Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,  and see my picture...


Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу

Каада-салт, үрп-адат, адамдык оң-терс сапат

Бишкек - 2002




Автордон
Кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, ырым-жырымдарын, эм-домдорун иликтеп-изилдеп, макал-лакаптардын маани-жайын мүмкүн болушунча чечмелеп жазып, эл-журтка сунуштоодо калк арасындагы кадырман адамдарынын кеп-кеңештеринин мааниси баа жеткис экендиги белгилүү. Ушул жагдайды көңүлгө түйүп, эмгегибизде чоң атам Токтонаалы Арпачы уулу (молдо), агайым Хусейин Карасай уулу (профессор), Байдылда Сарногоев (эл акыны), Жакып Медетов (жазуучу-журналист), Мария (Райма) Кенжебаева (педагог-филолог), Осмонкул Казакбаев (бухгалтер), Бейшенбек Бекешов (тележурналист), Рыскулов Шабдан Анарбекович (маданият кызматкери) өңдүү ары нарктуу, ары тажрыйбалуу ата уулдарынын, эне перзенттеринин асыл ойлорун айрыкча эске алдык. Аларга ак дил, чын пейилден ыраазычылык билдирем.
Байыркы кыргыз гимнинен үзүндү:

Кырк бир кара казанда,
Сөөгү жатат кыргыздын.
Кырк бир кара казанга,
Көз жашы тамды уул-кыздын.

Бабамдан калган айдыңга,
Кырк бир кайың тургуздум.
Буюрабы деймин башкага,
Балтасы тийбей кыргыздын...
ХХI кылымга калоо-тилек
Адамзат өзүнүн жарык жана жалган жашоо-тиричилигинде бирде толот, бирде бөксөрөт. Ач курсак тоюнат, кээде "бөрү тоют" да болот. Тирүүчүлүк ошонусу менен кызык. Дайыма жыргализмде жүргөндөр үчүн жашоонун кумары анча сезилбейт. Бардар турмуш анын көзүн ачпайт, тумандуу көрсөтөт. "Ач кадырын ток билбейт". Бул заманда дайыма ушундай болуп өтөм дейт. Турмуштун ачуусу келсе, түз эле тумшукка коет. Менин оюмча, "эгемендүүлүккө" жеткен менен көшөгөнүн артындагы айрым былыктар, төбө чачты тик тургузган окуялар кыжырданууларга алып келүүдө.
Биринчиден, Кыргыз Ата тукуму "арак дайрасына" сүзбөсө экен, бөтөлкөгө түшпөсө экен, арак-шарап кыргыз дасторконундагы каадалуу тамак болбосо экен. ХХI кылымда кыргыздын жана кыргызстандыктардын баары тең: өбөктөгөн карылары да, өспүрүм жаштары да ылайым буга тизгин бурбаса дейбиз. Миң мертебе тилегенибиз ушул.
Экинчиден, эл караган бетибиз жер карабасын күтөм. Жаштардын адеп-ыйманы жерге көмүлбөй, бирөөлөрдү көрүп, киндигин көрсөтпөсө, жоон санын, ыйык жерин алакандын отундай чүпүрөк, же жалбырак менен жаппаса экен. Антсе ата-эненин шору болот.
Коомдук орундарда кенен басалы. ХХI кылым мындай жоругу жолдо калган жугуштуу жарым жылаңачтарга бөгөт болуусун жан дилим менен каалайм. Кыздар чылым чеккенге, сойкулукка, төрөп, таштап кетүүгө барбаса экен. Бөлөк улуттардын көзүнчө жер карабай, башты өйдө көтөрүп жүрүүгө татыктуу бололу.
Үчүнчүдөн, кээде ач кыйкырык, куу сүрөөн бар. Ал - кыргыз жергесинде демократиянын негизин түзөлү деген кыйкырык. Бул жагынан да кызыл кекиртек болбосок. Өз ырысыбыз менен эне тили өнүксүн. Ал айыл, үй тили болуп калбаса экен. Кыргыз тилин кыргыздар көп сүйлөшсө, ошондо Айкөл "Манас" сиңет. Эпостун ичиндеги сөздөрдү, терминдерди бүгүнкү муундар түшүнөт.
Кыргыз жаштар орусча сөгүнүп-сагынууну үйрөнбөсө экен.

"Ак сүтүн берип чоңойткон,
Апаңдын тилин унутпа". (Байдылда)

Тилиң болбосо, дилиң жок. Өнөрүң өрчүбөйт. Биринчи - эне тили, орус тили, анан англис тили. ХХI кылымда жылаңач, аракеч, өз элинин маданиятын жериген элге касиеттүү дин жукса экен.
Төртүнчүдөн, кыргыз тукуму кайда баратат? Бир жаш уланды автобустан:
- Кыздарга орун бошотпойсузбу? - дедим эле:
- Өзүлөрүнөн көрсүн! - дейт.
- Эмне деп айтканың? - деп элейем.
- Булар акчалууларды гана жакшы көрөт, аларды гана сыйлайт! - дейт, кыжырдана.
Түшүнүктүү, акчалуулар четтен келет. Ошолорго биздин кыздар азгырылып, алданып кетпесин! ХХI кылым кан Манастын урпактарына, тукумуна айрыкча көз салышын самайм, Кудайым жар болуп, Алла-Таала колдоп, эгем эки кылбаса, кыргызды кыргыз бойдон калтырууга жол ачылышын эңсейм.
Бешинчиден, кыргыздын элдик каада-салты, үрп-адаты - өзүнчө даанышмандык. Улуттук маданият өзгөрүш керекпи? Эгер шартка карата өзгөрүлүп турсак, аң-сезим, ой-пикир орду түбү менен жоголсо, мурас, таберик, нуска, үлгү, дөөлөт-сөөлөт хамелеон болот. Кыргыз Атанын тукуму баары бир кыргыз деген атта өсөт. Чыныгы кыргыз өсүшүн тилейбиз. Анткени азыркы кырдаал опурталдуу, Кыргыз улуту жоюлууга тийиш эмес. ХХI кылым билимдүүлөрдүн, илимдүүлөрдүн кылымы дейбиз. Кыргыз эли "төө бастыда" калбаса болгону!..
Ошондуктан аткарууга тийиш болгон айдан ачык, күндөн жарык мыйзамдарды чыгаруу керек. Ал киргил көрүнбөөсү зарыл. Анын аткарылышын теске салуубуз, көзөмөлдөөбүз керек.
Байыркы кыргыз эли - жергиликтүү эл. Жер-суунун, тоо-таштын ээси, береке-бейпилдиктин эли. Демек, улуттук жеңилдиктердин болушу мүнөздүү. Келгендер бул элди урматтоолору парз. Эне тилин таза сүйлөөсү, элдик өнөрдү көөнөртпөй сактоосу, ислам динин урматтоосу ХХI кылымдын ыйык үлүшүнө тийсе экен!

Ата мурасы - соолбос булак
"Улут жоюлаарда эли ар-намысын сатып калат".
(ХVII кылымдын немис философ-акыны)

Бул - алмуздактан, ата-бабалардан бери наркталып-баркталып, кийинки муундарга дейре мезгил сынынан таасын өтүп келе жаткан жашоо-тиричиликтин шарттуу, үлгүлүү көрүнүштөрү. Ар бир чоң-кичине элдин, улуттун турмуштук күзгүсү, сыймыктанаар даңазасы. Кыргыз эли - байыркы эл. Маданияты байыртан башталат. Демек, бул бай мурасы бар дегенди туюндурат. Дүйнө жүзүндөгү калктарда эч бир теңдеши жок айкөл "Манас", андан кийинки кенже эпостор уюткулуу журтчулуктун даанышмандыгын, сыймыгын, акылмандыгын айгинелеп турат. Кыргызда ата мурасы, эне табериги, бабалар наркы деген туюнтмалардын төркүнү эле буларды урматтоо, уютку катары кароо, күндөлүк турмушта колдонуу, ушул аркылуу башкалардан айырмалануу, өзүнчө элдик маданияттын чордонун түзүү экенин азыркылар аңдап билүүлөрү керек.
Кыргызда бизге чыпчыргасын коротпой, ар кандай мезгил сынын тоготпой, башкалардыкын жолотпой, анын тазалыгына кол тийгизбей, сөөлөттүү-дөөлөттүү күтүүнү аркалап, эми эле эмес, келечекке да калтыруучу мурастарбыз көп.
""Манас" эпосу кыргыз бул турмушунун энциклопедиясы" - деп, академик Болот Юнусалиев айтса: "Манас" - кыргыз мурасынын туу чокусу" - деп, Чынгыз Айтматов баа бергендей, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы - боз үй, арийне, мындай жер майышкан аныктамалардан улам, "Мурас" - дегенди кимдер гана түшүнөт? Чын сөздү коркпой-үркпөй айтканда, азыр бул тууралуу ачакей ойлор ондоп саналат. Биринчиден, элдик мурас - өткөн доорлордун берки бизге калтырган байлыгы! Бирок андан феодализмдин саңырсыган жыты, калдыгы уруп турат. Ал ата-бабаларыбыздын эң эле жөнөкөй жашоолорунун бизге эптеп жеткен, элге сиңип кеткен, тамыры соолучу нерсе дечүлөр болгон. "Азыркы заманда анын ээлей турган оруну жок, мазмуну да, түрү да өзгөрдү" - дечүлөр четтен чыккан. Алар жаңыча жашоону сүйүшөт. Европалыктардай жүрүүнү каалашат. Азыр да ушинтишет. Ой-пикир, кебете-кешпир, сүйлөгөн сөздөрү, ал турсун жеген-ичкендери ошол тарапка имерилүүдө. Мейли, ар ким ар кандай жашоого акысы бар. Алар так ошондой жүрүүлөрү аркылуу турмуштук ыракат алышат. Анткени бүгүнкү кырдаал, көз ачып көргөн, көңүл чаап өпкөн, ары-бери кеткен жарыкчылыгы ушундай болуп олтурат дейли. А бирок, бала кыргыз болуп туулду, апанын ак сүтүн чопулдата эмди. Эне ага балкып ийип берди. Чоңойду-чочойду, анан эле ата-эненин ошондой алпештеген турмушун жерисе, эмне демекчибиз. Мындан сыпайы айтаар сөзүбүз, андайлар мурасты колдонбосун, бирок аны тап-такыр жерибесин! Бул атаңдын жакасын басканга, касам ичкенге барабар.
Экинчиден, "Мурас", "Ата мурасы", аны сактоо зарыл деп кыйкыруучулар да бар. Алар ооздун энин аяшкан жок. Аны биз "Манас" мааракесине карата даярдык көрүү учурунда билдик.
"Манастын 1000" жылдыгын кызыл кулактык тарапка буруучулардын айрымдарынын бети ачылды. Ушул убакка дейре куйрук калбырын үзө албай жүрүшөт. Улуктардан "Манас" эпосун окубагандар четтен чыгат. Көптөрү билбесе да, көбүртүп-жабыртып, "Манас" деп ураан чакырат, мына ошолордун күнү тууп жатат. Арийне, мурасты сактоо, жактоо, жаттоо, мактоо эмес. Бул кыңыр иштер аркылуу ага шек келтирүү тарапка баратышы.
Үчүнчүдөн, мурасты жаңы шартка карата моюн сундуруу, т.а. ага бүгүнкү күндүн талабындай мамиле кылуулар күн тартибине келип олтурат. "Ошондо ата-бабалардын эбактан бери элдик нускага айланган дөөлөттөрү колдонуулардан чыгуулары тийиш, аларды кимдер асырап, сарысаптап олтурмак эле. Аны жаштарга кимдер таңуулап олтурмак эле. Алардын заманы бүттү. Шарты, салты, наркы, табити башка. Маданияттуу жашоо керек. Андыктан, батышты туурайлы, ошондо башкалардын катарына кошулабыз"... Ушул сымал ниеттер өнө боюна сиңген кийинки муундар, албетте, абалды түп тамырынан бери өзгөртүп жиберишти.
Төртүнчүдөн, элдик мурасты өсүп-өнүгүп, ошого жараша түрүн өзгөртүп туруучу категория катары карап жатышы - өтө чоң жаңылыштык. Туура, мурас өсүп-өнүгөт. Ал эми -өнүктүрүү десе өзгөртүү деп түшүнүүгө болбойт. Өзгөртүү - учур талабына карата кубулуп туруу. Булар - билимдүүлөр. Окумуштуулар, айбаттуулар, жоон көкүрөктүүлөр. Күлкү келтирээрлик жаңылып, элдин оюн-тилегин ирээнжитип олтурушат. Мурасты өзгөртүү - зыян, анда эле мурастын тамыры соолот. Уңгусунан ажырайт. Буйлалуу төөдөн элпек, өйдө-төмөн жетелеп, желдирип келе берсе, кыргыз эли түпкүлүгүнөн ажырайт. Анда Кыргыз Ата, байыркы журтчулук касиетинен калат. Андан кийин орус бол, англичан бол, негр бол... айтор, сенин тукумуң кайда барып такалсын, ишиң жоктой... Бир мисал келтиреличи, биз билген Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" аттуу драмасы - классиканын үлгүсү. Беш жүздөн ашуун курдай сахнада коюлду. Муну кайра-кайра көрүүдөн эл тануучу эмес. Эгер кийинки муундардан өткөндөгү тарыхка кайрылып калуучулар чыкса, бирок мурастык сөөлөттөр табылбай кетсе, ошондо Акылбек карыяга чулдук тумшук туфлий, тумшугу узун шапке, же этеги эки ийинге көлөкө шляпа кийгизип, чокчо сакалчан кылып, Оңолканга батыштын байбичелериндей денени чыптама көйнөк, шиш така менен чыгарса, ошол анда кыргыздардын жаңы шартча өнүгүшү, өсүшү, өзгөрүшү мына ушундайча болууга тийиш дейбизби? Дагы бир мисал, улуу акын Токтогулдун комузунун узундугу 63 см гана болгон. Ал ат үстүндө, чепкен ичинде, колтукка кысып жүрүүгө оңтойлошкон. Азыр билермандар чыгып: "Комуздун түрүн көбөйтүү, көрүнүшүн өзгөртүү керек", - деп кыйкырышууда. Кудайды гана карачы! Мурас кантип өзгөрөт, үч кыл комуздун көрүнүшүнө шек келтирбей, анын үндүүлүгүн арттырып, ичеги кыл менен арбын чыгаруу - башка маселе. Мунун да алгачкы үлгүсү жоголуп кетсе, не пайда, Токтогул ырчыны, оо бир кезде эскерүүчү ата-уул чыкса, ал тууралуу спектакль койгусу келсе, Токомо шляпа кийгизип, балалайка карматып, Алымканды ырдатса, ошол азыркы учурга шартташтыруу болуп саналабы?
Бешинчиден, мурасты жаңы шартка моюн сундуруу - адепсиздик. Ата-бабалардан калган белек ага моюн сунуп да бербейт. Эмне үчүн "мурас, мураскер" дейбиз. Кийинки муундар мурастын мураскерлери б.а. аны так ошондой улантуучулар болуп калуусу тийиш.
Эмне үчүн эне табериги дейбиз? Чоң энелерден, тайэнелерден, андан мурунку түп энелерден калган асем белек-бечкектерди. Өзүмдү эстеп, өзүмдөй көрүп, сактап жүрсүн, аларда өзүлөрүнүн урпактарына берсин дегени, ал асыл белекти ыргытып таштоо, колдонуудан чыгып калды деп, аны бузуп-өзгөртүп, желпинип жүрүүчүлөр азыр азбы? Демек, байыртадан келе жаткан байбичелердин, карыялардын үмүтүн, аманатын анын урпактары таш каптырып жатпайбы?
Алтынчыдан, мурас калыбына келтирүүнү, унутулган үлгүлөрүн кайрадан жаратууну, кийинки муундарга таратууну каалайт. Анын азып-тозуп, керектен чыгып калышы Кыргыз Атанын аброюн кетирет. Терс көрүнүштөргө эгедер кылып коет. Башка улуттарга салыштырмалуу бул жагынан алганда көчмөндүү байыркы элдин сыймыктанаар, сыйлап алаар, бир жоголсо табылбас дөөлөттөрүнөн кол жууп баратышын кимдер айтпайт. "Бул буюм-тайым, үрп-адат, каада-салт пайдалануудан чыгып калды," - дегендин кесепетинен оң таасир берип келген, азыр да берүүчү нерселерден жаа бою качуу, ал - элдин шору.
Алсак: кумар ойноо, базарлык доолоо, уйкулук таштоо, кыз ала качуу өңдүүлөр нарктуубу, же тогуз коргоол, ордо, упай ойнообу? "Базарлык алып келет" - деп жол кароо, уйкулук таштоо деп, аны аткарбай туруубу? Албетте, экөөндө тең арактын азабы! Эл муну жаңы салт-адат кылып алды. Кумар ойноо, арак ичүү, кыз ала качуу башкалар аркылуу келди, келип, каадалуу салт катары орун алган булар - элдик үрп-адаттардын жашашына кедерги болуучулар. Демек, "элдик" дегендин өзү эле тазалыкты, таалимдүүлүктү, нукуралыкты айтып олтурат.
Жетинчиден, мурас - эл тарыхы, жер тарыхы. Ар эл өзүнүн тарыхын, санжырасын тааныбай, танып, жерүү өтө коркунучтуу. Мында сөз элдин тарыхы жана тагдыры тууралуу бара жаткандыктан таржымалым, ата санжырам, межирем, ансыз кантип мени улуту кыргыз, Нарындык, уругу кара Моңолдор, башка уруу-уруктар менен куда-сөөк болуп жуурулушуп кеткен дейт. Мунун өзү элибиздин санжыралуу салты, эбактан келе жаткан наркы.
Жанагы жети атаңды билип ал, үйлөнүүдө мунун генетикалык мааниси бар. Канчалык тууганчылык алыстаган сайын уруктук касиеттер артылат. Ошондуктан кыргыз элиндеги демократия - ушул уруулар аралык, достук, тамырдык, куда-сөөктүк, маданий-соодалык, ич ара катыштык. Андай байланыштарынын мааниси-маңызы зор.
Эмне үчүн:

"Тегимди сурап нетесиң,
Тентиген жандан дедиңби?"

- деген саптын чоо-жайында "теги" - наркы, м.а.

"Наркымды сурап нетесиң,
Наркы жок адам дедиңби?"

- деп чечмелөөнүн уруучулугу, улутчулдугу барбы?!. "Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу" аркылуу мураскердик касиеттер тепселип баратат.
Мурас - ата-бабадан келе жаткан адептүүлүк. Анын ыйманы ичинде. Ал адамдарга коңурдуулук, туруктуулук, сүйкүмдүүлүк, ажардуулук аркылуу көрүнөт. Т.а. ыймандуулук, адептүүлүк экөө биринин сапатын, даражасын бири толуктайт. Адамдардын ою боюнча түбөлүккө жашайт. Адамдык оң таасирлер ар дайым жаныңда. Арийне, мунун эмнеси жаман? "Кыргызда улуулардын көзүнчө бирөөлөргө далыңды салба! Улууларды тик караба, жолунан кыя өтпө!" - сымал салттар бар. Анын ордуна жоон сандарын көрсөтүп, алжактап, ар ким менен ырсалактап, сагыз чайнап олтуруусунун кайсынысы ыймандуулук, адептүүлүк, сыйдалык, алгылыктуу таалими, тарбиясы артыкталып турат. Орок тырмак, чөкөтаан, каракучкачтай боенгон, басса-турса сүлкүлдөгөн, орусча сүйлөгөн, оозунан ак түтүн бүркүп, чачын кыркып, кирпи чечендей көрүнгөн, чаар дамбалчан; аялдамаларда, коомдук жайларда, жалашып-жукташып, олтурган кыз-уландардын жоругу жарашыктуубу? Же этеги бутун жапкан, орундуу сөз каткан, узун чачтуу ургаачы көрктүүбү? Сылык-сыпайы, зыңкыйыңкы улан-кыздар алымдуу-беримдүүбү? Кыргыз Атада кыз баланын тамеки тартканы, арак ичкени жакшы жорукпу?
Сегизинчиден, мурастын кереметтери, артыкчылыктары этнографиядан, төтөн, көркөм кол өнөрчүлүктөн көрүнүшү тийиш эле. Өнөрдү мурастык жагдайда таанып-билүү максаттары унутулду. "Билармандардын" оюна койсо, боз үйүбүздү да түп тамырынан бери өзгөртүүгө даяр. Ошентип да көрүштү. "Манас - 1000ге" карата Таласта Оштуктардын үч кабат боз үйү тигилди. Анын ички-сырткы кешпирин көрүп турушуп: "Кезегинде ушундай үйлөр болду беле?" - деген суроолор туулду. Үч кабат үйдү жети КАМАЗга жүктөп келишти. Жети күндө тигүү, жети күндө чечүү, жети күндө жүктөө, жети күндө түшүрүү машакаты болду. Ошондо ал сынып бүлүнүп турду. "Кыркынчы мык" менен ал жерлери улам оңдолду. Ал эми анын ички жасалгаларын көрүүчүлөр өтө серт кабыл алышты. Азыр ал үч кабат үйдүн тымтыракайы чыга баштаган.
Боз үй - мурастык үлгү. Ал көлүккө эле жүктөлөт. Алеки заматта тигилет. Мык, ж.б. темир-тезектер керектелбейт. Ички-сырткы жасалгалары жалаң жүндөн болуп, көз отуңду чачыратат. Ушундай жээлигүүнүн кесепетинен өнөрдүн көркөм каражаттары, оюм-көчөттөрү өзгөрүлүп кетти.
Мааракелерде чыгармачылыгын тематикалык планда иштөө үчүн сүрөтчүлөр сүрөт тартат, обончу-композиторлор обон-аваз чыгарат. Акын-жазуучулар аны даңазалайт. Аларды туурап -таасирленип, уз-усталар да буюм беттерине ошол датаны көрсөтүүгө дымактанышты. Бирок, мисалы, "Манас 1000"де эпостук каармандарды кийизге, териге, таарга, чийге, металлга, мүйүзгө, сөөккө, ташка түшүрүүлөрү тигилерге караганда такыр коошпойт.Себеп дегенде, минтип, кийиз, тери жердикке сүрөт тартуучулук - сүрөтчүлөрдүн милдети. Уз-усталардын көркөм оюн-көчөттөрү нагыз түшүрүүлөрү аркылуу адими бир буюмду жаратуулары ошол мааракенин талабына мерчемдүү жооп берет.
Буюм үлгүлөрдө эч кандай жазуу-сызуулар, ал эмнеге арналат, жылы, сымалдар болбоосу тийиш. Андай болгондо бара-бара көркөм каражаттары оюм-чийим жоюлуп кетет.
Тогузунчудан, "Мурас - жаңы шартка карата өзгөрүлүп, өнүгүп турат. Бүгүнкү күндүн талабына жооп берүүсү тийиш" - деп айтуулар чоң жаңылыштык. Ал өзгөрүп өнүп отурса, мурас, таберик, керез аталабы да, мураскери ким болот. Кайдан чыкканын аныктай алат? Анда мурас, керез, таберик, нуска, үлгү, азем өңдүү түшүнүктөр түп тамырынан жанчылат. Өткөндө бир жогорку окуу жайында мамлекеттик аттестациялык экзаменде бир студентканын дипломдук иши "Элдик кийим - белдемчини тигүү" - деп аталат экен. Дипломник аны кийип көрсөткүсү келди. Ал кадимки эле шым, чеке-белдерин саймалап коюптур. Биздин суроого: "Азыркы шартка байланыштырганда белдемчи так ушундай болот" - деп олтурбайбы!
Мына ушундай түшүнүктөр дагы 10-15 жыл жашаса, түп-тамырыбыздан бери соолуп бүтөбүз. Ансыз да жаңы шартка карата жашайбыз деп, көпчүлүк жакшы сапаттардан арасат калдык. Орто Азия элдеринде, бөтөнчө, кыргыз-казактарда мурасты сактоо, анын элдүүлүгүн жактоо, барктоо-нарктоо сапаттарын жерип, өз маданиятыңды өзүң мокочодой көрүп баруу - адеп-ыйманга камчы ойнотуу. Угуттан, уюткудан, көрөңгүдөн ажыроо - улуттун жок болушу!

Балага байланыштуу жүрүш-туруштар
I
Баланын адеп башаты. Эртең мененки уйкудан ойгонуу - өмүрдүн уландысы. Туруу жана төшөктү жыйноо, тирилик-кыймыл башталат, жанданат. "Күн чыкканча турган адам ырыска шерик" - дейт кыргыздар. Бала ойгоноору менен ирээттүү коюлган кийимдерин алып кийинет. Адатта, жатаарда көйнөктү баш тарапка, шымды аяк тарапка чечет. Сырт кийимдер илгичке илинет, же баспай турган орунга коюлат. Боз үйдө кереге баштарына кыстарылат. Төшөнчүнү бала өзү жыйнайт. Мында төшөнчүнү жыйышта же керебетке ирээттеп салышта төшөнчүнүн башын, жаздыгын баспайт. Төшөктү салууда ушундай жол-жобо кайталанат.
Жууну - жүз чаюу. Мунун ар кандай шарттары бар. Эгер агып жаткан сууга жуунса, эптүү олтуруп, "бысмылла" - деп, абалы оң колун сууга малат. Анан сол колун салат, самынды көбүртүп алат. Оң-сол кол менен шапшыбай, акырын жуунат. Сууну ууртап оозду чайкоодо, чайкандыны кайра аккан сууга төкпөйт. Оозуна толо ууртап, ошону кайра ооздон куюп, бетин-колун жуубайт. Оозду үч жолу чайкайт. Мурунга суу жүгүртүп чимкирет, кыскасы, агын сууга какырбайт да, чимкирбейт. "Арыктагы сууга какырба да, түкүрбө". Бул аш куйган аякка, алдыдагы ашка түкүрүү менен барабар. Чоргодон жуунабызбы, агын сууга жуунабызбы. Тишти таза алып жүрүү үчүн, порошокту, тиш щетканы пайдаланганда сыйдалык зарыл. Булар күндөлүк турмушта тазалыкка өтө керек. Кыздар чачтарын эки же бир өрүм кылат. Албетте, абалы эжелери, энелери жардам беришет. Тыкан өрүлгөн чачка жибек тасма укмуштай жарашык берет.
Тамактануу. "Бысмылла" деп, мурун нанды четинен сындырып, ооз тийет. Анан буюруган тамакты ичип, тойгондон кийин өзүнчө бата тилейт. Тамак даярдап берүүчүгө ыракматын айтат. Шарттуу кийимдерин кийип, көчөгө чыгат да, мектебине кадам шилтейт.
Көчө жана айыл тартибин сактоо. Көчө ичиндеби, адамдар арасындабы, бир-эки адам коңшу олтуруудабы, топ балдар мектебине баратабы, же ойноп жатышабы, тартиби-тазалыгы, кичипейилдиги жанында болуу керек. Жолдон карылар жолугат. Аларга жазбай "Атсалоому алейкум" - деп, салам айтат. Кимдер болсо да, "Алейкума атсалам" - деген жооп алат. Бала түз барып, таанышы, жакыны жолукса, кол берген учуру болот. Улуулар да кол берет. Баланы алар колунан, бетинен өбүшү мүмкүн. Көчө ичинде, айыл ичинде, жол боюбу, коомдук орундарга киреби, көпчүлүктүн көз элегинде турат. Мында окуучу өзүн-өзү талаптагыдай адептүү, сылык-сыпаа, таза алып жүрөт.
Көчөдөн бирөөлөр бирдемелерин көтөрө албай, же көтөртүүгө адам чыкпай турган учуру болот. Анын кары-жашына карабай, ага барып, колунан келишинче жардам беришет, көтөрүшөт. Айрымдарын үйүнө жеткизишет. Батасын алат. Коомдук жайларда, мисалы, топ балдар көчөдө баратып, же айыл ичинде жүрүп, бирин-бири таш, топурак, кар өңдүүлөр менен ургуласа, тепкилеп футбол кылып, суу чачып, сөгүнүп-сагынып, башкаларды көзгө илбей ойношсо, күрөшсө-алышса-жулушса, бири-бирин төө басты кылышса, кийимдерин тытышса, арийне, бул өтө олдоксон көрүнөт. Көргөндөр: "Кимдин балдары" - деп, жактырышпайт. Тентектерди эл жапырт жаман көрөт. Үйдөн ата-энелери, көчөдөн көпчүлүк, мектептен мугалим-тарбиячылар акыл айтып, оң жолго баштап, көзөмөлгө алышат.
Балдар жана кыздар. Сылык мамиле кылууда улууларды сиз, сиздер, өзүңүз, өзүңүздөр, акелер, үкөлөр-иникелер деп кайрылат. Жолдошторго, теңтуштарга сен, силер, өзүңөр, өзүң, алар, тиги, бул өңдүү кайрылуулар да боло берет. Улуулар тууралуу мамиле болуп жатканда, мисалы, Турсунай эже, же эжеке, же Сүйүмкан тайэже, Уланбек байке, же ава, же аке, же байке, Бообек ата, же чоң ата, тайата, Мунаркүл эне, чоң эне, тайэне, тайжеңе. Кичүүлөр жөнүндө: Урмат иним, же үкөм, Алтынай карындашым, же Уулкан апам, Уулбек тайакем өңдүү айтылат. Бейтааныш балдар-кыздарга кайрылууда: "Сиз" деш сыпаакерчилик кылат. Кыргызда "Сиз" деш сылык сөз. "Сен" деген сенек сөз дейт. Жашамак тарткандар, кары-карыялар бири-бирине "Сиз" деп айтуу сыпайыкерчилик болот.
Бала өзүнүн энчилүү аты жөнүндө түшүнүк алуусу. Ооба, бала: "Эмне үчүн менин атым мындай коюлган, ким койду экен? Чоң атамбы, тайатамбы, чоң энемби, тайэнемби?" - деп кыялданат. Ар кимдер муну билип-туюп коюулары тийиш. Мисалы, Аалы аттуу баладан: "Атыңды ким койгон?" - десек, ал: "Тайакем коюптур" - деши ыктымал. А, мүмкүн, балага ата-энеси айтып жүргөндүр: ""Ушундай сүйүктүү адамдардан болсун, таланттуу болсун, атагы чыксын, ошол үчүн ушул атты койдук" - деп. "Аалы" - араб тилинде "жогору", "улуу" дегендик. Ат коюудагы тилек - каалоо, так ушундай максатты аркалайт. Демек, Аалы Токомбаев - атактуу адамдардын бири. Акын, Социалисттик Эмгектин баатыры. Азыр анын айкели ордо калаада Опера жана Балет театырынын маңдайында турат. Аты уйкаш адамы жөнүндө бала мына ушундай түшүнүккө эгедер болот. "Бүбүсайра", Бүбү - көзү ачык, эмчи, Саара - тазалык, булар - кыргыз, иран сөздөрүнөн алынган. Алсак, мисалы, бир кыздын аты Бүбүсайра, аны чоң энеси коюптур. А, мүмкүн, Бүбүсайранын табигый талантына, татынакай өңүнө карата так ошондой ат коюлгандыр, же тим эле ошондой аттуу бирдемелерине окшоштуруп атаган чыгаар. Уйкаш аттар дегенде баланын эсинде Бүбүсайра - атактуу бийчи, кыргыз элинин жылдызы тартылып турат. Албетте, ысымы уйкаш кыз муну билип коюп, андай сыпаттуу адамдын элесин урматтап жүрүш, ошондой болуш ушул чактан башталат.
Класс ичиндеги адеп. Мектептин босогосун жаңы аттаган окуучулар, абалы өзүнүн жоро-жолдоштору менен учурашат. Бири-бирине кол беришет. 1-сабакка даярдык көрө баштайт. Дептер-китептерин парта үстүнө алып коет. Эшиктен мугалим кирет. Алар жапырт бир мезгилде турушат: "Эсенсизби, саламатсызбы, агай, эжей!", же "Атсалоом алейкум, агай". Албетте, абалы окуучулар учурашабы? Же мугалим учурашабы? Аны бир пикирге келтирүү педагогиканын милдети болуп саналат. Мисалы: "Эсен-амансыңарбы, окуучулар", "Саламатсыңарбы, окуучулар, же балдар, кыздар" - десе, анда окуучулар "Саламатпыз, агай, эжей!" - деши да ыктымал. Мындайда окуучулардын мугалимге жапырт туруп ыңгайы, агайы-эжейи менен учурашуусу деп билебиз. Окуучуларды "Отургула!" - деп айтышы - мугалимдин учурашуусуна барабар. Класста окуучулар түз, адептүү олтурат. Эки жакты карабайт. Бирөөлөр менен күбүр-шыбыр, алагды болбойт. Баардык эс-дарт мугалимге, ошол сабакка бурулат. Биринин окуусуна бири тентек кылып, тоскоол кылбайт. Эркек балдар кыз балдарды сыйлайт. Алардын сабак жана тартип-тазалык боюнча өтүнүчтөрүн, жардамдарын колдоого алып турат.
Үй-бүлөдөгү ич ара жардамдар. Мында бала үчүн ата-эненин айтканы - эм. Алар баланын алына жараша жумшоого, жеңил жумуштарды аткарууга көнүктүрөт. 7-8 жаштагы бала мал тосот. Атка мингизип койсо, алыс-жакындагы жерге барат. Бирөөлөрдү чакырып, бирдемелерди байлап келүүгө жарайт. Музоо, козу-улак кайтарат. Коөн, тоок, каз, өрдөк, күрп, көгүчкөн өңдүү үй канатууларына жем, чөп, суу берет. Бөбөктөрүн сооротот, аларды ойнотот. "Музоочулук мундурбайт" - деп, ага ата-энелери ыраазы. "сүйүнчүлөп кел", "Жентекке чакырып кел", "туз, чай сурап кел". Бул кол-арага жароо белгиси. Тууган-туушкандарына боор тартат, аларга эркелейт. "Бул биздин тууган, буларды жакшы көрүүм тийиш" - деген ойдо жүрөт. Бара-бара үйгө адамдар келет, аларга жылуу сезим ыроолойт. Орун бошотот, төргө чыгарат. Тал-төөндөй болуп, даам ооз тийгизет. "Атамдын досу", "агамдын курдашы", "апамдын сырдашы", "тайатамдын жердеши" - өңдүү кыязда жүрөт. Сый конокту сыйлоо керек деген сыпай маанай түзүлөт. Кичипейил, сылык, сыйда мамиле жасоо так ушул учурда калыптанат. "Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат". Ата-эне, ага-эже, тууган-туушкандардын насыяттары, турмуштук мамилелери кичинекейлер үчүн нуска болуп келе берет.
Жүк жыят, суу алып келет, казан-аякты тейлейт. Бөбөктөрүн багат, мал тосушат, тейлешет, от жагат. Бул да болсо өзүнөн кичүүлөргө улуулук үлгүсүн көрсөтүп, тескеп, оң жолго буруп турат. Узчулукка багыт алып калат, сайма саюуга жөндөмдөлөт. Көркөм кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн түшүнүп, айрымдарына кол тийгизип калат. Тестиерлер өз себин өзү камдоого башат алат. Көңүлү жетик, колу тетиктенүү мына ушул чактан баамданат. "Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат" - деп ушул кез кыз үчүн таасирденүүгө өбөлгө болот. Ата-эне бир жакка кетсе, үй ичине тээк болот. Алар да бейкапар болушат, "үйдө кызым бар эмеспи" деп ойлошот.
Баланын билимге, илимге жана өнөргө кызыгуусунун башаты.
Албетте, милдеттүү күнүмдүк жүрүм-турумда адатка айлануусу, кызыгуусу ушул убакта пайда болот. Шакирттик сезимдерин ойготуучу башатына, абалы, үй-бүлө таасир этет. Мына ушул чактан баштап мектептеги, эстетикалык борборлордогу ж.б. ийримдерге барууга кичинекейлер умтулат. Сүрөт тарткысы, бий бийлегиси келет. Фотограф болсом дейт. Көөдөндөгү максат-тилектер бирөөлөр аркылуу тутанышы ыктымал.
Ата-энелер кармаган турмуштук зарыл нерселерге кол тийгизүүгө талаптанат. Эне бирдеме жөрмөп жатса, учугун саптап берет, кошо жүн тытышат. Килем токууга, өрмөк согууга даярдык көрүп жатканда, дүкөн өрмөктү курууда кичинекейлер эриш-аркак жиптерди жүгүрүп күзүктөшөт. Өзүнчө жөнөкөй саймаларды кармоого алектенет, куурчак жасап ойноо ага башат болот. Атасы уста болсо, эркек балдар көк тилип, өрүм кылууга жардамдашат. Жыгач жонушат, ж.б. ушул сыяктуулар балдардын көркөм дүйнөсүн бурат.
"Учкундан жалын тутанат". Кичинекей чагынан эле улуу таланттардын жетилиши тууралуу тарыхта мисалдар көп. Мугалим ошондой өзүбүздүн ата конуштан чыккан инсандар тууралуу кошумча аңгеме өткөрүүлөрү тийиш. Мисалы, атактуу Мидин акын 12 жашында борбор шаарыбыздагы педагогикалык техникумга келип окуган. 18 жашында ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Байдылданын "Жаз келди" деген ырын VI класста окуп жүргөндө областык гезиттен окуганбыз. Х класста окуп жатканда акын катары таанылган. "Шумкар" деген ыр китеби окуучулардын колуна тийген.
Бүбүсайра 10 жашында азыркы мыкты бийчи болоору айкындалган. Мугалим мындай мисалдарды башка улуттардан да, чет өлкөлөрдөн да билгендерин айтса болот. Буга байланыштуу мисалдарды окуучуларга мугалимдер көбүрөөк келтирет.
Балдардын окуу куралдарына мамилеси.
Мында китеп баштыкка, ар бир сабакка таандык окуу китептери, дептерлери, күндөлүк, көрсөтмө куралдары, калеми, карандашы, өчүргүчү, сызгычы өңдүүлөрдү асыроолору кирет. Окуучу ошол класска таандык окуу куралдары менен толук камсыз болуусу зарыл. Бирөөлөргө эч кандай көз артпайт.
Экинчиден, окуу куралдарын таза тутуулары, айрыбоолору, бирдемкелерди жазбоолору, жаңыдай болушу шарт.
Үчүнчүдөн, китеп, дептерлерин тыштап туруулары керек. Аны улам жаңыртып, ошол окуу куралдарды кийинки окуучуларга калтырууга далалаттануулары жөндүү.
Төртүнчүдөн, бөбөктөрүнө карматпоо же наристелерди ошол аркылуу сооротпоо, чаң жугузбоо, жерге койбоо, ж.б. этиеттик сапаттарды мугалим ар дайым көзөмөлгө алат.
Туулган күндү белгилөө.
Туулган күндү белгилөө кыргызда каада-салт катары болгон эмес. Эркек бала үчүн 3 же 5 жаштарында сүннөткө отургузуу эң чоң той деп эсептелет. 13 жашы - мүчөлүүгө чыккандагысы. Мына ошондон "мүчөлүүгө келди" кылып, айрым ата-энелер мал союп, айыл-апаларды чакырып, дасторкон жая турган. Мүчөлүү жылында сарамжалдуулар мал мууздап, бата алуу жагдайы болгон. Эгер эле туулган күндү белгилөө илгертеден келген салт десек, анда үмөтүбүз Мукамбет пайгамбардын туулган күнүн белгилөө жыл сайын өтмөк.
Арийне, бул орус эли аркылуу кыргыз элине терең сиңип кетти. Улуулар муну азыр анча эске албайт. Мунун күйөрмандары жаштар болду. Алар өзүлөрү менен кошо кийин ата-энелеринин туулган күндөрүн, анан 25 жылдыгын "күмүш той", 50 жылдыгын "алтын той" деп, атап өткөрүп жатышат. Мында ага карата белек-бечкектер даярдалууда. Деген менен:
Биринчиден, туулган күндү белгилөөнүн чордонун аракка айландырууда. Аракка тоюнуп, мас болмоюн ал туулган күн өз максатына жетпөөдө.
Экинчиден, ага алып келген белек-бечкектердин оодук-соодукторунан ич-ара нааразычылыктар күчөөдө.
Үчүнчүдөн, бир үй-бүлөдө, мисалы, он жан болсо, жыл сайын ар биринин туулган күнүн белгилөө, демек, анын кызыкчылыгын жоготууда. Туулган күндү антип өткөрүү - "шылтоого шыктоо" кылып, арак ичүү, тамак ичүү, сокур намысты ойготуу;
Төртүнчүдөн, бардарлар үчүн туулган күн "аш көп болсо, каада көп", колунда жоктор үчүн, улутунуу, социалдык теңсиздик болуп кала берүүдө.
Ургаачылардын турмуштук кадамдары
I
Адатта, ургаачыларды эс тартып,ата-энелерге кол кабыш кылуунун эң жөнөкөй түрлөрүн жүзөгө ашырууга жарап калгандан: секелек кыз, тетиер кыз, беш көкүл кыз, бийкеч, колукту, селки, келинчек, андан ары жаш өзгөчөлүктөрүнө карата жубай, зайып, аял, төрөттөн кала элек зайып, улгайыңкы аял, катын, байбиче, кемпир, деп бөлүнүшүп, ушуга карата турмуштук мамилелер болот да, жашоо-тиричиликтин оош-кыйыш кыймыл-аракеттери өз нугу аркылуу барат.
Секелек кыз. Бул учурда айлана-чөйрөсүн анча аңдай албайт. Ата-энелердин аста-секин айткандарын угат. Оюнга тойбогон кези, кимге кандай эркелөөнүн ыгын билет. Кийим-кечеде бергенди кийет. Улуулардын, эжесинин эскирген, кичирейген кийимдери ага чак келет. Эрөөн-төрөнсүз эле кийип жүрө берет. Секелек чакта мурунку тартынган боркогу алынат. Энеси чачын таптаза кырдырып турат.
Бул, биринчиден, кыздын чачын калың, коюу өстүрүүнү шарттайт;
Экинчиден, бат өстүрөт да, кийин узун чачтуу болот. Чачы, адатта, согончогуна дейре жетет. Мына ушундай тилек-максатта секелектин төбө чачын калтырат. Тегерек-четин устара менен кырдырат. Төбө чачы өсөт, аны бир өрүм кылат. Мындай кыздын чачынын учу узун болууга өбөлгө түзөт.
"Тиги чоң эне, чоң атаңды батага чакыр", "кошунадан аны алып кел", "муну берип кел" ж.б. майда-барат иштерге жарайт. Дасторкон четине отуруштун, тамак алып ичиштин, тамак ичип бүтөөрү менен бата кылыштын ички эреже-тартиптерин үйрөнөт. Ал үй айбандарынын эмнеге асыралышын билет. Малды тосууга, айдап келүүгө, короого киргизүүгө, короодон чыгарууга кол кабыш кылат. Секелек кыздар - эс-акылы эми кирүүчү кыздар. Алардын жүрүш-туруштары анчалык эрөөн-төрөөнгө алынбайт. Балалык сүймөчүлүгү аркылуу, үйдөгү балдардын кенжелеринен болгондуктан баары кечиримдүүдөй сезилет. Ал чоң ата, чоң энелерине, ата-энеге, ага-жеңелерге, эжелерине, тайакелерине, тайжеңелерине жылдыздуулугу менен сүймөчүлүккө эгедер. Үйдөгүлөрдү ээрчип, конок-кечеге бара берет. Аны жеңелери "эрке кыз" деп тергеши зарыл.
Тестиер кыз - бул кол арага жарап, үй ичиндеги иштерди аткарууга өзүнүн жоопкерчилиги бар кыз. Энесин айланчыктап, анын колдон келээр айткандарын жасоого дымактанат. Дал өзүндөй аткарууга аракети зор болот. Тестиер чактан тартып, энеси, эжеси, жеңелери ага түз таалим берүүгө назар ташташат. Жакшы үй-бүлөнүн ички жүрүм-турумдары, улуу-кичүүгө мамиле-катыштарын баамдаган тестиер өзү эле ошол нукту аркалайт. Өзүнүн кир-когун жууйт, үйдү мизилдетип шыпырат, улуулардын нускоолору ага багыт берет. Ата-энелерин ээрчип, айыл-апаларды кыдыруудан уялып калат. Бир ургаалдуу жумуштар болсо, эже-жеңелери, ага-жезделери менен илгери айттоочу, бир жакка баруучу. Ата-энелери кызды тестиер чагынан тартып, айыл аралатуучу эмес. Ал барган жеринен эмне укса, эмне көрсө, аны айылына, үйүнө, өз курбалдаштарына айтуучу. Кээде көрүп айтат, кээде көрбөй айтат. Айрым учурда имиштерди угат. Мындайда бирөөлөргө айтылган сөздөр калпыс да болуп калат. "Айткан ушакчы эмес, айтып келген ушакчы" деген сөз жаман. Ал бирөөлөргө: "Эч кимге айтпа" - деп, бирөөлөрдү ушактап бирдеме дейт. Ал дагы бирөөгө: "Эч кимге айтпа" дейт. Ал жана бирөөгө "эч кимге айтпа" менен төрт-беш адам укса болду, жалпы элге жайылып кетээри айкын. Ошондуктан ата-бабасы нарктуу, акыл-эстүү ата-энелер кызыбыз ушакчы аталып кетет деп, кыздарын айылчылатпайт. "Кызга кырк үйдөн тыюу..." мына ушундан калган. Жеңелери аны "кичине кыз" деп тергешет.

Беш көкүл кыз. "Бир убакта эки алма,
Мен албайм, сен алба,
Эмне болуп калгансың,
Беш көкүл элең мен барда" (Эл ыры)

Бул бой тартып, болукшуп, өз боюн өзү түзөп, арка чачы алты, жаак чачы сегиз өрүм, тал-тал көрүнүп калган кыз. Жүк маанектейт, узчулукту кармайт. Тестиерлерге үлгү көрсөтөт. Аларды жумшап, аткарган иштерин теске салып турат. Айлуу түндөрүндөгү кыз оюндарына жеңелерин ээрчип барат. Албетте, элдик оюндарга түшөт (ал оюндар кыскача өзүнчө жазылат). Ал үкүлүү кундуз тебетей кийет. Тышы кызыл, жашыл, көк болушу ыктымал. Салтыбызда беш көкүлдүн бой турпатына кызыл чыптама, тик жака, кош этек көйнөк, көгүчкөн төштөнүп, этеги жайылып укмуштай жарашык берет.

"Көрүнүшүң көк бөксөдө баратып,
Туура карап, тура калган эликтей..." (Байдылда)

Мында беш көкүлдүн мүчөсүн көрсөтүп жатат. Беш көкүлгө ар тараптан жуучу түшөт. Жаш жигиттер кыз көрүүгө келишет. Кыздан кыз тандалат, ар ким өзүнүн ылайыктуусун жактырат. Тестиер кыз чыптама, көйнөк менен топу кийет. Аны "такыя топу" дейбиз. Боз үйдүн түспөлүн элестеткен буга үкү тагылат. Т.а. профессор Х.Карасаевдин "Залкар ойлор" аттуу эмгегиндеги айткандары боюнча, бул - кара далы кыз. Анткени, саамайын да, аркасын да майда өрүлгөн калың, узун кара чачы жаап турган, тууган айдай жүзү жаркып, ургаачылык нуру сыртында ойноктоп турган кыз.
Бийкеч менен беш көкүлдүн айырмасы аз. Ал турмушка чыктыбы, же чыга элекпи, мында бирөөнүн алмончоктой кызы, анын аброю тууралуу сөз төркүнү оболу айтылат. Жалпы түшүнүктө турмуштана элек кыздарды "бийкеч" деген атта айтып жүрөбүз. Демек, беш көкүлдөн өткөн ургаачылар - бийкечтер. Б.а. жашы бир аз өтүп бараткандар бийкеч аталышы да ыктымал. Жеңеси кайын сиңдисин ушундан улам "бийкеч" деп эркелетет жана тергейт. Бул да, адатта, тебетей кийиши менен жубандардан айырмаланат.
Колукту - бул жаңы турмуштанган кыз. Ал бирди төрөгөнгө дейре колукту аталат. Т.а. анын чачы жандырылып, эки өрүлөт. Ага учтук, чолпу тагылат. Эми такыя элечек кийет. Колукту төркүнүнөн кайын журтуна шөкүлө кийип барат да, ал баш кийимди кайра кайтарат. Адатта, элечектин кыргагы күмүштөн, же кызыл, же жашыл саймадан болот да, аны кийинки сиңдилери кийип чыгат. Ал таберик катары төркүнүндө сакталат. Шөкүлөнүн жердиги баркут, кырбуусу кундуз болот. Улактын жылбырска терисинен да жасап келишкени "кедейлик кемтик" эмес. Жашоонун чоң турмуш-тиричилиги мына ушул башка эшикти аттоодон, жат элге бүлө болуудан башталат. Келин келди, той берилди, нике кыйылды, эми үй ичин тирдентет. "Келин жаман эмес, келген жери жаман" болбоо керек. Мыкты кайын энелер келинди өз балдарындай көрөт. Пейили жылып, анын баскан-турганы үй ичине жагып, боорлоруна тартып, бат эле быгышып кетет. Мыктылардын таалимин үндөктөп, уядан учурган ата-энелердин перзентине өз салт-наркттарын жугузат. Колукту эрте турат. Тураары менен кайын энеге, кайын атага жүгүнөт. Жүгүнүү - өзүнөн улууларга салам берүүнүн сылык белгиси. Узчулук менен бирге бийкеч, беш-көкүл кыздар кой-эчки, уй-топоз, бээ саашка машыгышат. Барган жерлерине уз аталып, ар ишке жөндөмдүү болушу - эненин жүзү. Айрым тезек тердирбеген, куурай ордурбаган ата-энелер болот. Албетте, бардарлар, байлар ал кыздарды алмончоктой асырашат. Бети-колдорунун туурулуп жүрүшү алардын намысына камчы чапкандай. Андайлардын отун-сууларын ала турган малайлары болгон. Барган жеринде камкордукка бөлөнгөн. Жакшы жерден чыкканы, т.а., жердиги тазалыгы, ата-эне тарбиясын көргөндүгү. Эртелеп туруп уй саайт, от жагат, төшөнчү-орунду жыят.
Уй сааш - илгери өзүнчө өнөр, үлгү, таалим-таасир болгон. Күн чыкканча уктоо, малды кайын энесине саадыруу, кайын энеси менен каяша, кер-мур айтышуу, м.а. өч чыгуу, эрине: "Энең жаман, өзүбүзчө бөлүнүп, оокат кылабыз" - деп, бөлүнүп-жарылып кетүүлөрү, чыккан жерин, келген элин журт ичинде уятка калтыруусу. Бөтөнчө, азыркы учурда бул анча өөн эместей, боло берүүчү жорук, шарттуу көрүнүш катары сезилип калды. Айрым кайын энелер, кайын сиңдиси колуктуга өч чыгышы ыктымал. Аларда кудаларын теңсинбөө бар. Байлыкты жогору коет, өзүлөрүн мартабалуу-мансаптуу деп билишет. Мурундарын чүйрүшөт: "Теңибиз эмес, ала качып келип калды, отургузуп коюшту" - дегендер бар. Андан балалуу болот. Тукуму көбөйүүдө. Айрым кайын-журттар аны эске алышпайт.
Узчулукка умтулуу. Секелек чактан тартып кыз бала улуулардын кылган аракеттерин туурайт. Эжелери сайма саюуга дымактанса, ал куурчак жасайт. Куурчак - ургачылар үчүн узчулуктун башаты. Сайма саюуда энелеринин, эжелеринин, жеңелеринин иш кармоо салтынын таасири чоң. Кыз балдардын тестиер чактан тартып, жүк маанектөөсү - акыл-ойдун ойгонушу, тигил-бул жактарга басып кетпөөсү, чоң турмушка аттануусу.
Кыз-келиндердин негизги саймасы илме сайма, ийне сайма болгон. Илме сайма, шибеге сайма шибегенин учу илмек келип, жердикти кергичке керип, көркөм көчөттөрдүн үлгүлөрү менен улуулардын нускоолору аркылуу үй ичинин жасалгаларын жүзөгө ашыруу. Аларга: туш кийиз, туштук, текче, күзгү кап өңдүүлөр кирип, бул өнөр Түндүк Кыргызстанга жапырт тараган. Шибеге сайма - өнөрдүн нукурасы, буюмдун даана жүзүн ачат.
Ийне сайма (Илме дос) аркылуу жаздык (балыш), баштык (жапсар баштык), аяк кап (ал күзгү кап, баштык-текче). Түштүк багыттагы ичкиликтерге кенен тарап, илме дос саймасы курак менен айкалышат, жасалганын ажарын ачат. Тестиер чактардан саймачылыкка умтулуп, кыз балдар өзүнүн себин өзү камдоого баш коюусу - илгери узчулуктун салттулугун-нарктуулугун аныктаган. Мына ушундан уздан уз чыккан. Көркөм үлгүлөрдү кармоо маданиятында бири-бирине куштарлануусу, ошондон таалим-тарбия алуусу көпчүлүктүн көз кырында турган. Сайма саюуда деле, муну менен катар чий чырмак кармоодо, тор чачык чалууда кол жаш кезинен тетиктелет.
Илгери кандай болсо да, кыз балдардын баары эле анчалык чоң уздардын (оймочу, саймачы, чырмакчы, өрмөкчү, килемчи, түймөчү, бычмачы-тикмечи, эшмечи аталбаса да, барган жеринде үй кармайт, ийне саптайт, учук тартат. Албетте, жөнөкөйлөрдү ар бири аткарат. Кызынын чоркок атка конушу, төркүндөрүн жер каратат. Мүмкүн, катар турмушка аткарууда эл-жеринин жүзү жарык болуу үчүн колдо болгон шарттардын баарын кылууга ата-энелер кайыл болот.
Кыздарда да узчулук кармоодо жаш өзгөчөлүктөрдү аныктайт. Мунун оор-жеңили болот. Жөнөкөйдөн татаалга, төмөндөн өйдөсүнө карайы бар. Ар нерсе абалы колду машыктыруудан, табигый табиттен, ич ара ышкыдан, улуулардын жөрөлгөлөрүн урматтоодон аста-секин шык пайда болуп, анан ал калыптана берет.
Узчулукка умтулууда аны бара-бара өздөштүрүп, дасыгып, бир нукка түшүп, ушул даанышман өнөргө калыптанып, түбөлүктүү кесип тутуп, алыс-жакынга таанылуу бардыкка бирдей ыроолонгон эмес. Суу баштарынан, айыл ичинен бирден чыгаан чебердин чыгышы, ал - журтчулуктун бактысы. Буга мисалдар арбын кездешет. Кыргыз жергесине бирдей таралаган "Шакен оюму" деген көркөм оюм, көркөм көчөт бар (Шакен Мамбетаипова (1936-1995) Тоң району, Туура-Там айылында төрөлгөн, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү). Ал тестиер чагынан тартып апасы Бытыкандын үндөктөөсү менен жүк бурчун маанектейт. Айыл ичи бул кызга кийиз көтөрүп келип, шырдак ойдурат. Туш кийиз көчөттөрүн түшүртөт, улам өзүнүн узчулук даражасы артылат, "Оймочу кыз" аталат. Андан "Шакен оюм" пайда болот. Ушул өнөрдү аркалоо менен өзүнчө узчулуктун мектеби уюшулат. Анын Жибек, Шайгүл, Жыргал аттуу кыздары уз, сүрөтчү аталат. Уулу Жыргалбек акын, Шакендин ата-бабалары тукум-куучулукта зергерчиликти нускалаган. Ал салт укум-тукумдарына уланып келүүдө. Кыргыз кыз-келиндери боз үй көтөрүүдө, кийим-кечек кийүүдө, ат үстүн жасалгалоодо өзүнүн узчулугун бөтөнчө көргөзгөн. Көркөм кол өнөрчүлүктүн бүтүндөй түрүн кармоого аракеттенишкен. Секелек кыздын куурчак ойноодон баштап, сайма саюусу, чий чырмоосу, жип-шуу эшүүсү, бирдемени бычып-тигүүсү, тор чачык, топ чачык чала билүүсү, бара-бара килем токууга, андан соң эң татаал өнөрүбүз өрмөк согууга, "кара терме", "кажары терме", "беш кеште" терүүгө отургузган. Алар өз себин өзү бүтүндөй бүткөрүүгө башын байлашкан. Мындан: "Келген жери да уз, барган жери да уз, өз энесинен кайын энеси өнөрүн өткөрүп алган" - деген накыл калат.
Суу алуу. Тестиер чактарынан тартып суу алууну өзүнө милдет катары сезишкен. Суу көтөрүүдө да кыздардын адептүүлүгү билинип турган. Адатта, шар суудан чакага сузуп алууда, абалы, "бысмылла" деп, келме келтирген. Денесине суу чачыратпаган, сууну чайпалтып көтөрбөгөн, чакага сууну көтөрүшүнчө алган. Эгер эки чака сууну апкеч менен ийинге алса, кыздарда басуунун, кадам таштоонун адеби бар. Арышты ченем менен керишкен. Бешкөкүлдөр, бийкечтер, адатта, сууга көбүнчө жеңелерин ээрчишкен, көңүлү түшкөндөрү менен кыз булак башында, же суу боюнда, же айлуу түндөрүндө тик карабай жүздөшүү ылаажысы болгон. Суу алуу, суу куюу, суу кайнатуу, бирөөгө суу сунуу, сууга кол жуу,сууга жүз чаюуда кыргыз кыздарынын адеби укмуштай сакталган.
От жагуу. Кыргыз элибизде от жагууда да маданияттуулук укмуштай сакталган. Бул да улуулардын үндөктөөсү аркылуу адептүүлүк жагына багыт алган. Адатта, кыргыз эли малдын тезегин, кыгын көбүрөөк жагуучу. Андыктан, уютуп көң чабуучу, тезек терүүчү. Тезек көң калоонун да өз ыкмасы бар. Жылкынын тезегин, уйдун омпосун, жай күндөрү элибиз көбүрөөк жагуучу. Ортосун тептегерек чакандап, бирдей кылып калап, ага чокту салып, тамызгысын таштап,эңкейип, акырын сыңар тизелеп, түтүн кылбай үйлөп тутанткан. Боз үйдүн чок ортосундагы күйгөн отун дароо түндүк өйдө тартып, үйдүн ички эмеректерин түтүн каптаган эмес, улам үстүнө көңдү, тезекти калап, отту ичкериштирип турат. Токойлуу, тоолуу жерлерде кыргыздар тал-терек, карагай-арча ж.б. жыгачтарын да көп жагышкан.

"Арча отун күйүп чатырап,
Түндүктөн түтүн атылат,
Желеге үйрүп бээлерди,
Жээрде айгыр кулак жапырат. (Байдылда)

Албетте, отун алып келүү - эркектин милдети. От жагыш, тамак бышырыш көбүнчө ургаачыларга таандык сапат болуп эсептелет.
Төшөк салуу. Илгери келин кыздарды төшөк салуудан да кирди чыктылар баамдай турган. Абалы төшөк салынуучу жай шыпырылган. Таза жайга тогузкат (кийизге кездемени каптаган жер төшөгү) жайылат. Анын үстүнө жууркандар (төрт бурчтана ташталат да, анан эт төшөктөн (шейшептин алдындагы жууркан) кийин шейшептүү жууркан салынат. Албетте, жаздык бар. Мында алты кат ордуна ала кийизди да, эндей кийизди да таза тутуп пайдаланса болот. Бирок азыркы кыз-келиндер төшөк салуунун жана төшөк жыйноонун маданиятын анча сакташпоодо. Мында төшөк үстүн басып жүрүшөт. Төшөк салууда жана төшөктү жыйноодо төшөктүн четинде турат. Илбериңки эңкейүү менен алуусу, жыюусу керек. Бирөөнүн төшөгүн баспай, четин түрүп өтүүсү тийиш.

Жүк жыюу. "Алдың карап жүк жыйдың,
Артың арап үй тиктиң,
Керегесин кынадың,
Керүүдө туруп сынадың". (Жеңижок)

Бул - кыз келиндердин үй ичин тейлөөдөгү мыкты маданияттарынын бири. Кертимдөө, кынаптоо аркылуу кооз көрүнгөндөй жүк кирди-чыктылардын көңүлүн бурат. Илгери жүк боз үйгө жыюуга шартташкан. Ал төрдүн да көркү болгон. Тегерек тарткан керегеге кынап жүк жыюуда кыз-келиндердин чеберчилиги, көркөмдүккө умтулуу дарамети билинген. Бул - үй эмеректеринин бир бүтүмү. Абалы, төрдөн жүк тактасы жабууланат. Үстүндө сандыктар жана жагдандар орун алат. Килем, шалча, алакийиз, шырдак өңдүү адеми буюмдар жууркан алдында болот. Жууркандар өң-түстөрү боюнча кертимделет. Кээде жүк жабуусунун үстүндө куш жаздыктар өзүнчө кертимделет.
Төрдү тутуу. Кыргыздардын төрү мейман аттуулардын баарына даяр. Салам айтаары, кол берээри менен үй ээси төрүн көрсөтөт. Ахыбалды төрдөн орун алгандан кийин сурашат. Ыйык сезилгендиктен төрдү таза тутушкан. Дайыма шыпырылып, жаңы буюмдар ушул төргө салынган. Аларга: шырдак, алакийиз, килем, шалча кирет да, анын үстүнө адатта көлдөлөң, кездеме төшөк, курак төшөк, байбичелер үчүн аюу талпак төшөлөт.
Үй ээсинин орду. Адатта, үй ээсинин орду ыпча тарапта болот. Ошол жайга өзүнчө төшөк салып коет. Үйгө улуулар кирип калса, үй ээси тура калып кол берет. Кичүүлөр кирсе, үй ээси ордунан козголбойт да, кичүүнүн айткан саламын алик алат. Эгер урматтулар (мисалы, улуктар, куда-сөөктөр, калк кадырлаган карыялар, журт башчылары, ж.б. элдик адамдар) келип түшөөрү билинсе, үй ээси эшиктен тосо чыгат да, эң урматтуусунун атын өзү алат.
Кыз баланын жатуу, уктоо маданияты. Эне адебинде кыз баланын төшөктө жатуусу, туруусу, уктоосу тууралуу да айтылат. Кыз эч качан чалкасынан жатып уктабаган, кош-коңурук тартпаган, эки колун башына койбогон. Төшөктөн буту-колун, ж.б. денесин чыгарбаган. Тизесин бүгүп, оң же сол жамбашына бурулуп, бүрүшүңкү жатып уктаган. Төшөккө жатууда жана төшөктөн турууда денесин көрсөтпөө уяттуулугу, назиктиги сакталган. Дене-боюн керилип чойбогон жана да озунуп жатпоочу жан болуусу абзел.
Эрте туруу. Кыз-келиндердин күн чыкканча жатууларын элибиз адеби жок катары баалашат. Деле адамдардын кечирээк ойгонушун, турушун мусулман калкы - ал күнкү ырыстан, кешиктен куру кол калдыга алып барып жорушчу. Ошон үчүн күн чыкканча жатууда эртең менен малды саашуу, короодон чыгаруу, от жагуу, ж.б. иш-аракеттерди кечеңдетүү, өз табынан тайдыруу болуп саналат. Күн чыкканча жаткандарды: "Сасып-ирип, арам болуп жатат" - деп, илгеркилер өлүктүн катарына кошушкан. Эрте туруу, сергек болуусу, кечке чейин көңүлү куунак жүрүүсү, ар ишти натыйжалуу бүтүрүүсү.
Бут сунуу. Элдин көзүнчө кыз-келиндердин отуруп-туруулары сындан аябай өтөт. Аны энелери, эжелери, жеңелери, улуулары ар дайым бамдоолорго алып турат. Эч ким жокто буту-колдорун чоюп-керип, түзөтүп алуулары ыктымал дечи. Албетте, эл олтурган жайда эки бутту эч качан алдыга созбойт. Шыйрак-балтырын көпчүлүккө көргөзбөйт. Айрымдар: "Тарт бутуңду" - деп, адепсиз уландарды, жигиттерди да тескеп коюулар бар. Улуулардын алдында бутту алдыга сунуу, жол-жобону сактабоо, эне-атаны жер каратып коюучу.
Бөйрөктү таянбоо. Кыргыздар бөйрөктү таянып туруу, бөтөн улуулардын алдында кыз-келиндердин, улан-жигиттердин өзүн көрсөтүп туруусу өөн көрүнөт. Көпкөндүүлүккө, кесирдүүлүккө, өтө адепсиздикке жорушат. Бул эри дүйнөдөн көчүп, кара кийип, каза жутуп олтурган зайыптын, адатта, бөйрөгүн ыйы эзип, ошондон чыдай албай, ушинтип олтурганга барып такалат. Андай аза күткөн аялдардын, эт алып кетпеси үчүн, белин бекем бууп, катуу күйүүнүн белгисин берүүсү тийиш болгон. Мындай жоруктар эл сурагандардын, т.а. көрүнүктүүлөрдүн башкалардан өзүлөрүн ашыкча сезүүсү, ар-намысын абдан сактоосу дейбиз.
Мал сааш салты. Кыргыздарда беш түлүктү асыроо аркылуу андан ар-түрдүү тамак-аштарды, күл-азыктарды жасоо, жыл маалына дейре жеткирүү максаттары жеринен болот. Андыктан малды сааш аракеттерине машыгууда да улуулардын нускоолору жаштарга жагымдуу тасир берүүчү. Тестиер чактардан мал тосушат, кой-эчки саашка катышат, козу-улакты көгөндөшөт. Бара-бара уй-бээ саашка көнүгүшөт. Албетте, күндөлүк жашоо-тиричиликти канааттандыруу менен, бул - кыз бала бирөөлөрдүн бүлөсү барган жеринде кор болбой, өзүнчө чабыт алып кетүүсүнө ич-ара өбөлгө машыгуу жолу. Сүттү уютса, айран, жуурат, соруктурса, сүзмө, жайса, курут, каймак, сызгырса чөбөгө, кайнатса, эжигей, ж.б. болоорун кыз-келиндердин колдорунан чыгаарын тоолук жашоо өзү тастыктаган. Ошондуктан кайсынысынан кандай азыктардын жаралышы, алар кандай сакталаары тууралуу атам замандан бери үлгүлүү тажрыйбалар бар. Малдын туушу, ууздун ичүүсү, желинде сүттүн булакташы, кайра тартылышы, малдын байышы... өңдүү мезгилдерди күндөлүк турмуш өзү көрсөтүп келген. Малды ийитип сааштын ыкмаларын билишкен. Ар бир малдын мүнөздүү белгилерин, кандай сүт берээрин саанчы билет. Малга малдай мамиле кылууга элибиздин устаттыгы артылган. Кыз-келиндер жеринде эмнени үйрөнүп чыкса, кийин өтө жеңил болгон. "Мажирөө окшойт", "жүүнү бош", "салкамчы", "шалаакы", мына ушундай бааларга татуу кыз-келиндердин төркүндөрүн жер каратат, ата-энеге наалат айттырат. Беш түлүктүн (төө, жылкы, уй, топоз, кой-эчки) булардын сүттөрүнүн аш болумдуулугун кыз-келиндер билишет.
Кыз балдарга жазылган, айтылган адеп-ыймандын ичинен токтоолук, тартип, назиктик, дили тазалык баарынан зарыл сапат.
Чачты асыроо. Кыргыздарда чачты асыроо, узун чач кылууда, аны кара далы кылып өрүүдө саамай чачтары тал-тал турушу абалтан салт. Нарктуулукту сактоосу төтөн 14-17 жаштарда чач бат өсөт. Өзүлөрүнүн чырайларына ого бетер жарашык берет. Жаш келиндердин эки өрүмү, ага тагылган чолпу, учтук, шыңгыр күмүш үн чыгарат. Жаштардын суйсал этүүсү жагымдуу кооздук ыроолойт. Саамай чачы желге тиет.

"Саамайың тал-тал бөлүнгөн,
Сары алма жыттуу жеңем сен.
Санааңдан такыр чыгарба,
Сапар жол тартып бөлүнсөм". (Байдылда)

Кыз-келиндер чачтарын жууп-тароодо да көпчүлүктөн далдаалана турган, үйдө адам жокто чач жуушкан. Адептүүлүктү сакташкан, кыздын жеңелери, жеңелериникин кызы жуушка, тарашка, өрүшкө алгоочулук кылышкан. Чачтарын жуушкандан кийин айран сүйкөшкөн. Бул чачты өстүрөт, өрүүгө оңтойлошот, чыбаш кылбайт.
Бел куда. Наристелер бул жарык дүйнөгө келе электе эле жакшы тилекте куда-сөөк болууга, жакын жүрүүгө, даяр.
Биринчиден, ок тиштешкен.
Экинчиден, шилекей алышкан.
Үчүнчүдөн, чыпалак канын сорушкан же чыпалак кайчылаштырган.
Төртүнчүдөн, көк чыбык кыркышкан.
Бешинчиден, кара койду мууздап, анын жылуу канына беш манжаларын матырышкан.
Алтынчыдан, ак нан тиштешкен.
Жетинчиден, туз татышкан.
Бысмылла катары алдын-ала алыш-бериштер башталып, улуулар бата тилешкен. Мына ошондон соң дароо асылкеч мамилелер жүрүп, бири-бирине жөлөнөөр арка-бел, бул жалган-жарык дүйнөдөн өткүчө жан шерик, антка-шартка бек, даражага жетишкен. Демек, бала туулат. Сүйүнчүгө чаптырат, сүйүнчү берет, кунан кой берет. Көрүндүгү өзүнчө болот, ар ким шартына карата антташуунун-шерттешүүнүн кадыр-баркына жетүүгө аракеттенет. Тарыхта: "Сүттүүдөн сүрөгүмдү, атандан лөгүмдү, тубардан туу бээмди, тукурдан атымды, ак сарбашылдан коюмду аябасмын" - дейт. Кенже жана улуу эпостордо мындай сапаттар ачык айтылат. Чыгыш элдеринин сүйүү дастандарында ашыктыктын арзуусу аркылуу жан кыйышуулар бар.

Бешик куда. "Туура сөздүн кыскасы,
Азыр көрдүм, Темиркан
Жуучу келдим десемби,
Каалап келдим өзүңдү
Кан Темирим, эсенби?
Сексен нарга дилде артып,
Жуучу болгон жерим бар"
"Кан Көкөтөй ашында,
Калың жыйын кашында.
Канкор Манас Акунга
Бел куда болгон жери бар". (Манас)

Ал эми "Саринжи-Бөкөйдө",

"Бел куда болгон атасы
Берметтин ушул күйөөсү
Баркына жетпес жан болсо,
Башканы Бермет сүйөбү?" (Саринжи-Бөкөй)
Манас баатырга Каныкейди жактырып, акылман атабыз Бакай өзү жуучуга аттанат. Темирканга мындай суроо сунат.

"Сизге күйөө болуучу
Арыстан Манас шерим бар.
Сексен төөгө дилде артып,
Он эки кыздын кенжеси,
Кудайдын сүйгөн меңдеси
Олуя балаң Каныкей
Сөйкө салар жерим бар..."

Темиркандын өзү Бакайды жакшы меймандап, көңүлүн көтөрүп, шагын сындырбай:

"Ушу балам Каныкей,
Касиеттүү бала эле.
Кабылан Манас султанга,
Ылайыктуу жан эле", - деп жооп берет.

"Эр Төштүк" эпосунда Элеман тогуз баласына кыз издеп, Сарыбайдын тогуз кызына кудалашканы айтылат.

"Кызыңа сөйкө салайын,
Кулдук уруп калайын...
Калыңга берер малым бар,
Токсон кара нарым бар,
Токсон кара нарга артылган,
Алтын-күмүш аралаш,
Калыңга берер зерим бар",

Үмөтаалы аттуу адам барып, сынап, бардык жагын жактырат.

"О, кудагый, купулга толду кызыңыз,
Биздин жигиттин ичи тыпа-тыз.
Эми күтүрөтө мал айдап,
Кудалыкка келели.
Кудай кошкон жар экен,
Айтканына көнөлү...
Кыз издеген мырзага
Сиздердин кыз туш экен."
Мындай шартта кыздын калыңы бычылып, куда түшүү түпөйүлдүгү чечилип бүткөндө, меймандарга кийит кийгизүү, айрым аймактарда бул салт боюнча ордунан туруп кулдук урат: "Кулдугум бар кудам", - деп, кудага түшүүгө келген киши эки колун бооруна алат.
"Кулдугуң кудайга", - дейт кыз атасы. Ошону менен кудалашуу кулдук уруу менен бүтөт.
Коңшу кут болсун. Кыргыздардын каада салтында бул эки түрдүү аталат.
Биринчиден, сиз олтурган журтка дагы бирөөлөр көчүп келип-кетүүчүлөр "Коңшу кут болсун!" - деп айтат. Демек, мында, бир жерде олтуруусу, ич ара кирди-чыгуусу, чай-чамек эртели-кеч бир ичүүсү, конок-аякты күтүүсү, бири-бирине кошуналык көмөк көрсөтүүсү аркылуу элибиздин ак пейили аныкталган. "Жакшы кошуна - жарым ырыс" ушундай жагдайларданулам айтылып калган.
Экинчиден, кыз-күйөө үчүн кыздын төркүнү өзүнчө атайын чакан ак өргөө көтөрүүчү. Ал күйөөнүн ата-энесинин жанында т.а. чоң үйдүн, чоң аштын жанына тигилет. Ошондо алыс-жакындан келип, ал өргөөнү көрүп: "Коңшу кут болсун!" - деп айтуу сыпайыкерчилиги бар.
Эр-аялдын ат минүү салты. Эркек-аялдын айырмасы ат минүүдөн, көбүнчө ээр-токумунан көрүнөт. Эркектердин токулгасы адатта, ак каңкы, бүркүт томого каштуу ээрден, зайыптардыкы болсо, алды-арты бирдей, кашы жалпак, (кээде кашы калак баш) ээрди токуудан башталат. Кыз-келиндердин ат жабдыктарынын бөлүктөрүнө (жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан) күмүш чабылат. Камчысы элик саптан болот. Көбүнчө кайыктан турат да, ага шөкөттөр ойдогудай чабылат. Өрүм ат жабдыктары эркектерге таандык. Эркектер азынатып айгыр, сары таман ат минишсе, тестиер кыздарга жорго тай, жорго кунан токулат. Бешкөкүл кыздар бышты, асый минүүсү - жаш өзгөчөлүктөрүнө таандык. Буга күмүш ат жабдыктары куп жарашат.
Төө баштаган бир тогуз. Кыргыздардын жери мал киндиктүү, өрүштүү келет. Эли малсаак, беш түлүктү асыроонун сырын мыкты билет. Малды боор эти менен тең көрөт. Алсак, кыз алуу, айыпка жыгуу, бирөөгө мамиле түзүү мал аркылуу, берешендик жагы артык болгон. Төө баштаган бир тогуз (төө, жылкы, уй, кой, эчки). Төө бирөө болсо, калгандары тогуздап айдатылган. Заманында төөдөн тогуз, калган малдын ар биринен тогуз жолу кайталанып, калың айдаткан. Албетте, мисалы, минтип кыз алуулар, биринчиден, байлыкты, марттыкты көрсөтсө, экинчиден, эки куданын кадыр-баркын арттырган, кыз баланын кымбат экенин айгинелеген.
Кыр арканы турмуштук салыштыруулар.

Карчыга куштун канаты,
Кыраан куштун кыр төшү.
Баатырлардын маңдайы,
Чечендердин таңдайы,
Аргымак аттын азуусу,
Усталардын ийдиси.
Тегирмендин ноолусу,
Мен бейбактын соорусу.
"тыным"(эл сөзү, эр-зайыптын ич-ара табышмагы)

"Ал көөнө тарыхта аласалып отуруп, бирде колу Ай чапчып, бирде кыйрап, кол сунуп, болбогонду болтуруп, толбогонду толтуруп, башка элдерден кыргызды бийик жүрсүн деп тилеп, балдарынын балдары билип жүрсүн деп тилеп, уламалуу нарк түзгөн. Уулдарды улантып, улап алып кетсин деп, ушуларды аткарсаң, урабаган чепсиң деп, сайма көзүн оюлтуп, сары кылымдан бериге сан алтындай чогултуп, саябандуу салт түзгөн".
"кол тамга" Шайлообек Дүйшеев кыргыз эл акыны

Дасторкон үстүндө чыны сунуу. Мында олтургандардын жашы ар кыл болушу ыктымал. Чыны, абалы, төрдүн төбөсүнө оң тарабынан сунулат. Андан соң анын оң ыптасындагы адамга сунулат. Анан аксакалдын сол тарабындагыга өтөт.
Эми оң тараптагылардан баштап, чыныны улуулата суна берүү керек. Себеби отурууда да адамдардын жаш өзгөчөлүктөрү эске алынат эмеспи. Кимге кандай орун зарылдыгын олтургандар өзүлөрү эле ыйгарып коет.
Малды адалдап союу салты. Илгери, адатта, мал кышы-жайы талаа жайыттарда болучу. Такай чөп оттоштун натыйжасында оту таза, суусу тунук болоор эле. Ыраң жеген малды дароо алып келип, сое коюучу. Эми диндин жолу боюнча мал союшта да бөтөнчөлүктөр бар. Себеп дегенде, жылкыдан башка ача туяктуулар отту анча ылгабайт. Кык, тезек, жугунду, ж.б. жей берет. Жем жеген менен чөп жеген малдын ашказаны бирдей тазалыкта болбойт. Демек, адалдоо, башка буру немелерди жебешке аларды атайын байлоого алуу зарыл. Төөнү - 40 күн, уйду-топозду - 20 күн, кой-эчкини - 10 күн, тоокту, өрдөктү, казды, күрптү - 3-5 күндөй эч жакка жылдырбай, таза жалаң жем-чөп берип, шар сууга сугаруубуз тийиш. Малды союуда шарияттын айтканын так тутуубуз керек.

Кыз-келиндердин зер жасалгалары
XIX-XX кылымдарга таандык күмүштөн, шурудан, каухардан, мончоктон, ж.б. түстүү металлдардан жаралган асем буюмдары түзөт.
Аларга: шакек, билерик, топчу, оймок, сөйкө, бой тумар, желбирөөч, чолпу, чач учтук, чачпак, күбөк, чачкап ж.б. өңдүүлөр кирип, үлгү кармоодо зергерлер "сыя төгүү" ("мина төгүү", "себет төгүү"), "тордоо", "ийүү", "эшүү", "согуу", "сиркелетүү", ("таруулатуу"), "калыпка куюу", "чегүү" ("чапкылоо") сыяктуу ыкмаларды колдонушкан. Кыз-келиндер тагынган күмүш буюмдарынын көбү күндөлүк жашоо тиричиликте жаш өзгөчөлүктөрүнө карата жасалгаланып, акак таш, айнек, шуру, маржан таш сымалдар менен "тогуз төбөлөнүп" (куткундалып), жумуру, төрт кыр, жалпак билерик, шакек, сөйкөлөргө шибеге аркылуу көркөм ою түшүрүлүп, ага себет төгүлгөн. Күндөлүк тагынган сөйкөлөргө караганда мааракелерде, айт, аш-тойлордо атайын тагынуучу сөйкөлөр беркилерден кооздугу жагынан айырмаланат. Алар эшилип да, торчолонуп да, учтарынан майда калакчалар чыгып да, зергерчиликтин көпчүлүк ыкмаларын ичине камтуу менен бүткөрүлөт.
Зер топчулары түрдүүчө формаларда: жалпак, тоголок, томпок (купа), сүйрү, төрт бурчтук түрүндө болуп, шуру, түстүү айнек, маржан, таш жана сирке, сыя төгүп, көркөм оюу түшүрүлүп кооздолгон.
Кыз-келиндерге таандык сөйкө-желбирөөчтөр - сейрек кездешүүчү жасалга. Бул бири-бирине куюлуша шайкеш келген оймо-чиймелүү жумуру күмүш жана ар кыл түрдөгү жалпак, чачы-чачы болуп бириккен шакекчелерден турат. Аны ашынган күмүш усталар гана жасаган. Көркөмдүгү жогорку чекке жеткен, муундан-муунга өткөн мындай нускаларды музейлерден да чанда жолуктурууга болот.
Аялдар чачка тагынуучу кооз зер буюмдарынын түрлөрү: чолпу, чач папик, чач учтук. Чолпунун тумарчасы болуп, оюу түшүрүлгөн, төрткө чейин тегерек канаттан чыгат жана алар шакекчелер менен даанакерленет да, асыл таштардан "тогуз төбөлөнүп", анын четин сиркелетип, күмүш шакекчелер, "чаян түйүм" менен кооздолот.
Чач папик формасы конус же көмкөрүлгүн калпакча болгон күбөктөрдүн бетине оюм-чийим түшүрүлүп, кебезден, жүндөн, жибектен ийрилип, чыйратылган жип чачыктары күбөктүн көңдөйүнө бекитилет.
Музейде XIX-XX кылымдарга таандык болгон кыз-келиндердин көркөм жасалга буюмдары болжол менен 2000 дей. Эң бир таң калаарлык күтүлбөгөн кереметти жаратууда кыргыз эли менен бирге канаатташ жашаган элдердин салымдары бардыгын, өнөрдүн бири-бирине өтүшүн эстен чыгаруу жарабайт. Чыгаан зергерлерибиз алардын салттуу узанууларын кайрадан карап, өздөрүнө ылайыкташтыра сиңире өздөштүрүп, өзүбүздүн чеберчиликти өркүндөтүү менен өнөрдүн бул түрүн байытышкан.
Эр-аялдын ич ара ынтымагы. Албетте, үй ээси эркек. Аял анын оң колу, экөө биригип, үйдүн очогун күтүп, түтүнүн чыгарат. Бала-чакалуу болушат. Мында ынтымак гана чечет.
Биринчиден, маанилүү түйүндүү катыш-бериш иштерди орток чечүүсү. Ар бирөө өзүнүн ички турмушундагы милдетин, укугун билүүсү, андан тап жылдырбоосу, т.а. аялдык-эркектик намысына доо кетирбөөлөрү, зайып да өз милдеттерин эрге, эр өзүнүн эркектик касиеттерин зайыпка оодарып жибербөөлүрү, албетте, ички эр-аялдык намысты бири-бирине алдырбоосу;
Экинчиден, аялга, Кудай-Таала назиктикти, адептүүлүктү ченебей жараткан. Эркектер сүйлөшүп олтурса, ич-ара сөздөрүнө, болоор-болбоско кийлигишпөөсү, кээ бир зайыптарча эркектен мурун кеп чыгарып, ортодогу акыл-ойду бузбоосу. Т.а. жол талашпоосу. Олтургандардын ичинде эркекти уяткарбоосу.
Үчүнчүдөн, бири-биринин майда аракет-кыймылына киришпөөсү, кыпчылбоосу. Андан аста-секин сөз ырбатпоосу, тең атага айлантпоосу "Менден сен кыйын, сенден мен кыйынмын" дебөөсү.
Төртүнчүдөн, ачуусу келгенде же аялы ачууланып, албутуулугу кармаса, эркек эшикке чыгып, атына минип бастырып кетүүсү. Аял аны сезүүсү, эркек кайрылып келгенче эби-сынында болуусу, бир аз уялуусу, "жабылуу аяк жабылуу турандай" көрүнүшү.
Бешинчиден, үйдөгү бала-бакыралардын, ата-энелердин көзүнчө кер-мур айтышпоосу, карыларды оңтойсуз абалда калтырбоосу, балдарды тарбия-таалимдөөдө мунун начар багыт экенин башынан сезүүсү. Мындай жагдайлар алар жокто айтылуусу, ичкүптүлүктү өз ара чыгаруусу.
Алтынчыдан, барга - назар, жокко - кайыл жүрүүсү. Эркек эшиктен эмне тапса, тобо. Ал шордуу тапканын ичип албаса, башкаларга шайкелеңдүү шаттык жактарга жумшап салбаса, барын балдарыма, ата-энеме, кыскасы, үй-тиричилик үчүн десе, ага бала-бакыралары да топук тилөөсү. Аялдардан тилдүүлөр бар. "Эмне таап жатасың", "Балачаны карачы, үйүн толтуруп койду, сенчи, үч жылдан бери үстүмдөн бир көйнөк түшпөйт", "Эл сыяктуу качан оңолобуз" сыяктуу арам оокаттууга, арам машиналууга, арам малдууга, арам тамдууга, барларга көз артпоосу, аларга теңелип арамдыкка чалынбоосу.
Жетинчиден, азбы-көпү аны үлүштүрө билүүсү, ченем, сарамжалдуу болуусу, мисалы, "туз түгөндү", "ширеңке түгөндү", "самын түгөндү", "макарон түгөндү" өңдүү күндө керектелүүчү майда-барат оокаттар үчүн күйөөсүнө кажылдай бербөөсү. Туура, бир нерсе жок болот. Мында бирдеме айтууда да адеп керек, эр намысын козгой бербөөсү.
Сегизинчиден, сен тапканды мен таап жатамындын алды-арты жакшылыкка алып барбоосу. "Ойноп сүйлөсө да, ойлоп сүйлөөсү", "Мен сенден кемминби" - дегени. Ошондойдон таарыныч, бири-бирине эрегишүүсү, бардардыкка, бейкутукка, бала-бакыранын ырыскысына, аз табышкерлер, же көп табышкерлер ар-намыска доо кетирүүсү.
Тогузунчудан, балдарына атасын жамандабоосу, "Атаңар мындай-андай, силерден башкаларды жакшы көрөт. Ошолорго акчасын коротуп жүрөт" - өңдүү карабеттик калп сөздөр менен ата-балага карама-каршылык жүргүзбөөсү. Балага атаны мокочо көрсөтпөөсү. Бирок эстүүлөр, идиректүүлөр эненин айтканын оңдоосу, таразага тартуусу, энесиндеги кемчиликтерди сезүүсү. Ата-эненин акылын, сапаттарын айра тааный билүүсү...
Онунчудан, эр-аял, ага-туугандар, жерге-жээктер менен бирдей катышуулары. "Бул меники, тигил сеники" дебей, жакшылык-жамандыка тең баруулары. Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбашы, "өз көмөчүнө кул тартпоосу", "кузгундуку куу жыгачтын башында, бөрүнүкү тең орток" болбоосу, ата-энесине, ага-инилерине, эжелерине берип жатат... деп, элге-журтка эрин жарыя кылбашы.
Он биринчиден, өзгөчөлөрдүн сыйлуу дасторконунда өзүлөрүн адептүү алып олтуруусу, алдыдагы ырыскыны жаркылдап-жайнап, үй ээсинин маанайын жарык көтөрүүсү. Достун ашын такаат кылбай, тартынбай, кастай жеп-ичип олтуруусу. Бул биз үчүн жайылды, муну урматтообуз, сыйлообуз керек, өңдүү ой-пикир ар бир меймандын жадында болуусу. Ыраазы ыракматты кабаттап айтуулары. Ал эми дасторконунда эрди-аял өзү жайдары-жарык сезүүсү, конокту куштар кылып, кубанычы койнуна батпай, шайыр-шаттыкта турушу.
Он экинчиден, эркектердеги эң жаман адат аялын кызгануусу, ичи тардыгы, ит кыялы. Дасторкон үстүндө чыр чыгаруусу. Чамгарак, түндүк кимдики, эмне үчүн сый көрсөтүп олтурат, муну этибарга албоосу. Албетте, мындайлар аялдардан да бар болушу. Ичип келип, эшикти иле калып аялын уруусу, үй-бүлөнүн тынчын алуусу, балдарынын жүрөктөрүн түшүрүп туруусу, "бирөөнү көп карадың" - деп, сый дасторконду аттап, аялын айдап кетүүсү. Бирөөлөр менен мушташуусу, аялынын айдай бетине так салуусу, көк челек кылып суу ичирип коюусу. Он ажырашып, он жолу элдешүүсү, кайрадан кызыктары кетүүсү.
Он үчүнчүдөн, зайыптарда да жок эмес. Кичине эле казан-аяк калдыраса, төркүндөрүн карай чабуусу. "Мени жутуп койду" - деп, адамдарды эрчитип келип, эр байкушту жамандоосу. Эл караган бетин жер каратуусу. Атасы болушчаактын, кызы ыйлаак болбоосу, аялдын чыганактыгы, эрдин башын аттоосу.
Он төртүнчүдөн, үй-жайын, бала-бакырасын, оокат-кечесин таштап коюп, зайыптардын айыл аралап, "ак моюн" издеп жүрүүсү. Ошондой эле эркектердин да бирөөлөргө көз артуусу, ошол жайды байырдануусу, арак-шарап бар үйдү аңдып, баш багуусу... Арийне, ушундай, ж.б. биз айтпай кеткен кедерги сапаттар эрди-аялдын жашоо-тиричиликтерин иритет, ынтымак ыдырайт. Эрди-аял - өрмөктүн эриш-аркагы. Андай болуп жашап, өмүр сүрүп, укум-тукумун көрүп, эл катарында болууга не жетсин.
Жакшы атанын уулу. Бул "Уул жакшысы - урмат" деген накылга жооп берет. Жакшы уул - ал ата мурасы, атанын калтырган табериги. "Баланчанын уулу элдик чыкты, атасы өлбөптүр, минтип уулу анын асыл иштерин улап олтурат. Эл үчүн, жер үчүн миң толгонот, ошончо ойлонот". Тескерисинче, жакшыдан мөөн, (мөөн - малдын ички ичеги-карын органы, жамандан жаан - күтүүсүз чыккан жакшы сапат), мында жакшы атаны жер каратуу, көккө чыгаруу. Арийне, андай кайчы касиеттер журт башында тургандар менен карапайым, караборчо адамдардын арасында көп баамдалууда. А, мүмкүн, алардын түпкү гендеринде ушундай сапаттар бардыр...
Жакшы эненин перзенти. Акыйкатта, жаратылыштын жолу ар кандай, болумушта сын жок. "Кыздуу үй кызга сын такпа, уулдуу үй уулга сын такпа" - дейбиз. Жакшы энелер өрнөктүү сапаттары менен журт көзүндө жүрөт. Жаман-жакшылыкта билинет, аял затынын милдеттери зор. Андан алар тап жылдырбайт, тейлейт, тескейт, акылга шерик эринин бактысына бир жаралган анын сый-сыпат айылына, эли-жерине таралат. Акылы, өңү-түсү шайкештелген зайыптын колунан чыккан кыз, эне таалим аркылуу жолун жолдойт. "Ал жакшынын мүнөзү, энеси ошондой нускалуу ургаачы, жердиги мыкты, тегинде жатат" - сыяктуу алкоолорго татыйт, тескерисинче, жатыны жаман болуучуга тогоп коебуз.
Ургаачылардын мансап-дөөлөтү. Илгери ургачылардан мансап, бийлик ээлери анча чыкпаган. Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Курманжан датка ж.б. көрүнүктүүлөр тарыхта айтылат. Кыз Сайкал баатырдык аркылуу "Кыз Сайкал" бойдон калууда. Жаңыл мырза ургаачылардын ичинен көзгө атаар мерген, эркекче кийинип, жоо-жарактарын асынгандыктан "мырза" аталууда. Курманжан эл башында туруп, бийликти, саясатты эркекче жүргүздү, ошол кыйындыгы үчүн "датка" аталды. Аны даткайым десе да жарашмак, кийин кыздар, зайыптар уруят чыккандан баштап, үстөл ордуна келишти. Бул - эркек-аял тең укуктуу саясатынын шарапаты. Советтик, партиялык кызматтарда болуп, өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн айлакердикте көрсөтүп жатышат. Салт-каада салтына келсек жубан - турмуштанган ургаачы. Ал журт сураса "төрайым" деш - туура атоо. Себеби ал айым. Кээ бир кыздар бар, али турмушка чыга электе эле, эл башында олтурат. Аны деле "төрайым" дейбиз. Албетте, бул жаңылыштык, жубан менен кыздын айырмасын элдик каада-салтта ачык айтылат. "Төрбийкеч" деп атоо туура болоор. Себеби беш көкүлү кичүүсү, бийкечи бир аз улуусу, айырмасы бир-эки жаш. Элүүлөрдү эңиштеп, алтымышка жол тарткан ургаачы инсандар бар. Муну кантип "төрайым" дейбиз, салт боюнча "төрбайбичеси" деш оң. "Господин" дегенди "мырза" деп алышып, азыр сексенден ашкан карыялар деле салтыбызда жок "мырза" аталып жүрүшөт. Төрайым, канайым, төрбийкеч, төрбайбиче, мырза - деген түшүнүктөргө астейдил мамиле кылуубуз керек.

Баба наркы
Төргө өтүү. Кыргыздар уруу-урууларга бөлүнөт. Ар бир уруу ар-намысын бийик тутушат. Уруулар бири-бирине эң эле мыкты мамиледе болушат. Өзүлөрүнүн элдик сапаттарынан тап жылдырышпайт. Уят болбоо, башка урууга шек алдырбоо үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрүн жасашат. Ички дараметтерин ызаттоо бийик сакталат. Түндүктө көрүнүктүү уруулардан: сарбагыш, бугу, солто, моңолдор, саяк өңдүү уруулар бар. Ата салты боюнча төргө өтүү каадасын сактоо жөрөлгөлөрү болуп келген. Эгер бир катар даражалуулар чогулган жерде төргө өтүүгө келгенде, мисалы, боз үйдө дейли, жеринен эле моңолдорду биринчи чыгарган, андан кийин черик чыккан, мындан соң катары менен сарбагыш, бугу анан солто, саяк орун алышкан. Санжырада моңолдордун, абалы, төргө чыгышын, илгеркилер булар кыздан, урмат-сыйды ушулар көрүшү тийиш - өңдүү сыпайкерчилик болгон. Анан моңолдор, черик бири-бири менен арыдан кошулууары санжырада айтылат.
Устукан алуу. Уруулардын белгилүү адамдары бир табакта олтурганда, устуканды кимдер мурун алаары да белгилүү. Т.а. куймулчак, жамбаш, жото жилик, кашка жилик, каржилик, далы ирээти сакталат да, улуулата сунулат. Ошондо дасторкондун чок ортосундагыдан кийин, анын оң тарабы, анан сол тарабындагылар устукан алат. Адатта, баш менен улуу жиликтердин бири же жамбаш кошо келет.
Уча - устукандардын ата башы, аны алууда да олтурган сакалдуулардын ичинен, абалы, моңолдорго ыйгарат. Ал жок болсо черик, сарбагыш, бугу, солто, ж.б. урууларынын биринин алдына коюлат. Бул Көл тарапта азыр да бар. Анткени Көл, Нарын бөксөлөрүндө гана уча тартуу салты мыкты сакталган. Куда-сөөктөргө, кадырлуу меймандарга уча тартуу - кыргыздын илгертен келе жаткан наркы. Айрым учурда кара кабырга улук дешет. Тыштуу кабырганы тилип, бирден алдыга коюу жөрөлгөсү айрым аймактарда сакталат.
Той берүү салтындагы бөтөнчөлүктөр. Анжияндыктарда, алайлыктарда, ичкиликтерде, аркалыктарда, таластыктарда той берүүнүн ич-ара бөтөнчөлүктөрү билинет. Айрымдары тойдо милдеттүү конок алышат. Той берүүнүн алдында тууган-уруктарын түгөл чакырып, тойду кандай берүү, анда эмнелер болору, союшу, байгелери ж.б. кандай конок алынаары, кийинки салт боюнча ичкилиги, бозосу, кымызы, тууралуу маселе курулат. Ага арнап жандык союлат. Кеп-кеңештен бир жыйынтыкка келет. Айрым тойлордо алтымыштан кем эмес үйдүн ар биринде он экиден ашпаган милдеттүү конок алат. Анын союшун, күрүчүн, татымалын, нанын, арак-шарабын, бозосун, кымызын бир гана өзү чыгарып, конок тоскон туугандар да жолугат. Кээлери союшун чыгарат, арагын көздөөчүлөрү да бар. Айрымдары татымалын чыгарып, калгандарын үй ээси берет. Ушундай оош-кыйыш ынтымакта той өтөт. Элдик оюндарга байге коюуда да, ага-инилер, жакшы санаалаштар, тайаке-тайындар, кайын-журттар, жоро-жолдоштор колмо-колдоп кетишет. Бул - түпкү атанын эзелтен келе жаткан наркы, салты, бири-бирине көрсөткөн сыйы болуп саналат.
Байге коюу. Ар бир той берүүчүнүн ар намысы, ага туугандарында, жерге-жээгинде ичтен күкүрттөй кайнап турганы. Мисалы, "ат чабышта" баш байге эмне? Бир жолу ташталган улакка эмне? Эр эңиште эмне беребиз? Канча жолу балбан күрөштүрөбүз? Тактап айтканда, улак тартышта алар беш курдай, жети курдай - деп ошого карата байгеси бөлүштүрүлөт. Көбүнчө акча, анан мал-мүлк сайылат. Төө, кош өгүз, жылкы, ондогон кой-эчки байгеге ылайыкташкан. Тойго жер чийип, улак тартып келүү шарты жеринен бар.
Бээ союу. Илгери кыргыздардын эң негизги көлүгү төө, ат болгон. "Ат адамдын канаты" - деп, малдын ушул түрү аркылуу күнчүлүк, айчылык жолдор арытылган, аттан ат тандалган. Жоокерчиликте ат - адамдын жан жолдошу, атты аттай минүү, аны кадырлоо зарылчылыгы чыккан. Ошондуктан, кууса жеткен, качса жеткирбеген, калбыр өпкө, жез канат бул жылкы малына гана таандык. Ар бир үйдө жанга өлчөлүү жалгыз аты болуп, ага камкордук бөтөнчө көрүлгөн. Ат союуга караганда бээ союу жеңилдей сезилген. Ат казатка минилсе, эркек бала эл четинде, жоо бетинде болгон. Элин-жерин душмандардан сактагандыктан, кыргыз атада уулдуу болуусу - жоого каршы туруусу.
Милдеттүү коноктун аты. Милдеттүү конок - бейкапар конок. Булардын көбү чабылуучу аттары менен келип түшөт, абалы, анын аты кайсыл чөптү чайнайт, бул суралат. "Менин атым беде чөп жейт", "Менин атым бозот чөп жейт". Мына ошого карата аттар өзүнчө байланат, камкордукка алынат. Чабылбай турган аттарга бир акырдан чөп берет.

Күндөлүк каада-салттар
Накыл сөздөр. Көлдүн күңгөйүндө (Ысык-Көл району, Корумду айылы, Турдакун уулу Жунушбай кезегинде айыл билермандары аталып, кеп-сөзгө эгедер, мыкты карыялардан болгон. Байбичеси Мария уз, үйүнө эски салттуу нускалар мыкты сакталган). Жунушбай атанын мурунку карыялардан угуп айтаны: "Анжияндык айры сакал сынчы Сынчыбекке Бугунун атактуу манабы Боромбайдын уулу Өмүрзак:
- Кадырман сынчым, бу дүйнөдө эмне жаман? - деген суроо коет.
- Эл-журтту бийлеп жүрүп, ошону билбейсиңби? - деп туруп, сынчы Сынчыбек бармак баштарын жуумп, санай баштайт:
- Эмесе жакшылап угуп тур:
- 1-жаман: Бирдиги жок эл жаман,
- 2-жаман: Энеси жок кыз жаман,
- 3-жаман: Үлгүсүз бычкан иш жаман,
- 4-жаман: Төрөсү жок эл жаман,
- 5-жаман: Уул-кызсыз белгисиз кеткен эр жаман,
- 6-жаман: Кочкору жок кой жаман,
- 7-жаман: Токсонго чыгып тоголонгон чал жаман,
- 8-жаман: Сендей олуттан калган чоң жаман.
Жунушбай карыя карыялардан калган сөз деп адамдардын жаш өзгөчөлүктөрү тууралуу минтип айткан:

Он жаш улак (улакча секирип ойнойсуң).
Жыйырма бычак (өткүрсүң).
Отуз өгөө (кесип түшөсүң).
Кырк кылыч (көрүнгөнгө шилтейсиң).
Элүү найза (токтоо чак).
Алтымыш аркан (айылдан анча узабайсың).
Жетимиш-тушамыш (тушалуу чак).
Сексен чидер (үч буттайсың).
Токсон-тоголок (тоголонуп, буйдалып каласың).
Жүз кумалак (кара жер жаздандың, бүттүң).

Албетте, мындай сөздөрдү уга жүрүү, муундарга накыл болуп калат.
Улуттарда төргө өтүү расими. Алмуздактан куттуу үйдүн төрүнө өтүү салты бар. Боордош Тува, Алтай элдеринин айтымында мындай расмилер сакталып келүүдө: төргө биринчи эле кара кыргыздар өтөт дешет. Ал чыныгы байыркы кыргыздар экен. Т.а. бизбиз. Баарынан урматтуубуз.
Төргө экинчи эле "шор кыргыздар" дейт, анысы алтайлыктар. Тили, дили бизге жакын келишет.
Төргө үчүнчү хакас кыргыздары өтүүдө.
Анан төртүнчү "тоо кыргыздары" деп аташат. Ал тувалыктар.
Төрдөн бешинчи болуп "качак кыргыздар" орун алышат. Булар биз менен боордош, дордош, төшүндө малы, төрүндө жаны, төшөгүндө жары бирге эгиз эл болуп келе жатышкан казак туугандар болуп саналат.
Жолдоштуктун үч түрү. Жекече жашоодо үч түрдүү жолдош күттүм. Биринчиси: "Сен китеп, газета-журналдарга макала жазып жатасың. Радиодон сүйлөйсүң, теледен чыгасың. Бир кесипти тандап алып ошонун артынан сая түшүп жүрөсүң, мунун өзү эле элге керектүү, жакшы нерсе, ушул жолуңдан жазба" - дешет.
Экинчиси: "Ой, сен тынбайсың, макала, китептериң чыгып жатат. Теле-радиодо сен барсың. Ошолордон айына канча акча табасың?" - дейт.
Үчүнчүсү: "Эсиңдеби, ошондо аныкынан ичтик жана дагы бирди үйдөн ичтик, үчөөбүз үч жакка кетиптирбиз".
Албетте, мындай көрүнүштөр жалпыга тиешелүү болсо керек. Демек, жолдоштор да ак ниеттүү, дили таза жолдош, дүйнөкор жолдош жана аракеч жолдош өңдүүлөргө бөлүнөт.

Көшөгө ыйык. "Келинге тартан көшөгө,
Көгөрө бербейт өзү эле.
Элинен бата алганда,
Ал "көгөрөт" дечү эле". (Райкандын термесинен)

Бул - үйдүн бир капшытын далдаалап турууга тартылган кездеме буюм. Ошол капшытка уул-келин жатат. Колуктуну алып барып, ошого киргизишет да, анын ичинде кайын сиңдилери, айылдын кыз-кыркындары колуктуга маанек болуп олтурушат. Баардашат, таанышат, үйүр алышат. Тилекке каршы азыр айрым аймактарда колукту алып келген жигиттин адепсиз, ыймасыз жолдоштору күнү-түнү олтурушуп, кыз-кыркындарды кууп чыгышып, ойдо жок жоруктарды баштап, куттуу көшөгөдө арак-шарап ичишүүдө. Адатсыздар өбүшөт. Колуктуга ичкилик ичиришет. Бул ата-энелердин, ага-туугандардын, төркүн-төстөрүнүн баба салтын, эне адебин баар албоосу. "Көргөнү", "Өскөнү" жаман - деген наалатка калышат.
"Күзгүбү, таракпы?". Бул - жаштардын тамашалуу оюндарынын бири. Мында көрүнө элек эки жолдоштун бирөө акырын байкатпай келип, беркинин көзүнөн басып: "Күзгүбү, же таракпы?" - деп сурайт. "Күзгү" - десе, колун дароо тартып алат. Шашып, "тарак" деп жиберсе, колун тартып учурашат. Бул эки теңтуштун тамашалуу жолугушуусу болуп саналат.
Далдалчы (ортомчу). Бул - абалы, базары абдан өнүккөн Орто Азия элдеринде пайда болгон салт. Бирөөлөр базарга мал айдап барат. М.а. базарда арага түшүп, сатуучу менен алуучунун мамилесин жөнгө салган адам. Кийинчерээк кыргыз жергесинде мал базарлар уюшулуп, ортодон далдалчылар чыга баштады. Азыр алар "ортомчулар" деп аталат. Ал үчүн мал сатуучудан белгилүү өлчөмдө акча-тыйын өндүрүп алат. Бүгүн ич ара макулдашуулары боюнча акча табуучулар, муну атайын кесип тутуучулар бар.
Баш ыргытуу. Бул - жакшылыктын жышаанасы. Бир өтөөлүү иштердин натыйжасы үчүн жандыкты курмандыкка чалуу, т.а. кыргыздар боз үйдүн түндүгүн адеп көтөрүү учурунда ага атайын арнап кой-эчки, а мүмкүн, бардарлар тай-торпок союш салты бар. Бул устун көтөөрүүдө да бар. Ал аркылуу кутмандуу карыялардын, набаттуу байбичелердин, журт жакшыларынын, билермандарынын, улуктардын баталарын, алкыштарын алуу наркы болгон. "Ушул үй куттуу болсун", "балдар төрөлсүн, кыз чыксын, алардын дендери сак, курсактары ток, көңүлдөрү чак болсун", "Үй ээсинин мартабасы артылсын"... Мисалы, карыянын балага бата тилегени:

"Өмүрүң бек болсун,
Акылың көп болсун.
Төгөрөгүң төп болсун,
Сөздөрүң эп болсун,
Душманың жетпесин,
Дөөлөтүң кетпесин.
Кайгыга чөкпөсүн,
Көңүлүң көктөсүн,
Кыдыр Алекисалам жолдосун,
Оомин, аллоху акбар!"

Баглан. Баглан козу - куйруктуу козу.

"Аткарып элдин буйругун,
Аскадан кармап туйгунун.
Бооруна кошуп чайнасак,
Баглан козу куйругун."

Салтыбызда куйрук майы өтө курчуй элек, жүрөккө анча тийбеген, жегиликтүү келген, "куйрук боор кылууга" шартташкан козу, "баглан козу" деп аталат. Кыргыздын жайдары койлору - ак, кызыл, кара, көк болот. Адатта, кыргыздар уяттуу меймандарга куйругу бар, "куйрук боор" жасоого ылайыктуу кара козу союшу - анын салтты даана сакташы. Мунун ак сорпосу сөзсүз "ак серке" үчүн табылгыс даам, тамакты мыкты сиңирет.
Жапма челек. Бул - көбүнчө бозо ичүүлөргө карата айтылуучу адат. Челек-жарма, бозо, ачытуучу жыгач идиш. Айрым пейили тарлар бозосун өзүнчө кызганат. Жапма - бозону башкаларга көргөзбөө, жашыруун сүзүүсү. Кээде көңүлү сүйгөн адам менен алдыртан гана чакырышып сүздүрүүсү. Ушундан жапма челек аталып калган.
Кыргыздар бир аптадагы жети күндүн
Ө ¤ -б "вӨ Ө а в и -ӨбӨ- зл? агг
Элде ант берүү көрүнгөн эле күнү, көрүнгөн эле адамга бериле берген эмес . Ант достошуу учурунда өзүнчө, уруш чабуул мезгилинде өзүнчө, дубан топтолуп чоң курултай өткөн колунда бийдин, бектин анты өзүнчө, сүйүү, махабат, шаң-салтанаттардагы ант өзүнчө, эл башына күн түшкөндөгү баатырдын анты өзүнчө, элин багуудагы берген ант өзүнчө атайын белгиленген күндөрдө жалпы дубанга жарыя кылынган!
Ошого байланыштуу ар бир күндүн аты башка, ар бир айдын оту башка деп, эл өзү аптадагы жети күндү өз-өзүнчө салтка карап шаанисин түзгөн.
Дүйшөмбү. Дүйнөнүн бүткөн күнү, аалам жаралган, пайда болгон күн. Бул күнү үйдөн үйгө көчсө жакшы жышаан. Эгерде кулак кычышса, үйгө киреше маарыйт. Оң көз тартса, сары убайым-санаадан арылып, жакшылык жаайт. Ушул күнү жуучу түшүп, нике кыйылса, жакшы жышаан. Жакшы тилек менен иш жасаган адам ниетине жетет. Бул сапарга таң куланөөк салганда чыккан жакшы. Күн Чыгыш беттеп сапар жүрүүгө болбойт. Ушул күнү кандайдыр бир изги тилек менен үлгүлүү иш баштаса, үй тургузууну баштаса, чачын, тырмагын алдырса жакшы жышаан. Мейманкерчиликке баруу да жөндүү болот.
Шейшемби. Бул күнү кийим бычып-тигүүгө болот. Тигилген кийимди ошол күнү кийсе болбойт. Анткени ушул күнү тигип кийген кийим сөзсүз өрткө кабылат деген түшүнүк бар. Тырмакты, чачты алса да болбойт. Түрдүү ооруга чалдыгуусу мүмкүн. Кулак кычышса, көз тартса сөзсүз садага берүү керек. Бул күнү жуучу түшүүгө, нике кыйууга болбойт. Бир жакка сапар жүрсө шашкеде чыккан дурус. Түштүк багытына сапар жүрүүгө болбойт. Ата-энеден жалгыз туума болсо, ушул күнү сапарга чыкпоосу ийги.
Шаршемби. Бул күнү бир үйдөн экинчи үйгө көчүп кирүүгө болбойт. Ошол көчүп кирген үй кырсыктуу болуп кара жолтой аталып калуусу мүмкүн. Ушул күнү жаңы кийимди бычып тигип кийсе өтө жакшы. Чач, тырмактарды да алса болот. Ушул күнү кулак кычышса, да үйгө киреше кирет, оң көз тартса бөтөн жерге жалоочулап сапар тартат. Бул күнү сапарга таң супасында чыгып кеткен дурус. Жуучуга барып кудалашса, нике кыйса боло берет. Ушул күнү төрөлгөн перзентке каалагандай ысым койсо жараша берет. Төрт тараптан оомат келүүчү, ар кандай жакшылыктарга жарчы болоор жеңил күн деп саналат. Ошол себептүү, ушул күнү малды биттөө, түрлүү оорууларды тескеп кароо жагымдуу болот. Ушул күнү бойго жеткен кызды өз түгөйүнө узатуу салтанаты болсо андан жакшы.
Бейшемби. Бул күн ак төөнүн карды жарылган береке, молчулуктун, токчулуктун күнү. Ушул күнү ай дагы, күн дагы катуу тутулат. Түрдүү кырсык, оору, өлүм ушул күнү өтө көп болот. Ушуга карап азык-түлүк, сарамжалын шай кылуу зарыл. Жаан-чачын да орточо абалда болуп турат.
Жума. Бул күнү ободо Чолпон жылдызы ээлик кылат. Бул күнү жамгыр нөшөргө айланат. Бала-чаканын ден соолугу жакшы болот. Элде азык-оокат, кененчилик болот.
Ишемби. Бул күнү көчүп-конуу жакшы жышаан. Жаңы кийим кийген жакшы, көпкө турбай тез жыртылат. Кулактын ушул күнү кычышуусу - жылуу кабардын жышааны. Оң көздүн тартуусу да жакшылыктын белгиси. Дал ушул күнү чоң-чоң иштерди баштаса өнүмдүү болот. Анткени иштин башы ишемби деген сөз бекер жеринен айтылган эмес. Ушул күнү иш баштаса, соода-сатык жакшы жүрөт. Эгерде сапар жүрсө, бешимден кийин жолго чыксын.
Жекшемби. Жаңы кийим бычып-тигип кийсе жакшы жышаан. Кулак кычышса, конок күтүлөт. Оң көз тартса, чоң олжого туйтунат. Үйдүн ичин тазалоо зарыл. Арбактар ушул күнү үйгө байырлап, түрдүү кырсыктардан арылтат. Алыс сапар жолго чыкса, сарт бешимден кийин камынса дурус. Жаңы үйдүн жерпайын бул күнү түптөөгө болбойт. Бул күнү жан жыргатып эс алганга не жетсин!
Эмне үчүн кыргызча ай аттары жаныбарлардын атынан аталган? Кыргызча ай аттарынын бешөө: (март - жалган куран, апрель - чын куран, май - бугу, июнь - кулжа, июль - теке) жаныбарлардын аттары менен аталган. Куран - эликтин эркеги, ал эми ургаачысы телки делет. Курандын мүйүзү кышында түшүп, ала шалбырта кайрадан өсө баштайт. Мартта анын куран же телки экенин алыстан ажыратууга мүмкүн эмес болот. Апрелде болсо мүйүзү кадимкидей сороюп өсүп калгандыктан, ал алыстан эле таанылат. Ал эми май айында бугулардын, июнда кулжалардын, июлда текелердин эркектери ургаачыларынан бөлүнүшүп, өздөрүнчө үйүр курашат. Ошондуктан, кыргыз эли айларды жаратылыштын ошол өзгөчөлүктөрүнө жараша жогоркудай атап алышкан.
Адамдык касиет
Мээнеткечтик. "Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу". (макал)

"Өмүрдүн атасы эмгек, энеси - жер,
Марыткан баарыбызды - берметтей тер.
Жараткан ай-ааламды эчак мурун,
Адамзат, табигатты эрмектей бер." (Аалы)

Мээнет - бул эмгек. Мээнеткечтик - эмгекти, мээнетти сүйүүсү. Т.а. эреселүү эмгектин артынан сая түшүүсү. Түштүк кыргыздар "мээнет күн" дейт. Түндүк кыргыздар "эмгек күн" дейт. Экөө бир маанилеш. Бала чактан эмгек кылууга умтулуу, албетте, келечегине даңгыр жол чабуусу. Эмгек эресеге жеткирүүсү. Мисалы, мектеп окуучулардын өндүрүшү - окуу, жакшы окуу, алардын мээнеткечтиги ошол аркылуу өлчөнүүсү. Демек, ал менен келечекте ким болоору, кандай адистикти тандап алаары, өмүрү байсалдуу кетээри, элге ак кызмат өтөөрү аныкталуусу. Бул - ойлогон оюна, көздөгөн максатына жетүүсүн түшүндүрүүсү. Эмгек - адамды көрктөндүрүүсү. Мээнеткеч менен жалкоонун айырмасы асман-жердейдиги. Таасын айтканда, жалкоонун казаны толо кайнабоосу. Мээнеткечтик - төптүктүн, тактыктын, адалдыктын эң бийик сапаты.
Учкул сөздөр.
"Эгин айдоо - байлык айдоо".
"Эл дөөлөтү - эмгек, эмгек баарын жеңмек".
"Эгиндин жайын эккен билет, арабанын жайын чеккен билет".
"Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан".
Бул күндөгү даңктуулар ак эмгегин тапкандыр.

"Даңкты сатып албайт,
Зордуктап бербейт.
Эмгек даңксыз келбейт,
Акыйкат теңдейт". (Аалы)

Даңк, атак ээси - эмгек экенин ар дайым эске тутуубуз...
Оюнга чыгаруу. Бул элдик таң-тамашаларга катышуу. Ар-намыс үчүн оюнга түшүүсү. Адатта, аш-той берген жерге барууда, илгери айыл башында тургандар өзүлөрүнүн "балбандарын", "эр эңишчилерин", "тыйын эңүүчүлөрүн", "жамбы, ордо атуучуларын" салдыруучу жорголорун, чабылуучу күлүктөрүн, мүнүшкөрлөрүн, ж.б. кошо ала барып, сурнайларын тартып, добулбастарын кагып, калдайып келүүсү, адамдары чыкпай, күлүктөрү, жорголору кошулбай калуу өңдүү жоруктар ошол элдин намысына камчы чабуусу. Ошондуктан ар бир элдин күн мурунтан даярдыкта жүрүүсү, оюнчулары болуусу, таң-тамашалар жандануусу. Мында башка жактардан атайын келип, байгени алып кетүүлөрү да кездешүүсү...
Журт күйөө. Бул башка жактардан ооп келген адам. Жашоо-тиричиликтин ар кандай жагдайлары аркылуу ошол айылдан аял алып, бала-бакыралуу болуп, ал жерге байырдап калган күйөө. Аны айыл үстү жакшы маанайда кабылдап, өзүлөрүнө иймерип калуулары. Кайын журтунун арасынан кадыр-барк күтүүсү, эли менен эл, журту менен журт ич ара батышып кетүүсү. Т.а. күч күйөө кайын журтунун үстүндө жашаса, журт күйөө айыл ичинде жашайт.

Тексиз адам. "Тегимди сурап жатасың,
Тексиз жандан дедиңби?
Калкымды сурап жатасың,
Калкы жок наадан дедиңби?" (Семетей)

Бул - ата-теги сүрүлбөй, унутта калган адам. Эч ким айтып бере албайт. Адатта, эркек баланын санжырасы сүрүлүүсү зарыл:
Биринчиден, ата-энеден эрте ажырап, багаар-көрөөрү жоктор бир жакка ооп кеткенде ушундай абалда калуусу;
Экинчиден, кайрадан кайрылып келип, ата-тегин иликтебөөсү, ага өзүнүн кызыкчылыгы жоктугу, бет алган жерде-элде байырдоосу. "Башка өскөндүн боору таш, ташта өскөндүн туягы катуу" дейт.
Үчүнчүдөн, ал адамдын эл-жерин сурап, боолголоп уруусун билүүчүлөр бар, ошол жашап жаткан, көбүрөөк жакшы көргөн адамдын же уруунун ынтымагында жүрүүсү.
Төртүнчүдөн, "тексиз" деген ата-бабасынан бери букара, кембагал-кедей, каратаман өңдүүлөргө чаап кетүүсү.
Тежемел бала. Бул - энесинин эмчегин эмбеген бала. Ага карата бир топ себептери бар:
Биринчиден, энеси ымыркайында өлүп калуусу, бирөөлөрдүн колунда болушу;
Экинчиден, этек алдынан бирөөлөрдүн асырап алуусу, башка тамактарды берип багуусу. Эне сүтүнөн куру турушу. Тежемел жетим баланын мүнөздүү белгиси: ирбийиңки, боюнун пас, чыткурсак, кыйдыраак көрүнүшү. Албетте, айрымдар эне сүтүн эмбесе да, багуусу жарашса, мантайып, тамакка токпейил тартып, капарсыз өсүшү.
Койчудан кош босого коркот. Бул - койчунун оор турмушун элестетүүсү. Кой артында, талаа-түздө, тоо-таштарда, адыр-белестерде, ысык-суукта, кара нөшөрлөрдө, чагылган чартылдаганда, алай-дүлөйдө, тумандуу күндөрдө, ит-куштар колдон талашып турганда, мал багуунун азап-тозогу малчыга жүктөлгөн түйшүгүн элестетүүсү. Кечинде мал короого киргенде, анын кандай кайтарып келгенин, эмне кыйынчылыктарга кабылганын, алдыртан кабак-башын байкоолору.
Босого - боз үйдүн эшигиндеги кош таяк. Өтмө мааниде алганда, үйгө кирээрде үй-ичиндегилер койчунун ушундай акыбалын сезүүлөрү, ага жагымдуу-алымдуу мамиле кылуулары...
Шыбага. Бул - өзүнө тиешелүүсүн берүү. Т.а. тамак-ашка карата айтылуусу. Адатта, кыргыздар мал союусу, анда ар бир адамга таандык устукандардын чыгаруусу, ошол чактарда бирөөлөр ал жайда болбосо, ага да өзүнө ылайыктуу энчисин сактоосу, берип жиберүүсү. Илгери кичинекейлерге арналуучу бөйрөк, шыйрак, жүрөк, моюн, керчилдек, жаак-тил сыяктуу даамдарды арнап, сактап коюусу...
Чыныгы адам. Биринчиден, ал - бирөөгө тырнактай зыяны жок, таасын адам. Т.а. колу жана тили тийбегени.
Экинчиден, бей-бечараларга, кары-картаңдарга, кедей-кембагалдарга боорукер, тоюндуруу, кийиндирүүсү. Жыйынтыктап айтканда, динден кайра чыгуудан, отко күйгөндөй качкандай качуунун өзү - ыймандуулук. Ыйман - негизи, диндик түшүнүк. Өлөөр алдында: "Адамдын ыйманын айт", "Ыйманың жолдош болсун", - дейт. Тирүүчүлүктө "ыйманыңды жегир","ыйманы жок", "ыймандуу бол, балам", - өңдүү сөздөр айтылуусу. Адеп адамдардын тирүүчүлүктөгү оң жүрүш-туруш эрежелери. Ошентип, ыйман биринин маанисин бири толукташы...
Зайып зат - асыл зат. Бул - кутмандуу элибизде эркек-ургаачыны Кудай-Таалабыз эгиз жаратканы. Ошондон өмүр таралуусу. Ошондон турмуш жаралуусу. Адам ата, оба эне (исламда Хавва, Ева) эң алгачкы аял заты, адамзаттын түпкү энеси бүткөндөн бери зайыптардын сынга толтуруусу. Кыргыз Атада калыс калктын кароосунда асылзат аялдардын төмөндөгүдөй бөтөнчөлүктөрү алмуздактан бери бааланып келүүдөсү:
Биринчиден, жамандык-жакшылыкка тең кароосу, кабак-кашым дебөөсү, эри менен эриш-аркак болуусу;
Экинчиден, өзүнүн күч-аракетин алдын-ала ойлонуусу, жары барда, жокто ар-намысын, абийирин сактай билүүсү;
Үчүнчүдөн, билгиликтүүлүгү, түгөйү үчүн жан-дилинен кызмат өтөөсү, акылга шериктиги, эч бир кине коюуга болбостугу;
Төртүнчүдөн, жүзү ачык, баскан турганы шайыр-шайдоот, айылы да, төркүндөрү да, кайын-журту да сыймыктануусу;
Бешинчиден, албетте, чырайлуулугу, нурдуулугу, айкөлдүгү, пакизалуулугу ж.б. сөзсүз эсте туруусу.

Сарпайы кийгизүү. "Кан баласы Каныкей,
Чорого сарпай жабам - деп,
12ден топчу кадаган,
Мылтык оту жадаган,
Жакасы алтын, жеңи жок,
Алып жапты сарпайды." (Манас)

Бул - биринчиден, сырт кийим. Экинчиден, бүт кийимдин аталышы. "Тукабадан сарпай кийигизип, туугандыгын билгизип", - деп да айтылат. Кымбат кездемеден тигилип, урматтууларга, куда-сөөктөргө ж.б.ларга урматтуулар тарабынан баштан аяк кийгизилүүчү кийими, каада-салт күтүүнүн жогорку чеги...
Жаштын тилегин берүү. Бул - адамдын алга карай, илгери үмүткө үлгүрүүсү. Ошондой болууга кылган аста-секин ички аракеттери, "инженер болсом", "врач болсом", "мугалимдикти сүйөм", "журналист аталсам" ж.б. жана башка жаштык кыял чабыттарынын адамдардан өнүп чыга келүүсү. Жаштык тилек - таттуу тилек, максатту эмгек. Келечегине кесип тандоосу, анысы дал келүүсү...
Эл ичинде миң киши, үйгө келсе бир киши. Бул - адамдардын сапаттарына карата айтылуусу. Айрымдар элдик аталып, калк аралоосу. Айрымдар калк арасында кадырлуу, барктуу-нарктуулугу. Үйүндө, өз чөйрөсүндө катардагылардын бири, жөнөкөй көрүнүүсү, саналуусу. Жалгыз аттуулар, жайдак тондуулар эл ичинде өзүнүн өнөрү, чегелүүлүгү, айлакер, амалдуулугу, туурадан сөз тапкандыгы, туюктан жол чапкандыгы, чебердиги аркылуу "топ бузуп", ошонусу менен алыс-жакынга бирдей таанылуусу. Мисалы, Жейренче менен Куйручук, Жоошбай, Шаршен, Мидин, Байдылда өңдүүлөрдүн атак-даңктары артылып барууда...
Устукан шайлоосу. Бул - наркты-салтты сактоочулук. Кыргыз Атада мал союусу, келген меймандарды сыйлоосу, аш-тойлорду өткөрүүдө, ошого карата тартылуучу табактардын сыйлуулугу. Мындан ич ара бири-бирине тап жылдырбоолору, ата-баба ар-намысына доо кетирбөөлөрү. Келген адамдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуулары, ошого жараша ага устукандын ылайыкташкандыгы, табакчы (чыгданчы) алдын-ала билип туруусу.
- Үйгө кимдер кирди?
- Токтонаалы карыя.
- Аа, ага жамбаш ылайыктуу.
- Дагы кимдер олтурат?
- Ага жото жилик шарттуу.
- Алтынай байбичеге куймулчакты коөлу.
- Ага тыштуу кабырга, беркиге каржилик.
Мына ушундай жол-жоболордун жеринен шартталып келүүсү аркылуу элибиздин ызаатын билдирүүсү. Бодо эти менен жандыктын этин тартууда өзүнчө аксакал устукандардын бардыгы. Төөдө, жылкыда, уйда, топоздо уча, бел арка, моюн арка, жамбаш, тыштуу кабыргалар барктуу туруусу.
Устукан мүлжүүсү. Бул - Кыргыз Атанын жакшы адаты. Элибиз беш түлүктү бел тутуп, андан ар кандай азыктарды камдагандыктан, мал союунун, аны мүчөлөп бузуунун, ойдогудай бышыруунун, устукандоонун, ар бир адамга улуулата-кичүүлөтө эт тартуунун маданият жагынан укмуштай салтты-наркты сактообуз. Устукан алууда, мүлжүүдө:
Биринчиден, этти итче тиштебей, жулкуп-булкубай, этин бычагы, макиси менен шашпай кыя кесип жешти билүүсү;
Экинчиден, бирөөгө устукан сунууда сөөктү жылаңачтап жибербөөсү;
Үчүнчүдөн, устуканды "бөрү мүлжүш" кылбоосу, таптаза кылуусу, (Бөрү мүлжүш - сөөктү чала-чарпын, шашып-бушуп мүлжүш). "Сөөктү таптаза мүлжүгөн адамдын кызы сулуу болот" деген ишенимдин бардыгы. Ачарчылык сөөктү таза мүлжүбөөдөн экенин абалтан ата-бабалар эскертип келүүлөрү.
Аксакалдарга төр, жаштарга жол. "Карылар ашка, жаштар ишке". (макал)
Бул ич ара ызаттоонун жана бир мыкты белгиси. Кыргыз Атадан кезегинде карыялар, байбичелер укмуштай сый-урматка татып туруусу. Кичүүлөр алардын алдында кыя өтпөөлөрү, тик акаарат сүйлөбөөлөрү, төрдүн төбөсүнө чыгаруусу, ким болсо да "алдына аш, эки колун бош коюусу". Анткени, алардын өз учурунда адамдык касиети, каада-салтты талаптагыдай өтөөлөрү, ошол нарк-назилди кийинкилерге нарктап-барктап өткөрүп берүүлөрү. Ал мындай тер, таман акысы аркылуу ушул кан жолдон тайбай, жаштары андан ары улап кетүүлөрү. Ошентип, карыялары ойлогон оюна, тилеген тилегине, максаттарына жетүүлөрү. Демек, мындай көрүнүш улуулардын жолу улуктугун билдирүүлөрү.
Жаман туугандан жакшы кошуна артык. Бул - ата-бабадан келе жаткан ак сөз. Биринчиден, кирди-чыктысы бирдиги, дасторкондошу, келди-кеттилерди бирге тосуучулугу, узатуучулугу. Т.а. биринин жакшылыгын-жамандыгын тең көрүшүүчүлүгү.
Экинчиден, кээ туугандардын жөнү жок болушу, алды-бердини, жакындык жагдайын билбегендиги, бир гана баягы тууган атын сактоочулугу. Ошон үчүн кошуналык милдети күчтүүлүгү, аны ыраазы кылуу зарылдыгы... Мунун экинчи түшүнүгү: "Алыс туугандан, жакын кошуна артык", - дегени.
Бирөөнүн тамак-ашы бирөөгө таңсык. Кыргыздар - жаратылышынан берекелүү калк, кирди-чыктыларга дасторкону жайылуу, маңдайы жарылуу, оту ойноп, кабагы жайнап туруусу. Конок келсе, ырыскы кошо келээрдиги. Ошондуктан бирөөлөр үчүн эшигинин ар дайым ачыктыгы. Башкаларга даам таттыруусу. Даам татуусу аркылуу досунун ашын касындай жеп берүүсү. Ушундан атайын уюшуп тамак ичүүсү. Т.а. деңгене жешүүлөрү, жоро ичүүлөрү, шерине берүүлөрү пайда болуулары.
Экинчиден, тамак бар жерде дымак бардыгы. Бала-бакыралардын бир жайда болуулары, алардын ынтымактарынын ширелүүсү, турмуш-тиричиликте, ырыс-кешикте ортоктоштугу...
Баш маанек кылуу. Бул - бир орунга байырдоосу. Ошол жерден орун-очок алуусу. Аны айыл үстү кабыл алуусу. "Бөлөк-бөтөн экен", - деп жерибей, ич ара батырып калуулары.
Биринчиден, ал пенде андай жагдайларга жашоо-тиричиликтеринин анча өтпөй калууларынан, жер тандап барууларынан;
Экинчиден, бирөөлөрдөн абдан ыдык көрүүлөрүнөн, куугунтукка учурашынан;
Үчүнчүдөн, өзү бир жосунсуз иш кылып, ал жайга батпай калууларынан, амалы түгөнүүсүнөн;
Төртүнчүдөн, таарынуу-урунуудан айласыз жер которуусу...
Аккан сууну арамдабоосу. "Суу жок болсо, турмуш жок" (накыл). "Суу сыйлаган зор болоор, суу сыйлабаган кор болоор" (макал)
Кыргыздар: "Суусу түгөнгөндө, бул дүйнөдөн өтөт", - дешет.
Демек, биринчиден, сууну карап түкүрүүгө, акаарат айтууга болбойт. Бул ичкен ашына түкүрүүгө барабардыгы;
Экинчиден, мелмилдеп аккан сууга таш-топурак ж.б.ларды ыргытышпаганы, ал бирөөлөрдү башка уруудай көрүнгөндүгү;
Үчүнчүдөн, мисалы, ар демелердин өлүктөрүн, акыр-чикирлерин, арам нерселерин аккан сууга агызбагандыгы (ыргытпагандыгы), шапшыбагандыгы;
Төртүнчүдөн, көлчүккө чөлмөктөтүп заара кылбоолору. Акыры, айла кеткенде: "Аккан сууда арам жок", - деп, адамзат пенделери аны тундуруп ичүүлөрү...
Башын ачуу. Бул - эр-аялдын никесин ажыратуу шарты. Мунун төмөндөгүдөй себептери бардыгы:
Биринчиден, абалы, эри өлгөн зайыпка таандыктыгы, т.а. маркумдун ашы-жыты берилери менен төркүн-төстөрү кызынын мындан аркы тагдыры тууралуу өтүнүчтөрүн чечүү жагдайы. Эгер кайын-журту анын башын ачкылары келсе, эмерек-кечелерден, мал-салдан өзүнө энчилүүсүн кошо ыйгаруусу. "Барган жеринде бак айтсын", - деп, айыл карыялары баталарын берип, аткарып жиберүүлөрү.
Экинчиден, балалуу аялдын башы ачылбаганы. Башын ачкылары келбесе, жесирин бирөөлөрүнө нике жаңыртуусу, андан бала-чака күтүүлөрү. Демек, жакшы бүлөнү колдон чыгарбоолору...
Үчүнчүдөн, эрди-зайыптын ич ара ынтымак-ыркы келишпөөчүлүгү, акыры ажырашып тынуулары. Бул жалган жана жарык дүйнөдө эрден чыганаактардын, катын аланаактардын болоордугу. Башын ачууну бий аркылуу жүргүзүүсү.
Уяттуулукту сактоо тартиби. Кыргыз Атадан адептүүлүктүн башаты катары:
Биринчиден, бирөөлөрдүн көзүнчө жалдыратып, өзүнчө тамак-аш жеп-ичиши. Ал ач болсо, андан анын ток турушу. Эгер тамак-ашы болсо, жеке жебей, өзүнүн дасторконунан ага орун бериши.
Экинчиден, согум сойсо, желе байласа, кырман басса, кошуна-колоңдорду чакыруусу, кебсен бериши, карыялардан бата алуусу...
Үчүнчүдөн, башкалардын көзүнчө кооз, кымбат баалуу кийим-кечек кийип, бөтөнчөлөнүп короздонушу, сүлкүлдөп бөйрөгүн таянып турбашы, албетте, элдик адептүүлүктү сактоосу. Өөн учурабай көпчүлүктүн көөнүнө жагуусу.
Пендечилик. Бул - адамкерчиликтеги ар кыл мамиле жорук-жосундары.
Пенде-адамзат, пендечилик - адамга таандык жалпы сапаттардын жыйындысы. Демек, бардыкка, жокчулукка, жыргалчылыкка, кууралчылыкка, ачкөздүккө, тойбостукка, жайдарылыкка, жакшылыкка, жамандыкка, соопчулукка, көрө албастыкка ж.б. оң-тескери көрүнүштөрдүн болоорлугуна пендечилик шартташканы. Баарына кайылдыгы. Пенде болгондон соң эрксизден көтөрө билүүсү. Пендечиликке барып тоголуусу. Жасабай, чыдабай коюуга аргасыздыгы. Ошондой эле ырыскыны көтөрө билбөөсү, көөп кетүүсү.

"Ааламды жеке билсе да,
Алтындап үйгө кирсе да,
Асманда жылдыз аралап,
Ай нурун кармап минсе да,
Бакытка тойбой адамзат". (Аалы)

Албетте, бул - даана пендечилик. Ал - өмүргө да, үмүткө да, байлыкка да, мансапка да тойбостугу. Барга да, жокко да, чыдамсыздыгы же чыдамдуулугу пендечиликке байланыштуулугу...
Ырыстуу тамак элдики. Бул - Кыргыз Ата тукумунун меймандостугун эң жогорку чеги. Элибиз беш түлүктөн өндүрүлгөн тамак-ашты биринчи орунга коюусу. Кыштан чыгууда атайын согум үчүн жылкы, уй, топоз, төө, жандык союп, андан түймөч кылуусу, жаздагы үзүмчүлүккө - узун сарыга сактоосу. Үйгө келүүчүлөргө "кел бери" болуусу. Уяттуу адамдар келип калат деп "аксакал устуканды", ардактуу эттерди атайын үй-бүлөсүнө бышырып бербөөсү. Майда-чүйдө гана бирдемелерди өздөрүнө кайнатуусу; конок-аяк келгенде да алардан артканын жешкени; сүт, сары май, татымалдарын башкаларга сактоосу. Мейманы тойсо, үй ээсинин жарпы жазылып калуусу. Бала-бакыраларын да ушундай салтка-адепке көндүрүүсү. Демек, бул - уюткулуу журтубуздун азмуздактан берки касиети, ариети.
Пейил күтүү. "Бетиң кызыл жошодой,
Беш минут колуң бошобой.
Пейил күтүп калдыңбы?
Беш жылдык милдет ошондой" (Мидин)

Бул - пендечиликте каада күтүү, өзүнчө кыял-мүнөздөрүн, мурунку жүрүш-туруштарын өзгөртүүсү. Мансапка, байлыкка умтулуусу. Жоро-жолдошторунан керт башын жогору сезүүсү. Айлана-чөйрөсүн, айрымдарын таптакыр теңсинбөөсү. "Капырай, кечээ эле бир жүрүүчү элек, эринин аркасы менен эми минтип, төрө пейил болуп калды", "Адам, чиркин, жылкы кыял эмеспи. Каада күтүп турат", "Бир этегин үзө баскан, бир этегин жаза баскан катын эле, азыр төркүндөрүнө да карабайт, журт катары санабайт". Пейил күтүү - пендечилик.
Тобокел кылуу. (Тобокелге салуу...) Бул - пенденин чечкиндүүлүк менен кароосу. Алды-артына анча тартынып олтурбоосу. Дароо "таш түш таалайымдан, кум түш кудайымдан" болуусу. Ойлогон оюна, тилеген максатына жетүүсү, натыйжасын эртерээк көрүүгө умтулуусу. Адамдардын да ар кандай жаралуусу. Ал бир иштин өтөөсүнө чыгууда, атайын чыгыш үчүн ич ара шар кете албоосу. Кандайдыр тартынчыктап өзүнө-өзү ишенбөөсү. "Тобо" - барга-жокко кайылы, "келтирүү" - ошонун жыйынтыгына тез жетүүсү. Бул "тобо кылуудан" айырмаланып туруусу. Бир чети көз жумдулук аркылуу бирдемеге баруусу...
Эбин тапкан, эки ичет. Бул - айрым адамдардын шылуундугу. Ар иш-аракеттерди аткаруудагы чечкиндүүлүгү. Тигил-бул жагдайлардын көзүн таба билүүчүлүгү. Ошондон улам натыйжалуулукка кабылуусу. Ал сапаттарга каршысы - айрымдардын жатак болуусу, жалкоолугу, эринчектиги...

"Дениң соодо эринбей,.
Бекердикке берилбей,
Эркиң менен иштеп көн,
Эринчээк, жалкоо дедирбей".

Албетте, жогорудагы сөз кыябына Токомдун бул учкул ыры ойдогудай үндөшүүсү.
Бала-бакыранын кыйынчылыгын, түйшүгүн тартпаган турмуш курусун. Пендечиликте бала-бакыралуу болуу ыйык парз. Туштугуна карата ар бир үй-бүлөнүн өзүнчө тагдыры болоору, куйпул турмушта жашоолору, ага канаттуулары, эрди-аял ошол бүлөнүн багылышы үчүн жоопкерчилиги, мал багышы, эгин айдашы, отун алуусу, суу куюусу, ичтен-сырттан табышкердиги, аны үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө үлүштүрүшү, кем-карчын толуктоосу, түйшүктөргө кабылуусу, кабатар болбоосу, ачка-токко чыдоосу, демек, ошол кыйынчылыктардын үй-бүлөдөгү бала-бакыралар басып-турган, ойноп-күлгөн ыракаты аркылуу жоюлушу, унутта калышы...
Колу билет. Бул - элибиздин чеберчилигине карата айтылуучу сөз. Уста-уздардын аруу колдорунан жаралган көркөм буюмдарына, ошол адамдын айлакердигине байланыштуу баяндоосу. "Алтын колдуу", "жез оймокчон", "кайкеч бармак", "колунан көөрү төгүлгөн", сыяктуу таасын сыпаттолоору буга талаптагыдай үндөшүүсү...
Мыкчыгер. Бул - адамдардан чыккан атту-баштуусу. Мыкчыгер - мыкты чыккан инсан. Өзүнүн элинин билерманы, журтунун башкаруучусу. Айткандарында мыкчыгер - ар нерсеге көзү жетип, айткары тетик, элин журтун, уруусун, уругун, бир атанын балдарын, улуу-кичүүсүнө карабай тейлөөчүсү. Башкалары ага моюн сунуусу. Мыкчыгер - калыстыгы аркылуу өзгө-жатка алынган чыгаан адам.
Эл кунары, жер кунары качуусу. Кунар - сапат. Эл кунары - адамдардын сапаты, касиети, жер кунары - жаратылыштын сапаты, касиети. Элден-жерден береке кетүүсү, адамдардын пейилинин таруусу, жер кунары кеткенде жаратылыштын куузан тартуусу, тоолордун томсоруусу, айлана-чөйрөнүн суз көрүнүүсү. Канчалык бар болсо да, нысап-бычактын жоголуусу, "жоктон" башкасы ооздон чыкпоосу, келди-кеттилерди илик албоосу. Сууда балыктын, тоодо кийиктин ж.б. айбанаттардын жоюлушу, адамзат менен жаратылыштын карама-каршы келүүсү, адамдардан баардыгы качуусу, ич-ара өч алуулары менен туюндурулушу...
Өзүн-өзү сыйлоо. Бул - адамдардын жекече асыл сапаты, адебинин ахлак-ыйманын башкалардын алдында сындырбоо касиетинде ж.б. жагдайына шек алдырбоосу.
Кыргыз Атада ар-намыс, абалы;
Биринчиден, ошол өзүн-өзү сыйлоодон, өзгөлөрдү урматтоодон келип чыкканы;
Экинчиден, ушундан улам ата-тегине, баба-салтына, эне адебине доо кетирбөөсү.
Үчүнчүдөн, "баланчанын балдарындай", "түкүнчөнүн кыздарындай", "тигилердин келиндериндей" деген, лакапка, кеп-сөздөргө чалынбоосу, калк арасында такай айтылып калбоолору, ар бирибиздин өздүк сапаттарыбыздын өнө боюбузда болуусу, оң жактарыбызды ыйык тутуубуз, терс сапаттарыбыздан арылуубуз.
Төртүнчүдөн, анын өзүн-өзү билдирүүсү, бөлөктөр үчүн кимдигин баамдап коюусу. Ошондуктан, көпчүлүк алдында: "Башкаларды коюп, ой, сен өзүң-өзүңдү сыйлачы", - дештин өзү пенденин ариетине камчы ойнотуусу...
Өлүмтүк. Бул - пенделердин тиги дүйнөгө аттанууга карата акырындыкта даярдык көрүүсү. Мисалы, карыларыбыз жашоосунда өлүмдүн бардыгын, анын актыгын ар дайым жадында кармоосу. Бала-бакыранын алдында кетүүсү. Адатта, өздүк буюмдары, куран китеби, кепини, жайдамазы, ээр-токуму, самоору, чайнеги, чынысы, аркан-жиби, кабы, жыртышы ж.б. сандыгында сакталуусу, союшунан өйдө даяр турушу...
Аттанып түшүү. Бул - адамдардагы чечкиндүү сапаттардан. Атка минүүнүн, аттан түшүүнүн бардыгы, өтмө мааниде, минүү, аттан түшүү, канчалык жеңил болгондой ишти, милдетти, жоопкерчиликти сезүүсү, ачып көздү жумгуча шамдагай шарт аткаруусу.
Аттан түшүп берүү. Бул - адилеттүүлүк үчүн жыгылуусу. Жакшы адамдардын жекече касиетине доо кетирбөөсү, "лам" дебей өз учурунда моюнга алуусу:
Биринчиден, адам атка минип турса, шарт аттан түшүүсү, чылбырын ошого кармата салуусу. Демек, кутмандуу Кыргыз Атанын абалтан салтын, наркын бийик сактай билүүсү. Ажылдап, талашып-тартышып, бет тырмоо болбосу, калп адилеттүүлүктү издебөөсү.
Кыйытып айтуу. Кыргыз эли кеп-сөзгө чебер. Бирөөгө бир ойду түшүндүрүүдө бир эле түрдүү сөздү түз айтпай, акырын ага толук туюнтууга жеткидей мааниде астыртан өзүнүн талап-максаттарына жетүүлөрү бардыгы.
"Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук" - деген макал буга толук үндөшүүсү.
Төшөк тартуу. Бул - адамдын ооруп калуусу. Ошого карата дары-дармек ичүүсү. Аны айылдаштары эртели-кеч келип көрүүсү. "Кандай болуп калдың?" - дегендерге оорулуу: "Жакшымын" - деп, жооп берүүсү. Кыргыздар ооруса да, өтө чыдамдуулугу жана шек алдырбоосу. "Ооруп жатат", "онтоп жатат", "жөнүкпөй койду", ж.б. сөздөргө караганда адептүүлүгүн сактоосу.
Жалпак олтуруусу. Бул - кыргыз элинин айкөлдүгүнүн жана бир белгиси.
Биринчиден, келген элге пейилди кенен салуусу, жайлантып олтургузуусу;
Экинчиден, ал адамдын кеп-сөзүнө кулак төшөөсү, шашпай, жай олтуруп маселени чечип алуусу;
Үчүнчүдөн, анын конок болуусу;
Төртүнчүдөн, кутмандуу калкыбыздын каада-салтында аттан түшкөн, үйгө кирген жанга мүмкүн катар жок дегенде даам таттырып кетирүүсү...
Келберилик. Бул - Кыргыз Атадагы жагымдуу салттарднын бири. "тур нары", "жүр нары" өңдүү терс сапаттардын карама-каршысы. Элибиздин ар дайым эшигинин ачыктыгы, жайган дасторконунун кенендиги. Кел, бери бас, үйгө кир, даам тат. Келберилик - ата-бабадан калган сыйкордук, кааданы-наркты сактоочулук. "Кел демек бар, кет демек жок" калкыбыздын түпкүлүктүү касиети, ариети...
Бата берүү, бата алуу жана бата тилөө. Мунун төмөндөгүдөй түрлөрү бар:
Биринчиден, адаттагыдай, тамактан соң, батаны бала, анын эң кенжеси туруп тилейт. Бата тилөө - өтүнүүсү, келечеги үчүн жакшылыкты күтүүсү, ага ишенимдүү кароосу;
Экинчиден, бата берүү - кутмандуу карыялардан жана набаттуу байбичелерден бата суроосу.Т.а. алардын берген баталары - кийин-соң дал өзүндөй болуусу. Жаштын тилегине жетүүсү;
Үчүнчүдөн, үйдүн уул-келини катар туруп, бата тилөөсү, келечекте бир максаттуу ишке жароосу, кабыл болуусу. Мисалы, калк кадырманы Аксаамай Кадыраалынын кызына мына бул бата ыроолосун үлгү катары кыскача алууга болот:
Суу куйган балага: "Бакайдай көсөм,
Жээрендей чечен,
Манастай кыраан,
Чынгыздай Чыгаан бол".

Жаш жубайларга: "Улукмандай уул,
Умайдай кыз тапкыла".

Ымыркай кызга: "Жылдыздай жаркын чырай бер,
Күндөй ысык ырай бер,
Тал чыбыктай сымбат бер,
Кылыгын жандай кымбат бер".

Күйөөгө узатар кызга: "Ортоңордон от жагаар,
Опосуздар болбосун,
Барган жериңерде
Бакыт-таалай орносун"...

Карыялардан калган салт. "Баш кийимди бергениң,башыңды кошо бергениң". (макал). Аалам алкактардан келген меймандардын башына ак калпак кийигизип, чепкен жабуу өнөрдү таап алуусу. Кыргыз Ата баш кийимин башка бирөөлөргө белекке берген эместиги. Баш кийимин берүү "башым сиздики" деп, алтын башын тартуулоого барабардыгы. Ушуну урпактарыбыз түшүнүп калуулары:
Биринчиден, ак калпак кийүү Ала-Тоолуктарга гана жарашуусу;
Экинчиден, башкалар баркына жетип, кие да, уруна да албашы.
Адамдын кийими жаш өзгөчөлүктү билдирет. "Кийимге карап тос, акылына карап узат". Адам баласы сөзүнөн, кыймылынан, жасаган ишинен канчалык деңгээлде экени билинип калат. Кээ бир адамдар "эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болуп, жарашабы, жарашпайбы, эл кийсе мен да кийем деп, өзүнүн жашын, өңүн эсепке албай, мода менен кийинет. Туура, "адамдын көркү чүпүрөк". Бирок, кээ адамдар өз кийимине көңүл бурбаганы, эптеп жамынчы болсун деп кийинишеби, аттын куйругун жабыштырган өңдүү болуп калуусу. Кийинки убакта майка-турсичен жана мини-юбкачан көчөдө жүрүүнүн мода болуп бара жатканы өзгөчө тынчсыздандыруусу. Албетте, мында европеец болсо го, эч ким көңүл бурбайт, өзүбүздүн айылдарда ата-эненин тарбиясын көргөн кыргыз жаштардын, кыргыздардын "цивилизованный" боло калышы, ал эми алар менен жарышып элүүгө чыгып калган эркек-аялдар жөнүндө эмне айтмакпыз! Булар башка чоң өлкөлөрдө окуп, жашап, иштеп келди дейсиздерби? Жок, такыр андай эмес. Тарбия ошондой дейсизби? Булар ата-эненин колунда, кыргыз мектепте окуп чоңойгондор. Ошол сыяктуу мода оорусу кеңири тарап, кээ бир улгайган зайыптар, байбиче болуп калгандар, кыска юбка кийип, көчөдө басып жүргөнү же өзүнө, же тегеректерине туура таасир көргөзбөйт.
Албетте, кийим кийиш акылдан. Жүрөктө ыйман, уят, улуттуулук, патриоттук, адамкерчилик сезимдер болуу керек. Ошол адам шылдың болуп калаарын, балдары алардан тарбия алып, алардан да өтүп кетээрин сезүү зарыл. Бир туугандарынын абийирин, ар-намысын түшүрүп коөярун билүүсү тийиш. Адам өзү сокур напсисин ээрчип, оюна келгенин жасай берүүсү өтө олдоксондук. Аксакалдар жарашыктуу калпак, тебетей, жарашыктуу чапан кийип, сакал коюп алибеттүү, оор басырыктуу, урматтуу, өз ордун билген, эл ырысы болуп келгендер. Энелер элечек салынып, денелеринин өмпөк-дөмпөктөрүн көргөзбөй, сымбаттуу, ыймандуу, ыйбаалуу, таза үйдүн куту болгондор. Азыр Чыгыштын таза, тартиптүү, абийирдүү-адептүү маданиятына караганда, батыштын терс жолундагы цивилизациясын биздин жаштар бучкактап алууда. Бүгүн французча, эртең немисче, бүрсүгүнү япончо, кечинде кытайча кийим кийүүдө. Ошол кийим жарашаарын же жарашпаарын эч ойлобой туруп, рекламанын жалганына ээрчип кетүү, албетте, дилдин сокурлугун, жүрөктүн бузулганын, акылдын эң төмөнкү даражада экенин билдирүүсү. Кээде көчөлөрдө алтымыштан ашкан, чачы жаш балдардыкындай кыркылган, чолок көйнөк, кыска юбка кийген кыргыз эле байбичени көрсөң, ушул канчалык чоң эне болду экен деген ойго келесиң.
Картайган адам өз жашына, улутуна, дилине жараша узун жеңдүү, кенен көйнөк кийип, жолук салынса көбүрөөк жарашат. Кыз болобу, аял болобу, узун, кенен, денеге жабышпаган кийим кийсе, өзгөчө биздин кыргыз кыздарынын денесинин түзүлүшүнүн кемчиликтерин жабып, аларды ар кандай көздөрдөн сактайт. Үй-бүлө курам деген кыз эмоцияга берилип, моданын артынан ээрчиши - эң калпыс, кооптуу иш. Пайгамбарыбыз Мухамед САВ:
"Момун өз жанын кор кылбашы керек", - деген.
Андан: "Кантип эле адам өзүн-өзү кор кылсын", - деп сурашса.
Анда ал: "Өзү көтөрө албаган ишти моюнуна албасын", - деп жооп берет. "Кээ бир адамдар өзү аткара албаган ишти моюнуна алышат да, анын аягына чыга албай калып, элге уят болуп, келекелерине калат".
Демек, кийгениң французча мода, чеккениң американский сигарет, маданиятың, билимиң көр казгандай болсо, шылдыңсың, өзүңдү-өзүң кордоо. Дененин ар жерин ачык коюп, жылаңачтанып, тор сыяктуу бүт денени көргөзө турган кийимди кийүү,б.а. аялдарга эркектердей, эркектерге аялдардай кийинүү мактанчылык, элге көрүнүш үчүн жерге сүйрөлгөн кийим элдикке коошпойт. Себеби, кийимди кийүү адамдын өзүнө эмес тегеректегилерине да чоң таасирин тийгизет.
Пайгамбарыбыздан акыр замандын белгилерин айт дегенде: "Сен кийимчен жылаңач аялды көрөсүң, баштарын төөнүн өркөчүндөй чайпап баскан аялдарды көрөсүң" - деген экен.

Олуя Бай уулу Калыгул:
"Этеги жок, жеңи жок чапан чыгат.
Атасынан баласы тапан чыгат",
"Кыргый, кыргый кыялар,
Кыргый талга уялар,
Такыясын колго алып,
Кыз жигитти кубалар", - дегени буга куп келет.

Бул бизде 150 жыл мурда айтылган. Албетте, адамдардын дили бузулуп, акылы кемип, уяты, ыйманы, төмөн, пас акыбалга жетип, эч кимден уялбай, коркпой калган убакта гана ушул нерселер чыгат.
Адамдар эркекпи, аялбы бири-бирине денесин көрсөтүүсү жарабайт. Азыркы трусичен жүргөн кыз, эртең бирөөгө келин, бирөөгө аял болот. Ал - келечекте эне, жеңе, кудагый болот. Мындай кыз кандай келин болот? Денени ачык алып жүрүү кыздардын өзүнө зыян. Себеби, ал ар кандай көздүн назарында калат. Кээ бир ыплас көздөр сугун артып, ага жана психикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Өзгөчө чач аркылуу эң көптөгөн энергия өтөөрүн окумуштуулар далилдеген. Суктанган көздөрдөн өтө сак болуу зарыл. Көз тийип калып, адам майып болуп калышы ыктымал. Көз тийүү адам эмес, төөнү өлтүрөт. Илгери кээ бир көзү курч адамдар жылкыны же төөнү бир эле карап кызыгып койсо, ошол төө же жылкы ошол замат кан сийген. Балдарга же келиндерге көзү тийсе, кырсык болчу ошол себептен ал кишиден өздөрүнүн балдарын жана келиндерин далдалдап бекитчү.
Кийим кийүүдө зайыптарыбыздын сактоочу адептери:
Биринчиден, денелеринин баары жабык болгондугу. Кызыл эти көрүнбөөсү.
Экинчиден, кийим денеге жабышпагандай абалда кенен-кесир тигилүүсү.
Үчүнчүдөн, кийимдердин таза жана жөнөкөй, жарашыктуу, чак көрүнүшү.
Төртүнчүдөн, эркектердин кийим-кечелерине окшошпоосу.
Бешинчиден, ыймансыздардын, адепсиздердин кийгендерине окшошуп калобоосу. Чынында, зайыптар өзүнүн жекече касиетин бийик сактап, бардык ургаачылык өзгөчөлүктөрүн бир гана өзүнүн никелүү, эриш-аркак эрине арноосу, түбөлүк өмүр сүрүүлөрү.
Эли-журтум эсен болсун. Бул - жакшы сөз. Кыргызда каада-салтты сактоочулук. Бир элдин экинчи элге карата айтылган каалоосу.
Журт - уюткулуу элибизди:
Биринчиден, туруктуу ата конушубузду, туткан мекенибизди;
Экинчиден, көчүп-конуп жүргөн орунубузду, түтүн булаткан коломтобузду туюндуруусу. Т.а. башкалар катылбасын, жоо чыкпасын, мал-баш эсен болсун, бейкуттук өкүм сүрсүн өңдүү асыл ой-тилектерди айтуусу. Ушул максатта азап-тозок тарткан ач-жылаңач эл-журтка өз-ара жардам көрсөтүүлөрү, боорукердик кылуулары, мал айдатуулары, ж.б.ларды берүүлөрү, калкты калк катары сактап калуулары. Мындай жагымдуу, алымдуу көрүнүштөр эзелтен бери, өзгөчө кыргыз-казакта сакталып келүүлөрү.
Жүйүр төлдөө. Адатта, кыргызда кой-эчкини төлдөтүү жазда башталган. Т.а. белдик алуу кууту декабрде баштоосу, апрелде төлдөөсү. Белдик тагуу - жайлата кочкорлорго, текелерге куутка-туутка мүмкүндүк бербөөсү.
Жүйүр төлдөтүү - жандыктардан күздө да, жазда да төл алуусу. Жылына эки курдай куутуна да, туутуна да шарт түзүүсү.
Койчо төлдөө - зайыптардын жылына төрөөсү, балдардын бир, бир жарым, эки жаштан төрөлүшү. Кимиси улуусу, кимиси кичүүсү анча баамдалбай калуусу, тең чоңоюшу.
Учурунда жандыктарды эки жылда үч курдай төлдөтүүлөрү да болгон.
Бир кыялын санасам, сүйгүм келет, бир кыялын санасам, күйгүм келет. Бул учкул сөздүн мааниси, айрымдардын кыял-жоруктарына карата айтылышы. Арийне, ар бир жандын оң-терс жактарынын болушу, м.а. күн тийген тарабы да, көлөкө тарабы да бардыгы. Кээлеринде оң жактарынын басымдуулук кылышы, кээлеринде терс жактарынын көбүрөөк көрүнүшү. Пендечиликте жалаң жүз байыс жакшы, же жалаң жаман тараптын жаралбашы, оомалуу-төкмөлүү жашоо-турмушта сүйүүнүн да, күйүүнүн да бир жүгүшү. Опосуз дүйнө ошонусу менен кызыктуулугу...
Буга: "Каргайын десем, жалгызсың, каргабайын десем жан койбогон байкушсуң", - деген макал үндөшөт.
Мал тапкандын жазыгы жок. Кыргызда "мал баккандыкы, кетмен чапкандыкы", "мал ээси машаяк", "мал ээси менен, баш мээси менен" деп айтылат. Негизи, бул - ак эмгектин таман акысы, маңдай тери тууралуу ойдун чабыт алышы. Натыйжада, байлыкты тапканы, бакканы үчүн ал өзү үзүрүн көрүүсү тийиштиги, башкалардын ага иши, тиешеси жоктугу. Ал өзү гана малына, башына эгедер экендиги.
Эртең менен жаман сөз сүйлөбө. Бул - жакшы адат. Ак жол адамзатка таң эртеден башталуусу. Кыргызда: "Эртең менен жолуң болсо, кечке чейин таскагыңдан жазба", - дейт. Демек, кечке чейин жанга-бойго дымак берүүсү. Иштесең ишиң өндүрүмдүү болуусу. Ошол күнкү жашоо-тиричилигиң ошого байланышуусу, ж.б. ойду туюндуруусу.
Таңкы насипти таштаба. Бул - өзүнчө накыл сөз. Пенде ырыскысы ушундан башталуусу. Элибизде бир жакка аттанаарда , таңзаарынан болобу, канчалык шашылыштабы, сөзсүз үйдөн даам ооз тийип, анан жолго чыгуусу.
Экинчиден, бирөөлөрдүн үйүнө барса, кирип калса, даам сыздыруусу, адатта, элибизде мында нан улук, муну алдыга коюусу, максым, кымыз, бозо, айран-сүт алып чыгуусу. Эртең мененки насип катары ат жалына тийгизип, ооз тийгизүүсү, жутуп жиберүүсү. Анан шарт бастырып кетүүсү.
Саламдашпай сөз баштабоо. Бул - адептүүлүктүн бир түрү. Адамдар бири-бири менен улуулата учурашуусу. Улуулар "алик" алмайынча, толук учурашып бүтмөйүн, кичүүлөр озунуп сөз катпоосу. Улуулар айтмайын, сурамайын, кичүүлөр айта турган оюн шашып-бушуп, ортого койбоосу. "Ат сурамак сүннөттөн, сөз сурамак ызааттан", - деген накыл мына буга төп келүүсү.
Аты-жөнүн суроо расми. Бул - элибиздеги ызааттардын биринен. Адамдар, абалы, учурашат, кол алышат. Бара-бара таанышат. Ошентип аттарын сурашуусу, элин-жерин, тууган-уруктарына чейин айтышуусу. Ошондо жер тамырынан эл тамыры көп экендигин билүүсү. Т.а. сураша-тааныша келсе, "карын бөлө чыгуусу". Мындан санжыра-салты, назил-наркы чечилүүсү. Ата-бабабызда ушундай жолдор аркылуу элдик касиетибизди алмуздактан бери сактап калуусу. Азыркы түшүнүктө алганда Кыргыздын асылзаада демократиясы жеринен так ушундай жөрөлгөдө болуп келгендиги...
Отурушта сөз баштоо салты. Бул - ата-бабадан келе жаткан жакшы жөрөлгө. Кыргыздар уй-мүйүз тартып олтурушуп, санжыра чечишкени, бир маанилүү, таалимдүү, тарбиялуу окуяларды бала-бакырага карата баяндоолору, ж.б. нарктуу кеп-кеңештери. Төрдө олтурган карыялардан, оозунда сөзү барлардан, көптү көргөндөрдөн башталганы. Калгандары ал адамдын сөзүнө уюп отуруулары.
Мында:
Биринчиден, ошол чечендин сөзүн угуучулары бөлбөөлөрү. Ортодон кеп-сөз катпоолору;
Экинчиден, андай жайда ич-ара шыбырашып, сүйлөшүп кетпөөлөрү;
Үчүнчүдөн, улуулардан мурда сөз сүйлөөгө жулунбоолору;
Төртүнчүдөн, эшиктен кирүүчүлөрү да салам айтпай, отургандарга кол да бербей, акырын тып отура калуусу, ал аңгемеге кулак тосуусу. Айтуучу сөзүн бүтөөрү менен ордунан туруусу, салам айтуусу, улуулата кол берүүсү. Т.а. сөздү айтуу кандай өнөр болсо, отургандардын уга билүүсү, ошондой өнөр экенин билүүсү, ар дайым жадында сактоосу.
Балдарына карата ата-энелердин орчундуу милдети.
Биринчиден, балдардын бүткүл адамзатка пайдалуу инсан кылып тарбыялап-таалимдеп өстүрүүгө күч-аракетти, айкын максатты көздөөсү;
Экинчиден, балдарыңызды тапкан кирешеге карата кайгы-капасыз жакшы багуусу, аларга мыкты жол көрсөтүүсү;
Үчүнчүдөн, динди үйрөнүүсүн, дене жана рух тарбыясын алуусун ата-энеси көзөмөлдөөсү.
Эне сүтү - ыйык сүт. Ак сүтүн берип, алдейлеп өстүргөн ыйык энесинин сүтүн эч нерсе менен алмаштыра албоосу. Эне сүтү баарынан баалуулугу. Ал төмөндөгүдөй касиеттерге эгедер:
Биринчиден, асан чакырылып, балага ат энчиленет. Анан байбичелер сары май бузуп, наристени оозандырат. Эне эмчек берет. Мемиреп бала уйкуга кирет. Сүттө балага пайдалуу бардык заттар бар.Төрт айына дейре бала жалаң эне сүтүн эмет. Ошондуктан, балага буламык кайнатып, куйрук сордурат, жаргылчак талканы да баланы ирдентет.
Экинчиден, эне-бала эмчек сүтү аркылуу ажырагыс болуп калат. Сезимдери, сүймөнчүлүктөрү, мээрими бири-бирине өтөт. Ымыркай, абалы, энесин тааныйт, талпынат, кубанат. Албетте, бул акырына дейре сакталуусу тийиш.
Үчүнчүдөн, жаңы төрөлгөн ымыркайдын денеси таза,аруу, кир кол менен кармагыс. Муну эненин эмчек сүтүндөгү жандуу клеткалар ар кандай жугуштан сактайт.
Төртүнчүдөн, бала эки айга чейин эмчек эмбесе, ич өткөккө кабылат. Эне сүтү ич өткөктөн көз көрүнөө сактайт. Наристеге мындан башка чаранын дабаасы болбой калат.
Бешинчиден, эненин эмчек эмизүүсү баланын өмүрүн сактайт. Төрөлгөндө ошол замат баланы эмизсе, баланын тону бат түшөт. Жатындын кан агуусу тып токтойт. Т.а. бойго жетүүнүн аралыгы канчалык узак болсо, эне-баланын дени сак, жаман ооруларга чалдыкпайт.
Алтынчыдан, алты айга чейин эмчек эмизген эненин бойго бүтүүсү токтойт. Албетте, бат эмчектен чыгаруусу же кыргыздарда бирөөлөргө асыранды берүүдөн кайрадан бойго бүтүү пайда болуусу.
Жетинчиден, эне сүтү баланы кычыткыдан сактайт, энелер, чоң энелер андайлар болбоо үчүн киринтип, кара тузга тез-тез денесин чайкап коет. Кээде таза эмес бөтөлкөдөн упчу беребиз, мында энелерибиз тазалыкты мыкты сакташкан.
Сегизинчиден, эненин сүтү баланын талаптагыдай өсүшүнө себепкер. "Эмчек эмбеген бала", "Эмчек сүтүн тоө эмбей калыптыр, бою кичине болуп калуу ошондон", ж.б. дейбиз.
Тогузунчудан, бала эмчекти жаны калбай чопулдата эмет. Эне балкып ийип берет. Ошондо таңдайы, тили, жаагы жана анын булчуңдары ойдогудай өсөт. Бул жарык дүйнөгө алып келген, эч нерсе менен теңдешсиз энебиздин керемети мына ушунда!.. Ошондуктан, эне тили, эне сүтү дейбиз.

Ата-энеге кызмат кылуу.

"Эмгек менен көзүн ачкан эл экен,
Эр коргогон өзүңөрдөй эр экен.
Сузуп алса, түгөнбөгөн булактай,
Эне-атага бала деген дем экен." (Осмонкул)
Үй-бүлөчүлүктө ата-энени карабай коюу - Кыргыз Атада өлүмгө барабар. Ата-энени ташташ - өтө жат көрүнүш. Ар бир адамга ата-энени багыш - анын эң ыйык парзы. Өзгөчө карылык курактарында жакшы мамиле кылууга ата-эне үмүткөр. Ал эми анын тилин албоо, аларга үндү бийик чыгаруу, каяша айтуу, кекетүү-мокотуу, кагып-силкүү кечиримсиз күнөөлөрдөн.
Биринчиден, бала аларга боорукердик мээримин жайып, өзүн алардан төмөн коюшу;
Экинчиден, алардын талабын, буйруктарын, ири алды аткаруулары;
Үчүнчүдөн, өтө карыган чактарында карт денелерин сүйүндүрүүгө, кубандырууга тил табышуулары;
Төртүнчүдөн, муктаж, зарыл, керектүү нерселерин бүт алып берүүгө, өлүмтүгүн камдоосу, т.а. дайыма каржылоосу;
Бешинчиден, алардын досторуна, жакшы санаалаштарына, көзү барда да, көзү өткөндө да жакшылыктарын көрсөтүп туруулары;
Алтынчыдан, атага караганда эненин түйшүгүн эске алуулары, (он ай көтөрүүдө бардык мүчөлөрү түйшүк тартты, эмизди, эң кур дегенде эки жыл бала көкүрөгүнөн чыкпады. Үй ичинин түйшүгү, уйкусуз түндөр, 35-40тарга дейре баланы ойлонот, толгонот).
Жетинчиден, сапарга чыгууда, үйлөнүүдө-жайланууда, бирдеме соөрдо, батага чакыруу, бирөөлөргө катышуудан мурда ата-энеге акыл салуулары аркылуу бала өзүнүн ата-энесинин ак милдетин өтөөсү. Ооба, бул ата-эне карыганда сөзсүз кенен камкордукка алынуусу. Жылуу жумшак мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүүсү - ата-эненин акысы. Аны бузууга бир да адамдын укугу жоктугу. Пайгамбарыбыз: "Ата-энең сенин жаннат дарбазаң, кааласаң аны тургуз, кааласаң аны бузуп сал, Жаннаттын ачкычы энеңдин таманында" - деген. Жана ушул сыяктуу аяттар, хадистер бизге, ата-энеге карабай коюу кандай чоң күнөө жана жаман ыплас, адамкерчиликке жатпаган иштерден экенин көргөзүп турат.
Мындай бир мисал бар: Кемпирдин жалгыз келини болот. Күндөрдүн биринде байбичени тезекке ээрчитип барат да, кайын энесин акырын жардын башына алып келет, жаман оюнда келини учуруп жибермек. Айылга: "Кайын энем жардан учуп өлдү", - демек. Келининин бул кара ниетин кары туят. Мына эми жардан түртүп жиберейин дегенче, кайын энеси: "Балам, менин жалгыз уулумдун келинчегисиң, жардан түртмөкчү болуп атасың, сенин эки уулуң бар. Эки келиндүү болосуң. Ошолордон кандай опо көрөсүң, ошол эсиңде болсун, эми түртүп ий", - дейт. Келини дароо ойлоно калып: "Ий, и, чын эле!", - дейт. Ошентип, кайын энеси бир ажалдан калыптыр...
Сексенинчи жылдардын башында Кемин тарапта бир карыя эртелеп туруп, белди бекем бууп, айылды үймө-үй кыдырып, кошуна айылдарга, тааныш-тамырларына дейре барып, баары менен коштошуп чыгат. Чыгат да: "Кош болгула, эли-журтум, мен карылар үйүнө биротоло баратам. Өткөн-кеткен иштерим болсо, кечирип койгула!? "Уулду тууйт, убайын туубайт, кызды тууйут, кыялын туубайт", балам бар деп, сүйүнбөгүлө, балам жок деп күйүнбөгүлө. Ал ыймандан, адебинен тура!". Кемпиринен мурун эле ажыраган бул Карыя таягына сүйөнүп, карт денеси, "калч-калч" этип, кадам шилтеп, жөнөгөндө көрүп-билип жүргөндөр караан үзгөнчө көздөрүнөн жаш агып, узатышкан экен.
Карыялар үйү - камкордук, бир чети - кордук!..
Элдик пайдалуу кеңештер. Кыргызда тамак бышыраарда, казанды какшытып алуучу, себеби, жаман жыт кетет - дешчү.
Казанга чөмүч салып койсо, кайнаган сүт ташыбайт - дешчү.
Бычакты улам муздак сууга малып, пияз туураса, көз ачышпайт - дешчү.
Пиязды унга оонатып туруп кууруса, кызгылтым тартып, күйбөйт - дешчү.
Жаңы ысык нандын бетине айран, каймак сүйкөсө, нандын бети кызгылт тартып, жакшы көрүнөт - дешчү.
Талаа сарымсагы жылдын төрт мезгилинде тең дары болуп эсептелген. Кыш, жаз айларында туздуу сууга чыланган сарымсактын ар бир жолу тамактануу алдында жеп турса, мээ кабыгынын сезгенүүсүн алдын алат - дешчү.
Тиш ооруганда тиштин курт жеген жеринин көзөнөгүн жакшылап тазалап талкаланган сарымсактан бир аз басып койсо, чай кайнамга жетпей тиштин ооруганы басылат. Кызыл гүл мээ, жүрөк, боор, өпкө, ашказан, ичегилерди кубаттантып, температураны төмөндөтүү касиетине ээ экенин билишчү.
Ысытмасы жогорулап кетсе, бир кочуш кызыл гүлдү бир-бир жарым аяк сууга кайнатып ичсе, ал ысытманы басып, жүрөктүн аракетин калыбына келтиргенин айтышчу.
Кыргыздын элдик астрономдору билген жылдыздар. Үркөр, Үч аркар, Жетиген, Алтын казык, Сары жылдыз, Балбылдак жылдыз, Чолпон, Чычкылуу жылдыз, Саманчынын жолу, Күн, Ай... Алардын чыгышын, тогошун, учушун, атышын ж.б. ич-ара жашоо-тиричиликтерин эсептей билишкен, элдик астрономдорунунан болушкан.
Ыкласын коюу. Бул - пенделердеги оң сапаттардан. Аллага пейилинин түздүгү. Ар ишке астейдил маанайда мамиле кылышы. Дитин коюшу. Мусулманчылыкта куран окуш, намаз окуш, орозо кармаш, мечитке барыш - парз. Садага-секет бериш ж.б. асыл аракеттерге пейилин кенен таштоосу. Өтө билбесе да, адам ак ниеттүүлүктө мээримин төгүп, баарына кайыл келсе, шарыят жолунда тактык, төптүк, дал өзүндөй көрүнбөсө да, кудай-таала кечирүүсү. Ишарат кылуубуз, демек, бардыкты жеңүүбүз.
Мамыга байланаары.

"Арчалар жибек чачын желге тарап,
Кеч жаңы тоо арасын аңтарганда.
Жылкылар өзөн өйдө өрдөп барат,
Мамыда, ат тыбырайт каңтарда" (С. Эралиев)

Бул - жакшы жөрөлгөлөрдүн бири. Мамы - мингич ат байлануучу казыктын чоңу. Өтмө мааниде айтканда, минип-түшөөргө, мамыга байланаар аты барбы? Куу мамы эмеспи, мал-салы кандай? Томаякта ат болбойт. Эр жигит минген аты менен. Айтор, мына ушул сыяктуу ой-пикирлерди ичине камтып туруусу. Мамыдагы жылкы "казык боош" чалынуусу же "күрмөлө байланусу"...
Мындан сырткары аш-тойлордо, көп мейман күткөн жайларда аттарын кермеде байлоосу же "сартпоштоосу", күлүктөрдү, чоң жороголорду кермеде аза байлап суутулары.

"Толгой тарткан кыл аркан,
Торкашка аттын кермеси.
Топ жыйында сайраган,
Токтогулдун "Кербези"". (Токтогул)

Керме - эки бийик карагайга (шырыкка) арканды кере байлоосу. Уйларды кермеге байлап саашканы. Бул да байлыкты, дөөлөттү элестеткени.
Күлкү менен уйкуга ар жок. "Ары жок уйкучу, санаасы жок күлкүчү" (макал). Бул - абалтан бери айтылып келүүчү чындык. Күлкүнүн карама-каршысы ый, канчалык адам мүшкүл тартып, капа болуп, каза жутуп турса дейли, капыстан да, зарылдыктан да, күтүүсүз күлөсүң. Уктабай коө албайсың. Күлкү - ден соолуктун мүлкү, уйку - ден соолуктун жан жолдошу. Өзгөчө жоопкерчиликте, казатта, согуш маалында куш уйку аралайт. Таңга жуук жамгырдай жааган окторду, ар кандай ачуу үндөрдү арсыз уйку сезбейт. Анда теребел тегиз жоошун тартат. Жан-жаныбар көр уйкуга кошулат... Андай шарттарда жүрөккө тамак-аш баспай калышы ыктымал. Ал эми уйку менен күлкүдө баача жок.

Туяксыз өтүү. "Артында туяк калбаса,
Сыйлаары болбойт жалгыздын.
Ажал жетип күн бүтсө,
Ыйлаары болбойт жалгыздын". (Токтогул)

"Неге мынча бала бербей койду экен,
Бир күлгөнү миң бакытка барабар". (Байдылда)

Арийне, адам баласы балалуу болгусу, укум-тукумун калтыргысы келет. Көбөйтүүсү аркылуу артында аты-жөнү, изи айтылып калгысы бардыгы. Мында баланын үнүн угуусу - эркекпи, кызбы, кыскасы, наристени көрүүсү. Туяк - эркек бала, тилекке каршы:
Биринчиден, ал атанын ордунун өчүүсү, үй-мүлккө эгедер эместиги, түтүнү булабоосу;
Экинчиден, ата тукумун улабоосу. "Кимдики десе, атанын атын чыгарбоосу;
Үчүнчүдөн, ата санжырасында өз атасынын айтылып калбоосу;
Төртүнчүдөн, тууган-уруктар менен бирдикте жашоого, алардын ражаларына (ынтымактарына) кирүүгө уулдун жоктугу. Кыз бала бирөөнүн бүлөсү атануусу. "Уулу жоктун - мууну жок" - деп коет.
Жаканы кармануу. Мындай ырым-жырымдын эки түрү бар.
Биринчиден, Алла-Таалага тобо келтирүүсү, ушул күндү бала-бакырасы менен көрүп, тиричилигин өткөрүп жатуусуна жандилинен ыраазы болуусу;
Экинчиден, бирөөлөрдү көрүп-билип, ошондой абалга келбөөгө, ал күнгө жеткизбөөгө, өзүнөн-өзү эле ишарат кылуусу.
Үчүнчүдөн, алдым-жуттумдар бар. Бирөөлөргө калп айтып, сызга олтургузуп кетүүлөр, жүрүш-турушу бузуктар, адам өлтүрүүлөр, карактоолор, сойкулар, башка жерге сатылып кетүүлөр ж.б.лар. Мына ошолордон улам таң калып, баш чайкап, жакасын кармануусу...
Жакшылыкка жоруу. Адам баласынын алгылыктуу тилектери көп. Басса-турса, бирдеме-бирдемелерди көрсө, алардын айрымдарына атайын көңүлдөрүн бөлсө, жакшы тилек - жарым ырыс катары ниетине келип туруусу. Непада, түш көрүүсү, аны оң тарапка буруусу. Минтүүлөрү адамдык сапаттарды арка-бел тутуулары.
Атанын баласы. (жакшы атанын баласы). Бул - адамдык касиетти айкындоосу. Жакшыдан жакшы, жамандан жаман туулушу, генага байланышуусу. Анын жекече сапатын аныктоосу.

"Канчалык шумкарга чайпатпасын жумурткасын,
Каргадан карга чыгат каркылдаган". (Абай)

Демек, начар атанын баласы, б.а., чыныгы атанын баласы эместиги. Арийне, ал да адамдын баласы, бирок, ал - мыктылардын перзентине жатпоосу. Т.а. бала, муун, өз тукумуна, ата тегине шартташуусу. Бизде жакшыдан мөөн, жамандан жаан", "Атанын баласы болгуча, адамдын баласы бол" - деп айтылат. Баары бир тукумчулук башкы орунда болуусу.
"Балдарымдын алдына кетейин". Бул - балалуу-чакалуу, неберелүү-чөбөрөлүү болуп, улуу жаштарды өтөп, кудайга миң мертебе ыраазы, тообо келтирип туруучу, карыя-байбичелердин ооздорунан чыгуучу орундуу ойлору, тилеген максаттары. "Эми ошолордун жамандыгын көрбөйүн" - дегени дайыма жадында жүрүүсү. Тирүүчүлүктө;
Биринчиден, жаш улук эмес, ажал улуктугу. Арийне, буга адамзат эрксизден моюн сунуусу;
Экинчиден, пенделердин ой-максаттары ойдогудай жүзөгө аша бербөөсү. Ал тагдырга байланыштуулугу;
Үчүнчүдөн, болумуштан четтеп өтүп кете албастыгы. Күн бүтүп, ажал жетпесе адамзат пендеси муунуп же ж.б. кылып, жанын кыйбастыгы.
Төртүнчүдөн, өзүнөн мурун бирөөлөрүнө кырсык чалса: "Атаңкөрүнүкү, ушундан көрө мен кетсем эмне?!" - деп , өкүттө калуусу.
Бешинчиден, өтө карылыкта катуу ооруп, кайра сакайып кетүүсүнүн жакшылыкка жорулаары, "Балдарынын алдына кетсе болмок", - өңдүү айтылышы ж.б. чакан оюбузду тыянактоосу...
Элдик деген эмне. Бул - кыргыздын жашоо-турмушун нукуралыгын белгилөө, аныктоо, айкындоо. Анын бөтөнчөлүктөрү:
Биринчиден, ата-бабалардан келе жаткан наркты, насилди, каада-салтты, үрп-адатты кармоодон, сактоодон, тактоодон аларды күндөлүк тиричиликте колдонуудан;
Экинчиден, аларды андан ары улоодон, кийинки муундарга дал өзүндөй кылып үйрөтүүдөн, тарбия-таалимдөөдөн;
Үчүнчүдөн, элдик дегенди чалды-куйду кылып, башаламан өзгөртүп, башкага буруп жибербей, өнүктүрүүдөн, өстүрүүдөн, баштапкы булактарын сактап калуудан;
Төртүнчүдөн, өзүбүздүн ушул дөөлөтүбүздү сыймык тутуудан, башкаларга ооштуруп жибербөөдөн, аны ар-намыстыкта алып жүрүүдөн, ушундай эгемендүүлүктүн шартында мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, унутулган түрүн кайра жаратуудан, калыбына келтирүүдөн, баалана баркталып кала берүүсүнөн билинүүсү...
Өйдө карашпоо. Бул - мыкты адеп. Кыргыз элинде улууларга улуулардай, кичүүлөргө кичүүлөрдөй, теңтуш-телилерге теңтуштардай , курдаштардай мамиле кылуулары.
Биринчиден, жашка карата өйдө карашпоо - улууларга сый-сыпатынын бардыгы. Алардын алдында сөз төркүнүн кандайлыгын баамдоолору, ошого карата ийменүүлөрү, ашыкча сөз сүйлөбөөлөрү, сөздөрүнө кунт коюулары.
Экинчиден, улуулар олтурган үйдө кичүүлөрү жулунуп-оозунуп кирбөөлөрү. Алар өз дасторконунда эркин отуруулары, уялып, кымырылып, кымтынбоо. Ушундай жол-жоболор, ага-ини, урук-тууган, келин-кесек, кыз-кыркын, абысын-ажы арасында ата-бабабыздан бери сакталып калуусу.
Баштатан калган адилдик. Бул - чыгыш элдеринде накыл катары таралган сөз. Хан (падыша) - калктын жол башчысы. Сулуу аял - көпчүлүктүн алдында көрүнүүчү, көз отун алуучу зат. От - ысык берүүчү, тамак бышыруучу, отсуз жашоонун жоктугу, эми үчөөнө өтө жакын барба, күйүп өлөсүң, окчун калба, муздап өлөсүң - дегени.
Чылбыр буруу. Бул - алдыртан болгон адат. Ичтен бирөөнү баса, бирөөнү аса кароо өнөкөтү. Т.а. экөөнүн бирөөсүн өзүнө ийе тартуусу. Чылбыр - аттын ноктосунда болуучу, атты мамыга, ж.б. байлоочу, тушоочу, жетелөөчү буюм, ал көбүнчө жалаң кылдан, кыл аралаш жүндөн жасалат, же жалаң жүндөн эшилүүчү жип. Өтмө мааниде алганда, эгер бир атты бирөөсүнө бергиси келсе, ошол тарапка чылбырды кичине жакыныраак серпүүсү, ал тигинден мурун шап ала коюусу. Демек, ошого калыстык менен атты берди болуусу. Бирок, алдыртан бирөө дүпөйүл ойдо калуусу, кол ийрисине тартуусу.
Баш кийим кийүүдөгү салттуу жөрөлгөлөрү. Ак калпак - баш кийимдердин ата башы. Ак мөңгү жаткан Ала-Тообуздун символу. Кийим кийүүдө элдик белгибиз. Анын төрт талаасында, эки тарабында шара тиликтери бардыгы. Ал аба ырайынын ар кандай абалына шартташкандыгы. Эгер күн маңдайдан тийсе, калпактын алдыңкы бөлүгүн, күн кежигеден тийсе, калпактын арткы бөлүгүн, күн эки капталдан тийсе, ошол күн тийген жагын түшүрүүгө оңтойлошкону. Бул баштагы кан тамырлар үчүн пайдасынын зордугу, тээ ата-бабалардан айтылып келгендиги.
Тебетей кийүүдө дагы ушундай жагдайлар болгону. Куяндан жаактыгы кан тамырларды сактоосу. Кыштагы ичмек топусу менен тебедейди кыңайта кийүү аркылуу эки кулакты суукка алдырбоосу. Кыргыздар илгери жазы кур (кемер кур) курчанганы - кыр аркадагы боло коюучу куяндан сактаганы. Чымырата буу менен белди бекем, тыкан алып жүрүүсү.

Кыргыз Ата сыймыктанаар түпкү үч табылга
1. Боз үй - элибиздин теңдешсиз мүлкү. Архитектуралык акылмандыкта кармалганы, математикалык так эсептегиси, физикалык тең салмактагысы, таланттуулукта ички-сырткы жасалгасы аркылуу байыркы элибиздин энчисине басылганы. Демек, ойлоп табуучулукка эгедердиги:
Биринчиден, тегерек келип, табияттын ар кандай касиеттерине (мисалы, шамал, суук, жаан, ысык) туруктуулугу;
Экинчиден, тигүүгө, чечүүгө, жүктөөгө, сактоого ойдогудай шартташкандыгы;
Үчүнчүдөн, жылдын төрт мезгилин тандабоосу, жыл маалы тигилип туруусу;
Төртүнчүдөн, коломтонун болушу, оттун жагылышы, түтүндүн түз түндүктөн чыгуусу;
Бешинчиден, усталардын узануулары, уздардын уздануулары, ал - көркөм кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы экендиги;
Алтынчыдан, үйдө бардык эмеректердин сыйымдуулугу.
2. Ооздук. Ооздук - жүгөндүн бир бөлүгү. Аттын оозуна салынуучу темир. Анын эки тегерек чагарагына кош тизгиндин учу бекилгени. Ал аттын оозунун оңго-солго бурууга оңтойлошкону. Бул ооздук - Кыргыз Атанын тапкан табылгасы. Ага чейин атка нокто катылганы, жип менен моюндан байлашканы.
Биринчиден, аттын оозун башкаруу кыйынга турганы;
Экинчиден, ооздукту чыгарып, атты отко коюуга, аны сугарууга да ийкемдүүлүгү;
Үчүнчүдөн, "ооздукту катуу", "ооздукту чыгаруу", "ооздугу менен чөп чалдыруу", "ооздугу менен сугаруу" ж.б. аракетердин, түшүнүктөрдүн бардыгы "Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет, ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет". (Макал).
3. Үзөнгү. Бул - ат жабдыктардын бир бөлүгү. Бастырганда үзөнгүнү тең теминүүсү шарттуу көрүнүшү.
Биринчиден, жоопкерчиликте чаап баратып, жаа тартууда, найза саюуда, кылыч чабууда үзөңгүнү чирене теминип, тура калып беттешүүсү. Ат үстүндө өзүн тыкан алып жүрүүсү;
Экинчиден, жеңил аттанып түшүүбүз;
Үчүнчүдөн, алыс сапар чегүүдө буттун талбоосу;
Төртүнчүдөн, жүктү ж.б.ларды үзөңгү боолуктоосу;
Бешинчиден, "Көк бөрү тартышта" улакты, көк бөрүнү жапмага басуусу;
Алтынчыдан, үзөңгүнү тең теминбөө - журт башында тургандардын калыстыктан калуусу, үзөңгүнү тең теминүүсү - калыстыгын түшүндүрүүсү.
Алтайдан Ала-Тоого чейинки доордо Кыргыз Ата жортуулда, бейкуттукта, жоопкерчиликте, көчүп-конууда ушундай үч нерсени ойлоп табышы бүгүнкү муундардын түбөлүктүү олжосу.
Кара тайым күчтүү, кара бээм сүттүү. Бул - табышмак, акыл -ой калчоого айтылган учкай сөз мааниси. Кыргыздар жайдыр-кыштыр боз үйдү маанектегени, ортодо коломтосу, анда үч буттуу кара темир тулганын турганы - тайга салыштырганы. Ага казанды асышты. Ар түрдүү тамактын бышып жатканы - мөөн эмчек бээни түшүндүргөнү.
Бирдемени унутпоо үчүн. Элибизде ар кандай айла-амалдардын бардыгы. Ошого карата иш-аракеттердин жүрүшү. Жөнөкөй эле мисал, бирөөгө бирдеме тапшыруусу, ал аны унутуп калуусу. Унутпоо үчүн колуна кызыл ж.б. жипти, чүпүрөктү байлап алуусу, аны көрүп, дароо эстөөсү. Малдын төлдөө учурунда да телүүгө, бири-бирине жагызууга карата да өзүнчө белгилердин болгондугу.
Аталар сөзү - акылдын көзү.
Абийириңди жашыңдан сакта.
Баласы баатырдын, атасы сыймыктуу.
Отузунда ок ата албаган, кыркында кылыч чаба албайт.
Адамдын көркү адилеттүүлүгүндө, жигиттин көркү адептүүлүгүндө.
Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол.
Атаң менен мактанбай, азамат уулуң менен мактан.
Атың жакшы болсо, жолдун ыраагы.
Уулуң жакшы болсо, көңүл чырагы.
Жаш улук эмес, акыл улук.
Жигиттин куну - жүз жылкы, ары - миң жылкы.
Жигит бар күндө бир кишилик, бир күндө миң кишилик.
Карылык коркунуч эмес, өлүм коркунуч.
Өмүрдөн жамандык күтпө, өлүмдөн жакшылык күтпө.
Жаштык бар жерде жалын бар.
Жаш күчү менен, карыя кеңеши менен.
Өткөн өмүр - качкан куш, кайрылып келбейт үндөсө.
Өткөн өмүр - өчкөн от, калган көңүл - качкан куш.
Кубаныч жашартат, кайгы картайтат.
Заманы жакшы болсо, карысы жаш болот.

Кутмандуу орозо айы
Орозо туралуу кыскача маалымат. Бул - диндик ырым-жырымдын мерчемдүүсү. Ар жылдын он эки айынын бирөөсү - орозо ай, ооз бекитүү айы. Мусулманчылыкта отуз күндүк орозо, беш убак намаз - тирүүчүлүк парзы. Адатта, оорулуулар, өтө карылар, тирүүчүлүктө ар кандай шарттуу себептери барлар орозо кармоого болбосу. Ошондой эле орозо кармоо - адамды кыйноо эмес. Алла Таалага ыклас таштоо. Бирөөлөрдөн сезүүсү, коркуусу, ийбаа кылуусу, таасири да эмес. Тек өзүн эркин кармап, орозо тутуусу - дене бойдогу, ойдогу ар кандай ыпластыктардан арылуусу, жеңилденүүсү.
Отуз күндүк орозо ар жылына өзгөрүлүп, т.а. 10 күн жылып кармалууда.
Зоор ичүү. Бул - уктап, тура калып, каш карая электе тамак ичүүсү. Орозочу кечке тамак ичпөөсү.
Ооз ачуу - көз байланып, эл орунга отурган чакта туздуу суу менен оозду чайкоосу, тамак ичүүгө киришүүсү. "Шам намазын" окуусу, орозочулар ооз ачууга жапырт отуруусу.
Ооз бекитүү. Бул - 30 күндүк орозону тутуусу. Айрымдар ар айдын башында үч күн, ортосунда үч күн, аягында үч күн ооз бекитүүсү. Мындай шарт менен орозо кармоосу адамдарда ар бир айда да болушу ыктымал. Ал - динге, өз эркине, зияратына байланышуусу. Орозо учурунда бир кыйынчылыкка тушукса, оозун ачып жиберүүсү, ал күнөөгө жатпоосу. Ошондо "оозун ачып" жиберүүсү - ооз бекитүүнүн зияратынан эркизден чыгып кетүүсү. Арийне, айрымдар чыдай албай да, бир күнөөгө батып да оозун ачуусу - ал орозо фасийвасын бузуусу. "Орозодо бир жылдык тапкандарыңдын үчтөн бирин жумшооң тийиш", - дейт. Демек, орозо кармоо - эркиндик, мусурмандар үчүн майрамдай сезилүүсү.
Орозону кармоонун жол-жобосу. Орозо кыргызча "тыйылуу" дегенди билдирет. Эмнеден тыйылуу? Белгилүү убакта тамак-аш жегенден, суу ичкенден өзүн-өзү тыюу. Ошол эле учурда кеңири маанисинде бирөөнүн көңүлүндө азар берүүдөн, калп айтуудан, уурулук кылуудан өзүн-өзү тыя билүү дегендик. Ниетти агартуу, тынчтык, ынтымак, боорукердик, кечиримдүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүү дегендик.
Пайгамбарыбыздын айтышы боюнча ооз ачууда, таттуу ширин, отко бышырылбаган азыктардын колдонулушу керек. Мисалы, алма, өрүк, сыяктуу жер-жемиштер. Алар жок болсо суу менен ачкан оң. Пайгамбарыбыз ооз ачууда курманы жактырчу экен. Кайнак суу же чай менен ачууга болот.
Ооз жабууда тоө тамактанган оң. Себепсиз түрдө бир күн ооз ачып алган адам орозого алтымыш күн карыздар болот. Карызын өтөгөн соң гана орозонун бузулган жеринен канча күн калса, ошону улантып тутууга тийиш.
Орозо күндөрүндө жаңы төрөгөн аялдарга, ооруларга, эгер иштебесе үй-бүлөсүн багууга мүмкүн болбой турган оор жумуштагыларга жана сапардагыларга ооз ачып жүрүүгө уруксат берилет. Бирок, алар кийин мүмкүнчүлүктөрү болгон убакта карызын кайтаруусу зарыл.
Орозо кармаган адамды ооз ачууга тамак бергендер да кезигет. Муну иптар деп аташат. Иптарга орозо кармаган адамды чакырып тамак, чай берүү сооп ишке жатат.
Ооз бекиткендеги дуба: Алла-таала үчүн чын ыкласым менен рамазан айынын орозосун таң аткандан күн батканга чейин кармоо го ниет кылдым.
Ооз ачканда айтылуучу дуба: Оо, жараткан Алла, орозону сен үчүн кармадым, сенин берген ырыскың менен оозумду ачтым. Оо, кечиримдүү жараткан Алла, менин мурунку жана кийинки күнөөлөрүмдү кечире жүр.
Туздан татып, суудан үч уурттап оозун ачат.
Шектик. (Четтик). Бул - орозо кармоонун (ооз бекитүүнүн) мурунку күнү. Ар ким өз үйүнө жыт чыгарып, колдо бар даамын жасоо, дасторкон жайып, кошуна-колоңдорун чакырышып, ичип-жеш. Күрүч мекенин жана пайгамбардын сүйгөн тамагы делингендиктен, сооп үчүн палоо, шобуло ж.б. даярдоо - мусулман элинде басымдуулук кылуусу...
Ошентип шектик (четтик) өткөрүүсү.
Айбашы. "Айбашынын токочундай" (Лакап). Бул - айт болоордун мурунку күнү жыт чыгаруусу, май токоч, самсы, боорсок жана башкаларды жасоосу. Орозо айтта жасалган токочторду ар бир арбакка өз-өзүнчө арнап атап, куран окуусу. Акыркы бекитилген орозо оозун ачкандан соң, ошол насипти дасторконго коюусу.
Курмандык чалуу. Бул - айттарга арнап, жандык мууздоосу. Орозо айтка чалынган мал арбактарга арналуусу, эмне жандык болсо деле, соопчулукка жарай берүүсү. Курман айттагы мууздалган мал үй ээсине арналуусу, бата тиленүүсү. Малдын жашы алты айдан кем болбоосу, эч жеринен кемтик табылбоосу.
Курмандыкка чалынуучу малдар айбашы күнү кечинде, же айт күнү эртең менен эрте чалынуусу (мууздалуусу). Айт намазына түшүүчүлөр ал жерден тараары менен үй-үйлөргө кирүүсү, даам ооз тийүүсү, куран окуусу, бата тилөөсү.
Айт айттоо. Бул - мусулманчылыкта дин майрамы. Ага даярдалган дүйүм тамак-ашты кыдырып, ошол үйдөн жеп-ичиш, куранды арбактарына багыштоосу, бата тилөөсү.
Демек, Айт экиге бөлүнөт: "Орозо-айт" т.а. арбактарды эстөөбүз, ага карата зыйнат көрсөтүүбүз, бул - куран окуу Айты. "Курман-айт" - тирүүлөрдүн Айты. Ага куран окушпайт. Үй ээсине арналуусу, ага ак бата кылуубуз...
Бирок мунун андай жол-жоболору гана эмес, кээлерибиз үчүн Айт болуучу күндөрүбүз белгисиз да калган. Айбашы унутулган.
Курман-айт менен Орозо-айттын арасы 70 күн.
Айттардын баркы-баасын илгеркилер чыгааруучу. Алар ат менен ар айылга барышчу. Кыз-келиндерибиз өзүнчө жарашыктуу кийинип, жасалгалуу ат, жорго минишип, Айт шаңдана турган. Айттарда курмандыктар арбын чалынуучу, "Бир адам 40 үйгө кирсе, бир койдун этин жейт" - деген ишеним бар эле.

Кыргыздар мына мындай насияттарды көздүн
Ө а??Ө-¤?c б Өв иӨ -
Сага өмүр багыштаган ата-энеңди, анан дагы ар дайым сага жардам берип, өмүрүңдү сактоочу жандарды урмат кылгын, алардын ызатын жана урматын дайыма актай билгин.
Ага-ини, эже-сиңди, тууган-урук жана дос-жолдошторуңа мээримдүүлүк жана кайрымдуулук жиби менен байлангын.
Мекендин чыныгы акыйкатчыл перзенти болгун. Мекенге жана элге ак кызмат кылып, олжого тундур.
Жаштыгыңды, жакшы сапатыңды, ден соолугуңду, дилиңди, абийириңди, намызыңды таза кармап, дилиңди нурданткын.
Үйлөнүүнү кааласаң кайрымдуу, мээримдүү, дени соо, дили таза, ыймандуу, кең пейил, бардык жагынан мыкты сапаттарга ээ кызды танда.
Күчүң, чама-чаркың жеткен убакта дароо үйлөн. Үй-бүлө түзүп, кут койгон үйдү даярдагын.
Үй-бүлөнүн бүтүндөй байлыгын жана адеп-ахлак жагынан муктаждыктарын камсыздандырууга умтул, тырышчаак болгун.
Перзенттериңди тек гана өзүң үчүн эмес, Мекениң, калкың үчүн анан дагы жаамы инсаният үчүн тарбиялагын...
Кутмандуу Кыргыз Атадан собол. Эки жүздүүлүктүн белгисин калп сүйлөөдөн, убадасынын аягына чыкпоодон, аманатка кыянаттык кылуудан билип туруусу.
Беш нерседен мурда беш нерсени каниет деп билүүсү. Алар:
1. Өмүрдөн мурда тирүүлүгүңдү;
2. Сыркоолугуңдан мурда саламаттыгыңды;
3. Иштен мурда бош убактыңды;
4. Карылыгыңдан мурда жаштыгыңды;
5. Жакырдыгыңдан мурда байлыгыңды.
Элибизде бактылуу адам бузукулуктан, чыгымчылдыктан оолак жүргөн жана оор кайгыга сабыр кыла билген.
Адамдын бактысын төрт нерседен: татыктуу аялдан, балдарынан, жакшы жолдошторунан, мекен үлүшүнө ээлигининен сезүүсү.
Илгертен элибиз кудайдан үч нерсени - ден соолукту, кубаттуулукту жана коопсуздукту сурашчу.
Сага суктанбаган досунан чочулоосу. Ага басып барбоо, ишин сурабоо жана жардамга чакырбоо менен кутулганы.
Эң берешен: Кимдир бирөөгө белек берип, ошонусуна сүйүнгөн адам.
Бул ааламда адам үчүн өмүрдөн артык: ишеним, сүйүү жана Мекен!
Биз эч качан ээ боло албаган нерсе: ден соолук, чындык, бакыт жана кыйышпас дос.
Жакшы адамдын жаман болуп калышы: жасаган жакшылыгы үчүн жемелеп турса.
Билимди көркүнө чыгарып турган: чынчылдык.
Эрдиктин белгиси: айкөлдүк...
Жүк жүктөөдөн кыскача кабар
Теңденүү. Кыргыздар көчмөндүү калк болгондуктан, көлүктөрү (төө, топоз, жылкы, өгүз) аркылуу көчүп-конуунун, аларга жүк артуунун, ар кандай ыкмаларын мыкты билишкени. Теңденүү салмагы бирдей жүктү көлүктүн эки жагына чыгаруусу. Ал жол арада ообой, тынч баруусу. Теңделген жүктүн үстүнө жана башкаларды да коюусу же минип алуусу. Теңденүүгө таңылчактар, каптагы эгиндер, жем-чөптөр, отун-суулар, куржундар ж.б.лар ылайыкташканы.
Артуу. Бул да теңденүүгө кирет. Мында да түрдүү жүктөр көлүктөргө сылай жүктөлүп, адамдар жетелеп алуусу. Мисалы, төөгө жүктү артууга боз үйдүн өрө кийиздерин комдоп, жыгачтарын (кереге-уук) теңдеп, анын үстүнө башка жүктөрдү ирээти менен коюп, анан казанды көмкөрүүсү. Үстүнө тулга бастырылып, түндүктү коюш, көчтү жүктөөнүн ирээтин сактоосу.
Үзөнгү боолуктоо. Атчан адамдын бир эле чакан жүктү ээрден арта салып, сол үзөңгүнүн боосунан өткөрүп, ошол жагына салмагын сала баруусу, бейкапар бастырып кетүүсү. Мындан башка ээрдин чарасына бошураак каптагы эгинди ж.б.ларды орунтуктуу коюп, минип алуулары да бар.
Бөктөрүү. (Бөктөрүнчөк). Бул минген көлүктүн соорусунан чакан жүктү тоголоктоп чыгарып, канжыга менен эки жагынан байлап алуусу. Кыргыздардын ат үстүндөгү оюндарында, мисалы, эр эңиште сөзсүз бөктөрүнчөк, ал эрге жөлөк. "Бөктөрүп кетүү" өтмө мааниде алганда ат үстүндө эрди эр эңип кетүүсү - жыгып кетүүсү ж.б.ларга өтө тыңдык, чыйрактык кылуусу.
Кесип куралдары. Кыргыздар көбүнчө мал чарбачылыгын, анан дан чарбачылыгын кесип тутканы. Беш түлүктү асыроодо, мисалы, жылкычылардын жылкыларды кайтарууда, аларды айдоодо анын ат үстүндөгү куралы укурук. Азоолорду кармоо үчүн укуруктун жиптен илмеги. Салт атчандардын колунда камчысы, койчумандардын кол куралы таяк. Дыйкандардын колунда кетмен-күрөгү болуусу.
Балалуу катын - балээлүү катын. Бул - балалуу аялдардын бала-бакыралуу эрге-жерге барышы. Эрди-зайыптын ар кими өз балдарын ичине имере тартуусу. Ушундан улам үй-бүлөчүлүктө бирөөнү аса, бирөөнү баса кароолордун пайда болушу. "Менин балдарыма антпейсиң, өз балдарыңа өмөчөк атасың", - деп аялдын доомат коюшу. Т.а. арадан араздашуулардын аста-секин чыгышы. "Өгөйдүн өөнчүлдүгү - жетимдин кекчилдиги". Айрым учурларда бара-бара ырктын ырбашынан, жаакташуудан ажырашып тынуулары. Албетте, андайда эстүү эрди-аял жалпы тил табышуусу. Ошол аркылуу гана үйдө жайбаракат жашоолору.
Билбегенди билгизе айт, көрбөгөндү көргөзө айт. Бул сөз адамдардагы билимсиз жоруктарга карата айтылуусу. Бирөөлөрдүн жакшылыгын экинчилери сөзсүз эске түйүп, ошого жараша кайра кайрымдуу болушу. Пендечиликте ар кандайлар кездешүүсү. Баштагы нерселерди унутуп коюулары. Билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн жүрө берүүлөрү. Акыры чыдоосу жетпеген чакта ал өзүнүн адамгерчилигин, аткарган аракеттерин сезимге жеткидей, сөөктөн өткүдөй, ар-намысына доо кеткидей айтып, анын кемчилигин коюусу, уят кылуусу. "Жамандыкка жакшылык - эр адамдын иши, жакшылыкка жамандык - кем адамдын иши" - буга маанилештиги.
Байпагыбыз манат. Манат - кыпкызыл түстөгү кымбат баалуу кездеме, албетте, сөз мааниси ушундан улам ошол чакта жашоого, турмушка ченебей ыраазы болуусу. Төрт тарабы төп келүүсү. Андай тиричиликти кийин-соң эңсөөлөрү, көксөөлөрү көз алдынан өчүрбөй жүрүүлөрү...
Адамдарды бири-бирине тааныштыруу. Адамдардын табият тартуулаган ар кандай мүнөздөрү, кыял-жоруктары, жекече сапаттары аркылуу эл-журтка дайыны. Айрымдары "баланчадай", "түкүнчөдүй", "мындай", "тигиндей" өңдүү сыпатоолору. Бирөөлөрдү тааныштырууда анын ата-тегине, жиндиби, сообу, балдары кимдер, шек келтирүүлөрү, "аялдардын жип-шууларын айта коюучу сайпана неме". Алиги көмөлдүрүк, куюшканды көрсөтүп калуучу неме. Айтор, кемсинтүүчү кептерди айтуулары. Арийне, таанышуу-тааныштыруу адамдардын керт башына таандык көрүнүштө маданияттуулук сактоосу. Ал пенденин сынып калбоосу үчүн колдон келсе, жакшы жолун көтөрүп коюусу.
Сыр билдирбөө. Бул - ич-ара ар-намысын сактоосу, башкаларга бел алдырбоосу, бой көтөрбөө белгиси, өзүлөрүн жалаң жакшылык жагына тогоосу, же "бизде андай эмес, мындай", "балдарымдын тартип-тарбиясына эл ыраазы", "баланчанын балдарындай кантип болсун", айтор, өзүлөрүн өтө өйдөлөп кармоосу, созолоно тартып олтуруусу. Экинчиден, башкаларды жактыра бербей мактануусу. Мында көйрөңдүк белгиси. Андай жоруктары журт алдына аста-секин билинип, кеп-сөзгө илинип калуулары да бардыгы.
Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу.
"Жалгыз сага жарашкансып көрүнөт,
Кайсы күнү кандай жолук салынсаң". (Мидин)
Бул - адамдардагы өзүнүн жекече адептүүлүк касиети, кооздукту кабыл алуусу. Ага карата мамиле кылуу даражасынын татымы. Пенделердин дүйнөгө, айлана-чөйрөгө өздүк көз карашы. "Сүйбөсөң сүйбө, карындаш, мени да сүйгөн бар чыгаар...". Ич-ара ар кимдин сүйгөнү, төп келүүлөрү бардыгы. Жылдыздарынын табышуулары, келечек үчүн эриш-аркак болушуулары.
Адам карыса да жүрөк карыбайт.

"Оюнумдун теңи бүтө элек,
От жаны мени күтө элек.
Жүзүмө бырыш түшсө да,
Жүрөккө бырыш түшө элек". (Байдылда)

Адам карыйт. Мезгил өзүнүн учурун албай койбостугу. Улуу жашты көрсө да, дарамети өнө боюнда болбосо да, дымагы күчтүүлүгү. А чынында, ойлогон ою, тилеген максатына иш жүзүндө жетүүсү кыйындыгы. Эт-жүрөк сезимтал. Канткен менен көрүп-билип турган көз, угалек бойдон кала берет. "Аттиң, арман!", - деген өкүнүч ошондо уудан калган тайганга окшоп, ичтен тынуусу.
Өз улутун сүйүү салты.

"Улутун кимдер сүйбөгөн,
Улутчул дешер билбеген.
Кызыл эт чактан торолтуп,
Кыялым көккө үндөгөн,
"Кыргыз" деп айтып, жар салып,
"Кыргыз" деп өтөм дүйнөдөн". (Байдылда)

Ар бир атуул өз элинин сыймыгы үчүн күрөшүүсү. Чыңгыз Айтматовдун "маңгурт болуп кетпөө" тууралуу кооптонуп айткандары минтип, келип отуруусу. Биздин түшүнүктө бул - өзүнүн дөөлөттөрүнө өзү балта чапкандыгы. Эгер ар бирибиз өзүбүздүн тилибизде сүйлөсөк, атактуу акын Байдылда айткандай:

"Эне тилин билбеген,
Эси жокту аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт", - болбостугу.

Мусулман катары динибизди, дилибизди, өнөрүбүздү сүйүүбүз. Ошондо таштын уюлундай, тоо-ташты мекендеген Кыргыз Ата аталуусу. Аны үчүн элде салттуу жүрүш-туруш, кавказдыктардай, өзбек-тажиктердей улуттук аң-сезим, сырткы келбет, элдик сөөлөт керектиги. Алыскы чет элдиктерге элибиздин кимдиги көрүнүп турушу. "Кыргыздар ушундай улут турбайбы?" - деп өзүбүздүн ички-сырткы дүйнөбүздү баамдоолору. Алар ошол тарабына үңүлүшү. "Кокуй, өңү эле башка болгону менен бирөөлөрдү туураган, жарым-жартылай жылаңач эл турбайбы?!", - дебесин.
Аян. (Аян берүү). Бул - касиеттүү, кереметтүү белги. Даанышмандардын омоктуу ойлорунун ич-ара жоруктары, берген белгилери, анын аңдап кармап, ыйык тутуулары. Кыргызда кандардан, бектерден, бийлерден, улуктардан аян кармачылар айтылып келген. Көргөн түшүнөн чочуп калуулары болгон. Ишенимдин күчү менен оңго жоруулары бар. Эл ичи тынчтыгы, бейпилдикте жашоолору, арам ойлуулардын, зулумдардын бирөөлөргө көз артуулардын чыкпасы үчүн чыныгы журт ээлери толгонот, ойлонот, жүрөгүнөн өтөт. Дилин берип, зээнин салып, дитин коет. Табияттын ар кандай кубулуштары аркылуу өзүнүн кетирген кемчиликтерин же жакшылыктарын сезип турган. Азыр замана бузулуп, элдин пейили тарып, ыдырап баратышын эгем билет. Билип, жаратылыштын өзү таарынып жатышын аян аркылуу боолголоого болот. Түшүндө аян берип, дал өзүндөй чыккан учурлар да бар "Ага аян берди" деп айтылат да, ал адамдын касиети артылган. Кыргыз эли эзелтеден "Аян" сөзүнө зор маани берип келген. Алар өз жашоо-тиричилигинде, турмуш шартында болуучу түрдүү кырсыктын, өзгөрүүнүн, ар кыл кокустуктардын болуусун алдын-ала табияттын, көктөгү жылдыздардын кыймылынан, белги-аян кылып туюнган. Ошол аяндарды турмушта болуп туруучу чындык катары ишенишкен. Бул "Аян" берүүчү белгилер жеке эле кыргыз элинде эмес, бүтүндөй чыгыш элдеринде: Япония, Кытай, Вңетнам, Корея, Араб, Иран, Пакистан, Ооган, Монгол, Манжур, Тибет, Уйгур, Өзбек элдеринде кеңири таралган.
Пайдалуу кеңештер.
Камыр ысык сууга жуурулса, катуу болуп калат.
Сүттү тырмакка тамызса, эгер ал жаңы болсо, тырмакка шарча болуп токтоп калат. Эгер эски болсо, токтобой агып кетет.
Жыгачтан жасалган буюмдарга акиташ салып койсо, кумурска кирбейт.
Бычакты туздуу сууга жарым саат салып коюп курчутса, жакшы курчуйт.
Журтту тазалап кетүү.

"Санааны көпкө саласың,
Сары журт болгон конуштай". (Мидин)

Кыргыздар көчмөндүү калк. Конуштан конуш которуп, боз үйлөрүн тигип, желелерин байлап, короо-короо кой-эчкилерин, козу-улактарын айдап, уйларын кермелеп, төөлөрү тизделип, ыңкып жатышканы. Журт эскирээри менен көчүп-конуулары болгону. Көчкөн журтту тазалап, акыр-чикирлерин көөмп кетүүлөрү аркылуу зайыптардын кандайлыгы билингени. Жыл сайын ал журтка келип конгондо ошол жай кайра жаңыланып көрүнгөн.
Ислам дини туурулуу учкай сөз. Бул - тынчтык, ынтымак дегенди билдирет. Т.а. согуш, кыйроо, бүлүнтүү, жан-жаныбарларды жоюу, өлтүрүү, жабыркатуу эместиги. Бейкутта жашоосу, өмүр сүрүүсү. Эмнелерди өлтүрөбүз, зыянкечтери кайсы, ыйыктарычы? Ал алмуздактан бери айтылуусу. Пайгамбардын хадистери буга жооп берүүсү. Мисалы, Исламды саясатка айландыруу түк болбойт. Дүйнө элдериндеги алааматтар, мусулмандардын ич-ара бөлүнүүлөрү, кан төгүүлөрү - шарыятты булгоосу. Демек, динге ишенүүнүн изден тайган элесин көрсөтөт.
Таман акы, маңдай тери. "Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот". (Макал). Бул - өз ишинин даана үзүрү. Ак эмгегинин өтөөсүнө чыгуусу, ошонун ырахатын көрүүсү. "Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң". Таман акы - ары-бери чуркоо аркылуу иштин натыйжасына жетүүсү. Маңдай тер - чыпылдата тер чыгара эмгектенүүсү. Бала-бакырасын, эли-журтун багуусу. Мунун терс түшүнүгү арамдык. Бирөөлөрдүн таман акы, маңдай терин өзүлөрүнө ыйгаруусу, башкалардын байлыгына кол салуусу. Жатыпичээрлер, жанбактылар, кызыл кулактар, сүткорлор, алып сатарлар - арамдыктын эсебинен жыргагандар.
Элдик адам. Бул - өзүнүн бүтүндөй өмүрүн Ата-журту үчүн арнаган, ар дайым жүрөгү-жүлүнү алар менен тең соккон, ак эмгеги, астейдил дили, бүтүндөй өнө бою: "Тууган жерим, бир боор элим", - деген чыгаан инсан. Мындай касиеттери:
Биринчиден, өздү өзүм, өзгөнү жатым дебей, тең саноосунан;
Экинчиден, артында Ата-журт үчүн калтыра турган эмгектеринен;
Үчүнчүдөн, элдик деген улуу сөздү ар дайым урматтоосунан;
Төртүнчүдөн, элине-жерине колунан келишинче кайрымдуулугунан;
Бешинчиден, өзүнүн кийин-соң өлбөс-өчпөс калуусунан көрүнүүсү. Ата конушубузда каны-жанында "Кыргызым", - деп дүрбөлөгөн, кылымдан калуучу уул-кыздары арбын. Алардын кызматтары мураска, керезге, таберикке айлануусу.
Ындыны өчүү. Бул - адамдардын көңүлү чөгөт болуусу. Ындыны - ички дараметинин алсыздана баштоосу. Илгери үмүттөн куру кол кала түшүүсү. Мунун жөнүн табыш, кайра жандантыш, арийне, кыйынга туруусу. Адамдык касиеттин дымый, ийиден тынуучу абалга келүүсү, тутумдун төмөндөп калышы.
Эресеге жеткирүү. Адам жаралат. Аста-секин торолот, тестиер болот. Ат жалын тартып минет. Үй-жайга тээк келет. Айыл аралайт, ушундан тартып улан аталат. Үйлөнүүгө баш коет. Демек, эми эресеге жетти, өзүнчө жашоого чабыт алды, эл катарына кошулду. Ата-эне өз милдеттеринен кутулду ж.б. деп айтылат.
Жоопкерчилик. Бул - пендечиликтеги жогорку сапат. Адамдардын өзүнө-өзү талап коюусу. Жашоо-тиричиликте ар кими өзүнүн жекече жолун тандап, ага карата мамиле кылуусу. Турмуш куруусу, бала-чака күтүүсү. Мындай касиеттер:
Биринчиден, бөбөктөргө, жаш муундарга, үйдөн тарбия-таалим берүүнүн туура багытта болушунан;
Экинчиден, ата-эненин ич-ара ынтымагынан, балдарына өзүлөрүнүнүн жүрүш-туруш үлгүлөрүнөн;
Үчүнчүдөн, үй-бүлөдө атанын алган ордунан, ал ээлик катары табышкеринен, үй-бүлөсүн ойдогудай багуусунан;
Төртүнчүдөн, анын айыл арасындагы, эл ичиндеги кадыр-баркынан, башкалар баамдоочу таасиринен, ишмердүүлүгүнөн ж.б. сапаттарынан;
Бешинчиден, эненин үй ичин тирдентүүсүнөн, зайыптарга таандык күч-аракеттерин талаптагыдай жүргүзүүдөн, үзүлгөндү улап, жоктон бар кылууларынан;
Алтынчыдан, эр-аял алыс-жакындагы ымалаш-санаалаштарга катышууларынан, мейман күтүүдөн, элчилдигинен ж.б.у.с. тирүүчүлүктөгү жол-жоболору өз нугунда, изден тыйбай алып баруу аркылуу жоопкерчиликтери артылып келгени.
Жыңайлак катышуу. Катыш эки адамдын, андан да арбындардын пейилинин түздүгү, салт-санаасынын төп келгендиги. Өтмө мааниде алганда, "Жыңайлак катыш" - алардын бири-бирине бат-бат келип турушу. Т.а. ынтымак-ырысынын, алыш-беришинин өтө эле бийик деңгээлге жетиши. Ич-ара ызаттоолорунун журт көзүнө чейин көрүнүшү. Албетте, мындай сапаттар дос-тамырлар, тууган-уруктар, куда-сөөктөр, кайын-журттар ж.б. лар арасында такай болуп келгени, болуп жатканы, боло берээрдиги. Андайларды "ат тезегин кургатпагандар", "байпакчан катышкандар" - деп да аташуусу.
Сүрдөнтүү (сүрдөнүү, сүрүн салуу).

"Сүрүң бар элге бир жыйын,
Сүйлөсөң сөзүң эң кыйын". (Эл ыры)

Сүр - адамдардын сырткы кейпиндеги жекече касиети, кайраттуулуктун, таасирдүүлүктүн белгиси.

"Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсаң,
Кечирип кой, мен сүйүүдөн жаңылсам". (Мидин)

Сүрдөнтүү - албетте, айрым адамдардын ага карата мамилеси. Башкаларга зор таасири, чоочуркоосу. Кыз сүрү уландарга, уяңдарга ошондой көрүнүүсү. Сүрдөнтүү, сүрүн салуу, ага атайын өзүнүн мамилесин билдирүүсү. Пендечиликте сүйүүлөр да, сүрдөнтүүлөр да, сүрдөнүүлөр да, сүрүн көрсөтүп, жактырбоолор да ж.б. бири-бирине зор таасир-таалим этүүчүлөр-этүүлөр да бардыгы.
Сыпайы сырын жашырбайт. Бул - адептүүлүктө өз чын сырын айтуусу. Аны кыйбастарга билдирүүсү. Сыпайы көңүлү да, пейили да, жүрүм-туруму да бөлөктөргө үлгү, отуруп-турганы маданияттуу, бирөөлөргө мамилеси сылык адам. Мына ушундай абалда жашоо-турмушту өтөө аркылуу карылыкка жетүүсү. Элге-журтка алынуусу. Андай пенделердин асыраган, аздектеген сыры да башкаларга өрнөктүү болоору аныктыгы.
Жылкы кыял. Бул - айрым адамдардын жекече мүнөздөрүн жылкыга салыштыруусу. "Жылкы эт алса, жонуна чымын кондурбай калат" - деген ишеним да айтылат. Чыныда, эттенсе жал, чөйчөк алса, жылкы чалпоо келет. Тердикти араң салдыргандар бар. Ушундан улам өтмө мааниде адамдар мансап күтсө, арадан баркы, даңкы артылса, дөөлөтүнө мас болуп, кыял күтөт. Текеберчилик кылат. Көпчүлүктү көзүнө илбей калат.
Коймаарек. Мында да адамдардын жекече мүнөздөрүн өтмө мааниде салыштырмалуу түрдө койго жакындаштырат. Адатта, малдын Чолпон атасы, бул - беш түлүктүн жоошу, маарап, жалдырап, маңыроо тартып, өзүнүн коңурдугун көрсөтүп туруп берет.
Таразалап көрүү. Бул - адамдардын алгылыктуу сапаттарына карата айтылган сөз. Тараза - салмакты так ченөөчү, тартуучу аспап-курал. Ар кимдин сапатын, түздүгүн, чынчылдыгын билүүгө мында өтмө мааниде түшүндүрүп жатат. Кандай да болсо таразанын башына келгенде анын канчалык деңгээлде экени билинет. Ал эч качан мүлтүлдөй, эки жүздөнүп, буйтай, жүзүн буруп кете албоосу. Тараза билдирип турардыгы.
Тообо кылуу. Бул - жакшы сапат, жарыкчылыкта өзүнүн көргөн күнүнө жашоо турмушуна, бала-чакалуу болгонуна, аздыр-көптүр ыраазылыгын билдирүүсү. Ошого каниет алуусу, ал үчүн жакасын кармануусу. Кетирген күнөөсүн, акаарат айткан сөздөрүн өзүнөн-өзү кечирүүсү. Барбардигерден кечирип коюуну өтүнүүсү, айрымдар, тескерисинче, бул жарык жана жалган дүйнөгө нааразы болот. Акаарат айтуу менен өтүүсү.
Атадан калган тамак. Бул - адам баласында жеринен айтылуучу сөз. Ар бир элдин өзүлөрү сыймыктанаар, башкалардан түп-тамырынан айырмалана алуучу маданиятынын бири - алардын тамак-аштары. Ал алмуздактан бери мурас катары келүүдө, жеп-ичилүүдө. Жер шартына, элинин кесипчилигине ж.б. жагдайларына жараша тамак-аштарынын бөтөнчүлүктөрү байкалат да, демек, негизинен элинин жалпылыгын түзөт. Мында "элдик" деген сөз ар нерсенин байыркылыгын баамдатат. Кыргыз Ата үчүн мал чарба азык-түлүктөрү башкы орунда турат. Бул бештүлүктүн асырашына, тоолуу көчмөндүүлүккө тыгыз шартташкан. Эт, сүт, андан даярдалаган түрдүү даамдары аркылуу жашоо-тиричилиги өз багытында барган. Эт, сүт, кымыз, бозо - кыргыз тамак-аштарынын ата башы. Булар мезгил тандайт. Мисалы, кымыз ачытуу - жайкы жайлоо тамагы. Ал, адатта, козуну союп, этин ак сорпо кылып бышырып, ага чейин кымызды кыдырып ичип, табак тартылып, т.а. этти майда туурап, чыктуу кылып, ирээти менен улуулата табакка кол салуу, ыракаттана отуруп, маданияттуу жеш, ак сорпосуна кымыз кошуп, "ак серке" (чагыр) кылып ичиш, суусаса, кайра кымыз жутуш - бизде мүнөздүү көрүнүш. Кышта согум союш, бозо ачытыш - булар атадан калган тамак.
Тамактын кадыры карының ачкан кезде, төшөктүн калыңы, уйкуң келген жерде. Ар нерсенин өз учуру болот. "Ач кадырын, ток билбейт". "Ток бала, ач болом деп ойлобойт. Ач бала ток бала менен ойнобойт". Ошол сымал тамак адам үчүн биринчи дымак. Курсак ток чактары тамакты тандап, баркына жетпей, эринип, ичип-жеш бар. Анда тузу, майы даярдалышы, алдыга келиши, баары теңделет. Андайда пендечилик кылып, ысырапчылык бар. Ал эми ач курсакты тойгузууда кызыл кекиртектен өткөнү эсеп болот. Ошого топук тиленет, тобо кылынат.
Уйку катуу келгенде, такыр жерге жат, жамбаштан сыз өтпөйт. "Мындай салынды, андай салынды" - өңдүү тандоолор, уктай албай чыгуулар, жууркан-төшөктүн көп учурунда болот.
Өрүшү семиз. Бул - адамдарга таандык сапат. Өрүш - ошол адамдын айлана-чөйрөсү, жайыты т.а. жайлоосу, кыштоосу, жаздоосу, күздөөсү. Демек, ар биринин өзүнө таандык жери. Эгер өзүмдүк бештүлүгүнүн союшу семиз, жүнү тегиз, төлү эгиз болсо кирди-чыктыларга тарткан табагы берекелүү келсе, аз тамак менен көпчүлүктү тоюнтса, ошондойлорго карата "Анын өрүшү семиз" деп айтылат же "Анын кабыргасы майлуу - деп да коет.
Жолбун. Бул - негизи терс түшүнүк. "Жолдон кошулуучу" - деген мааниге барабар.
1. Адатта, ал кыргыздарда ургаачыларга карата айтылган. "Кыз алган зайып", "жеңе зайып", "келин зайып", "токол зайып" дейбиз. Жолбун, жубан алган зайып. Зайыптар ич-ара күнүлөшүүдө мунун баркын көтөрүүнүн ордуна, кайра "Ой, ал анын жолбун катыны, кечээ эле келди" - демек, абысындардын арасында баркың анча артылбаган аял имиш. Акыйкатта "Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар..." Төрөгөн аял жолбунга жатпайт.
2. Жолоочуга жолдон каңгып жүргөн иттер кошулат. Ээрчип алат. Ал ага бакма да болуп калат. Өтмө мааниде тереңирээк түшүнүүдө жогорудагы зайыпты ушуга салыштыруу олдоксонураак болот.
Көкүрөктө кыттай куюп... Бабалардын асыл нарк-насилин сактоо, муну өсүп келе жаткан муундарга жеткирүү керек. Ушул изги максатты көздөгөнүбүз да ошондон. Мына бул жакшы сапат бактылуу-таалайлуу кылат:
Уяттуулук.
Адамкерчилик.
Кичипейилдик.
Эмгекчилидик.
Намыскөйлүк.
Аманатка жакшылык кылуу.
Адилеттик.

Ал эми бул жаман сапат балакетке жетелейт:
Кызганчактык.
Сараңдык.
Текеберчилик.
Жалганчылык.
Чыгымчылык.
Кыянатчылык.
Жалкоолук,бейадептик.

Кыз көрүүнү жана сүйлөшүүнүн бир жолу. Адатта, кыргызда кызды-жигит жолдош-жоролорунан бирөөнү алып барып, эгер жактырып калса, анан ата-энелери аркылуу атайын жуучу түшүүнүн салты бар. Эми мындан сырткары кыз көрүүчү жигит кыздын жеңеси менен алдыртан сүйлөшүүлөрү болот. Жигит өзүнүн ал-абалын, үйлөнүү шарттарын ж.б. жагдайларын баяндайт. Жеңе жуучу түшүүгө болобу, же болбойбу жообун берет. Албетте, мындай учур да эки жаштын кошулушуна, келечекте ынтымактуу өмүр сүрүп кетүүсүнө өбөлгө түзөт. Байлыкка, мансапка ж.б. себептерге байкабай ала качып кетүүлөрүнө бул бөгөт болот.
Май көтөн. Бул - кичинекейлерди эркелетүүдөн чыккан. Бала артынан улам бөбөктөрдү ээрчитип, алар бойтолоңдоп, аста-секин боор көтөрүшүп, ата-энеси, ага-туугандары, чоң ата, чоң энеси, эже-карындаштары жакшы көрүүдөн улам ушундай атайт. Анын көтөнүнө ырым үчүн май тийгизип да коюшкан. Мунун тескери өтмө мааниси "көтөнүн кайрышы керек" - деп, тим эле айтып коюусу.
Акжолтой. Бул адамдарга карата багытталат. Ар бир иш-аракеттен майнап чыгарылып жаткан учурларда, кээ бирлери капыстан кезигип, үйгө келип калуулары бар. Ал - дайыма жакшылыкка күбө. Демек, андай кубанычтарды ошол кошо бүткөргөндөй анын ыманы ысык сезилет. Акжолтойдун карама-каршысы каражолтой. Ал кандай гана болбосун натыйжасыз ишке кабылат. Ошол себеп болгондой туюлат.
Шаар бузулду. Илгертеден келе жаткан нарктуу сөздүн мааниси мындай: үй-бүлөчүлүктө бирөөнүн ашкере маанайы, төгүлүп турган жылдызы, мээрими, адамдын аруу касиети бар. М.а. кут болот. Ал ошол үйдүн шооласындай туюлат. Кокустан анын көзү өтсө, баягыдай эмес, үй ичи комсоо, келди-кеттилердин аягы тыйылат. "Кайран жан кетти эле, шаар бузулгандай абалда калды. Эми андай кайдан жаралат" өңдүү өкүнүчтүү сөздөр ийинден тына айтылып калат. Албетте, бул ургаачыларга, эркектин жакшы жарына карата чыккан туюнтма.

Кыргыз баласынын үч журту
"Береке, байлыкка мол, Ата Мекен,
Жүрөккө баардыгынан жакын экен.
Тянь-Шань - деген бир сөз эске түшсө,
Мээ сергип, медер кылып, толкуп кетем". (Мидин)

1. Ата журт. Бул - ата-бабасынан бери келе жаткан, киндик кан тамган, кирин жууган, көз ачкан, ата-энесин көргөн, көңүл сүйүп эпкен журту. Уул болобу, кыз болобу муну ыйык тутат. Кайда жүрбөйлү, эмне күндү көрбөйлү. Ата-Журт кимге болбосун - мисир. Эч качан элеси эстен кеткис, эч кимге бергис аттанып түшөөрүбүз - Ата Мекенибиз. Ошондуктан "Мен нарындыкмын", "Сен оштуксуң", "Ал аксылык", "Таалайбек таластык", "Акмат алайлык", "Баатырбек баткендик" - деп айтуудан ооз күйбөйт. Мында ар ким өзүнүн элин-жерин чакыруусу.
2. Тайын журт. "Эр тайын тартат". (Макал). Буга кыргыз баласынын энесинин төркүндөрү кирет. Тайата, тайэне, тайаке, тайжеңе, тайэже, тайжезде өңдүүлөрү аталгандан кийин жээнге алар кызы үчүн баарын аябайт, жээн эркелейт. Алаарын айтат "Жээн киргиче, жети бөрү кирсин"... Баланын Ата-Журту: "Мунун чыккан жери жакшы, биз ушулар менен көгөргөнбүз, агарганбыз" - деп, уулдун энесинин төркүндөрүн баалап, барктап турушат.
3. Кайын журт.

"Талдысуулук кайындар,
Күткөн чыгаар коногун.
Күрпүлдөбөй кечүү бер,
Күйөө балаң боломун". (Байдылда)

Бул - уул-келинге бирдей аталуу. Уулдун аял алган тарабы, келиндин келген жери. Кайындоо - атайын кызга баруусу, арадан жуучу түшүүсү. Кайындап койгон - мурунтан барып, жуучу түшүп, кеби-сөзү бүтүп, кызга сөйкө салуусу, башкалардын барууга акысы жоктугу. Күткөн күн келгенде той баштоосу, жол-жобосу менен кызды алып кетүүсү. Эр жигит кайын журтуна күйөө бала, жезде, а мүмкүн күчкүйөө болот. Ал эми күйөө бала үчүн кайын ата, кайын эне, кайын ага, кайын эже, кайын жеңе, кайын ини, кайын жезде ж.б. аталат. Күйөө баланын жары да келген жериндеги жакындарын дал ушундай туюнат.
Күч күйөө. Кыргыздарда күйөө аттуулар үчкө бөлүнөт: аялдын күйөөсү - эри, журт күйөө, күйөө бала, күч күйөө.Т.а. күч күйөө кайын журтун маанектеген күйөө. Анын антип калуусуна, мүмкүн, бир топ себептер бар:
Биринчиден, куу турмуштун ич-ара шарттарына, жашоо ыңгайларына барып тогошот;
Экинчиден, аялына байланышат. Ал күйөө тараптын эли-журту менен мамилеси анча эмес. "Ортодо балдар бар", "Келсең кел, кетсең кет, эрк өзүңдө" - деген сөздөргө ж.б.ларга байкуш күйөө чырмалышат;
Үчүнчүдөн, күйөөнү жакын, илик алар тууган-уругу жоктугу. Ошондой эле бөлөк өскөндүгү, "Башка өскөндүн боору таш, ташка өскөндүн туягы катуу" болгондугу;
Төртүнчүдөн, тууган-уруктар менен таарынуулар. Адатта, андай шарттарда башка тарапка илик-жарма издеп көчө качуусу;
Бешинчиден, ал күч күйөөнүн эң негизги кемчилиги, эл караган бетинин жер карашы - анын намысынын жоктугу, эркинин боштугу, даяр жашоого алдангандыгы. Күч күйөөнү илгеркилер "күчүк күйөө" дечү. Бул: "Бала менен күчүк тойгон жерде" - дегенден калса керек. Күч күйөөнүн ата санжырасы, тукум санжырасы унутта калат. Кайын журту "күч күйөөбүз" дешет. Ал баардык тарабынан басынгансып барат. Кыргыздын ата салтында күч күйөөнү өтө эрөөн-терөөн көрүшкөн.
Күйөөнүн бактысы өз жеринде, түбөлүк жары, өз үйү, өлөң төшөгү, анан жакшы жигит аты болушу зарыл.
Накыл ой.
"Арам адам, жаман адам бир өлөт,
Аты аталбай, ошол бойдон түгөнөт.
Анткендиги эсте калаар иши жок,
Бул дүйнөдө жашаганын күбөлөп.
Ошол өңдүү жакшы деле бир өлөт,
Бирок анын жакшы ишине күбө көп.
Сөз сүйлөшсө жашай берет ысымы,
Сөөгүн өрттөп салган күндө үбөлөп". (Ж. Садыков)

"Жаман өлсө, бир өлөт. Жакшы өлсө, баары өлөт" - дейт эл. Анткени мында сөз адамдардын сапаты тууралуу баратат. Жаман өлсө, өзү гана өлөт. Анын башкалар менен иши да, сөзү да болбойт. А жакшысы - журт билерманы, өзүнөн мурун эл камын, тууган-урук намысын ойлойт. Ал өлсө, албетте, баары өлөт эмеспи.
Ишиңер ийгиликтүү болсун. Албетте, бул - кызуу башталган аракет-кыймылды көргөн адамдардын алкоосу. Үй салууда, боз үй тигүүдө, кой-эчки кыркып, жылкы куйрук-жалын алууда, төө тоноодо ж.б. көрүнүштөрдөн кыя өтүп кетүү элибизде болгон эмес. Ага улуу-кичүү дебей кол тийгизе кетүү наркы-салты болгон.
"Ишиңер ийгиликтүү болсундун" жообу: - "Айтканыңар келсин".
Кабырга туугандар. Булар - негизи, кыз алышкан, кыз беришкен туугандар. Алды-бердилери анча эмес, кайдыгерирээк, боор матырышып, ичи-коюн, колтукка кирип кете албагандар. Булардын жакындыгы бир урукка барып такалат. Андан жакындар бир атанын балдары аталат. Мисалы, ата, чоң ата, баба, буба, жете, жото, жонкон, кубары, куу сөөк, тек деп, түпкү аталар айтылат. Мында "кубарыдан" баштап жети атага жетет да, кыз алышса болот. Буларды кабырга туугандар деп атаса жарашат.
Аркан тосунун дагы бир салты. Адатта, арканды кыздын себин алып барганда тоссо, айрым аймактарда куда-сөөктөрдүн жөнөөрүндө да арканды кайрадан тосот. Себеп дегенде мурун үйгө киргизбей, жолдугун жасоо үчүн болсо, эми "кетирбейбиз" - деген шылтоо менен аркан тосуусу. Албетте, мында оюн-чынынан эле бирдеме өндүрүп алуусу.
Жетелешүү. Бул - абалтан келе жаткан салт, адат. Удаа төрөлгөн бөбөктөрдүн биринин колун бири кармап, жетелешип басуулары, катар жүрүүлөрү. Ата-энелеринин, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын буга үйрөтүүлөрү.
Биринчиден, бөбөктүү болууларынын жакшы жарашыгы, тойпоңдоп, экөө мыйтыйышкан колдорун кармашып баратышса, ичти жылытуучу учурду пайда кылуусу;
Экинчиден, бөбөктүү болуунун бир мыкты белгиси. Мындайда ага-иниин балдарын да бири-бири менен жетелештирип коюшат. Алардын көбүнчө чоң энелери, чоң аталары багат эмеспи. Кийин "жетелешип өскөнбүз", "жетелешип калдык" - деп айтуулары;
Үчүнчүдөн, бир өскөн балдар кийин бири-бирине кайрымдуу күйүмдүү болуусу.
"Атасы бөлөк, аттан түш" - бул кыргызда туугандык жайына бөтөнчө көңүл бөлүнүүчүлүк. Бир туугандар, ага-ининин балдары, чоң аталары бир туугандар, бабалары, бубалары бирлер, андан ары ата санжырасын сүрүүлөр бар. Жети атадан беркилерде илик алуулар болот. Мындан сырткары улуу-кичүү аялдан, токолдон, жеңе зайыптан, келин зайыптан дечүлөр жолугат. Т.а. бир ата-энеден төрөлүүчүлөр бөлөктөрү атасы бирлер, энеси бөлөктөр, энеси бир, атасы башкалары - дешет да, ич ара, албетте, жиктелет. "Токолдон", "байбичеден", "уялаштан", "атасы бир" сыяктуу кептер жеринен айтылышы. Ошондо каны бир, тукуму бир боюнча атанын атын абалы чакыруусу. Бул - тукумкуучулук, башкаларга ар-намыстуулукта туруучулук, союл көтөрүүчүлүк, айбат кылуучулук. Башкаларга бел алдырбоолук, атанын наркын бийик тутуучулук. Мына ушундай жагдайлар аркылуу укум-тукум Кыргыз Атада көбөйүүүлүк.

Муну билип алуу зарыл
1. Манастын абалары:

Көкөтай - Ташкенден.
Бай - Таластан, Бакайдын атасы.
Жакып - Манастын атасы (Ороздухандын кенжеси).
Кошой - Катагандын кан Кошой, Ат-Башыдан.
Улаккан - Сыргактын атасы.
Акбалта - Чубактын атасы, Алайдан.
Бакай - Бай уулу, Жакып менен бир тууган.
Элеман - Чоң-Алайдан, Төштүктүн атасы.

2. Манастын жоролору:

Бакай - Таластан.
Алманбет - Кытайдан.
Чубак - Алайдан.
Сыргак - Манастын тууганы.
Көкчө - Казактан.
Жамгырчы -Самаркандан.
Үрбү-Таз - Кеминден.
Музбурчак - Жети-Суудан (Иледен).
Санжыбек - Анжияндан.
Төштүк - Чоң-Алайдан.

3. Манастын чоролору:

Кыргыл Жайсаң
Ажыбай Каракожо
Кутубий Бообек
Мажик Шаабек
Кутунай Шүкүр
Чалик Алтай
Чалыбай Кошабыш
Ырчуул Ыбыш
Бозуул Алкен
Шууту Жоорунчу
Тазбаймат Тоору лчу
Төлөк Кайгыл
Агыш Бөгөл
Агыдай Кербен
Калкаман Дөрбөн
Токотай Кабыке
Серек Жабыке
Сатай Бооке
Атай Төртай
Үмөт Кожоке (Ормоке)

(Бул маалыматты "Теңирим Манас" чыгармасынын автору, белгилүү жазуучу, теңтушум маркум Ашым Жакыпбек уулу берген болучу).
Жер-сууну сүйүү сезими
"Кең Ала-Тоо, сен атасың, энемсиң,
Салыштырып сага ким жер теңесин.
Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө,
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң". (Мидин)

Мекенди сүйүү сезими Ала-Тоодон башталат. Ал тууралуу көп акындар ырдашты, сырдашты. Мидиндин ыры - буга үлгү боло алучу ыр. Акын эмес адамдардын делебесин козгойт.
Ала-Тоо аймагында жашаган кыргыз элинин жаратылышы өтө кооз. Ырдагың келет. Өзүнчө элес берет. Жүрөккө өчпөс из калтырат.

"Кыркалап жаткан Ала-Тоо,
Катарлап чөккөн нарга окшойт.
Мелмилдеп жаткан Ысык-Көл,
Сулууга бүткөн калга окшойт". (Ж. Бөкөнбаев)

Ала-Тоодон кийинки сүйүүбүз көл бети. Бизде сулуу көлдөр көп. Аларды көрүүгө өзүбүз да, өзгөлөр да куштар. Жаратылыш өзүнүн жоомарттыгын аябай берген көлдөрдүн бири - Сары-Челек. Арийне, адамзат суктанып, куштарланып келүүчү. Ушундай көлдөргө Соң-Көл, Чатыр-Көл тууралуу да акындардын тамшандырган ырлары, тарыхый сырлары айтылып келген санжыралары бар.
Мисалы, "Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Чайпалган көлдөрүм". (Ысмайыл). Буларда кемелер, кайыктар сүзөт.
Бизде мөңгүлөрдөн мөңкүп чыккан булактардан суулар куралат. Тянь-Шань бөксөлөрүнөн карт Нарын дайрасы албуут агат. Ал Орто Азияны аралап, Сары-Дарыяга куят. Анын агымында ГЭСтер курулган. Аларга Токтогул ТЭСтин, КУРП-САЙ ГЭСин, Үч-Курган ГЭСин айтсак болот. Нарында мындан башка Ат-Башы ГЭСи, Он-Арча ГЭСи бар. Жеке биз эмес, канатташ жашаган боордош элдерди да жарык менен тепетең камсыз кылып турат. Ош шаарында аккан Ак-Буура суусунан көптөгөн каналдар чыгат. Туптунук шар аккан туура суулар ар бир адыр-белестерден, кокту-колоттордон көрүнөт.
Кыргыз жери жайлоолорго бай. Чымын чаккыс, жайкы-кышкы жайыттарга бай. Ак-Сай, Арпа, Солтон-Сары, Көк-Торпок, Кара-Кужур, Арым, Көк-Ойрок, Чоң-Кошой, Төө-Жайлоо, Суусамыр мындан сырткары, ичкерки жайлоо-кыштоолор - мал-жандын сеңири. Бештүлүк өрүш алган, көз кумарын кандырган мындай жер сооруларың элдин баасын, баркын арттырат. Ошондуктан:

"Көк тескей көбүргөндүү көк жалбырак,
Көргөндө көркү менен көз кандырат.
Өйүзү арчалуу бет, жайык күңгөй,
Корумдан койлор өтсө, таш калдырап,
Суйкайган сулуусу ашкан биздин жайлоо,
Жүрөккө жүрө берчү так калтырат". (Мидин)

Кыргыздар: "Тоо-ташың, жер-сууңдан айланайын, тоо-ташың, жер-сууң колдо" - деп айтат. Бул жергебиздин касиетин, кереметин баяндап турат. Андай жагдайын акындар ырга кошуп, жазуучулар сүрөттөштү, сүрөтчүлөр тартты, обончулар, композиторлор обон созушту, уз-усталар көркөм оюм көчөттөргө символдоштурушту.
Күнөстүү Кыргызстан - ден-соолуктун теңири, - Арашандары (курорттору) көп. Ар бир арашандын өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар. Эс алуу менен катар дарылануу тең жүргүзүшөт. Андай курорт-санаторияларга: Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз, Кой-Сары, Чолпон-Ата, Жыргалаң; Чүйдөгү Ысык-Ата, Воронцовка; түштүк жергесиндеги Жала-Абад сыяктууларга жыл сайын алыс-жакындан миңдеген адамдар келип эс алышып, дарыланышып, куландан соо болуп кетишет.
Ош - ак алтын - пахтанын, кара алтын - таш көмүрдүн, сары алтын - тамекинин Ата мекени. Т.а. Аравандын пахтасы, Сүлүктүнүн, Көк-Жаңгактын көмүрү (Түштүк Кыргызстан - Орто Азиянын отуну), Ноокаттын тамекиси, Кадамжайдын сурмасы, Базар-Коргондун, Аксынын, Лейлектин, Баткендин мөмө жер-жемиштери, Кара-Суунун тыт жибеги, Арсланбаптын токою береке-байлыктын кенчи болуп саналат.
Ар бир аймактын эли-журтунун сыймыктанаар байлыгы-баасы болот. Алсак: Нарын бөксөлөрү түмөндөгөн бештүлүгү аркылуу менменсинет. Жылкы, уй, топоз, төө, кой-эчкилердин күр жайылуусу, жаздоосу, күздөөсү, кыштоосу. Мында Тянь-Шань жарым уяң жүндүү коюнун, кыргыз жылкыларынын жаңы тукуму негизделген.
Чүйдүн кызылчасы, Таластын тамекиси ошол элдин сүйүктүү өндүрүшүнө айланган.
Мында киндик кан тамган жер мисир болгондуктан менин оюмча ар бир адам өзүнүн сүйүү сезими менен сүйүүсү тууралуу жазуу-тартуулары тийиш.

Элдик улуктарга урмат кылуу
Хан - журт башчысы (жолбашчы). Бийликке коюуда ак кийизге көтөрүү аземи болот. Башкалардан айырмалана турган кийим кийгизет. Аны кандык форма дейт. Кыргыз тарыхында кандык кылуучу доорлор көп өткөн. Мисалы, Ормон Ниязбек уулу Кочкордун аягы Орто-Токойдо эл бата берип, кандыкты алат. Башына кызыл тыштуу кара тармал көрпөдөн чоктуу тебетей кийгизилет. Аркалык кыргыздарга кан көтөрүлгөндө ал 37-39 жаштарда болгон.
"Мал-баш бурулбастан ууру жоголсун, атка кишен салынбасын. Кокус мал уурдалса, бирге тогуз төлөнсүн. Эрдин куну 300 жылкы болсун" - деп, Орманкан элди тараткан.
Канат Абыке уулу 1916-жылдын 10-августунда Кочкордун Ак-Бел деген жеринде кандыкка шайланат. Максаты ак падышага аскер бербөө, ага каршы көтөрүлүшкө чыгуу болгон...
Манап - кыргыздын ак сөөктөрү. Жүрүш-туруштары ж.б.лары үчүн үлгү. Тазалыкты-тартипти так сактаган, ата-бабалары нарктуу, элди башкарууга дарамети күчтүү, көпчүлүккө жаккан, өз журтун баккан, ага күйүп жанган, сыпаа-сыйда, акылга шерик, аймактан суурулуп чыккан, башка адамдарга да кадыр-баркы артылгандар. "Аларды журт жакшысы, эл мыктысы" - деп, урук, уруу, жалпы элдин көз кырында тургандар. Ар бир жер, эл өзүлөрүнөн чыккандары менен сыймыктанышкан. Манаптар да, эли-журту да өз ар-намыстарын четке чыгарбай, бекем тутушкан. Арийне, мындай касиет өз чөйрөсүн башкарууга өбөлгө түзгөн. Уруулар арасында уруш-чабыштарды, ыйкы-тыйкыларды басууга, бейпилдикти, бейкуттукту сактоого манаптардын дымактары артылган.
Мисалы, Ат-Башыдан Чоко Кайдулда уулу ("баатыр" деп аталат, уруусу Сарбагыш), Ысык-Көлдөн Боромбай (уруусу Бугу), Жумгалдан Мырзабек Чыны уулу (уруусу Саяк) ж.б.лар. Манаптардын тукумдары, кийин орустар келгени (Россияга кошулганы) болуштукка шайланышкан.
Бий - аткаруу кызматындагы улук. М.а. соттун милдетин жүзөгө ашыруучу. Мисалы, күнөө тартуучулар, ууру кылуучулар, үй-бүлөчүлүктө башын ачуучулар, мал-мүлкүн бөлүүлөр, кунга калуулар, жетим-жесирге акы бөлүп берүүлөр ж.б.лар бий аркылуу жүзөгө ашат. Чыгымын бий кесет.
Болуш - (волосный управитель) м.а. аймактык башкаруучу. Бул Кыргызстан Росииянын карамагына өткөн соң администрациялык жактан элди башкаруучу, бийликти жүргүзүүчү. Ал шайлоо жолу аркылуу жүзөгө ашат. Уруу-уруу боюнча шайланган. Эгер болуштукка элдин саны жетпей калса, башка урууларды үгүттөп көчүрүп алган.

Элдин төмөнкү катмары
Жигит. Дайым бай-манаптарды, болуш-бийлерди жандап жүргөн, алардын буйруктарын жан-дили менен аткарган, шылуун, ары айлакер, кайраттуу, жүрөктүү, аларга ак дили менен кызмат кылгандар. "Бөрк ал десе, баш алчулары" да болгон.
Кедей.
1. Ити да жок томаяк, орочу, ошону кайтарып калаа алып, күн көргөн кедей.
2. Атсыз кедей, аттуу болсо аны жоор, кырчаңгы, сопол куйрук кылып минген кедей.
3. Жалчы кедей, отун суу алат.
4. Жылкычы түзүгүрөөк кедей. "Жылкычынын бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт" (Макал).
5. Коңшу-колоң олтурган кедей. Бала-бакырасы менен жапырт байга иштешет.
6. Жалкоо жакыр кедей. Булар тамак, уйку менен алектер.
7. Аштыкчы кедей.
8. Койчу кедей.
Кедейди томаяк, жалчы, букара - деп, оңду-солду айта беребиз.
Кул, күң. Кыргыз тарыхында кул да, күң да арбын айтылат.
1. Ата-бабаларынан бери кул, күң болуп келсе, "боору такыр кул" деп койгон.
2. Бирөөнүн эшигинде жүрүп, тууп койгон күңдүн балдарын "үйдө туума" дешкен.
3. Эрсиз тууган күңдүн баласы "төшкө жатар" деп аталган. Короо четинде болот.
4. Кыз бергенде ага кошуп берген күңдү "жумшатылып берген күң" дешкен.
5. Калыңга келген кул, күң бар.
6. Жоодон түшкөн кул (олжо кул).
7. Дареги жок түпсүз кул, урук-тууганы жоктор. Т.а. жетесиз кул.
8. Сатылып келгени мындайча айтканда "кесик кулак кул" деп аталган.

Түп уютку казынадан.
1. Элтебер - согуштук сот.
2. Элтүзөр - он үйдүн же бир айылдын билерманы.
3. Көкүлташ - ата ордуна атайын ата болуп кызмат этүү. Орто кылымда хан балагатка жете элек, тактынын ээси болууга акылы тотуга элек учурда хан ордуна анын бийлигин жүргүзүү үчүн дайындалган адам.
4. Бөкөөл - эт тартуучу, чыгданчы.
5. Чыңоол - кароол, күзөт.

Кыргыз элинин бийлик курамы
(30 кылым өмүрү)
1. Айыл - элтүзөр.
2. Аймак - Бий-район.
3. Дубан - Бек-область.
4. Шаар - Аким-шаар.
5. Өкмөт -Даркан.
6. Министр - Султан.
7. Мамлекет - Каган.

Телинме сөздөр
1. Доотай - округдун начальниги, губернатор.
2. Дорого - чабарман, жасоол жигит.
3. Саркер - аскер башчысы.

Оошкон сөздөр
Ирел - поезд деген сөз.
Рамат - налог маанисинде.
Ибарат - өрнөк деген мааниде.
Күнадыр - губернатор.

Жезденин кулагын чоюу. Бул да тамашалуу оюн-шооктордон. Жезде балдыздарына, балдыздары жезделерине ыманы ысыктай, ич-ара сүйкүмдүүдөй сезилет. Балдызы эркелегиси келет. Мунун артында ушундай эжем менен жездемдин ынтымагы артылса, бала-чакасы өссө-өңсө өңдүү асыл ниеттер баамдалат. Мында да Кыргыз Атанын ак дили, адамдык кадыр-баркына жете алуусу, жерге-жээктин аруулугу артылып турат.
Эне көргөн кыз эмес, эндик көргөн бет эмес. (макал). Адатта, кыргыздын кыз-келиндери эндикти, осмону жеринен пайдаланышкан. Аларды өз колдорунан жасап алышкан. Андай өсүмдүктөр жергебизде көп кездешет.
Эндик - табият өзү тартуулаган, кызыл боек кыла турган өсүмдүк. Ал бышканда тамырын казып алат да, кабыгын аарчып таштап, өзөгүн калтырат. Аны козунун куйругуна салып, күн тийген жылуу жерге коет. Ал ачыйт-кычыйт. Агыш өзөк кызылга айланат. Өз өлчөмүнө келгенде кыздар бетине сүртөт. Албетте, өңү албырып, адамга чырайлуулук тартуулайт. Эң негизгиси шамал, аяз, жаан ж.б. жаратылыштын ар кандай кубулуштарынан беттин кесилип кетпөөсүн сактайт. Азыр даяр бет боеочу каражаттар көп. Улуу-кичүүлөрдүн көзүнчө ээрдин боөп, кашын чийип, көзүнүн тегерегин көп-көк кылып, желпинип өзүнчө эле татына көрүнгөнсүп калышат. Илгери-мурун деле ким болбосун, жуунууда, өзүн-өзү жасалгалоодо, тазалык-тартипти сактоодо алдыртан адамдык адепти, ыйманды этиет сакташкан. Өзгөчө кир кол менен кармагыс назик бешкөкүлдөр, бийкечтер, колуктулар, жаш келиндер үчүн бул уят, өтө олдоксон көрүнүш болуп саналат. Ал - Батыштын цивилизациясына кошулабыз дешкен, өз ырайын өзү бузуулар, жээлигүүчүлөр, көкүлү узун анын алды көңдөй, көкүрөгү бийик, баш териси калың делбетаптарга гана жарашат.
Зайыптарды аео сезими. Шариятта зайып затын өтө назик, жумшак катары карайт. Ички, үй ичиндеги тиричиликти аткарууга гана бөтөнчө шартташкан. Тышкы иштерди алыш-бериштерди жүргүзүү, т.а. табышкердик, үйгө алып келип, бала-бакырага үлүштүрүү жеринен эле эркектердин энчисине басылган. Албетте, мындай бөтөнчөлүктөр үй-бүлө мүчөсүнүн өз милдеттерин айкындаган. Жашоо-тиричиликти кандай өткөрүү эркектердин кудуретине жараша чечилген. Мисалы, касапчылык - эр бүлөгө таандык кесип. Малды жана башка айбанаттарды эч качан зайыптар мууздабаган. Балабы, чоңбу, эркек аттуу гана жаныбарларды кыбыланы каратып, келме келтирип, анан анын курмандыкка чалган. Аялдар жардамдашуусу - иче-карын артуу өңдүү түйшүктөргө алар тике катышат. Кийинчерээк мындай шарияттык эрежелер бузулду. Малды союу, эртеден-кечке базарларда, кушканаларда былчылдатып кескилеп, эт сатуу ургаачылардын кесибине айланды. Аялдар жумшактыгын, назиктигин, энелик мээримин өнө-боюнан качыра баштады. Алынып-жулунуп, антип отуруу аялдын аялуу-жаралуу касиеттерин өчүрөт. Андай сапаттар акыры кара мүртөздүккө, энелик ыйыктыгынын жоюлушуна барып такалат.
Урияттын негизинде эркек-аялдар тең укуктуу аталды. Ургаачылар анда ашыра бааланды. Алар коомдук иштерге жандуу катышты. Эркектик милдеттерди аткарышты. Эчен түрдүү эркектер мыйзам чегинде да, мында да, башын ийип да, алдында чөгөлөп да калтырап-титиреп турушту. Бийлик айрым жеңил ойлуу аялдарды делбетап кылды. Сот, прокурор, милиционер зайыптар чыгышты. Журт сурады, өкүм чыгарды, эркектерден аша чаап кетишти. Ушунун баардыгы ургаачылардын жекече кереметтеринен кол жуугузду. Акыры эркектер азыр үй-күчүк, "тебетейлүү катындар", бала-бакыраларды ошолор багат. Бирин-эки чарбага ошолор көз салат, уй саайт. Аялдар салып-уруп базарларда, чет өлкөлөрдө, куу турмуштун айынан таңзаардан соодада, тыйын табууда, каражандарын карч урууда. Мисалы, Россиядагы соодагер кыргыздардын 80% кыз-келиндер - мейман туткундар, бирөөлөргө көз карандылар, 40% суукта какшап олтургандар. Беш-он жылдан кийин бул жарым үй-бүлөлөрдүн аялдык, энелик касиеттери, ден-соолуктары, бала күтүү, үй күтүү талаптары эмне болот? Мына ошондойго эркектер барса же үй-бүлөлөрү менен барып, соода кылышса эмне? Кыргыз Ата азыр ар түрдүүчө жаманатты. Мына ушундай жагдайлардан улам эрди-аялдын милдеттери кайчыланды. Кутмандуу кыргыздын генофонддунун өсүш-өнүгүшүнө тикеси менен тик турган каскак экенин кантип жашырабыз. Арийне, бул элибиздин шору.
Кир-гок жуу салты. "Кир" кыргызча "кир", "гок" калмакча "кир". Бул - кошмок сөз эки элдин жанаша жашоолорунан чыккан. Кыргыздарда кир-гокту жуушта өтө маданияттуулук сакталган. Илгери шакар самын кир жуушта да, кириниште да кенен пайдаланылган. Мындан сырткары атыр самын, т.а., аны элибиз колдон кайнатып алышкан (ал тууралу өзүнчө кеп болот).
Эми кир-гок жууштагы адептүүлүктү ар качандан бир качан энелер, жеңелер, эжелер, кыскасы, улуулар тескеп турушкан. Демек, бардык кирлерди үймөлөктөтүп, чылапчынга бир салган эмес. Мында "балдардын кир-гогу", "кары-картаңдардын кир-гогу", "кыз-кыркындардын кир-гогу", "мындай адамдардын кир-гогу", "келин-кезектердин кир-гогу" ж.б. иргелип, анан аларды жуушкан.
Наристенин жылаңач эти эле эмес, көйнөгүн да кир кол менен кармагыс болот. Ал назик, таза, бир гана чайкалат. Ага азыр кир-тер жукпайт. Ага энеден жаңы төрөлгөндөй мамиле кылуу керек.
Албетте, карылардын касиеттери бар, алардын жолу улук, кийим-кечектерин жуушта келин-кезектерге ыйыктай сезилет. Өз учурунда өзүнчө ак шейшеби менен аруу жууп, жакасын агартып турууга эмне жетсин! Көйнөк, дамбал менен сүлгү, суулук, майлык, жүз аарчы сымал буюмдарды кошо жуубайт.
Азыр кир-гок жуушта адепсиздиктер абдан байкалат. Келин-кесектер, жаштар, абалы, өзүнө таандык кирлерди жууп, чайкап, жайып, анан калдык кирлерди чогултуп, киржуугучка бир уруп ташташат.
Бул биринчиден, кир-гок жууштун салтын сактоо эмес, "балам, мындай кыл, тигиндей кыл" - деген улуулардын, набаттуу байбичелердин жоктугу;
Экинчиден, өзүм эч бир наркты билбей жатып, бирөөлөрдү кантап нускалайм;
Үчүнчүдөн, кенебестиги, "элдин баары эле ушинтип жатпайбы?" - деп, айрым жеңил ойлуу ургаачылар, энеси, эжеси, эч нерсе үйрөтпөгөндөр, кир-гокту тергебей, маанисин түшүнбөй отуруусу.
Кир-гокту жууп-жаюуда да жаш өзгөчөлүгү сакталуусу. Ар кимдин кийим-кечелеринин өзүнчө орундары бардыгы. Келин-кезектердин ич кийимдери көпчүлүккө көрүнүү жерге илинбеген. Эшикти алгач аттаган жаш жубайлардын кир-гокко кылган мамилеси да байкоодон өткөн. Бул - оң таасирлер, кийинкилер муну эске түйүүбүз тийиш.
Уяңдык. Бул - уяттуулуктун бир түрү. Адептүүлүккө барып такалат. Адамдагы назиктик. Кыз кыялдуулук. Улан-кыздарга таандык көрүнүш. Ар нерсеге жумшак мамиле кылуучулук. Мисалы, бирөөгө өтүмү жок неме дейбиз. Айрымдар шакылдап-какылдап, жаш да болсо жандай салып, бир нерселерге аралашуулары бар. Туура, пенделер ар кандай жаралат. Тайманбастар, курчтар, жалтанбастар да кездешет. Уяңдык алардан айырмаланат. Кээде өйдө караса чакчак, ылдый караса кашак аталат. Аларга караганда, бул жакшы сапаттардын катарына кирет. Кыргыздын салтында уяң жаштарды сүймөнчүлүктө карашат. Т.а. ал жаштардын сыпаалыгы-сылыктыгы. Мында улууларды урматтоосу табыгый жүрүш-турушунан билинүүсү.
Малды өңү боюнча күтүү. Мында, айрыкча, жылкы малын кандай асыроо тууралуу сөз барат. Илгеркилер, байлар жалаң алалуу, каралуу, торулуу, ак боздуу, кашкалуу, күрөңдүү, жээрделүү, кулалуу, кыскасы, бир өңчөй жылкылары аркылуу башкалардан айырмалана турган. "Ал баланча байдын жылкылары" - деп таанууга, даңазасын арттырууга көрүнгөн. "Айгыры ала болсо, кулуну кула болот". Мында айгырга карата төлү жаралат" - деген түшүнүк келип чыгат. Байлардын жеке жылкылары гана эмес, топоздору да, уйлары да, кой-эчкилери да, төөлөрү да башкалардан бөтөнчөлөнгөн өңдө асыраланганы белгилүү. Мисалы, "Эшимбектин ак төбөл кара койлору", "Абдырахмандын ак эчкилери", "Карымшактын кара төөлөрү" өңдүү сыпаттоолору атадан балага калып келген. Албетте, бул байлыкты, өрүштү туюндурат.
Кыргыз Ата адамдарды сыноодо эске алуучу сапаттар:
Биринчиден, эр жигитти - казатта;
Экинчиден, дыйканды үрөөн сээп, жыйнап-оруп алууда;
Үчүнчүдөн, соодагерди - эсеп-кысапта;
Төртүнчүдөн, дөөлөттүнүн колу ачык, ак көңүл берешендикте;
Бешинчиден, тууган-урукту бактысыздык башына келгенде;
Алтынчыдан, дос-тамырларды - иш түшкөндө;
Жетинчиден, өкүмдарды - каарданганда;
Сегизинчиден, зайыбы, байлык, дөөлөтү колунан кеткен жанды-такаат кылган учурда;
Тогузунчудан, такыба дербиши - топук кылууда.
Муну билип коюубуз керек. Токтоолук, сукут тартуу, тартип, максат, үнөм, аракетчилдик жана тырышчактык, туруктуулук, калыстык-тууралык, назиктик... мына ушулар инсандар үчүн эң зарыл сапаттардан экенин калк даанышмандары белгилеп келишкен экен...
Ат байгеден келсин. Адатта, ат чабышта, аты чыккандан эл соогат сурайт. Бул чыккан аттын байгесинен үлүштүрүп берүүсү. Ага алуучулар ыраазы болуусу. Эми чыккан аттын даңазасы үчүн соогаттан башка ат ээсинен жана саяпкерден "Ат байгеден келсин" - деген салтыбыз бар. Т.а. эми күлүктүн өзүнүн чуркашын, атак-даңкын майлоосу керек. Буга сөзсүз моюн сунулат да, мал союлат, дасторкон жайылат. Төрдөн карылар орун алышат. Баталарын беришет.
Оорулуу адамдын абалын суроо салты.

"Жаныңда ажал турса да,
Жаналгыч кылыч сунса да.
Жабыгып жүрөк алсырап,
Ирмелбей көзү тунса да,
Үмүткө тойбойт адамзат". (Аалы)

Кыргызда бейтап, төшөк тартып жаткан адамдын абалын сөзсүз көрүү - мусулманчылыктын жолу. Адатта, ага күн чыкканча кирип чыгуубуз керек. Кандай да болсо, эртең менен оорулуу өзүн бир аз жеңил сезүү баамы бар.
- Кандай сезип калдың? - деген суроого
- Жакшымын - дейт. Бул бала-бакыранын көөнүн жай кылуу. Канчалык ооруусу кыйындап калса да, эстүү жандын, минтип, жубатып туруусу - үмүттүү кароосу.

Кебсен. "Карасакал Үрүстөм,
Бир ууч кебсен бербеген,
Каапыр экен чүрүшкөн" (Байдылда)

Бул - жаз, күз жер айдап, тукум себүүдө, кызыл кырман маалында баргандарга тукум себүүчүнүн, кырманчынын аларга кочуштап же күрөктөп аштык берүүсү. Мында, "кебсен" деп, ал этегин тособу, калпак-тебетейин тособу же баштык, кап сунабы, алардын назарын сындырбай, "бадырак кууруп", "талкан кылып ал" өңдүү маанайды түшүндүргөн. "Мындан кебсен сурап келди", "кебсенге берди" сыяктуу сөздөр айтылган. Аштык берген адам "кебсенчи" аталат. Муну айдоо-себүү учурунда урукка (тукумга) да сурап алышкан.
Көтөрмөлөп алуу (өйдөлөтүп төлөө). Т.а. айтканда бирдеме зарыл болсо, аны баасынан-баркынан ашыра берүү. Мисалы, семиз койго козулуу кой, баглан козуга кой, семиз жабагыга тай берүү өңдүү соода кылуунун бир түрү, б.а. көтөрмөлөп - бир нерсени өйдөкү баада бычуу.
Үстөк--өйдөлөтүп алуунун дагы бир түрү. Экөө биринин маанисин бири толуктайт. Мисалы, бирөөнүн жакшы жоргосуна же атына көзүң түшсө, жоргоңо, атыңа кошуп, ыраазычылыкта дагы бирдеме берүү. Үстөк - үстүнө кошуп карматуу.
Кол ийрисин суутпоо. Кардар бирөөлөр буюм-тайымын ж.б. нерселерин сатууга койсо, сатып алууну өтүнсө, анын илебин суутпай алып коюу. Демек, ал ага ажаат ачуусу. Ич-ара боорукердик мамиле кылуусу. Бул сунган колду куру кол кайтарбоо дегендик.
Ийсинип кетүү, ийитип алуу. Балага эненин эмчеги дирилдеп, сүтү булактайт. Үйдө-тышта бала ыйлап жатса, "Ии, балам ыйлап жаткан го" - деп, эне эмчеги ийит. Бээни да, уйду да, топозду да, кой-эчкини да, төөнү да баласына эмизип, ийитип саашат. Кээде ийсинген эмчекти ток бала эмбей койсо, эмчек жанып кетет. Ийсинүү - дене-бойдун жибип кетүүсү.
Телүү (малды телитүү). Көчмөндүү кыргыздарда бул мал чарбачылыкка карата аткарылчу. Т.а. беш түлүк малдын төлдөрүн (кулун, музоо, мамалак, бото, козу, улак) бирөөлөрүнө жагызып эмизүү. Муну минтүү үчүн айрым ырымчылдардын өзүнчө ыкмалары бар эле. Торолуу учурларында башка төлдүн куйруктарына эритилген тузду сүйкөгөн. Эмизүүчү мал аны жыттагылап, ошондон соң, саалып жаткан малдын ийип кетүүлөрү болгон. Өлгөн төлдүн терисин кеп, тулуп кылып да, аны малга телитип алган.
Санжыра сандыгында кыргыздарга мүнөздүү каада-салттар, түпкүлүктүү жөрөлгөлөр.
Карт тарых күбө: 1. Карыяларыбызга каада тутуу, нарк-назилди, санатты сүйлөй, үндөктөй отуруу сапаттары бар.
2. Байбичелерибизге ажардуулук, набаттуулук, айткан накылдары келин-кезектерге, кыз-кыркындарга жугумдуулук бар. Алар үлгүлүү отуруп-туруусу менен нускалаганы артыкча көрүнүүчү.
3. Улгайыңкы кишилерибизге коңурдукту, салабаттуулукту, улууларын урматтоону, жоомарттыкты, теңиздикти, сабырдуулукту, кичүүлөрүн ызаттоону, кеп-сөздү асырай да, сүйлөй да жүрүү шыбагасы бар.
4. Зайыптарыбыз жаратылышынан ажардуу, адептүү, билгиликтүү. Алар эрин пир туткан, ак жаркындуулукту ченебей берген.
5. Жигиттерибиз жигердүү, чыдамдуу, чечкиндүү. Оттон-чоктон жалтанбастар, жоого тайманбастар, болоттой өткүрлөр, качырганын куткарбас кылып тарбиялангандар.
6. Керене чачпак кең соору келиндерибизге кудай-таалага келбет берген. Жар күтүүнүн сырларын аруу чечкендер. Шайыр мүнөздөр, шаң-шарапатты жандандыргандар.
7. Кыздарыбыз кырдагы кызыл гүл өңдүүлөр. Таңкы желде бой ыргап турушкандар. Кирдүү кол менен кармагыс асыл-заадалар. Тоо нукура тотуткан бешенесине табият чырайлуулукту, күмүш күлкүнү, назик үндү бериптир.
"Атауул" дейбиз, бул сенсиң, менмин, керт башыбыз. Ал үйлөнүүсү парз, колуктусу экөө бир үй-бүлөдө түтүн чыгарат. Үй-жайлуу, очок күтүүсү. Балалуу-чакалуу болуусу. Байдылда акын: "Биз баш коштук, бала күттүк, үй күттүк. Баары биздик, үйүбүздө ырыстын" - деп айткан. Мындан тууган-урук өсүп, анан уруу, эл жаралган. Мисалы: Сарбагыш, Бугу, Саяк, Моңолдор, Сару, Кушчу, Адигине, Тагай өңдүүлөргө бөлүнүп, алардын салты, наркы, үрп-адаты, ырым-жырымдары бир бүтүмдү түзүп, кыргыз улуту аталган. Бул - урууларды бөлүп-жаруу эмес, жалпылык. Алар өзүнүн наркы-салты менен ширелишип турат. Демек, кутмандуу журтчулук - топтун, көптүн, жамааттын, калайыктын, коомдун, доордун катмарына сиңип, жакшыга жанашууга, жамандан адашууга үндөгөн түйүн. Байыртадан башат, суу, баба, конуштуу кыргыз болгону ушунусу менен булганбай, өмүрдүн соолбос булагында калкка айланып келген. Санжыра - "уруулаштырып-жамаатташтырат", "аталаштырып-жиктештирет", "жер талаш - эл талаш" кылат дечү. Жок, эл ич кадыр-баркына жараша бааланып, үйрөнүү, билүү, таануу иштерин күчөтүүгө муктаж болот. Жыйынтыктап айтканда, салтты салтанаттуу, насили айкын, азгын-тозгондорго, кары-майыптарга, бей-бечараларга, кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге ырайымдуу, кайрымдуу, боорукер, алым-беримдүү болгону айдан ачык, күндөн жарык.
Шакар кайнатуу. Бул - кол самын. Аны "шакар жасоо" деп да койгон. Көбүнчө кургак жерде өскөн шакар чөптү, ала батаны, ат кулакты, кызыл куурайды оруп, чаап, чалараак кургатып өрттөйт. Ошондо анын күлү кат-кат болуп калат. Ал күлдү чылап, чийге же чөпкө, саманга, баштыкка сүзмөдөй куюп, маңызын тамызат. Аны казанга кайнатса, шор өңдөнгөн ак неме пайда болот. Малдын тоң майына көөлөп, илгич боо жасай тоголоктоп, керегенин башына илип коет. Самынды баштыкка салган. Ал "шакар самын" деп аталат. Анын эмдөөчүлүк касиети да артык болгон. Муну жасоонун зарылдыгы бар.
Асылкечтик. Бул - жолдошчулуктагы, теңтуштуктагы сыйлоонун бийиктиги. Бири-бирин кадыр тутуучулук, ортодо жел өткөрбөөчүлүк. Асылкечтер - адалды-арамды бир жечүлөр, тирүүчүлүктө бир дөңдө, өлгөндө бир чуңкурда жатууга бел байлагандар. Бул жалган-жарык дүйнөдө такыр жан кыйышпастар...
Жер аттары - энчилүү аттар
Жер аттарын, адам аттары менен алмаштырууга табияттын мыйзамы макул эмес. Азыр мындай касиеттер сакталбай, айрым билармандардын жээлигүүлөрү аркылуу уруулук кур намыстарын бийик тутушуп, баш аламандыктардын кесепетинен, "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" болуп жатышы - жаратылышка доо келтирүү.
Себеби: биринчиден, жер аты өтө ыйык, анткени, өз шартына карата ал энчилүү аттарды өзүлөрү атап алышкан;
Экинчиден, жер аттарын алмаштыруу өткөн тарыхый окуяларын орду-түбүн тануу;
Үчүнчүдөн, жер аттарын чануу - өзүнүн ата-бабаларынын киндик каны тамган, кирин жууган, асан чакырган, абасын жуткан, оозанткан ата-конушун унутуу;
Төртүнчүдөн, жер аттарын тануу - ал танууну тануу болуп саналат. Мисалы: Жумгалдык Саяк Байзак кайда төрөлгөн? Кайырмада төрөлгөнбү? Же Байзак Байзак айылында төрөлгөнбү? Аламүдүн районунда Жаңы-Алыш айылы бар. Ал азыр Байтик айылы деп аталат. Демек, Байтик Жаңы-Алышта төрөлдүбү же Байтик Аламүдүн районундагы Байтик айылынды төрөлдү дейбизби? Мына ушундай чаташуулар кыргыз жергесинде "жүнүн жеп" кетти.
Атактуу Токтогул ырчы Кетмен-Төбөдө туулганын улуулар билет. Кийинкилер Сатылганов Токтогул 1864-жылы, Жала-Абад областындагы, Токтогул районунда төрөлгөн... - деп айтаары бышык. Бул - тантык суроого тантык жооп алуу. Кыргыз элинин тарых санжырасында булар - белгилүү ата уулдары. Ансыз да жумурият билип келген. Билет, биле да бермекчи. Себеп дегенде, кыргыз элинин тарыхында өз-өзүнчө орун берилет.
Бешинчиден, жер аттарын чаташтыруу топонимия илимине шек туудуруу. Алсак, Ак-Кыя, Кара-Чий, Боз-Кыя, Кароол-Дөбө, Үч-Булак, Туура-Суу, Май-Төр, Ой-Корумду, Жыландуу-Коо, Жалгыз-Терек, Тектир-Саз, Тай-Секи, Таштак, Көк-Жар ж.б. энчилүү аттар эчен окуяларды ичине камтып, сыр катып жаткан жерлер...
Жазуучу Саткын Сасыкбаев атактуу акын Алыкул Осмоновдун мына бул сөзүн мындайча эскерет:
- Эл жактырып, өзүнчө ат коюп, эстелик катарында көргөн жер-суунун, тоо-таштын, жатыккан журттун аттары сакталып эле калбас беле! Кыргыз элинде таштан жасаган сарай, мечит, күмбөз, эстеликтер көп беле?, - дейт Алыкул, - Биздин бабаларыбыз өздөрү жакшы көргөн, элестүү, элдин өмүрүнө, наркына байланыштуу кооз жаратылыш көрүнүштөрүн, аттарын эстелик катарында баалап, кадырлашчу эле. Аппак өргөөдөй болуп туруучу Кошойдун оттук ташынын бооруна "Кошойдун оттук ташы" деп жазып, анын үстүнө бүркүттүн элесин кондуруп койсо, өзүнчө эле бир кооз эстелик, керээз болуп турбайт беле! ("ЛЖ" 22-март 1988-ж.).
Топоним - жердин аттары. Топонимизм - жер аттары тууралуу окуу. М.а. ушул өз алдынча билим-туюмду жокко чыгарып, таман алдында тепсеп олтурабыз. Мисалы: 1990-жылдын башында Москвада топонимия боюнча бүткүл союздук конференция болуп өткөн. Көрсө, жер аттарында - ыйык аттарга башаламандыктар, өзгөрүүлөр өкүм сүрүп жатканы баарыга байкалып калат. Мына ошол жыйында ар бир жерге өзүнүн энчилүү аттарын берүүгө токтом кабыл алынат. Натыйжада, Фрунзе - Бишкек, Пржевальск - Каракол, Горький - Нижний Новгород, Куйбышев - Самара, Целиноград - Ак-Төбө ж.б.лар кайра өз аттарына эгедер болушат. Айыл-кыштак жерлеринде да мындай көрүнүштөр кайрадан жанданат.
Ошол жер аттарын алмаштырып кетүүчү адамдарга акыйкаттык болбой, татыксыздарга ашыра баа берүүлөр, көз боемолор, куу сүрөөлөр болуп жатышына калк күбө...

"Калмактын койгон аты деп,
Катуу күлүп эр манас.
Качаңкы атын жоелу,
Манастын оюн кубаттап,
Абасы Бакай кеп айтат.
Талас болсун - деп айтат
Бул Таластын ээси
Манас болсун - деп айтат".

Ошентип "Көпөлөк" аттуу жерден кайра байыркы аты Талас келип чыгат. (Манас)
Накыл, санаат, насыяттар.
Карызды кайырган адам - тобо кылган адам.
Дүйнөгө күнөө аял аркылуу келген, күнөөдөн кутулуу да аял аркылуу болот.
Сүйлөсөң жүрөктөн сүйлө, болбосо жүрөктү убара кылба.
Жылуу сөз аязда ысытат, суук сөз ысыкта муздатат.
Ак пейилдүүлүк - адамдын артыкчылык белгиси.
Адам - кудайдын көз алдында турган нерсе.
Корксоң айтпа, айтасаң коркпо.
Өзүңдү көргүң келсе, касыңдын көзү менен кара.
Адилеттүүлүк - чындыктын энеси, бешене белгиси, адамдын бетиндеги нур.
Жакыныңдан алган жараат, баарынан жаман оорутат.
Эгер уусунун дарылыгын билсе, жылан чакмак эмес да, уусун чыгымдабай, үмөндөп чакмак.
Бакма бала. Бул - асыранды эмес, атайын боорукердикте багып алынган наристе. Илгертен турмуштун ар кандай жагдайлары боюнча бирөөлөр балдарын башкалар багып алууга берүүсү.
Биринчиден, баласы жоктор, башка чукактар чыгат. Алдыртан бала багып алууга куштарлар. Ал баланы өзүнүн жалгыз баласына жолдош кылуусу;
Экинчиден, андай адамдарды алдыртан билип-туюп, ошондойлорго баласын таштап кетүүлөрү;
Үчүнчүдөн, төрөт үйлөрүнүн бөбөктөрүн да алуулары. Кандайынан айтсак да, Кыргыз Ата наристелерин талаага таштабаган. Тукумун, урук-туугандарын көбөйтүүгө камкордуктар жеринен бардыгы.
Ит ырыскылаш. Абалтан эле адамдардын эң биринчи жолдошу ит болуптур. Ал тарыхый жактан такталган чындык. Ушундан улам ит жеринен адамга үйүр, опо болот. Адамдан арткан ашты ит аякка куят. Адам тууралуу иттин тилеги жакшы. Пикири өтө келишпестиги "ит менен мышыктай" дейт. "Ээмдин көп баласы болсо, ошолордун богун жесем дагы жан сактайм", - деп тилек кылат. "Ээмдин бир эле баласы болсо, ошонун кешигин ичем, оозун жалайм, мен да эрке болом",- деп мышык тилейт имиш. Ээсин бирөөлөр уруп жатса, ит кадимкидей болушат. Аны жара тартып таштайт. Наристелер токтобой жүрсө, ит эмчегин эмизүүлөр болгон. "Итемгендин, Сүтемгендин тукуму" деген уруктарды билебиз.
Бел алдырбоо (сыр алдырбоо). Ар адамдын, ар бир атанын, уруктун, уруунун ички намысы шакардай кайнап турат. Бирөөлөр бирдемелерин билип калса, укмуштай уяткарат, макал-лакаптарга айланат. Эл арасына жайып жиберет. Атайын ат коюп, ошол атадан балага, туугандан урукка, урууга дейре айтылып калат. Бул "бел алдырып койду", "сырын алдырып таштады" деп айтат. Мындай бел алдырды, сыр алдырды көбүнчө аралаш жашоодо дасторкон жаюуда, мал союуда, табак тартууда, кымыз куюда, көчүп-конууда, өлүк-тирикте ж.б. жашоодо, оош-кыйыш тиричиликте сөздөр көп баамдалат. "Саяктарча", "Таластыктарча", "Солтолуктарча", "Көлдүкчө", "Бугуча"... өңдүү сөздөр мурун-кийин соң түбөлүктүүдөй сезилет. Ошондуктан, Кыргыз Ата артынан сөз ээрчитпөө үчүн каада-салттан, үрп-адаттан эч качан тап жылдырбаган.
Көңүл буруу. Бул кыргыз элиндеги мыкты сапаттардан. Тирүүчүлүктө адамдардын турмушу ар кыл, колу жетиштүүлөрү болгон, орточолору бар. Жармачтары, кары, жетим-жесирлери, бей-бечаралары болот. Албетте, байлары, билермандары бар. Ошондой жагдайлары аркылуу айыл үстү, эл ичи болуп саналат.
Биринчиден, эл мыктылары, эл жакшылары, элинин жалпы жашоолоруна алдыртан көз салып баамдайт. Кимдери бар, анын колунан эмне келет, буга назар салган;
Экинчиден, колунан байлык жарата албагандардын малдары барбы-жокпу, көппү-азбы, муну көз кырына алган;
Үчүнчүдөн, алардын жакындарынын ич-ара кайрымдары, ошол кайрылууга тийиштүүнүн өзүнүн турмуш-тиричилиги кандай, муну көңүлүнө түйгөн. Мындай иликтөөлөрдүн негизинде өзүлөрүнүн кеп-кеңештерин тууган ичинде, айыл ичинде кылып, аларга жардам берүү, катарга кошуп алуулары келип чыккан. Мына ушундай жолдор менен кириптер болгондорду бошотуп алышкан. Өз ара ширелишкен баланчалардын ынтымактары - деген пикирлер пайда болгон. Бул - ата-баба салты, муну улоо керек.
Ынтымакка чакыруу, ынтымакка келүү. Бул - элибиздеги асыл сапаттардан. Кыргызда ырыс-кешик, береке пейилдик, оң көрүнүштөрдү ынтымакка алып келип жорушат.
Биринчиден, башка урууларды ынтымакка чакырган учурлар болгон. Кыз алышуу, кыз беришүү, күлүк-жорго тартуулашуу, чепкен жабуу ж.б. сый-сыпаттардын негизинде алыс-жакындар эли менен эл, журту менен журт болуп келген. Чиелүү маселелер чечилип, жүйөөлүү кеп-кеңештер үчүн аттарынан түшүп беришкен.
Экинчиден, өз-ара ич күптүлөрдү, жүз карашпоолорду, топурагын түйүп берүүлөрдү, башка тарапка көчүп кетүүлөрдү, эриш бузууларды жана ушул өңдүүлөрдү оңго бурушкан, эпке келтиришкен.
Үчүнчүдөн, андай терс жагдайлар болбоо үчүн алдын-ала ынтымак уюштурушкан, алдыртан жардамдарын кылып, колдоолорун көргөзүп, чийинден чыккандарын өзүнчө "үндөккө" алып коюшкан. Арийне, андайлар азыр да бар. Нарындын "Үч Ата", Ысык-Көл, Кочкор райондорундагы аттуу-баштуу ынтыкмактарды айта кетүүбүз тийиш. Сөз төркүнү тууралуу Р. Гамзатов:

"Сапталар ийне сапталды,
Тигилер кийим эмне?
Тартуучу кыл тагылды,
Ырдоочу ырың эмне?"

"Кыргыздын килеми көчкөн жерде калат". (макал)

"Асман да көк, жер да көк,
Бир өңчөй килем өңдөнөт.
Туура суу туйлап арыдан,
Шарынан шамал, жел келет". (Байдылда)

Кутмандуу кыргыздар тоолуу жерде жашагандыктан, суулары шар агат. Дүйүм гүлдүү чөптөр аңкып, каңылжарды жарып турат. Жазда, жайда ошондой жерде отуруп масилат курушат. Андай жайларга кийиз салбайт. Көк чөп өзү эле мамыктай сезилет. Эл арасында мындай кеп бар: Шабдан баатыр Мекеге аттанат. Ташкендик сарттар анын келээрин угуп, улуу ызат менен тосуп алышмак болот. Албетте, баатырга ортодо басууга килем жайып коюшуп, эки тарап турушуп, эки колун боорлоруна алышып, ийилип саламдарын каттай айтышып, "Баатыр Шабдан келишиңиз менен!" - деп тосуп алышат. Мейман жайына киргизишет. Улугу: "Ушинтип килемибизди жайып үч күндөн бери күтүүдөбүз, баатыр" дебеспи. Анда Шабдан камаарабай: "Күткөнүңөргө чоң ырахмат. Бизде мындай килемдер көчкөн журтта калат" - дептир. Ак сөз го, чиркин, а мүмкүн, сарттар Шабдан, жолдош-жоролору менен таңданат десе керек. Бул - баатырдын ички намысыбызды алдыртан өтө бийик тутуусу.
Бетинен өөп кой, колунан кармап кой, ал-жайын сурап кой. Бул - кыргыздын асыл салттарынан. Бир чети каадалуу ырым-жырымга да кирет.
"Өөп кой" - бөбөктөрдү, кичүүлөрдү бетинен өөп кой, эркелетүү аманаты. "Колун кармап кой" - улууларды карыя-байбичелерди колунан кармап коюу аманаты.
"Ал жайын сурап кой" - атайын түшүп, ал-ахыбалын сурап коюу аманаты. Демек, салам-дуба катары кабыл алынганы белгилүү чыгаар...
Ийменүү. Бул - элдик адептүүлүктүн үлгүлөрүнүн бири. Улууларды урматтоосу, кичүүлөрдү ызаттоосу мыкты сапаттарга кирет. Назиктикти, илбериңкиликти билдирүүсү. Табиятындагы маданияттуулуктун белгиси. Улуу-кичүүнүн ортосундагы кеп-сөзгө кыпчылып, адепсиздик кылбоосу. Кыз-келиндерге, жаш жигиттерге мүнөздүү мындай жагдайлар уяңдыкка барып такалат. Албетте, жаштар ушулар аркылуу сылык-сыйда сезилет.
Профессионалдар боло берет, а чынында, элдик болуш керек. Баланы деле урушта кай жерге урсаң ур, бирок, бетке, жүзгө урба. Адамдын жүзү кол тийгис нерсе, бул-тоолуктар сөзү.
Көзү ачыктык - көрөгөчтүк салты. Бул - кыргыздын ата салтында олуялар, машаяктар, көз ачыктар, алдын-ала билүүлөр, шарттуу божомолдор, далилдүү чындыкты айтуулар ж.б. адамзатка таасир берүүчү, таалим алуучу, кийинки муундарга калуучу, эстей жүрүүчү, бара-бара уламышка-болумушка айлануучу окуялардын кереметтүү көрүнүшү. Мындай инсандар кары тарыхта арбын кездешет. Жээренчи чечен, Акыл карачач, Санчы сынчы, андан бери Бай уулу Калыгул, Черик Матай ж.б. тууралуу эл оозунда укмуштай сөз бар. Эмесе, Черик Матай жөнүндө Ат-Башы Нарында мындайча маалыматтар берилет. Бир жылы Ак-Сай жайлоосуна көчмөк болушат. Матай балдарына: "Менин быйыл табым жок, Ак-Сайдан сөөгүмдү жүктөп жүрбөгүлө. Жаш чактан бир жүрдүк эле, сырдана курдашым тигил Моңолдор Жакыпбектин жанына кондуруп койгула, эртели-кеч эрмектешейин" - дептир. Ал жылы экөө ичкери Каманды-Сууну жайлашат. Жакыпбек Матайдын болжоп айткан жышаанын билет. Аны бир нече жылдан баамдайт. Бир күнү чайга чакырат. Матай болуп дасторкондо олтурушканда Жакыпбек сөз баштап калат: "Матай, сени эле олуя дешет. Кана, олуя-көзү ачыктыгыңды мага көрсөтчү. Менин уулум ким болот, сенин уулуң ким болот, айтчы?" - дейт. Куймак жеп олтурган Матай мыйыгынан күлүп: "Ии, и, Жакыпбектин бул куймагы доолуу куймак болуп калды шекилдүү. Болуптур, кана балдарды чакыргылачы". - Тышта ойноп жүргөн кичинекей Базаркул менен Боогачыны чакырып келишет. Боогачыны, Базаркулду чечинтип, көмкөрөсүнөн катар жаткырат. Матай колунун учу аркылуу кыр аркаларын алмак-салмак акырын сыдырат. Көйнөктөрүн кайра кийгизип: "Бар, ойногула" деп балдарды тышка чыгарып жиберет. Ошондо Матайдын айтканы: "Менин уулум жаш чагында болоорунча болот. Ай, өмүрү кыска бекен?! Сенин уулуң кырктап барып, атагы таш жарат" - дейт да, балдарга ак бата ыроолойт. Кийин Матайдын акылмандыгы айткандай чыгат. Базаркул он сегиз жашында Черик элин өзүнчө болуштукка бөлүп алат. Ал эми Боогачы - абалы ырчы-обончу, секетбай ырынын зергери, анан Моңолдордун болушу болуп шайланат. Кырк жашында өнөрү да, саясий ишмердиги да кыргыз элине жапырт угулат. Чын эле Базаркул жашында эле жайран болот.




  Китеп_тизме: 



Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0777) 329784
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат