| Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
| түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
Баратбай Аракеев ЧАҢДАГЫ ГҮЛ Кириш сөз Бул повестте бакытка апкелбеген сүйүү, кай бир адамдардын дилинин булганычтыгы, кыргызды кыргынга салчудай болгон аракечтик илдет, кыздын турмуш куруудагы азап-тозогу, баланын ата-энеге, алардын балдарына болгон мамилеси, карама-каршылыктары ж. б. көйгөй маселелер баяндалат. Анда окурман, ар бир санын үзбөй окуйлу! 1 Карымшак Ашым досу экөө тээ көчө бойлоп келатат. Демейде илгерки Октябрь майрамындай жүрчү немелердин сабыры суз. Бири сөз баштаса эле экинчиси уруша кеткени турат. Дагы басышты. Анан Ашым сөгүнүп койду: - Катын болгон, энеңдин... - Эмне жарым жолдон токтойсуң, сөкпөйсүңбү түбүнө түшүрө эле?! - Ошонун катын болгонунун энесин урайын, - деди Ашым деле жакшы тилдебей, - энесин урайын, уктуңбу?! - Энеңди урайын эшек, эркек өңдөнүп келиштире сөккөндү да бил бейт, - деп Карымшактын жини келет, - балтайган немени балтайта эле сөкпөйсүңбү өзүнө окшотуп. - А өзүң эмне сөкпөйсүң?! Сен эмне, сөгүүдөн калдың беле. Сөк сен деле. - Эй, энеңди... Сөксө эмне экен. Балтайган энеңдурайын, жалап! Унчукпай калышты. Экөө тең. Дурус сөгүлдү окшойт. Бул экөөлөп сөгүп жаткан Турдукан деген толугунан келген бойдок аял. Эрдүүдөн эптүү жашайт. Тилинен баштап, колунан көп нерсе келет аялзатына жараша. Бүгүн бу экөөнү үйүнө чакырып, столбосуна предохранитель койдурган. Анан чайын берип, бир бөтөлкөнү алдына койгон. Адегенде чоң стакан менен бирден көңтөрүшүп, анан экинчисин түбүнөн эле уурттамыш этишкен, жеткени ошол болду. Бул экөөнө бир бөтөлкө самогон дегениң даам алууга жарап бералбайт эмеспи. Күтүштү, дагы бирди сууруп чыгат деп, жок. Дөңгөчтөй болуп отуруп алып, улам-улам "уюмдун сүтү майлуу" деп кайра-кайра чай куят. Жедеп экинчи бөтөлкө келбесине көздөрү жеткенде ордуларынан турушту. Эттери (нормадан төмөн) кызыган немелерди эми эч ким токтото албайт, кайдан болсо да табышат. Дал ошол семиз катынды сөгүп келатканда ылдыйдан бир чыткурсак маңкасын чуурта чуркап, сүйүнчү айтып турду: - Карымшак байке, сүйүнчү! Алтын бек байкем аял апкелди! Азыр эле ке лишти ак "Жигули" менен. Карымшак дел боло калды эле, Ашым айтты жоопту: "Болсун, болсун! Эй. Карымшак, куш бооң бек болсун! Алтынбегиң аял апкелген турбайбы! Сүйүнчү!" - Уктум, энеңдурайын, мени эмне дүлөй деп турасыңбы! Бир бөтөлкө самогон табалбай келатканда анын катын апкелгени кимге кызык, ыя? Тойду эмне менен берем, ыя?! Туй, энеңди... абий ирди төккөн турбайбы! - Эй, эмнеле келжирейсиң?! "Куданыкын кудай камдайт". Ушул жашка келгени ошону билбейсиңби?.. Көкмээ энеңдурайын десе, орус болсоң го бир жөн... - Кудай камдарын мен деле билем, энеңди десе. кайсы кудай камдайт, ыя, келесоо?! - Кайсы кудай экенин мен кайдан билдим, иши кылып камдайт да. - Туй, энеңди... Эми эмне кылдым. - Ай жүрү, адегенде Бүкөштүкүнө кирип чыгалы, анан калганы өзү эле көрүнөт, жүрү. Экөө дагы бир Бүкөш деген самогон саткан аялдыкына киришти да, жети атасынын арбагына чейин жалынып жатып, бирди алып бөлө тартышты. Эми кай маселе болсо да чечилбей көрсүн. Экөө түз эле Карымшактыкына келишти. Барса небак эле эл котолоп, келин-той кебетеленип калган экен. Карымшактын дулдул аялы кебетеси аттырып алган, наркы-терки шуулдап, бир нерселердин камын көрүп жүргөнсүйт. Күйөөсүн көрө сала беттен алды: - Ай, кемакыл уулуң аял алып кел се, бу сен кайда тентип жүрөсүң?! Тойдун камын көрбөйсүңбү, шору калың өлүңкөрөйүн! Тап эми тапчуңду! (Уландысы кийинки санда) | Китеп_тизме: |
|