|
Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
|
түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
l "Агым"-сериал Министрдин махабаты (аңгеме) II серия Японкабы же кытайбы? Сулуу экен. Ууртунан жылмайганы, магниттей тарткан көз карашы, шамалдан сермелген саамай чачы, Аидага куюп койгондой окшоштугу Нурландын көңүлүн ээлеп алды. Нью-Йорктун чок ортосун ээлеп алган бул азиаткага мына-мына жан кирип, плакаттан түшүп келчүдөй сезилди. "Хара-кришналап" барабан каккан индустарды, кайыр садага сураган негрлерди, аялдамада эл көзүнчө өбүшкөн кыз-жигитти, отура калып, тура калып фотоаппаратын чыкылдаткан башы таз, килейген семиз кишини көрүп турса да элес албай, биздин каарманыбыз санаасы менен алпурушуп, өз дүйнөсүнүн чегарасынан чыгалбай турду. Плакаттагы сулууну караганча, студент кезинде мээсине кыттай куюлган ыр саптарын эстегенге аракет жасады. Тармал чач, тагдыры татаал, жапжаш өлүп калган Табылды деген акындын жазганы келди тилине. "Мерген, мерген, мерген... кандай эле?.. Мерген аяп, мерген атпас жылмайганың беле? Күлкүң беле?.. Унутупмун. Мерген, мерген..." Отуруштарда тост айтканда дайыма ошол саптарды кырааты менен жатка окуп, ошондон улам досторунун арасында "Мерген" атка конгонучу? "Унутканымды карачы? Карып баратканымдын белгисиби?" - деп үн чыгара сүйлөп ийгенин Нурлан өзү да байкабады. "Манхэттендин" гүрү-гүүсү анын күбүрөп сүйлөгөнүн акула сымал заматта жутуп алды. Адамсыңбы, итсиңби, битсиңби, - түк дагы маселеси болбой, музыкасы, кыйкырыгы, пипилдеги, каткырыгы, жин ургандай ылдамдыгы менен жашаган Нью-Йорктун кайдагы бир кыргыздын жантолгоосу менен эмне иши бар десең... Курсагы ачпаса дагы көчө боюндагы бир ресторанга башбакты. Классикалык муза сыбызгыган, жылуу, тынч, чымчыктын уясындай жер экен. Чоң терезенин түбүнө отуруп, пиво заказ берип, тамеки түтөттү эле, официант кыз "No smoking" деген жазууну көрсөттү. Нурлан кечирим сурады. Ичинен "ушулардын тартиби өтүп кетти" деп күңкүлдөп алды. Сотка телефонун алып чыкты. Аида чалбайт негедир. Папасы бошотпой жатканбы же уктап калдыбы? Бишкекте саат канча болду? Кайрадан "мерген" темасы келди оюна. Эң биринчи окуганда эле ал саптар жүрөгүн аралап, сөзмө сөз кандай жазылса ошондой көзгө элестеткенин эстеди. Чоң атасы мергенчи болуптур. Өзү көрбөй калды да. Айылдык абышкалар уламышка айлантып саймедиреп беришчү. "Көзгө атар мерген эле. Кайберен келгенин жалгыз билчү. "Мылтыгымдын чык эткенин уктум" дечү. Чындап эле заматта барып атып келчү... О-ой, чоң атаңдай мерген чанда болгон кыргызда. Ачарчылык маалында кийиктин эти менен бүт өрөөндү бакпадыбы. "Кожожашты" окудуң беле? Анда кудум ошонун окуясы деп биле бер, балам...". Ушинтип айтышчу. А биздин Нурлан экономфакта окуса да, адабиятка, искусствого жакын эле. Кыялкечтиги, романтиктиги, фантазияга чукулдугу ошондон болсо керек. Табылды деген акындын алиги саптарын "чү" дегенде эле кино сымал көз алдына тартып ийген... Мылтыгы менен кайберенди мээлеген чоң атасы. Өңү көрүнбөйт дечи. Асканын боору. Адам менен жаныбар тиктешип турушат. Ошондо сыйкыр болуп кеткенсип, күтүүсүздөн кайберен сулуу кызга айланып, ууртунан жылмаят. Мылтык колдон түшөт. Мерген аяп, мерген атпас... Чоң атасынын өңүн көрө албаган менен, алиги кайберен-кыз кадимки Аидасы болуп көрүндү. "Мистика" деди ичинен Нурлан. -Сэр, - деген үндөн баш көтөрсө пивоңорду жаңыртайынбы маанисинде официант карап турат. Унчукпай баш ийкеди дагы, Бишкекке телефон чала баштады. -Алло? -Аида, барсыңбы? -Ба-армын. -Жарым сааттан кийин чалам дедиң эле го? -А мен силерди күтүп аттым. -Күткөнүңөн сенин... -... -Эмне унчукпайсың? -Вас слушаю. -Уйкуң келбедиби? -Жок. -Эмне кылып атасың? -Силерди күтүп төшөктө жатам. -Келейинби? -Канат таап алдыңарбы? -Ооба. Болгондо да бүркүттүкүндөй. -О-о... Түгөлбай Казаковдун шумкарындайбы? -Ал кандай эле? -Мен бир шумкар сабалаган, сабалаган сага... Жамгыр менен дүйнө кези-ип... -Эстедим, эстедим, айперим менин. -Хорошая память. -Ал шумкардын көзүнөн жамгыр сымал шумдуктуудай көз жаш акчу беле? -Акчу, а бирок Сиз кайраттуу шумкарсыз да? -Рахмат, жаным. Откуда ты у меня такая не по годам взрослая, таинственная? -Андай деле эмес. -Ошондой. -Билесиңби Аида, азыр мен көчөдөн сага абдан окшош плакаттагы азиатканы көрүп, баягы ырды эстедим. -Кайсы? -Мерген аяп, мерген атпаган сулуунун жылмайганычы? -Жүрөктү оорутпагылачы? -Извини дорогуша, но у меня слезы... -Сиздей шумкар дагы ыйлайбы? -Кечирип кой... | Китеп_тизме: |
|