Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,  and see my picture...


Баратбай Аракеев

ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

(Уландысы. Башы гезиттин №1 санында)

Карымшак аялы менен теңтайлаша айтышалбайт, айтышкысы деле жок, бир ирет бетин алдыргандан кийин айтышпай калган. Анткен менен өтө кызуу кезинде килтилдеген куймулчагына бир тээп алары бар. Карымшак нарыта турган кемтиле баштаган дөңгөчкө отуруп, калпагын алып башын шашпай тырмап турду - бул аябай ойлонуп жатканы. Анан бир маалда ордунан туруп, эч кимге эч нерсе дебей төмөн басты. Төрт-беш үйдөн кийин Үсөн деген аталаш агасы боло турган, өзүнөн он чакты жаш улуу. Өзү эмгекчил, чоң куу да адам. Карымшак короого киргенде Үсөн үйгө жөлөнтө орнотулган узун орундукта отурган экен кемпири экөө.
- Салоомалейкум, байке, - деп Карымшак орундукка отурду. Токтогон жок, маселесине түз кирди: - Байке, Алтынбек уулуң келинчек апкелип калыптыр...
- Ии, болсун, - деди Үсөн, кемпири да айтты а сөздү.
Карымшак сөзүн улады:
- Сизден башка кимге барам, келдим... Өзүңүз билесиз...
Мунун эмне айтарын билет Үсөн. Чорт киши катуу айтты:
- Кантип түлөө берем деп суранып келгениңди да билем! Кулкунуңдун жаманынан үйүңдө үрүп чыгар итиң жогун да билем! Же бир аялың жөндүү болсочу, кошо талашып ичип... Абийириң кетерде гана келесиң! - Үсөн саамга ойлонду да, анан сөздү бүтүрө айтты: - Бир кой, бир мүшөк ун ал, арак-шарабыңа десең жеңең акчасын берер. Ай, ал тоюң бүткөндөн кийин сен тетигини шыштай кылып бүтүрөсүң, уктуңбу?! - Үсөн короонун төр жагында куюлган фундаментти көрсөттү - сарайгабы же үйгөбү, ким билди...
- Бүтүрөм, бүтүрөм. Бүтүрбөгөндө... - Карымшак ордунан атып туруп, байкесинин колун кыса кармады. - Агалыгыңыздан айланайын! - кучактаганы жүрөт.
Үсөн ордунан туруп кетти, тигини түртүп:
- Эми көргөндөй болбой, барчы нары! - самогондун кыйраткыч жытынан качып жатпайбы...
- Кудай бетин салбасын, тойдун тополоңу жакшы кетти. Келесоонун коногу билет дегендин калети бар беле, ар-ар жерде экиден-үчтөн топтошуп самогонду катырып, эки жашка эки миң жылга жетерлик өмүр тилеп, кай бири союлуп жаткан койдон кесе калып шишке сайып отко кармай коюп, ысылык деп оозун көө кылып булчуңдайт. Үйгө салынган дасторкондо самогондон калган эки кемпир менен бир чал отурат. Келиндер аларды кээде эстей калышып чай куюп, кайра сыртка чыгышат. Үсөн болсо жана бир басып келип байбичесин ээрчитип кайра кеткен.
Карымшактын ончакты бөтөлкөлөшү аялдары менен кошуна-колоң, тууган-туушкан болуп, элүүдөн ашык адам наркы-терки уу-дуу, бурч-бурчта отурганы... Нак мейман баягы самогондон калган чал менен эки кемпир... Анткен менен кой союлуп казанга түштү, боорсогу жасалды. Эми убакыттын баарын тойдун шаңын көтөрүүгө арноо керек. "Алтынчы күнү той болот, ээй... " деп бирөө аркырап кое берди эле, обону, сөзү ар кандай кеткен бир жапайы обон короого толуп, көчө аралай кетти.
- Ай, энеңдурайындар, ушул да болчу беле, кичине култура-мултура дегенди колдонуп, танцы уюштуруп эметпейсиңерби, ыя? - деп Ашым сунуш киргизди эле, бат эле магнитофон пайда болуп, кайсы бир тилде ыр кетти... Ана эмесе, бирден-экиден-үчтөн кармашып, кармашпай тегеректешип, билгени билип, билбегени билбей эле жер тепкенге өтүштү.
- Ай, эки жаштын бакты-таалайы үчүн алып жиберчи, - деп эки-үч эркек, катын самогон куюп кыдырып жүрөт.
- Өзүмдү-өзүм аябасам, мени аяп ал деген бирөө жок, өлүгүңдү көрөйүндөр, - деп бир толугунан келген келин килейген стакан самогонду бир тартты да, колунун сыртын гана жыттап басып кеткенин көргөн Ашым:
- Э келин балам, акелериңе да көз кырың сала жүрсөң... - деп тийиштик кылды эле, оңбогон келин дароо жообун берди:
- Акесине көз кырын салган келинде абийир калабы, аке? Акеси салса го мейли, ха-ха!.. Келиңиз, момуну алып жибериңиз... - Бир стакан сунуп, курган келин Ашымдын алты амалын түгөттү окшойт: - Келинге көз кырын салган чалдар көп, жарагандар аз, аке, ха-ха-ха... - келин кетти. Ашым эмне жооп айтарын билбей туруп калды. Самогондун айынан элүүгө чыгып-чыкпай чал атыгып жатпайбы. Ата, ушу шайтан келинди бир... "Макулун келтирип алып, анан бокко жарабай абийирим кетпесин, кой, дайыны жок аңгиленбейин" деп бир топ кызуу болсо да Ашым ушинтип акылга келди...

(Уландысы кийинки санда)




  Китеп_тизме: 



Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0777) 329784
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат