| Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
| түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Анвар Байтур КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ (Кытайлык кыргыз окумуштуусунун изилдөөлөрүндө) 1-китеп Мамлекеттик тил фонду 2003 Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган мааракеге китеп чыгаруу тобунун түзүмү: О. Ибраимов - төрага К. Акматов - төраганын орунбасары В. М. Плоских А. Какеев К. Иманалиев А. Асанканов Д. Андашев Ж. Жунушалиев Т. Ормонбеков М. Абакиров В. И. Шаповалов Байтур Анвар Кыргыз тарыхы (Кытайлык кыргыз окумуштуусунун изилдөөлөрүндө) 1-китеп. Б.: "Бийиктик". - 2003. ... б. ISBN 9967 - Анвар Байтур - кытайлык кыргыз тарыхчысы, окумуштуу (1938-1991). Китеп байыркы кытай, уйгур, араб жана кыргыз жазма эстеликтерин изилдөө негизинде жазылып, кыргыздардын келип чыгышы, эволюциялык өнүгүшү жана алардын бирдиктүү, кубаттуу мамлекет түзүшү, ошондой эле көптөгөн бөлөк улуттардын калыптанышына тийгизген таасири жөнүндө баяндалат. ББК © Мамлекеттик "Учкун" концерни, 1992 Б © Мамлекеттик тил фонду, 2003 ISBN 9967 - Автор жөнүндө маалымат Анвар Байтур 1938-жылы 8-айдын 1-күнү Шинжаң Уйгур Автоном районунун Аксуу аймагына караштуу Көөнө шаар (Вынсу) ооданы Боздөң кыштагында малчынын үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген. 1945-жылдан 1949-жылга чейин Боздөң кыргыз башталгыч мектебинде, 1949-жылдан 1953-жылга чейин Аксуу Дарал-мугалиминде, 1953-жылдан 1956-жылга чейин Шинжаң институтунун тарых-жуграпийа факультетинде окуган. Ал 1956-жылдан 1962-жылга чейин Мамлекеттик Эл Курултайы Улуттар комиссиясы уюштурган Шинжаң Аз сандуу улуттар коомун жана тарыхын текшерип изилдөө группасында иштеп, кыргыз, уйгур, казак, тажик, өзбек, татар сыяктуу аз сандуу улуттардын коомдук абалын, этнографиясын, тарыхын, тилин текшерип изилдөө кызматтарына катышып, 40тан ашык илимий макала жазып жарыялаган; 1980-жылдан баштап "Шинжаң менен ички өлкөлөрдүн тарыхый байланыштары", "Кыргыз адабиятынын жалпы абалы", "Кыргыздардын кыскача тарыхы" сыяктуу бир бөлүк китептерди жазып чыгарган. Анвар Байтур Жуңго Коомдук Илимдер Академиясы Улуттарды Изилдөө Институтунун доценти болуп, Жуңго Орто Азия маданиятын зерттөө коому, Жуңго улуттар тарыхын зерттөө коому, Жуңго байыркы улуттар тил-жазуусун зерттөө коому, Жуңго түркий тилдерин зерттөө коому , Жуңго "Жапайы адамдарды" зерттөө коому, Жуңго түндүк улуттар философия-идеологиясын зерттөө коому, Шинжаң дуншунастык зерттөө коому, Шинжаң кыргыз тил-адабият, тарыхын зерттөө коому сыяктуу коомдордун орунбасар башчысы, туруктуу мудурлар (мүдүрлөр - Ред. ) коллегиясынын мүчөсү, туруктуу мүчөсү, редколлегия мүчөсү сыяктуу милдеттерди аткарууда. Ал кезекте талап боюнча Жуңго Коммунисттик партиясы Борбордук Комитети Жогорку партия мектеби, Борбордук Жаштар Ынтымак Кадрлар мектеби, Борбордук кадрларды тарбиялоо институту, Борбордук улуттар институту, Шинжаң университети сыяктуу жогорку мекемелерде Жуңго улуттарынын байланыш тарыхы, Шинжаң улуттар тарыхы, кыргыз тарыхы, уйгур тарыхы жөнүндө лекция сүйлөөдө. "Кыргыз тарыхы лекциялары" деген бул илимий эмгек Анвар Байтурдун 1983-жылы Борбордук улуттар институтунун кыргыз сыныбында сүйлөгөн лекция тезиси болуп, тунгуч ирет басмадан чыгып эл менен жүз көрүшүүдө. Кытай жергесинде 1986-жылы Шинжаң жаштар басмасы тарабынан бир кезде (1913-1915-жылдары) Осмоналы Сыдык уулу жазып чыгарган "Кыргызыйа", "Шадманыйа" деген эки китеп бириктирилип, "Мухтасар тарых Кыргызыйа" деген ат менен өзүнчө бир китеп болуп жарыкка чыккан. Китепти Анвар Байтур редакторлоп, "Кыргызыйа жана Шадманыйа жөнүндө" деп кириш сөз жазып, бул санжыранын баалуу жактары менен кем-кетиктерин көрсөтүп берген. Осмоналы Сыдык уулунун айтылуу бул эмгегинин экинчи өмүр сүрүшүнө, ал китептин көптөгөн окурмандарына кайрадан жетишине Анвар Байтурдун жасаган эмгеги өтө зор. Чыгаан тарыхчы, белгилүү инсан, залкар окумуштуу Түркияга атайын чакыруу менен барып, кыргыз, уйгур, түрк элдеринин тарыхы боюнча лекция окуп жүргөн жеринен 1991-жылы дүйнөдөн кайткан. Байтурдун эмгеги менен тааныш ар бир окурман үчүн бул кайгылуу кабарды угуш оңой болгон жок. Өзгөчө, тарыхын жаңыдан иликтеп, изилдеп жаткан кыргыз эли үчүн орду толбос жоготуу болду. Деген менен анын калтырып кеткен колуңуздардагы ушул эмгеги тарыхыбыз үчүн табылгыс казына. Бул казынаны аздектеп, барктап алуу жеке эле тарыхчылардын гана эмес, атпай кыргыз журтчулугунун милдети. Бул эмгек биздин тарыхыбыздын башаты жана ар-намысы. Ырас, китепте кандайдыр бир себептер менен түз айтуудан ийменип, кыйытып айтууга аракеттенген мисалдардын кездешерин, ошондой эле автор өзү эскерткендей айрым маалыматтардын тезис түрүндө гана берилгендигин эске алганыбызда андай мүчүлүштөрдүн шартка ылайык экендигинен улам болгондугун унутпашыбыз керек. Кыргыз элинин тарыхын толук, так, туура жазып, аны мектеп окуучуларына, техникумдардын, жогорку окуу жайлардын студенттерине, жалпы эле коомчулукка сунуш кылуу милдети али алдыда турат. Кириш сөз Кыргыздар Ата Мекенибиздин тарыхый материалдарында наамы эң илгери тилге алынган байыркы улуттардын бири болсо да, бир канча миң жылдардан бери алардын кээ бир доорлордогу айрым тараптары гана баяндалган кыска-кыска, бөлөк-бөлөк маалыматтардан башка, алардын жалпы тарыхы жөнүндө системалуу кылып жазылган бирер тарых материалы бүгүнкү күнгө чейин жарыкка чыкканы жок. Ал эми мындай бир системалуу кыргыз тарыхын жазып чыгуу болсо, кудум кумдан алтын издегендей өтө татаал, ары машакаттуу бир жумуш. Анын үстүнө, кыргыз тарыхындагы көптөгөн маселелер, тактап айтканда, "кыргыз" деген этник наамдын келип чыгышы, анын мааниси Тияншан кыргыздарынын качан, кандай жагдайда пайда болгондугу, кыргыз тарыхындагы көптөгөн окуялар, тарыхый жекелерге кандай баа берүү маселеси, кыргыздардын баатырдык эпос, дастан жана аңыздарындагы тарыхый окуялардын кыргыздардын өткөн замандардагы жазма тарыхы менен болгон байланыштары сыяктуу көптөгөн маселелер, мейли мамлекетибизде болсун, же чет мамлекеттерде болсун, бүгүнкү күнгө чейин аныкталбай келе жаткан бир маселе болуп турууда. Колуңуздагы бул "Кыргыз тарыхы лекциялары" деген китепте кыргыздардын байыркы замандарда жашаган журттарында адамзаттын пайда болгондугу, айрыкча, жаңы эрадан үч кылым илгери ханзуча тарыхый материалдарда "кыргыз" деген этник наамдын тунгуч ирет тилге алынган доорунан баштап, 20-кылымдын 10-жылдарындагы Шинхай төңкөрүшүнө чейин болгон аралыктагы кыскача тарыхый тезис ирээтинде баяндалды. Бул лекцияда баяндалган мазмундар окуучулардын күткөн талаптарын кандыра албастыгы мүмкүн, анткени, бул китеп окуучулар талап кылган кең маселелер үстүндө токтолбойт. Мындай кең маселелер үстүндө терең жана кең токтолуу болсо, "Кыргыздын жалпы тарыхынын" милдеттенмеси болуп эсептелет. Ошондуктан окуучулардын бул лекцияда жипке тизилген тарыхый окуяларды негиз кылып отуруп, бул маселелер үстүндө изилдөөлөрдү жүргүзүүсү талап кылынат. Бул китеп 1976-1983-жылдардын ичинде талап боюнча Борбордук улуттар институту кадрларды тарбиялоо күрсү жана улуттар тили факультети, кыргыз тили студенттери, уйгур тили студенттерине өтүлгөн лекциялар, ошондой эле 1979-жыл Шинжаң университети тарых факультетине өтүлгөн лекциялардын негизинде түзүлдү. Лекцияны өтүү барышында (калыбы "процессинде" - ред.) жогорку орундардын тарых илимпоздору жана мугалимдери, студенттери көптөгөн түзөтүү пикирлерин берди. Мен ал жолдошторго чын көөнүмөн ыракмат айтамын. Бул лекция менин кыргыз тарыхы жөнүндөгү туңгуч иретки бир далалатым болуп, анын ичинде көптөгөн жетишсиздиктер жана каталыктардын болушу мүмкүн, окурмандардын түзөтүү беришин суранамын. Анвар БАЙТУР, 1985-жылы 10-сентебир, Пейжин Биринчи тароо Кыргыз райондорундагы адепки адамдар Жолдош Мавзедуң: "Биз Жунхуа улуттарынын ата-бабалары эң байыркы замандын түпкүрүнөн баштап эле ушул эбегейсиз мейкиндикте жашаган, өөрчүп көбөйүп келген"1 деп көрсөткөн. Азыр улуу Ата Мекенибиз Жунхуа Эл Республикасынын мээримдүү кучагында ханзу, хуйзу, заңзу, моңгул, уйгур, чавшиен, казак жана кыргыз сыяктуу элүү нече улут жашайт, тарыхта бул улуттар жана алардын ата-бабаларынын өндүрүштүк формасы менен маданияттык деңгээли бир-биринен айырмалуу болсо да, алар өздөрүнүн ынтаалуу эмгектери, баатырдыгы, акылмандуулугу аркылуу Ата Мекенибиздин узак тарыхын жана даңкы таш жарган шаан-шөкөттүү маданиятын бирдикте орток жараткан. Улуу Ата Мекенибиздеги улуттардын түпкү ата-бабалары, айрыкча кыргыздар жана алар менен байланыштуу улуттардын ата-бабалары чыгышта Чыгыш Жуңго деңизи, батышта ак кардан калпак кийип, көккө такашкан Памыр тоолору, Орто Азиянын илгери чөп-тулаңдар каптап, кийинче кум басып калган кең мейкиндиги жана андан да батышка карай кеткен Хазар (Каспий) деңизи, түндүктө бир-бирине чынжырдай уланып турган Сиберийа тоолору өңдүү кең мейкиндиктин аралыгында жашап, өз башынан алгачкы коомдук түзүлүш, кулдардын коомдук түзүлүш, феодалдык коомдук түзүлүш, ошондой эле алардын ар бир баскычтарын басып өткөн. АДЕПКИ КООМДОГУ БАЙЫРКЫ АДАМДАР Окумуштуу илимпоздордун изилдөөлөрүнө караганда жер шарынын катышып катуу затка айланганына жыйырма миллиард жыл болду. Мына ошондон баштап жер бетиндеги зор климат өзгөрүштөрү себеби менен агын суулар, көлдөр, деңиздер, жайлоо жана кыштактар* келип чыкты жана узун замандардын өтүшү аркасында агын суулардын жээктери, көл, деңиздин бойлору, жайлоо жана кыштактар ар түрдүү айбанаттардын мекени болуп калды. Азыркы доорубуздан 1 миллион 700 миң жыл илгери бир түрдүү адам сымал маймылдардан эң алгачкы адамдар пайда болду. Бирок бул адамдар кебетеси (бет-бейнеси) жагынан маймылдардан анча зор айырмасы болбогондугу үчүн алар "маймылсымал адамдар" деп аталган. Ф.Энгельс: "адамдын өзүн эмгек жараткан"2 деп көрсөткөн. Демек, маймылсымал адамдардын маймылдан айырмасы - анын өз тирчилиги үчүн кылган эмгеги болгондугунда. Бирок ал замандагы адамдарын эмгеги өтө жөнөкөй болгон эле. Азыр доорубуздан 6-7 жүз миң жылдан 4 миң жылга чейин болгон өтө узак заман ичинде алгачкы адамдар адамдык түзүлүш, өндүрүштүк куралдар, коомдук абалы жана турмуш жагынан көптөгөн өзгөрүштөрдү жасаган. Бул доор археология жана тарыхта "алгачкы коомдук түзүлүш" деп аталган. Алгачкы коомдогу бул адамдардын негизги өзгөчөлүктөрү алардын алды менен оттон пайдаланышы, таш куралдардан жана кийинчерээк металл куралдардан пайдалангандыгы, ошондой эле адамзаттык коомдук турмушка басып киргендиги менен мүнөздөлөт. Алгачкы коомдук түзүлүш өзүнүн мындай өзгөчөлүктөрүнө карай отуруп "палеолит" ("палеолит" деген грекче "палайус - литос" "алгачкы таш" деген сөздөн чыккан) - эски таш доору, "неолит" ("неолит" деген грекче "неос - литос" - "жаңы таш" деген сөздөн келген) - "жаңы таш" жана "металл" доору деген мезгилдерге бөлүнгөн. Палеолит мезгилинде адамдар таш менен ташты согуу аркылуу жасаган сүйрү таш куралдар, таш бычак, таш шына, таш кыргыч сыяктуу жөнөкөй куралдардан пайдаланган. Алар бул жөнөкөй куралдар аркылуу табигаттын даяр өнүмдөрүн жыйнаган, балык кармап жеген жана майда айбандарды кармап, алардын этинен пайдаланган. Бул мезгилдин эң чоң бир эрекчелиги - өндүрүштүк каражаттарынан болгон коомдук менчиктин ал замандагы коомдук мамилелердин негизи болгондугу болуп эсептелет. Анткени алар коллектив эмгек кылып, коллектив азык тапкан жана ал азык-түлүктөн коомдун бардык мүчөлөрү тең пайдаланган. Табылган мүлккө жеке ээ эмес. Ошондуктан адамдар бирин-бири эзүү жана тап деген болгон. Палеолит мезгилиндеги адамдар жана топтук никеленүү (үйүр) турмушунда жашаган. Аларда үй-бүлө деген болбогон. Алар топ тобу менен үңкүрлөрдө турушкан, туулган балдары мына ушундай үңкүрлөрдө тарбияланган. Бул заманда адамдар алды менен энесине карата үйүр топторго бөлүнгөн. Анткени, туулган урпак уландар бүтүндөй энелерин тааныган. Мындай топтук мамилелер алгачкы коомдук түзүлүштүн уруулук байланыштарынын негизи болуп эсептелет. Алардын турмушундагы мындай байланыштар бир канча жүз миң жылды басып өткөн. Палеолит доорунун аяк мезгилдеринде болсо, энелик уруулардын так өзү келип чыккан. Бул заманда уруулар бир топтогу түпкү энелердин аты менен аталган. Азыркы доорубуздагы археологдор улуу ата мекенибиздин ар кайсы жерлери жана азыркы кыргыздар жашаган райондордун көптөгөн палеолит мезгилине тиешелүү байыркы адамдардын издерин тапты. Мисалы палеолит доорунун алгачкы баскычтарына тиешелүү болгон "Лан тиан адамы", "Бейжин маймыл сымал адамы"; палеолит доорунун орто баскычына тиешелүү болгон "Дин суң адамы", "Маба адамы", "Чан яң адамы"; палеолит доорунун акыркы мезгилине тиешелүү болгон ички Моңгулдагы "Хетава адамы" жана "Кичүү Нанхай адамы", Бейжиндеги "Шан Дин күң адамы", Хуан ши өлкөсүндөгү* "Ли йюу жаң адамы", Сычуан өлкөсүндөгү "Зияң адамы", Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусундагы "Артыш адамы" жана кыргыздар жашап өткөн азыркы Сиберийа тоолорунун этектери Эне-Сай дарыясынын баш агымындагы Минушенски ойдуңу Тияншан тоолорунун этектери, Ысык-Көл бойлору, Нарын, Талас, Сыр, Аму дарыяларынын баш агымы сыяктуу жерлерде жашаган. "Алгачкы көчмөндөр" өңдүү байыркы адамдар так ушул палеолит доорунун тушунда жашаган. Азыркы заманыбыздан 10 миң жылдан 4 миң жылга чейин болгон аралыкта алгачкы коомдук түзүлүштүн неолит мезгили башталып, бул мезгилде таштан жасалган өндүрүштүк куралдар бир кыйла жакшыланды. Ташты көзөп жип саптады жана жыгач өткөздү. Ташты жонуп текшилөө жана курчутуу адистери келип чыкты. Бул мезгилде таш балта, таш балка, таш кетмен, айрыкча - жаа, жебе өңдүү курал шаймандардын бардыкка келиши өтө чоң маңызга ээ, ошондуктан бул мезгилде неолит адамдарынын жапайы айбандарга аң кылып уулоого мүмкүнчүлүк туулду. Кой, уй жана жылкы сыяктуу айбандар эң алгач колдо үйрөтүлө баштады. Ошондуктан, бул доордо жана сөөк курал шаймандар да келип чыга баштады. Эң алгачкы эгинчилик майданга келди. Бирок өндүрүштүн бул түрлөрү бири-биринен анык айрылып чыкпаган болуп, кийинки өндүрүштүн эгинчилик менен мал чарбачылыктан турган эки чоң форманын эми эле өнүп чыга баштаган жансыз бүчүрүнүн өзү болуп кала берген. Неолит мезгилинде энелик уруулук байланыштары тез темп менен өнүгө берген, коомдо аялдардын орду эң жогору болгон, бул мезгилде өндүрүштүк куралдарга болгон коомдук менчик мурункудай эле негизги орунда турган болсо да аялдар өз уруусунун ичинде өндүрүштүн бардык салааларына жетекчилик кылган. Анткени бул заманда турмуш аш-азык бышыруу, кийим тигүү, балдарды тарбиялап катарга кошуу, колго үйрөтүлгөн айбандарды багуу жана аларды саап сүт алуу сыяктуу негизги эмгектердин бардыгы аялдардын колу менен иштелген. Эркектер тек гана аңчылык кылышкан. Бүгүнкү күндө Улуу ата мекенибиз Жуңгонун ар кайсы жерлеринен жана кыргыздардын байыркы журттарынан бул неолит мезгилине тиешелүү көптөгөн издер табылды. Мисалы, Хуанхи дарыясынын башкы агымынан табылган "Йаң Шийав маданияты", "Бан Шан - Мачаң маданияты", Хуанхи дарыясынын төмөнкү агымынан табылган "Да Фынгу маданияты", "Луң Шан маданияты", Чаңжяң дарыясынын башкы, орто агымынан табылган "Чин лиенгаң маданияты", "Ляңжу маданияты", "Чүйжиялин маданияты" ошол неолит мезгилине таандык. Тияншан, Памир, Алтай, Сиберийа тоолорунун этектери сыяктуу жерлерде неолит мезгилине тиешелүү болгон "неолит жайлоо маданияты" деген маданият издери бар. Байыркы адамдар алгачкы коомдук түзүлүштүн палеолит, неолит мезгилинен кийин жана металлдар мезгилине өтүшкөн. Бул доордо эмгек куралдары негизинен жез, бронза* (жез менен калайдын эритмеси) сыяктуу металлдардан жасалды. Эгинчилик менен мал чарба өндүрүшү бир кыйла өнүктү. Бул илгерки жаратылыштын даяр түшүмдөрү жана башка жөнөкөй өндүрүштөрдүн ордун каптап, бул жаңы доордогу тиричиликтин негизи болуп калды. Ошондуктан коомдо эркектердин ролу аялдарга караганда тез темп менен арта берди. Ошентип, аталык уруучулук байланыштары патериархал энелик уруулук байланыштарынын ордун ээледи. Металл мезгилинин эң чоң эрекчелиги илгерки үйүр-топтук ниекеленүүнүн ордун үй-бүлө байланыштары ээлегендиги болуп эсептелет. Бул мезгилде ар бир уруулар энеге карап бөлүнгөн болбой, ал эми атага карап бөлүнө турган болду, уруулар эркектердин наамы менен атала турган болду. Өндүрүштүн түрлөрүнүн татаалдашуусу, өндүрүштүк каражаттардын көбөйүшү, өндүрүштө эркектердин негизги орунга өтүшү сыяктуу себептер менен коомдо бир бүтүн өндүрүштүк каражаттарга болгон жеке менчиктүүлүк жана адамды адам эзе турган абалдар түрлөнүп чыга баштады. Ошентип, адамзат коому таптык коомго басып кире баштады. Жеке уруулардын ортосундагы мал-мүлккө болгон теңсиздикке ээрчип, уруулардын өз ичинде, айрыкча, ар бир уруулар ортосунда уруш-талаш келип чыкты. Жыйнактап айтканда, бир канча жүз миң жылга созулган алгачкы коомдук түзүлүш, жогоруда айтылгандай, адамзат тарыхындагы эң алгачкы, эң жөнөкөй бир доор болуп, бул доордо алгачкы адамдар негизинен эң жөнөкөй жана оор турмушта жашаган. Алар жаратылыш жана анын ар түрдүү кубулуштары менен үзгүлтүксүз күрөш кылып келген болсо да, алар жана эле жаратылыштык кубулуштардын себептерин түшүнбөгөн. Ошондуктан табигат дүйнөсүндөгү бул кереметтерге сыйынуу, аларды "теңир" ("кудай") деп билүү өңдүү алгачкы диндик караштар да болгон. Алгачкы коомдук түзүлүштүн аяккы мезгилдеринде, алгачкы адамдар жана өздөрүнүн касиеттүү ата-бабалары, өз уруусунда даңк чыгарып өткөн баатырларга сыйынуу, өлгөн соң алардын бейттерине барып таюу, же болбосо алар өлгөндө ар түрдүү курал шаймандар, азык-түлүктөр жана башка буюмдарды бирге көмүү адаттары болгон. Демек булар алардын табийгат кырсыктарынан коркууларынан келип чыккан. КЫРГЫЗ РАЙОНДОРУНДАГЫ БАЙЫРКЫ АДАМДАР Тарыхый маалыматтарга негизделгенде кыргыздар ата мекенибиздеги эң байыркы улуттардын бири болуп, алар эң мурда азыркы Батыш Сиберийадагы Эне Сай дарыясынын башкы агымындагы райондор менен Тияншан жана анын батыш жактарындагы Орто Азия райондорунда жашаган эң байыркы адамдардын урпактары болуп эсептелет. Бул райондордо алып барылган археологиялык табылгаларга караганда кыргыз элинин ата-бабаларынын тарыхы божомол менен мындан 300 миң жыл мурдагы байыркы таш кылымынын түпкүрүнөн башталат3 . Ошондуктан кыргыздардын ата-бабалары жашаган бул райондордун тарыхы менен таанышып өтүү өтө зор маңызга ээ. ЭНЕ САЙДАГЫ БАЙЫРКЫ АДАМДАР Эне Сай дарыясы - Батыш Сиберийадагы Саян тоолорунан башталып, Батыш Сиберийа ойдуңунун чыгыш жээктерин бойлоп Түндүк Муз океанга куюлат. Геологдордун божомолуна караганда мындан 20 миллион жыл илгери Эне Сай дарыясынын чыгыш бойлорунан башталган Батыш Сиберийа ойдуңу, Казакстан чөлдүгү Орто Азия райондору жана түштүк Русия ойдуңу сыяктуу жерлердин бардыгы бири-бирине туташкан чоң океан болгон экен. Жер шары катышкандан кийинки үчүнчү жана төртүнчү эра деп аталган доор ичинде (мындан 20-10 миллион жыл илгери) жер катышында кескин өзгөрүүлөр болуп өттү. Илгери дөң, адыр болуп эсептелген Алтай, Тияншан, Памир, Индикуш тоолору бара-бара өсүп чыкты. Жогорку Батыш Сиберийадан Түштүк Русия ойдуңуна карай созулган чоң океандын суусу Түндүк муз океанга карай оонады. Ушуну менен азыркы Балкаш, Арал, Каспий жана Кара деңиздер пайда болду. Бул бийик тоолордон Эне Сай, Об жана Эртиш, Иле, Сыр, Аму дарыялары агып түштү. Бул деңиз жана дарыялардын аралыктарында кең кургак мейкиндиктер, жайлоо жана кыштоолор пайда боло баштады. Бул кең мейкиндиктин аралыктарындагы жансыз талаа жана Кызыл-Кум сыяктуу чөлдөрдү эсептебегенде көл, деңиздер, агын суулардын тегеректери ошол заманда адам жана айбандардын тиричилик кылышы үчүн чоң мүмкүндүк жаратты. Жогоруда баяндалгандай, мындан 1 миллион 700 миң жыл илгери келип чыккан алгачкы адамдар так ушул көл-деңиздер жана агын суулардын жээктеринде жашаган. Ошондуктан бул райондор болсо жер бетинде эң илгери пайда болгон алгачкы адамдар жаткан бел-бешиктеринин бири болуп калган4. Жакынкы бир канча он жылдын ичинде археологдор кыргыз элинин эң байыркы журттары деп эсептелген Эне Сай дарыясынын баш агымындагы Красноярск шаарына жакын Афонт деген тоодон алгачкы коомдук түзүлүштүн палеолит доорунда жашаган адамдардын маданият издерин тапты, бул маданият издерине каратылган изилдөөлөргө караганда Афонт тоосу жана анын айланасы эң алгачкы адамдар бир канча жүз миң жылдар жашаган эң даңктуу мекендеринин бири болгон, бул тоодон алгачкы адамдар иштеткен сүйрү таш кыргычтар, үч бурчтуу миздүү таш куралдар, сөөктөн жасалган куралдар жана курал жасоого иштетилген буюмдар табылды. Бул буюмдар техникалык жактары, түзүлүшү, көрүнүшү сыяктуу тараптардан ата мекенибиздеги Бейжин маймыл сымал адамы, Шандыңдүң адамы, Ички Моңгулдагы хетав адамдары иштеткен буюмдар менен бир замандаш болгон жана Афонт адамдарынын маданият деңгээли ошол заманда алгачкы маданияттуу адамдар деп аталган Орто Жуңго жана Германиядагы сыр-ашел адамдарынан анча айырмаланып кетпеген. Афонт тоосу жана Эне Сай дарыясынын баш агымындагы башка жерлерден казып алынган табылгаларга караганда алгачкы коомдук түзүлүштүн палеолит мезгилинде жашаган кыргыз элинин эң түпкү ата-бабалары алды менен дарактардын даяр мөмөлөрүн терип жеген, андан соң балык кармоо жана аңчылык кылуу менен турмуш өткөзгөн, айрыкча итти колго үйрөтүү, жылкыдан пайдалануу алардын турмушунда эң маңыздуу маселе болуп эсептелген, анткени Эне Сай дарыясынын баш агымында жана Алтай тоолорунун этектеринде жашаган биздин ата-бабаларыбыз дүйнө тарыхында жылкыдан эң туңгуч ирет пайдаланган адамдардын бир бөлүгү болуп эсептелет, жылкыны колго үйрөтүү жана андан пайдалануу болсо дүйнөнүн башка жерлерине так ушул райондон таралган болуп, ал бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бардык окумуштуулар тарабынан бекиткен маселе, кээ бир илимпоздор жылкынын колго үйрөтүүнүн бул райондон Америка мейкиндигине таралгандыгын айтышкан5. Афонт адамдары дүйнөнүн башка жерлериндеги палеолит адамдарына окшош эле топ-топ болуп биргелешип эмгек кылышкан, өндүрүштүк куралдары жана өндүрүштүк каражаттарынан болгон коомдук менчиктүүлүк алардын коомдук байланыштарынын негизи болгон, бул мезгилде энелик уруучулук коомунун алгачкы төрөлөрү озуп чыга баштаган. Эне Сай дарыясынын башкы агымындагы райондордо жашаган бул эң түпкү ата-бабаларыбыз палеолит доорунан неолит дооруна басып кирген. Алардын маданияты тез темп менен өнүккөн. Таштан жасалган өндүрүштүк куралдарынын жакшылангандыгынан башка алар таш жана башка нерселерге ар түрдүү кооз сүрөттөрдү оюшкан. Булардын ичинде жылкы, кой, эчки жана башка айбандардын сүрөттөрү, аял-кыздардын сүрөттөрү өтө зор маңызга ээ. Анткени, бул сүрөттөр алардын накай турмушунун көрүнүштөрүн чагылдырган. Демек, бул сүрөттөргө караганда алар бул заманда энелик уруулук мезгилинин эң өнүккөн баскычтарында жашаган. Мал чарбачылардын турмушунда эң негизги кепилдик болуп эсептелген. Ф.Энгельс: "Көчмөн малчы уруулардын жапайы адамдар тобунан бөлүнүп чыгышы туңгуч иретки коомдук эмгек бөлүнүшү болуп эсептелет. Көчмөн уруулардын өндүрүштүк каражаттары башка жапайы адамдардыкынан көп болуу менен бирге жана алардыкына окшош да болбогон. Башка жапайы адамдарга салыштырганда булар сан жагынан көп болгон. Сүт, сүттөн жасалган азыктар, эт жана айбандардын териси, кой, эчки жүндөрү, ошондой эле бул каражаттардын көбөйүшүнө ээрчип күн сайын көбөйө берген токулма буюмдарга ээ болушкан. Бул алардын алгачкы адат боюнча мал алмаштыруусуна мүмкүнчүлүк берген"6 деп жазган. Демек, буга караганда биздин энесайлык ата-бабаларыбыз алгачкы коомдун бул мезгилинде кудум башка райондордо жашаган алгачкы адамдарга окшош эле мал айырбаштоо жана соода байланыштарын жасаган. Кээ бир тарыхый материалдарга караганда Эне Сай жана ага коңшулаш жерлердеги алгачкы адамдар палеолит мезгилинин аяк чендери, айрыкча, неолит мезгилинин баштарында коомдук өндүрүштүк турмуштун талабы жана башка себептердин аркасында от-чөп менен суу кубалашып алыс жерлерге болгон көчмөндүк турмушун баштаган. Морган деген атактуу илимпоз өзүнүн "Байыркы коом" деген китебинде бул байыркы адамдар "деңиз жана көлдөрдүн жээктерин, агын суулардын бойлорун бойлоп тарап-тарапка таркалышкан. Алардын изи жер шарынын көп бөлүктөрүнө жеткен"7 деп жазган. Кээ бир окумуштуулар Эне Сай жана аны менен коңшулаш райондордогу адамдардын мындан 15 миң жылдан 12 миң жыл аралыгында, Ак деңиз аркылуу Америка мейкиндигине көчүп барып туракташып калгандыгы жана узак замандардын өтүшү менен ал жердеги индия адамдарынын түпкү ата-бабалары болуп калгандыгын жазган8 . Азыркы доорубуздан 5-6 миң жыл мурда Эне Сай адамдары неолит доорунан өтүп, алгачкы коомдук түзүлүштүн эң өнүккөн мезгили болгон металл дооруна басып кирди. Эне Сай дарыясынын башкы агымындагы райондордун металл дооруна тиешелүү адамдардын маданиятына таандык издер өтө көп табылды. Бул издер археологияда "Минусенски маданияты" деп аталган. Бул маданият өз ичинде Афаносово маданияты, Андреново маданияты жана Карасуу маданияты деген маданият баскычтарына бөлүнөт. Афаносово маданияты дегенибиз энесайлык ата-бабаларыбыздын бронза-металл куралдар менен таш куралдарды бирге иштеткен маданият доору болуп эсептелет. Бул доор, жогоруда айтылгандай, мындан 5-6 миң жыл илгерки заманга таандык жана бул маданият Эне Сай дарыясынын Минусенски ойдуңундагы Афаносово тоосундагы байыркы бейиттерден табылгандыгы үчүн ошол тоонун наамы менен аталып калган. Бирок бул мадаияттын көлөмү өтө кең болуп, Минусенски ойдуңунун батыш-түштүк тарабындагы Алтай тоолорунан башталган Катун дарыясынын айланасына чейин созулган. Афаносово маданияты тушунда жашаган адамдар кызыл жезден жасалган бычак, сөөк куралдар жана таш куралдарды иштеткен. Металлдарды бышыктап иштетүү өнөрүнө ээ болушкан. Булар негизинен ит, кой, эчки, жылкы жана башка айбандарды багып көбөйтүшкөн. Бир кыйла турукташып тиричилик кылышкан. Арпа жана буудай эгишкен. Ошону менен жана аңчылык кесиптерин да таштап койбогон. Афаносово бейиттеринен табылган табылгалардын ичинде үлүл (уюм тууду) кабыгынан жасалган мончоктордун табылгандыгы адамды өтө кызыктырат. Анткени бул мончоктор түзүлүшү жана формасы жагынан ата мекенибиздин Хуанхи дарыясынын орто агымындагы райондор менен Орто Азиядагы Аму дарыясынын жээктеринен табылган мончоктор менен окшош болгон. Буга караганда биздин байыркы энесайлык ата-бабаларыбыз мындан 5-6 миң жыл мурда эле бул райондор менен ар түрдүү карым-катнаштарды жасап турушкан. Эми Андреново маданияты дегенибиз Эне Сай дарыясынын башкы агымындагы Красноярски облусунун Андреново кыштагынан табылган маданият болуп эсептелет. Бул маданият мындан 4 миң жыл илгерки доорго таандык болуп, бул маданият мазмун жагынан металл доорунун алгачкы жана орто замандарына туура келет. Энесайлык ата-бабаларыбыз Андреново маданиятынын тушунда өнүккөн мал-чарбачылык жана башталгыч эгинчилик менен күн өткөзгөн. Аңчылык турмушу алардын коомунда өндүрүштүн бир кошумча жардамчы даражасына түшүп калган, айрыкча бул маданият мезгилинде ар түрдүү идиштер жасалган. Идиштердин түбү текши болуп, сыртына ар түрдүү оймолорду оюшкан. Жыгачтан кооз ээр токум, басмайыл, көмөлдүрүк, куюшканга ар түрдүү оймолорду оюшкан. Алар мындан канжар, бычак, билерик өңдүү турмуш буюмдарын жасаган. Ошондуктан, Андреново маданиятынын издери бүгүнкү күндөрдө Батыш Сибериянын бардык жерлери, Түштүк Сиберия жана Казакстандын көп райондорунда табылып отурат. Андреново маданияты тушунда биздин энесайлык ата-бабаларыбыздын коомунда өндүрүштүк каражаттарга жеке менчиктүүлүк бир кыйла өнүккөн. Ар кайсы уруулардын ичинде мал-мүлккө болгон теңсиздик келип чыккан. Уруу аксакалдары жана уруулар ортосунда болгон согуштарда күч көрсөткөн баатырлардын мал-мүлктөрү арта берген. Ошентип, энесайлык ата-бабаларыбыздын алгачкы коомдук түзүлүшү бузула баштаган. Бул энесайлык ата-бабаларыбыздын коомдук өнүгүү тарыхындагы чоң бурулуш болуп эсептелет. Энесайлык ата-бабаларыбыз Андреново маданияты мезгилинен Карасуу маданияты мезгилине кирип келген. Бул маданият баскычы мындан мурдагы 3 миң 2 жүз жылдан 2 миң 7 жүз жылга чейин болгон аралыкка туура келет. Карасуу маданияты дегенибиз Минусенски ойдуңундагы Карасуу дарыясынын боюнан табылган маданият издерине каратылган. Карасуу маданияты да таасири эң кең болгон байыркы маданияттардын бири болуп эсептелет. Анткени, Карасуу маданиятынын окшош түрлөрү жана Орто Сиберийадагы Байкал көлү, Алтай райондору, Семей жана Зайсан көлүнүн жээктеринен да табылып отурат. Карасуу маданияты болсо илгерки Афаносово жана Андреново маданиятынын уландысы болсо да ал бул эки маданиятка окшобогон бир канча өзүнө таандык өзгөчөлүктөргө ээ. Биринчиден, алар негизинен ар түрдүү металлдардан татаал жана кооз курал-шаймандар, турмуш буюмдарын көптөн иштеп чыгарган, таш куралдар негизинен иштетилүүдөн калган. Экинчиден, көчмөн мал чарбачылык өндүрүшү алардын коомдук турмушунда бүтүндөй үстөмдүк орунду ээлеген. Мал чарбасынын негизги түрү - кой жана жылкы багуу болгон. Үчүнчүдөн, алар бир жылдын төрт мезгилдик ченемдерин абдан ээлеп, мал чарбачылык өндүрүшүндө мезгилдер боюнча конуш алмаштырып турушкан. Демек, табигат кырсыктарынын ченемдери боюнча өндүрүштүк кыймылдарды жүргүзүү жана табийгатты өзгөртүү жолдорун бир кыйла билишкен. Төртүнчүдөн, алар ошол замандагы маданияттуу элдер, райондор менен тыгыз байланыш жасап, алардын өнүккөн техникасын үйрөнгөн. Мисалы, Карасуу маданияты доорундагы бейиттерден чыккан ийри саптуу бычактар, кыргычтар, балталар жана жаалардын түзүлүшү, чийки материалдардын көрүнүшү, жасалышы жактардан ата мекенибиздеги эң байыркы маданияттуу мамлекеттерден болгон Шия (жаңы эрадан илгерки 21-16-кылымдардагы), Шияң (жаңы эрадан илгерки 16-11 кылым аралыгы) доорунда жасалган окшош түрдөгү буюмдардан эч канча айырмаланбайт. Бешинчиден, энесайлык ата-бабаларыбыз бул маданият баскычында дүйнөнүн чыгыш тараптары менен Европа мейкиндиги ортосундагы маданият алмаштыруу иштеринде чоң көпүрөлүк ролун аткарган. Анткени, ата мекенибиздин орто Жуңго райондорунда жасалган ар түрдүү кооз буюмдардын Эне Сай жана андан да батышка карай кеткен алыстагы Европада табылышы мунун анык далили болуп эсептелет. Алтынчыдан, Карасуу бейиттеринде көмүлгөн кээ бир буюмдарга караганда энесайлык ата-бабаларыбыз өздөрүнүн турмушунда эң маңыздуу болуп кой жана башка айбандарды өздөрүн ачарчылыктан жана башка коркунучтуу азаптардан куткаруучу периште деп билишкен. Бул алардын эзелки диний караштары болуп эсептелет. Жыйнактап айтканда, кыргыздардын эң түпкү ата-бабалары жашаган Эне Сай дарыясынын эң башкы агымындагы райондор мындан бир канча жүз миң жыл мурдагы заманда эле адамзат алды менен өз кыймылдарын баштаган райондордун бири болуп калган. Биздин ата-бабаларыбыз мына ошол райондордо жашап, бул райондорду гүлдөтүп, өз өндүрүшүн, маданиятын өнүктүрүү менен бирге коңшулаш райондор жана Азия менен Европа мейкиндигиндеги элдердин маданияттарынын өнүгүшү үчүн өздөрүнүн тиешелүү салымдарын кошкон. ТИЯНШАНДАГЫ БАЙЫРКЫ АДАМДАР Америкалык илимпоз В.М.Меговрин "Орто Азия жерлери болсо адамзаттын маданият тарыхында эзелтен баштап эле зор маанилүү орунда туруп келген бир жер болучу. Ал бир тараптан түрдүү салт-санаалар жана көркөм өнөрдүн келип чыккан бир булагы болгон болсо бир тараптан эң алгачкы дүйнө маданият борборлорун бири-бирине тааныштырып келген жер да болучу"9 деп жазган. Чехословакиялык атактуу илимпоз Хилозни "Орто Азия адамзаттык алгачкы бешиктеринин бири"10 деп жазган. Демек кыргыз элинин түпкү ата-бабалары жайлаган Орто Азия райондору адамзат эң мурда пайда болгон райондордун бири болгон. 1938-жылы археологдор Орто Азиядагы Сурхан дарыя суусунун жээгиндеги Тешик Таш деген тоодон эзелки палеолит мезгилинен бронза мезгилине чейин болгон таш куралдар жана металл куралдарды тапкан. Бул куралдардын ичинде бир кыйласы жонуп жасалган таш тешкич, таш кыргыч, сөөктөн жасалган ийне сыяктуулар бар. Бул буюмдарды изилдөөчүлөрдүн маалыматтарына караганда бул жерде жашаган эң алгачкы адамдар оттон пайдаланышкан жана аңчылык кылып турмуш өткөзгөн. Анткени, жогоркудай куралдар табылган жерлерден коңуз, бугу, жылкы, жолборс, учар, куштардын сөөктөрү да табылган. 1953-жылы Ысык-Көлгө жакын Он Арча суусунун боюнан табылган палеолит мезгилине таандык таш куралдар адамды өтө кызыктырат. Бул табылгалар Тияншан кыргыздарынын ата-бабалары жашаган эң байыркы журттарынан табылган туңгуч археологиялык табылга болуп эсептелет жана 1954-жылы азыркы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Кожо Бакырган Сай деген жерден табылган таш куралдар да өзүнүн түзүлүш-жасалыш жактарынан Он Арча суусунун бойлорунан табылган таш куралдар менен окшош. Геологдордун изилдөөсүнө караганда кыргыздын эң байыркы ата-бабалары жашаган Он Арча, Кожо Бакырган Сай жана анын тегерегиндеги Ысык Көл, Нарын дарыясынын жээктери мындан 20-10 миллион жыл мурдагы үчүнчү, төртүнчү доор деп аталган геологиялык доордо бүткүл Орто Азия жерлерин каптаган чоң деңиз жээктери болгон. Ал заманда азыркыдай Тияншан жана Памир тоолору да болгон эмес. Тияншандын түштүк тарабындагы Такла Макан ойдуңу да чоң деңиз болгон эле. Ошондуктан эки чоң деңизди бири-биринен айрып турган азыркы Тияншан, Памир тоолорунун ордундагы жапыс дөңсөөлөр, бул дөңсөөлөрдүн түндүк тарабындагы Он Арча жана Кожо Бакырган Сай сыяктуу жерлердин климаты ал заманда өтө нымдуу климатка мүнөздүү болгон өсүмдүктөр, жапайы айбандар болгон. Кийинче бул жерде мамонт, мүйүз тумшук сыяктуу чоң мүчөлүү айбандар жашаган. Мындан 1 миллион жылдан 6-7 жүз миң жылга чейин болгон аралыкта Он Арча, Кожо Бакырган Сай жана Тияншан тоолору менен Памир тоолорунун ордунда эң алгачкы маймыл түстүү адамдар пайда болгон. Алар жапайы өсүмдүктөрдүн тамырларын, дарактардын мөмөлөрүн терип жеген, балык жана башка суу айбандарын кармап азык кылышкан. Алар жогоруда жазылгандай түрдүү жөнөкөй таш куралдарды урунган. Археологдор айрыкча Он Арча менен Кожо Бакырган Сай жана анын айланасындагы бул байыркы адамдардын кебетеси, өндүрүштүк куралдары, өндүрүштүк куралдарынын жасалышы, куралдардын түрлөрү жана өздөрүнүн ишмердүүлүгү жактарынан биздин Ата Мекенибиздеги Бейжиң маймыл сымал адамынан анча чоң айырмасы болбогон. Демек, бул абалга караганда кыргыздын эң байыркы ата-бабалары жашаган Он Арча менен Кожо Бакырган Сай жана анын айланасындагы жерлер болсо адамзаттын эң алгачкы келип чыккан бешиктеринин бири болгон. Он Арча менен Кожо Бакырган Сайда жашаган байыркы адамдардын палеолит мезгилинде урунган куралдарына окшоп кеткен таш куралдар жана Орто Азиядагы Вакшы дарыясынын төмөнкү агымы, Кафырынган дарыясынын төмөнкү агымы, Каспий деңизинин жээктери, Кара тоо райондору, Фергана ойдуңу, Нарын дарыясынын жээктери, Зайсан көлү, Эртыш дарыясынын бойлорунан да табылган. Бирок кыргыздын байыркы ата-бабалары жашаган райондордун бири болгон Тияншандын түштүк тараптары, Памирдин чыгыш тараптары сыяктуу райондордун байыркы палеолит дооруна тиешелүү маданият издери, "Артыш адамы" табылган азыркы Кызыл Суу кыргыз автономиялуу районунун Артыш ооданынан башка жерлерде азырга чейин анча көп жолукпады. Тияншан жана Памир тоолорунун түндүк жана түндүк-батыш тараптарында байыркы адамдардын неолит, металл мезгилине таандык болгон табылгалар өтө көп жана мазмун жагынан өтө бай. Булардын ичинде Орто Азиянын Ашгабат (Түркмөнстанда) шаарынын жанындагы Жодун дөңсөөсүнөн табылган неолиттик таш куралдар, Өзбекстандагы Калта Мунар деген жерден табылган неолиттик таш куралдар бар. Бул маданият издеринин ордунда жана сапал, сөөк куралдар, турмуш буюмдары бар. Археологдордун изилдөөлөрүнө караганда неолит доорундагы Жодун жана Калта Мунар адамдары кебете жагынан азыркы заман адамдарына таандык болгон. Алар балыкчылык, мал чарбачылык менен турмуш өткөргөн. Алар сапалдан жасалган идиштерге ар түрдүү кооз сүрөттөрдү салышкан. Кээ бир сапал идиштерге чынжырга окшош сүрөттөр оюлган. Алар ыраңдуу сапал идиштерди жасоону да билишкен. Бул жерлерден табылган өндүрүштүк куралдар менен турмуш буюмдарына караганда алар да ар тараптан, айрыкча курал жана буюмдардын түсү, жасалышы жактарынан ата мекенибиздеги Хуанхи дарыясынын башкы агымындагы райондордон табылган Яң Шияв маданияты, Мажаво маданияты, Бан Шан-Мачаң маданияты, Чижйа маданияты, Хуанхи дарыясынын орто агымындагы райондордон табылган Луңшан маданияты менен замандаш болгондугу анык. Археологдор Жодун менен Калта Мунарды негиз кылган байыркы заман адамдарынын кыргыздын байыркы ата-бабалары жашаган Ысык Көлдүн жээктери, Нарын суусунун боюнда жашаган неолиттик адамдарга өтө зор таасир бергендигин аныктап чыкты. Мисалы азыркы Бишкек шаарынын жанындагы Аламүдүн суусунун боюнан, Токмок шаарынын тегерегинен, Ысык Көлдүн жээгиндеги Чолпон Атадан табылган ар түрдүү өндүрүштүк таш куралдар жана турмуш буюмдары көп тараптан жогоруда айтылган адамдардын курал жана буюмдарына окшоп кетет. Археологдордун ныкташына караганда бул жерлердеги неолиттик адамдар көбүнчө чоң үңкүрлөрдө турушкан. Мисалы, Нарын шаарынын жанындагы Теке Секирик үңкүрү, Сары-Жаз суусунун жээгиндеги Ак Чуңкур үңкүрү так ушул неолиттик адамдардын эң байыркы турак жайлары болуп эсептелет. Изилдөөлөргө караганда Теке Секирик, Ак Чуңкур адамдары 5-6 миң жыл илгери жашаган. Неолиттик адамдардын маданияты Тияншандын түштүк тараптары менен Памир тоолорунун чыгыш жактарынан көп табылган. Айрыкча, азыркы Кызыл Суу Кыргыз автономиялуу облусу жана анын тегерегиндеги райондордон табылган неолиттик маданият мазмун жагынан өтө бай болуу менен бирге, ата мекенибиздин Хуанхи дарыясынын баш агымындагы райондор, ички Моңгул чөлдүгү жана Хангай, Алтай, Сиберийа тоолорунун этектеринен табылган неолиттик маданият менен замандаш болуп, бул райондордун ортосундагы байланыштар коюу болгон. Шинжаңдагы кыргыз райондорунун бардык жерлеринен дээрлик табылган неолиттик маданият мындай үч түрдүү мүнөзгө ээ: биринчи, киримний жана куартис мүнөздүү таштардан жасалган таш бычак, таш тешкич, таш кыргыч, таш жонгуч куралдар; экинчи, түстүү буюмдар менен бир кыйла сылыктап жасалган таш куралдар; үчүнчү таш менен ташты ийкеп жасалган жана азыркы замандагы эгинчилик куралдарына окшоп иштелген куралдар болуп эсептелет. Бул куралдар Шинжандагы кыргыз райондорунда жашаган неолиттик адамдардын мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк турмушун көрсөтөт. Шинжандагы кыргыз райондорунун кээ бир жерлеринен табылган таш курал жана таш буюмдарынын ичинде таштан жасалган балта, таш оргок (орок), таш кетмен жана сапалдан жасалган чайнек, такса, чара, чыны-аяк өңдүү идиштердин табылышы өтө зор маңызга ээ. Бул райондордон жана сөөктөн жасалган шибеге, ийне, ошондой эле аз санда тучтан жасалган курал жана турмуш буюмдары да табылган. Мындай курал жана турмуш буюмдарынан Шинжандагы кыргыз райондору жана аны менен коңшулаш жерлерде жашаган неолиттик адамдардын маданиятынын канчалык даражада өнүккөндүгүн билүүгө болот. Кээ бир изилдөөгө караганда бул райондордон табылган кебетеси жаңы ай формасына окшогон, ата мекенибиздин Шияң жана Жу (жаңы эрадан илгерки 11-кылым жана жаңы эрадан илгерки 771-жыл аралыгы) доорунда ички өлкөлөрдө жасалган ушул типтеги оргокторго окшоп кеткен11 . Жалпылай айтканда тияншандык кыргыздардын эң байыркы ата-бабалары өздөрүнүн энесайлык туугандары менен бир катарда өз башынан адамзат эң алды менен келип чыккан байыркы коомдук түзүлүштүн палеолит, неолит жана металл доорун башынан кечирип, энелик уруулук доору, аталык уруулук доорун басып өтүп, ишмердүүлүгү жана эмгекчилдиги аркылуу ата мекенибиздин батыш-түндүк райондорун ачып гүлдөндүрүүдө жана бул райондордун тарыхын жаратып, анын коомдук маданиятын өнүктүрүүдө өздөрүнүн эбегейсиз зор салымдарын кошушкан. Экинчи тароо ЭҢ БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР КЫРГЫЗДАР ЖӨНҮНДӨГҮ ЖАЗМА МААЛЫМАТТАР Кыргыз улутунун наамы ата мекенибизде мындан эки миң жыл мурда өкүм сүргөн Чыгыш Хан империясынын доорунда (жаңы эранын 220-225-жылы) жашаган Симачйен деген адам (жаңы эрадан илгерки 145-186-жылы) тарабынан жазылган "Тарыхнама" деген китепте туңгуч ирет тилге алынган. Анткени, кыргыздар так ушул доордо эле ханзуларга маалым болгон. Симачйен өзүнүн бул китебинин уннулар шежиреси деген тармагында кыргыздарды "Гекүн" деп жазган. Бул заманда кыргыздар уннулардын түндүк тараптарындагы Хүнйү, Чүйшйе, Динлин, Шинлий деген тайпаларга жакын жерлерде жашаган. Бирок бул китепте уннулар "кийинче түндүктөгү хүнйү, чүйшйе, динлиң, гекүн, шинлий сыяктуу элдерди өзүнө каратты"12 деген сөздөн башка кыргыздардын коомдук турмушу, алардын жашаган жерлери, гекүн (кыргыз) деген этник наамдын мааниси жана башка абалдары жөнүндө эч кандай маалымат жок. Жана ошол Чыгыш Хан империясында жашаган Бангу деген адам (жаңы эранын 32-92-жылы) жазган "Хан жылнамасы" деген китепте да жогорку сөздү кайталагандан башка кыргыздар жөнүндө эч кандай жаңы маалымат калтырбаган. Бирок так ошол китептеги "уннулар шежиреси" деген бөлүмүндө кыргыздар "жянкүн" деген наам менен тилге алынып, алар "чыгыш тарапта уннулардын Теңир Куту (падышасы) турган жерден 7 миң жол, түштүктө Чеш (азыркы Жимисар жана Турпан) деген жерден 5 миң жол келе турган жерде жашайт"13 деп жазылган. Жыйнап айтканда бул китепте да байыркы кыргыздардын жашаган орундары жана башка абалдары жөнүндө анык бир маалымат жок. Бирок кийинки окумуштуулар жогорку кыскача маалыматтарга негизденип туруп, алар эң алгачкы доорлордо азыркы Сиберийадагы Эне Сай дарыясынын башкы агымындагы райондордо жашаган деген түшүнүккө келишти. Кийинче кыргыздардын наамы байыркы ханзуча жазма маалыматтарда жана "жийегу", "чийигү", "хегес", "шагас", "жылыс", "булути" деп жазылып келген. Окумуштуулар "булути" деген сөз ойрот, моңгулдардын кыргыздарга берген "буйрут" деген сөздөн келип чыккандыгын жана анын "кыр адамдары" деген мааниде экендигин жоромолдойт. Башкача аталмалар болсо "кыргыз" деген сөздүн ар бир доордогу ханзу тили менен жазылышы деп көрсөтөт. Ал эми "кыргыз" деген сөздүн келип чыгышы жана маанисине келсек, Жуңгонун Миң империясы доорунда жашаган Сун Йан деген адам (жаңы эранын 1381-1310-жылы) тарабынан жазылган "Юан тарыхы" деген китептен башка жазма материалдарда бул жөнүндө эч кандай маалымат жок. Бул китепте ошол доордогу кыргыздардын ичинде таралган уламыштарга негизденип отуруп, "кыргыз" деген сөз "кырк-ууз", же болбосо "кырк-огуз" деген сөздөн келип чыккан деген жоромол алгач сүрүлгөн. Мындайча айтканда, бул китепте бир замандарда ханзу райондорунан түндүк тараптарга барып калган кырк ханзу кызы ушул жерлерде жашаган ууз (огуз) деген уруулар менен никеленгендиги, кийинче, булардан тараган урпактар "кырк-ууз", "кырк-огуз" деп аталгандыгы "кыргыз" деген сөз как ушул "кырк-ууз", "кырк-огуз" деген сөздөн өзгөрүлүп келгендиги14 жазылган. "Кыргыз" деген сөздүн мааниси жана кыргыздардын байыркы журттары жөнүндө түркчө, арабча жана парсыча бир кыйла материалдар бар. Айрыкча түркүй улуттарынын атактуу окумуштуусу Махмут Кашкари тарабынан жазылган "Диван лугатит түрк" деген атактуу чыгармада кыргыздар (кырк кыздар) жөнүндөгү бир канча жерде маалымат берилген. Бул чыгарманын бир жеринде: "Кыргыз" деген бир түрк тайпасынын наамы"15 деп жазылган, бул чыгарманын кириш сөз бөлүмүндө кыргыздардын жашаган мекендерин жана алар менен коңшулаш жашаган тайпалар жөнүндө маалыматтар бар, бул маалыматтарда кыргыздын татарлар менен айылдаш жашагандыгы, алардын журту Чинге (Жуңгого) жакын экендиги баяндалган. "Кыргыз" деген наамдын "Диван лугатит түрктө" "кыргыз" деп жазылгандыгы, байыркы түрк тайпаларынын "Е" тамгасын "К" менен окуусуна байланыштуу болсо керек. Махмут Кашкарыдан соң көптөгөн илимпоздор байыркы кыргыздардын тарыхы жана "кыргыз" деген этник наамдын келип чыгышы, мааниси жөнүндө кээ бир изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Татар окумуштуусу Ади Атласов жана башка илимпоздор "кыргыз" деген наам жана кыргыздардын келип чыгышы сыяктуу маселелерди байыркы огуздар жана анын каганы Огуз ханга байланыштуу кылып көрсөтөт. Булардын ичинде Ади Атласов: "Байыркы түрктөрдүн такай падышалык куруп, Азия мейкиндигинин бардык жерлерин бир кыйла кол астына алган мезгили болсо так Мукаммет пайгамбар жылнамасынан 3400 жыл мурда (жаңы эрадан 4600 жыл илгери) өткөн Огуз хан дооруна туура келет"16 деп жазган. Түркиянын окумуштуусу Нажип Асим: "Түрктөр чоң өзөндөрдү "өгүз" деп атаган. Ошондуктан байыркы түрк тарыхында "огуз" деген аталманын так "өгүз" деген сөздөн келип чыгып "огуз" "гуз" деп аталып калгандыгы жана түрктөр батыш элдерине так ушул наам менен атак чыгаргандыгы мүмкүндүккө өтө жакын"17 деп жазган. Атактуу татар окумуштуусу Мухаммет Мурат Рамзи: "Кыргыздар тегинде Огуз Хан урпактары болгон түрк тайпаларынын ичиндеги чоң бир тайпа, же болбосо алар Огуз Ханга жакын жүргөн адамдардан же анын аскер башчыларынан таралган болсо керек. Кыргыздардын наамы болуп келген "гыз" деген сөз "огуз" сөзүнүн бузулуп айтылышы болсо керек… Түрк тилинин сөздүк маанисинде эрме чөл же болбосо жайлоолорду "кыр" деп айтат. Демек, кыргыз деген сөз "кырда жашаган огуздар (кыр-огуздар, кыр-гыздар) деген сөз болсо керек"18 деп жазган. Аты-жөнү анык болбогон бир адам тарабынан жаңы эранын 712-жылы жазылган "Ките бени түркия" деген китепте: … "огуздардын бардык тайпалары" "тогуз огуз" деген наам менен эске алынат, анын ичинде кыргыздар да баяндалат"19деп жазылган. Демек, жогорку маалыматтарга караганда "кыргыз" деген наам байыркы түрк тилиндеги (бул доордо байыркы түрк тайпаларынын тили менен кыргыз тилинин ортосунда чоң айырма болбогон) "кыр" (тоо, жайлоолор) деген сөз менен "өгүз" (суу, өзөндөр) деген сөздүн бирикмесинен келген же болбосо жогорку маанидеги "кыр" деген сөз менен "огуз" (огуз тайпасы жана анын алгачкы бир жетекчисинин наамы) деген сөздөн өзгөрүп келген болсо керек. Бул сөздөрдүн мааниси - кыр-өзөндөрдө жашаган адамдар, же болбосо кырда жашаган огуздар деген сөз болсо керек. Демек, бүгүнкү "кыргыз" наам как ошол "кыр өгүз", же болбосо "кыр огуз" деген сөздөрдүн кыскартылып айтылышы болсо керек. Ал эми түрк тилиндеги улуттардын тарыхын бир кыйла терең изилдеген Мухаммет Абулгазы Батырхан өзүнүн "Түрк шежиреси" деген даңазалуу чыгармасында огуздар жана анын бир тармагы деп аталган кыргыз сыяктуу улуттардын тарыхы жөнүндө көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, огуз жана кыргыздардын ичинде таралып келген байыркы уламыштарды жазып калтырган. Анын жазгандарына караганда: "Огуз хандын алты уулу болгон. Чоң уулунун аты Күнхан, экинчиси Айхан, үчүнчүсү Жылдызхан, төртүнчүсү Көкхан, бешинчиси Тоохан, алтынчысы Деңизхан. Бул алты уулдун ар биринин чоң аялдарынан төрөлгөн төрттөн баласы болгон экен. Алардын кичүү аялдарынан да башка балдары бар эле. Күнхандын төрт уулунун ичинде, чоңунун аты Калый, экинчиси Баят, үчүнчүсү Алга Аюулуу, төртүнчүсү Кара Аюулуу; Айхандын төрт уулунун ичинде, чоң уулунун аты Языр, экинчиси Ябир, үчүнчүсү Додарга, төртүнчүсү Дөкөр; Жылдызхандын төрт уулу болуп, чоң уулунун аты Ошар, экинчиси Карнак, үчүнчүсү Бекдели, төртүнчүсү Каркын; Көкхандын төрт уулунун ичинде биринчиси Байындар, экинчиси Бечене, үчүнчүсү Жабылдар, төртүнчүсү Жебени; Тоохандын төрт уулунун алгачкысы Салур, экинчиси Аймир, үчүнчүсү Алайунтлу, төртүнчүсү Үркөр; Деңизхандын төрт уулунун биринчиси Эктер, экинчиси Экдоз, үчүнчүсү Ава, төртүнчүсү Канак. Огуз хандын бул алты уулунун кичүү аялдарынан төрөлгөн төрттөн баласы болгон. Бирок бул балдардын кайсы атадан таралгандыгын билбейбиз. Булардын аты Кене, Көнө, Турбатуу, Керейлүү, Султандуу, Окдуу, Көкдуу, Суужулуу, Арасандуу, Журтчу, Жамчы, Турумчу, Коому, Сорко дегендер. Бул убакытта Коому дегенди Саркы деген наам менен да чакырчу, булардан башка Курчук, Сурачык, Карачык, Казгурт, Кыргыз, Тикенлала, Мердешүй, Сайыр дегендер болгон"20. Мухаммет Абулгазы Батырхан өз чыгармасынын бул жеринде Кыргызды Огузхандын кайсы бир уулунун кичүү аялынан төрөлгөн небереси деп жазган. Ал бул чыгарманын жана бир жеринде: "Огузхандын Кыргыз деген бир небереси бар эле. Кыргыздар так ошонун уругунан келип чыккан. Бирок бул заманда кыргыз тукумунан болгон адамдар өтө аз болгон, ошондуктан магул (моңгул) татар жана башка уруулар айбандарды багуу үчүн от-чөп жана суу кубалашып, кыргыз жерине барып отурукташып жалпылай кыргыз деген наам менен аталып калышкан. Бирок алар өздөрүнүн кайсы урууга таандык экенин билишет"21 деп жазган. Демек, Мухаммет Абулгази Батырхандын бул маалыматтарында байыркы "кыргыз" деген аталманын агын суу деген түркчө (жана кыргызча) "огуз" деген түп сөзүнөн келип чыккан "огуз", "гуз" сөзү менен тыкыз байланыштуу экендигин, ошондой эле кыргыздардын эң байыркы замандардан баштап эле түрк тилиндеги уруу-тайпаларга таандык экендигин далилдейт. Ислам динин негизги мазмун кылып жазылган тарыхый материалдарда болсо кыргыздар адамзаттын түпкү атасы деп жоромолдогон Адам алейсаламдын небереси деп жазылат. 19-кылымда жашаган уйгур тарыхчысы Молла Муса ибн Молла Айса кожо Сайрами деген адам фарсиялык Кожо Рашидиддин тарабынан жазылган "Жамийуктавариг" жана 16-кылымда жашаган дуглат уруусунун тарыхчысы Мухаммет Мурза Хайдаркер Агани тарабынан жазылган "Тарихи Рашиди" деген китептерге негизделип жазган "Тарыхы Хамиди" деген китебинде: "Адам ата менен Ава энеден Нох пайгамбар төрөлгөн. Нох пайгамбардан Хам, Сам, Яфас деген үч бала төрөлгөн. Яфас деген бала өтө акылдуу, зейрек билимдүү бала болгон. Яфастан он бир бала төрөлгөн. Анын бири Чин (ханзу) болуп, Яфастын уулу Чин да атасына окшош акылдуу, зейрек, ишмердүү бала эле… Яфастын жана бир уулунун аты Түрк болуп, ал Яфас оглан деп аталган. Жана бул Кийомрыс (Кийомрыс - Фарсиянын азыркы доорубуздан 3500 жыл мурда өткөн эң байыркы уламыштарда баяндалган падышасы) менен бир заманда жашаган деген маалыматтар бар. Бардык түрк тайпалары, могул (муңгул), татар, кыргыз, кыпчак, уйгур, манжу, найман, чиркес, дачин, дагыстан, торгоот, ногой, парлас, жорос, жалайыр, дилим, журжут, яжуж-мажуж сыяктуу бир канча миң уруу жана бир канча миң тайпалардын түпкү атасы Яфастын уулу Түрккө барып жетет"22 деп жазган. Малла Мүса Сайраминин бул маалыматтары негизинен христиан дининин улуу китеби болгон "Инжил", мусулмандардын улуу китеби болгон "Куран" жана башка ислам тарыхчыларынын мифологиялык көз караштарынан келип чыккан болсо да, бирок анын бул маалыматтарынан байыркы кыргыздардын кан жана муун жагынан байыркы түрк тилиндеги тайпалар менен кээ бир байланыштарда болгондугун көрүүгө болот. Ал эми бүгүнкү күндө антропология жана археологиялык казма табылгалар, тарых илиминин ийгиликтүү табыштары адамзаттын кандай пайда болгондугу, анын кандайча өнүгүп, бүгүнкү доорго жетип келгендиги жөнүндө жогоркудай мифологиялык көз караштардын сырын ачып, чындыкты бир кыйла көрсөтүп отурат. "Кыргыз" деген наам жөнүндө орус жана башка элдердин окумуштуулары да кээ бир маалыматтарды берип аны чечүүгө тырышкан. Орус окумуштуусу Радлов кыргыз деген сөз кыргыз элинин кырк (40) жана жүз (тарап) деген уңгу сөзүнөн келген. Мунун мааниси тарап-тарапта жашаган кырк уруу деген болот деп жазган. Жана бир орус окумуштуусу Березин "Кыргыз деген сөз кырк (40) деген уңгу сөз жана анын "ыз" деген көптүк кошулмасынан түзүлгөн" - деп жазган, мунун мааниси кырк уруулар деген болсо керек деп жоромолдойт. Ал эми татар окумуштуусу Тенешишев болсо "кыргыз" деген сөз "кырк" жана "кыз" деген уңгу сөздөрдүн кошулмасынан келип чыккан деп жазган23. Тил изилдөөчү Дунвинйи өзүнүн "Кыргыз деген аталманын мааниси" деген макаласында жогорку "кырк - жүз", "кырк - из", "кырк - кыз" деген аныктамаларга макул болбой, анын тескерисинче, "кыргыз" деген сөз кыргыз тилиндеги "кырк-аз" деген сөздөн келип чыккан, "аз" деген сөз болсо байыркы кыргызча "баатыр", "ак көңүл", "сулуу" деген сөз болот. "Ал эми кырк -аз" деген сөз болсо "кайраткер, ак көңүл", "жакшы кылыктуу", "акылы кылды кырк жарган" деген мааниде. Кийинче түрк тилдеринин ассимиляция заңы боюнча "аз" деген сөз "из" деген сөзгө, "кырк - аз" деген сөз "кырк - изге" өзгөрүп калган"24 деп жазат. Жалпылай айтканда, "кыргыз" деген сөздүн мааниси жана анын келип чыккандыгы жөнүндө азырча жогоркудай жазма материалдар бар, бирок бул жазма материалдардын кайсы бири чындыкка жакын экендиги жөнүндө так бүгүнкү күндүн өзүндө да токтолгон аныктама жок. "КЫРГЫЗ" ЖӨНҮНДӨ ООЗЕКИ УЛАМЫШТАР Кыргыз улуту бир канча ондогон, ал тургай бир канча жүздөгөн уруулардан куралган бир улут болуп эсептелет. Ошондуктан ар бир уруу өз ичинде өздөрүнүн кандай таралгандыгы жана кыргыз улутунун кандай келип чыккандыгы, "кыргыз" деген сөздүн мааниси жөнүндө эң кызыктуу жана эң укмуштуу уламыштарды сактап келген. Кыргыз жөнүндөгү жогорку жазма маалыматтардын кээ бирлери кыргыз ичинде таралган ушундай оозеки уламыштарга негизденип жазылган болсо керек. Бул оозеки уламыштар төмөнкүлөр: "Кыр огуз" уламышы Айтууларга караганда кыргыздардын эң түпкү атасы Карахан деген бир адам болгон. Карахандын беш уулу, көп эли, көп малы жана көп жылкысы болгон экен. Кийинче Кара хан мал чарбанын көптүгүнөн жайы жетпей, беш уулун жумшап туш-тарапка чабуул жасап, дүйнөнүн көп жерлерин өзүнө караткан. Күндөрдүн биринде Кара хандан Огуз хан деген бир акылдуу, ишмер бала төрөлгөн экен. Кара хан өлгөн соң Огуз хан атасынын ордуна хан болгон. Огуз хан да туш-тушка чабуул жасап атасынын изи жетпеген жерлерди да өзүнө караткан экен. Огуз хан өлөрдүн алдында өзүнө караштуу бардык жерлерден өзүнүн алты уулуна бөлүп бериптир. Кийинче бул алты уулунан жыйырма төрт бала төрөлгөн. Бул жыйырма төрт бала чоңоюп ар бири бир элге хан болгон экен. Күндөрдүн биринде илгери Огуз хан отурган ордонун тегерегинде бир көк бөрү пайда болгон экен. Огуз хандын жыйырма төрт небереси бир жерге жыйналып акылдашып, көк бөрүнү өлтүрмөкчү болуптур. Көк бөрү муну билип алып, теңирге жалынып, асмандан катуу жаан жана мөндүр жаадырыптыр. Жер бетин мелтиреген суу каптаптыр. Жыйырма төрт баланын эл жана малын катуу зыянга салыптыр. Так ушундай бир мезгилде жыйырма төрт баланын эң кичүүсү бийик тоого карай качып, жер бетин каптаган кыяндан аман калган экен. Кийинче теңир бул балага мейримдүүлүк кылып, күндүн ысыгы менен жер бетин кургатып бериптир. Тоого качкан баланын эли жана малы күндөн күнгө көбөйүптүр, жер бетинин башка жерлеринде аман калган адамдар бул бала турган тоого жыйыла баштап, аны өздөрүнө хан кылып көтөрүп, анын бийлиги астында жашаптыр. Бул ханга багынгандар Огуз хандын өз тукумун сактап калыптыр. Багынбагандар "моңгол" жана "татар" деген наам менен аталыптыр. "Моңгол" деген сөз "муңдуу", "татар" деген сөз "ажыр" деген мааниде болот экен. Моңгулдар менен татарлар кийинче жогорку тоодо жашаган огуз тукумун "кырогуз" деп атаган экен. "Кыргыз" деген сөз "кыр-огуз" деген сөздөн өзгөрүп келген экен. Мунун мааниси "кырда жашаган огуздар" деген болот экен. ("Шинжаң кыргыздардын текшерүү материалдары"). "Кыр-огуз" уламыштарынын бир канча варианттары Мухаммет Абулгази Батырхан тарабынан жазылган "Түрк шежиреси" деген китептеги Огуз хан жөнүндөгү уламыштарга өтө окшоп кетет. Ал эми бул уламыштарга Кара хан жөнүндөгү варрианттар болсо кыргыз элинин оозеки адабиятында, айрыкча тарыхый дастан "Семетейде" да жолугат. Мисалы "Семетей" дастанынын жомок башында: Айкөл баатыр Манастын Чоң атасы Кара хан, Кара хандан тараган Ойротто жок Ороздой Ороздудан тараган Кара мүртөз Жакып хан, Жакып хандан тараган Жайдары айкөл шер Манас25 - деген мазмундар бар. Демек, Кара хан жана Огуз хан, ошондой эле Огуз ханга байланыштуу болгон кыргыз жөнүндөгү уламыштар азыр бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Кээ бир кыргыз урууларынын ичинде Огуз хандын өзү кыргыз экендиги, кыргыздар жана башка түрк улуттары как ушул Огуз хандын тукумунан тарагандыгы жөнүндө да уламыштар бар. "КЫРГЫЗБАЙ" УЛАМЫШЫ "Кыргызбай" жөнүндөгү уламыштар кыргыз элинин көпчүлүк урууларынын ичине кең таралган. Бул уламыш жана кыргыздардын системалуу санжыраларына да сиңип кирген. Бул уламыштын негизги мазмуну мындай: Айтууларга караганда эң байыркы моңгул элдеринин түндүк тарабында Темир казык жылдызынын как түбүндө "Кыр өгүз" (Кыр өзөнү) деген чоң бир агын суу болгон экен. Бул агын суунун бойлорунда Түрк, Кыргыз жана Кыргызбай деген үч ага-ини жашаган экен. Түрк арпа айдап жеген, Кыргыз балык кармап жеген, Кыргызбай аңчылык кылып жашаган экен. Күндөрдүн биринде Кыргызбай өзүнүн экинчи агасы Кыргыз менен урушуп, андан таарынып өз бала-чакасын жана эл, малын айдап, күн батыш жакка карай сапар кылган экен. Ал узак сапардан соң от-чөптөрү кулпуруп турган, агын суулары шаркырап агып турган Теңир Тоо (азыркы Тияншан тоосу болсо керек) деген бир бийик тоонун көз жетпес жайлоолоруна келип түшүптүр жана бул жайлоону өздөрүнө түбөлүк мекен кылып тандаптыр. Кийинче Кыргызбайдын тукуму өөрчүп, эли жана мал чарбасы көбөйгөндүктөн, ал бир далай жайлоо жана кырларды ээлеген экен. Күндөрдүн биринде Кыргызбайдын элин алыстан келген жоо чапкан экен. Кыргызбай өз элин жоого каршы согушка чакырып, Кыпчак, Найман, Тейит, Кесек деген төрт уулун баш кылып, элинин бул бөлүгүнө өзү жетекчилик кылып, келген жоонун как ортосунан сокку бермекчи болуптур. Ал жоого каршы турган бул сапты "ичкилик" деп атаптыр жана Адигине менен Тагай деген уулун жоонун бу жагына сокку берүүгө жибериптир. Адигине менен Тагай өздөрүнүн Мунгуш, Черик, Бугу, Багыш, Сарбагыш, Саяк, Солто деген балдары башкарган аскерлерге жетекчилик кылып, жоонун оң канатын бузуп түшүптүр. Булар "оң" деп аталыптыр. Ал эми Кыргызбайдын бир аялынан төрөлгөн Басыз, Мундуз, Саруу, Кушчу (Кутчу), Кытай, Мингуш деген балдары жоонун сол жагынан бузуп кириптир. Кыргызбай буларды "сол" деп атаптыр. Ошентип, жоону жеңип, өз элинин боштондугун сактаган экен. Демек, "кыргыз" деген наам жана азыркы кыргыз уруулары ошолордон келип чыккан. "КЫРГЫЗ КҮЧ" УЛАМЫШЫ Айтууга караганда кыргыздардын түпкү атасы Кыргызбай деген адам күндөрдүн биринде Хан Мүртөз деген падыша адам түндүккө улашкан, аркасы түштүктөн эми чыккан көп аскерлери менен келип, Кыргызбайдын элине чабуул жасаган экен. Бул заманда Кыргызбайдын эр жеткен Адигине жана Тагай деген эки уулу болгон экен. Кыргызбай бул балдарын баш кылып, өз элин баштап урушка чыккан экен. Согушта Кыргызбайдын эли Хан Мүртөз26 тарабынан чоң кыргынчылыкка дуушар болгон экен. Ошондуктан Кыргызбай Адигине менен Тагайды жана Кыргыздан аман калган элин баштап Алтай деген чоң тоонун тескей тараптарына Эртыш деген чоң өзөндүн боюна келип конушкан экен. Күндөрдүн биринде Адигиненин айдай сулуу аялы Айганыш таң эртең туруп Ертышка сууга чыкканда мөңкүп аккан Ертыштын суусун узак карап отурат. Арадан узак өтпөй Адигине ак кашка аргымагын жетелеп, айдай сулуу Айганышты көтөрүп өзү жаткан ак өргөөгө алып кирип, ак жибектен тигилген ак жуурканга жаткызып, муну апакеси Аңтар байбичеге кабарлайт. Аңтар байбиче ак элечегин башына салып, алдырап шашып азамат уулу Адигиненин үйүнө келип караса аялда теңи жок келини Айганыштын төрөп жатканын көрөт. Кыргызбай бул сүйүнүч кабарды уккан соң өзүнө караштуу элин Ертыштын боюна жыйнап, кырк бодо баштаган кырк миң кой союп кырк күн чоң той жасаган экен. Жана ал Ертыштын мөңкүп аккан тунук суусуна карап туруп, бул небересине Мөңкүш деп ат койгон экен. Азыр муну кыргыздар муңгуш дейт. Демек кыргыздардын эң чоң урууларынын бири болгон муңгуш уруусу так ушул Мөңкүштөн таралган экен. Кыргызбай Алтай тоолорунун тескей тараптары жана Ертыш өрөөнүнүн бойлорунда узак туруп калат. Жылдардын биринде кар катуу түшүп, узак убакыт токтобойт. Жер бетин белден ашык кар каптайт, агын суулар капкалың муздун астында калат. Эл азыктан, мал чөптөн кыйналат. Адам жана мал кырылат. Ошондуктан Кыргызбай жылуураак болгон Эмилдин бойлоруна көчүп келмек болот. Уулдары жана элине кырк бугу кошулган чоң араба жасоону буйруптур. Кырк күндүн ичинде кырк араба бүтүрүптүр, алар арабанын үстүнө үй тигип, ар бир арабаны кырк бугуга сүйрөтүп, Эмил өзөнүнө карай жолго чыгыптыр. Бул күндөрдө Кыргызбайдын кичүү баласы Тагайдын Чечеген деген аялы жол үстүндө арабада төрөптүр. Кыргызбай бул небересине Бугу деп ат койгон экен. Бугу уруусу ушул Бугу деген баладан таралган экен. Кыш кетип суук тартылып, жайдын айлары башталыптыр. Кыргызбай үй-бүлөсүн жана караштуу элин баштап, мал чарбасын айдап кайтадан Алтайдын жайлоолоруна көчүп барыптыр. Ал бул жерде көп жылдар турган экен. Анын улан-урпактары да көбөйгөн экен. Кичүү аялынан Базыс, Мундуз, Саруу, Кутчу, Кытай деген уулдары төрөлүптүр. Тагай деген уулунан Багыш, Сарбагыш, Саяк, Солто, Черик, Моңолдор деген уулдар төрөлүптүр. Жылдардын биринде Хан Мүртөз Кыргызбайдын элине катуу чабуул жасаган экен. Кыргызбай өзүнө караштуу элин урушка чакырып, Адигине менен Тагайды жана анын уулдарын оң жактан душманга сокку берүүгө жибериптир, өзүнүн кичүү аялынан туулган Базыс, Мундуз деген балдарын душмандын сол тарабына сокку берүүгө жибериптир. Бул күндөрдө Кыргызбайга эл болгон кыпчак, найман, тейит, кесек деген урууларга Кыргызбай өзү жетекчилик кылып, душмандын как удулунан бузуп кирген экен. Бирок Хан Мүртөздүн аскерлеринин көп болгондугу үчүн Кыргызбайдын эли жеңилиптир. Кыргызбай уруштан аман калган урпактары жана эл, малын алып батышка карай сапар кылыптыр. Алар Тияншан тоолоруна келип орнолошуп, ушул жерлерде туруп калыптыр, кийинче кыпчак, найман, тейит, кесек деген уруулар жана алардын урпактары "ичкилик" деген наам менен аталган экен. Адигине менен Тагай жана анын урпактары "оң" деген наам менен, кичүү аялынан төрөлгөн Базыс, Мундуз, Саруу Кутчу (Кушчу) Кытай деген уулдары жана алардын урпактары "сол" деген наам менен аталып калган экен. Кыргызбай өлөр алдында анын уул, неберелери отузга жеткен экен. Ошондуктан булар жалпылай "отуз уул" деген наам менен да аталып калыптыр деген уламыштар бар. Жалпылай айтканда кыргыздар жана анын ар бир уруулары жөнүндө эл ичинде таралган уламыштар өтө көп. Кыргыз элинин дүйнөгө даңкы чыккан "Манас" эпосунун Жусуп Мамай аксакал айткан вариантында "кыргыз" деген "кырк жүз" (Кырк уруу), "кыргыз" (кырда көчүп жүргөндөр) деген сөздөн келип чыккан деген уламыштар да бар. Кээ бир уруулардын ичинде "кыргыз" деген сөз "кырк кыз" дегенден келип чыккан деген уламыштар да кездешет. Бул уламыштар кандайдыр шайык Мансур Алаачы менен анын карындашы Апал деген кыз бир падыша тарабынан чөлгө сүргүн кылынгандыгы, аларды падыша агын сууга таштагандыгы, алардын өлүгү көпбүк болуп, суу менен падышанын арбагына агып киргендиги, падышанын чарбагында ойноп жүргөн кырк кенизеги көбүктү татып коюп боюнда калгандыгы, алардан кырк уул төрөлгөндүгү, "Кыргыз" деген наамдын как ушул "кырк кыз" деген сөздөн өзгөрүп келгендиги айтылат. Бул уламыш болсо сарай тарыхчылары жана кийинче феодал үстөм таптардын эң жакын жардамчылары болгон сопу, кожолордун ойдуруп чыгарган жалаа жапмасы болуп эсептелет. Мындай жаман мазмундагы жомоктор так бүгүнкү күндүн өзүндө да кээ бир тарых изилдөөчүлөрдүн чыгарма жана макалаларында кездешип тургандыгы адамды таңкалтырат. Шайхы Мансур Алаачы дегендин кандай адам экендиги ислам дини, айрыкча тарыхчылар деген сопулардын тарыхынан кичи-кирим кабары болгон адамдардын бардыгына ачык-айкын маселе. Шайхы Мансур Алаачы болсо Иран (Персия) жеринде жашаган чегинен ашкан тарыйкатчылардын атактуу өкүлү. Ал өз кезинде "адамдык кымбат" деген эрекче жол менен (тарыйкат жолу менен) кудайды (түпкү чындыкты) таануу "түпкү чындыкка жетишүү болуп эсептелет", "адам үчүн түпкү чындыкты жүрөктүн терең катмарына орнотуу жана мындай максат үчүн чын жүрөктөн берилүү, ал үчүн зикир-сама кылуудан башка ой-пикир, ар кандай кыймылдын эч кандай маңызы жок" деп жарыялаган. Ал жана эң аягында "мен эми түпкү түбөлүк чындыкка жеттим", "мени көрсөң аны (кудайды) көргөндөй болосуң, аны көрсөң мени көргөндөй болосуң" дегендиги үчүн жаңы эранын 922-жылы Иран соту тарабынан өлтүрүлгөн27 . Ал эми мындай чегинен ашкан бир сопуну андан канча кылымдар мурда келип чыккан кыргыздардын түпкү ата-бабалары менен байланыштуу кылып көрсөтүү тарыхый чындыкка бүтүндөй карама-каршы болуп эсептелет. Биз жогоруда кыргыз жомогунан башка азыркы кыргыз урууларынын ичинен таркалган кээ бир уламыштарды баяндадык. Бул уламыштар кыргыз улутунун негизги, анын улут болуп калыпташуусу жана кыргыз улутунун тарыхта өткөн башка улуттар, тайпалар менен болгон байланыштарын, айрыкча, алардын бири-бирине ассимиляция болуу тарыхын изилдөө өтө зор маңызга ээ болсо да, бул уламыштарды илимий көз караштардын айнеги боюнча карап, аларды тарыхый материализм принциптери боюнча чечүүгө тийиштүү мазмундары бар. Буларды биз ушул чыгарманын өз кезегиндеги бөлүм жана мазмундарында урматтуу окурмандардын талкуусуна коебуз. КЫРГЫЗДАРДЫН БАЙЫРКЫ ЖУРТТАРЫ Кыргыз урууларынын ичинде таралган жогорку оозеки уламыштарда кыргыздардын адепки журттары "моңгулдардын түпкү тараптары", "Алтай жана Ертыш өзөнүнүн бойлору", "Теңир тоонун жайыттары" деп көрсөтүлгөн. Бул уламыштар эң байыркы кыргыз урууларынын эң алгачкы журттары жөнүндөгү жазма маалыматтарга жакын келет. Байыркы кыргыздар (гекүн жана жанкүрдөр) тууралуу эң алгачкы маалымат берген ханзуча "Тарыхнама" жана "Хан жылнамасы" деген китептерде эң байыркы кыргыздардын конуштары чыгыш тарапта уннулар мамлекетинин Теңири кут ордосуна жети миң чакырым, түштүктө Чеши (азыркы Жимисар жана Турпан тараптар) мамлекетине беш миң чакырым келе турган жерлерде деп жазылган. Ал эми окумуштуулар бул заманда Теңири куттун ордосу азыр адегенде азыркы ички Моңгул автономиялуу район Уйуан ооданынын жанындагы Түмөн шаары, кийинче Монгулия республикасындагы Орхон өзөнүнүн боюндагы Кара Белхассун деген жерде болсо керек деп божомолдогон28. "Хан жылнамасына" негизденгенде кыргыздар бул доордо Каңылаардын (азыркы Орто Казакстандын) чыгыш тарабында огуз же болбосо уйгур (жунгар ойдуңунун чыгыш тараптары, Ханзу өлкөсүнүн батыш жана батыш-түндүк тараптарында жашагандыгы маалым29. Татар окумуштуусу Ади Атласов: "Түштүк Сиберийада жашап келген түркү тайпаларынын ичинде кыргыздар сөзсүз эң атактуу тайпа болуп эсептелет" деп жазган. Ал эми Мухаммет Абулгази Баатыр хан болсо Сиберийада "Кыргыз, Кемкемжут" деген эки аймак болуп, бири-бирине жакын, бул жердин бир тарабында Силингер жана бир тарабында Анкара Муран деген суулар бар. Бул эки суу болсо чоң агын суу болуп эсептелет30 , деп жазган. Түрк окумуштуусу Шамшидин Сами бий болсо байыркы кыргыздар "Азиянын түндүк-батыш тарабындагы Түркстан менен Сиберийа аралыгында жашаган"31 деп жазат. Нажип Асым болсо байыркы кыргыздар Тану Ула тоолору менен Саян тоолорунун аралыгында жашаган32 деп жазган. Жогорку жазма маалыматтарга караганда эң байыркы кыргыздар чыгышта азыркы Сиберийадагы Байкал көлү, түндүктө Анкара Муран33 өзөнүнүн төмөнкү агымы, түштүктө чыгыш, батыш Саян, Хангай тоолору, батышта Алтай тоолорунун батыш тараптарында жашаган эң байыркы чоң тайпалардын бири болуп эсептелет. Кыргыздардын эң байыркы журттары жөнүндө кыргыз элинин оозеки баатырдык эпосу "Манаста" жана башка маалыматтар бар. Мисалы, "Манастын Ала Тоого келиши" деген мазмун ичинде: Алтымыш уруу журтумдун Азганы болсо жыйнайын, Арбак урган калмакка Азапты мындай кылайын. Ала Тоо менен Алайдын, Аркы жагы Самаркан Ата конуш анда экен Абалтан журтум самаган. Жердин кени Илени Жети өзөндө суусу бар Жер соорусу ушулар. Жердебесе билеби Атбашы, Нарын ортону, Эсине алган ошону, Ысык Көл менен Соң Көлдү Сүргөн менен бул калмак Ошондогу көп элди Азыр турган жериңер Алтай тоонун арасы, Ала Тоого жетпесек Элдин кетер чамасы34 "Манас" эпосундагы "Алтайдагы кыргыздардын Ала Тоого көчүп келиши" деген мазмунда: Каалаганы Ала Тоо Чыңырып эне тууган жер, Киндик кесип бууган жер Эренче тонун кийишип, Тынбай көчүп өтүшүп Кичи жылдыз, чоң жылдыз Андан ашып кетишип, Өгүз ашуу, Тай ашуу Андан өтүп келди эми, Иленин башы Үч Арал Өрүүн боло барды эми Көл тал бойлоп сыдырып, Айланмалуу урчуктан Кечип чыккан кези экен, Таш кечүүдө тумшуктан Өтүп чыккан кези экен35. "Манас" эпосунда баяндалган бул окуяларда Тияншандын бир бөлүгү болгон Алай тоолору, Иле өзөнү жана Жети-Суу, Ысык-Көл, Нарын, Атбашы сыяктуу жерлер кыргыздардын абалтан бери жашап келген энесинен туулган, киндиги кесилген ата конуштары экендиги жана алардын азыркы Кара шаарга жакын болгон Тияншан тоолорунун как бетине орнолошкон Чоң Жылдыз менен Кичи Жылдыз сыяктуу жерлерде көчүп мал багып жүргөндөрү айтылат. Бирок кыргыздар эң байыркы замандарда Тияншан тоолорунун айланасында келип чыккан деген бул маселени далилдеп берген тарыхы материалдар азырынча кездешпеди. Ошондуктан, бул чыгармабызда кыргыздардын байыркы журттары жогорку материалдарда көрсөтүлгөн Саян, Хангай тоолорунда болгон деген карашты илгери сүрөт. Бул жерде жашаган кыргыздар тарыхы материалдарда жалпылай "Эне Сай кыргыздары" деп аталат. ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН КОҢШУ ЭЛДЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ Мындан эки миң жылдан көбүрөөк илгери кыргыздар жазма тарыхы материалдарда туңгуч ирет тилге алынган заманда алар түштүк тарапта уннулар аркылуу хан империясы менен, чыгыш тарапта динлиң деген уруулар менен, батыш тарапта динлиңдердин батыш бөлүгү жак фаңлы, сак деген уруулар, батыш-түштүк тарапта же тактап айтканда, "огуз" же болбосо "уйугур" (уйгур) деген тайпалар менен коңшулаш жашаган. УННУЛАР Уннулар (ундар, хундар, униндер) болсо түрк тил системасындагы байыркы элдердин бири болуп36 алар эң эзелки замандарда азыркы ички Моңгул автономиялуу району, Моңгулия эл республикасы сыяктуу жерлерде жашаган. Кээ бир замандарда азыркы Гебий, Саншы, Ныңшыя, Шаншы, Ханзу сыяктуу жерлерге да көчүп келип мал чарбачылык кылышкан. Уннулар мындан 5-6 миң жыл мурда ата мекенибиздеги ханзу улутунун эң түпкү ата-бабаларынын бири болгон Хуашия уруулары менен кээде ынак байланыштарды жасап, кээ бир замандарда уруш кылышып турушкан. Ата мекенибиз тарыхынын жангу (жаңы эрадан илгерки 475-221-жылдар аралыгы) доорунда, уннулардын коому тез өнүгүп, адепки коомдук түзүлүш доорунан кулчулук дооруна өтө баштаган. Бул заманда уннулардын саясы борбору азыркы Ички Моңгул автономиялуу районундагы Уйуан ооданынын жанындагы Түмөн шаары деген жер болгон. Бул заманда уннулар тарап-тарапка аскер жиберип чапкынчылык кылып, алсыз уруулардын мал-мүлкүн жана адамдарды булап-талап турушкан. Мындай булаңчылык уруштар башка урууларга эң ачыныштуу зыяндарды салган болсо да, бирок уннулардын өздөрүнүн коомдук өнүгүшүн бир кыйла илгери сүргөн. Ф.Энгельс: "Бүткүл тармактарда, тактап айтканда, мал чарбачылык, эгинчилик, кол өнөрчүлүк тармактарында өндүрүштүн ашышына ээрчип, эмгек күчтөрүнүн өз талабынан да артык болгон өндүрүштүк буюмдарын иштеп чыгарууга мүмкүнчүлүк туулду. Ушуну менен бирге ал урууларын үй-бүлө коомунун, же болбосо жеке үй-бүлө мүчөлөрүнүн өзүнө тиешелүү күндөлүк эмгек кирешесин ашырды. Ошондуктан жаңы эмгек күчтөрүн өздөрүнө тартуу адамдардын ар убак эңсеген бир иши болуп калды. Уруштар как ушундай жаңы эмгек күчтөрү менен камдай турган болду. Урушта колго түшкөн туткундар болсо кул кылынды"37 деп жазган. Жаңы эрадан илгерки 209-жылы уннулар баатыр Теңири кут деген адамдын жетекчилигинде туңгуч кулдарлар мамлекетин түздү. Узак өтпөй эле азыркы ата мекенибиздин чыгыш-түндүк райондорундагы тунгус урууларын, азыркы гансу өлкөсүнүн хеш районундагы тунгулажын жана яанчылар менен коңшулаш огуз-уйгур урууларын, Иле өзөнүнүн боюндагы уйсун урууларын багындырды. Ушуну менен бирге Тияншандын түштүк тарабында "курыгар (батыш эл) отуз алты мамлекет" деп аталган мамлекеттердин ичиндеги жыйырма алты мамлекетти басып алып, Азиянын орто мейкиндигиндеги чоң бир кулчулук мамлекетке айланды38 . Тарыхы маалыматтарга караганда Эне Сай кыргыздары как ушул жылдардын ичинде баатыр Теңири кут тарабынан багындырылган болучу. Жаңы эрадан илгерки 209-жылдан 160- жылга чейин өкүм сүргөн баатыр Теңири кут жана Чечен теңири кут доорунда уннулар мамлекети чыгышта Лийаахи өзөнү, батышта Памир тоолору, түндүктө Байкал көлү, түштүктө Гобит чөлдүгү сыяктуу жерлерди өзүнө каратты. Бул доор ичинде уннулардын жан саны 1 миллион 500 миңге, алардын булап-талап алган кулдарынын саны 550 миңге жеткен. Уннулар тарабынан багындырылган уруулар, айрыкча анын түштүк тарабындагы душманы - Хан империясы (жаңы эрадан илгерки 206-жылы курулган) уннулар кулдар мамлекети менен көп заман уруш кылып турду. Жаңы эрадан илгерки 60-жылы Хан империясы азыркы Тияншан тоолорунун түштүк жана түндүк тараптарын уннулардын колунан тартып алып, бул жерде Курыхар духу мекемеси (Батыш элдер Дарухажы мекемеси) деген үстөмдүк аппаратын түздү39 . Жаңы эрадан илгерки 54-жылы Унну кулдарлар мамлекети Түштүк жана Түндүк уннулар деп экиге бөлүндү. Жаңы эрадан илгерки 51-жылы Түштүк уннулар Хан империясына багынды. Түндүк уннулардын падышасы Чечен Теңири кут Эне Сай боюндагы кыргыздар журтуна барып орношту. Жаңы эрадан кийинки 25-жылы чыгыш Хан империясы курулду. Жаңы эранын 91-жылы чыгыш Хан империясы аскер жиберип, азыркы Алтай тоолорунда түндүк уннуларга катуу сокку берди. Түндүк уннулар болсо өз чабуулдарын эми түштүк тараптарга эмес, батыш тараптарга каратып, Иле өзөнүнүн бойлорундагы уйсун, кийинче Балкаш көлүнүн түштүк жана батыш тарабындагы каңды урууларын өзүнө каратты. Андан кийин азыркы Арал көлү, Волга өзөндөрүн да өзүнө каратып, бул жерлерде бир канча кылым өкүм сүрдү. Жаңы эранын 435-жылы уннулар Европага кирип, Дунай өзөнүнүн бойлорундагы жерлерди ээлеп, өз падышасы Аттилла деген адамдын жетекчилигинде Европадагы эң чоң мамлекет Чыгыш Рим (Роүа) империясын талкалап, ушул жерде туруп калды40 . Кээ бир материалдарга караганда азыркы венгер (венгериялыктар) как ушул уннулардын укум-тукумдары деген сөздөр да бар41 . ХАН ИМПЕРИЯСЫ Хан империясы ата мекенибизде негизинен ханзулар тарабынан үстөмдүк кылынган ханзулардан башка бир канча он, бир канча жүз уруулардан куралган бир мамлекет болучу. Байыркы Эне Сай кыргыздары Хан империясы менен төтөлөй же башка жолдор менен байланыш жасап турушкан. Хан империясы өтө узак тарыхка ээ жана алардын түпкү ата-бабалары азыркы доорубуздан 5-6 миң жылча илгери өткөн йаңды, хуаңды уруулары менен байланыштуу. Йаңды уруулары негизинен азыркы Хуаңхи өзөнүнүн (кыргыздардын кээ бир жазма материалдарында сары Муран деп аталган) орто агымындагы райондордо, хуаңды уруусу болсо азыркы Шаншы өлкөсүнүн түндүк тарабында жашаган. Алар кийинче "Хуашийа" деген жалпы наам менен аталган. Жаңы эрадан илгерки 21-кылымда Хуашийалар Жуңгодогу туңгуч кулдар мамлекети болгон Шийа жаңы эрадан илгерки 16-11-кылымдар Жу (жаңы эрадан илгерки 11-кылымдын 771-жылы аралыгында) деген мамлекеттер курулган. Булар ушул заманда дүйнөдө эң мурда өнүккөн маданияттуу мамлекеттер болгон. Чүнчийу доорунда (жаңы эрадан илгерки 770-476-жылдарда) Хуашийа тайпалары өнүгүп, кулдук коомдук түзүлүшүнөн феодалдык коомдук түзүлүшкө кире баштаган. Жангу доорунда (жаңы эрадан илгерки 475-221-жылдарда) алар өнүккөн феодалдык коомго кирген. Ошону менен бирге Хуанхи өзөнүнүн бойлору, Чаң Жийаң (Көк Муран) өзөнүнүн түштүк тараптарындагы башка-башка ата-бабадан таралган жана ар түрдүү тилде сүйлөшкөн бир канча он, бир канча жүз уруулар менен аралашып, ошол замандагы Жуңгодо эң көп сандуу тайпа болуп калган. Жаңы эрадан илгерки 221-жылы Хуаңхи өзөнүнүн ортоңку агымы районунда тиктелген Чин империясынын императору Чин Шихуаң Жуңгонун ички райондорундагы Хан, Вий, Чу, Жав, Йан, Чий сыяктуу бир канча падышалыктарды бириктирип, Жуңгодо туңгуч ирет бириккен укук борбордошкон феодалдык империя курду, бирок көп узабай жаңы эрадан илгерки 209-208-жылдары көтөрүлгөн Чин Шин, Вугуаң жетекчилигиндеги дыйкандардын көтөрүлүшү муну кулаткандан кийин, биринин артынан бири курулган (батыш) Хан империясы (жаңы эрадан илгерки 206-жылдан жаңы эранын 8-жылына чейин), Чыгыш Хан империясы (жаңы эранын 225-220-жылдары ичинде) өкүм сүрдү. Байыркы Хуашийа тайпалары ушул замандардан баштап, "хан" деп аталган. Азыркы "ханзу" деген наам мына ушул Хан империясы менен байланыштуу. Хан империясы курулган соң Эне Сай кыргыздары менен Анса ортосунда саясы, аскери жана экономикалык тараптан бир кыйла байланыштар түзүлгөн. Мындай байланыштар унну кулдарларынын чачкынчылыгына каршы орто күрөштөрдө абдан өнүккөн. Мисалы, жаңы эрадан илгерки 129-жылы Хан империясынын падышасы Хан Вудий унну кулдарларына каршы кең көлөмдүү согуш баштады. Бул согуш уннулардын катуу зулумуна учураган кыргыздардын күрөштөрүнө чоң таасир көрсөттү. Ошондуктан жаңы эрадан илгерки 127-жылы кыргыздар уннуларга түндүк тараптан катуу сокку берип, Хан империясынын уннулардын чапкынчылыгына каршы согушуна жардам берген жана өздөрү да как ушул мезгилде уннулардын зулумунан кутулган42. Жаңы эрадан илгерки 99-жылы уннулар Хан империясына туткунга түшкөн генерал Лий Лиңдин аскерлерин кыргыз райондоруна жиберип, аларды кайта багындырууга урунган. Бирок Лий Лиңдин бул аскерлери кыргыздарды багындыруу эмес, анын тескерисинче, кыргыздар тарабынан багындырылып, кыргыз жеринде узак убакыт туруп калып, кыргыздарга ассимиляция болуп кеткен. Жаңы эрадан илгерки 60-жылы унну кулдарлар мамлекети жаңы эрадан илгерки 174-жылынан бери үстөмдүк кылып келген Курыгар районунан айрылды. Бул жерде Хан империясына караштуу Курыгар духу мекемеси курулду, ошондон баштап уннулар бул жерлерден бир мезгил үмүт үзүп, өздөрүнүн моңгул жайлоолору менен анын түндүк тараптарындагы Сиберийа тоолору жана кыргыз райондоруна болгон үстөмдүгүн бекемдөөгө киришти. Бирок көп узабай унну үстөм таптарынын ичинде кескин карама-каршылыктар туулуп, алардын эң жогорку даражалуу үстөм тараптары болгон Кохшуат Теңири Кут жана Чечен Теңири Кут ортосунда жаңжал башталды. Жаңы эрадан илгерки 54-жылы Чечен Теңири Кут өзүнүн бир тууган агасы Кохшуат Теңири Кутка чабуул жасады. Ал өз элин баштап, түштүккө карай көчүп, Гобий чөлдүгүнүн тегерегине келип Хан империясына багынды. Ошол жылдан баштап унну мамлекети "Түндүк уннулар" жана "Түштүк уннулар" деп экиге бөлүндү. Жаңы эрадан илгерки 51-жылы Чечен Теңири Кут Эне Сай районуна чабуул жасап, кыргыздарды дагы багындырды. Ошону менен жаңы эрадан илгерки 127-жылы уннулардын тырмагынан кутулган кыргыздар өз башынан 76 жылдык боштондук доорун өткөргөн соң кайтадан түндүк уннулардын бийлиги астына түшүп калды. Жаңы эрадан илгерки 36-жылы Хан империясы көп аскер жиберип, түндүк уннулардын падышасы Чечен Теңири Куттун аскерлерин азыркы Талас өзөнүнүн боюнда катуу чыгымга учуратты. Ошондуктан Эне Сай кыргыз районун басып жаткан Чечен Теңири Кут кыргыз урууларынын алсызданып, өз борборун Эне Сай райондорунан Алтай тоолоруна которууга мажбур болду. Жаңы эранын 91-жылы Чыгыш Хан империясынын аскерлери Алтай тоолорунда түндүк уннуларды кыйраткан соң, Эне Сай кыргыздары уннулардын үстөмдүгүнөн бүтүндөй кутулду. Ошону менен кыргыздар жана Хан империясына караштуу ички өлкөлөрдүн ортосунда саясы, экономика жана маданияттын байланыштары күчөй баштаган. САКТАР Ханзуча байыркы тарыхый маалыматтарда "Сак тукуму тегинде йуң деген элдин тукумунан болгон руң деген уруу болуп, алар байыртан тартып эле дунхуаң (азыркы Гансу өлкөсүндө) деген жерлерде жашаган"43 , деп жазылган. Ал эми бул сак уруулары жөнүндө байыркы Греция, фарсиялыктардын (Еран) жазма маалыматтары өтө көп. Булар жөнүндө бир кыйла археологиялык казма табылгалар да бар. Бул маалыматтарга караганда сак урууларынын эң эзелки журттары батышта Каспий деңизи, чыгышта Алтай тоолору, түндүктө Батыш Сиберийа, түштүктө Памир тоолоруна чейин болгон кең Орто Азия мейкиндигинде жашаган. Алардын бир бөлүгү азыркы Тияншан тоолорунун түштүк жана түндүк тараптарында да жашаган болсо керек. Менин карашымча, байыркы ханзуча маалыматтарда айтылган дунхуаң болсо, как ушул сак уруулары жашаган жерлердин эң чыгыш чек арасы болсо керек, анткени ал замандагы ханзу окумуштуулары Орто Азия сактары менен анча тааныш болбогон. Бул заманда сактардын негизги саясы борбору Иле өзөнүнүн орто агымындагы райондор жана Талас өзөнү менен Ысык Көлдүн жээктери болгон. Жаңы эрадан илгерки 8-2-кылымдардын ичинде сактар Орто Азияда эң күчтүү уруу бирикмелеринин бири болгон. Жаңы эрадан илгерки 7-кылымдарда сактардын бир бөлүгү Иле өзөнүнүн бойлорунан Батыш Азияга карап көчүп азыркы Урал тоолору Волга өзөнүнүн батыш агымы жана Каспий деңизи менен кара деңиз, Түштүк Орус ойдуңу өңдүү жерлерде өз бийлигин тиктеген44. Жаңы эрадан илгерки 5-6-кылымдарда сактар өтө күчөп, фарсияда (Персияда) Ахмени падышалыгын куруу үчүн чоң салымдарын кошкон. Айрыкча, Ахмени падышалыгынын маданияты жана башка салааларына кошкон салымдары өтө чоң болгон45 . Жаңы эрадан илгерки 4-кылымдын 30-жылдарында Македониялык Александр (Искендер Зулкарнайн) Орто Азиядагы Аму, Сыр өзөнү райондоруна чабуул жасаганда Орто Азиялык сак жана согди уруулары Александрдын аскерлерине катуу сокку берген. Александр урушта өлгөн. Ошентип, Александрдын дүйнөлүк чоң согушунун алдын алып, Орто Азия жана анын чыгыш тараптарындагы уруу-тайпалардын эрктүүлүгүн сактап калган. Сак уруулары экономика жана маданият жактардан Орто Азия жана анын чыгыш тараптары, ошондой эле Эне Сай кыргыздары менен тыкыз байланыштарды жасап турган. Алардын бронза, жез жана темирден жасалган өндүрүштүк куралдары, турмуш буюмдары маданият тараптарда бир кыйла аркада турган. Эне Сай кыргыздары жана башка урууларга агып кирип турган. Булардын өндүрүш куралдары жана турмуш буюмдары, ал тургай Хунхи өзөнүнүн бойлорунда жашаган Ханзу райондоруна да агып кирген. Ошондуктан Кара деңиздин түндүк тараптарындагы сак урууларынын буюмдары (негизинен "жапайы айбандар маданияты" деген маданияттын) менен Орто Азия сактарынын буюмдары, өзүнүн түрү, жасалыш өнөрмөнчүлүгү тараптарынан Алтай, Эне Сай жана Орто Сиберийанын башка жерлери, ошондой эле Хуанхи өзөнүнүн орто агымы жана бул жерлердин түндүк тараптарында жасалган буюмдар менен опокшош болгон46 . Демек, сак уруулары бул доордо Эне Сай кыргыздары жана алар менен коңшулаш уруулардын коомдук өнүгүшү үчүн да өздөрүнүн өтө зор салымдарын кошушкан. Жаңы эрадан илгерки 174-жылы азыркы Гансу өлкөсүнүн Хеши райондорунда жашаган йавчилер, уннулардын мажбурлашы менен батышка карай көчүп, Иле өзөнүнүн бойлору жана Ысык Көлдүн жээктерине барып орнолушкан. Бул жерде жашаган сак уруулары өз журттарын таштап, Памир тоолорунун чыгыш жана түндүк тараптарына көчүп кеткен. Ошондон баштап сак уруулары тарыхый материалдардын беттеринен күбүлө баштаган. УЙСУНДАР Уйсундар эң байыркы түрк тайпаларынын бири болуп, "алардын адаттары уннулар менен окшош болгон". Тарых материалдарына караганда уйсундар өзүнүн эң алгачкы доорунда азыркы Гансу өлкөсүнүн дуңхуаң району менен Чиланшан тоолорунун аралыгында жашаган. Жаңы эрадан илгерки 174-жылы уннулардын Баатыр Теңири Кут деген падышасынын ордун Чеже (Кайук) Теңири Кут ээлеген соң, алар уйсундарга жардам берип, жаңы эрадан илгерки 162-161-жылдары Иле өзөнүнүн бойлору жана Ысык Көлдүн жээктеринде жашаган йавчиларды талкалады. Йавчилар азыркы Орто Азиядагы Аму өзүнүнүн түштүк жана батыш-түштүк тараптарына көчүшкө мажбур болду. Алардын бул жерлердеги жаңы мекендерин уйсундар ээледи. Ошондон баштап Иле өзөнүнүн баш жана орто агымындагы райондор, Талас өзөнү Батыш Тияншан жана Ысык Көлдүн жээктери уннуларга багынган уйсундардын мекени болуп калды. Жаңы эрадан илгерки 160-жылы Чөжө Теңири Кут өлдү. Ошону менен уйсундар өзүнүн боштондугуна ээ болду. Бул доордо уйсундардын коому өтө тез темп менен өнүгө баштады. Ал кезде булардын саясы борбору азыркы Ысык Көлдүн түштүк жээгиндеги Кызыл Корго (Чий Кочин) деген шаар болгон, уйсундардын эң чоң башчысы байыркы ханзуча маалыматтарда Гүн Мо деп аталган. Гүн Мо ушул шаарда туруп бүткүл элин башкарган. Бул заманда уйсундардын адам саны 630 миңге, аскерлери 188 миңге жеткен47 . Уйсун уруулары өзү менен коңшулаш уруу жана элдер менен тыкыз байланыштарды жасап турушкан. Айрыкча алардын Хан империясы менен болгон байланышы өтө тыкыз болгон, анткени, жаңы эрадан илгерки 140-жылы Хан Вуди такка отургандан кийин, Хан империясы уннуларга каршы кең көлөмдө согуш баштаган. Ошондуктан падыша Хан Вуди Курыгар районундагы уйсун, йавчи жана Тияншандын түштүк тараптарындагы шаар мамлекеттери менен биригип, алар менен бирдикте уннуларга каршы туруу саясатын түздү. Жаңы эрадан илгерки 138-жыл жана 119-жылы Хан Чийен деген адамды Курыгар районуна эки ирет элчи кылып жиберди. Хан Чийен уйсундардын элине барган соң, алардын Гүн Мосусунун кызуу каршы алышына ээ болду. Кийинки замандарда уйсундар Хан империясы менен бирге туруп, уннулардын чапкынчылыгына каршы согуш жарыялады. Хан империясы ортодо болгон достукту күчөтүү үчүн Жаңду Кенезинин Ши Жүн деген кызын уйсундардын Гүн Мосуна узатты. Ши Жүн кыз өзүнүн жазган бир ырында мындай дейт: Узатты койбой эркиме Алыс бир жерге тууганым, Келини болуп уйсундун, Күйөө кылдым мен ханын Жыгач кереге, кийизден, Үй тигип турган эл экен, Жегени семиз эт экен, Ичкени айран, сүт экен. Элим түшсө эсиме Үлбүрөйт менин жүрөгүм, Кайтуу үчүн элиме Ак куудай учат тилегим ……………………………… Хан империясы Ши Жүндөн кийин жана Шейу, Фиң Лийао деген кыздарын да уйсун падышаларына узатты. Ошентип, уйсундар менен Хан империясынын саясы, экономикалык жана маданий байланыштары күндөн күнгө күчөдү. Кийин уннуларга каршы согушта алар биригип, аскер чыгарды. Жаңы эрадан илгерки 60-жылы Хан империясы уннулардын азыркы Тияншандын түндүк жана түштүк тараптарындагы үстөмдүгүн жоготууну максат кылып баштаган согушта уйсундар 50 миң аскер чыгарып, уннулардын түндүк Тияншандагы үстөмдүгүн жок кылган. Как ушул жылы Хан империясы "Курыгар Духу мекемесин" кургандан кийин Хан империясы менен уйсундардын байланышы жана да тыгыздашкан. Жаңы эранын 127-жылы Хан империясынын Курыгар элдерине болгон үстөмдүгү күчсүздөнө баштады. Ошондон баштап Хан империясы менен уйсундардын байланышы да азая баштады. Уйсундар күчөгөн заманда алардын чыгыш жана чыгыш-түндүк тараптарындагы Эне Сай кыргыздары менен болгон байланышы бир кыйла тыгыз болгон. Алар узак замандан бери саясы жана маданий тараптарда өз ара байланыш жасап, бири биринин коомунун өнүгүшү үчүн өз салымдарын кошуп келген. Ошондуктан алар тил жана салт-санаа тараптардан барган сайын жакындашып, туугандык байланыштарды орноткон. Кээ бир замандарда бир биринин кандаштык курулмасына сиңип киришкен ("Манас" эпосунда "йсун", "уйшун" деген бир уруунун "алтымыш уруу кыргыздардын" бири болуп эсептелгендиги мунун ачык далили болот), ошондой эле уннулар кыргыз жана уйсундарга үстөмдүк кылган замандарда бул эки чоң тайпа башкаруу жана элдер менен биригип уннулардын үстөмдүгүнө каршы бир нече ирет согуш кылып, бул согуштарда жана да бекем достук байланыш орнотуп, уннулардын үстөмдүгүнөн бирге кутулган. Ал эми уннулар жоголгондон кийин алардын байланыштары барган сайын күчөй берген. ОГУЗ-УЙГУРЛАР Биз жогоруда кыргыз урууларынын ичинде сакталып келген "огуз" жана "Огуз хан" уламыштарын айтып өткөн элек. Ал эми уйгурлардын ичинде болсо уйгур уруулары жана кийинки уйгур улуту как ошол Огуз хандан таралган деген уламышта сакталып келген. Бул уламыштагы айтууларга караганда Огуз хан болсо алардын түпкү атасы Кара хандын баласы болгон. Огуз хан күндөрдүн биринде башка бир динге киргендиги үчүн анын атасы келип Огуз ханды өлтүрмөк болгон экен. Бул күндөрдө Огуз хан өзүнө ээрчиген бир бөлүк туугандарын баштап атасына каршы согушуп, аны жеңген. Согуштан кийин бул өзүнө ээрчип согушкандарга "уйугур" ("уюшкак") деген наам берген экен48 . "Уйгур" деген сөз ошол "уйугур" деген сөздөн өзгөрүп келген экен. Кээ бир материалдарга караганда огуз уруусу азыркы түрк тилинде сүйлөшкөн улуттардын эң түпкү ата-бабалары болуп, Огуз хан деген как ушул огуз уруусунун эң адепки башчысы болгон экен. Жана башкача материалдарда эзелки уйгур урууларынын бир бөлүгү өзүнүн түпкү ата-бабалары болгон "огуз" деген наамды сактап келген деген жоромолдор да бар. Байыркы ханзуча тарыхый материалдарга караганда эң байыркы огуз урууларынан келип чыккан ужйе, хужйе деген бир чоң уруу жаңы эрадан илгерки 3-кылымда азыркы Гансу өлкөсүнүн түндүк, түндүк-батыш тараптары, Тияншан тоолорунун чыгыш жана чыгыш-түндүк тараптары, азыркы Алтай тоолорунун чыгыш-түндүк жактары, мындайча айтканда азыркы Жуңгар оймондугунан чыгыш жана чыгыш-түндүк тараптарында жашаган. Ал эми кээ бир окумуштуулар ханзуча, тарыхый материалдарда баяндалган "ужйе", "хужйе" деген сөз болсо, эң байыркы "огуз" же болбосо "уйгур" деген сөздүн ханзуча аталышы деп жазат49 . Бирок жаңы эрадан илгерки 3-кылымда кыргыздар туңгуч ирет тарыхый материалдарды тилге алынган заманда бул "уйгур", же болбосо огуз деп аталган уруулардын коомдук абалы жөнүндө эч кандай анык маалымат берилбейт. Алар жөнүндөгү маалыматтар тек жаңы эранын 4-кылымдарынан кийин гана башталат. Ханзуча байыркы тарыхый маалыматтарда бул доордо Гобий чөлдүгүнүн түндүк тараптарында жашаган "вийхи", Тияншан тарабында жашаган "вуху", "вухи" деген уруулардын наамы кезигет. Кээ бир окумуштуулар бул наамдар "уйгур" деген наамдын ханзуча аталышы деп жазат50 жана алардын бул доордо өз башынан бир канчалаган тарыхый окуяларды өткөзгөндүгүн баяндайт. Кыргыздар менен уйгурлардын байланышы эзелтен баштап коюу болгон. Байыркы ханзуча "Тайпиң Хуанйу эстеликтери" деген чыгармада кыргыздардын мекени уйгурлардын жеринин батыш-түндүк тарабынан 40 күндүк алыс жерде экендиги баяндалган. "Жаңы Таң жылнамасы" деген китепте кыргыздардын "тили менен жазуусу уйгурлар менен опокшош" деген маалымат бар. Жана башка ханзуча материалдарда кыргыздар менен уйгурлардын диний ишенимдери, салт-санаасы, коомдук түзүлүшү жана жыл эсептөө ыкмалары (календары) негизинен окшош болгон. Ал эми кыргыздар менен уйгурлардын ортосундагы мындай окшоштуктардын алардын эзелтен бери уланып келген тыгыз байланыштарынан айрып кароого болбойт. Жаңы эранын 6-кылымдарынан баштап "Тияншан тоосунун тегерегинде жашаган уйгурлар (огуздар) ар түрдүү тарыхый, саясы себептер менен топ-топ болуп Тияншандын батыш тараптарындагы, Сыр жана Талас сууларынын бойлоруна көчүп келет. Ошондой эле бул райондордун саясы майданында өтө зор ролдорду ойной баштайт. Жаңы эранын 8-9-кылымдарынан соң булар азыркы Орто Азиядагы Балкаш көлүнүн батыш-түндүк тараптары, Арал көлүнүн чыгыш жана чыгыш-түндүк тараптарына көчүп келет. Жаңы эранын 9-10-кылымдарында алар "огуз" деген наам менен бул жерде зор бир мамлекет курат. Жаңы эранын 10-кылымынын аяктары, 11-кылымдын баштарында огуздардын бир бөлүгү Сыр, Аму өзөндөрү аркылуу Орто Азия, Еран өңдүү жерлерди кесип өтүп, Араб, Абиссиния Халифалыгынын борбору Багдат шаарын ээлеп, кийин Анатолий жарым аралына кирет, ошондой эле азыркы Ыстамбул шаарын ээлеп, андан кийин Османлы түрк империясын курат. Жалпылай айтканда уйгурлар эзелтен азыркы Тияншан тоолору азыркы Моңгулия Эл Республикасындагы Орхон, Селенга өзөндөрүнүн бойлорунда Эне Сай кыргыздары менен коңшулаш жашаган жана саясы, экономикалык, маданияттык тараптардан тыгыз байланыштарды жасап, бири-бирине зор таасирлерди көрсөтүп келген уруулардын бири болгон. ДИҢ ЛИҢДЕР Диң лиң деген наам байыркы ханзуча тарыхый маалыматтарда жаңы эрадан илгерки 3-кылымда Эне Сай кыргыздары менен бир убакта тилге алынган. Алар бул доордо чыгышта, азыркы Чыгыш Сиберийадагы Байкал көлү, батышта азыркы Алтай, Тарбагатай тоолорунун батыш тараптарына чейин созулган кең райондордо Эне Сай кыргыздары менен аралаш же айылдаш отурукташкан. Алардын Эне Сай кыргыздары менен болгон байланышы өтө тыгыз болгон. Ошондуктан кээ бир байыркы ханзуча маалыматтарда: "Кыргыздардын ичинде диң лиң уруусунун тукуму да аралаш" деген кабарлар бар51 . Жаңы эрадан илгерки 209-жылдан кийин Батыр Теңири Кут баштаган унну кулдарлары Эне Сай кыргыздары менен бир убакытта диң лиң урууларын да басып алган. Ошондон баштап диң лиң уруулары Эне Сай кыргыздары жана башка коңшулаш элдер менен бирге унну ак сөөктөрүнө каршы узак заман күрөштөрдү баштаган. Жаңы эрадан илгерки 129-жылы Хан империясы уннуларга каршы согуш баштаган соң жаңы эранын 127-жылы диң лиң уруулары Эне Сай кыргыздары менен бирге түндүк тараптан уннуларга чабуул жасаган жана кыргыздар менен бирге уннулардын бийлигинен кутулган. Ошондон баштап алар жарым кылымдан көбүрөөк заман өз эрки боюнча жашап, өз коомун өнүктүргөн. Бирок жаңы эрадан илгерки 99-жылы уннулар кыргыз жана диң лиң райондорун кайта басып алып, Хан империясынан колго түшкөн генерал Лий Лиңди кыргыздарга ваң кылып бекитип анын аскерлерин кыргыз райондоруна жиберген маалда жана Лий Лиң менен бирге багынган генерал Вий Лүйдү Байкал көлүнүн тегерегиндеги диң лиңдерге ваң кылып бекиткен. Ошондон кийин диң лиң уруулары унну ак сөөктөрүнө болгон күрөштөрүн жана да улгайтып, ыңгайлуу кырдаалдардан абдан пайдаланып, аларга оор сокку берип турду. Жаңы эрадан илгерки 71-жылы уннулар 10 миң аскер жиберип, уйсундарга чабуул жасап, алардын эсепсиз мал чарбасын жана адамдарын олжо жана туткун кылып кайтканда жолдо өтө катуу жааган кар апатына жолугуп, өтө оор зыянга учураган. Как ошондой бир кырдаалда диң лиң, уйсун жана башка уруулар биригип уннуларга чабуул жасап, унну кулдар мамлекетин катуу алсыраткан. Ошондон баштап диң лиңдер унну ак сөөктөрүнүн зулумунан кутулган. Жаңы эрадан илгерки 61-жылы диң лиңдер түштүккө карай жүрүш кылып, уннуларга кең көлөмдүү чабуул жасаган. Уннулар аларга каршы көп аскер жиберген болсо да эч кандай жеңишке жете албаган. Жаңы эрадан илгерки 54-жылы Унну кулдар мамлекети "Түндүк" жана "Түштүк" каганаттарга бөлүнгөн соң, түндүк уннулардын каганы Чечен Теңир Кут Эне Сай кыргыздарын жана басып алуу менен бирге, алардын батыш тарабына айылдаш жашаган диң лиңдерге оор кооп жеткизген. Бирок жаңы эрадан илгерки 36-жылы Эне Сай кыргыздары Хан империясы менен биригип, түндүк уннуларга оор сокку берип, диң лиңдерге жардам берип, ошондой болсо да алар түндүк уннулардын үстөмдүгүнөн кутулуп кете албаган. Жаңы эранын 91-жылы Хан империясы азыркы Алтай тоолорунда түндүк уннуларга оор сокку берген соң, диң лиң уннулардын үстөмдүгүнөн бүтүндөй кутулган. Жаңы эранын 2-3-кылымдары ичинде диң лиң уруулары өз башынан өтө өнүккөн бир доорду өткөздү. Кээ бир тарыхый маалыматтарга караганда бул доордо тек "Батыш диң лиң" деп аталган Алтай, Тарбагатай, диң лиңдеринин аскери гана 60 миңден ашкан (Үч падышалык аңгемелер). Жаңы эранын 4-5- кылымдарында диң лиңдер ханзуча тарыхый маалыматтарда "тийеле" деген наам менен аталып, ошол доордогу төөлөс уруу бирикмесин түзгөн негизги уруулардын бири болуп калган. ЙАВЧИЛЕР Йавчи уруулары "көчмөн мал чарбачылык менен жашаган жана салт-санаа жактан уннуларга окшош"52 түркү тилиндеги тайпалардын бири болгон. Байыркы ханзуча тарыхый маалыматтарга караганда алар Жуңгодо эң илгерки бардыкка келген шийа, шийаң сулалары (жаңы эрадан илгерки 21-11-кылымдар) доорунда азыркы Гансу өлкөсүнүн батыш-түндүк тараптарында жашаган, ханзуча "Тарыхнама" деген китептин "Даван шежиреси" деген бөлүмүндө алардын азыркы Гансу өлкөсүнүн Дуңхуаң району жана Чиланшан тоолору арасында көчүп-конуп жүргөндүгү көрсөтүлгөн. Чүнчийу жана Жангу доорунда (жаңы эрадан илгерки 770-221-жылдарда) йавчилер азыркы ата мекенибиздин батыш-түндүк райондорунда жашаган эң күчтүү уруулардын бири болуп, алардын аскери 200 миң чамасына жеткен. Ошондуктан алар өздөрүнүн чыгыш тараптарында күчөгөн уннуларга үзгүлтүксүз сокку берип, аларды ар убакыт бозек кылып турган. Жаңы эрадан илгерки 3-кылымда уннулардын падышасы Түмөн Теңири Кут өз уулу Баатыр Теңири Кутту йавчилерге барымта кылып, өз ордун өзүнүн жана бир жакшы көргөн аялынан болгон баласына бермек болгон. Түмөн Теңири Кут Баатыр Теңири Кутту йавчилердин колу аркылуу өлтүрмөк болуп, аларга чабуул да жасаган. Бирок Баатыр Теңири Кут атасы Түмөн Теңири Кут чабуул жасап, йавчилердин жерине киргенде, йавчилердин бир жакшы аргымагына минип, уннулардын ичине качкан жана атасынын ордун ээлеп, жаңы эрадан илгерки 209-жылы унну кулдарлар мамлекетин курган. Жаңы эрадан илгерки 174-жылдары Баатыр Теңири Кут эсепсиз аскер жумшап, йавчилерге чабуул жасаган. Оор соккуга жолуккан йавчилер тарап-тарапка бытырап качышкан. Алардын көп салмагы батыш тарапка карай качып, азыркы Иле өзөнүнүн баш агымдары жана Ысык Көлдүн жээктерин борбор кылган сак урууларын кубалап, бул жерлерди ээлеген. Сак урууларынын ак сөөктөрү Памир тоолорунун этектерине жана азыркы Кашкар, Хотен райондоруна качып орношкон. Бирок йавчилер өзүнүн ээлеген райондорунда узак турак албай, жаңы эрадан илгерки 174-161-жылдары ичинде уннулар тарабынан кубаланган уйсундардан жана соккуга учурап, Иле өзөнүнүн баш агымдары жана Ысык Көлдүн жээктеринен көчүп, азыркы Орто Азиядагы Аму өзөнүнүн бойлоруна барып, бул жердеги Бактерийа империясын талкалап, бул райондо жерлешип калган. Ошондой эле алар бул райондо өтө тез темп менен өнүгүп, Орто Азия жана анын батыш, түштүк тараптарында эң күчтүү бир элге айланган. Жаңы эрадан илгерки 128-жылы Хан империясы Жаң Чийенди Курыган районуна элчи кылып жиберип, йавчилер менен саясы ынтымак түзүп, биргелеше уннуларды жок кылмак болгон. Бирок йавчилер өздөрүнүн бул жердеги тынч турмушу жана өздөрүнүн уннулардан алыстыгын эсепке алып отуруп, Хан империясы менен саясы ынтымак түзүүдөн баш тарткан. Жаңы эранын 1-кылымынын орто ченинде йавчилер жана да көчүп, Аму өзөнүнүн бойлорун негиз кылып, күчтүү Кушан империясын тиктеген. Жаңы эранын 2-кылымынын башында өкүм сүргөн Канышкай деген падышанын доорунда йавчилер будда динин кабылдап, бул динди Орто Азия мейкиндиги, Памыр жана Тияншан тоолорунун аралыгында жашаган уруу жана тайпаларга таркатуунун эң күчтүү коргону болуп калган. Кээ бир окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда будда дини как ушул падыша Канышкайдын доорунда азыркы Шинжаң районуна агып кирген53 . Кийин бул дин Шинжаң аркылуу Жуңгонун ички өлкөлөрүнө тараган. Жаңы эрадан илгерки 174-жылдары йавчилер азыркы Гансу өлкөсүнүн батыш-түштүк тараптарынан Орто Азия тараптарга карай көчкөндө, алардын жана бир бөлүгү түштүк тараптарга карай көчүп, Чилан шан тоолорунун тегерегиндеги жйаңзу уруулары менен аралашып, узак доорлордон кийин ошолорго ассимиляция болуп кеткен. Ал эми Аму өзөнүнүн бойлорундагы Кушан империясы курган йавчилер болсо жаңы эранын 5-кылымынын баш ченинде батышка карай көчкөн уннулардын аралашмасынан келип чыккан эфталиттер тарабынан жок кылынган. Байыркы кыргыздар менен йавчилердин төтөлөй байланыштары жөнүндө тикелей маалыматтар болсо да алардын эң адепки Эне Сай кыргыздары жана кийинки Тияншан кыргыздары менен кээ бир байланыштары болгондугун жоромолдоого болот. Анткени, йавчилердин мейли, эзелтен жашап келген илгерки журттары болсун, же болбосо алардын кийин көчүп барган райондору болсун, байыркы кыргыздардын саясы, экономикалык жана маданияттык байланыштарды жасап турган райондорунун бири болгон. Анын үстүнө йавчилердин түркү тили системасындагы байыркы уруулардын бири болгондугуна караганда алар менен кыргыздардын кандайдыр бир аталаш болгондугу ыктымалга өтө жакын. Ошондой эле бүгүнкү кыргыз урууларынын ичиндеги "жоочу", же "журтчу" деген бир кичи уруунун как ушул йавчилерден кыргыздарга ассимиляция болгон бир уруу экендигин божомолдойбуз. Ал эми кыргыздардын санжыргаларына негизделгенде "жоочу" же "журтчу" уруусу бүгүнкү күндө кыргыздардын Эне Сай доорунан бери аты аталып келген байыркы бугу уруусунун бир тармагы. Бул урууну бугу уруусунун ичинде сакталган кээ бир аңыздарда алардын түпкү атасы Каңкай (Хангай) тоолорунан келген экендиги айтылат. Ал эми Хангай тоолору болсо өз кезинде жана йавчилердин көчүп-конуп турган жерлеринин бири болгон. Кийин Орто Азияга көчүп барган йавчилер болсо Тияншан кыргыздарынын этник түзүлүшүнө киргендиги да божомолдон анча алыс эмес. Үчүнчү тароо ЭНЕ САЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН УРУУ БИРИКМЕЛЕРИ КЫРГЫЗ УРУУЛАРЫ БИРИКМЕСИ Жогоруда айтылгандай жаңы эрадан илгерки 36-жылы жана жаңы эранын 91-жылы Хан империясы Түндүк уннулардын падышалыгын жоготкон соң, бүтүндөй боштондукка жетишкен. Эне Сай кыргыздарынын коому күндөн-күнгө өнүктү. Алардын жайыттары да кеңейди. Ошону менен алардын коомунда бир канча кылым өкүм сүргөн чоң кыргыз уруу бирикмеси курала баштады. Кээ бир ханзуча тарыхы жылнамаларда жаңы эранын 3-кылымына келгенде алардын аскери күчү 30 миңден ашкан деген маалыматтар бар. Бул заманда көчмөн мал чарбачы тайпаларда 3-5 адамдан бир аскер ала турган адаттар болгон. Мындан ал заманда кыргыздардын адам саны 100 миңден 150 миңге жеткендигин божомолдоого болот. Ханзуча тарыхы маалыматтарга караганда бул заманда кыргыз уруулары чыгышта Байкал көлүнүн чыгыш тараптарында, батышта Иле өзөнү менен Талас өзөнүнүн жогорку агымдары жана Ысык Көлдүн жээктеринде жашаган. Уйсундардын журту түндүктө жана мурдагыдай эле Ангара өзөнүнүн бойлору, түштүктө азыркы Комулдун батыш тараптары, Кара шаардын түндүгү, Бухда-Ула (Тияншан) тоолору өңдүү кең жерлерге таркалган5 4. Кээ бир материалдарга караганда кыргыз урууларынын кадамы жана тупут (шизан) жерлери менен чек аралаш болгондугу да маалым55. Жыйнап айтканда Уннулардын мамлекети талкаланган соң, илгери уннулар үстөмдүк кылган жерлерге кыргыз урууларынын да таралгандыгы жана ушул жерлерди негиз кылып күчөтүп, бир уруу бирикмесин кургандыгы маалым. Татар окумуштуусу Ади Атласов: "Бул заманда кыргыздар күчтүү бир өкүмөт курган"56, деп жазат. Жогорку жазма маалыматтарга караганда Эне Сай кыргыздары так ушул уннулардын мамлекети алгач ирет талкаланган доордон (жаңы эрадан илгерки 1-кылымда) баштап, жаңы эранын 3-4-кылымдарына чейин болгон бир канча жүз жылдын ичинде уннулардын кыштоосу, же уннуларды кубалап, Тияншан тараптарга да көчүп келгендигин, бул көчүп келген уруулар азыркы Тияншан кыргыздарынын эң адепки ата-бабалары болуп калгандыгын көрүүгө болот. Бирок кыргыздардын эң негизги көп сандуу бөлүгү мурдагыдай эле Эне Сай тарапта болгон. Бул доордогу кыргыз уруулары жана алардын уруу бирикмеси жөнүндө төтөлөй анык материалдар өтө аз, ошондой болсо да кээ бир начар эстеликтерге негизденгенде кыргыз уруу бирикмеси божомол менен жаңы эранын 1-кылымынан баштап курулган. Бул доордо кыргыз уруу бирикмеси негизинен кыргыз, теленгит жана уйсун тайпаларынын кээ бир урууларынан түзүлгөн. "Таң жылнамасы" деген байыркы ханзуча китепте кыргыздардын (жийе-гулар) ичинде диң лиңдердин аралашмасы бар"57 деп жазылган. Теленгит уруусу болсо байыркы диң лиңдерден келип чыккан болуп, алар Байкал көлүнүн батыш жээгинде жашаган58. Алардын жана бир бөлүгү "кыргыз" Кем Кемжут (Эне Сай) деген жерлердин ормон токойлорунда жашаган59. Орус окумуштуусу Радлов байыркы кыргыздардын ичинде теленгит деген бир уруу бардыгы жөнүндө маалымат берет60. Жаңы эранын 3-кылымдарында теленгиттердин бир бөлүгү азыркы Алтай, Тарбагатай тоолорунда жашагандыгы маалым61. Булар кийинче Жунгар ойдуңунун жээктериндеги жайлоолорго көчүп келип мал багышкан. Ал эми уйсундар болсо бул доордо жана эле өздөрүнүн Иле, Талас өзөнүнүн бойлору, Ысык Көлдүн жээктериндеги байыркы журттарында жашаган болуп, алардын кээ бир уруулары бул жерлерде кыргыз уруулары менен аралаш олтурган. Ошондуктан алардын бир бөлүгү кыргыз уруу бирикмесинин ичине кирген жана уйсун деген наамы менен кала берген. Айрыкча, жаңы эранын 127-жылы уйсун тайпасынын Хан империясы менен болгон байланыштары негизинен үзүлүп калат, уйсундар да өз ичинде уруулардын чыр-чатак жана бытыраңкылык дооруна кирет. Уйсун коомунун бул жагдайы кээ бир уйсун урууларынын кыргыз уруу бирикмесине катышуусун тездетет. Бул доордо кыргыз уруу биркмесинин негизи болгон кыргыздардын өзү да бир канча урууларга бөлүнгөндүгү маалым. Орус окумуштуусу Радлов Эне Сай кыргыздары бүт бойдон Тияншанга көчүүдөн илгери, айрыкча Эне Сай кыргыздарынын байыркы доорунда алардын ичинде мундуз, саруу, кушчу (кутчу) деген уруулардын болгондугун жазат62. Алар жана байыркы кыргыздар менен аталаш тууган болгон азыркы карагас, хакас (какас), шор жана алтай тайпаларынын ичинде байыркы кыргыз уруу бирикмесиндеги бир канча уруулардын сакталып келгендигинен маалымат берет. Мисалы, хакастардын ичинде сагат (азыркы кыргыздардын ыгай уруусу), жети бөрү, шорлордун ичинде кызай, челей, мундуз, көбөк, желдең; карагастардын ичинде багыш; алтайлыктардын ичинде бугу, адигей (адигине) уруусу сыяктуу уруулардын болгондугун тилге алат63. Демек, байыркы кыргыз уруу бирикмеси тил жана салт-санаа жагынан жакын болгон теленгит, уйсун тайпаларынын кээ бир урууларын өз ичине алуу менен бирге жана сагай, бугу, адигей сыяктуу чоң уруулардан түзүлгөндүгүн да көрүүгө болот. Ал эми кыргыздардын санжыргачылары этник жагынан бири-бирине кошулган, же болбосо бири-биринен айрылып чыккан мындай уруулар жөнүндөгү аңыз жомокторго негизденип, кыргыздардын бир кыйла системалуу санжыраларын жасап чыккан. Бирок бул санжыргада "бир атада таралды" деген ар бир уруулардын как ушул бир атадан таралып келгендиги анык эмес. Анткени, кыргыз элинин бир бүтүн коомдук өнүгүү тарыхында кээ бир уруулар кыргыз ичине сиңип кирген, кээ бир уруулар болсо кыргыздардан айрылып, башка тайпа жана башка улуттардын ичине сиңип кеткен, кээ бир уруулар жок болгон, анын ордуна жана башка жаңы уруулар келип чыккан. Мындай абал кыргыз уруу бирикмесинен кийинки замандарында да кездешет. Муну бул лекциянын кийинки мазмундарында сүйлөп өтөбүз. КЫРГЫЗ ИСЯНПИ ТУВАРЛАРЫ БИРИКМЕСИ Исянпилер - ата мекенибиздин кең мейкиндигинде жашаган эң байыркы тайпалардын бири болуп, жаңы эрадан бир канча кылым илгери алар азыркы Чыгыш Сиберийа тоолорунда жашаган, азыркы "Сибер" деген сөз как ушул "Сиянпи" деген тайпанын наамы менен байланыштуу. Окумуштуулар Сиянпи тайпасы Тунгус тектеш (азыркы манжу, шибелердин байыркы ата-бабалары) тайпа болуп эсептелет деп карайт64.Сиянпи тайпасы кийинче азыркы ата мекенибиздин Ляфниң өлкөсүнүн батыш-түштүк жана ички Моңгул автономиялуу районунун чыгыш, чыгыш-түндүк тараптарына көчүп келип отурукташкан. Жаңы эрадан илгерки 3-кылымда уннулардын падышасы Баатыр Теңири Кут исянпилерге чабуул жасап, аларды өз бийлигине караткан, бирок исянпилер уннулардын бийлигине каршы ар дайым көңтөрүш жасап турушкан. Жаңы эрадан илгерки 54-жылы Хан империясы жана түндүк, батыш-түндүктөгү бир канча тайпалардын биригип сокку бериши менен уннулар экиге бөлүнгөндөн кийин исянпилер Хан империясына багынган65. Жаңы эранын 87-жылы Хан империясы исянпилер менен бирге уннуларга ажалдуу сокку берген. Ошондон баштап 100 миң түтүндөн ашуун исянпи уруулары азыркы Гобий чөлдүгүнүн тегерегине көчүп келип, бул тараптагы байыркы тайпалардын ичинде эң күчтүү бир тайпа болуп калган66. Жаңы эрадан кийинки 2-кылымдын ортосунда Тан Шихуай деген 14-15 жаштардагы бир баатыр бала чыгып, бир канча жүз миң исянпи урууларына башчылык кылып, азыркы Шаншый өлкөсүнүн67 түндүк тарабы жана ички моңгул автономия районунун ичиндеги Тан Хан Шан тоосунда чоң бир уруу бирикмесин курду. Көп өтпөй бул исянпи уруу бирикмесине караштуу жерлер батышта уйсундардын журту, чыгышта Фуйу (азыркы чыгыш түндүк өлкөлөр) району, түндүктө диң лиңдердин журттары, түштүктө Хан империясынын түндүк тарабы сыяктуу жерлерди өз ичине алды68. Бул заманда исянпилердин таасири Эне Сай кыргыздарына да жеткен болсо керек. Жаңы эранын 178-183-жылдары аралыгында Тан Шигуай каза тапты. Ошондон баштап Тан Шигуай тарабынан курулган исянпилердин уруу бирикмеси чачылып, анын ичинде тува (топо) деген бир исянпи уруусу күчөй баштады. Илгери исянпи уруу бирикмеси бийлик сүргөн мезгилде исянпи тува уруусу азыркы Хебей өлкөсүнүн батыш тарабынан Иле өзөнүнүн бойлоруна чейин болгон Курыгар районунун бир бөлүгүн ээлеген. Жаңы эранын 3-кылымынын ортосунда тува уруулары азыркы ички Моңгул автономиялуу районундагы Хелинегер ооданын негиз кылып, жаңы бир тува уруу бирикмесин түздү. Бул жаңы уруу бирикмесинин көлөмү илгерки Тан Шигуай тарабынан түзүлгөн исянпи уруу бирикмесиндей чоң болбосо да, бирок андан анча калышкан жок. Айрыкча тува уруу бирикмеси аталаш сегиз тукумдан тараган. Сегиз уруудан тышкары жана башка атадан таралган 75 уруудан куралган69. Байыркы ханзуча маалыматтарга караганда тува уруу бирикмесинин үстөмдүк кылуучу урууларынын ичинде кыргыздар да болгон. "Вий жылнамасы" деген китепте "Шандий доорунда алардын мамлекетиндеги уруулардын ондон жети бөлүгү бир атадан таралган адамдардан куралган. Шандий бул элди өзүнүн бир туугандары аркылуу башкарган. Кийин анын ар бир тууганы башкарган эл бир уруу болуп уюшкан. Шандийдин гегуши (кыргыз) деген бир тууганы да болгон"70 деп жазылган. Демек, ал заманда тувалардын ичинде таралган аңыз уламыштарында кыргыздар алардын бир тууганы деп баяндалган. Ал эми бул маалыматтарга негизденгенде Эне Сай кыргыздарынын тува уруу бирикмесин түзүүгө жана алардын Жуңгонун түндүк райондорун бирдикке келтирүүгө өз салымдарын кошкондугу шексиз. Жана башка материалдарга негизденгенде бул заманда Эне Сай кыргыз уруу бирикмеси жогоруда айтылгандай тез темп менен күчөп жаткан бир мезгил болчу, ошондуктан тувалардын уруу бирикмесине катышкан жана алардын үстөмдүк кылуучу урууларынын бири деп эсептелген. Кыргыздар Эне Сай кыргыз уруу бирикмесинин түштүк жана чыгыш тараптарындагы уруулары болсо керек. Анткени бул материалдарда "кыргыздардын эзелки орундагы Селенга (азыркы Моңгул эл республикасында) өзөнү менен Чиндеги (Жуңгодогу) Хуанхи өзөнүнүн аралыгында болгон71, деп жазылган. Жаңы эранын 4-кылымдарынын алгачкы жылдарында тува уруу бирикмеси андан күчөп, өз тегерегиндеги көптөгөн уруу жана тайпаларды өзүнө караткан. Ал тургай бул доордо азыркы Саншы, Шаншы өлкөлөрүндө жашаган көптөгөн хансу тайпалары тува уруу бирикмесине багынган. Ошондуктан аларга караштуу букаралар бир канча жүз миңге, аскери 400 миңге жеткен. Жаңы эранын 386-жылы Тува уруу бирикмесинин башчысы Тувагүй деген адам азыркы ички Моңгул автономиялуу районунун Көкхот шаарына жакын болгон Нийучуан деген жерде курултай чакырып, Түндүк Вий падышалыгы деген бир мамлекет курган. Бул мамлекет өзүнүн эң күчөгөн доорунда азыркы Хуанхи өзөнүнүн бүткүл түндүк тараптарын өзүнө каратып ошол доордо Жуңго территориясындагы чоң мамлекеттердин бири болуп калган. Бул мамлекеттин курулушу жана анын кеңейишине кыргыздардын кандай роль ойногондугу жөнүндө анык маалымат болбосо да бирок, тува уруу бирикмесинин үстөмдүк кылган уруусунун бири болгон кыргыздардын ал доордо чоң роль ойногондугу шексиз. Тува уруу бирикмеси жана бул уруу бирикмесинин негизинде курулган түндүк Вий падышалыгы өз доорундагы Жуңго тарыхында өтө зор маңызга ээ. Анткени, биринчиден, бул доордун алдында тува уруулары жана ага турмуш көчүрүүчү кээ бир уруулар болсо адепки коомдук түзүлүштөн эми гана таптык коомго өткөн болучу. Түндүк Вий падышалыгы курулгандан кийин тува жана башка уруулардын коому тез темп менен өнүгүп, тува уруу бирикмеси отурукташкан дыйканчылык турмушуна өтө баштады. Экинчиден, жаңы эранын 1-кылымынын аягы жана 2-кылымдын башында Жуңгонун бир канча кылым өкүм сүргөн Хан империясы өзүнүн алсыздык дооруна кирген. Чек ара райондордогу, айрыкча анын чыгыш-түндүк, түндүк-батыш, түндүк райондорундагы уруу жана тайпалар бытыраңкылык доорун баштап, бири-бири менен салгылашууга түшкөн бир жагдай болучу. Айрыкча, бул доордо Жуңгонун түндүк тараптарынын жагдайы өтө татаал болгон. Ошондуктан бул доордо тува уруу бирикмесинин, андан кийин түндүк Вий падышачылыгынын курулгандыгы бул райондогу уруу жана тайпалардын саясы жактан биригиши, экономика жана маданият жактан бири-бирине таасир көрсөтүп, биринин өнүгүшү үчүн жана бири жардам берүүдөй жакшы-шарт жагдайларды жаратты. Үчүнчүдөн, тува уруу бирикмеси жана түндүк Вий падышалыгы доорунда булардын ичине кирген уруулардын, феодалдык коомдук түзүлүштүн өнүккөн баскычтарында турган хансу тайпалары менен тыгыз байланыш жасагандыгы, бул уруулардын ичинде феодалдык элементтердин өсүшү үчүн андан жакшы жагдай жаратты. Алар бул доордо Хансу тайпаларынын өнүккөн маданияты жана өндүрүштүк куралдары менен өндүрүштүк өнөрүн кабылдады. Демек, тува уруу бирикмеси жана Вий падышалыгы доорунда Жуңгонун түндүк тараптарынын коому барган сайын өнүгө берди. Төртүнчүдөн, Тува уруу бирикмеси жана Түндүк Вий падышачылыгынын үстөмдүк кылган ак сөөк урууларынын бири болгон кыргыздарда түндүк Жуңгодогу хансу, тува жана башка тайпалардын өнүккөн маданияты, экономикасы жана системалуу саясы түзүмдөрү менен таанышышып, аларды өз коомун өнүктүрүүнүн алдыңкы шарттарынын бири катары пайдаланды. Бирок жаңы эранын 5-кылымдарында Түндүк Вий падышалыгы алсыздык жагдайга карап кадам таштады. Мамлекеттин ичиндеги көптөгөн уруулар үстөмдүккө каршы көңтөрүштөрдү баштады. Кийинче алардын көптөгөн жерлерин Төөлөс уруу бирикмеси менен Жожан уруу бирикмеси ээлеп, Түндүк Вий падышалыгынын территориясы бул уруу бирикмелеринин согуш майдандарына айланып калды. ТӨӨЛӨС УРУУ БИРИКМЕСИ Төөлөс жана анын тегерегине уюшкан уруулар ата мекенибиздеги эң байыркы уруулар болуп, анын ичиндеги кээ бир уруулардын тарыхы мындан 4-5 миң жыл илгерки замандардан баштап ханзуча байыркы заман тарыхы материалдарына караганда бул заманда Жуңгодогу хуаншия тайпаларынын түндүк тараптарында "аштык айдап, эгинчилик кылууну билген дий деген бир тайпа болгон"72. Кээ бир окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда "дий" деген наам байыркы "түрк" деген наамдын ханзуча кыскартып жазылышы" болгон экен73. Бул заманда дий уруулары негизинен ата мекенибиздин түндүк жана түндүк-батыш тараптарында жашаган, өз ичинде кызыл дий, түндүк дий жана ак дий деген чоң урууларга бөлүнгөн74. Түрк тилинде жазылган тарыхый маалыматтарга караганда алар ал заманда чыгышта ата мекенибиздин чыгыш-түндүк райондорунан баштап, батышта Каспий деңизи, Кара деңизге чейин болгон жерлерде жашаган. Ал эми бул уруулар жашаган мындай кең мейкиндик болсо "туран" деген наам менен аталган экен75. Жаңы эрадан илгерки 2-кылымда майданга келген Жуңго Шия мамлекетинен кийинки Шияң, Жу жана чунчийужангу доорлорунда дий уруулары өтө күчөгөн. Алардын бир бөлүгү чыгыш түндүк райондорго көчүп, байыркы тунгус урууларын түзгөн. Жана бир бөлүгү хуашия районуна көчүп, азыркы саншы өлкөсүндө Жуңшан деген бир мамлекет курган76. Ал заманда ата мекенибиздин түндүк тараптарында жашаган уннулар да ушул ак дий урууларынан тараган. Демек, бул маалыматтарга караганда дий уруулары азыркы ата мекенибиздин түндүк, чыгыш-түндүк, батыш-түндүк тараптарында жашаган аз сандуу улуттардын, айрыкча, түрк тилинде сүйлөшкөн улуттардын ата-бабалары болгон. Жаңы эрадан илгерки 54-жылы жана жаңы эрадан кийинки 91-жылы Хан империясы уннулар мамлекетине оор сокку берген соң, дий уруулары өз алдына бир канча уруу бирикмелерин түзгөн. Жаңы эранын 3-кылымында ата мекенибиздин чыгыш-түндүк тараптарынан алыстагы Каспий деңизи, Кара деңизге чейин болгон жерлердин аралыгындагы азыркы Моңгул, Муңгулия эл республикасы, Сиберийа тоолору, Тияншандын түндүк жана түштүк тараптары, ошондой эле Орто Азиянын кең мейкиндигинде жашаган. Байыркы дий урууларынан тарап, түрк тилинде сүйлөшкөн бир канча уруулар биригип, чоң бир уруу бирикмесин түздү. Бул уруулардын бирикмеси ханзуча байыркы тарыхы жылнамаларда "тийеле" деген наам менен аталган77. Кээ бир ханзуча байыркы тарыхы материалдарда жана алар "каңкы" (бийик арабалуулар) деген наам менен да аталган78. Ал эми байыркы түрк тилинде жазылган Орхон - Эне Сай таш бүртүктөрүндө (таш жазма эстеликтеринде) болсо "төөлөс", "төлис", "төлиш" деген наам менен тилге алынган79. Ханзуча "Сүй жылнамасы" деген китепте төөлөс уруу бирикмесинде уюмдашкан 9 райондогу 40тан ашуун уруулардын наамы жазылган. Булардын ичиндеги эң чоң уруулар болсо Каспий деңиз, Кара деңиздин тегерегиндеги хазарлар, аландар, башкырттар, Орто Азиядагы чигилдер, аямактар, суурлар, Алтай тоолорунун батыш-түндүк тарабындагы сыр-тордуштар, жалайырлар, Тияншан тоолорунун түндүк тараптары, Комулдун батыш жактары, Алтай тоолорунун чыгышы, Эне Сай өзөнүнүн бойлору сыяктуу кең кеткен жерлерде жашаган тувалар сыяктуулар болуп эсептелет80. Төөлөс же болбосо каңку уруу бирикмеси жөнүндө илгерки окумуштуулардын жазып калтырган аңыз уламыштары өтө көп. Мухаммет Абулгази Баатырхан өзүнүн "Түрк шежиреси" деген даңктуу китебинде каңкылардын келип чыгышы жөнүндө мындай маалымат берет: "Огуз хан өз атасы Кара хан менен согушту, кудай таала Огуз ханды жеңишке жеткирди, Кара хан качты, урушта Кара хандын башына ок тийди. Бул окту кимдин аткандыгы белгисиз. Кара хан октон болгон жара себебинен каза тапты. Огуз хан атасынын тагына отурду… Бул заманда Кара ханга багынбаган элдер көп болучу. Ар бир чоң элдин башкарган айрым падышалары бар эле. Кийинче башка элдер бул падышаларга багынып турушкан Кара хандын мусулман болгон элдери Огуз ханга кошулган. Мусулман болбогондору башка падышаларга барып кошулду. Огуз хан Могул (Моңгул) журтунда олтурган элдер менен жыл сайын согушуп, аларды жеңип турду. Эң аягында алардын бардыгын басып алды. Качып кутулгандары болсо татар ханына барып сыйынды, татарлар бул заманда журжит (илгери чыгыш-түндүктө жашаган нүжин деген эл) деген жерге жакын олтурган болучу. Журжит деген бир чоң эл болуп, алардын шаар-кыштактары көп болгон. Бул эл кытай (чыгыш-түндүктө жашаган кидандар) журтунун темир казык жылдызы (түндүк) тарабында жашаган болучу. Огуз хан барып татарды чапты. Татар ханы көп аскерлери менен согушту. Огуз хан аны жеңип, аскерлерин кырды. Бул кезде Огуз хандын колуна сан-санаксыз көп мал түштү. Аны жүктөп кетүүгө көлүк жетпей калды. Бул кезде жакшы бир билимдүү адам бар эле, бул ойлоп олтуруп бир араба жасады, башкалар муну көрүп араба жасоого киришти. Алар олжого түшкөн мал, дүйнөсүн ушул арабаларга жүктөп кайтты, бул арабага "каңк" деп ат койду. Андан илгерки араба дегендин аты да, заты да болбогон. Муну "каңк" деп атоонун себеби - бул арабалардан жол жүргөндө "каңк-каңк" деген доош чыгып турган, ошого бул арабаны жасаган адамдарга "каңк", "каңлы" деп ат койду, кийинки каңкылы эли дал ушул адамдардын балдары болуп эсептелет"81 деп жазган. Мухаммет Абулгази Баатыр хандын бул маалыматтары мусулмандардын аңыз-уламыштарынын күчтүү таасирине учураган болсо да, анын кээ бир мазмундары чындыкка жакын болуп, башкача тарыхый материалдар менен далилденген. Ал эми байыркы ханзуча тарыхый материалдарда, төөлөс же болбосо каңкы уруу бирикмеси жөнүндө маалыматтар да өтө көп. "Вий жылнамасы" деген китепте: "Каңкылар байыркы кызыл түрк тукумунан таралган… Алардын тили уннулардын тили менен окшош болуп, ортосунда аз-маз айырма бар" деп жазылган жана бул китепте төөлөс (каңкы) уруулары эң адепки заманда көкбөрүнү кудай деп билип, ошого сыйынгандыгы жана көкбөрүнү адамдардын түпкү атасы деп карагандыгы жазылган82. Бул абал төөлөс урууларынын адепки коомдук түзүлүштөгү диний ишенимдери менен байланыштуу. Анткени адепки коомдогу адамдар жаратылыш дүйнөсүнүн сырын билбеген. Ар түрдүү жырткыч айбандар жана жаратылыштын түрдүү кубулуштарынан коркуп, буларды өзүнүн кудайлары деп эсептешкен, мындай абал эң адепки ханзулардын ата-бабалары болгон хуашия тайпаларынын ичинде да болуп, алар аюуну өзүнүн ата-бабасы деп караган. "Түндүк падышалыктар тарыхы" деген китепте: "төөлөстөр" эң байыркы уннулар тукумунун бири болуп, алар өтө көп уруулардын бирикмесинен пайда болгон"83 - деп жазылган. "Вий жылнамасы" деген китепте: "Бирок бул уруулар бирикмесинин бир туташ башкаруучусу болгон эмес, ар бир урууларды өз аксакалдары бийлеген. Төөлөстөр өтө кайраттуу эл болгон. Ар бир уруулар бир жакадан баш чыгарып, бир ниетте болуп, бир жеңден кол сунган. Алар жоолорго каршы турганда бири-бирине жардам берүчү, бири жана биринин колдоосуна таянучу"84 деп жазылган. Ал эми "Сүй жылнамасы" деген китепте төөлөс уруу бирикмесине кирген, ошондой эле бир жерде топтошуп, же болбосо коңшулаш олтурган уруулардын туруктуу кошулма аскерлери болгондугу жазылган. Мисалы, Моңгулия эл республикасындагы Тугла өзөнүнүн бойлорунда жашаган баргут, тонра, уйгур байыркы бөркли (повургур) жана башка коңшулаш уруулардын 20 миң туруктуу аскери болгон. Кумулдан батыш Кара шаар (Кенгитдын) түндүгү, Богда (Тияншан) тоосунун тегерегинде коңшулаш жашаган уйгур (огуз), кыргыз жана башка уруулардын да 20 миң туруктуу аскери болгон85. Мындай абалды Төөлөс уруу бирикмесиндеги башка уруулардан да көрүүгө болот. Тарыхый материалдарга караганда Төөлөс уруу бирикмесинин салт-санаасы негизинен окшош болгон. "Вий жылнамасы" деген китепте: "Төөлөстөр куда түшкөндө өгүз, жылкы сыяктуу бодо малдан калың берүүнү жакшы көрөт. Куда түшкөн соң сөзүнөн кайтпайт. Бала бойго жеткенде той жасайт. Күйөө бала кыз жакка араба кошулган ат жетелеп барат. Кызды атка мингизип болгон соң атты үркүтөт. Кыз аттан жыгылбаса той жасайт, эгер кыз аттан жыгылып кетсе той бузулат…"86 - деп жазылган. Бул китептеги маалыматтарга караганда Төөлөс бирикмесиндеги ар кайсы уруулардын диний ишенимдери, өлүм-житим адаттары жана башка абалдары негизинен окшош болгон. Демек, жогорку материалдарга негизденгенде Төөлөс уруу бирикмеси саясы жактан ар кайсы урууларды негиз кылган аскери демократиялык бирикме болуп эсептелет. Мындайча айтканда, уруш болгон кездерде ар бир уруу аскер чыгарып, жоого каршы орток согушка катышкан. Уруш токтогон убакыттарда болсо ар бир уруу өз аксакалынын жетекчилигинде өз тиричилигин кылышкан. Ар бир уруу бириккен чоң бирикмеге экономика жана башка тараптардан эч кандай милдеттенме албаган. Ал эми алардын мындай бирикме түзүлүшүндөгү негизги себептери болсо, алардын жогоруда айтылгандай тил, салт-санаа жана башка тараптардагы окшоштугу, ошондой эле бул бирикмеде ар бир уруу аксакалдарынын тең орунга ээ болгондугу болуп эсептелет. Бирок Төөлөс уруу бирикмесиндеги ар бир уруулардын экономикалык жана коомдук түзүлүштөрү коомдук өнүгүү тарыхынын окшобогон баскычтарында турган. ТӨӨЛӨС УРУУ БИРИКМЕСИНИН КООМУ Ханзуча "Түндүк падышалардын тарыхы" деген китепте: "Төөлөстөрдүн туруктуу жайыттары жок. Алар суу менен от чөп кубалашып көчүп жүрүшөт. Алар өтө баатыр мүнөз болот, ат үстүндө жаа тартууга чебер келет"87, деп жазылган. Бул абал негизинен ата мекенибиздин түндүк тараптары, Сиберийа, Хангай, Алтай жана Тияншан тоолорунун тегеректеринде жашаган төөлөс урууларынын коомуна каратылган. Ал эми Эне Сай, Эртыш, Иле, Балкаш сыяктуу өзөндөрдүн бойлору, чоң көлдөрдүн жээктеринде жашаган төөлөс уруулары көчмөн мал чарбачылыктан башка жана эгинчилик менен жашагандыгы да маалым. Төөлөс уруу бирикмесинин "батыш тараптагы уруулары бай жемиштерди да өстүргөн"88. "Мухтасар тарых кавми түрки" деген китептеги маалыматтарга караганда Каспий деңиздин жээктери, Эдил (Волга) өзөнүнүн баш агымындагы райондор жана Кара деңиздин түндүк, чыгыш тараптарында жашаган төөлөс уруулары бул уруу бирикмесинин ичинде коомдук маданияты абдан өнүккөн уруулардан болуп эсептелет. Булар айбандарды көбөйтүп ошону менен күн өткөзгөн… жер айдап, эгинчилик кылган жана алар ыңгайлуу жерлерге, айрыкча, чоң агын суулардын бойлоруна шаар салып, соода-сатык кылып турушкан. Алар Волга менен Кама өзөнүнүн бойлорун аштык казналары менен толтурган. Алар өздөрүнүн түндүк тарабындагы саклаптар (славян жана фин тайпалары) менен кең соода кылышып турушкан89. Алар жана кебезден бөз токуган. Көп булгаары иштеп чыгарган. Алтын, күмүш буюмдарды жасаган. Бул маалыматтарга караганда төөлөс уруулары бирикмесинин батыш тараптагы уруу тайпалары феодалдык коомдук түзүлүштүн алда канча өнүккөн баскычтарында турган. Ал эми төөлөс уруулар бирикмесинин чыгыш тарабындагы кээ бир уруулары жарым мал чарбачылык жана жарым дыйканчылык менен тиричилик кылышкан. Буларга Эне Сай, Ангара өзөнүнүн бойлорундагы кыргыздар да кирет. Жаңы эранын 4-кылымында Эне Сай кыргыздарынын жогоруда айтылган чыгыш бөлүгү (Селенга менен Хуанхи өзөнүнүн аралыгында жашаган кыргыздар) исянпи тува уруу бирикмесине карашкан. Ал эми Эне Сай, Ангара өзөнүнүн бойлору жана Тияншан тоолорунун тегерегиндеги кыргыздар төөлөс уруу бирикмесине таандык болучу. Бул заманда зор көпчүлүк кыргыздар төөлөс уруу бирикмесине кирген. Төөлөс уруу бирикмесине кирген кыргыз уруулары бул уруу бирикмесинин чыгыш тарабындагы уруулардын ичинде бир кыйла өнүккөн уруу болучу. Анткени "алардын шаар-кыштактары бар болуп, жарым отурукташкан, жарым көчмөн турмушта жашаган"90. Башка материалдарга негизделгенде бул кыргыздар төл алынып болгон соң, буудай, арпа айдаган. Жайдын ысык күндөрү жакын жайлоолорго көчүп барып мал багышкан. Күз киргенде кайра келип, аштыгын оруп алган. Алар бугу, марал, аркар сыяктуу жапайы айбандарды кармап жеген. Сүлөөсүн кармап, анын терисинен тебетей жана ичик тигип кийген. Төөлөс уруу бирикмесинин жогоруда айтылган кыргыздардан башка Тухла өзөнү жана Байкал көлүнүн түштүк жээктериндеги бархут, туңра, уйгур, байырку, бөркли, хун, тува сыяктуу уруулары негизинен көчмөн мал чарбачылык, аңчылык турмушунда жашаган. Жаңы эранын 5-кылымынын 20-жылдарында Түндүк Вий падышалыгы Байкал көлүнүн түштүк тараптарында жашаган 100 миң түтүн төөлөс урууларын азыркы Хебей өлкөсү жана Гобий чөлдүгүнүн түштүк тараптарына көчүрүп алып келген. Булар көчүп келгенден кийин бир мезгил өздөрүнүн илгерки салты боюнча дөңгөлөгү бийик арабаларга олтуруп, от, суу кубалашып91, көчмөндүк турмушта жашаган. Кийинче алар бул райондордо жашаган ханзу жана башка эгинчи тайпалардын таасири аркылуу отурукташкан дыйканчылык турмушуна өткөн. Ошол доордо бул райондор "төөлөс жылгасы" деп аталган. Бирок эгинчилик турмушун баштаган соң алар өздөрүнүн мал чарбачылык салттарын да таштабаган. Ошондуктан ал заманда бул райондогу төөлөс урууларынын ичинде мындай бир ыр таралган: Йыңшан түбүндө, Төөлөс жылгасы. Жер-жерге асылган, Төөлөс тулгасы. Төбөдө асман Гүлдөдү турмуш. Ар кайсы жактан, Эркелеп желге, Кулпурат чөптөр, Малдуу жайыттан Уялат чөлдөр.92 Бул доордо төөлөс жылгаларына көчүп келген төөлөс уруулары ханзу жана исянпи туваларынын таасири менен феодалдык коомдун алгачкы баскычтарына кирип келди. Алардын урууларынын ичинен феодал эзүүчү таптар менен эзилүүчү таптар келип чыкты. Илгерки уруу аксакалдары жана урушта даңк чыгарган баатырлар ак сөөктөр табын түздү. Булар тува, ханзу феодалдары менен биригип калың төөлөс букараларынын үстүнөн эң катуу бийлик жүргүздү. Ошондуктан төөлөс букаралары үстөм таптардын эзүүсүнө каршы көптөгөн төңкөрүштөрдү жасап турду. Жаңы эранын 471-473-жылы көтөрүлгөн төөлөс букараларынын төңкөрүшү тува жана төөлөс бийлөөчү таптарына катуу сокку берген эң чоң төңкөрүш болуп эсептелет. Ошол жылы тува бийлөөчүлөрүнүн өкүлү болгон түндүк Вий падышасы Тува Хуң аскер жиберип, төңкөрүшчүл букараны кыргын кылып, 30 миңден ашык төөлөс букарасын канга боеду. Бирок алардын төңкөрүшү муну менен басылып калган жок. Жаңы эранын 498-жылы төөлөс букаралары жана бир ирет көтөрүлүш жасады. Мындай көтөрүлүштөр Түндүк Вий падышалыгы жыгылган убакытка чейин, мындайча айтканда, жаңы эранын 534-жылдарына чейин токтобой арка-аркасынан улантылып турду. ТӨӨЛӨС УРУУЛАРЫ ЖАНА ЖОЖАНДАР Жаңы эранын 4-кылымдарынын аягында азыркы Гобий чөлдүгүнүн түндүк жана түштүк тараптарында жожан деген бир тайпа күчөй баштады. Алардын өзүнүн ичинде таралган аңыздарга караганда алар Түндүк Вий падышалыгын курган исянпи тувалары менен аталаш болгон экен93. Түндүк Вий падышалыгы курулгандан кийин жожандар анын үстөмдүгүндө жашаган. Алгачкы убакыттарда жожандар мал чарба менен турмуш көчүргөн. Боз үй жана алачыктарда олтурган, кошумча аңчылык кылышкан. Жана төөлөстөргө окшоп араба жасап, арабада көчүп жүрүшкөн. Кийинче Түндүк Вий падышалыгы аларды Гобий чөлдүгүнүн түштүк тарабына көчүрүп келген. Как ошол доордо жожандардын ичинен Шелун деген бир адам чыгып, Түндүк Вий падышалыгынын үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүш жасап, бардык урууларын баштап, Гобий чөлдүгүнүн түштүк тарабынан түндүк тарабына көчүп кеткен. Жаңы эранын 344-жылы Шелун өзүн каган (хан) деп жарыялап, түндүк тарапта жашаган бир канча төөлөс урууларын өзүнө каратып, түштүктө Түндүк Вий падышалыгы, түндүк жана түндүк-батыш тарапка төөлөс уруу бирикмеси менен бийлик талашкан. Ал алды менен өзүнүн падышалык ордун бекемдеген соң бытыраңкы төөлөс урууларын өзүнө каратуу үчүн өз борборун азыркы Гансу өлкөсүнүн Дуң Хуаң шаары менен Жаңйе шаарынын түндүк тарабындагы бир жерге жетип келген94. Шелун каган доорунда жожандар өтө күчөгөн болучу. Тарыхый маалыматтарга караганда бул заманда жожандар чыгышта Чавшйан (Корийа), батышта азыркы Шинжаң автономиялуу районуна караштуу Кара шаардын түндүк тараптары, түндүктө азыркы Моңгулия эл республикасындагы Хангай тоолору, түштүктө Гобий чөлдүгү аралыгындагы жерлерди ээлеген95. Бул доордо мамлекеттин эң чоң башкаруучусун "каган" деп атаган. Андан калса черик башы (башкы командачы), тайан (ага аксакал), эл (эл башы), элтебер, элбага, эркин бага жана алардан төмөн ар даражалуу бийлер турган. Жожандар мындай системалуу бийлик түзүмдөрүн Түндүк Вий падышалыгы жана төөлөс урууларынан үйрөнгөн болсо керек. Анткени, мындай наамдар төөлөс уруулары жана кийинки түрк, уйгур, кыргыз каганаттарынын бийлик түзүмүндө көп учурайт. Анын үстүнө бул наамдардын бардыгы төөлөс урууларынын тилинен келген. Жожан каганаты - ата мекенибиздин түндүк тарабында жашаган байыркы уннулардын кулдарлар мамлекетинен кийин майданга келген аз сандуу тайпалар тарабынан курулган экинчи кулдарлар мамлекети болуп эсептелет. Уннулардан кийин курулган Түндүк Вий падышалыгы жана башка аз сандуу тайпалар тарабынан курулган башка мамлекет, же башка уруулар бирикмелеринде кулдарлык түзүлүштүн болгондугу жөнүндө жетерлик маалымат жок. Бирок Түндүк Вий падышалыгы жана жожандар мамлекетине караштуу кээ бир уруу тайпалардын ичинде үй-бүлө кулдары жана күңдөр (аял кулдар) болгон. Бирок мындай байланыштар бир бүтүн системалуу кулдарлык коомдук түзүлүш байланыштарын түзө албаган. Жаңы эранын 402-жылы бийлик жүргүзгөн Шелун каган жогорку райондордогу төөлөс урууларын өзүнө караткан соң, өзүн "чочутабар каган" деп атады. Мунун мааниси чочутуп эл басар каган деген болот экен96. Ошондон баштап Чочутабар каган туш-тушка аскер жумшап уруш кылып турган. Ал жаңы эранын 402-жылы өзүнүн түштүк тарабындагы Түндүк Вий падышалыгына уруш жарыялаган. Бирок бул урушта Түндүк Вий падышалыгы жеңишке жетип, жожандардан 3 миң жылкы 70 миң кой-эчки олжо алган. Как ошол жылы Ата Мекенибиздин түндүк-батыш тарабындагы төөлөс уруулары көтөрүлүш жасап, жожандардын бийлигинен бир мезгил кутулуп калган. 410-жылы Чочутабар каган өлгөн. Анын ордуна иниси Көлөй деген адам каган болгон. 424-жылы Көлөй каган 60 миң аттуу аскер жиберип, Түндүк Вий падышалыгына уруш жарыялады. 427-жылы Гобий чөлдүгүнүн түндүк жана батыш тарабындагы төөлөс уруу бирикмесине караштуу бөрклү тайпасынын бир тамгасы болгон пувургур уруусунун 100 миң түтүндөн артык адамын багындырды жана азыркы Жимисар Турпан райондорун кайра колго киргизди. Жаңы эранын 429-жылы Түндүк Вий падышалыгы жожандардын чыгыш бөлүгүнө бастырып кирип, азыркы ички Моңгул районунун чыгыш жана орто бөлүгүнөн баштап Сиберийадагы Байкал көлүнө чейин болгон жерлерде жашаган урууларды өзүнө каратты. Бул согуш жожандардын тарыхында эң оор жеңилиш болду. Ошону менен Жожан кулдарлар мамлекети жылдан жылга алсызданды. Мындай абал 70-80 жылга чейин токтобой уланып турду. 485-492-жылдар аралыгында жожандардын ортосунда бири-биринен бийлик талашкан кандуу чырлар келип чыкты. Жожандардын бийлигине багынган ар кайсы уруулар айрыкча жожандардын өз ичиндеги кулдар кең көлөмдүү төңкөрүш жасады. Жаңы эранын 487-жылы жожандардын падышасы Дулун каган Түндүк Вий падышалыгына чабуул жасап, төөлөс уруу бирикмесинин ичиндеги пувургур уруусунун өзү менен бирге урушка катышууга кыстаган. Пувургур уруусунун аксакалы Апа Чоро жана анын иниси Чөнчү өзүнө караштуу бардык уруусун баштап эки элдин ортосундагы урушка каршы туруп, батышка карай көчүп, азыркы чыгыш Тияншан районуна барып орнолошкон. Аларды кубалап барган Дулун каган пувургур уруусу тарабынан жеңилип качып келген. Апо Чоро чыгыш Тияншандын түндүк тарабын ээлеп, азыркы Жимисар тарапта Каңкы падышалыгын тургузуп, өзүнчө "Көл бойла" деп атак берген. Иниси чыгыш Тияншандын түштүк тарабын ээлеп, бул жерде жана бир падышалык куруп, өзүн "Көл бий" деп атаган. Апо Чоро менен Чөнчү түндүктө Жуңгар ойдуңунун чыгыш тараптары, түштүктө Кара шаардын чыгыш тараптары жана Лопнор районунун чыгыш бөлүгү сыяктуу жерлерди өзүнө караткан. Апо Чоро менен Чөнчү адам жиберип, Түндүк Вий падышалыгы менен достук байланыш орноткон. Апо Чоро менен Чөнчү падышалыгы Түндүк Вий падышалыгы менен биригип туруп жожандарга катуу сокку берген. Ошону менен бирге жожандардын бийлик сүргөн райондору илгеркиден көп тараган, күчү зор даражада алсыздаган. Бирок жаңы эранын 5-кылымынын 90-жылдарында азыркы Орто Азиядагы Аму өзөнүнүн түштүк тараптары жана азыркы Ооганстан райондорунда өкүм сүргөн эфталиттер жана Памир тоолорунун чыгыш тараптары, Тияншан тоолорунун түштүк райондоруна чабуул жасап, азыркы Кара шаардын батыш тарабындагы бүткүл жерлерди басып алды. Окумуштуулар эфталиттерди байыркы уннулардын ушул районго көчүп барып орнолушуп калган урпактары деп карайт. Ошондуктан булар жана "ак уннулар" деген наам менен аталган. Апо Чоро менен Чөнчү эфталиттерге каршы согуш жарыялады. Бирок эфталиттер алардын колунан Кара шаарды тартып алды. Чөнчүнү өлтүрүп, иниси Меотону туткун кылды. Ошондон баштап Апо Чоро чыгышта жожандардын, батышта эфталиттердин курчап сокку берүүсүнө кезикти. Эфталиттердин Апо Чоро менен Чөнчү бийлеген райондорго кылган чабуулу алсыраган жожандардын кайта күчөйүшүнө себеп болду. Ошону менен бир бөлүк төөлөс урууларын өзүнүн туусу астына уюштурган каңкы падышалыгы алсыздады. Анын кол астындагы райондор барчаланды. Турпан (Кочо) районун жожандар колдогон ханзулардын Чүйчийа падышалыгы эзди. Бул доордо жана азыркы Чиңхай өлкөсүнүн чыгыш районунда жашаган туйухун деген уруу Каңкы өкмөтүнүн кээ бир райондорун басып алды. Ошондон баштап Тияншан тоолорунун түндүк жана түштүк тараптарын жожандар, эфталиттер жана туйухундар бөлүшүп алып, 30-40-жылга чейин бул райондордо бийлик жүргүздү. Каңкы падышалыгынын тегерегине уюшкан төөлөс уруулары пувургурлардын жардамынан айрылып, башкадан жожандардын бийлиги астына өттү. Жожандар бул убакытта Алтай тоолоруна чейин болгон райондорду ээлей баштады. Бул заманда Эне Сай кыргыздарынын абалы кандай болгондугу жөнүндө анча көп жана ишенимдүү маалымат жок. Эне Сай кыргыздарынын туваларга кошулуп, кийинче Түндүк Вий падышалыгын курууга катышкан чыгыш бөлүгү ошол заманда түндүк Жуңгодогу тайпаларга ассимиляция болуп кеткен болсо керек. Анткени булар жөнүндөгү маалыматтар ошондон баштап бүт бойдон үзүлүп калган. Ал эми Эне Сай менен Ангараны негиз кылган түндүк кыргыздар жожандардын бийлиги астына өткөн болсо керек. Тияншандын батыш тарабындагы батыш бөлүгү төөлөс уруу бирикмесинин ичинде кала берген болсо керек. Төртүнчү тароо ЭНЕ САЙ КЫРГЫЗ КАГАНАТЫ ЭНЕ САЙ КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНЫН КУРУЛУШУ Жаңы эранын 3-6-кылымдары ичинде, ата мекенибиздин ар кайсы жерлеринде, Хан империясынын кийинки эң узак феодал бытырандылык доору өкүм сүрдү. Хуаңхи өзөнүнүн түштүк тарабында Ханзу жана башка аз сандуу тайпалар тарабынан курулган Ви, Шу, Ву деген "үч падышалык" (220-280-жылдардын аралыгы), андан кийин Чин падышалыгы (265-420-жылдардын аралыгы) түштүк жана түндүк падышалыктар доору (420-589-жылдардын аралыгы) башталды, бул түштүк жана түндүк падышалыктарынын ичинде, Хуаңхи өзөнүнүн түндүк, батыш-түндүк, түштүгү жана Чаңжияң өзөнүнүн тегерегинде курулган соң (420-479-жылдардын аралыгы), Чий, Лияң, Чин (479-589-жылдар аралыгы) падышалыктары, түндүк тараптарда болсо жогоруда айтылгандай Исиянпи тувалары менен кыргыздар курган Түндүк Вий падышалыгы (386-534-жылдардын аралыгында) ошону менен бир убакытта курулган. Жожан Кулдарлар мамлекети жана Төөлөс уруулар бирикмеси өкүм сүрдү. Мындай феодал бытыраңкылык доордун узак заманга созулгандыгы жана бул мамлекеттерди, ошондой эле ар бир тайпа-уруулардын узун заманга чейин бири-бирине каршы согуштары аркасында Унну, Исиянпи, Тува, Китинче, Жунжан сыяктуу тайпалардын аттары тарых бетинен өчүп, башка уруу жана тайпаларга ассимиляция болуп кетти. Ал эми Кыргыз жана башка уруу-тайпалар өздөрүнүн тарыхтагы наамдарын сактап калуу менен бирге күндөн-күнгө күчөп, чоң тайпаларга айланды. Жаңы эранын 5-6-кылымдарында, башкача айтканда, ата мекенибиздин түндүк жана батыш-түндүк тараптарындагы Түндүк Вий падышалыгы менен Жужандар - Жужандар менен Төөлөс уруу бирикмесине таандык болгон. Бул уруу-тайпалар ортосунда кескин чыр-чатактар күчөп жаткан бир мезгилде, "Эне Сай кыргыздары" деп аталган кыргыздардын эң негизги көп бөлүгү болгон Эне Сай, Ангара кыргыздарынын саясий күчү жылдан-жылга улгайып, алардын коому жана маданияты жогору темп менен өнүгө берди. 5-кылымдын аягында илгери кыргыз уруулары бирикмесинин ордуна Эне Сай Кыргыз Каганаты бардыкка келди. Бул Каганат кыргыз тарыхындагы эң адепки күчтүү патриархал өкүмөт болуп эсептелет. Эне Сай Кыргыз Каганатынын кайсы жылдары кандай адам тарабынан курулгандыгы жөнүндө анык бир маалымат жок. Жогоруда айтылган Ады Атласов өзүнүн "Шибер тарыхы" деген чыгармасында: "6-кылымдын аягында, кыргыздар өтө күчтүү өкүмөт курган. Анын чек арасы чыгышта Байкал көлүнө, түштүктө чыгыш Түркстанга чейин болгон аралыкка созулган"97 - деп жазат. Байыркы ханзуча тарыхый маалыматтарда болсо, жаңы эранын 5-6-кылымдарындагы Эне Сай кыргыздары "өздөрүнүн эң чоң башчысын "аз" деп атаган", аздын ордосу Жашыл-Тоого (азыркы Таннула тоосуна орнолошкон, анын кол астында Бойла (вазир), Тутук (эл Төрөсү), Ага-Төрө, Төрө-Сангун (аскер башы), Таркан (аймак бийлери) сыяктуу алты даражалуу бийлик системасынын болгондугу жазылган"98. Бирок, бул тарыхый материалдарда да мындай бийлик системасынын кайсы жылдары кандай адам тарабынан тектелгендиги жөнүндө эч кандай маалымат жок. Ошол доордо азыркы Моңгулия Эл Республикасынын Орхон, Селенга өзөндөрү, Сиберийа, Алтай тоолору жана анын тегерегинде жашаган байыркы тайпалардын саясий жагдайы жазылган көптөгөн тарыхый материалдарга караганда, тунгуч Кыргыз Каганатынын Ады Атласов айткандай жаңы эранын 6-кылымдарынын аягында курулгандыгы чындыкка анча туура келбейт. Биздин карашыбызча, Ады Атласов айткан кыргыз өкүмөтү жана байыркы ханзуча тарыхый материалдарда сүрөттөлгөн кыргыз каганатынын бийлик системасын жаңы эранын 5-кылымдарынын 80-жылдарынын ичинде тургузулуп, 6-кылымдын алдыңкы жарымында калыпташкан болсо керек. Анткени 5-кылымдын кийинки жарымында, Гобий чөлдүгүнүн түндүк жана батыш-түндүк тараптарындагы төөлөс урууларына күчтүү бийлик жүргүзүп жаткан Жужандар алсырай баштаган. Жогорку бөлүмдө айтылгандай, Жужандардын өз тайпасы ичиндеги кулдар жана жаңы эранын 487-жылы пувургур тайпасы баштаган төөлөс урууларынын жылдан-жылга күчөгөн төңкөрүштөрү, Жужандардын таасирин Орхон, Селенга, Сиберийа, Алтай тоолору өңдүү жерлерден бир мезгил тазаланган. Жаңы эранын 487-жылы азыркы чыгыш Тияншан району пувургур урууларынын башчылары Апо Чоро менен Чөнчүнүн Каңкы өкүмөтү бардыкка келди. Демек, Эне Сай кыргыз Каганаты так ошол жылдардын алды-артында бардыкка келген болсо керек; жана бир тараптан каңкы өкүмөтү курулуп, анча узун өтпөй эле Памирдын батыш тарабынан келген эфталиттер тарабынан кулатылган соң, Жужандар пувургур урууларынын ээлеген жерлерин жана Алтай тоолорунун тегеректерин ээлеген болсо да, бирок бул жерлерде Жужандардын "Темирчи кулдары" деп аталган түрк ашына уруусу күчөп, Жужандардын бийлигине каршы бир канча он жыл согуштарды жасаган болучу. Бул доордо Эне Сай өзөнүнүн түштүк жана чыгыш-түштүк тарабындагы Орхон, Селенга өзөндөрүнүн бойлорунда жашаган Төөлөс уруулары биринин артынан жана бири Жунжандардын бийлигинен кутулду. Мындай абал Эне Сай, Ангара өзөнүнүн бойлорунда бийлик сүргөн кыргыз каганатынын күчөшүнө себеп болду. Тактап айтканда Жужандардын бийлиги кыргыз районуна төтө жетип бара албады. Мындай саясий жагдай кыргыз каганатынын бийлигинин андан ары бекемделишине жардам берди. Ханзуча тарыхый материалдарга караганда, жаңы эранын 5-кылымдын аягы, 6-кылымдын баштарында "кыргыздардын жан саны бир канча жүз миңге, каруулу күчтөрү 80 миңге жеткен"99. Бул доордо кыргыз каганаты жогоруда айткандай бир кыйла системалуу үстөмдүк аппараттарын куруу менен бирге жана эң катуу закон-түзүмдөрдү бекиткен. Алар "уруштан качкандар, малчы болуп барганда өз милдетин аткара албагандар, мамлекет иштери үстүндө өзү билгенче ушак-айың айтышкандар жана уурулук кылгандардын башы кесилген. Баласы уурулук кылса, атасынын да башы кесилип өлтүрүлгөн"100. Мындай бир кыйла системалуу мамлекет аппараттары жана катуу закон-түзүмдөрдүн тургузулгандыгы, кыргыз каганатынын тез темп менен күчөшү жана коомдун өнүгүшүнө кепилдик кылган бул доордо кыргыз каганатын негизинен илгерки кыргыз уруу бирикмесин түзгөн багыш, бугу, адыгей, мундуз, саруу, кушчу, сагай, жети, бөөрү, кызай, челей, көбөк, желдең өңдүү уруулар түзгөн. Кыргыз санжыраларында жана каңкай деген бир байыркы уруунун наамы тилге алынат. Каңкай уруусу болсо, так ошол доордо Эне Сай Кыргыз Каганатынын түштүк бөлүгү болгон азыркы Моңгулия Эл Республикасындагы Хангай тоолорунда жашаган жана төөлөс урууларынын ошол доордо кыргыздарга ассимиляция болгон бир бөлүгү болуп, алар өздөрү жашаган ошол тоонун наамы менен аталып кала берген болсо керек. Кыргыз урууларынын санжыргасында жана дөөлөс, каңкы деген уруулардын наамы тилге алынат. Ал эми бул уруулар Кыргыз Каганаты курулуунун алды-артында кыргыздарга ассимиляция болуп, Кыргыз каганатын бирге курууга катышкан жана мурдагы төөлөс же болбосо каңкы уруу бирикмесинин наамын сактап калган уруу болсо керек. Бирок кыргыздардын ичиндеги төөлөс уруусунун мурдагы төөлөс уруу бирикмесине таандык кырктан ашуун уруулардын кайсы биринен кыргыздарга ассимиляция болгондугу жөнүндө айрыкча эч кандай материал кездешпеди. Демек, байыркы Эне Сай Кыргыз Каганаты доорунан бүгүнкү доорго чейин наамы сакталып келген төөлөс (дөөлөс) жана каңкы уруулары ошол доордо Кыргыз Каганатынын ичиндеги эң күчтүү жана көп сандуу уруулардын бири болсо керек. Бүгүнкү күндө Кызыл Суу Кыргыз автономиялуу районунун Улуу-Чат ооданында Төөлөс, Ак-Суу районунда дөөлөс деген уруулары бар. Жаңы эранын 5-6-кылымдары жана андан кийин жазылган ханзуча тарыхый материалдарда, Эне Сай кыргыздары "Шагаси" деген наам менен тилге алынат. Илимпоздор бул сөз "Хакас" (какас) деген сөздүн ханзуча айтылышы деп карайт. Бул маалыматтарга караганда Эне Сай Кыргыз Каганаты түштүгүндөгү ханзуларга "кыргыз" деген наам менен эмес, балким "хакас" деген наам менен таанылган. Эне Сай кыргыздарынын ханзуларга кандайча бул наам менен таанылгандыгы жөнүндө башка эч кандай материал жок. Биздин карашыбызча хакас уруусу Эне Сай кыргыздарынын ичинде эзелтен келе жаткан чоң уруулардын бири болсо керек. Ал эми Кыргыз Каганаты курулган соң хакас уруусу башка кыргыз урууларынан озуп чыгып, Кыргыз Каганатынын негизги бийлигин кармап, Кыргыз Каганатына жетекчилик кылган бир кыргыз уруусу болсо керек. Ошондуктан Эне Сай кыргыздары ханзуларга "кыргыз" деген наам менен эмес, тескерисинче, Кыргыз Каганатына жетекчилик кылган негизги уруунун наамы болгон "хакас" деген наам менен таанылгандыгы ыктымал. Кийинки замандарда, Эне Сай кыргыздарынын эң оор салмагы Тияншан тоосунун тегерегине көчкөндөн кийин, Эне Сайда көчпөй калган кыргыз уруулары жалпылары "хакас" деген наамын сактап кала берген. Азыр Сиберийадагы Красноярский крайынын Миношенски (Минусинский) районунда жашаган хакас улуту как ошол байыркы Эне Сай Кыргыз Каганатынын бийлөөчү уруусунан калыпташкан. Азыр алардын ичинде каас, сагай, кыргыз, жетибөрү, кызыл, койубар, белжир, сүр сыяктуу уруулар бар. Жалпылай айтканда Эне Сай Кыргыз Каганаты жаңы эранын 5-кылымдарынын аягында да бардыкка келген күчтүү бир мамлекет болуп, анын ичинде жогоруда аты аталган он нече чоң уруулар жана алардын бир канча ондогон тармактары кирген. ЭНЕ САЙ КАГАНАТЫНЫН ТҮРКТӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ Жаңы эранын 6-кылымынын алдыңкы жарымында Эне Сай Кыргыз Каганаты тез темп менен күчөп жаткан бир мезгилде, азыркы Алтай тоолорунун тескей тараптарында (батыш тарабында) жашаган ашына уруусу күчөдү. Бул байыркы "түрк" деген тайпадан тараган бир уруу болучу. Ошондуктан бул уруу эң күчөгөн мезгилде "түрк" деген ата-бабаларынын наамын сактап, дүйнөгө как ошол наам менен даңк чыгарган. Жаңы эранын 545-кылымынан мурда, Ашына уруусун негиз кылган түрк тайпасы ата мекенибиздин ички райондорундагы ар кайсы падышалыктар менен тыгыз байланыш орноткон. 546-жылы Ашына түрк тайпасынын башкаруучусу Ашына Түмөн деген адам өз уруусу жана Жуңгар ойдуңунун тегерегинде жашаган төөлөс урууларынын 50 миң түтүн адамын баштап, Жужандардын бийлигине каршы жана алардын Тияншан тоолорунун чыгыш тарабындагы, Жуңгар ойдуңу, Алтай тоолорунун түштүк жана чыгыш-түштүк тараптарындагы бийлигин талкалады. 551-жылы Ашына Түмөн элчи жиберип, Түндүк Вий падышасынан саясий жана экономикалык жардамына ээ болду. Жаңы эранын 552-жылы Ашына Түмөн өз аскерлерин баштап, чыгышка карай жүрүш кылып Жунжаң кандыгын кулатып, анын ордуна түрк каганатын тиктеди, өзүнө "Эл каган" деген наам берди. Бул каганат тарыхта "Көк Түрк Каганаты" деп аталды. Бирок 553-жылы Мункан-каган таякеси Истеми-каганды 100 миңден артык аскер менен батыш тарапка жиберип, Талас, Сыр (Йынчу), Аму өзөндөрүнүн аралыгы, Памир тоосунун батыш жана чыгыш тараптарына үстөмдүк кылып жаткан эфталиттердин жерлерин басып алды. Как ошол жылы Мукан-каган түндүк тараптарга аскер жиберип, Эне Сай Кыргыз Каганатын жана чыгыш, түштүк тараптардагы бир канча тайпаларды багындырды, жаңы эранын 732-жылы азыркы Моңгулия Эл Республикасынын Коштосайдам деген жерине орнотулган кийинки түрк каганатынын канзадасы "Күлтегин таш бүтүгүндө" Мункан-каган жана Истеми-кагандын бул жылдардагы чабуулдары жөнүндө: "…төбөдөгү Көк Теңир кара жерди жараткандан кийин жана Көк менен жердин аралыгындагы адамзатты жаратты. Ал эми адамзат баласынын үстүндө ата-бабам Бомин-каган (Түмөн-каган) менен Истеми-каган баш болуп олтурду. Алар баш болуп олтуруп, түрк будундарын (букарасын) төрөлөрүн өз бийлигинде бекем кармады… Алар күн кууган тараптагы (чыгыштагы) Кадыркан тоосуна (Шин-Анлың тоосуна), батышта Темир капых101 (Темир капкага) чейин болгон жерлерди өзүнө каратты. Көк түрктөр бул эки жердин аралагындагы баш-аламан элдерге үстөмдүк кылды. Менин ата-бабам акылдуу, баатыр адамдардын эң акылдуусу, баатыры болучу, (алардын баш вазирлери) акылдуу, баатыр адамдан эле, алардын бектери менен жакшы өтүшкөн. Алар ошондуктан элди жакшы ээлеп турушкан жана жакшы закондорду орноткон. Бирок алардын бардыгы Теңир кошкон тагдыр боюнча каза табышты. Алар каза тапканда, көптөгөн элдер келип, аларды ыйлап узатты. Күн чыгыш тараптагы Боркли чөлүндөгү элге, андан башка табгачтар (ханзулар), тубуттар (тибет шизаң), апарлар, апорумдар (Рома империясы), кыргыздар, үч Корыкандар отуз, татарлар, кытайлар жана татабилер (Күмүштөр) өңдүү көп элдер ашка келди. Мындай көп элдердин ашка келгендиги, ата-бабаларымдын канчалык атак чыгарган адам экендигин билдирет"102, деп жазылган. Демек, Көк Түрк каганаты алгачкы курулган жылдарда өтө тез темп менен өз таасирин кең райондорго тараткан бир кагандык болгон. Жаңы эранын 572-жылы Мукан-каган каза тапты. Анын иниси Табар-каган такка чыкты. Көк Түрктөр Мукан-каган (553-572), Табар-каган (572-581-жылы) доорунда Азия мейкиндигинин бел орто райондорунда эң күчөгөн бир каганат куруп, "чыгышта Лийабхай (азыркы Лийавхи өзөнү) батышта Ший Хай (азыркы Каспий деңизи), түндүктө Байкал көлү, түштүктө Гоби чөлдүгүнө чейин болгон 6-7 миң чакырым аралыктагы жерлерди өзүнө караткан 103. Көк Түрк каганатынын борбору азыркы Моңгулия Эл Республикасындагы Хангай тоосунун чыгыш тармагы болгон Өткөн Тоо деген жерде курулган. Жаңы эранын 581-жылы Табар-каган өлгөн соң Түрк каганатына караган райондордун өтө кеңдиги жана бири-биринен алыстыгы каганатка караган уруу-тайпалардын коомдук жагдайынын татаалдыгы, анын үстүнө ордо ичиндеги так талашы чыр-чатактары сыяктуу себептер менен бир бүтүн Көк Түрк каганаты бир канча кичине кагандыктарга бөлүнүп кетти. Табар-кагандын жээни Ишбара-каган Өткөн Тоодогу ордону ээлеп, өзүн Көк Түрк каганатынын закондуу каганы деп жарыялады, Табар-кагандын уулу Йанлу Эркин деген Тугла өзөнүнүн бойлорун ээлеп, өзүн экинчи каган деп атады: Мукан-кагандын уулу Апа-каган Өткөн Тоонун түндүк тараптары менен Алтай тоосунун чыгыш тараптарын ээлеп, Түндүк Түрк каганаты деп аталды. Истеми-кагандын уулу Тардуш-каган Алтай тоолорунун батыш тараптары, Жуңгар ойдуңу, Иле, Талас өзөндөрүнүн бойлору, Орто Азия району өңдүү жерлерге ээлик кылды; илгерки Көк Түрк каганатынын чыгышындагы райондорду болсо Ишбара-кагандын уулу Төлиш-каган ээледи; булар тарыхта Көк Түрктөрдүн "Беш Каганаты"104 деп аталды. Бул беш каганат бири-бирине каршы уламдан улам уруш кылып турушту. Ата мекенибиздин ички өлкөлөрү жаңы эранын 3-кылымынын 30-жылдары Чыгыш Хан империясы жоголгондон баштап, 3 жарым кылымдан артык убакыт созулган феодал бытыраңкылык абалы түгөнүп, жаңы эранын 581-жылы кайтадан эң күчөгөн бир туташ Сүй империясына уюшту. Бул абал ата мекенибиздеги ар кайсы райондор жана ар кайсы тайпалар, уруулардын саясий жагдайынын өзгөрүшүнө себеп болду. Ошондуктан бытыраңкылык дооруна кирип калган. Көк Түрк кагандары бири-бирине каршы согуштарда, ар түрдүү айла менен Сүй империясынын жардамына ээ болууга тырышты. Мунун ичинде алды менен өзүн "Түндүк Түрк Каганы" деп жарыялаган Апа-каган Сүй империясы менен саясий бирикме түздү. Башка кагандар, айрыкча Ишбара-каган Апа-каган менен Сүй империясынын бирикмесине каршы турду. Ошондуктан Апа-каган менен Ишбара-каган ортосунда чоң согуштар келип чыгып, бири-бирин мейримсиз талкалады. Көк түрк кагандары өздөрүнүн ички көрүнүштөрү жана Сүй империясына болгон мамилелерге карап эки жаатка бөлүнө баштады. Жаңы эранын 583-жылы Тардуш-каган, Апа-каган жана Кочо (Турпан) районунун түндүк тарабын ээлеген Танхан-каган, Тарбагатай районун ээлеген Гечир-каган өңдүү Жаңы Түрк кагандары биригип, чыгыштагы Ишбара-каган, Йанло-каган, Төлиш-кагандарга каршы чыгып, Эне Сай Кыргыз Каганатынын батыш тараптары, Алтай тоолору, Жуңгар ойдуңу, Комулдагы Ара Түрк райондорунун батыш тараптары, Тияншандын түндүк жана түштүгү, Орто Азия райондоруна ээлик кылып, "Батыш Түрк Каганаты" деп аталды. Жогорку райондордун чыгыш тараптарынан баштап Гобий чөлдүгүнүн түндүк тараптары, азыркы ата мекенибиздин чыгыш-түндүк райондору жана азыркы Моңгулия республикасы райондору "Чыгыш Түрк Каганаты" деп аталды. Бул эки түрк каганаты Сүй империясы менен кээ достук байланыштарды жасады, кээде ушул жагдайында турушту. Жаңы эранын 618-жылы ички өлкөлөрдө Жуңго тарыхында эң күчтүү болгон Таң империясы майданга келип, Сүй империясынын ордун ээледи. Бул доордо Түрк кагандары жана илгеркидей эле кээде аны менен достук байланыш жасап, Таң империясынын саясий, экономикалык жардамына ээ болсо, кээде Таң империясынын чек ара райондорун булап-талап турду. Жаңы эранын 562-жылы, Эне Сай Кыргыз Каганаты Мукан-каган тарабынан басып алынган соң, албан салык төлөп туруу шарты менен Түрк каганатына моюн сунду. Бул заманда Эне Сай Кыргыз Каганатынын коому өтө өнүккөн болуп, алар мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүгү менен тиричилик кылуучу. Айрыкча алардын темирден жасаган куралдары "өтө өткүр жана сапаттуу болучу"105. Ошондуктан Эне Сай кыргыздары Түрк кагандарын жана алардын чабуулчу аскерлерин ат көлүк, аш-азык, согуш куралдары жана алтын, күмүш, коргошун, темирден жасалган турмуш буюмдары менен камдап туруучу. Мындан башка, түрк кагандары кыргыздардан көптөгөн аскер алуу менен бирге, алардын уул-кыздарын кул жана күң кылып алып кетүүчү. Бул кул жана күңдөрдү башкаларга сатуу менен бирге жана аларды чет мамлекет падышаларына тартуу кылуучу. Тарыхый маалыматтарга караганда жаңы эранын 569-жылы, Көк Түрк каганатынын батышындагы райондорунун башкаруучусу Истеми-каган (Рим империясынын тарыхында Жабулос-каган деп жазылган) өзүн Баатыр Йабгу деп атап, Чыгыш Рим империясынын падышасы Хосиро Аноширван менен достук байланыш орноткон. Как ошол жылы баатыр Йабгостеми-каган кыргыздардан булап алынган бир кызды Хосиро Аноширванга тартуу кылып узаткан106. Жаңы эранын 581-жылы Түрк каганаты бузулуп, Мукан-кагандын уулу Апа-каган Түндүк Түрк каганатын курган мезгилде Эне Сай Кыргыз Каганаты Апа-кагандын бийлиги астына өттү, как ошол жылдан баштап Апа-каган менен Ишбара-кагандын ортосундагы согуштарда согуштун катуу оорчулугу алды менен кыргыздардын үстүнө түштү. Апа-каган менен Ишбара-каган кыргыз райондорундагы колу жеткен нерселердин бардыгын булап-талап алып турду. Мындай оор жагдай, кыргыз каганатын өтө чоң зыянга салды. Алар өздөрүнүн мал чарбасы, аштык-азыктары жана өздөрүнүн эң негизги турмуш буюмдарынан ажырап калды. Ошондуктан кыргыздар "тишин-тишине кайрап, түрктөрдүн арка тараптарынан аябай сокку берип турду"107. Жаңы эранын 583-жылы, бир мезгил бытыраңкылык жагдайында жашаган түрк кагандары биригип Чыгыш жана Батыш Түрк каганаттарына бөлүнгөндө, Эне Сай Кыргыз Каганаты Батыш Түрк каганатынын бийлигине өттү. Батыш түрк кагандары кыргыздардан алым-салыкты мурдагыдан бетер көп алып турду. Анын үстүнө Чыгыш Түрк кагандары байлыктын булагы болгон Эне Сай кыргыз райондорун Батыш Түрк каганатынан талашып кыргыз райондоруна болгон чабуулун күчөттү. Ошондуктан бул доордо кыргыз райондору Чыгыш Түрк каганаты менен Батыш Түрк каганатынын аралыгындагы Алтай тоолору жана Чыгыш, Батыш Түрк каганаты менен Сүй империясынын аралыгындагы Гобий чөлдүгү сыяктуу райондор негизги уруш майдандарына айланды. Жаңы эранын 601-603-жылдары Чыгыш Түрк каганаты менен Батыш Түрк каганатынын ортосундагы согуштар барган сайын күчөдү. Ошону менен бирге Түрк кагандарына багынган уруу жана тайпалардын түрк кагандарына каршы төңкөштөрү да улгайды. 605-жылы Батыш Түрк каганы Чөрө-каган өзүнө караштуу Сыр-Тардуш, Чебий, Уйгур, Баргут, Тоңра өңдүү тайпалардын бир канча жүз аксакалын жыйнап кыргыз кылды. Ошондуктан бул уруу-тайпалардын букаралары түрк кагандарына каршы кең көлөмдүү көтөрүлүш жасап, түрк кагандарынын бийлигинен бир-бирлеп кутула баштады. Ошондуктан түрк кагандарынын арка саптары болгон кыргыз райондору бошоп калды. Бул доордогу түрк кагандарынын саясий жагдайына караганда кыргыз каганаты как ошол жылдары түрк кагандарынын үстөмдүгүнөн кутулду, өз боштондугуна ээ болгон болушу мүмкүн. Жыйнап айтканда жогорку материалдарга караганда, Эне Сай Кыргыз Каганаты жаңы эранын 562-жылынан 581-жылына чейин болгон аралыкта Эл-каган Ашна Түмөн тарабынан курулган Көк-Түрк каганатынын бийлигинде болгон. 583-жылдан 605-жылга чейин болгон аралыкта Батыш Түрк кагандарынын бийлиги астында турган болушу мүмкүн. ЭНЕ САЙ КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНЫН ТАҢ ИМПЕРИЯСЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ Жаңы эранын 7-кылымынын баштарында ички өлкөлөрдүн ар кайсы жерлеринде козголгон дыйкандар төңкөрүштөрү (Сүй империясын абдан алсыздантты. Анын үстүнө жаңы эранын 615-жылы Чыгыш Түрк каганаты Йан Мын (азыркы Санший өлкөсүнүн Дайышан ооданы) деген жерде Сүй империясынын бир канча атактуу аскер башчылары Чыгыш Түрк каганатына багынды. Ошону менен Түрк каганаты бир мезгил күчөй баштады. 618-жылы Сүй империясынын атактуу аскер башы Лий Йуан азыркы Санший өлкөсүнүн Тай Йуан шаарында аскерий өзгөрүш жасап, Чыгыш Түрк каганатынын жардамы менен Сүй империясын кулатып, анын ордуна Таң империясы деген чоң бир мамлекетти тектеди. Бул мамлекет илгерки Хань империясына окшош Чаң-Ань (азыркы Ший-ань) өзүнө борбор кылып бекитти. Бирок арадан анча узак өтпөй, Чыгыш Түрк каганаты Таң империясынын түндүк аймактарына чабуул жасап, Таң империясынын амандыгын бузду. Ошондуктан илгери Чыгыш Түрк каганатына бир мезгил багынган Лий Йуан (Таң Гавзу) аскер чыгарып, Чыгыш Түрк каганатынын чабуулдарынын мизин кайтарып турду. Жаңы эранын 629-жылы Таң империясынын атактуу падышасы Таң Тайзуң (Лий Шымин) 100 миңден артык аскер чыгарып, Чыгыш Түрк каганатына каршы жалпы беткей согуш жарыялады. 630-жылы Чыгыш Түрк каганаты талкаланып, анын эң акыркы каганы Эл-каган туткун кылынды. Ошондон баштап 589-жылы майданга келген Чыгыш Түрк каганатынын бийлиги таптакыр аякталды. Бирок Чыгыш Түрк каганатынын жерлерин ортодон Сыр-Тардуш каганаты ээледи. Сыр-Тардуш тайпасы түрк каганатынын алдында, төөлөс уруулар бирикмесине таандык болгон сыр жана тардуш деген эки уруунун бирикмесинен келип чыккан. Алгачкы убакыттарда Сыр-Тардуштар Алтай тоолорунун батыш-түштүк тараптарында жашаган108. Көк Түрк каганаты курулган убакытта Сыр-Тардуштардын бир бөлүгү Ашына-Түмөнгө ээрчип, Гобий чөлдүгүнүн түндүк тараптарына келип орнолошкон жана Көк Түрк каганатынын карамагындагы эң күчтүү тайпалардын бири болгон. Жаңы эранын 7-кылымдарынын башталышында Сыр-Тардуштар коңшу тайпалар менен биригип, Көк Түрк кагандарына каршы үзгүлтүксүз көтөрүлүштөрдү жасап турушкан жана алардын көп бөлүгү Гобий чөлдүгүнүн түндүк тараптарынан өздөрүнүн илгерки журттарына качып кеткен. Жаңы эранын 627-жылы Сыр-Тардуштар башка тайпалар менен биригип, Көк Түрк кагандарына каршы кең көлөмдүү көтөрүлүш козгоду. Алардын каршылыгы менен Көк Түрк каганатынан бөлүнүп чыккан Батыш Түрк каганаты экиге бөлүндү. 629-жылы таң империясы Чыгыш Түрк каганатына каршы аскер чыгарганда, Сыр-Тардуштар уйгур сыяктуу тайпалар менен биригип, Чыгыш Түрк каганатына каршы согуш жарыялады. Тарыхый материалдарга караганда бул согушка Сыр-Тардуштардын башчысынан каган баштаган 70 миң түтүн Сыр-Тардуш уруулары катышкан. Ошондуктан, Таң империясы Чыгыш Түрк каганатынын түштүк тарабынан чабуул жасаганда Сыр-Тардуштар уйгур, байыркы тайпалары менен биригип, Чыгыш Түрк каганатынын борбору Өткөн Тоону ээлеп, Сыр-Тардуш каганатын курган 630-жылы Таң империясы Чыгыш Түрк каганатын жоготкон соң, Сыр-Тардуш каганаты илгерки Чыгыш Түрк каганатынын бардык жерлерин ээлеген жана өз борборун Өткөн Тоодон азыркы Моңгулия Эл Республикасынын чыгыш-түндүк тарабындагы Тугла өзөнүнүн боюна көчүрүп, Чыгыш Түрк каганатынан кийинки эң күчтүү каганат болуп калган. Ханзуча байыркы тарыхый маалыматтарга караганда Сыр-Тардуш каганаты курулгандан кийин Эне Сай Кыргыз Каганаты анын бийлигине өттү. Анткени Сыр-Тардуштардын күрөштөрү (илгерки түрк кагандары тарабынан катуу зулумга учураган) тайпа жана уруулардын колдошуна ээ болгон болучу. Ошондуктан Сыр-Тардуш каганаты курулган соң, кыргыз өңдүү тайпалар өз эрки боюнча анын бийлигин кабылдаган. Сыр-Тардуш каганатынын падышасы Инчубилге-каган (Инан-каган) Эне Сай каганатын Элтебер (эл башчысы) даражалуу бир чоң бийлөөчү аркылуу кайтарып турган. Элтебердин кол астында Сыр-Тардуш каганатына төтөлөй жоопкер болгон жана кыргыздардан коюлган Кешик бий, Көл Жасак бий, Умай бий өңдүү үч даражалуу бийлөөчү болгон"109. Сыр-Тардуш каганаты бул бийлөөчүлөр аркылуу кыргыз каганатынан ар түрдүү алым-салыктарды алып турушкан, каганаттын жагдайын, элдин абалын билип турушкан, бирок алардын ички иштерине кийлигишпеген. Кыргыз кагандары жана анын кол астындагы бийлөөчүлөрү каганатты өздөрүнүн закон-түзүмдөрү жана салты боюнча башкарган. Сыр-Тардуш каганаты кыргыз каганатынын чет мамлекеттер жана башка уруу-тайпалар менен болгон саясий, экономикалык жана башка байланыштарына тоскоолдук кылбаган. Демек, кыргыз каганаты Сыр-Тардуш каганатынын коргоосунда болгон бир каганат болгон. Алгачкы мезгилдерде Сыр-Тардуш каганаты менен Таң империясынын байланыштары ынак болгон. Ошондуктан, Эне Сай Кыргыз Каганаты бул учурдан пайдаланып, Таң империясы менен өз ара тикелей байланыш орноткон. Жаңы эранын 632-жылы Таң империясы Ваң Йихуң деген адамды элчи кылып Эне Сай Кыргыз Каганатына жиберген. 643-жылы Эне Сай Кыргыз Каганаты да элчи жиберип, Таң империясынын падышасы Таң Тайзунга "суусар терисинен жасалган тон жапкан жана суусар терисин тартуу кылган"110. Ошондон баштап Эне Сай Кыргыз Каганаты менен Таң империясы, Эне Сай кыргыздары менен Таң империясындагы ханзу жана башка тайпалардын ортосундагы саясий, соода жана маданияттык байланыштар күндөн күнгө күчөгөн. Эки мамлекет ортосундагы соодагерлер жана башка букаралар үзүлбөй карым-катнаш жасап турушкан. Бирок бул доордо Батыш Түрк каганаты жана талкаланган Чыгыш Түрк каганатынын калдыктары, Эне Сай Кыргыз Каганатына уламдан улам чабуул жасап, Эне Сай Кыргыз Каганаты менен Таң империясы ортосундагы ынак байланыштарды бузуп турган. Мисалы, Батыш Түрк каганатынын каганы Эбич-Оро бир мезгил Эне Сай Кыргыз Каганатына адам жиберип, аларды өз бийлигине каратууга урунган. Жаңы эранын 643-жылы Эне Сай Кыргыз Каганаты Таң империясына элчи жана тартуу жибергенде талкаланган Чыгыш Түрк каганатынын калдыктарынан болгон Көбөй-каган Алтай тоолорун ээлеп, Эне Сай кыргыздары жана Алтай тоолорунда жашаган карлуктарды кыска мезгил өзүнө каратып, өзүн "Эже Көл Бий-каган" деп атап, Эне Сай кыргыздары менен Таң империясы ортосундагы ынак байланыштарга тоскоолдук кылган. Анын үстүнө Сыр-Тардуш каганаты өзүнүн Таң империясы менен болгон илгерки ынак байланыштарын да үзүп, аны менен күндөн күнгө душмандашкан. Ошондой эле Таң империясынын түндүк райондоруна чабуул жасап, анын мал-мүлкүн, карапайым букараларын булап кетип турган. Мындай жагдай астында Эне Сай Кыргыз Каганаты менен Таң империясы биригип, Чыгыш Түрк каганатынын калдыктары Батыш Түрк каганаты жана Сыр-Тардуш каганатына ажалдуу сокку берүүгө аттанышкан. Жаңы эранын 645-жылы Сыр-Тардуш каганатынын бийлигиндеги уйгур, баркут, тоңза тайпалары уйгурлардын башчысы Түмөт деген адамдын жетекчилигинде төңкөрүш жасап, Сыр-Тардуш каганатына катуу сокку берген. Ошону менен бул каганаттын ичинде баш аламанчылык туулган. 646-жылы Таң империясы Сыр-Тардуш каганатынын мындай жагдайынан пайдаланып, аскер жиберип, Өткөн Тоо районун ээлеген. Как ошол жылы Эне Сай кыргыздары да Чыгыш Түрк каганатынын калдыктарынын бийлигинен кутулган. Ошону менен Сыр-Тардуш каганатынын бийлиги таптакыр ойрондолгон. Анын жерлерин Таң империясы бүтүндөй ээлеген. Ошондон баштап Эне Сай кыргыздары менен Таң империясынын ортосундагы түздөн-түз байланыш кайта тиктелген. Жаңы эранын 647-жылы Таң империясы илгерки Сыр-Тардуш каганаты ээлеген жерлерде өзүнүн бир туташ үстөмдүк аппараттарын жана закон-түзүмдөрүн орноткон. Мисалы, бул жерлерде 6 Духу мекемеси менен 7 Аймак мекемесин түзгөн. Уйгур табиялары жашаган жерлерде Хангай Духу мекемесин (азыркы Моңгулия республикасындагы Журматай өзөнүнүн боюнда), Баргут тайпасы жашаган жерлерде Жин-Бий Духу мекемесин (азыркы Моңгулия Эл Республикасы, Тугла өзөнүнүн жээгинде), Теленгит тайпасы жашаган жерлерде Йан-Ран Духу мекемесин (азыркы Моңгулия Эл Республикасы, Улан Баатыр шаарынын жанында) түзгөн. Жаңы эранын 648-жылы Эне Сай Кыргыз Каганатынын каганы Ишбара-ажан деген аксакал узун жолду басып өтүп, Таң империясынын борбору Чаң-Ань шаарына келип, Таң империясынын карамагына кароону өтүнгөн жана падыша Таң Тайзуңга көп тартуу сунган, Таң Тайзуң Ишбара-Ажанды өтө чоң салтанат менен күткөн. Ошондой эле Эне Сай кыргыздарынын Таң империясына жардамдашып, түрк кагандарына оор сокку берген эмгектерин өтө чоң баалаган. Ошону менен бирге падыша Тайзуң Ишбара-Ажандын талабы боюнча Эне Сай Кыргыз Каганатын өз башкаруусу астына алып, Ишбара-Ажанга сол канат коргоочу Баш Сангун (ага генерал), Кыргыз Тутук мекемесинен Тутук Буйругу деген жогору даражалуу мансап берген. Кыргыз Тутук мекемесин жогоруда айтылган Йан-Ран Духу мекемесине караштуу кылып белгилеген. Ошондон баштап Эне Сай кыргыз райондору Таң империясынын бир бөлүгү болуп калган. Эне Сай Кыргыз Каганатынын Таң империясы менен болгон мындай саясий бирлиги жаңы эранын 8-кылымынын 50-жылдарынын аягына чейин, тактап айтканда бир кылымдан көбүрөөк убакыт созулган. Эне Сай Кыргыз Каганаты Таң империясы менен саясий бирикме түзгөн соң, алар Таң империясы орноткон мансап даражаларын, закон-түзүмдөрүн кабылдагандан башка, өзүнүн салттык закон-түзүмдөрүн да таштабаган. Алар илгеркидей эле чет мамлекет жана башка уруу-тайпалар менен өз алдына ар түрдүү байланыштары, айрыкча, соода байланыштарын жасап турушкан. Өз алдына аскер топтотуп, өз районунун амандыгын коргоо менен бирге, Таң империясынын түндүк чек ара райондорунун амандыгын сактоого жооптуу болгон. Таң империясына белгиленген мезгил боюнча албаң-салык төлөп туруу менен бирге бир канча жылда, же болбосо чек ара райондорунун жагдайында чоң мансапдарлары Чаң-Ань шаарына келип, өз кызматынан эсеп берип турушкан. Эне Сай Кыргыз Каганатынын Таң империясы мамлекет бирлиги астына өтүшү үбектип ("объективдүүлүк" деген мааниде - Т.А.) жактан чоң маңызга ээ. Биринчиден, Таң империясы бул заманда дүйнөдөгү эң маданияттуу мамлекеттердин бири болуп, феодалдык коомдук түзүлүштүн эң өнүккөн баскычтарында турган. Ошондуктан, Эне Сай кыргыздарынын мындай өнүккөн коомдук түзүлүш менен учурашышы, анын таасирин кабылдоосу кыргыз коомунун өнүгүүсү үчүн сөзсүз пайдалуу шарттарды туудурган. Экинчиден, Таң империясы менен Эне Сай Кыргыз Каганатынын ортосунда башка тайпалар (түрктөр, Сыр-Тардуштары жана башкалар) тарабынан түзүлгөн тоскоолдуктар жоготулган соң, ички өлкөлөрдөгү ханзу жана башка аз сандуу уруулар менен кыргыздардын ортосундагы карым-катнаштар кеңейип, бул улут жана тайпалар ортосундагы айырмалар, айрыкча, бул улут жана тайпалар жашаган райондордун өндүрүштүк деңгээли тараптарындагы айырмалар да азая баштаган. Үчүнчүдөн, Эне Сай Кыргыз Каганаты Таң империясындай бир күчтүү мамлекеттин коргоосуна ээ болуп, өзүнүн амандыгы, коомунун тез темп менен өнүгүшү бекем кепилдикке ээ болгон. Төртүнчүдөн, бай жана өнүмдүү болгон кыргыз райондорунун Таң империясына кошулушу, Таң империясынын дагы да күчөшү, ханзу феодалдык коомунун жана да тез темп менен өнүгүшүн бир кыйла тынч шарттар менен камдаган. Эне Сай Кыргыз Каганаты менен Таң империясы саясий бирикме орноткон замандарда, азыркы Тияншан тоолорунун батыш тараптары, Иле, Талас өзөнүнүн баш агымындагы райондор жана Ысык Көлдүн жээктеринде бир канча кыргыз уруулары жашаган. Булар бул доордо мурдагыдай эле Батыш Түрк каганатынын бийлигинде кала берген. Таң империясы жаңы эранын 630-жылы Чыгыш Түрк каганатын жоготкон соң, Батыш Түрк каганатын да жоготууга даярдык көрдү. Жана ушул жылдары Таң империясы өздүгүнөн багынган Эвиргол (Кумул) түрктөрүнүн жерлеринде Эвиргол аймагын курду. 640-жылы Таң империясы Кочо (Турпан) районун багындырып, бул жерде бийлик сүргөн Чуй-Иши падышалыгын (жаңы эранын 499-640-жылы) жок кылды. Ошондон баштап, Таң империясы Кочо шаарында Иши-Жу аймагында Богда шаарында (азыркы Жимисар ооданынын жанында) Йиң-Жу аймагын куруп, Тияншандын түндүк жана түштүк тараптарын өзүнө каратты. 657-жылы Таң империясы илгерки Чыгыш Түрк каганатынын Каспий деңизи, Памир тоолорунун тегереги сыяктуу райондоруна ээ болду. Ошону менен Тияншан жана анын батыш тарабындагы кыргыз уруулары Таң империясынын бийлигине өттү. Ошентип, бул жердеги кыргыз уруулары да бир кылымга чейин болгон аралыкта Таң империясы Беш-Балык Духу мекемесинин (азыркы Чымсардын жанында) карамагында жашады. Таң империясынын бул жердеги кыргыз урууларын өз бийлигине алышы, анын Эне Сай Кыргыз Каганаты менен саясий бирикме орнотконуна окшош эле чоң маңызга ээ. Ошондуктан, бул жердеги кыргыз уруулары да ошондон кайра баштан жаңы өнүгүү шарттарына ээ болду. Бирок жаңы эранын VII кылымынын 70-жылдарында илгерки талкаланган Чыгыш Түрк каганатынын урпактары кайта баш көтөрүп, жаңы эранын 679-жылы Кутлук Илтерс-каган дегендин жетекчилигинде кийинки түрк каганаты ("Кутлук Түрк каганаты") деген бир кандык курду. Бул каганаттын борбору Кара Кум шаары (азыркы Ички Моңгол, Вучуан ооданынын жанында) болуп, кийин Өткөн Тоодогу илгерки Көк Түрк каганатынын ээлеген жерлери, негизинен илгерки Чыгыш Түрк каганаты менен окшош болгон. Кийинки Түрк каганаты курулгандан кийин, Эне Сай Кыргыз Каганаты менен баштан аяк жоолошуп турду. Айрыкча, Эне Сай Кыргыз Каганатынын Таң империясы менен болгон байланыштарына өтө өчмөндүк менен карады. Жаңы эранын 706-жылы кийинки Түрк каганатынын каганы Моюнчур Эне Сай Кыргыз каганын кыстап, Таң империясына бирге сокку берүүгө чакырды. Кыргыз каганы анын талабынан баш тартты. Ошондуктан Моюнчурдун кыргыздарга болгон өчмөндүгү жана да күчөдү. 707-жылы Түркөш, Кыргыз жана Таң империясы кийинки Түрк каганатына бирдей уруш жарыялап, үч тараптан тең чабуул жасады. Эне Сай кыргыздары кийинки Түрк каганатына оор сокку берди. 708-жылы Кыргыз каганаты Таң империясынын борбору Чаң-Ань шаарына адам жиберип, бул жеңишти орток куттуктады. Таң империясынын падышасы кыргыздардан келген бул адамды өтө чоң салтанат менен күтүп алды. Жана бул адамга "силер башка багынгандарга караганда эрекче орунда турасыңар"111 деп айтты. Жаңы эранын 709-жылы Моюнчур-каган менен ханзада Көлтегин аскер жиберип, кыргыздарды бастырма кылды. Кыргыз каганын уктап жаткан жеринен сүйрөп чыгып, башын кести. Бирок Эне Сай кыргыздары муну менен коркуп кеткени жок, алар мунун тескерисинче, жаңы каган түзүп, кийинки Түрк кагандары менен үзгүлтүксүз күрөш жүргүздү. 718-жылы кыргыздардын каганы Кутлук Билге каган аскер чыгарып, кийинки Түрк каганатына каршы сокку берди. Таң империясынын падышасы Таңшу Ань-Зуң өзүнүн бир жарлыгында кыргыздарды өтө чоң баалап, "алардын куралдары өткүр экен, алар тайманбай согуш кылды"112 деп жазган. Жаңы эранын 745-жылы кийинки Түрк каганаты уйгурлар тарабынан жоготулганга чейин, кыргыздар кийинки Түрк каганаты менен күрөш кылып, өздөрүнүн Таң империясы менен болгон саясий бирлигин жана башка байланыштарын бекем коргоп калды. ЭНЕ САЙ КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНЫН УЙГУРЛАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ Уйгурлар илгерки Төөлөс уруулар бирикмесинин бир мүчөсү болучу. Алар бул доордо Тияншан тоолору менен азыркы Моңгулия Эл Республикасындагы Орхон, Селенга өзөндөрүндө көчүп жүрүп мал чарбалык менен тиричилик кылышкан. Исианпи тайпалары менен Жужандардын бийлиги астында уйгурлар кыргыз сыяктуу төөлөс уруулары менен биригип, алардын булаң-талаңчылыгы жана эзүүсүнө каршы уруш жана чоң көтөрүлүштөрдү козгоп турган. Ошентип, алар ата мекенибиздин батыш-түндүк жана түндүк тараптарындагы эң күчтүү уруулардын бири болуп калган. Көк Түрк каганаты курулган соң, алар анын бийлиги астына өткөн жана Көк Түрк кагандарына каршы узак мезгил күрөш жүргүзгөн. Жаңы эранын 628-жылы уйгурлар күчөп, Чыгыш Түрк каганатынын бийлигинен ажырап, өздөрүнүн башчысы Бутсар деген адамдын жетекчилигинде, азыркы Тугла өзөнүнүн боюнда ордо түзүп, уйгур тайпалык өкүмөтүн курган. Бирок бул өкүмөт Сыр-Тардуш каганатынын башкаруусунда болгон. Сыр-Тардуш каганаты менен Таң империясы ынак байланышта болгон жылдарда уйгурлар Таң империясы менен төтөлөй мамиле орноткон. 646-жылы уйгурлар башка тайпалар менен биригип, Сыр-Тардуш каганатына каршы төңкөрүш козгоп, боштондукка ээ болгон. Уйгурлардын башчысы Түмөт өзүн "каган" деп жарыялаган. Сыр-Тардуш каганаты оодарылган соң, уйгурлар Таң империясы менен саясий бирикме түзгөн жана Таң империясына караштуу Хангай Тутук мекемесинин бийлигине кирген. Уйгур каганаты Түмөт Хангай Тутук мекемесинин Тутук Буйругу жана анын башкы аскер башы кылып дайындалган. Жаңы эранын 679-жылы Кутлук Илтерс-каган кийинки Түрк каганатын курганда уйгурлар анын бийлигине өткөн. Кийинки Түрк кагандары уйгурларга оор зулум салгандыгы үчүн алардын бир бөлүгү Таң империясына караштуу Ганьжу, Лийаңжу (азыркы Ганьсу өлкөсүнүн Жаңие, Вувий райондору) райондоруна көчүп келди. 742-жылы уйгурлар Басмил, Карлук тайпалары менен биригип, кийинки Түрк каганатынын бийлигинен кутулду. Басмил тайпасынын башчысы Элтерс деген адам өзүн каган деп жарыялады. 745-жылы уйгурлар менен карлуктар биригип, басмилердин Элтерс-каганын оодарып, уйгур каганатын курду. Уйгурлардын башчысы Көл Билге өзүн "Кутлук Билге Көл-каган" деп жарыялады. Тарыхый материалдарга караганда Уйгур каганатына караштуу жерлер чыгышта Шивий (азыркы Эргуна өзөнүнүн бойлору), батышта Алтай тоолору, түндүктө Байкал көлү, түштүктө Гобий чөлдүгү өңдүү райондорго созулган113. Уйгур каганаты бир кылымга жакын өкүм сүргөн. Уйгурлардын ичине таралган байыркы эл уламыштарында алардын түпкү ата-бабалары да кыргыздарга окшош Огуз уруусу жана анын башчысы Огуз хандан таралгандыгы айтылат114. Бул уламыш тарыхый чындыкка кандай жакын экендиги анык болбосо да, кыргыздар менен уйгурлардын тарыхы байыртан эле бири бири менен жакын байланыштуу болгону жана алардын көптөгөн тарыхый окуяларда бирге болгондугу анык. Мисалы, Эне Сай кыргыздарынын наамы алгач тилге алынган замандарда (жаңы эрадан илгерки 3-кылымда), уйгурлардын түпкү ата-бабалары менен байланыштуу болгон Диң Лиңдер алар менен коңшу жашаган эл тургай кыргыздардын ичинде Диң Лиңдердин аралашмасы болгон115. Төөлөс уруулар бирикмеси курулганда уйгурлардын бир бөлүгү азыркы Тугла өзөнүнүн түндүк тараптарында Эне Сай кыргыздары менен айылдаш жашаган. Алардын "Угуз" деген байыркы наамды сактап калган, бир бөлүгү болсо, Комулдук батыш тараптагы, Кара шаардын (Кенгит) түндүгү, Бугда тоосунун тегереги сыяктуу райондордо кыргыздардын жана бир бөлүгү менен аралаш жашаган116. Ысыйанпылар Жужандар жана Түрк каганаты, Эне Сай кыргыздары менен уйгур уруулары көп заман бирге отуруп, бул замандагы саясий окуяларды бирге баштан өткөргөн жана бирге роль ойногон. Ошондуктан бул заманда "кыргыз жазуусу менен тили уйгурлар менен бүтүндөй окшош болгон"117. Алардын салт-санаасы, саясий түзүмдөрүндө да анча чоң айырмалар болбогон. Жаңы эранын 5-кылымдарынын аягында Кыргыз каганаты курулгандан кийин, алардын байланыштары дагы эле жакшы өткөн. Бирок түндүктө майданга келген бир канча тайпалык өкүмөттөр жана каганаттардын эзүүчү таптары кыргыздар менен уйгурлардын арасына уламдан улам бүлгүнчүлүк салып, бул эки тайпанын төрөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылыктарды күчөткөн. Жаңы эранын 745-жылы Уйгур каганаты курулгандан кийин 758-жылы анын каганы Моюнчур (Кара каган) аскер жиберип, кыргыз каганатынын жерлерин басып алган118. Бирок кыргыз райондорун кыргыздардын өз мансапдарлары аркылуу башкарган. Булардын алым-салык жана башка салт адаттар боюнча белгиленген тартууларды берүү, Уйгур каганатынын белгиленген түзүмдөрүн аткаруудан башка милдеттери болбогон. Кыргыз кагандары өзүнүн закон-түзүмдөрүн, башкаруу аппараттарын, салт-санаасын, башка элдер менен болгон байланыштарын жана өзүнө таандык аскерлерди мурдагы Моңгул жайлоолору жана Орто Жуңго хандыктары доорунда эле сактап калган. Уйгур каганаты Кыргыз каганатын өзүнө караткан бир канча он жылдын ичинде уйгур тайпалары менен кыргыздар ортосундагы саясий, экономикалык, айрыкча, маданий мамилелери өтө жакын болгон, өндүрүштүк формалары, өндүрүштүк техникасы жагынан бири- бирине жардам берип, бири- биринин коомунун өндүрүшү үчүн өз салымдарын кошкон. Ошондуктан, Уйгур каганаты Эл Тегин-Бука-каган (жаңы эранын 759-780-жылы), Тон Бага Көл Кутлук Билге-каган (789-790-жылы), Төлиш-каган (789-790-жылы), Ай-Чоро-каган (790-795-жылы) доорунда өтө күчөп, Таң империясына жардамдашып, ал мамлекетте көтөрүлгөн Өңлүк жана Сүйгүн тополоңдорун басышып берген. Тупут (Сиз-Аң) ак сөөктөрүнүн Таң империясына жана өз каганатына жасаган чабуулдарынын мизин кайтарган. Бирок, жаңы эранын 795-жылы Кутлук Таркан деген адам ордо өзгөрүшүн коргоп, ата-бабаларынан калган салт боюнча кагандык кылып келген Уйгур Йаглакар уруусунун колунан кандыкты тартып алды. Ошону менен кагандык уйгурлардын Адыз деген уруусунун колуна өттү. Бул абал уйгур каганатынын ичиндеги үстөм таптар, ак сөөктөр жана ар бир уруулардын ортосундагы карама-каршылыктарды күчөттү, анын үстүнө Орто Азиядан келген Согды тайпалары маани динин таркатып, каганаттын үстөмдүк аппараттарын ээледи. Ошондуктан, уйгур уруулары менен Согдылардын ортосундагы карама-каршылыктар да күчөп, каганаттын ичинде уруш оту күндөн-күнгө алоолой берди. Мындай саясий жагдай кыргыздардын үстүнө түшкөн алым-салыктарды оорлоштурду жана Согдылардын ортосундагы күрөштөр кескиндешти. Жаңы эранын 8-кылымынын 30-жылдары ичинде Уйгур кагандыгы ордо өзгөрүштөрү дагы да жогорку баскычка көтөрүлдү. Айрыкча, Когу-каган (жаңы эранын 832-839-жылы) доорунда уйгур каганатында бир канча чоң окуялар болуп өттү. Каганаттын Эл агасы Күлүк таркан ачыктан-ачык каганга каршы чыкты. Анын үстүнө ошол жылдардан баштап, Уйгур каганатынын бардык жерлерин такталаган жут каптады, бардык жерди жугуштуу оору басты. Каганаттын адам жана малы кырылды. Каганат тез алсырады. Мындай жагдайдан пайдаланган Кыргыз каганаты Йаглакар хан жаңы эранын 836-жылы Уйгур каганатынан ажырап чыкты. 840-жылы уйгур каганатынын Эл агасы Көл Балатаркан Козу-каган (Козу-тегин) менен касташып качып чыгып, Эне Сай кыргыздарынын ичине келди. Ал Козу-каган менен Эне Сай Кыргыз Каганаты Йаглакаркан ортосунда ушак-айың таркатып, эки кагандын байланышын эң жаман жагдайга түшүрүп койду. Жаңы эранын 840-жылы Көл Балатаркан кыргыздардын 100 миң аскерин баштап Уйгур каганатын талкалап, Козу-каганды өлтүрдү. Ошону менен уйгур каганатынын 95-жылдык бийлиги бүтүндөй аяктады. Уйгур каганатына караштуу жерлердин бардыгы Йаглакар кан башчылык кылган Эне Сай Кыргыз Каганатынын колуна өттү. Уйгур уруулары тарап-тарапка көчүп кетишке мажбур болду. Уйгур каганаты талкаланган соң каганаттын борбору Балык шарынын тегерегинде жашаган 30 уруу, 100 миң адам Козу-кагандын иниси Өге-тегиндин жетекчилигинде Гоби чөлдүгүнүн түштүк тарабындагы Таң империясына караштуу жерлерге келип орнолошту. Жаңы эранын 841-жылы Өге-тегин азыркы Саниший өлкөсүнүн Датуң шаарынын жанында өзүн "каган" деп жарыялады. Таң империясы 20 миң гүрө аштык жана башка заттарды жиберип, алардан ал-абал сурады. Бирок узабай Өге-каган аскер баштап, өзүнө айылдаш жашаган Тангут жана Жумгал ойдуңунан бул районго көчүп келип отурукташып калган сарт сыяктуу урууларды жана ханзуларды булаң-талаң кылды. Таң империясы аскер жиберип, Өге-тегинге сокку берди. Жаңы эранын 846-жылы Өге-тегин өз адамдары тарабынан өлтүрүлдү. Анын ордуна иниси Кунан-тегин каган болду. Бирок мунун доорунда бул жерге көчүп келген уйгурлар жана кыргыздар тарабынан эл таланды. Ал эми өз каганатынан айрылган уйгурлардын бир тармагы Орхон, Селенга өзөндөрүнүн бойлорунан азыркы Ганьсу өлкөсүнүн батыш-түштүгүндөгү Хеши районуна көчүп келди. Булар тарыхта "хеши" уйгурлары (Ганьжу уйгурлары) деп аталды. Узабай булар азыркы Ганьзу өлкөсүнүн Дуңхуан, Жаңие, Жүчүэн Вувий райондору жана азыркы Тияншүй шаарынын батыш тараптарын негиз кылып, Хеши уйгур каганатын курду. Жаңы эранын 11-кылымында алар азыркы Наңщйа Хуизи автономиялуу район борбор кылган Таңкуттар тарабынан кулатылды. Азыркы йүгү (сары уйгурлар) улуту как ошол хеши уйгурларынан келип чыккан бир улут болуп эсептелет. Батышка карай көчкөн уйгурлардын жана бир бөлүгү Букатегин деген адамдын жетекчилигинде азыркы чыгыш Тианшан районундагы Турпан жана башка жерлерди ээлеп, жаңы эранын 866-жылы Идикут каганатын (Кочо-уйгур каганатын) түздү. Бул каганат жаңы эранын 1390-жылы Мугулистан хандыгы тарабынан жок кылынды. Ал эми батышка көчкөн уйгурлардын 15 чоң уруусу Баш Буйрук Сарчык, Бантегиндердин жетекчилигинде Орхон, Селенга өзөндөрүнүн бойлорунан жолго чыгып, Алтай тоолорун басып өтүп, алды менен Жети-Өгүз (Жети-Тоо) районуна, кийинчерээк азыркы Талас, Сыр өзөнүнүн баш агымдары, Ысык Көлдүн жээктерин негиз кылган Карлук районуна көчүп келди. Ошондон баштап бул жерге көчүп келген уйгурлар Карлук каганатынын укуктарын колго киргизип, жаңы эранын 932-жылы Султан Сату Бугда хандын жетекчилигинде Караханылар кандыгын куруп, ислам динин кабылдады. Ошентип, жаңы эранын 840-жылы кыргыздар Уйгур каганатын талкалаган соң уйгур уруулары өз журтун башка-башка райондорго жөткөп, жаңы барган журттарынын тарыхында зор ролдорду ойноого киришти. Бешинчи тароо ЭНЕ САЙ КЫРГЫЗ КАГАНАТЫ Эне сай кыргыз каганатынын күчөшү Жаңы эранын 840-жылы Уйгур каганаты оодарылып, каганатка караштуу жерлер чыгышта ата мекенибиздин чыгыш-түндүк тарабындагы Шың Анлың тоосунун батыш тараптагы, батышта Талас өзөнү, Ысык Көлдүн жээктери, түндүктө Эне Сай өзөнүнүн орто агымындагы райондор, түштүктө Гоби чөлдүгүнүн түндүк тараптарынан баштап, Тияншан тоосунун тегеректери сыяктуу кең райондорду өз ичине алган жана ошол замандагы бир канча чоң тайпалар, мисалы, чыгышта Байкал көлүнүн жээктеринде жашаган кушчу, Тугла өзөнүнүн бойлорундагы баргуш, теленгит, тоңур, Ангара өзөндөрүнүн боюндагы байыркы, Шың Анлың тоосунун батыш тарабындагы татар, изгил жана Жуңгар ойдуңунун чыгыш тарабындагы эң күчтүү тайпалардын бири болгон Сарт Түрктөрү сыяктуу тайпалардын бардыгы Кыргыз Каганатынын бийлигине өткөн. Бул доордо Кыргыз Каганатынын батышта ээлеген райондорунун Талас өзөнүнүн бойлоруна жеткендигине караганда, Тарбагатай тоолорунун этектеринде жашаган басмилдер, Иле өзөнүнүн бойлорунда жашаган түркештер да кыска бир мезгил Эне Сай Кыргыз Каганатынын бийлигинде турган болсо керек. Жалпылай айтканда, Эне Сай Кыргыз Каганаты Уйгур каганатынын ордун ээлеген. Алгачкы жылдарда анын түштүк чек арасы төтөлөй Таң империясы менен жандашкан. Эне Сай кыргыздары бул заманда адам саны жактан өтө көбөйгөн. Алардын 840-жылы Уйгур каганатына чабуулга келген 100 миң аскердин саны менен эле эсептегенде, бул замандагы кыргыздардын адам саны 300 миңден 500 миңге жеткендиги анык. Анткени, кудум жогоруда баяндалгандай, байыркы түркү тайпаларында ар качан 3-5 адамдан бир аскер чыгаруу салттары болгон. Демек, бул убакытта ата мекенибиздин түндүк тараптарындагы байыркы тайпалардын ичинде кыргыздар сан жактан уйгурлардан калса, экинчи орунда турган чоң тайпалардын бири болгон. Эгер Эне Сай Кыргыз Каганатына бириккен жогорку тайпаларды кошуп эсептегенде, бүткүл каганаттагы жалпы адам саны 700 миңден 1 миллионго жакындаган болушу мүмкүн. Эне Сай Кыргыз Каганатынын мурдагы Уйгур каганатынын ордун ээлеп, башкадан күчөгөндүгү алардын өзүлөрүнүн коомдук тарыхында эле эмес, ал тургай ошол жерлерде жашаган башка тайпалардын коомдук өнүгүү тарыхынан алып айтканда өтө зор маңызга ээ болуп эсептелет. Биринчи, Эне Сай Кыргыз Каганаты Уйгур каганатын жоготкон соң, Уйгур каганатынын кийинки мезгилдеринде жылдан-жылга уланып турган тайпалар менен тайпалар, кагандар менен кагандар жана уйгур каганатынын ордо ичиндеги согуш, талаштарды бир мезгил аякташтырды, өз карамагындагы тайпаларга мурдакыга караганда бир мезгил тынчтык орнотту, мындай тынчтык жагдай Кыргыз каганатынын карамагындагы тайпалардын, ошону менен бирге кыргыз урууларынын өз коомунун өнүгүүсү үчүн өтө пайдалуу шарт түздү. Экинчи, Кыргыз каганаты өз чек ара райондорун түштүктөгү Таң империясы менен жандаштырган соң, Уйгур каганатынын кийинки мезгилдеринде үзүлүп калган байланыштарын кайта тиктеди. Ошондой эле Таң империясын түндүк жана батыш тараптарда коргоп турган бекем коргон болуп калды. Алды менен Таң империясынын түндүк тараптарында каганаты кулаган соң уландуу түрдө ала тополоң чыгарып жаткан уйгур ак сөөктөрүн бастырды. Алар булап кеткен ханзу букараларын Таң империясына кайтарып берди. Ошону менен Таң империясы өзүнүн түндүк тарабындагы кырсыктан кутулду. Ошондой эле Кыргыз каганаты Таң империясынын түндүк тараптарындагы башка тайпа ак сөөктөрүнүн Таң империясына болгон кас күнөмдүгүн да жок кылды. Ошондуктан, Таң империясы Кыргыз каганатынын бул жардамдарын өтө чоң баалады. Падыша Таң Фузуң "Кыргыздардын сыйлыктары жөнүндө" деген бир сүрөттүү китеп жазууга жарлык түшүрдү. Китептин кириш сөзүн Таң империясынын Эл агасы (баш вазири) Лий Дейү деген адам өзү жазып чыкты119. Жаңы эранын 846-жылы Таң Фузуң Лий Ши деген адамды Кыргыз каганатына элчи кылып жиберип, кыргыз каганы Яглакар ханга көп тартуу сунду жана бул каганга "ата-бабасы баатыр, өзү адал жүрөк каган" деген атак берди. Бирок падыша Таң Фузуң каза тапкандыктан, бул жарлык Кыргыз каганатына жетип бара албады. 847-жылы такка чыккан Таң Шуанзуң Лий Йе деген адамды кайта жиберип, Яглакар ханды "Баатыр адал жүрөк каган" деген атак менен сыйлады. 890-жылы Таң империясынын эң алсыздаган жагдайынан пайдаланып, ханзулашкан сарт уруусунан чыккан Лийге Йуң деген бир адам тополоң козгоду. Ошол жылы Кыргыз каганаты аскер жиберип, Таң империясына жардамдашып, Лийге Йуң тополоңчуларын бастырып, Таң империясынын бүтүндүгү жана амандыгын сактап калды. Үчүнчү, Эне Сай Кыргыз Каганатынын жогоркудай кең жерлер жана көптөгөн уруу-тайпаларды бириктириши бул уруу-тайпалардын бири-бири менен болгон саясий, экономикалык мамилелеринин күчөшүн, алардын коомунун өнүгүшүн, ошондой эле алардын бир-бирине сиңип көбөйүшүн пайдалуу шарттар менен камдады. Айрыкча, Кыргыз каганаты илгерки уйгур каганатынын кийинки мезгилиндеги тайпалык бөлгүнчүлүктү жоготту, тайпалар ортосундагы тоскоолдуктарды бузуп таштады. Ошондуктан, ар бир тайпалардын букаралары бир-бири менен өздөрүнчө мамилелерди жасап турган, бири-биринен жаңы өндүрүштүк техникасын кабылдап, өздөрүнүн коомун илгерилеткен. Бир-бири менен туугандык байланыштарын орнотуп, куда-бажа болуп турган, бир-биринин кем-көсөктөрүн толуктап, бир-бири менен болгон айырмаларын жоё баштаган бир түрдүү жаңы жагдай майданга келди. Төртүнчү, мындай жаңы жагдай ичинде кыргыз урууларынын өзү өнүгүп алардын жан саны да илгеркиге караганда бир кыйла көбөйдү. Айрыкча, кыргыздар ар бир тайпалар менен болгон узак убакыт бирге эмгек кылып, бирге өндүрүшкө катышып, бирге жашоо барышында башка тайпалардан өнүккөн өндүрүш формаларын, өндүрүштүк техникасын кабылдап, өз тайпасынын коомунун өндүрүшүн илгерилетти. Ошондуктан, бул мезгилде бир канча тайпалар кыргыз тайпасынын ичине сиңип кирди. Мисалы, бул заманда азыркы Жуңгар ойдуңунун чыгыш тараптарында жашаган түрк тайпаларынын ичиндеги эң өнүккөн тайпанын бири болгон сарттардын бир бөлүгү кыргыздардын ичине сиңип кирип, кыргыздардын сарт уруусун түздү. Сарт деген уруу бүгүнкү кыргыз урууларынын ичинде да кезигет. Мындан башка кыргыздар ошол замандагы моңгулдардын түпкү ата-бабаларынын келип чыгышы менен байланыштыруу бул - татарлар менен да байланыштардын жасалгандыгы, ошондой эле татарлардын бир бөлүгү кыргыздардын ичине сиңип киргендиги маалым. Мисалы, бул заманда кыргыз урууларынын ичинде маңгыт деген бир уруунун аты учурайт. Маңгыттар эзелки замандарда татар-моңгулдарынын бир уругу болгон. Кийинки замандарда маңгыт уруусу кыргыздардын ичиндеги күчтүү уруулардын бири катарында тилге алынат. Ал эми азыркы кыргыздардын ичиндеги ногой уруусунун так ушул маңгыт уруусу менен аталаш болгондугу айтылат. Кыргыздын баатырдык эпосу "Манас" да маңгыт Манаска багынган "алтымыш уруунун" бири болгондугу баяндалат. Бул заманда кыргыздардын ичине сиңип кирген башка уруу-тайпалар өтө көп. Жалпы айтканда, Эне Сай Кыргыз Каганатынын бул күчөгөн доору азыркы кыргыз улутунун улут болуп калыптануусу үчүн эң терең негиз салган, ошондой эле Кыргыз каганатына караган башка тайпалардын өнүккөн бир доору болуп эсептелет. Бирок бул доордогу Кыргыз каганаты кыргыз тарыхындагы феодалдык таптык мамилелер күчөп жаткан бир доордо жашаган. Ошондуктан бул Кыргыз каганаты феодалдык таптык күрөш жана тайпалык араздаш үстүндө болгон. Жогоруда айтылгандай, Кыргыз каганаты бир тараптан өз уруу жана тайпалардын өнүгүшү үчүн пайдалуу шарттарды туудурган болсо жана бир тараптан кыргыз ак сөөктөрү өз каганатын бекемдеген соң, башка тайпаларга карата таптык зулумду жүргүздү. Мындай жагдай ошол доордо кыргыз коомунун өнүгүшүн бир кыйла тургундук жагдайына түшүрүп койду. Жаңы эранын 9-кылымдарынын кийинки жарымында азыркы Турпан жана Тияншандын чыгыш тараптарында уйгур Идикут падышасы майданга келди. Талас, ысык Көл бойлорундагы Карлук каганаты күчөдү. Ошондой эле Кыргыз каганатынын чыгыш жана түштүк тараптарындагы кээ бир тайпалардын Кыргыз каганатына душман болгон бир канча тайпалык бирикмелери менен тайпалык өкүмөттөрү майданга келди. Эне Сай Кыргыз Каганатынын Йаглакар хан доорунда ээлеген жерлер бир кыйла тарыды. Анын үстүнө Кыргыз каганатына чоң таянчы болуп турган Таң империясы да өзүнүн эң алсызданган дооруна кирип калды. ЭНЕ САЙ КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНЫН САЯСИЙ ТҮЗҮЛҮШҮ Эне Сай Кыргыз Каганаты жаңы эранын 836-жылы Уйгур каганатынан бөлүнүп чыгып, 840-жылы бул каганатты талкалаган соң өзүнүн саясий түзүмүн ирээтке салып, бир кыйла системалуу бийлик аппараттарын тиктеди. Байыркы кыргыз тилинде жазып калтырылган "Соджи таш жазма эстелигине" караганда, Уйгур каганатын кыйраткан кыргыз каганы Йаглакар хан деген адам болгон120. Йаглакар хан - жаңы эранын 870-жылы каза тапкан121. Ал эми Йаглакар хандан кийинки кагандардын ким экендиги жөнүндө анык тарыхый маалымат жок. Байыркы Орхон, Эне Сай, Талас жана башка райондордон табылган таш жазма эстеликтер жана байыркы түрк тайпалары жөнүндө башка жазма маалыматтарга караганда мамлекеттик саясий аткаруучулук жана аскер укуктарынын бардыгы кагандын колунда болгон. Кагандан калса "Катын" (Кагандын аялы), "Тегин" (Ханзада, "тегит" деп аталган) турган. Каган, катын, тегиндер каган жамаатынын негизги мүчөлөрү болуп эле калбады, алар жана каганаттагы бардык байлыктын эң чоң ээлөөчүсү да болгон. Эне Сай кыргыздары менен саатташ болгон түрк тайпаларынын адаттары боюнча кагандардын орду атасынан баласына, эгер баласы болбосо аялына, же болбосо инилерине мурас калучу. Кыргыз каганатынын мураскордук түзүмү жөнүндө төтөлөй материалдар болбосо да, алардын мураскордук түзүмдөрү башка түрк тайпалары менен окшош болгондугунда шек жок. "Таң жылнамасы", Кыргыздар шежиресинде да, кыргыздардын "салт-санаасы түрктөр менен окшош болгон" деп жазылган. Эне Сай Кыргыз Каганатында, кагандан калса экинчи орунда турган мансаптар "Буйрук" (Баш вазир) деп аталган. Буйруктар кагандыктын акимчилик жумуштарын башкаручу. Алардын мындай бийлик түзүлүшү Орхун Уйгур каганаты менен окшош болгон, Көк Түрк каганатында болсо, кагандардан кийин "Йайху" (экинчи каган, же болбосо кичүү каган) турган. Ал эми байыркы түрк тилиндеги таш жазма эстеликтер жана башка маалыматтарга караганда буйруктан кийинки орундагы мансаптар "Бойла", бойладан калса "Йарган" деген наамдар менен аталган. Бойла болсо өкүм бекитүүчү, йарган болсо өкүмдү аткаруучу мансаптар болгон. Булардан башка жана кагандарга жардамдашып, аскер укуктарды кармаган "Сангун" (Жаңжун) деген мансаптар турган. Эне Сай Кыргыз Каганаты мындай мансап түзүмүн Орто Жуңгодогу ханзу падышаларынан үйрөнгөн болсо керек. Жалпы айтканда каган, катын, тегин, буйрук, бойла, йарган, сагундар болсо, кыргыз каганатынын негизги ордо мүчөлөрү эсептелген. Эне Сай Кыргыз Каганатынын жергиликтүү мансапдарлары "Тутук", "Таркан", "Бий" (Бек) жана "Түтүн" дегендерден турган. Тутуктар болсо, кагандын ар бир райондор жана чоң тайпаларды башкарууга жиберилген саясий бийлөөчүлөрү болуп эсептелет, бирок кээ бир ханзуча тарыхый маалыматтарга караганда тутуктарды кагандан кийинки орунда туруучу мансапдар деп аталат122. Бул материалдын кандай абалга негизделгендиги анык эмес. Тутуктар Көк Түрк каганаты жана Уйгур каганаттарында, кагандардын ар бир райондорго жиберген жогору даражалуу мансапдарлары болгон. Тутуктар негизинен ханзадалар же болбосо каганадардын туугандарынан белгиленген. Ал эми Эне Сай Кыргыз Каганатынын акимчилик түзүмдөрү да алардан башкача болушу мүмкүн эмес. Таркан деген мансапдар болсо, тутуктарга окшош кагандын ар бир район жана тайпаларга жиберген аскерий башчылары болуп эсептелет. Таркандар тутуктар менен бирге өздөрү башкарган район жана тайпалардын кызматынан түздөн-түз каганга жоопкер болгон. Алар белгиленген мерчимде жана ар бир чоң айт-майрамдарда, же болбосо өзү башкарган район, тайпалардын абалында бирер абал болгондо көп тараптуу менен келип өз кызматынан каганга эсеп берип турган. Тарыхый материалдар жана кыргыздардын салттарына негизденгенде таркандар кагандардын өз бийлигин жүргүзүүдөгү жергиликтүү таянчылары болуп эсептелсе жана бир жагынан кагандардын кең букаралардын мал-байлыгын жыйнап алуусу үчүн да таянчы болгон таркандар белгиленген мезгил боюнча каганга келип көрүнүш бергенде, "тогуз-тогуз сыйлык" деп аталган сыйлык менен келүүсү керек болгон. Эгер бул "тогуз-тогуз сыйлык" кем болуп калса, таркандар мансаптан калтырылган. "Тогуз-тогуз сыйлык" деген өз ичине тогуз баатыр жигит, тогуз сулуу кыз, тогуз чечен, тогуз тон, тогуз туубайрак, тогуз шамшар, тогуз добулга (калкан), тогуз бүркүт, тогуз аргымак сыяктуулардан турган. Тутук жана таркандардан калса бийлер (бектер) жана бийлердин кол астында түтүндөр турган. Бийлер чоң уруулар же болбосо бир канча уруулар жыйылып олтурган райондордун мансапдарлары болуп эсептелет. Түтүндөр болсо, кичүү уруу же болбосо бир канча он, бир канча жүз үй-бүлөнүн башчысы болгон. Бийлер өз ичинде "Түмөн" (түмөн беги), "Миңген" (миң беги), "Жүзүн" (жүз беги) дегендерге бөлүнгөн. Бийлер уруш болгон убакыттарда өзүнө караштуу урууларын өз ат көлүгү, азык-түлүгү, согуш куралдары менен баштап чыгып, урушка катышуучу. Уруш токтогон мезгилде болсо, өзүнө караштуу урууларынын өндүрүштүк кыймылдары жана башка тиешелүү иштерин башкаручу. Түтүндөр болсо, бул бийлердин төтөлөй башкаруусунда өз милдеттерин аткаруучу. Эне Сай Кыргыз Каганатынын жогорудай бийлик түзүмү ошондой эле бийлик даражаларынан башка, аларда жана согушта көрүнүктүү күч чыгаргандарга, жеңимпоздорго, баатырларга каганаттын акылман мансапдарларына "Ишбара" (баатыр), "Билге" (акылдуу, билерман), "Алп" (жеңимпоз), "Эркин", "Кылыч", "Арслан", "Бөрү", "Чагыр" (бүркүт) деген атак наамдарын берген, бул атак наамга ээ болгондордун коомдогу орду жогору болгон. Алар каганаттын ар түрдүү алым-салыктарынан азат кылынган. Эне Сай Кыргыз Каганаты өзүнө караштуу багынды тайпалардын саясий түзүмдөрүн, салт-санаасын, бийлөөчүлөрүнүн орун жана даражасын, мансап, наамдарын өзгөртпөгөн. Башкача айтканда, кыргыз кагандары башка тайпаларды өз тайпасынын каганы жана башка бийлөөчүлөрү аркылуу башкарган, бул башкаруучулар ар жылы белгиленген мезгилде тогуз-тогуз сыйлыктарын алып, кыргыз кагандарына салык берип турган, өз эл жана малынын божомол саны жөнүндө эсеп берип турган, согуш болгон убакыттарда өз аскерин баштап чыгып согушка катышкан, каган тарабынан белгиленген алым-салыктарды төлөп турган жана бул багынды тайпалардын кагандары кыргыз кагандарына өзүнүн ак жүрөкчүлүгүн билдирүү үчүн өзүнүн эң жакшы көргөн балдарын кыргыз кагандарынын жанына барымтага (кепилдикке) койгон. Мындай барымталар ал доордо "Туркак" деген наам менен да аталган. Эгер багынды тайпалар кыргыз каганатына каршы көтөрүлүш жасаса, же башкача кастык иштерин иштесе, туркактар өлтүрүлгөн. Эне Сай Кыргыз Каганаты өзүнүн илгерки өкүм сүргөн Көк Түрк каганаты, Уйгур каганаты сыяктууларга окшош каганаттын курултайында чечүүчү Каганат курултайына кыргыз каганатынын жогоруда айтылган бийлөөчүлөрү жана багынды тайпалардын бийлөөчүлөрү катышуучу. Мындай курултайлар көбүнчө каганаттын ички жана тышкы чоң саясий окуяларын чет мамлекет жана тайпалар менен сунуш жана келишимдери, каганатка багынган тайпалар ортосундагы чыр-чатактар өңдүү маселелерди бир тарап кылуучу. Багынды тайпалардын ички иштерин ошол тайпалардын курултайлары бекитүүчү. Ал эми уруулардын ички иштерин болсо уруулардан аксакал кеңешчилери бир тарап кылуучу. Каганат курултайлары жана башка кеңешмелери, ошондой эле бул курултай жана кеңешмеде каралган маселелердин кандай бир талап кылынышы бүтүндөй кыргыз кагандарынын эрки боюнча болгон. Алар курултай жана башка кеңешмелерде чек коюлбаган укуктарга ээ болгон. Ошондуктан каганат курултайлары жана башка бийлөөчүлөр кеңешмеси, так маани менен айтканда, кагандардын өз тайпалары жана багынды тайпалары өз колунда бекем кармап туруунун бир куралы ордуна кызмат кылган. Кыргыз кагандары мурдагы Көк Түрк жана Уйгур кагандарына окшош, өздөрүн "Теңирден болгон", "Теңирден бүткөн", "Теңирдин уулу" деп атап, башка бийлөөчүлөрдү өзүнө баш ийүүнү талап кылган. Орхон-Эне Сай таш жазма эстеликтеринде мындай маалыматтар өтө көп кездешет. Жалпы айтканда уйгур каганатын жоготкон соң, Эне Сай Кыргыз Каганаты өзүнүн өткөнкү тарыхынан көп сабактарды корутундулап, өзүнүн саясий түзүмдөрүн бир кыйла системалаштырган. Мындай системалуу саясий түзүм жана бийлик аппараттарынын бардыкка келип күчөшү бир тараптан Эне Сай Кыргыз Каганатындагы феодалдык таптык мамилелерди күчөткөн болсо жана бир тараптан кыргыз каганатынын узак мезгил өкүм сүрүшүн пайдалуу шарттар менен камдаган. ЭНЕ САЙ КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНЫН КООМДУК ТҮЗҮЛҮШҮ Шахабидден Абуалайакуби бий Абдулла Эмафий деген адам өзүнүн жаңы эранын 1229-жылы жазган "Мужмеулбулдан" деген чыгармасында 9-кылымдын биринчи жарымында кыргыздар арасына барган Абудалев деген арап саякатчысынын маалыматтарына негизделип, ошол замандагы Эне Сай Кыргыз Каганатынын коому жөнүндө мындай деп маалымат берген: "биз хир-хиз" (кыргыз - демекчи) деген бир тайпага барып жеттик, алар таруу, күрүч сыяктуу аштыктарды, төө, соолук кой, эчки жана башка малдардын этин жейт экен. Алардын өзүнө таандык кармаган жолу, ой-пикирлери, жазуулары, Теңирге сыйына турган орундары бар. Алар чырагын өзү өчпөгөнчө өчүрбөйт, алар уйкаштуу сөздөр менен сүйлөшөт, алар Теңирге сыйынганда алдына жакшы жыттуу нерселерди коюп, анан сыйынат. Алардын бир жыл ичинде бир канча майрамдары бар. Алардын туусу көк ыраңда, алар түштүк тарапка карап Теңирге сыйынат. Асмандагы Секеншир (Сатурн), Чолпон (Венера), Атарыд (Меркурий) сыяктуу жылдыздарды жакшылыктын белгиси деп билишет. Мирих (Марс) жылдызын жаман көрүп, аны жамандыктын белгиси деп карайт. Алардын мамлекетинде жырткыч айбандар өтө көп. Алардын жеринде түндөсү жанып турган бир таш бар. Ошондуктан аларда чыракка болгон талап анча жок. Бул таш алардын мамлекетинен башка жерлерде болбойт. Алардын бардыгынын моюн сунган бир падышасы бар. Анын алдында кырк жашка жетпеген бир эр адамдын олтурушу мүмкүн эмес"123. Мухаммет Абу Алгази Баатыржан өзүнүн "Түрк шежиреси" деген чыгармасында: "Бир канча көп элдер Анкыра Муран деген суунун бойлорунда олтурган. Анкыра Муран кыргыз аймагынын жээгинен агып өтөт, бул жерде ага жана көп суулар келип кошулуп турат. Ошондуктан ал чоң суу болуп, агып-агып ачык деңизге куюлат. Бул суунун деңизге куюла турган жеринде, мындайча айтканда деңиздин жакасында бир чоң шаар болгон. Анын айыл-кыштактары, көчүп жүргөн эли жана малы өтө көп болгон. Алардын жылкысы өтө чоң болуп, бир жаштагы тайлары биздин эки жаштагы тайларыбыз менен тең, жылкысынын бардыгы ала түстүү болгон. Башка түстөгүлөрү болбогон. Бул шаардын атын Алакчын деп атаган. Бул шаардын жанында күмүш кени, атап айтканда күмүш чыга турган жерлери бар эле. Ал элдин казаны, аяк-табактары, кашык жана кутулары бүтүндөй күмүштөн жасалган"124 деп жазган. Ал эми байыркы ханзуча маалыматтарда болсо, Эне Сай каганатынын коому жөнүндө бир кыйла эстеликтер бар. "Жаңы Таң жылнаамасы" деген китептин "Кыргыздар шежиреси" деген бөлүмүндө "уйгур каганатынын ордосунун түндүк жагында Селенга деген бир өзөн бар. Бул өзөндүн чыгыш-түндүк тарабында булак суулары жер-жерлерде кылтылдап агып турган Чиңшан (Танно-Ола) деген бир карлуу тоо бар. Бул карлуу тоонун чыгыш тарабында Кем өзөнү деген бир агын суу бар, бул суудан кайык менен өтүшөт. Бул суу чыгыш-түндүккө карай агып, Кыргыз каганатынын ичинен өтүп, Түндүк деңизге куюлат", кыргыз жерлеринин "климаты өтө суук болуп өзөндөрүн жарым жылдай муз каптап турат. Ошондой болсо да бул жерлерде таруу, буудай, жылаңач буудай, арпа сыяктуу дандуу эгиндер өстүрүлөт. Алар жаргылчак менен бул эгиндерден ун, талкан тартат. Эгинди үчүнчү айда айдап, 9-айда жыйып алат, алар аштыктан ар түрдүү тамак жана бозо чыгарат, алардын жеринде жашылчалар менен мөмөлөр болбойт. Алардын жылкысы өтө чоң жана карылуу болот. Мындан башка төө, уй, кой сыяктуу малдары бар. Бул айбандардын ичинде уй эң көп салмакты ээлейт, байларынын малы бир канча миңге жетет. Жапайы айбандардан кулан, топоз, аркар, кулжа, бугу, жейрен өңдүүлөр бар. Жейрендеринин башы кичине, куйругу чоң жана кара болот. Алардын жеринен моко деген бир түрдүү балык чыгат, анын узундугу 7-8 кез келет. Моконун сөөгү болбойт, оозу тамагынын астында болот жана чымчык, айры куйрук, өрдөк, сагызган, бүркүт, карчыга өңдүү куш жаныбарлар болот. Алардын ормон токойлорунда карагай, кайың, терек сыяктуу жыгачтар өсөт… Ошондой эле алардын жеринде алтын, күмүш, темир, коргошун өңдүү кен байлыктары бар. Ар бир жаан жаагандан соң, темир кени жер бетине ачылып чыгып калат. Алар темирди "кешек" деп атайт. Ошондой эле темирден ар түрдүү өткүр шаймандар, куралдар жасап, аны түрк тайпаларына сатышат. Алардын жаа, жебе жана калкан сыяктуу согуш куралдары болот. Аттуу аскерлери калканды жыгачтан да жасап урунушат. Алар атка өтө чебер болот, кыш күндөрү муз жана кар жолдордон жыгачтан жасалган чийнелер менен өтүшөт"125 деп жазылган. Байыркы ханзуча тарыхый материалдарда жана бул доордогу кыргыздардын көбүнчө этти азык кыла тургандыгы, жайдын күндөрү кийиз үйлөрдө, кыштын күндөрү жыгачтан жасалган үйлөрдө тургандыгы, көп убакыттарда тоо-таштардын этектери, суунун бойлорунда жашагандыгы жазылган. Жаңы эранын 1900-жылы азыркы Моңгулия Эл Республикасынын Суджи деген жеринен табылган "Йаглакар хан таш жазма эстеликтеринде" Йаглакар ханга караштуу "он короо мал, сансыз жылкынын болгондугу" жөнүндө маалымат бар. Бул маалыматтарга караганда Эне Сай кыргыздары Уйгур каганатын жоготкон соң, негизинен жана илгеркидей эле көчмөн мал чарбачылык менен тиричилик кылгандыгы ошондой эле бир кыйла отурукташкан дыйканчылык менен да айкалышкандыгы маалым. Эгерде алар бир кыйла отурукташкан дыйканчылык турмушка ээ болбой, бүтүндөй эле көчмөн мал чарбачылык менен тиричилик кылган болсо, жогорку материалдарда айтылгандай турактуу жыгач үйлөрдүн жана теңирге сыйына турган турактуу орундардын, ошондой эле турактуу металл кортуу жана кол өнөрчүлүк орундардын болушу мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө жогорку материалдарда айтылган буудай, арпа жана башка эгин түрлөрү болсо, эгинчилик техникасын өтө катуу талап кыла турган өндүрүштүк түрлөрү болуп, отурукташкан же жарым отурукташкан жагдайга ээ болгондо, эгинчиликтин, бул түрлөрүнөн жакшы түшүм алуу да мүмкүн эмес эле. Айрыкча, Эне Сай Кыргыз Каганатында жогоруда айтылган Алакчын деген шаардын болгондугу, алардын бир кыйла отурукташкан турмушта жашагандыгын да далилдейт. Түркү тилинде жазылган, ошондой эле байыркы ханзуча жана чет улуттардын тилинде жазылган башкача тарыхый материалдар да өзүнөн илгери өткөн, же болбосо өздөрү менен бирге жашаган түрк тайпалары, бул заманда Эне Сай кыргыздарындай коомдук өндүрүштүн мындай көп жана кең салаалары менен тиричилик кылгандыгы жөнүндө эч кандай маалымат жок. Алардын көпчүлүгү тек гана көчмөн мал чарбачылык жана аңчылык турмушунда жашагандыгы жөнүндө болсо маалыматтар бир кыйла кезигишет. Ошондуктан, алар Эне Сай кыргыздарынын коомдук өндүрүштүн мындай көп түрлөрүнө, айрыкча, алардын өндүрүштүк түзүмдөрүнө өтө кызыгып караган. Коомдук өндүрүш жагынан өздөрүнүн бир кыйла өнүккөн Эне Сай кыргыз жерлерине ээ болуу үчүн сансыз чабуулдарды жасап турушкан. Бирок кыргыз жерлерине барган бул тайпалардын бир бөлүгү кыргыздарды өздөрүнө кошуп алуу эмес, анын тескерисинче, өндүрүштүк формасы жана маданият жагынан өздөрүнөн бир кыйла жогору турган кыргыздар тарабынан ар убакыт ассимиляция кылынып турган. Ошондуктан, кыргыздар менен бир заманда жашаган, же болбосо, кыргыз райондоруна барып калган бир канча он тайпалардын аты тарых бетинен бир жолу күбүлүп кеткен. Кыргыздар болсо өз наамын, өз тайпалык эрекчеликтерин сактап, өз коомун өнүктүрүп, бүгүнкү доорго чейин жетип келген. Бул доордо Эне Сай Кыргыз Каганатынын кол өнөрчүлүгү жана соода-сатыктары өтө өнүккөн. Анткени алардын өндүрүштүк куралдары, согуш шаймандары, турмуш буюмдары бардыгы дегендей темир, алтын, күмүш жана жыгачтан жасалган. Кээ бир окумуштуулар Эне Сай кыргыздары менен замандаш болгон Көк түрктөр жана башка түрк тайпаларынан пайдалануу металлдарды эритип, андан түрдүү курал-шаймандарды жасоону как ошол Эне Сай кыргыздарынан үйрөнгөндүгүн жазышат126. Эне Сай кыргыздары кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн жогорку түрлөрүнөн башка жана мал чарба буюмдарынан ар түрдүү азык-түлүк, кийим-кечек сыяктуу нерселерди иштеп чыгарган. Эне Сай кыргыздары алтын, күмүш, темир жана башка заттардан жасалган буюмдар, өндүрүштүк куралдар, согуш шаймандары, кемчет жана кама тебетей, ичик, тон, айрыкча жылкы сыяктуу чарба малдарын ата мекенибиздин ички райондоруна алып келип, ар түрдүү форфор материалдарынан жасалган идиш-аяктар, көк чай сыяктуу турмуш буюмдары менен теңишип кетчү. Байыркы ханзуча тарыхый материалдарга караганда Эне Сай кыргыздарынын Тияншандын түндүк тарабындагы Беш-Балык райондору (Бейтиң духу мекемеси райондору), Тияншандын түштүк тарабындагы аймактар (Анышик духу мекемеси райондору) жана Орто Азиядагы карлуктар, араптар (бул заманда араптардын таасири Орто Азиядагы Аму, Сыр өзөндөрүнө чейин жетип келген) менен соода байланыштарын орноткон127. Кыргыздар бул район жана мамлекеттерден ар түрлүү жибек шайы токулма буюмдарды жана жыпар жыттуу буюмдарды сатып алган. Жогоруда Эне Сай Кыргыз Каганатынын коомдук абалын көрүп өттүк, ал эми каганаттын коомдук өндүрүштүк каражаттарына ээ болуу, абалы жана каганаттын коомдук түзүлүшү кандай болгон? Жогорку материалдарга караганда кыргыз коомундагы кээ бир адамдардын малы бир канча миңге жеткен. Йаглакар хан сыяктуу кагандардын сансыз жылкысы болгон, ал эми Буйрук Байлайарган Тутук жана башка бийлөө чөйрөлөр да өтө көп байлыкка ээ болушкан. Кээ бир ханзуча байыркы материалдарда "байлардын койгон кийимдери сүлөөсүн терисинен тигилген. Кагандар болсо кыштын күндөрү сүлөөсүн терисинен тебетей кийген, жайдын күндөрү болсо төбөсү кырлуу жана алтын чок тагылган, жээги үстүнө кайрылган ак кийиз калпак кийүүчү. Белине өткүр шамшар асчу, кембагалдар болсо жөнөкөй териден тигилген кийимдерди кийип жылаңбаш жүрүүчү. Кагандар кереге менен уукту бири-бирине чатып тигилген чоң отоолордо туруучу. Алар мындай чоң отоолорду метече деп атаган. Башка бийлер болсо жөнөкөй боз үйлөрдө олтурушкан"128 жеп жазган. Ал эми Орхон - Эне Сай жана Талас райондорунан табылган таш жазма эстеликтерде "бай", "будун" (букара), "кул", "күң" деген коомдук катмарлардын өндүрүштүк каражаттарга ээлик кылышы окшош болбогон. Айрыкча, байлар коомдун өндүрүштүк каражаты жана турмуш каражаты болгон малдын эң көп бөлүгүнө ээ болгон. Алар коомдогу, айрыкча, укук жана уруу-тайпалык кандаштуулук байланыштарынан пайдаланып будундардын мал-мүлкүн талап алгандан башка, алардын көптөгөн акысыз эмгектеринен пайдаланышчу, айрыкча төл алуу, жүн кыркым, эгинчилик, чөп жыйноо мезгилдеринде ишин иштеген. Булар өзүнүн өндүрүштүк каражаттарына ээленүү жана коомдогу эрекче укуктары боюнча кыргыз коомундагы феодал таптарын түзгөн. Ал эми "будун" деп аталган адамдар болсо анча-мынча өндүрүштүк каражаттарга жана башка мал-мүлккө ээ болгон калың букаралар болуп, алар коомдук байланыштарда байларга көз каранды болгон. Кул, күңдөр болсо, байларга бүтүндөй көз каранды болуп, коомдо эч кандай эркиндикке ээ боло албаган, алар көбүнчө согушта алынган туткундар жана тартуу кылып берилген адамдар болуп, коомдун эң төмөнкү катмарын түзүшкөн. Тарыхый материалдарга караганда, кул жана күңдөр Эне Сай Кыргыз Каганатынын коомунда эрекче чоң орунга ээ болбогон. Алар негизинен үй-бүлөлүк эрксиз кызматкерлери болуп, кыргыз коомунун өнүгүү тарыхында, айрыкча, бир коомдук түзүлүштүн мүнөзүн ала албаган. Кыргыз коомунда адамзат өз башынан басып өткөн кулдардык коомдук түзүлүшү илгерки уннулар, жужандар өкүм сүргөн доорлордогудай айрыкча маңызга ээ болбогон. Жалпы айтканда Эне Сай кыргыз коому өзүнөн илгери өткөн Көк Түрк каганаты, Уйгур каганаты сыяктууларга окшош эле көчмөн феодалдык коомдук түзүлүштө турган. Кээ бир ханзуча материалдарда Эне Сай кыргыз коомунда "бир атадан тарагандан бирер миң адам же беш жүзчө адам бир жерде турушкан129, деген маалыматтар бар. Бул материалдарга караганда Эне Сай кыргыз коомунда уруу-тайпалык байланыштары, айрыкча коомдук өндүрүштүн эң төмөнкү уюмдуулук негизи болгон айылдаштык байланыштарынын бүткүл коомдук түрү болгондугун көрсөтөт. Бирок Эне Сай кыргыздарынын уруу-тайпалык байланыштары кыргыздардын алгачкы коомдук түзүлүштөгү уруу-тайпалык байланыштарынан бүтүндөй айырмаланат. Анткени, бул замандагы уруу-тайпалык байланыштар болсо, өзүнүн мазмуну жана эрекчилиги жагынан кыргыз коомундагы таптык байланыштар, айрыкча, феодалдык мамилелердин чагылышкан сүрөтү болуп, коомдогу таптык зулум жана эксплуатацияны жашырып турган бир жука көшөгөнүн өзү болгон. Ал эми айылдаштык байланыштары болсо, уруу-тайпалык көз караштарынын идеологиялык өсүшүн күндөн күнгө алсыратып турган. ЭНЕ САЙ КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНЫН МАДАНИЯТЫ Байыркы Моңгул жайлоо райондору жана Сиберийа тоолорунун тегерегинде жашаган байыркы уруу-тайпалардын ичинде, Эне Сай кыргыздары маданият жагынан бир кыйла жогору болгон, алардын өзүнө таандык тил-жазуусу, көркөм өнөрү бир кыйла өнүккөн. Ошондой эле алар коомдук маданияттын бул тараптарынын өзү менен замандаш жашаган түрк тайпаларына чоң таасир көрсөткөн бир эл болуп эсептелет. ТИЛ ЖАНА ЖАЗУУСУ Байыркы түрк тили жана чет эл тилинде жазылган көптөгөн тарыхый материалдарда кыргыз тили менен жазуусунун байыркы түрк тайпалары менен бирдей болгондугу баяндалган. Айрыкча, Эне Сай кыргыздары жана алардын тил-жазуусу жөнүндө төтөлөй маалымат берген байыркы ханзуча тарыхый чыгармаларда "кыргыз жазуусу жана тили болсо уйгур жазуусу жана тили менен бүтүндөй окшош"130 деп жазылган. Бирок, бул материалдарда ал жазуунун кандай түрдө болгондугу, анын кандай жазылгандыгы жана Эне Сай кыргыздары качантан баштап бул жазууну колдонгондугу жөнүндө эч кандай маалымат берилбеген. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө негизденген Эне Сай кыргыздары эң кийин дегенде да жаңы эранын 5-кылымдарынан баштап байыркы Фарисиянын (Арсакит империясынын) Арамай жазуусуна негизделген бир түрдүү жазууну колдонгон. Бул жазуу жаңы эрадан илгерки замандарда келип чыккан, жаңы эрадан кийинки баштапкы кылымдарда Кичи Азия, Мисимопотамия, Египет (Мисир), Орто Азия өңдүү райондорго таралган. Жаңы эранын 5-кылымдарынын алдыңкы доорлорунда алды менен Эне Сай кыргыздарынын ичине таралган131. Кийин Эне Сай кыргыздарынан Көк Түрк каганатындагы түрк тайпаларына, алардан кийин уйгурларга таралган. Жаңы эранын 19-кылымдарынын аягында азыркы Эне Сай өзөнүнүн бойлору жана Орхон өзөнүнүн бойлорунан байыркы кыргыз жазуусу менен жазылган "Туйтукук таш жазма эстелиги", "Күлтегин таш жазма эстелиги", "Билге каган таш жазма эстелиги", "Онгын таш жазма эстелиги", "Күлчоро таш жазма эстелиги", "Моюнчур (Кара-каган) таш жазма эстелиги", "Судхи таш жазма эстелиги" сыяктуу эстеликтер табылды. Ошондуктан байыркы кыргыз жазуусу жана "Орхон - Эне Сай жазуусу" деп аталат. Ошондой эле бул таш жазма эстеликтердин көпчүлүгү Көк Түрк каганаты, айрыкча кийинки Түрк каганаты доорундагы окуяларды баяндагандыгы үчүн, алар "байыркы түрк жазуусу" деген наам менен да аталат. Кээ бир окумуштуулар байыркы кыргыз жазуусунун тышкы түрү жагынан байыркы түндүк Европада колдонулган роник жазуусу менен болгон окшоштугуна карап жана "роник жазуусу" деген наамды дагы беришкен. Бирок байыркы кыргыз жазуусунун бул роник жазуусу менен мейли келип чыгышы, же болбосо мазмуну жагынан эч кандай байланышы жок. Жаңы эранын 19-кылымдарынын аяктарында, байыркы кыргыз жазуусу менен жазылган таш жазма эстеликтер жана Талас өзөнүнүн тегерегиндеги Айры Таң Үй, Алтай, Кызыл Жыра, Элегеш, Токмок өңдүү жерлерден да табылды. Бул таш жазма эстеликтер жаңы эранын 5-8-кылымдары жана 13-14-кылымдарындагы кыргыз коомуна таандык132. | Китеп_тизме: |
|