|
Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
|
түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
l "Агым"-сериал Министрдин махабаты (аңгеме) I серия -Алло? -Да. -Аидасыңбы? -Ооба. -Үнүң таанылбай калганбы? -Эмнеге? -Билбейм. -А эмне мынча кеч? -Силерде түн, бизде эртең менен. Бишкек менен Нью-Йорктун айырмасы 11 саат эмеспи? -А-а, Америкага кетпедиңер беле. -Унутуп калыптырсыңбы? -Унутпай эле... -Уктап атасыңбы? -Жарым-жартылай. -Кандай? -Төшөктө жатам көзүмдү жумуп. Уйку менен ойгоонун ортосунда. -Бессонница что ли? -Жо-ок, андай эмес. Муну эмне дейт билесиңерби? -Өзүң айт. -Анда билип жүргүлө. Медитация между сном и явью дейт. -Укмуш го? -Укмуш. -Аны кимден үйрөнүп жүрөсүң? -Ауробиндодон. -Ки-им? -Индустардын акылманы. Сүкүт чалуунун системасы менен бүт дүйнөнү таңгалдырган. -Йог дечи? -Ошо сыяктуу. -А мен аныңды көп поклонниктериңдин бири экен дебатпаймынбы? -Здра-асьте! -Аида? -Ии. -Сагындыңбы? -Айтпайм. -Эмне үчүн? -Өзүңөр сагындыңарбы? -Это словами не передать, дорогуша. -А что делать? -В смысле? -Словами не передать дебатпайсыңарбы... -А-а... Көргүм келет. Саамайыңан сылагым келет. Өпкүм келет. Сөз менен айталбайсың да. Канатым гана жок. Болсо азыр учуп барат элем. -Абдан романтиксиңер, ээ? -Ал эмне жаманбы? -Жо-ок. Наоборот ушул мүнөзүңөр жагат. -Ырахмат. -Акчаңардын баары кетти го? -Эмнеге? -Узак сүйлөшкөнүбүздү айтам. 12-микрорайондон чалгансып шашпай сүйлөгөнүңөрдү айтам. Все-таки это Америка. -Түшүндүм, кызыл жоолук делбирим менин... -Айтматовдун делбириби? -Жок, менин делбирим... Акчамды башкадан аясам да, сенден аябай калайын. Бир жумалап деле тынбай сүйлөшө берүүгө даярмын, менин кичинекей ханышам! -О-о! -Ишенбейсиңби? -Ишенем. -А эмнеге "о" дейсиң? -Ханышам дегениңер жагып калды. -Бул чындык да? -Билем. -Билсең эмне үчүн менин эң башкы суроомду жоопсуз калтырдың? -Кайсы? -Бат эле эстен чыгарганың жарабайт, менин айперим. -Аябай эркелеттиңер го? -Жакпайбы? -Жагат. -Эстеген жоксуңбу? -Эмнени? -Башкы суроомду? -Айтайынбы? -Айт. -Таарынбайсыңарбы? -М-м, аракеттенем. -Сагындыңбы деп сурадыңар. А мен айтпайм дедим. Туурабы? -Ту-ура. -А эмне үчүн айтпайм дедим? -Билбейм. -Кырк бешке чыккан киши да ушундай жөнөкөй нерселерди түшүнбөйбү? -Сурооң ширин чыкты, Аидочка. Бу дүйнөдө мен билбеген балээ жок. Ошентсе да сага келгенде эң жөнөкөй нерселерге башым жетпей калганы чоң чындык. Мен масмын да? -В смысле масмын? Ичип алдыңар беле? -Ах ты, моя малышка, бир туруп жарга такаган суроо бересиң да, бир туруп наивный болуп кетесиң да? -Меню тебю не понимать. -Ха-ха-ха, тамашаң да керемет. Мен деген сүйүүгө масмын, Аида каралдым! -А-а... Эми жетти. -Жетсе мен даярмын, табышмагыңыздын жандырмагын угууга. -Табышмак деле эмес. "Айтпайм" деген сөз "ооба" дегенди билдирет... -Ва-ай, ушуга акылым жетпептир, ээ? -Не надо иронизировать, Нурлан Кадырбекович! Тем более кокетство деп кабыл албаңы-ыз. -Койсоңузчу, айперим. Официальный кайрылганыңызга караганда таарынтып алган жокмунбу? -Ой, телефонду папам сурап атат. Кийинчерек чаласыңарбы? -Папаң келди беле? -Билесиңер да, хозяйкасынан качканда биякка келет эмеспи. -Анда бошогондо соткама өзүң чалып кой. -Соткаңар Америкадан деле ала береби? -"Роуминг" деп коет. Жердин түбүнө түшүп кетсем да шыңгырай берет. -Кой, түшпөгүлө. Анда мен ыйлайм. -"Ыйлайм" дегениңен сенин... -Мейли анда. Через полчаса позвоню. -Жарайт. Күтөм... Нурлан сыртка чыкты. Асман тиреген аскадай үйлөрү баса калчудай болгон Нью-Йорктун көчөсү. Ызы-чуу. Аба ным жыттанат. "Манхэттенди" көздөй басты. Бүгүн жекшемби. Адамдын баары эшикте. Көчөнүн наркы башынан Мадонна, Бритни Спирс, Шакира сыяктуу шоу-жылдыздардын килейген плакат-сүрөттөрү көрүндү. Арасынан бир азиатканын көзүнө кадалган Нурлан "селт" этип кетти. Кудум Аиданын жүзү. Окшоштукпу же... | Китеп_тизме: |
|