр өтсүн майрамда,
Жашоолор өтсүн майрамда.

Тамшанткан тоонун балындай,
Таралат канга жалын жай.
Жанаша жүрсөк жаркылдап дайым,
Жарышкан ырдын сабындай.

Жашоого ушул келгени,
Жактырып жүрөм мен сени.
Жолуктук жообун айтсаңчы жаным,
Өрт болуп өмүр эртеңи.
АЛЫСТАРГА
Сөзү, обону Б.Борбиевдики
Көңүлүм опокшош күн-айлардан чарчаганда,
Ич дүйнөм жалындуу сезимдерге чаңкыганда.
Кайрылам көктөгү булуттарга ырым менен
Ала кеткиле деп мени алыстарга.

Алыстарга, ала кет сен мени
Алыстарга.
Тумчуккан туңгуюкка эмес,
Жарыктарга.

Жүрөгүм кыйналып кусалыктан ысыганда,
Ич дүйнөм күн-түн болуп таң атпай кыстаганда
Суранам көктөгү булуттардан ала кет деп
Мени түшүнгөн жарык, алыстарга.

ТУУЛГАН ЖЕРДИ САГЫНУУ
Сөзү, обону
К.Тураповдуку
Кылымдардан кылым карыган,
Кыялымда күндө жаңырам.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Тууган жердин суусун сагынам.

Жүрсөм дагы алыс араңан,
Ата журтум кетпей санааман.
Акыл айтып асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.

Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска тоосунан
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.

Жылаңайлак чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган
Балалыгым эстеп сагынам.

Коңур-Дөбө жайлоо жашыл төр,
Коңур желдүү салкын асыл төр.
Кокту, белес, күңгөй-тескейде
Кой кайтарган күнүм сагынам.

Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагындым.

ЭГЕР МЕН
Сөзү Р.Мамырованыкы,
обону К.Абдыкадыровдуку
Эгер мен гүл болуп жаралсам,
Терзең түбүндө өсмөкмүн.
Даана угуп эрте-кеч үнүңдү
Ар дайым жүзүңдү көрмөкмүн.

Эгер мен суу болуп жаралсам,
Мелмилдеп бакчаңдан акмакмын.
Жүзүңдү жууганы келгенде,
Шыбырап сырымды айтмакмын.

Эгер мен куш болуп жаралсам,
Бир сенин багыңа конмокмун.
Шагыңа салып мен уямды,
Түбөлүк жанаша болмокмун.

Эгер мен нур болуп жаралсам,
Шооламды бир сага төкмөкмүн.
Бейкапар сен уктап жатканда,
Бетиңден аймалап өпмөкмүн.

САПАРДАГЫ ЫР
Сөзү С.Кубатованыкы,
обону С.Бактыгуловдуку

Сапарга аттанам кайрылып келиш үчүн,
Сагынган мекенди кайрадан көрүш үчүн,
Саналуу максаттын саналуу жемиш үчүн,
Саргайган сүйүүнү сен менен бөлүш үчүн.

Кайырма:
Жашоонун ажарын ачып,
Жаркытып өтүш үчүн,
Жаз дүйнөң жаздагы таңдай
Жайдары болгон жакшы.
Жанашкан мезгилдер дагы
Жанданып өсүш үчүн,
Кармап ал жете алса күчүң,
Бактылуу болгон жакшы.

Ааламды кыдырам айланып келиш үчүн,
Ала-Тоо жарыгын алыстап кезиш үчүн.
Алдыда күрөштүн адилет жеңиши үчүн,
Айныгыс арзууну алдына төгүш үчүн.

Булуттай уюлгуйм нөшөрлөп төгүш үчүн,
Буулуккан учурду сен менен бөлүш үчүн.
Бубакка айланам нуруңа эриш үчүн,
Бир келген бакыты өзүңдөн көрүш үчүн.

МАХАБАТ КӨЛҮ
Сөзү, обону
М.Алыбаевдики

Махабат көлү көңүл жай кылып,
Жүрөгүм турап азыр кайгырып.
Аз күн ичинде сүйүүм күч алып, ай
Кетким келбейт сенден айрылып.
Убакыт өттү, өттү арадан,
Коштошуу мезгил жетти кайрадан.
Мен алыска узап кеткенде, ай
Кол булгалап калдың, калдың капыстан.

Сагындым сени менин ардагым,
Издедим, бирок, такыр таппадым.
Ёмүрдүн гүлү сенсиң жан эркем, ай
Айтсаң боло азыр, азыр кайдасың?

ДАТКАЙЫМ
Сөзү элдики,
обону Д.Каныметованыкы

Кара бир тоонун бооруна
Калдайып учуп куш конот.
Кара көз сулуу Даткайым,
Кандай бир жанга туш болот?

Улуу бир тоонун бооруна
Удургуй учуп куш конот.
Бурма көз сулуу Даткайым
Буюрган жанга туш болот.

Көк тоонун боору көк жалтаң,
Көрбөй бир басып тайгылдым.
Көп гана ойноп аз күлгөн
Даткайым сенден айрылдым.
Ак тоонун башы ак жалтаң,
Абайлап баспай тайгылдым.
Аз гана ойноп көп күлгөн
Даткайым сенден айрылдым.

ЖАЛЖАЛЫМ, ЖАЛЖАЛЫМСЫҢ
Сөзү Ж.Садыкованыкы,
обону А.Кадыровдуку
Сен менин жалжал көзүм, жалжалымсың,
Сен менин жандай көргөн ардагымсың.
Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң,
Өзүңө бүт өмүрүм арнарым чын.

Кайырма:
Жалжалым, жалалымсың,
Ардагым, ардагымсың.
Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң,
Өзүңө өмүрүмдү арнарым чын.

Артылып көрбөй калсам сагынычым,
Кусадан кыйын болот арылышым.
Ачык айт неге калдың кабак бүркөп,
Ачык айт эгер болсо таарынычың.

КАЙЫР КОШ
Сөзү Э.Тазабековдуку,
обону А.Темировдуку

Сен менден кеткиң келди, кеткиң эми,
Таңга окшош таалайыңа жеткин эми.
Өзүңдү элестетип тураар мага,
Өксөөсү басылбаган жаздын жели.

Кайырма:
Кезигип түшүбүздө,
Жашоодо жолугушпай.
Сен мени сагынарсың
Перзенттин добушундай.

Каректен кайгы жашым токтобой эч,
Кусага тебеленет курган жүрөк.
Мен үчүн татып кетээр бир кылымга,
Өзүңсүз өтүп жаткан ар бир мүнөт.

Эч качан бүтпөгөндөй күн сапары,
Менин да сагынычым бүтпөйт эми.
Курманы болсом деймин махабаттын,
Сагынып жүрүп гана жалгыз сени.
СЕН ДЕГЕНДЕ
Сөзү Н.Алымовдуку,
обону С.Бактыгуловдуку

Сен дегенде сен дегеним сен деген,
Сенден бөлөк көрбөгөнүм көрбөгөн.
Сен дегенде чарчабады жүрөгүм,
Сен деп жүрүп мен түгөнөт өңдөнөм.

Сени ойлосом ойлогонум ойлогон,
Сени ойлобой койбогонум койбогон.
Сен дегенде секетим деп ичимден,
Сезимдердин тойбогону тойбогон.

Көңүл сен деп түтпөгөнү түтпөгөн,
Көп санаанын бүтпөгөнү бүтпөгөн.
Сенден калган күн курусун, курусун,
Сезимдерден ким өчүрөт күч менен.

Сен дегенде кыялдарым кыялдай,
Кыйналамын кыялдарды тыя албай.
Сенден мага жалгыз гана сөз керек,
"Сендикмин!" деп шыбырап кой уялбай.

КЫЗДЫН КАТЫ
Сөзү К.Бобуловдуку,
обону Б.Садыковдуку

Сизди сүйөм кыз оппөгөн жигиттей,
Сиз сүйдүңүз көңүлүмдү кирдетпей.
Сүйгөнүм чын өмүрүмдө биринчи,
Сүйүү деген азап экен илдеттей.
А-ай-а-ай, сүйүү деген азап экен илдеттей.

Сизди сүйөм жашыңыздан жалганбай,
Тагдырыма түбөлүккө жазгандай.
Узун түндү көз ирмебей өткөрөм,
Эмне кылам мени мээнет баскандай.

Сизди сүйдүм арт жагымды ойлобой,
Элжиретип махабатка түк тойбой.
Жаныңыздан жылгым келбейт бир карыш,
Буттарымдан жипсиз байлап койгондой.

Көкүрөктү бийлеп алды атыңыз,
Түк түшүнбөй кантип мага жактыңыз.
Эч бир жанды тоготпогон кыз элем,
Жүрөгүмө кандай ачкыч таптыңыз.
СҮЙҮҮ ЖЫЛДЫЗЫ

Сөзү, обону С.Бейшекеевдики

Түн ортосу, жылдыздар толуп,
Жүрөгүмө махабат конуп.
Капысынан айтың мага бир сөз:
Калбасынчы сүйүүбүз соолуп.

Кайырма:
Саманчынын жолун карап,
Саамай чачың салаалап тарап,
Болдучу эми кетели дейсиң,
Түн ортодон ооп барат.

Кетиргим жок өзүңдү эркем,
Жаратканым сени энчилеп берген.
Жомоктордон издесем өзүңдү,
Жолугарым акыры сезгем.

Чоң жетиген жылдызың издеп,
Таң чолпонум, ыр арнаймын сиз деп.
Коомайланып өзүңдөн чоочуй,
Койдум мен да саамайың түздөп.

Түн ичинде экөөбүзгө эми,
Керектир го махабат мээри.
Мээрим чачып турсак жүрөктөрдөн,
Өчпөйт го дейм сүйүүнүн деми.
Алтын казык жылдызын кара,
Айлуу түндө ыр арнадым сага.
Менин сүйүүм көрүнөбү десем,
Күлө карап жылмайдың мага.

Үркөр-үркөр жылдызың кара,
Буурул таңда ыр арнадым сага.
Биздин жылдыз гана тапчы десем,
Күлө карап жылмайдың мага.
Саманчынын жолун кара,
Садагам ай, ыр арнадым сага.

СЕНСИҢ
Сөзү, обону С.Бейшекеевдики

Кызылдан көйнөк секелек сенсиң,
Кыранда өскөн байчечек сезим,
Сүйүүмдү айтсам билмексен болгон
Сүйкүм бир кызым эселек кезиң.

Түрлөнтүп айткан баяным сенсин,
Түшүмдө берген аяным сенсиң,
Кылымдап айткан жомогум сенсиң.
Кыйналып жазган обонум сенсиң.

Апталап айткан жомогум сенсиң,
Араңдан жазган обонум сенсиң.
Сүрдөнүп айткан жомогум сенсиң,
Сүйүүдөн тапкан обонум сенсиң.
Нөшөрлөп жааган жамгырым сенсиң,
Көшөрүп жазган жаңы ырым сенсин.
Сүйүүнүн сырлуу сандыгы сенсиң,
Сүйүүнүн сырлуу сандыгы сенсиң.

Сүрдөнүп айтсам, бардыгы сенсин,
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң.
Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң,
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң.

БОЗДОТПОЧУ
Сөзү, обону Э.Иманалиевдики

Боздобочу, ай, ботодой болуп,
Мен калбайын бир гүлдөй соолуп.
Кайгырдым сени ойлонуп
Боздобочу ботодой болуп
Боздобочу, боздотпочу,
Боздобогун ботодой болуп.

Ак шумкардын боосу шыңгырап,
Ак куу көлдө айдай кулпурат.
Айрылдым деп кантейин
Арманымдан турам ыр курап
Аалам турат
А мен турам муңдан ыр курап.

СҮЙБӨЙТ ДЕП ЖҮРӨСҮҢБҮ
Сөзү Н.Алымовдуку,
обону К.Тагаевдики

Жүрөгүм жалгайын деп үзүлгөндү,
Жүрөктүн ушул болду түшүнгөнү.
Кымбатым кыйнай бербей таштап койчу,
Кылгырып үн, сөзү жок сүзүлгөндү.

Үзүлбөс үмүтүмдү,
Үрөймүн күнү-түнү.
Сүйүүгө дарманы жок,
Сүйбөйт деп жүрөсүңбү.

Жүрөмүн улайын деп бөлүнгөндү,
Кошулбай калып кеткен көңүлдөрдү.
Кымбатым, кыйнабачы кыйын экен,
Кылгырып ичтен жаштык төгүлгөндү.

Карматпас үмүтүмдү,
Калчаймын күнү-түнү.
Көздөрүң айтып турат,
Көрбөйт деп жүрөсүңбү.

Агытып санаа деген күлүгүмдү,
Арманга түшүп жүрөм күнү-түнү.
Арманга оорутпачы, оорутпачы,
Ансыз да сыздап жүргөн жүрөгүмдү.
Үзүлбөс үмүтүмдү,
Үрөймүн күнү-түнү
Сүйүүгө дарманы жок,
Сүйбөйт деп жүрөсүңбү.

МАХАБАТЫМ
Сөзү А.Кожокуловдуку,
обону Т.Бектеновдуку
Татына жылмаясың,
Талпынтып ыр канатын.
Байланып кирпигиңе,
Бакыттай бир карашын.

Кайырма:
Махабатым, махабатым,
Гүл болуп ыргаласың.
Күн болуп нурданасың,
Жашоодо жакшы обондой.

Тармал чач, мөл булагым,
Тамчыдан көл курадың.
Кумарлуу көл жээгинде,
Кубанып мен турамын.

Сен үчүн жандырамын,
Сезимдин шам чырагын.
Ыйбалуу наздыгыңды,
Ырыма калтырамын.
КОШ ДЕДИҢ
Сөзү Н.Осмонованыкы,
обону Н.Тилебаевдики
Көңүлдөргө калды так.
Көрүшпөйбүз неликтен,
Сөздөрүбүз не супсак.
Тоңгон музду эриткен.

Кайырма:
Кош дедиң сен күч менен
Катуу жаап эшикти.
Жүрөк түтпөй чуркадым
Бирок, бирок кечиктим.

Түшүнбөдүм мен сени
Сен да мени билбедиң.
Мен сумсайдым ичимден.
Сен да балким тилдедиң?

СТУДЕНТТИК КҮН
Сөзү, обону Р.Аташовдуку
Жалын жаштык студенттик кез,
Сезилбестен өтөбү тез.
Кыялымда кала берди,
Түш сыяктуу жаркын элес.

Кайырма:
Студенттик күн азбы көпбү,
Кандай сонун күндөр өттү.
Эң кызык кез жаштыгымды,
Кайсыл жака алып кетти.

Билим алып, илим тапкан,
Алтын барак калем саптан.
Махабаттын кулпун ачкан,
Студенттик күн баарыбыздын.

Ошол кезде чогу жүргөн,
Сагынамын досторумду.
Баарыбызды тааныштырган,
Биз жашаган студенттик кез.

БЕЙТААНЫШ ЖИГИТ
Өзбөк тилинен которгон жана
иштеп чыккан Г.Садыбакасова

Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман
Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан.
Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган.
Кандай жансың көз отумду байкабай калган?

Кайырма:
Сырга айланган, ырга айланган,
Жан, жан, жан,
Жолуктуң кайдан?
Акылың алдың, азапка салдың.
Жан, жан, жан,
Жолуктуң кайдан,
Акылдан алдың, азапка салдың.

Сага деген армандарым айтылбай калды,
Сени дегдеп көңүл черим жазылбай калды.
Сезимдерди чокко салдың бейтааныш жигит.
Сарсанадан калган күнүм арылбай калды.

КОШ СҮЙҮҮ
Сөзү, обону Г.Садыбакасованыкы
Арзыган тилегимди,
Арнаган жүрөгүмдү.
Бир жигит сезбей кетти,
Мен аны сүйөрүмдү.
Акмалап күнү-түнү,
Алдымдан тосуп улам,
Бир жигит сүйүп жүрдү.

Кайырма:
Кош сүйүү сабаладың,
Жүрөктү жараладың.
Бирине карабадың,
Бирине жете албадым.

Махабат бооруң ташпы,
Агыздың көздөн жашты.
Бактымды кармай албай,
Сүйүүдөн көнүп калды.

Бийик кармап өзүмдү,
Боло албадым өтүмдүү.
Санаасы көп махабат,
Алам сенден өчүмдү.

КУРДАШ КЫЗДАР
Сөзү, обону Г.Садыбакасованыкы

Эки жигит баш кошсо кыздар назик күлүшөт,
Эки селки баш кошсо бозойлорду сүйлөшөт.
Кээ жигитти сынайбыз бою узун деп теректей,
Кээ жигитти начар деп чыгарабыз керектен.
Курдаш кыздар бирге окуп, бир көчөдө басабыз,
Сөз жигиттен башталса сүйлөшүүгө шашабыз.

Кээ жигитти сынайбыз кемпирден да сараң деп,
Кээ жигитти айтабыз кекчилден да жаман деп.
Кээ бир кыздар мейли дейт күйөөм даңкка конбосо,
Казан-аяк, майда ишке көп киришчү болбосо.

Курдаш кыздар бирге окуп, бир көчөдө басабыз,
Сөз жигиттен башталса сүйлөшүүгө шашабыз.
Кээси айтат сүйгөнүн мейли сылык болбосо
Көрүнгөндөн шек санап кызганчаак атка конбосо.
Жигиттерди мактайбыз иргеп алып четинен,
Кээ жигитке пар болуп өпсөк дейбиз бетинен.
Курдаш кыздар бирге окуп, бир көчөдө басабыз,
Сөз жигиттен башталса сүйлөшүүгө шашабыз.

Ачык айтып ак сүйлөп айткан сөздөр жүйөлүү,
Мейли жигит мейли кыз, таза болсун жүрөгү.


СҮЙҮҮ КЕРЕМЕТИ
Сөзү, обону А.Карымовдуку.

Алтыным, берегирээк келчи мындай,
Отурчу жан жыргата ырдай, ырдай.
Отурсак уктабастан түнү бою,
Шарактап таң атканча үн басылбай.

Алтыным, сен мендеги ойду билсең,
Ар дайым мени менен бирге жүрсөң.
Элесиң ак маралга окшоп кетет,
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.

Сен барда караңгы түн да аппак таңдай,
Ал тургай ал биз үчүн жаралгандай.
Сен менен таштак жолдо баратсам да,
Сезилет көл үстүндө бараткандай.

Кайырма:
СЕЗДИРИП КОЙ КӨЗ МЕНЕН
Сөзү А.Дөөлөтказиеваныкы,
обону К.Жусуповдуку
Шайыр жаштар, шаңдуу ырлар,
Шаңга толуп айлана.
Ыргагында музыканын,
Ыргаламын жай гана.
Тилеп жаттым мен ичимден,
Калса экен деп жактырып,
Кумарыңдан кагылайын,
Кубаты мол жашчылык.
Назик гүлүм бар үмүтүм,
Өмүрүмдүн ак таңы.
Өзүң болбо тагдыр буйруп,
Таалайымдын жазганы.
Жытың жыргал, жыттап канбай.
Жасминби же башкабы.
Ачылар күн качан экен,
Ак сүйүмдүн капкагы.

Колдон алып, чарк айланып,
Учкум келет алыска.
Эч арманым болбос эле,
Эки жүрөк табышса.
Арзуу сезим арман болор,
Айталбаса сөз менен.
Сезимдерди дүрт эттирип,
Сездирип кой көз менен.
ӨМҮРЛӨШ БОЛСОМ СИЗГЕ МЕН
Сөзү А.Дөөлөтказиеваныкы,
обону К.Жусуповдуку
Капыстан барып иш менен,
Кабылып калдым сизге мен.
Карашың жанды эритет.
Калтырып, ай, кетти бүт денем (2 жолу)

Саламын айтсам сизге мен,
Санаага салдың бүтпөгөн.
Түйшүгүн колдон талашып.
Түгөйлөш, ай, болсом сизге мен. (2 жолу)

Ар күнү жатып түш көрөм,
Азапка салдың бүтпөгөн.
Өткөрүп бирге өмүрдү,
Өмүрлөш, ай, болсом сизге мен (2 жолу)

ТОЙ-ТОЙ
Сөзү, обону К.Калыковдуку
Казан-казан эт кайнар,
Казак досум май чайнар.
Казак кызга үйлөнбөсөң,
Капа болом деп чыгар.

Түзүк-түзүк деп жүрсөм,
Түркмөн досум деп жүрсөм.
Түркмөн кызга мен үйлөнүп,
Түгөй болом деп жүрсөм.

Оро, оро дан толсо,
Орус досуман болсо.
Орок оргон жубайым,
Орус кызынан болсо.

Өзүм, өзүм дей берсе,
Өзбөк досум бир келсе.
Өзбүздөн өтөбү деп,
Өзбөк кызыны берсе.

Уйгур достун лагманы,
Лагмандардын палбаны.
Уйгур кызына үйлөнүп,
Үзүр-үзүр калганы.

Көрец досум эт коет,
Капа болбо деп коет.
Корец кыздын сулуулугун,
Дидарына ким тоет.

Дунган досто сөз болбойт,
Жумуш десең жөн койбойт.
Дунган кызга үйлөнгөндөр,
Өмүр бою кор болбойт.

ЖОЛ ВАЛЬСЫ
Сөзү Н.Алымбековдуку,
обону С.Бейшекеевдики
Табалбай шылтоо анчейин,
Дартыңа күйөм ай, сенин.
Жолугуп күндө турсам дейм ий, ий,
Жол алыс ай, болсо кантейин.

Арзанбы менин бактыма,
Аралап тоодон күн чыгат.
Ансайын сүйкүм сезилет ий, ий,
Ажары ай, сүйкүм ай чырай.

Оңойбу менин бактыма,
Ортодо тоолор капчыгай.
Сүйкүмдүү сенин нур жүзүң ий, ий,
Сүрдөнөт ай, жүрөк чыдатпай.

ЖОМОК
Сөзү, обону Б.Борбиевдики
Ал жерде тунук тазалык бар,
Алдоо жок, жок дагы капалыктар.
Күлкү бар, жок да ыйлоо деген,
Ал жерде өчпөс сүйүүлөр бар.

Кайырма:
Ал менин кыялымдагы жомок,
Бактылуу күндөр бар, аягы жок.
Ажырагыс болуп сен экөөбүз,
Жомокто жашап калсак болмок.
Ооо:
Жашап калсак болмок.

Ал дүйнөдө жок дагы жалган деген,
Арзуу бар жок да арман деген.
Аруулук сиңген бул дүйнөдө,
Ар дайым ыйык сүйүү деген.

БИР КЕЛИП КЕТЧИ ОШ ЖАККА
Сөзү А.Урбаевдики,
обону А.Төрөбековдуку.

Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөптөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт (2 жолу).

Кайырма:
Э-эй жылмайып көңүл эриткен,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка (2 жолу)

Суу болуп аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.

Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып күтүп жүрөмүн,
Сүйгөнүм сендей жанды эңсеп (2 жолу).

Эңсеген менин жанымсың,
Кел, жаным, көңүл ачылсын.
Ак куудай каалгып учайын,
Буулуккан черлер жазылсын.

КҮДӨРҮМ ҮЗБӨЙ КҮТӨМҮН
Сөзү А.Бедияровдуку,
обону Р.Абдыкадыровдуку
Мен сени айлап күтпөй, күндө күттүм,
Мен сени бурганактуу түндө күттүм.
Зар болуп дидарыңды бир көрүүгө,
Дарактар шыбырашкан жерден күттүм.

Ай чыгып, асмандан жылдыз сызып,
Эңсөөлөр ээн талаа жашыл шибер.
Эгерде жазга калсаң ишиң чыгып,
Жаз келсе жаздан салам айтып жибер.

Эрмегим ээн талаа, жашыл шибер,
Же башка табылдыбы, баркың билер.
Күтөмүн келер жолуң күдөр үзбөй,
Күз калсаң күздөн калбай айтып жибер.

Кыйын го, унутууга ал мезгилди,
Кызгалдак терип жүргөн, жашыл шибер.
Кыйналып жүрсөң эгер көңүл өксүп,
Кымбатым, кыштан салам айтып жибер.

СҮЙҮҮ ЖАЗЫ
Сөзү, обону Т.Пирматовдуку

Бакта алма гүлүн ачкан эле,
Бак аралап бирге жүргөн кезде.
Батынбастан мен сени сүйөм дешке,
Сүрдөгөнүм менин дале эсте.

Кайырма:
Сүйүү жазым менин махабатым,
Дарылачы жүрөк жараларын.
Сүйүп калдым сени не кылайын,
Айтчы, неге мынча кыйнаганың.

Көрбөй калсам сени сагынамын,
Жаш балача эңсеп зарыгамын.
Көңүлүмдө бир гана өмүрүмдө,
Ойлорумда өзүң жүргөндөй.

Жалбырактар түшөт күздүн кези,
Дале жүрөм, жаным, сени издеп.
Жаштык кезден калган жакшы сезим,
Унутулбай калар бизде эми.

УЗУН ЖОЛ
Сөзү Ж.Исабаеваныкы,
обону Т.Асанакуновдуку
Өзүңдү сүйгөндөй,
Өзгөнү сүйбөдүм.
А, бирок бул кайгы ыры,
Арман сенсиз күндөрүм (2 жолу)

Кайырма:
Узун жол узак барарың,
Узатып кайра карадым.
Ошондон көп издеп,
Ёзүңдү таба албадым.

Жомогуң жолдогу,
Кучагым толбоду.
Сенсиз мага жашоонун,
Ыракаты болбоду (2 жолу)

Сүрөтүңдү андагы,
Көз тиктештен талбады.
Щмүт үзбөй күтө берип,
Атты аппак таң дагы (2 жолу)

БАЛАЛЫКТЫ ЭҢСЕДИМ
Сөзү, обону Т.Пирматовдуку
Ачтым күндөлүк дептерин,
Өткөн күндү мен эстедим.
Ах, чиркин тунук сезимдер,
Кайдасың жаштык кездерим.

Кайырма:
Барактап ыр дептерин,
мен жаштыкты эстедим,
Барагы бул өмүрдүн,
балалыгым эңседим (2 жолу).

Эстей жүр деп сен бергениң,
Эстелик ыр дептериң.
Эрмеги болду жүрөктүн,
Эстетип сенин элесиң.

Көңүлүм кыйбайт көңүлдү,
Өтүптүр жаштык өмүрүм.
Көрсөм деп сени кайрадан,
Көксөгөн максат үмүтүм.

БИЙЧИ КЫЗ
Сөзү, обону М.Осмоновдуку
Досумду издеп калп эле,
Үйүнө барам таң эрте.
Бий бийлейт аяш карындаш,
Элеси калды каректе.

Бийчи, бийчи, бийчи, бийчи карындаш,
Ийилген белден, эринден кагылайын.
Көрбөсөм сени, сени, сени күндө,
Кусалыкка чөгүп, чөгүп сагынамын.

Чачтары сонун жибектей,
Сөздөрүң жакшы тилектей.
Өмүрүм өтүп кетеби,
Бетиңден сенин бир өппөй.

Сырыңды айтчы билейин,
Сен күлсөң бирге күлөйүн.
Сүйүктүү агаң мен болуп,
Жаныңда ырдап жүрөйүн.

БЕЙПИЛ ТҮН
Сөзү А.Абдыжапаровдуку, обону М.Осмоновдуку.
Күн нуру батып, күүгүмдөп,
Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп.
Уйларын сааган энелер,
Дасторкон жаят күлүңдөп.

Кайырма:
Асманды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.

Азайып элдин агымы,
Карайып көчө жарыгы.
Уйкуга чөгүп баратат,
Тынчы жок турмуш кайыгы.

Эс алуу үчүн жаталы,
Эске албай кайгы, капаны.
Эсен-соо өтсүн түнүбүз,
Жараткан берип батаны.

Карыңгы улам коюлуп,
Жатууга, достор, болду убак.
Түнүңөр бейпил болсун деп,
Калалы биз да кол булгап.

НАРЫНДЫК КЫЗ
Сөзү, обону М.Осмоновдуку
Карап өттүң, мен дагы карап өттүм,
Көзүм менен чачыңды тарап өттүм.
Жаныңдагы жигиттен чоочуркадым,
Акыл-эстен адашып араң өттүм.

Кайырма:
Нарындык кыз, (2 жолу)
Экөөбүз тең жөнөкөй айылдыкпыз,
Мени таппай сен, (2 жолу)
Сени таппай мен, (2 жолу)
Экөөбүз тең кайгырып алыптырбыз.

Ошол өтчү жолуңдан күндө өттүң,
Жигитиңди колтуктап түндө өттүң.
Карашыңдан түшүндүм бары жогун,
Кыялымда шашылып сага жеттим.

Акыры жүрүп тааныштым, чыны кептин,
Ал кыз менен ал көчөдөн бирге өттүм.
Бир ай болду таанышып алганыма,
Сол бетинен бир гана жолу өптүм.

МЕНИН ЫРЛАРЫМ
Сөзү К.Урманбетовдуку,
обону А.Абдырамановдуку
Саптап ырга ай нурун,
Саймаладым кайрыгын.
Шарабыңа жуурулган,
Шаттык менен кайгынын.
Канаты бар ырларым.

Кайырма:
Күлсөм сырдашым,
Күйсөм муңдашым.
Ырлар өмүрдө,
Кыйбас курдашым, кымбатым.
Кумар, дүйнө ордуна,
Тумар болуп мойнума.
Эргүү берген ырларым,
Элиме кут болгула.
Жүрөгүмдөн учурам,
Жүрөктөргө конгула.

ДЕН СООЛУК
Сөзү К.Урманбетовдуку,
обону К.Калыковдуку

А дегенде ден соолук,
Арыбасын кем болуп.
Анан сага кезигем,
Ак жоолугуң мен болуп.

Кайырма:
Базарга бардым,
Баарын сатып алдым.
Күчүн көрчү акчанын,
Бирок дагы ден соолукту,
Бир базардан таппадым.
На-на-на-на.

Кайгы муңга жем болуп,
Карыбасын ден соолук.
Кабагыңды ачсаңчы,
Кадырлашым сен болуп.

Башкаларга тең болуп,
Бак табалы эл болуп.
Бакыт, бирок кул эмес,
Баа жетпеген ден соолук.

Кайырма:
Базарга бардым,
Баарын сатып алдым.
Ден соолуктан башкасын,
Ак тилегим бар байлыгым,
Кудай өзү сактасын.

ЫР ДЕСТЕ
Сөзү, обону Б.Борбиевдики
Сезимдер учат куш болуп,
Сагындым көпкө келбесең.
Буугумду басып тургандай, ий, ий,
Кусадан ыйлайт терезем.

Кайырма:
Сунам ыр десте, сагынган кезде,
Жүзүң албырып, күлгөндө эсте.
Оң көзүң тартып койгондо эсте,
Жамгырлуу кечте.

Кубалап кайгы ыргагын,
Кулпулап берчи санаамды.
Ыраазы кылып сүйүп кой ээ, ээй.
Ыр менен барган саламды.
Байкабай айтсам атыңды,
Ойлорум сенде билип кой.
Түшүңдөн түндө ойгонсоң,
Күткөнүм ошол билип кой.

АЗГЫРБА СҮЙҮҮ
Сөзү Ж.Исабаеваныкы,
обону К.Керимбаеваныкы.
Жанымдын тынчын жактырган күнү,
Делебем козгоп, азгырба сүйүү.
Дабасы дарттын табылбас кезде,
Дайныңды ырдап айттырба сүйүү.

Кайырма:
Жайнатып каректериң,
Карагым келет дедиң.
А калган сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.

Көңүлдүн тынчын жактырган күнү,
Көкүрөк отун жактырба сүйүү.
Кошулуп сезим, тынч алар кезде,
Көөлгүтүп жанды мас кылба сүйүү.

Алыстан арбап, азгырба сүйүү,
Азабың жанга тарттырба сүйүү.
Айлыңдан узап адашкан кезде,
Арзуунун ырын айттырба сүйүү.
КЕЧКИ ЖЕЛ
Сөзү, обону К.Усупбаевдики

Кечки жел угузса экен сагынганым,
Тымызын жүрөк эргип жалынганмын.
Жашоодо бир сыйкырлуу музыкадай,
Кайрадан карыныңа жалынганмын.

Кайырма:
Гүл десте сунгум келет сага арнап,
Көк шибер кечким келет колуң кармап,
Кечки жел канат бүтүп кыялыма,
Угузчу кымбатыма жүрөктү арбап.

Олтуруп өзүң менен сырдашайын,
Обондуу кубулушкан ыр жазайын.
Кечки жел кош жүрөккө бакыт берчи,
Жашоонун белестерин бирге ашайын.

ОШ-БИШКЕК
Сөзү, обону Р.Маматкуловдуку

Оштон чыгып жол тарттым мен Бишкекке,
Жол кезүүдө түш көрдүм мен бир кезде.
Көргөндө да укмуш кызык түш көрдүм,
Айдай сулуу ак куу сымал кыз көрдүм.

Кайырма:
Ош-Бишкек жолунда,
Айдаганым мерседес.
Жанымдагы чүрөгүм,
Мерседестен кем эмес.

Бир мезгилде мен түшүмдөн ойгондум,
Чочуп кетип, өзүмчө бир толгондум.
Көргөн түшүм айланса мен өңүмдө,
Андай түштөр жалган экен көңүлгө.

АЛТЫН ӨМҮР
Сөзү И.Алымбековдуку,
обону К.Калыковдуку.
Алтындай жаштык өмүрдө,
Армансыз өтсөк эмине?
Көңүлдө кайгы болбостур,
Кошулган сүйгөн теңине.
Күмүштөй жаштык өмүрдө,
Күйүтсүз өтсөк эмине?
Жаркырап жанар жылдызың,
Жанашсаң сүйгөн теңиңе.

Кайырма:
Аттиң ай, аттиң ай,
Армансыз жаштык ай.
Өмүрүң өтсө да,
Алтындай шаттык ай.

Жаштыктын гүлүн терели,
Жаштыктын сүйүү белеги.
Жаркының жанда болбосо,
Жашоонун барбы кереги.
Махабат гүлүн терели,
Махабат жаштык белеги.
Жалжалың жанда болбосо,
Жашоонун канча кереги.

Кайырма:
Жашырбай жаштык илепти,
Жараткан берсе тилекти.
Жалжалым өзүң дарыла,
Жарадар болгон жүрөктү.

КӨЗДӨРҮҢ АЙТЫП ТУРБАЙБЫ
Сөзү Д.Садырбаевдики,
обону А.Өзүбековдуку
Кырчын кез ырын ырдайлы,
Кыз-кыркын ушак кылбайлы.
Кыялың эңсеп жатканды, ай,
Кылыгың айтып турбайбы.

Арзуунун сырын ырдайлы,
Алганың чатак кылбайбы?
Көңүлүң көксөп жатканын, ай,
Көздөрүң айтып турбайбы, ай.
Кашкая карап сыр салсаң,
Кадиксиз ойго чыр салсаң.
Кадыр түн тоспой тургансып, ай,
Калчадың тиктеп мынчалык.

Кылгыра карап сыр салып,
Кыялга бүлүк чыр салып.
Кыйышпас болуп алгансып, ай,
Кыйнадык жанды мынчалык.

СЕН НЕГЕ ЖОЛУКТУҢ КАЙРАДАН
Сөзү Ш.Дүйшеевдики,
обону А.Ёзүбековдуку
Коңшулаш айылдан кезиккем,
Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
Корооңо кире албай коштошуп,
Кол булгалап калчу элем эшиктен.

Агымын турмуштун кече элек,
Анда сен кыз элең секелек.
Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
Кошулуп бир аксак дечү элек.

Аттиң ай, өкүнөм эмгиче,
Адырдан гүл терип бергиче.
Алтыным, башкага кеттиң сен,
Алыстан кайрылып келгиче.

Азапка бактысын байлаган,
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоготкон күндөрдү эстетип,
Жолуктуң неге сен кайрадан?

ТУУЛГАН КҮНҮМ
Сөзү, обону К.Керимбаеваныкы
Туулган күнүм, бүгүн менин,
Конок тосуп кубанамын.
Гүлдөр көрүнүп, кулпуруп,
Гүл жыттоого кумарланам.

Кайырма:
Туулган күнгө келесиңби?
Сүйүү гүлүн бересиңби?
Жаштыгыма кубат болуп,
Гүл кучактап келесиңби?

Айтпа сөзүң жок дегениң,
Ансыз өмүр аз дегениң.
Ёмүр гүлүн күттүрбөстөн,
Күттүрбөстөн кел дегениң.

БУЛБУЛУМ, АЙ
Сөзү, обону Э.Иманалиевдики
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып, сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы,
Ашыгын издеген үрүл таңдап.

Кайырма:
Ии, ии, булбулум, булбулум ай
буулуккан кургурум ай,
Бул кечте үнүң баспай буулуктуң
неге мынча булбулум ай.

Жашайсың жаш булбул токтобогон,
Жашоодо жан жок боздобогон.
Жашынып көп эстейм ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка окшобогон.

Сайрачы өткүндү эске салып,
Санааркап ал күндөр четте калып.
Буулугам булбулдай сени жоктоп,
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.

АТАМА
Сөзү, обону Ё.Козуевдики
Эртеден кечке жумуштан келбей,
Эл үчүн иштеп тамак да ичпей.
Калкымдын иши жылса деп алга,
Талыкпай ойлоп издедиң айла.

Ар бир ак чачың үзүрлүү эмгек,
Үзүрлүү эмгек жөн эле келбейт.
Унутуп үйдү берилип ишке,
Кайтасың үйгө дайыма кечте.

Атаке, сага амандык тилеп,
Жолуңду жолдоп балдарың келет.
Залкар ой-акыЛ максатың айткан,
Карааның бизге күч-кубат берет.

Сый-урмат көрүп узакка жаша,
Ызатын көрүп балдардын эми.
Эмгегиң даңктап кылганың айтып,
Ардактап жүрсүн кыргыздын эли.
Сыйлап бир жүрсүн айылдын эли.

БАТМА, ЗУУРА
Сөзү, обону М.Атаналиевдики
Сендеги сулуулук бириңде бар,
Бириндеги улуулук бириңде бар.
Мага деген жылуу сезим, айткылачы,
Биле албадым кимиңде жок, кимиңде бар.

Кайырма:
Силердеги сулуулук суудан бүткөн,
Силердеги улуулук нурдан бүткөн.
Эх, экиге бөлүнөлүк өзүң дагы,
Экөөңү тең эч кимге бербей жүрөм.

Эй, кыздар, окшошкон Батма, Зуура,
Эгиз кызды сүйүп калдым, кыйын тура.
Катар бассаң тааный албай кыйналам,
Айткылачы кимиң Батма, кимиң Зуура.

ЖАМГЫР
Сөзү, обону Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.

Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү
Ошол күндөр кайда кетти
Жаштыгымдай же кечээги
Кайрылбай кетеби.

Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың, жүрөктү эзип
Колдон учкан ак куумдай

Жамгыр учаар канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскерербиз
Алгач сүйүү унутулбай.

БИР СЫРЫМ
Сөзү Н.Алымбековдуку,
обону А.Бедияровдуку
Салкын жел билет таң сырын,
Санаалаш билет жай сырын.
Жүрөбү сенин дилиңде
Жүрөктө болгон бир сырым.
Жүрөктө болгон, көңүлдө болгон
Сезимде болгон бир сырым.

Таң жели билет күл сырын,
Табият билет миң сырын.
Сезимин козгоп жүрсө эгер
Сен үчүн ошол бир сырым.

Ичкендер билет чай сырын,
Ишенген билет жай сырын.
Аржагын эми өзүң бил
Айтылбай калды кайсы ырым.
Жашыруун калды, чечилбей калды,
Айтылбай калды кайсы ырым.

ГҮЛДӨР ГҮЛГӨ
АРЗУУ АЙТЫП АЧЫЛАТ
Сөзү А.Ёмүркановдуку,
обону А.Керимбаевдики
Бар тарабым бир гана сен жыттанып,
Бажырайган көздөрүңө суктанып,
Бакытымдай мүнөт сайын сени эстейм,
Баскан изиң башкалардан кызганып.

Бирин-бири көрөйүн деп батырак,
Гүлдөр-гүлгө арзуу айтып ачылат.
Сенин шаңдуу шаркыратмаң сыяктуу,
Шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат.

Өзүңө деп күлдөр терип адырдан,
Өзүңө арнап ырлар окуйм жазылган.
Кайсыл күнү сылаарымды билбейм
Желден башка сылабаган чачыңдан.

Жылдыз болуп көзүң турса күлүңдөп,
Уктай албайм бүткөн боюм дүрүлдөп.
Булбул бактан түнү бою тил безейт.
Бул дүйнөнүн керемети сүйүү деп.

АЯСАҢ БОЛО, ЖЫРГАЛЫМ
Сөзү М.Осмоновдуку,
обону А.Кадыровдуку.
Жанымдан өтсөң жылмайып,
Жалт карайм мен да кылчайып.
Ичтеги сырды айтаалбай,
Жүрөсүң, айтчы кимде айып?

Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.

Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.

Айтырбай билип сырларын,
Ардактап жаштык кырдаалын,
Алагды кылбай көп эле.
Аясаң боло жыргалым.
СҮРӨЛҮ ӨМҮР УЗАКА
Сөзү Д.Туралиевдики,
обону А.Кадыровдуку
Жашоонун сенсиң кызыгы,
Гүлүмдүн сенсиң кызыгы.
Эч качан бойдон таркабайт,
Сүйүүмдүн сенсиң ысыгы.

Эскерип жүрсөң кубатым,
Сен менен жүрсөм кубанчым.
Сүрөлү өмүр узакка да,
Сүйүүнүн көрүп ызаатын.

Сен менин жашоо таалайым,
Сен менин болдуң маанайым.
Саламат болуп көп жаша,
Садага кетип калайын.

АМАН БОЛ,
СЕНДЕН ТҮҢҮЛБӨЙМ
Сөзү А.Сатаровдуку,
обону А.Бедияровдуку.
Жайдын ысык апта күндөрү,
Айдын толгон жылдыз түндөрү.
Жолугуштук кумар канбастан,
Бир сүйүүнүн жайнап күлдөрү.
Сагынычты айттык ээй, талбастан,
Жакындады арнап тунук сүйүүлөр.

Кеч келгенде кимди күнөөлөйм,
Билген менен мурда сүйбөгөн.
Жашоо деген улук нерсе экен,
Бере көрсүн сүйүү пендеге.
Адам барбы арман оой, кылбаган,
Аман бол дейм, бирок сенден түңүлбөйм.

ИЗДЕЙ БЕРЕМ
Сөзү Ж.Мамытовдуку,
обону Р.Абдыкадыровдуку

Издейм сени арасынан элдердин
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга дайым сени издөө үчүн келгемин.

Акпы, көкпү, кызыл бекен жоолугуң,
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышка калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан бир өзүң деп азууда ден соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң
Мынча мени алоолонтуп ойлодуң.
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр
Ёмүр бою издеттирип, бир көрүнбөй койгонуң.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга дайым сени кайгыртууга келгемин.

САГЫНУУ
Сөзү Н.Байтемировдуку,
обону Р.Абыкадыровдуку

Бүркөк асман жарк дегенде чагылган
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да сени ойлоп жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.

Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге отурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу курактар.
Чертүү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.

Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн ай башын.
Мурункудай күтүп жатам азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?
ТААНЫШЫҢДАЙ КАРАГЫН
Сөзү Ж.Алымовдуку,
обону Р.Абдыкадыровдуку.

Гүлү сенсиң эркин өскөн талаанын,
Бирде жакын бирде алыстайт карааның.
Түшкө кирип өңүмдө бир көрүнбөй,
Түрттүң мени түпкүрүнө санаанын.

Щмүт оту үстү-үстүнө тамчылап,
Жүрөк байкуш күнөөлүдөй жанчылат.
Айтчы эркем, айтчы сүйгөн таң шоолам,
Күтөм дагы бир өзүңдү канча убак.

Жашоо үчүн тийбесе эгер кереги,
Ак сүйүүмдү далилдешке мен эми.
Гүл ордуна жүрөгүмдү сунмакмын,
Алып кой деп жүрөгүңдүн белегин.

Кезиккенде салкын тартса карааның,
Мен ан сайын тумчуккансып барамын.
Сезимдеги жакшы учурду жандантып,
Жок дегенде таанышыңдай карагын.

ЭСИҢДЕБИ
Сөзү Ж.Алымовдуку,
обону Р.Абдыкадыровдуку

Элесиңди карап туруп сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн.

Жүрөгүмдү сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жарык балбылдаган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге өскөн ынактай.

Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп, күлүп бирге жүрдүк алтыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.

Бирок мезгил өткөн сайын нарылап,
Тетири карап буруласың ар убак.
Азап тартып, арман күчөп жүрөгүм,
Жүрөгүмдү үмүт менен дарылап.

ЖОЛУГАРЫМ БИЛГЕМИН
Сөзү, обону Р.Абдыкадыровдуку
Биз жолуктук билбейм качан сүйгөнүм,
Ээлеп алдың жүрөк отун сен бүгүн.
Бир өзүңө жолукканда бир жолу эмес
Тагдырыңа миң ырахат
Бизди кошкон өмүр бою ошол бейпил түн үчүн.

Мен өмүрдө далай жолу ыйладым,
Мээрим издеп өзүмдү өзүм кыйнадым.
Билбесем да бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү
Бир өзүңө эрте-кечте жолугаарым билгемин.

ЧАГЫЛГАН
Сөзү К.Алмазбековдуку,
обону А.Атабаевдики
Көрүшкөнчө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Жарк дегенде неге сени карадым,
Жүрөк болкуп жайнай түштү жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге.

ОН СЕГИЗ ЖАШ
Сөзү А.Бакашовдуку,
обону А.Атабаевдики
Он сегиз жаш,
Тоодо тунук булак белең.
Болбосо андан учкан бубак белең.
Кайрылбай кайда кеттиң айтчы деги,
Адашып айлыңды мен сурап келем.

Он сегиз жаш,
Жайдын жарык таңы белең.
Болбосо боз туйгундун шаңы белең.
Бир жолу кайрылгыстай тамшандырган,
Жылт эткен жаштыгымдын таңы белең?

Он сегиз жаш,
Күндө беле сенин серең
Болбосо жүрөгүмдүн теңи белең.
Кош эми өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
КУРБУЛАРГА
Сөзү М.Буларкиеваныкы,
обону А.Атабаевдики
Менин эркем жолдоштукка бек десем,
Начар экен айтпайт элем сезбесем.
Ичим жаман туз куйгандай ачышат,
Бирге окуган курбуларды эстесем.

Эстен кетпейт ар бир жаштын күлгөнү ай,
Эстен кетпейт Фрунзенин түндөрү ай,
Жаш өмүрдүн жалындаган чектери,
Айланайын, студенттик күндөр ай.

Окусак да бирге окудук тазарып,
Жүрсөк дагы бирге жүрдүк шаңданып.
Аягына турмуш башка, иш башка,
Учкан куштай туш-туш жакка тарадык.

Убакыт жок көрүшкөнчө шашабыз,
Бири инженер, бирибиз ыр жазабыз.
Кээ бири бой, кээ бирибиз үй күттүк,
Ар кимибиз ар жерде иштеп жатабыз.

ТАҢ СЫРЫ
Сөзү А.Исаевдики,
обону С.Жумалиевдики
Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган
Нурларына курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылгам,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.

Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм.
Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып күнү-түнү
Кимге барып өтүнөм?

Таңшыгыча табышмактуу таң сыры
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалбайм карылганда айт чыныңды
Артык бекен башка жердин көркөмү?

Арбалсаң да бир келесиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Арбалсаң да бир келесиң,
Ала-Тоону бир көргөнү.

Кала бердим мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде эсен-соо.
Ёкүнөрүм көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жылан бүрккөн жанар тоо.

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жанар тоо.

СЕН МЕНИН
ЖАЗЫЛБАГАН ЫРЛАРЫМСЫҢ
Сөзү Б.Алыбаевдики,
обону С.Жумадиевдики
Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Аа: сен менин дүйнөдөгү жыргалымсың.

Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Щстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан.

Аа: сен менин келечегим бакыт ачкан.
Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып жаткан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Ёмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
Аа: өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.

ИЗДЕП ЖҮРӨМ
Сөзү А.Жакыповдуку,
обону М.Рыскуловдуку
Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарылбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.

Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айлыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.

Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чаюак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да мойнуңа
кумарым таркамайын жөн койбосом.

УНУТПАДЫМ
Сөзү О.Султановдуку,
обону К.Досмамбетованыкы

Аралап шаар ичин басып жүрөм,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби.
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору борборумдун кечиндеги.

Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түнү айта бердим жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди.

Щн катпай мени тиктейт бак-дарактар,
Жүрөктө сагынчыма карашкансып.
Негедир канаттуулар учуп өтсө,
Сезилет сени көздөй бараткансып.

Эстеймин элесиңди көзүм талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта.
Түшүмдө күндө сени жолуктурган,
Ырахмат, миң мертебе махабатка.

СЕНИ ОЙЛОСОМ
Сөзү С.Шимеевдики,
обону Ү.Сыдыковдуку

Сени ойлосом канат бүткөн көңүлгө,
Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын гүлүн терген өмүргө.

Алыс жакта жүргөнүңдө сагынам,
Жалынчумун жаным сага кагылып.
Кирпик какпай таң атырам далай түн,
Карааныңды бир көргөнгө зарыгып.

Күндөн күнгө менден четтеп кеткениң,
Муздак сууну жалыныма сепкениң.
Асыл курбум чыгардыңбы эсиңден,
Тунук сүйүү бизге таасир эткенин.

Сен унутсаң мен унута албадым.
Элесиңди көңүлгө бек кармадым.
Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң алдадың.
БИЛЕМ, БИЛЕМ
Сөзү Ж.Садыковдуку,
обону М.Акматовдуку
Сен неге кеп айта албай тартынасың?
Сезилет добушунан калтырашың.
Сен неге башкалардай жуурулушпай,
Ёзүңдү жаман алга калтырасың?

Сен неге мени жакын жандабайсың,
Сен неге укмуш сөздөр арнабайсың?
Сен неге бутуң менен жерди чукуп,
Бактардын жалбырагын кармалайсың?

Анткени, билем, билем, басынасың,
Сүйөсүң, сүйгөнүңдү жашырасың.
Болбосо тик кароодон неге уялып,
Көзүңдөн неге шоола чачырасын?

ЖИЙДЕ ЖЫТЫ
Сөзү С.Жусуевдики,
обону А.Жаркынбаевдики

Аңкыган бакты аралап,
Арыктын суусу жай агат.
Самсаалап жийде кулпуруп
Саамайын жерге таранат.

Жандуунун баары жайнаган,
Жаз келди мына кайрадан.
Өзүң жок бакта өкүнүп,
Өткөндү эстеп жай барам.

Караанын бактан издедим,
Калбаптыр сенин издериң.
Баягы жийде гүлдөптүр
Бардым да жытын искедим.

Жалжал көз, шок көз сүйгөнүм,
Жабырды тарсам билбедиң.
Жытыңды мага таштапсың,
Шагына сүртүп жийденин.

АЙ БАРАТ
Сөзү А.Бекешовдуку,
обону Н.Турсунбаевдики
Ак булутту аралап ай баратат.
Аккуу болуп көлдөгү жай баратат.
Аталбайсың аккууну оңой менен,
Жете албайсың Айга да жел ой менен.

Жеткенчекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче, арман жакшы.
Жетем десең сулуу ай жетээр элем,
Көк деңизин булуттун кечээр элем.

Сүзө бергин алтын Ай көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү теңим менен.
Сага жакшы көрүнсө булуттуу көк
Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.

ЖОЛУГАБЫЗ АЗ КЩНДЁ
Сөзү А.Айталиевдики,
обону К.Жакшылыковдуку

Көлдүн жээги: Бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердиң пароходдо калкылдап.

Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратам.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.

Ар бир кыял мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуунун зардабине жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчуу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.

АТАМ МЕНЕН ЭНЕМЕ
Сөзү Т.Кожомбердиевдики,
обону Ж.Кайыповдуку
Жүрөсүңөр жашап, иштеп алыста,
Чоло тийбейт Ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.

Ойлойсуңар санаа тартып камыгып,
Садагалап караанымдан кагылып.
Силер менен самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.

Силер анда, мен күнчөлүк алысмын,
Заманымдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем
Экөөңөргө өмүр бою карызмын.

АК ЧЫНЫ
Сөзү Б.Сарногоевдики,
обону Б.Нишараповдуку
Чаңкыганда чай ичкин деп сен мага
Белек кылып берген элең жаш сулуу.
Колдон түшүп сынып калды кокустан, ай,
Атаганат өмүрүнүн аздыгы.
Ак чыны, ай, ак чыны,
Атаганат өмүрүнүн аздыгы.
Ошол күнү чыны жатты быркырап,
Ар бир сынык өз алдынча буркурап.
Сен сынсаң да, сени сунган перизат ай,
Жашаса экен жары менен ынтымак.
Ак чыны, ай, ак чыны,
Жашаса экен жары менен ынтымак.

Кош бол эми, кооз гүлдүү ак чыны,
Сага жетпейт чынылардын актыгы.
Сен сынсаң да сени сунган перизат ай,
Жашаса экен жары менен бактылуу;
Ак чыны, ай, ак чыны,
Жашаса экен жары менен бактылуу.

ЖАМГЫР
Сөзү, обону Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдымдан шамал согуп.

Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти.
Жаштыгымдай же кечээги
Кайрылбай кетеби.

Жамгыр төктү эске түштү,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан аккуумдай.

Кайырма:

Жамгыр учаар канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскеребиз,
Алгач сүйүү унутулбай.

Кайырма:

СҮЙҮҮ ЖАЗЫ
Сөзү Р.Карагулованыкы,
обону Т.Казаковдуку
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып караның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.

Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим.
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим.

Тереңдерден балбылдап сүйүү бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылат.

Кайырма:

ТАПТЫМ СЕНИ
Сөзү Г.Момунованыкы,
обону Э.Мааданбековдуку

Таптым сени таң жаркырап аткандай,
Жакшы китеп кызыгына баткандай.
Таптым сени, даабай турам кечкени,
Толкун дайра бет алдымдан аккандай.

Таптым сени бийик дабан ашкандай,
Таптым сени жаңы дүйнө ачкандай.
Таптым сени адамдыктын жолунан,
Өмүр бою жазып бүтпөс дастандай.

Табылбасаң сезбей кетмек экемин,
Бул жашоонун мынча барктуу экенин.
Жашап жүрүп татпай кетмек экенмин,
Бул өмүрдүн мынча таттуу экенин.

Таптым сени тирүүлүккө ырахмат,
Таптым сени суз көңүлүм болуп шат.
Сенин мээрим көздөрүңдүн алдында,
Жашоо бакыт, жашоо чексиз ырахат.

О, КЫЗДАР, КЫЗДАР
Сөзү, обону З.Иманалиевдики

О кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан чакырчуу болгула.
Бүлбүлдөп бараткан жаштыктын,
Билигин чоңойтуп койгула.

Оо, кыздар, кыздар,
Билигин чоңойтуп койгула.
О, кыздар сумсайыш ордуна,
Ар дайым жайдары болгула.

Алыстап бараткан жаштыктын,
Алдынан бир кайрып койгула.
Оо, кыздар, кыздар,
Алдынан бир кайрып койгула.

О, кыздар кол шилтеш ордуна
Жакындан сырдашчу болгула.
Мага окшош жигиттин колунан
Гүл сунса гүл алып койгула.
Оо, кыздар, кыздар,
Гүл сунса гүл алып койгула.
КЫЯЛДАНУУ
Сөзү А.Осмоновдуку,
обону К.Тагаевдики
Бирге жүрдүк, бирге жайлап, бир айлап,
Кайык минсек, сен отуруп, мен айдап.
Мен арчадай жаш эсебин билдирбей,
Сен кайындай жаңы гана,
Сен кайыңдай жаңы гана гүл байлап.

Уялбадым, тартынчылык кылбадым,
Шек билгизбей атыңды атап ырдадым.
Тик карабай чырайыма, жүзүмө,
Сен уялып жерди карап,
Сен уялып жерди карап кызардың.

Кетпейт, кетпейт ал уяттын кызылы,
Мына ошондо ашыктыктын кызыгы.
Кубартпаса, бозотпосо кокустан,
Фрунзенин аптабы күч,
Фрунзенин аптабы курч ысыгы.

СУЛУУГА
Сөзү А.Осмоновдуку,
обону А.Керимбаевдики
Кош жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтүп, мени эстеп, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөрткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бакча-мөмөлөрү келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген ал жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден.

Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.

КУСАЛЫК
Сөзү Ж.Мамытовдуку,
обону А.Керимбаевдики
Кезигип жылдардын бир жылдарында,
Кайырсыз айлардын бир айларында.
Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,
Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Тирүүлүк бүтүн бойдон тушап алып,
Түшүмдө өмүр менден ушаланып.
Узун түн элесиңди унуталбай
Унчукпас болуп кеттим кусаланып.

Коноктой күндөр өтөт алчыланып,
Күмүш сап камчы менен камчыланып.
Бой таштап тегирмендин парасына
Кээ күнү калгым келет кайчыланып.

Көз түшүп көк көйнөкчөн убагыңдан,
Арбын жыл атың кетпей кулагымдан.
Түшүмө киришиңди күндө тилеп,
Уктаарда угузбаган дуба кылам.

ТАЛАСЫМ
Сөзү, обону Ш.Шеркул уулунуку
Токоюн бойлоп баратсам,
Суктанып мени караткан.
Алыстан келген адамдын,
Кеткиси да келбейт Таластан.

Береке нуру сепкен жер,
Каныкей жашын төккөн жер.
Кан Бакай, Кошой баш болуп,
Кабылан Манас өткөн жер.

Ак чөлмөк ойноп таң аткан,
Айлуу түн бизге жарашкан.
Канчалык ойноп күлсөм да,
Кумарым канбайт Таластан.

Ак шумкар сызып учкан жер,
Атагын дүйнө уккан жер.
Чокусу бийик Таластан,
Чолпонбай, Чыңгыз чыккан жер.

АШ-ТОЙ, ОТУРУШТАРДА ЫРДАЛУУЧУ ЭЛДИК ЫРЛАР

АДАМГА ЭМНЕ КЕРЕК
Биринчи адамга өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Кириңди жууганга,
Чайыңды куйганга,
Энеге келин керек.

Биринчи адамга өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Чөбүңдү чапканга,
Отунду жакканга,
Атага бала керек.

Биринчи адамга өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Сырыңды айтканга,
Сырдашып жатканга,
Сыйлашып жатканга,
Кудага куда керек.

ЧОЛПОНДОЙ ЖАП ЖАШ КЫЗ ЭЛЕМ
Чокусу бийик муз төрдөн,
Чочубай учкан куш көрдүм.
Чолпондой жап-жаш кы элем,
Чоң эне болуп өзгөрдүм.

Эй, чоң эне десе неберем,
Чок боло түшөт бүт денем.
Чолпондой жап-жаш кыз элем,
Ай менен күнгө тең келген.

Талаасы кенен муз төрдөн,
Талпынып учкан куш көрдүм.
Татына жап жаш кыз элем,
Тай эне болуп өзгөрдүм.

Тай эне десе неберем,
Тамылжый түшөт бүт денем
Татына жап жаш кыз элем,
Ай менен күнгө тең келген.

БАЛДАРЫМ ӨССҮН ТАТЫНА
Өкүнөрсүң, калаарсың,
Өткөндү кайдан табасың.
Өтүп кетсе кайран жаш,
Карызга кимден аласың.

Өкүнбөйм өткөн жашымча,
Агала кирди чачыма.
Агала кирсе мейличи,
Балдарым өссүн татына.

Уулуң ай болсун жибектей,
Кызыңар болсун чүрөктөй.
Жакшы бир келин болсо экен,
Кимдин ай, кызы дедирбей.

ДИЛ КАЙРЫК
Ак куудай түнөгүңдө,
Ак тилек жүрөөгүмдө.
Билели баркыбызды,
Бир келген бул өмүрдө.

Кайырма:
Кел, достор, олтуралы,
Болбосту болтуралы.
Ёмүрдүн өксүк жерин,
Ыр менен толтуралы.

Күн окшоп, келгин кушка,
Күлгүн кез, эң бир кыска.
Туралы тартуулашып,
Тузу кем бул турмушта.

Кайырма:
Таарыныч койчу нары,
Таалайга кол суналы,
Көңүлдүн бөксө жерин,
Ыр менен толтуралы.

Кеткенге, кейибейли,
Кечикпей кел бийлейли.
Бир кем жалган дүйнө,
Бирок биз кейибейли.

Кайырма:
Боордоштор, олтуралы,
Болбосту болтураы.
Дүйнөнүн кемчил жерин,
Ыр менен толтуралы.

МАЗМУНУ
Кыйылып турам ...................................................3
Сагындым туулган жерим сени ......................4
Ооруп турат жүрөгүм ......................................5
Айтчы, айтчы ...................................................6
Боз торгоюм .....................................................7
Жаңы жыл........................................................7
.Суранам...........................................................9
Барам сага .......................................................9
Жарашалы ...................................................... 10
Уйкусуз таңдар таңатат ................................ 11
Сүрөттөгү элесиң ............................................ 12
Оштук кыз ...................................................... 13
Өрүк кыз .........................................................14
Мен сени сагынгым келет .............................15
Сен десем жаным карлыгач .........................16
Күзгү нөшөр ....................................................17
Көлдүк кыз ......................................................18
Сүйүп жүрдүм .................................................19
Ырдалып бүтпөс махабат .............................19
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың ...20
Таалайыма таптым сени ...............................21
Бейпил болсун түнүңөр .................................22
Кеч күз ............................................................24
Күтүү ...............................................................25
Жар элең ........................................................25
Өрүкзарга кетели .......................................... 26
Бактылуу болуп жашайын .............................26
5"б" класс ........................................................27
Сенин үнүң .....................................................28
Көзүңдөгү керемет ........................................28
Унутам деп .....................................................29
Жылдыздуу түн ..............................................30
Жаңылыпмын .................................................30
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай ............................32
Аядым .............................................................32
Гүлгүн жаш .....................................................33
Мен сенсиз жашай албай калгансыйм ........34
Жүрөктү жалын чырмады .............................35
Жандай көргөн адамым ................................35
Бирөө бар ........................................................36
Бир сүйүү .......................................................37
Алыстарга ......................................................38
Туулган жерди сагынуу .................................38
Эгер мен ..........................................................39
Сапардагы ыр ................................................40
Махабат көлү .................................................41
Даткайым ........................................................42
Жалжалым, жалжалымсың ...........................43
Кайыр кош ......................................................44
Сен дегенде ...................................................45
Кыздын каты ..................................................46
Сүйүү жылдызы .............................................47
Сенсиң ............................................................48
Боздотпочу ......................................................49
Сүйбөйт деп жүрөсүңбү ................................50
Махабатым .................................................... 51
Кош дедиң ..................................................... 52
Студенттик күн .............................................. 52
Бейтааныш жигит .......................................... 53
Кош сүйүү ...................................................... 54
Курдаш кыздар .............................................. 55
Сүйүү керемети .............................................56
Сездирип кой көз менен ............................... 57
Талпынат ов, жүрөгүм ................................. 58
Кел, Нооруз ................................................... 59
Өмүрлөш болсом сизге мен .........................60
Той-той .......................................................... 60
Жол вальсы ...................................................62
Жомок .............................................................62
Бир келип кетчи Ош жакка ...........................63
Күдөрүм үзбөй күтөмүн .................................64
Сүйүү жазы ................................................... 65
Узун жол ........................................................ 66
Балалыкты эңседим .................................... 67
Бийчи кыз .......................................................67
Бейпил түн .................................................... 68
Нарындык кыз ................................................69
Менин ырларым ............................................70
Ден соолук .....................................................71
Ыр десте .........................................................72
Азгырба сүйүү ................................................73
Кечки жел .......................................................74
Ош-Бишкек .....................................................74
Алтын өмүр ....................................................75
Көздөрүң айтып турбайбы ........................... 76
Сен неге жолуктуң кайрадан ....................... 77
Туулган күнүм ............................................... 78
Булбулум, ай ................................................. 78
Атама .............................................................. 79
Батма, Зуура ................................................. 80
Жамгыр .......................................................... 81
Бир сырым .................................................... 82
Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат ............... 83
Аясаң боло, жыргалым ................................ 84
Сүрөлү өмүр узака ........................................ 84
Аман бол, сенден түгүлбөйм ....................... 85
Издей берем ................................................. 86
Сагынуу ......................................................... 87
Таанышыңдай карагын ................................ 88
Эсиңдеби ....................................................... 89
Жолугарым билгеним ................................... 90
Чагылган ........................................................ 90
Он сегиз жаш ................................................ 91
Курбуларга ..................................................... 92
Таң сыры ...................................................... 93
Сен менин жазылбаган ырларымсың .........94
Издеп жүрөм ..................................................95
Унутпадым .................................................... 95
Сени ойлосом ............................................... 96
Билем, билем ................................................ 97
Жийде жыты ..................................................97
Ай барат ........................................................98
Жолугабыз аз күндө .....................................99
Атам менен энеме ........................................100
Ак чыны ........................................................100
Жамгыр .........................................................101
Сүйүү жазы ...................................................102
Таптым сени ................................................103
О, кыздар, кыздар ........................................104
Кыялдануу ...................................................105
Сулууга .........................................................105
Кусалык .........................................................106
Таласым .......................................................107
Ай-той, отуруштарда
лаАдамга эмне керек? ....................................108
Чолпондой жап жаш кыз элем ....................109
Балдарым өссүн татына .............................109
Дил кайрык ...................................................110







  Китеп_тизме: 



Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0777) 329784
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат