|
Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
|
түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
Чолпонбек Абыке уулу Көрпенде (Повесть) 1. СССР империясынын мезгилинде алкоголдук спирт ичимдиктери өзгөчө тартип менен күндүзгү саат 2ден кийин атайын дүкөндөрдө сатылчу. Бул Горбачевдин мезгилине тиешелүү. * Повесть; СССР империясы "гүлдөп" турган мезгилдеги окуяны камтып жазылгандыктан акча бирдиги ж.б.у.с. Ошол мезгилдин өлчөмүндө алынды. М: Анда 1-рубль - 1-доллардан кымбат болгон. Так айтканда 1 -доллар 60 копекке барабар болгон. Күн төбөдөн чакчайып тийип турган. Мындай ысыкта куштардын да сайраган үнү угулбай тымып калат. Шаар ичи демейдегиден да үп. Асфальт жолдун жыты коңурсуп мурун жарат. Бактын көлөкөсүндөгү орунтукка жука оромого оролгон баласы бар жапжаш келин ийрелеңдеп басып келди да аярлай көчүк басып кучагындагы баласын тизелерине туурасынан койгон боюнча телмире тээ туңгуюкка чөгүп катып калды. Өңү кер сары тартып, көздөрү чүңүрөйүп турпаты жүдөңкү. Баласын орогон оромол да сарала болуп кир. Аңгыча бала ыңаалап ыйлап жиберди. Келин кичине эсине келгенсип чыканагына илинген чүпүрөк баштыгын алып, орунтукка койду да ичинен кургак жалаяк алып чыгып, баласын орунтукка жаткызып астын кургактады. Баштыктын ичинен чай кошкон сүт алып, кичине эмизгенден кийин, бала кайрадан уктап кетти. Келин таноолорун былкылдатып уктап жаткан баланы сестей карап турду. Аңгыча арыдан майпаңдап казча баскан майып киши келип орунтуктун аркы башына отурду да келин жакка бурулбай туруп: - Балам, убактың канча болду? - деп сурай колундагы кир жүзаарчысы менен терин аарчый мурдун "быр" дедире тартып алып бул жерде көпкө олтуруучу адамча копшоло жайгашты. Эмнегедир селт этип чоочуган келин колундагы саатын бир карап: - Он экиден он мүнөт өттү, - деди угулар-угулмаксан. Тиги адам рахмат деп да койгон жок. Саат сураганын унутуп калгансып өзүнчө ар жеринен терин аарчып алектенүүдө. Кыйгач караган келин тигил адамдын чын эле баласы экөөнө кенедей да көңүл бөлбөй отурганына көзү жеткен соң кичине тынчтанып, кайрадан эриндерин бүлк-бүлк соуруп уктап жаткан баласына тикирейе тигилди. - Агай, балага көз салып турасызбы? Мен тигил жакка барып келейин. - Жаңсап ажааткана жакты көрсөттү. Келиндин күтүүсүз суроосуна олурая карган берки эмне деп айтаарды билбей унчукпай туруп калды эле. - Бат эле келем. - Көздөрү чагылыша түшкөндө келин күнөөлүүчө жалтактап төмөн карады. - Мейлиң - деп күңк этти бейтааныш. Ушул жоопту күтүп тургансыган келин ордунан шып атылып турду да көздөн кайым болду. Анын ийрелеңдеген арык элесин бейтаныш адам эч кимге сүрөттөп, айтып бере алмак да эмес. ХХХ Бейтааныш өзүнүн кароосундагы баланы улам кыйгач тиктеп койгону менен тынчы кетип аркы ичкилик саткан дүкөн жактан көзүн албайт.(1) Саат экиге жакындаган сайын дүкөндүн айланасынан топтошкондор арбый баштады. Берки майып адам кезек алуу жагынан кам жебеди. Жана орунтукка отурганы келатканда эле кайрылып кезек алып койгон. Убакыт гана жылбайт. Күттүрүп. Улам өткөндөрдөн саат сурайт. Бир даарлары жооп берсе, бирлери жаман көздөрү менен карап басып кетишет. Ал түгүл бир аял угуза "Кудай ушундай алкаштарга бала берет, тиленип жүргөндөргө бербей", деп тилдеп кетти. "Алкаш" дегенди укканга кенедей да терикпей калган. Жөн гана кулагынын сыртынан кетирет. Бала жөнүндөгү сөзгө болсо уртунан жылмая күлүп, наристени дагы бир жолу аңдап тиктеп, "Мейли ооздоруна алы жетпегендер айта беришсин", - деп күңкүлдөп койду. Болгону чын эле ушул бала меники болуп калса эмне болмок деген ийнедей ичке ой жүрөгүн тыз сайганда өз суроосуна кайра өзү жооп издегенден качып, өтүп бара жаткан кыз-жигиттен убакытты сурай кетти. - Бирден жыйырма мүнөт өттү деди жигит. Бул маалда тигил дүкөндүн астына чогулган караан алда-канча көбөйүп тизмектешип калган. Эки жагына элтеңдей баланын энесин күтүп ажааткана жакты карады. - Бала баккыч тапкансып жоголду го? Өзүнчө, - Жер астына түшүп кеттиби? Тигил ажаткана жактан кирип-чыккан аялдардын арасынан бери бурулуп басчуусун издейт. - Бул катын ит го. Тешикке тыгылгыр. Күңкүлдөп сөгүнө да баштады. Аңгыча тиги оромодогу бала чыйылдап ыйлап кирди. Көчүгү менен жылып оромолго жакындап баштыктын ичинен оозунда упчусу бар шишени таап чыгып баланы колуна ала жүзүн ачты эле ысыктан боргулдана тердеп турган баланын жыты мурдуна бур деп тийип, тигил болсо көздөрүн ачпай жарыктан кача, оозу менен эмчек издей энтигип-энтигип алды. Упчуну оозуна сала койгондо бүркүлдөтө соро ыйы токтоду. "Ой мунуңдун төрөлгөнүнө жарым айда боло элек неме го?" деп ойлой балага тигилип эпсиз кыймылдай упчуну сордуруп жатты. Баланы улам бооруна тарткан сайын анын наристе жыты жүрөгүнө бүлүк түшүрүп бара жатканын өзү да билген жок. Бүлкүлдөтүп упчу соргон балага кызыга түшүп, эңкейип өбөйүн деп баратып кайра чоочуй "энеси көрсө алкаш баламды өбөт, - деп жаман көрөт го", деген ой менен айланасын карай келинди издеди. Жакын жерден эч ким көрүнбөйт, Чыдамы кете акырын эңкейип баланын маңдайынан жыттады эле жыпар-жыт көөдөнүн жарып кеткенсип магдырай түштү. Качанкы унут болгон бала жыты. Жүрөгү тыз-тыз сайгылаша "Эртерээк келбейби" - деп келин кеткен тарапты тиктеген менен бул баланын энесине түспөлдөштөр көрүнбөйт. Бала, боорунда эки жүз граммдык белгиси бар шишедеги сүттүн жарымысына чейин соруп калган тойдум дегенсип, оозунан упчуну чыгарып кайра албай ыйлай баштады. Колуна алып силкилдетсе, кичине бастап барып, кайра ыйлайт. Арак саткан дүкөн ачылып кезек күткөндөр топурашып киришти. Чыдамы кеткен берки баланы көтөрүп аялдар кирип- чыккан ажааткананын оозуна келип кирип бараткан бир жаш кызга "Бу баланын энеси ушул жакка кирип кетти эле. Эртерээк чык, балаң ыйлап жатат деп айтып койчу" деди. Тиги баш ийкеп кирип кеткени менен, көп өтпөй кайра чыгып таңдана:"Ичинде эч ким жок экен" деди да кылчак-кылчак карай шашкалактап жөнөй берди. Берки чочуп кетти. "Я, эмне дейт. Анан кайда кетти" Айланасын караса бу баланын энесине түспөлдөшкөн келин көзгө чалдыкпайт. " Баласын таштай качкандардан болбосун деген ой келип, кайра койчу кантип эле чаламандын чак түшүндө ошентсин. Дүкөндөрдүн бирине кеткен го ",- деди да кайра мурдагы отурган орунтугуна басып келди. Бала чыркырап үнүн баспаганынан улам эсине асты суу болсо керек деген ой келип акырын оромолу жазып жиберди эле бала ырбыйган ичке буттарын жыйрып алды. Эркек экен. Чочосу чормоюп жүрөт. Буту бошой түшкөнгө бүрүңдөтүп дагы сийди. Асты чылпылдап суу болуп, суюк кылып чычып таштаптыр. Баштыкты оодарса кургак жалаяк бар экен. Бирин алып чыгып астын кургактайм деп эби келбей колдору булганып жатып эптеп кайра оромуш болду. Ары -бери өткөндөр таңкала карап коюшат. Айрымдары "Өзүнүн кейпи бул, дагы балалуу болуп алганын" дешип өтүп жатышты. Асты кургакталганга бала тынчтанып уктап калды. Баланы орунтукка жаткызып коюп алма-чөлмө тер болгонун билди. Чөнтөгүнөн кирдеген жүзаарчысын алып моюн-чекесин сүртүп, өз эрин өзү соруп, уктап жаткан баланын жүзүнө тигиле карап туруп оромолдун учу менен бетин акырын жаап койду. Эсине ичкилик саткан дүкөн түшүп "Кой барып келейин. Эгер кезегим өтсө акчамды бирөөнө берейин" - деп дегдеңдей басып, түртүшкөндөргө барса, эски тааныштарынын бири астыда экен. Алыстан эле көзүн ымдап" - Ой кайда жүрөсүң? Кезегиңде алаарын алып коюп жоксуң" деп атайлап үнүн көтөрө чыгарып бакылдады. Берки жакын барып "Бир шише вино ала чыкчы. Мен тигил жактагы орунтукта болом", - деп кулагына шыбырай, колундагы акчасын тигиге карматып, кайра кезектен сурулуп чыкты. Түртүшкөндөрдөн араң-сүрүшүп атып чыгып, энеси келди бекен деп , бала жаткан орунтукту караса бозоргон оромолдон башка киши көрүнбөйт. Колтукташкан бир аял менен эркек жанынан өтүп бара жатып, кичинеге карап туруп калышты да, кайра басып кетишти. Беркиге бала чыркырап ыйлап жаткандай туюлуп кетти. Баланын жанына кантип жүгүрүп келип калганын да билген жок. Чын эле чыркырап ыйлап жатыптыр. Баштыктан сүт кошкон чайды алып чыгып, эмизсе кичине соруп коюп, кайрадан ыйлап кирди. Айласы кетип колуна алып силкилдетсе үнү басаңдап калат да, баары бир сооронбойт. "Энеңди... катын болгон. Бала баккычты таап алганын кара". Баланын энесин алынын жетишинче сөгүп-сөгүп коет. Канча убакыт өттү ким билсин. А жанагы келинден дайын жок. Жүрөгү опколжуп "Чын эле таштап кеттиби деген ой тынчтык бербей ары-бери баса баштады. Нечен курдай, мен деле таштап баса бербейминби. Келсе келип калаар. Келбесе дагы бирдемкеси болоор", дегени менен кудурети жетпеди. Аңгыча жанагы акча берген таанышы жетип келди.- Сени кайда кетти деп издеп жүрбөйүнбү. Ме мунуңду. Колундагы үч шишенин бирин сунду. Баланы көрүп: - Мына кызык тамаша. Бул өзүңдүкүбү? - Жок. Меники кайдан болсун. Бир таанышымдыкы эле, карай турчу деп дүкөнгө кетишип кечигип жатат. - Ошондой деймин да. Мейли. Мен кеттим. Шашылыш бир жерге барышым керек. - Ырахмат. - Эч нерсе эмес. Тигил узап кетти. Берки баланы орунтукка жаткызайын десе, кайрадан чыркырап ыйлап кирди. Күүгүм киргичекти басып жүрдү. Баланы бооруна көтөрүп алып, орунтукту айланып, дүпүйгөн бакты айланып, бала болсо ыйлай-ыйлай чарчады көрүнөт, акыры уктап калды. Келин келбеди. ХХХ Бир короодогу коңшу жашаган жалгыз кемпирдин эшигин такылдатканда саат түнкү он эки болуп калган эле. - Чоң эне, чоң эне дейм. муштуму менен каалганы катуу-катуу койгулады. Ичкериден кыйчылдап эшиктин ачканы угулуп, оозгу тамдын жарыгы күйдү. - Бул ким? - Мен. Мен элемин. Жапар. - А, эмне болуп кетти. Мынчалык кеч. Илгичти ачып жатып күңкүлдөдү. - Дагы мас болуп жүрүп, курсагың ачканда келдиңби? Эшикти ачып беркинин кейпин бир карап алып " соо көрүнөт го" деп ичинен ойлоп койду. - Чоң эне соо элемин. - Анда эмне. Кишинин уйкусун бузуп, бүгүн тамак жасаган жокмун. Аштык түгөндү, деп кечээ эле айтпадым беле сага. - Энеке мен тамак деп келген жокмун. Бала алып келдим. - Эмне дейт. Койчу кайдагы жокту айтпай. Чын айтам энеке. Жүрсөңүз. - Ээ ботом, ал эмне болгон бала экен. - Ал жай сөз. - Экөө ээрчише берки Жапардын эки бөлмөлүү чакан үйүнө киргенде бала чыркырап ыйлап жаткан. Баланы көрүп кемпирдин эси чыгып кетти. Бүжүңдөй басып барып баланы колуна ала койду да: - Кокуй чын эле айткан тура. Ой муну кайдан алып келдиң? - Эне ал жай сөз. Андан көрө үйүңүздө жалаяк кылгандай бир нерсе барбы. Анан эртең дүкөн ачылганга чейин бергидей сүт болсо. - Жай сөз... Жай сөз... Дагы эмне балакетти баштагансың. Кемпир баланы кайра ордуна коюп үйүнө жөнөдү. Жапар баланы колуна алса ыйы кичине басаңдап калды. Кемпир көп күттүргөн жок. Бат эле келди. Жаңы шейшеп, бир шише сүт көтөрө келиптир. Сүттү газга жылытып баланын шишесине куюп, кемпир упчу менен бергиче Жапар жалаяк дайындоого киришти. Шейшепти колуна алып жапжаңы экендигинен улам кылчактап туруп калган Жапарга: - Оозуңду ачпай, алдагы шейшепти бөлүп-бөлүп жибер. Жалаякка ылайыктап. - Эне мунуңуз жапжаңы го. Эскиреги жок беле. - Бөлө бер. Балага жаңысын салат. - Мейлиңиз. - Бычак менен тилип-тилип туруп айырганда бир топ жалаяк болду да калды. Кемпир бала сүтүн ичип болгон соң, астын кургактап татынакай кылып ороп жаткырды эле, көшүлүп уктап кетти. - Ии, бул эмне шумдугуң? Башта жай сөзүңдү. Жапарга кайрылды. - Жапар болгон окуяны тизмектеп айтып берди. ХХХ Жапардын ушул турган кепе үйдү кемпирден сатып алып киргенине он жылча болуп калды. Анда кемпир кызы экөө турчу эле. Суйкаңдаган өңдүү-түстүү кызы бар. Россиянын бир жерине турмушка чыккан экен. Кайра ажырашып келип, кемпир менен эки жылча чогуу туруп кийин Караколдо жашаган бирөөнө тийип кетти. Уулу болсо тээ ыраакы Сибирде иштейт дегенди кемпирден угуп жүргөнү болбосо өзү көзүн көрө элек. Анда-санда кат келсе кемпир мактанып көрсөтүп калат. Ушу жакын эле жерде туруп жарым жылда бир каттабаса кызы да келбейт. Анткен менен кемпирдин өз жашоосу өзүнө тың. Өмүрүнүн көбүн фабрикада иштеп жүрүп пенсияга чыккан экен, жүз он сом алат. А түгүл чындай келсе Жапардын да көпчүлүк учурда ичкен тамагы ушу кемпирден. Жапардын өткөн турмушун укканга боору ооруйбу же бирөөгө жаман сөзү жок мүнөзүнө, анда-санда базарга десе базарга, дүкөнгө десе дүкөнгө жок дебей жөнөп кеткен элпектигине ичи жылыйбы, энесинен беш бетер көп ичесиң, алкаш болуп кеттиң деп урушумуш болуп, түзүгүрөөк тамак жасаса үйүнө чакырып күчтүү тамак ичпесең ден соолугуң бузулат, - деп келет. Жапар да барган сайын буга көнүп, кай бирде эки-үч күндөп ичкиликтен башка тамак ичпей калса уялбай эле, чоң эне ашказаным куйкаланып баратат. Ысык, шорпо жасап берчи деп келет. - Деле кой, эт-аш сатып келип койгонсуп, шорпо жаса дегенин кара ай мунун, деп күңкүлдөй кемпир Жапарды кагып- силкимиш болгон менен тамагын бышырып, куюп берип олтуруп, бышактай кой дегенимди укпайсың, эмне кылайын эми. Деги өзүң эле билчи. Маңдайыңа ушул жазылса керек го байкушум, - деп үшкүрүнүп алат. Жапардын баянын толук уккан кемпир: - А, кокуй бул жанагы тууп таштап кетип жатат деген шуркуялардын бириники тура. Азыр андайлар көбөйүп кетпедиби. Кой, Жапар муну тигил ушундай балдарды ала турган үйгө эртең алып барып өткөрүп бер. - Жок, энеке муну өзүм бала кылып багып алам. Кемпир чоочуп кетти. - Эмне дейт кокуй. Сен бала бакканды коюп, өз каражаныңды баксаңчы. Жапар каштарын жыйыра, кичине ойлонуп калды да. - Багам! Эч кимге бербеймин! Мен муну үйгө алып келатканда эле ушундай деп чечкем. Болбосо ошо жерге таштап баса бербейт белем. Кемпир Жапарды кичинеге тиктеп турду да. - А боорукер байкушум. сен соолуктуручу жайга түшүп калганыңда, мунуң ачкадан өлүп калбайбы. - Мен мындан ары ичпейм! Өлөйүн энеке. Оозума да албайм. Көрөсүз го. Кемпир көз кыйыгы менен Жапар алып келип койгон текчедеги винону карады. Ичпей көп болсо үч күн чыдаарсың... - Жок энеке өмүр бою ичпеймин. Ушул баламды аман-эсен чоңойтуп , эл катарына кошсом болду. Ичкилик жерге кирсин. Ордунан калдаңдай туруп, текчедеги винону ала койду да муну көзгө көрүнгүс кылайын. Эшикке шарт чыгып кетти. Тыштан шынгыр деп шишенин сынган дабышы угулду. Кемпир өзүнчө "А, байкушум балам деп эмитен эле ээ болуп алган тура. Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала ушу да" . Көз кычыгынан жашын аарчыды. Жапар кайра кирип келди да. - Мына, чаап салдым. Экинчи ичкилигиңди жыттап да койбойм. А түгүл балама ат да коюп койдум. Бактыбек, - деп - Кой, Жапар акылыңа кел. Сен бул баланы багып өстүрө албайсың. Андан көрө өкмөткө эле өткөр. Бала багыш деген оңой эмес. Бекер өлтүрүп алып, убалына каласың. - Жок, энеке. Антип айтпаңызчы. Бакытты өткөрбөйм. Сиз, мен ороп-чулганганды, жуундурганды үйрөнгүчө каралашсаңыз болду. Каралашкыңыз келбесе деле мейлиңиз. Өз эркиңиз. Ал эми каражат жагынан болсо менин алган 200 сом пенсия балам экөөбүзгө кенен жетет. - Дегеле, балам деп ээлеп алганын кара. Мен го каралашайын, бирок сага муну ким бала кылып берет? Жапардын көздөрү алая түштү. - А менден ким талашмак эле? Ушундай чоң шаарда мени менен кимдин эмне иши бар. Кемпир ойлонуп калды. -Аның да туура дечи? Мунун энесинин жар салып издей коерун да кудай билет? Ошондо да буга документ-дүкүмент керек го. Төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк дегендей. - Аны эптеп пара берсем да, жаздырып алам. - Кемпир айласы кеткендей, жанын чаап шыпшынып коюп, ордунан турду. - Кой, экөөбүз акыйлашсак таң атканча талашыбыз бүтчүдөй эмес. Андан көрө жатып эс ал. Мен да эс алайын. Калган сөздү эртең сүйлөшөбүз. А винону бекер сындырдың. Акчага келген эле да. Баланын ден соолугу үчүн деп ичип коет элек. Эч капарсыз уктап жаткан наристени эңкейе карап. - Анан калса өзү да татынакай, монтойгон бала экен. Тфү-тфү ... көз тийбесинчи. кетип баратып кайра кайрылды. - Же мен ала кетип, жаныма алып жатайынбы. Сен уктап калып, бооруктуруп койбо. - Жок, энеке. Өзүм эле алып жатам. Эмнеге ыйлатмак элем. - Мейлиң. Кемпир дагы бирдемкелерди күңкүлдөп чыгып кетти. Жапар баланы акырын көтөрүп жерге койду да, диванды жазып жиберип, баланы кайра дубал жагына жылуулап жаткызып, өзү бер жак бетине кийимчен кыйшайды. Аркы шкафтын ичиндеги кирдеген шейшептерди салгысы келбеди. Эртең жууп тазалап туруп салайын деп ичинен ойлоп койду. Бала чукурунганынан оромолун жазса, асты суу болуп калыптыр, кургактап кайра ороп жатып, жалынып коет. Бакы, Бакы, Бакытай, өзү ыйлабаган азамат жигит экен да. Бала кайра уктап кетти. Өзү да баланын жанына кыйшайып, кандай көзү илингенин билбей калды. Канча уктады ким билсин. Баланын ыңаалап ыйлаган үнүнөн чоочуп ойгонду. Алгач уйкусу ачылганча өңүмбү же түшүмбү деп эч нерсе ажырата албай, ыйлаган үндү тыңшап жатып, анан эсине келе калганда ордунан атып туруп баланы колуна ала койду. Кейпи бир топ эле, ыйласа керек. Боргулданып тердеп калыптыр. - Кашайгырдыкы. Кара уктап калганымды, - деп күбүрөнө астын кургактап, жаткырып коюп, газга сүт жылытып келип берди. Бала курсагы тойгондон кийин кайра көөшүлүп уйкуга кирди. Бакытай уйкучу жигит экен да. Муйдунан, муйдунан деп эркелетип жанында таноолорунун бырпыңдап-бырпыңдап дем алганына кызыгып, тиктеп олтуруп анан отурса- турса диван кычыраганынан бала тынч уктасынчы деп жерге төшөк жая чалкасынан шыпты тиктеп, ойго чөгүп жата кетти. ХХХ Мунарды эстеди. Бир учурда оюна Мунар түшкөн сайын жүрөгү өрттөнүп, чабалактай кетээр эле. Бара-бара унут болуп отуруп, кийинки жылдары эстебей да калган, Чындыгын айтса Мунар эмес, башканы ойлоого чамасы жетпей ичип жүрдү. Бүгүн эртең менен эле жалтырак калай темирге чегип түшүрүлгөн жылаңач кыздын турпатын төрт сомго сатып, анын үч сомуна жана өзү эшикке алып чыгып таштаган винону албады беле. Винону эстегенде тамагы кургап кетти. Ордунан туруп, оозгу үйдүн жарыгын жандырып чаканы караса суу жок экен. Чайнекте кичине калыптыр. Чоргосунан жутуп, кайра ордуна келип жата кетти. Баланы байкаса, бир калыпта бышылдап уктоодо. Унчукпай чубалган ойлор. Жүрөккө мөөрдөй басылып, көз алдына күнү-түнү жарк этип тартыла калуучу элестер. ХХХ Жаштыкка мас, жазга мас эки жаш эзилип, таң аттыруучу укмуш күндөр ай. Жомок-жомок чын эле башынан ошонун баарын өткөнүнө, чын эле азыр ушул аачыткы сасыган, тиш жуугуч качан тийгени унутулган оозу менен, кол менен ак мрамар таштан чегип жасагандай кызды өпкүлөгөнүнө ишенбей да кетет. Кантип ишенмек. Терезеден жалдырап тиктеген бойдон, өз жолу менен жүрүшүн улоону унутуп калган ай гана күбө болгон алгачкы түнчү. Денесин майда калтырак баскан кыз колун сермөөгө алы келбей каректери жумулуп, тикчийген кош алмасынын астынан койгулаган жүрөк гана көкүрөгүн бүлкүлдөтүп, улам ымшып тердеп баратты. Бул дүйнөдөгүнүн баардыгын унутуп, ал түгүл өзүн да унутуп жалгыз гана кучагындагы кыз калган жигит периштесинин чоло жерин койбой, бутунун учунан чачына чейин өпкүлөгөндөн тажабайт. Балкыган кыздын денеси, ого бетер дагы-дагы дегенсип балкыйт. Мына ушу түнү келечек жашоосун , өгөй ата менен өткөрө турган күнөөсүз пенденин өмүрүнүн түйүнү башталды. Түбү түшкүр дүйнө. Ошондо айдын көзү тийди бекен... ХХХ Анда Мунардын болгону үч айлык боюнда бар. Чындай келсе Мунар боюнда бар экенин унутуп коюп, мурдагыдай эле шуулдап ойноп жүргөн кези. Кыш аяктап калган. Шаар четиндеги атактуу Чоң-Ташка эс алып барышкан. Экөө чана жетелеп, ээрчишкен бойдон элден да бийик чыгып кетишти да Мунарды аркасынан бек кучактатып отургузгандан кийин өзү чананын оозун тик ылдый кое берди дейсиң. Ой бир учуп жөнөштү. Чиркин, көзүнөн жаш куюлуп, өзү да эч нерсе көрбөй калды. Зымырап келатышып жарчага чукул калганда көрүп токтотууга үлгүрбөдү. Абада каалгый түшкөнүн билет. Анан кар тозогуна аралаша экөө эки жерге барып, тоголонуп түшүштү. Ордунан атып туруп Мунарга жүгүрөм деп кайра кулап алда-кайда төмөнгө тоголонуп барып, кайра эптеп жүгүрүп келсе Мунар ичин басып жатыптыр. Коркконунан эмне сүйлөштү билбей калды. - Ичим ой, ичим деди Мунар. Жаш балача жерден көтөрүп ала коюп, ылдый жүгүрдү. Карга сыйгаланып кайта-кайта жыгыла бергенинен аркасына балача көтөрүп алды. Максаты эптеп төмөнгө түшүп, жол боюна жетсе машина тосуп, жакынкы жердеги ооруканага жеткирсем дейт. Ичинен боюнан түшөт болуш керек деп чечим чыгарып койду. Деги өзү аман калса дейт. Ойнобой омурткам сынсачы, менин дейт. Ушинтип көп айтаар эле. Акыры омурткасы сынып да тынды го.. -Мунар, Мунаржан, алтыным чыда, чыда тиштен дейт. Ансайын Мунар ойдолоп онтойт. Көл-шал түшүп оозунан ак көбүк коюлуп, ойго жеткенде Мунар жерге койчу дегенинен түшүрсө чамбул ала болгон күйөөсүн шылдыңдап күлүп туруп, "Коркутуп койдум. Калп айттым, калп айттым. Эр болсоң эми кууп жетип ал", -деп так секирип качып берсе болобу. Жапар ошондо ыйлай албай, күлө албай, уруша албай, кууй албай шалак деп карга кулап түшкөн. Кулап түшкөн жеринин кары ээрип кеткиче жаткан. Үңүм-үзүм ак булуттар каалгыган көп-көк асманды тиктеп. Ошондо биринчи билген асмандын ушунчалык сулуу экендигин. Чексиз экендигин. Кийинчерээк дагы бир жолу билди. "Кыз боозуса энесин коркутат" болуп көпкө чейин үн дебей кыймылдабай сулк жатып алса айлана басып "Эй суук тиет тур эми" десе да турбай койсо "Ойноп койсо түшүнбөйт", - деп Мунар шолоктоп ыйлап жиберсе боло. Мына тамаша калчылдап үшүп чыккыча алектенип жатып араң cооротпоспу. ХХХ Кызын эстегиси келбеди. Ага ой деген оңбогур болчубу. Канчалык качайын десең да астыңдан торойт го. Тойпоңдоп жүгүрүп жумуштан келсе бутуна асылчу кызынын элеси али да көзүндө. Көз кычыктарынан сызылып жаш куюлуп, шор дедире мурдун тартып койду. Ичинен эсептесе азыр он үчкө чыгыптыр. Кайда жүрдү экен. Кандай абалда. Өгөй атасы кызындай карайбы же өгөйсүйт болду бекен. Жүрөк тызылдап, сайгылашып жатты. Мунардын кош бойлуу экендигин билгенден баштап өзүнчө култуңдап, кубанып жүрдү. Улам ай-күнү жакындаган сайын, колуктусунун колун оор жумушка тийгиздиргиси келбей, чимирик атат. Жатканда тээ түн бир оокумга чейин экөөнүн сөз кылганы курсактагы наристе. Кыз болсо энесине, эркек болсо атасына окшош болсо экен дешип тилек кылышат. Анан ат тандамайга өтүшөт. Чындап кызып кетишкенде туруп алышып, жарыкты күйгүзүп, ойлоруна келген жакшы деген кыздардын, балдардын аттарын тизмектеп жазышат. Бала кыймылдагандан баштап Мунар Жапардын алаканын бүлкүлдөгөн курсагынын тушуна басып жатканды жакшы көрүчү. Алкымына толо түшкөн шилекейин жутам деп чакап кетти. Ой-санааң менен куруп кеткирдики ай, чөлкүлдөп тердеп кетиптир. Тердеген сайын мурдуна өз денесинен жаман жыт уруп, өзүнөн-өзү жийиркенди. Мурдунун да жытчыл болуп чыга келгенин кара. Эч бей капар уктап жаткан наристени карап, менин коңурсуган жытымдан алысыраак болсунчу деп төшөгүн арыраак бурчка сүйрөп, орун которуп жатты. Уйку качып, кайрадан ой жетелейт. Тээ эртең менен тең бушайман кылып кыйнаган бир нерсе ушу уктап жаткан наристең эмнегедир эркек болсо да кызына окшоп кетет экен. Ооба, анын да ушундай кезинде мурду быйпыйып, көздөрү алаңдап, аңтарылып кетип турат эле. Алгач көзү аңтарылып кетсе коркуп жүргөн. Көрсө жаңы төрөлгөн балдардын көзү аңтарыла берет тура. Аны кийин билип жүрбөйбү. Атын, Мунар экөөлөп тизмелеп жүргөн элүүдөй аттын ичинен тандап Бактыхан деп коюшкан эле. Мунар экөөнүн Бактыханды жуунтушкандары элестеп жатты. Жапар үчүн ошол кезде Мунар экөө кыттай куюлушуп, түбөлүккө биригип калгандай сезилчү. Көрсө турмуштун өз кыйынчылыгы бар экен. "Таалайыңа жазылганды көрөсүң" деген карылардын сөзүн угуп калганда адам чындыгында баарын өз колуң менен жасап алууга болот деп койчу. Көрсө күпүлдөгөн албуут жаштыгына салып айтып жүрүптүр. Баары күтүүсүздөн өзгөрүп жазымыштын астында адам алсыз болуп калган учур бат эле тура. ХХХ Курулуштун төртүнчү кабатынан учуп кеткен Жапар оорукананын койкасынан эсине келди. Алгач ээриндерин эптеп кыймылдатып суу дегенге араң жарады да кайра эстен танды. Экинчи жолу көзүн ачканда маңдайында Мунар ыйлап турган экен. Көздөрү тоодой болуп шишип кеткен. Оюнда бул эмне мынча ыйлап алган деп койду. Бара-бара акырындан эсине келе баштады. Көрсө төрт күн дегенде араң барып көзүн ачыптыр. Ошол күнү өзгөчө болуп кеткен. Мунар кызы менен иштей элек үйүндө, Кызы жаңы томолонуп-жумаланып басып калган. Эрте ойгонуп, жуунуп-тазаланып тамагын ичип болуп ишине чыгып баратып адатынча кечке чейин коштошуу үчүн кызы менен уктап жаткан Мунарга кайра кирди. Көкүрөгүнө чейин ачылган Мунар башын бир жагына кыйшайтып, бир калыпта дем алып уктоодо. Тиктеп туруп алгач кызын өөп, анан Мунардын көкүрөгүнөн жыттады. Ойгонуп кеткен Мунар Жапардын башынан бекем кучактап алып кое бербей койду. Ким билет. Жүрөгү бир нерсе туйдубу. Бүгүн ишке барбай эле койчу. Ушинтип эле жата береличи деп шыбырап. Кайра чечинип, колуктусунун койнуна кирип кеткен бала кыял Жапар да Мунардын кучагынан чыкпай күн бою жата бергиси келип турганы менен иштен кала албады. Жакында эле прораб болуп шайланган. Бейчеки жумуштан калмак түгүл кечигип келип же эртелеп үйүнө баса берүү деген адаты да жок эле. Ушул күнү жарым саатча кечигип келди. Аябай уялып, өзүнчө башын көтөрө албай атты. Кийимдерин которуп кийинишип, жумушчу орундарына ээрчишип эки-үчтөн басышкан курулушчу кыздар Жапарга тийише - Саламатсызбы, байке дешип сүзүлө карашат. Өз ишин тың аткарган бул сулуу жигит курулуштагы кыздардын көз отунун тынары эмес беле. Ошол күнү Мунар кучагына кысып чыгарбай, жумушка жибербей алып калса кана. Муну бир айтасыңбы, эки айтасыңбы. Мунар да так ушуну ойлоп жаздыгын көз жашка чылап нечен уйкусуз түндөрдү өткөздү го. Бүгүнкү түн ушунча узун белең, же таң атпай турган болгонбу. Ой кубалап өткөндөрдү эстөөнүн да ачуу-таттуусу болоорун Жапар бүгүн туйду. Бул үчүн Бактыбекке рахмат. Жамбаш сөөктөрү, бел омурткалары сыныптыр. Башынан да жаракат алыптыр. Жарым жыл дегенде араң-араң барып ордунан балдак менен туруп, кыбыраганга жарап, дагы жарым жылдан кийин гана өз алдынча басууга жарап, ооруканадан чыкты. Ушул өткөн бир жылдын аралыгында тирүүлүктө кыймылсыз жаткан эң кыйын кордоо экенин билди. Кыймылсыз жалдырап жатуу ушунча жүрөгүнө тийген экен, азыр да эстегенде чекесинен муздак тер чыга түшөт. Докдурлар ооруканадан чыгарып жатып, ачыгын айтышты. Жаштыгыңдан, ден соолугуңдун чыңдыгынан гана аман калдың дешип. Болбосо алгач түшкөн кезиңде ордуңан туруп басып кетээриңе ишенген эмеспиз дешти. Ооруканадан өткөн ар бир күнү кылымдай созулуп, жылдын өтмөгү тозок болду го. Анан калса тирүү калганына толук ишенип ордунан туруп кыбырап баса баштагандан ичин эзип, ой-санаага түшүп Мунардын баскан турганына шекший кыйналганычы. Сыртынан сыр бербей, кызын ээрчитип көргөнү келген Мунарды күлүп- жайнап тосуп алып, күлүп-жайнап узатканы менен ар бир келишкенде Мунардын жасанып, чачын өзгөртүп тарап, жаркыылдап жүрүшү ого бетер шегин күчөтүп, баягы биринчи түн, кайта-кайта эсине түшүп таң аткыча кирпик какпай жаздыгын кучактап үшкүрүнүп чыгып жүрдү го. Деги бул адамга кызганыч сезим кайдан жаралат десең. Эмне кереги бар ушул кызганчаактыктын десең, минтип өзү бир жылдан бери ордунан араң козголууга жарап, тили сүйлөгөнү болбосо адам катарына кошула албай жүрүп кызганымыш болгонду эмне кылат экен. Мунар деле адам го. "Тулупту карап мөөрөгөн уйча" жүрө бермекпи. Балким ойносо ойноп, көңүл ачса көңүл ачып коюп жүргөндүр. Түбөлүгүндө ниети бузулбаса болду да, деп канчалык акылга салып өзүн-өзү сооротумуш болгон сайын ичти өрттөгөн ызаадан дем алалбай тумчугуп калчу. Акылга баш бербей, жүрөктү жеген бук кызганыч сезимдин күчүнө таңдана ээриндерин жара тиштечүү. Ооруканада бир бөлмөдө үчөө жатаар эле. Бир жаш бала. Экинчиси Жапардан бир канча жаш улуу элүүдөн өтүп калган адам боло турган. Жапар бул экөөнө суктана турган. Биринин аялы түгүл сүйлөшкөн кызы да жок. Эртеден- кечке китеп окуп, эптеп тезирээк айыксам болду деп коюп жатат. Экинчиси болсо жаш курагы өтүп калган киши, кемпир болуп калган аялын кызганмак беле деп ойлочу. Улгайыңкы адам да Жапардын колуктусу келип кеткенден кийин өзгөрүп калганын байкоочу көрүнөт "Акыл-эстүү колуктуң бар экен, жаман-жуман ишке барып тескери жолго түшчүлөрдөн эмес, жөнү жок кызганам деп бузуп алып жүрбө. Сак бол. Анан калса колуктуңун деле элди кызыктыргандай өңү жокко. Көп кыжаалаттанба" дей турган. Бир күнү кызыктай окуяга туш болду. Тиги адамдын аялы келип калганынан ээн-эркин сүйлөшүп алышсын деп балдагын алып, эшикке чыгып кеткен. Бир топ убакыт өткөн соң, медсестралардын укол алчу убактыңар болду дегенинен бөлмөгө кайтып келатса, эшик кыйгач ачылып калган экен "Деги эле кылтыңдап жасанып алчу болупсуң го" деген үндү укканда же кирерин же кайра кайтарын билбей селейди. Аялдын бир нерсе деп жооп айтып "Кудайды карасаң боло деги, ошону кантип ойлойсуң" деген чала-могол үнү угулду. Аңгыча коридордун башында келаткан доктурдун бакылдаганын угуп, балдактарын катуурак тыкылдатып кирип барды. Ичинен а катыгүн, ушул жашка келишкен экөө ушинтип талашып-тартышса мен да чыдап жүргөн экенмин го деп ойлоп койду. Ооруканадагы кызганычтын күйүтү эч нерсе эмес экен. Үйгө чыгып келгенден кийин күн сайын ишке узатып, иштен келишин күтүп, кичине кечиксе кайта-кайта саатты карап телефондон бирөөлөр менен сүйлөшсө кулагыңды төшөп шектенүүү үч-төрт эсе азап тура. Анан калса ооруканадан баскан, турганы түзүк эле оңолуп чыккан. Үйгө келген күнү Мунар уктоочу бөлмөдөгү кош диванды бириктирип кайра курап орун салып, өзүнчө жүзүнөн нуру төгүлүп кубанып жүрдү. Жапардын башын куттуктап келгендер тарап кеткенден кийин Бактыханды уктатып коюп көбүрөөк басканга бою салмактанып чарчап турганынан эл кетери менен барып жата кеткен Жапарды кучактап жыгылды. Өпкүлөбөгөн жери калбай, болкулдап ыйлап да жатты. Өзү да таза чечинип, Жапардын да кийимин калтырбай чечип, жыл бою эңсеп сагынган жубайынын кучагына оролуп дарманы келсе, эт менен эт болуп кошулуп, каны менен кан болуп куюлуп, сиңишип кеткиси келип жабышты. Аялынын ысык деминен укмуштай албуут кумарынан алка-шалка тердеген Жапар канчалык аракет кылса да эркектик ишаратын аткара албады. Шал болгурдун жан жери, шал болуп кыймылсыз жатты. Сагыныч кумары чучуктан бери бүлкүлдөтүп, сөөктүн терин чыгарганда да ушу шал болгурга таасир бере албады. Ансайын Мунардын эңсөөсү канбай өзүн-өзү кармана ал албай тыбырайт. Эзилет. Жапардын ушул шал болгуру түбөлүк кыймылсыз калабы деген ой башына келген сайын жүрөгү оозуна тыгылып, эмне кылаар айласын таппай далдырайт. Ал түгүл, күчүркөнүүдөн, сынып айыккан сөөктөрү кайрадан сыздап чыкты. Балким "Эмне жараксыз болуп калгансыңбы" деген суроо Мунардын деле тил учурунда тургандыр. Бирок ал батынып сурабады. Бул эмне балакети деп Жапар да айта албады. Балким али күчүнө кирип, толук айыга электендир деп гана өзүн-өзү жооткотумуш болду. Ушинтип экөөнү тең умсундурган таң да атты. Ушул түнү Жапар да Мунар да жаратылыштагы оор, чындыкты мойнуна алышты. Аял менен эркектин ортосунда: Бири-бирине болгон ысык мамиле, көңүл оорутпай, урушуп- талашпай жашоо аздык кылаарын, таптакыр аздык кылаарын, жүрөктөн атылган сүйүү дегениң да кеп болбой калаарын, жаратылыштын так өзү берген бир маңыроо жыргалчылыктын астында баардыгы тебеленип-тепселип жеңилип калаарын билишти. Эртесинен баштап Жапар " Мунапжан мен толук жакшы болгучакты өзүмчө эле жатып жүрөйүнчү. Ары-бери кенен оодарыла албай сөөктөрүм ооручу болду. Сени да, бекер убарага салбайын", - деди эле Мунар каршы болбоду. Кайра мейлиң деп дивандарды ажыратып төшөктөрдү экиге бөлүп салды. Чындыгында Жапар Мунардын "Жок чогуу жатабыз. Мен сени менен чогуу жатканды сагынып, жыл бою күтүп жүрүп араң жетсем эми кантип бөлөк жатмак элем. Бара-бара көнүп кетесиң да" деп болбой койсо деп тигилгенин биринчи эле өзүнчө бөлөк жаткан түнү сезди. Ичтен сызып, ичинен үшкүрүп жатып улам Мунардын дем алганын тыңшайт. Ордунан туруп барып койнуна кирейин дейт, курулай аны да кыйнап, өзү да кыйналгысы келбейт. Атигиң башка кордуктан кудайдын ушу кордугу өттү го. Нечен курдай өзүн-өзү өлтүрүп коюуну ойлоп барып, кайра дагы бир жолу текшерүүдөн өтөйүнчү деп чечти. Ооруканадан чыкканынан эки айдан кийин баягы өзүн дарылап айыктырган профессорго барып көрүнүп, болгон чындыкты жашырбай айтты. Ал жайма-жай укту да дагы бир жолу аябай текшерип, изилдеп чыгып оңду жооп айткан жок. "Балким нервден болуш керек. Же али толук күчүңө кире электен. Тамакты акырындык менен күчтөп ичип, көрсөтүлгөн эреже боюнча кыймыл-аракетиңди күндөн-күнгө көбөйтсөң бара-бара баары өз ордуна келээр", -деп гана койду. Ошондон баштап үйдө өз алдынча түрлүү кыймыл, аракеттерди жасап ар кандай машыгуучу гираларды, спорттук резина чойгучтарды сатып келип тырышып эмгектенүүгө өттү. Чын эле баскан, турганы оңолуп бир гана жанбаш сөөктөрүнүн кыймылы ордуна келбей, курсагы чатын тиреген семиз кишиче талтаңдап басып, анан сол бутунан бир аз сылтыганы болбосо кадимкидей өз алдынча автобуска, Тролейбуска түшүп көчөдө жүрүүгө жарап кетти. Мунар экөө бир үйгө кирип, чыгып, бир дасторкондон тамак ичишкени менен эки бөлөк адамдай болуп ортолору алыстап баратканын сезсе да спорттук машыгууларга алаксып, күндүзү Мунар жумушка кеткенден кийин табыптарга чейин барып жаса дегендеридин баарын жасап, ич деген дарылардын баарын тең ичип көрдү. Бирок, доктур айткандай баары ордуна келбеди. Күйгүзгүрдүн турмушу күйгүзүп тирүүлөй өрттөдү. Тээ кийин Мунардан айрылган соң күндөрдүн бир күнүндө түш көргөнсүп жанданып тура келсе боло. Дары ичкенди да, табыпка барганды да дегеле ушул шүмшүк жөнүндө ойлогонду да унутуп койгондо ошентсе боло. Мына ошондо дагы бир жолу асылып өлгүсү келди. Болгондо да ушул талуу жерден асылсамбы деп жинденген айт. Ошондо көзүнөн жаш куюлуп, жанын коерге жер таппай жүрүп тээ түпкүрдө кубануу да бар экенин мойнуна алып жатты. Убакыт өткөн сайын Мунардын ички дүйнөсүндөгү чоң өзгөрүүнүн болуп жатканына терең маани бере албай калыптыр. Кийинки күндөрү эжемдикине кеттим, байкемдикине барып келейин деп кетип, конуп калганы болбосо мамилери кадимкисиндей эле сый Мунаржан, Жапаш дешип турушар эле. Бир күнү шаардан анчалык эмес айылдагы жашаган эжесиникине кеттим деп үч күн келбей калды. Эгер ошол кеттим деген эжеси өзү келип калбаганда Жапар бул жолу деле балким эч нерседен шектенмек эмес. Жапардан Мунар эки күн мурда сиздердикине кеткен дегенди укканда кайын эжеси эмне айтаарын билбей өзүнчө бушайман болуп, алапайын таппай " балким тигил Сокулуктагы байкесиникине кеткендир" демиш болду. Ойго баткан Жапар кайын эжесинин жооткоткон сөзүнө ишене бербей мага силердикине барам картошка, тиккени жатышыптыр, жардам бер деп чакырды деген, деп күңкүлдөп койду. Кайындарынын ичинен Жапар ушул эжеси менен жакын сырдаш эле. Калгандары менен көп анча байланыштары жок. Кишинин ичи- койнуна киргенди билбеген, бир сырдуу мүнөзүн баары эле жактыра беришчү эмес. Кайың эжесинин экөөнүн сөздөрү жакшы жүрбөй, ар нерсени кеп кылган болушуп отурганда Мунар келип калды. Кирип келип өзүн тикчийе тиктеген Жапардын көздөрүн тике карай албай жалтаңдап үйүнө барам деген эжесинин бу жерде олтурганын көргөндө ого бетер оңтойсуз абалда, бир кызарып, бир бозоруп кенен ашкананын ичинен отурар жер таппай бүжүрөп калды. Эжеси болсо бир Жапарды, бир Мунарды карап үнсүз. - Кайда бардың? деди Жапар. Өзүн токтоо кармаоого аракеттенди. Ошентсе да үнү киркиреп, ачууга муунуп араң турганы билинип калды. Жаак эттери улам-улам түйүлө түшүп, Мунарды жекире тиктеди. Мунар үн деген жок. - Ботом биздикине барам деп үч күндөн бери жок дейт. Кайда жүрөсүң? Жооп бербейсиңби, - деди эжеси да. Мунарды кекете. Ачык мүнөз, бетке чаба сүйлөмөй адатын карматып: - Мамамдардыкына Бактыханды көрө кетейин деп барып кармалып калдым деп күңкүлдөдү Мунар. - Бактыханды ала келсең болмок экен, - деген Жапар Мунардын жообун күтпөй эле, ашканадан чыгып төркү бөлмөгө кирип кетти. Жүрөгү сезип турду. Мунардын эч кандай мамасыныкына барбаганын. Эжеси менен Мунар бул күнү ашканада дегеле көпкө сүйлөштү. Эртеси -эртең менен эрте эжеси шашып кетип калды. Мунар ыйласа керек. Көздөрү шишип калыптыр. Жапарга өзүнөн-өзү эле сыртын салып, сүйлөшкүсү келбей туураланат. Күйгүлтүккө түшкөн Жапар "Кыз боозуса энесин коркутат" дегендей кара муну. Мен мунун кайда конуп, кайда түнөп, ким менен жүргөнүн да, сурабашым керек экен го. Атаң көрү кудай мени эмне ушунча кор кылдың ыя, деп ичинен муңканып үйдө олтура албай арманын айтаар киши таппай көчөгө чыкты. Мына ушул күнү биринчи жолу күйүтүн ачуу менен баскысы келип дүкөндөн алган бир шишесин чөнтөгүнө бөлтөйтө салып алып, пивоканага барды. Ал жерде кантип таанышып кеткени жакшы эсинде жок, дагы бир экөөнүн коштоосунда айда ичишип, бүт арманын айтып, буркурап ыйлап жатканын элес-булас билет. Төгүлүптүр тим эле, Тигилер да боорукер немелер экен "Шоордуум ай!" дешип Жапар менен кошо улам өбүшүп, көздөрүнүн жаштарын аарчый албай шолоктошот. Анан кантип үйгө келгенин билбейт. Бир билгени Мунарга кыйкырып "Сен эчак бузулгансың, мен сени билмексен болуп жүрөм. Ушунумду билбейсиң. Азыр өлтүрүп салайын. Сенден тирүүлөй айрылгыча" деп жулунганы мурда мындайды көрбөгөн Мунар алаңдап коркуп, бакырып бөлмөдөн качып чыкканы бүдөмүк-бүдөмүк эсиңде. Ойгонсо жүрөгү айланып кускусу келип, башын көтөрүүгө жарабай ооруп калыптыр. Эптеп тамтаңдап туруп барып, чакадагы суудан чөмүч менен ичти. Ашкана да, берки үйлөр да чачылган. Жаткан диванынын капталына кусуп таштаган экен, анысы ошол боюнча. Мунар жок. Кейпи кечээ эле кетип калса керек. Башын мыжыгып отуруп, Мунар экөөнүн ортосундагы үзүлүп-үзүлө албай өз эле ичкерип араң турган жиптин түндө тарс үзүлгөнүн билди. Бир чети экөө бир бөлмөдө, эки бөлөк бүрүшүп жатып алып, өздөрүн-өздөрү кыйнагандан көрө эртедирөкечтир боло турган иш эле ырас болгон экен деп жеңилденип алды да, чай кайнатып ичсемби десе, жүрөгүнө эч нерсе барчудай эмес. Анын үстүнө ээн үйдө жалгыз отурууну каалбай, көчөгө чыккысы келди. жаныңда көчөкү алып чыккан 20 сомунан шалдыраган эле жез тыйындар калган экен. Акча салган кутуну караса мурда күнү алып келип салып койгон инвалиддигине алуучу пенсиясы ошол бойдон туруптур. Он сомдуктан экини алып калганын ордуна койду да үйдү сыртынан бекитип пивоканага жөнөдү. Барса кечээги эки досу пиво ичип отурушуптур. Жапарды жөн эле бир тууганын көргөндөй тосуп алышты. - Ой силер дагы мага окшош иштебеген немесиңерби? - деди аларды көргөндө Жапар чоочуп. Тигилер каткыра күлүшүп, - Кара муну өзүң иштегис кылып, башыбызды оорутуп салсасың да кайра бизге күнөө коесуң дешти. Бири жүгүрүп барып Жапарга пиво алып келе калды. Бир кружка пивону жуткандан кийин Жапардын дене бою жазылып сөзү чыкты. - Достор барып бир жерден ысык тамак ичпесек болбойт го? Болбосо курсакта эч нерсе жок. Туздуу балык менен пиво иче берип өрттөнүп баратам деди. Берки экөө унчукпай калышты эле, Жапар -акча жетет достор менде бар деп койду. Үчөө ээрчишип чүчпараканга келишип, экиден чүчпараны урушкандан кийин кадимкидей чекелеринен тер чыгып оңоло түшүштү. Ушинтип бул күндү да Жапар үйүнө эс-учун жоготуп араң келди. Эртеси ордунда кымылдагысы келбей, ооналактап жатып күн шашке болгондо араң туруп жуунайын деп эшикке чыкса кайын жеңеси, кайниси Мунар болушуп шагырап кирип келишти. Жапардын жүрөгү опколжуй түштү. Дарбазаны аттагандан эле кайненеси буркулдап кирди. Өзү ансыз да долураак аял эле, ого бетер кара- көк тартып урушууга даярданып алган экен. - Сен күйөө бала, Мунарды өлтүрөм деп жулунганың эмнең ботом? Же сени Мунар түртүп жиберип жыгып, мунжу болдуң беле? Ушунча жылдан бери Мунардын Мунарлыгынан сага чыдап, суугуңа тоңуп, ысыгыңа күйүп келатканын билбей,и бул эмне кылганың? Жакшылыкка жамандык деген ушул! Мунардын Мунарлыгынан сен жарымжан болуп калганыңды жанга билгизбей ушуга чейин эрдин тиштеп келип отурбайбы? Болбосо он гүлүнүн бири ачыла элек , кызымдын сооло турган жөнү бар бекен? Андан ары дагы эмне деген ачуу сөздөр атылбады дейсиң. Жапар үн дешке дарманы жетпей өңүнөн кызылы качып, боп-боз болуп отурду да койду. Кайын энеси тилинин жетишинче бежиреп жатты. Келген эркектер болсо үн-сүз жок эле үй-эмеректерин жыйнап-таңып киришти. Мунар улагада көзүнүн жашын чуурутуп отуруп калды эле, иниси үй-эмеректериңди ирээттешпейсиңби? Же кетейин деген оюң жок немесиңби дегенден кийин кыбырап ар -нерсени кармаламыш болуп жүрдү. Жапардын башы дуулдап, кулактары эч нерсе укпай дүңгүрөп, айланасындагы болуп жаткан окуяга баа берүүгө даремети жетпей нес. Мына жөнөйбүз дегенде Мунар көзүнүн жашын буурчактата жанатан бери биринчи жолу тике карады. Экөө кичине тиктеше түшүштү. - Мунаржан, менден кеткен күнөө болсо кечирип кой. Ичиңе жаман ой албай кет. Канча жыл сен, мен дешкен катуу сөз айтышпай жашадык эле, кантели.. Жапардын көзүнөн жаш чууруп, үнү алкымынан чыкпай мууна тескери карады. Мунар Жапар, Жапаш деп буркурап келип тизесинен кучактай чөгөлөп олтуруп калды. Тигилер экөөнүн жоругуна дел боло түштү. Кайын жеңеси көзүнүн жашын колунун сырты менен сүртүп эшикке чыга качты. Иниси да башын шылкыйтып басып кетти. Демейдеги долууланчу кайын энеси да тилден калгансып үнсүз. Өзүн токтоткон Жапар- Мунаржан бар күтүп калышты. Эртедир-кечтир ушундай болушу керек эле. Бирок акылга салып, жай бүтүрүшпөй чыр менен ажырашканыбыз жаман болду. Кызымды... кызымды сураган менен бербейсиң. Анда-санда көзүмө көрсөтүп тур. Эми мен бул дүйнөдө андан башка эч жакыным калган жок. Бир суранычым ушул - деп Мунардын чачынан жыттап ээгинен сүйөт башын көтөрдү. Жашка муунган Мунар ордунан тура калып, сүйлөй албай Жапардын көзүнөн, жүзүнөн өпкүлөп жиберди да: Жапаш, сен да мени кечир. Милдетимди актай албадым. Мен... мен... деп буулгуп ары-жагын айта албай турганда чыдамы кеткен энеси: - Ай, экөөңдү биз келип уруштуруп, ажыраштырып жатабызбы? Кудайдын кылганы экен. Тагдырыңар ушундай болсо кимди күнөөлөйбүз? Болор иш болду. Бас эми! Кызынын каруусунан кармап булкту. Мунар дагы кичине кылчактады эле - Бас дейм, шофер бала күтүп калды, - деп дегдеңдетип жетелеп чыгып кетти. Аңгыраган ээн үйдө Жапар ошентип жалгыз калды. Ээн үйгө олтура албай, үйдүн эшигин да бекитпестен көчөгө чыгып, баш оогон жакка басты. ХХХ Бала чукуранып ойгонгондо ордунан атып туруп, кургак жалаяк алып астын кургактап кайра орой, жаткырып сүт жылытып келип берди эле, тойгондон кийин наристе кайрадан мемиреп уйкуга кирди. ХХХ Мунар экөө ажырашкандан кийин көп өтпөй кызын сагынып чыдамы кеткенинен кайындарына барса, Мунар башка күйөөгө тийип, кызын кошо алып кеткен, дешип кайындары үйгө да киргизбей, эшиктен жөнөтүштү. Адресин сураса Кеминдеги бир айылды аташып, тескери айтып коюшуптур. Издеп барса, деги андай аттуу адам жок экен. Арадан үч ай өтпөй сотко чакырып калды. Көрсө Мунар ажырашууга арыз бериптир. Жаңы тийген күйөөсү, кайын энеси үчөө келген экен. Кызын ала келбептир. Жолукканда эле кызым кана деди эле: Кызы-ата-энесиникинде калганын айтты. Кайын энеси болсо ушундай жерге кичинекей немени ээрчитмек белек деп буркуйуп койду.. Сот ошол эле күнү ажыраштырмак болду эле Мунардын жаңы күйөөсү үйдү да бөлүп берүү жагын талап кылып чыкты. Ата-энемден калган үйдүн кандай тиешеси бар? деп ойлогон Жапар Мунарды карады. Мунар бозоруп туруп, сотко үйдү да бөлүп берүү боюнча жазган арызын тапшырды. Ушинтип сот кийинкиге калды. Жапар соттон болгону арызды Мунар өз колу менен жазган бекен деп сурады эле. Мунар ордунан туруп, өз колум менен жаздым деди. Кайын энеси болсо өз колу менен жазбаганда эмне Мунардын атынан бирөө жазды дейсиңби Мыйзамга ылайык, үй да бөлүнүшү керек. Артыңда кызың калып олтурат! деп булкулдап кирди. Сот атайы коммисия түзүлүп, ал үйдү бааларын кааласаңар сатып, жиберип, акчасын бөлүшүп аларын же эки тараптан кимиси тиешелүү жарым акчасын төлөй алса үй ошого калаарын айтты.Бир жума өтпөй Мунардын кийинки күйөөсү коммиссия ээрчитип жетип келди. Төрт киши үйдүн ичи-тышын карап, ары-ченеп, бери ченеп 12 миң сом деп баалашты. Алар кеткен соң, Мунардын кийинки күйөөсү Жапараг жакын келип, олтуруп машинасына сала келген арагын астыга койду. Жапар үн деген жок. Тигил сөздү чукулунан баштады. Мен сага ашыгы менен 7 миң сом төлөп берейин. Үйдү Мунарга калтырбайсыңбы? Анын үстүнө кызың да бар эмеспи деп эпилдеп кирди. Жапардын мундары калчылдап, ичинен арактын шишеси менен тигинин башын жара койсомбу деп тап берип барып, кайра кызың да бар эмеспи деген сөзгө байлана түшүп, кырлуу стаканга куюлган аракты тартып жиберди да: - Экөөбүз эми эркекче сүйлөшөлү. Бул тамдын чындай келсе, бир тыйынын да карматпай коет элем, жалаң кызым үчүн сөз сүйлөй албай отурам. Сенден бир өтүнүч, кызымды өгөйлөбөй, кор кылбай бак. Эми менин тирүү жүргөнүм, кайсы? Ичинен муңкана сүйлөбөй кичине токтоп калды. Көз жашын тигиге көрсөткүсү келбеди. Берки болсо кайрат айтымыш болуп: - Кой, антпе. Сен деле жети миң сомго шаардын бир жеринен чакан там сатып алсаң болот. Анан кызыңды келип көрүп турасың. Мен тарлык кылбайм. Ал эми өгөйсүнүү деген менде болбойт. Көрөсүң го. Өз кызымдай көрүп, кийбегенди- кийгизип, ичпегенди - ичирип багам деп астындагы стаканын бошотту. - Бар бар бер деди Жапар кумсарып. Тигил Жапарды бир тиктеп алды да арактын калганын дагы экиге бөлүп, өзүнө тиешелүүсүн тартып жиберип: - Мейли, Жапар Мунарга келиштик деп айтып барайын деп чыгып кетти. Ал чыгып кеткенден кийин Жапар стаканды мыжыга кармап, эриндерин кесе тиштеп, калтырап олтурду да анан аракты шап тартып жиберди да стаканды тамдын бооруна бир уруп, каалгаларды тарс-тарс тээп-тээп ачып эшикке чыгып, тамдын артына айланды. Аштымкананын ичинен үч кулач аркандын үзүгүн таап чыкты да жайында олтуруш үчүн жасалган, чарпаядан уркуюп чыгып турган устундун башына астына орунтук коюп чыгып, аркандын бир учун тигил устундун учуна бекем байлап, экинчи учун сыдырма илмек кылып туруп, моюнуна салып, астындагы орунтукту тээп жиберди. Жапардын жандын ушунча таттуу экенин тирүүлүктүн даамын ушу күнү биринчи билди. Буту абада каалгыры менен кекиртектен тарткан жип демин кысып, колун кайра көтөрүп жипке асылып тартынууга дарманы келбей, бутун гана тыбыратып бултактаганга жарады. Андан аркысы эсинде жок. Көзүн акса чалкасынан жатыптыр. Көп - көк чексиз асманда үзүм-үзүм ак кебездей булгайган булуттар каалгып жүргөн экен. Терекке конгон чымчыктардын сайраган үндөрү дегеле жагымдуу угулуп, кыймылдабай магдырап жата бергиси келди. Алгач чындыгында тигил дүйнөдө болсом керек деп ойлоду. Маңдайында илмекке түйүн кылган жеринен үзүлүп, салаңдап турган жипти көргөндө гана түшүндү. Көрсө ным жерде көп жатып чирип калган жип Жапар жан далбас кылып тыбыраганда чарт үзүлүп, эсинен танган неме чалкасынан түшүптүр. Тирүү экенине толук ишенгенде кубанганынан көзүнөн жаш толуп кетти. Ордунан сүйрөлө жылып, чарпаянын үстүнө чыкты. Жанакы башын дуулдаткан арактын кайда кеткени белгисиз. Соп-соо болуп калыптыр. Тизелери калчылдап, колунун манжалары ордунда турбай титирейт. Уркуйган устундун башында салбырап турган жипти көргүсү келбеди. Кичинеден кийин жүрөгү айланып чыкты да окшуп-окшуп жиберди. Ичеги- карды бүт аңтарылып, оозунан чыгып барактандай болду. Кусуп бүткөндөн кийин жаш баладан бетер үңүлдөп ыйлап кирди. Көчөдөн ары-бери өткөндөр же коңшулары угат деген ойго да келбеди. Анан ошол чарпаяда көмкөрөсүнөн түшүп уктап калыптыр. Тээ түн бир оокум болгондо чыйрыкканынан ойгонду. Эртесинен баштап өз үйүнө жакыныраак чөйрөдөн сатылуучу үй издештире баштады. Арзаныраак эле ушул үй болду. Бир нече көчө алысыраак болгону менен кызын күн ара көрүп турууга мүмкүндүгү болчудай. ХХХ Үйдүн ээси кемпир алкымын бузбады, бешти бер да калган документ толтурганды өз мойнуңа ал деди. Жапар Мунардын күйөөсүнөн ашык-кеми жок алты миң сом алды да ашыкча берем деген миң сомун албай койду. Бир суранычы сотко кызымды ала келгиле. Сагындым деди. Сотто кызы Мунардын жанында келаткан экен Жапарды көрөрү менен Папа деп бакырып жиберди да жүгүрүп келип кучактап калды. Папа-папочка сени таянем өлдү деген. Мен ыйлагам. Алдаган тура деп божурап жатты. Жапар болсо Бакыт, менин Бакытайым дегенинен башкага жарабай муңканат. Кызы аны бир карап алып, папочка ыйлабачы. Эмнеге ыйлайсың? Сынган жерлериң ооруп жатабы деп бытыйган колдору мен Жапаррдын көз жашын аарчыйт. Мунар экөөнү карап тура албай тескери бурулуп басып кетти. "Мына кызымды жолуктур дедиң эле убадама турдум" дегенсип Мунардын азыркы күйөөсү гана ырсайып тиктеп турду. Бакыт Жапардын кулагына мени мамам бобул кишини папа деп жүр деп дайым урушат. Мен макул болбойм деп шыбырады. Тигини көзүнүн кыйыгы менен көрсөтүп. Жапар болсо баарын чоңойсоң түшүнөсүң кызым, дегенден башка сөз айта албады. Ар жакта турган Мунарга кайрылып Мунар кызымды өзүмө эле бербейсиңби - деди эле. Мунар уйкудан ойгонгонсуп сестейе түшүп, ылдам басып келип, Бакытты колунан силке тарта, азыркы күйөөсүн бир карап алып - кыз бакканды коюп, өз каражаныңды эле түздөп багып алчы, - деди да Бактыханды дегдеңдетип жетелеген бойдон барып ары жакта турган жигулинин ичине кирип олтуруп алды. Ошо боюнча кызын да чыгарган жок, өзү да машинадан чыкпады. Соттун иши бүткөндөн кийин зыр деп жүрүп кете беришти. Жапардын көз алдында капталдары чамбылама кир болгон кызыл жигулинин элеси али турат. Арадан он чакты күн өткөндөн кийин эмдигиче көчүп келишип, жайгашып алышкандыр деп үй жакка барса такыр чоочун кишилер кирип- чыгып жүрүшөт. Көрсө, үйдүн документи бүтөөрү менен баштадан сүйлөшүп койгон бирөөнө 40 миңге сатып жиберип кете бериптир. Ошондо билди. Көз көрүнө алдатканын. Кайындарына барса, алар да адресин айтпай коюшту. Темтеңдеп кызын сурамыш болуп бара берип алардын да ортосуна от жакпасын дешсе керек. Анан күчү аракка чыкты. Алгач үч айча бир дүкөндө кароолчу болуп иштемиш болду. Ичип алып эки-үч жолу барбай калып андан да чыгып калды. Андан кийин жумуш да издеген жок. Индивалиддигине чыккан 200 сом акчасын ичкилигине да өп-чап тамагына да жетип жатты. Анан баягы бала кезден аркалап келаткан өнөрүн таштабай,темирге, түрлүү жыгачтын бетине сүрөт салып сатууга өттү. Болгон жыргалчылыгы ичкилик гана болуп калды. Өзүнө ылайык досторду да таап алды. Анан калса бул ичкиликке жакындардын бир артыкчылыгы бири-биринен чөнтөгүндөгү болгонду аяшмайлары жок. Анча-мынча тапкандарын бүт ортого салышат. Жапарга нечен сонун жалтырак калай темирлердин түрлөрүн сүрөт салганга ылайыктуу, калың-калың фанерлерди, лактарды да ошол достору кайдан-жайдан таап келип берип турушат. Көпчүлүк жасаган сувенирлерин саткан да ошолор. Балким, достору конуп-түнөшүп үйүнөн чыкпай коюшат беле. Эгер тиги кемпир болбосо. Кемпир андайларды короого кирбей, милиция чакырам деп коркутуп кубалайт. Ушу сенин кемпириң өлбөс болду дешип, нааразы болушкан достору бирин-экиден келбесе жолошпойт. Алгач үй менин өзүмдүкү. Мага келген киши менен ишиң болбосун, деп Жапар кемпир менен урушуп жүрсө, кийинчерээк аныкы туура экенин туюп унчукпай калды. Кемпир Жапардын соо кезинде келип, "Сага каалаганым эле жакшылык. Эгер мен минтип, какус- кокус кылып турбасам, үйүң мастардын жатаканасына айланып кетпейби байкушум. Туура түшүнсө-", - дей турган. Кемпир да жалгыз, Жапар да жалгыз турганданбы алгачкы күндөн эле экөө жакшы болуп кетишти. Жапардан алган үйдүн акчасын кемпир чып-чыргасын коротпой туруп жарымысын кызына, жарымысын Сибирде жүргөн уулуна жөнөтүп жиберген. Кай бир күндөрү Жапар соо болуп калганда экөө олтуруп алышып, айылдагы кеп-кор аялдарчасынан аябай аңгеме-дүкөн курушат. Акыркы жылдары антип сырдашуулары да саалдап кеткен. Анткени Жапар баш көтөрбөй ичип, соо болгон күндөрү дээрлик болбой калган эле. Эсинде калганы көзүн ачканда өзүн курчаган төрт дубалдын тунжураган муздактыгы жалгыздык. Өз үйү өзүнө мүрзөдөй сезилип, кандайдыр бир жакка качып жоголгусу келип ичкилик менен алаксууга шашчу. Бүгүн биринчи жолу үйү үйдөй көрүнүп, тирүүлүктүн деми уруп турат. Балким бул тигил быш-быш деп уктап жаткан наристенин кудуретинендир. Ушул наристенин сыйкырдуу күчү, муздак дубалдардын музун ээритип, мүрзөдөй болгон үйдүн ичиндеги үрөйдү учурган, суукту кубалап чыгып, белгисиз тирүүлүктүн таттуулугун алып киргенсийт. Шыптарын, дубалынын беттерин караган Жапар эртең тураары менен үйдү бир сыйра тазалап, акилеп чыгууну ниет кылып жатты. Эшик калдырап ачылып, кемпир кирип келди. - Кандай, энесиз ата? Уулуң кыйнаган жокпу? Таң атпай ойгонуп алыпсың го. Босогону аттай элек жатып, суроо жаадырып кирди. - Ыйлаган жок. Кейпи жоош болот окшойт. Энеке сиз да жарык кире электе туруп алыпсыз да. Демейде чоң шашкеге чейин уктоочу элеңиз. - Кайдагы уйку. Таң аткыча сенин жоругуңа башымды катырып чыктым. - Анын эмненсине башты катырасыз? - Баш катырбай койчу беле. Бүгүн кечөөкү ичкен арагыңдын уусу тарап, акылыңа келгендирсиң. Жакшылап ойлонуп көрдүңбү? Эмне иш кылганы жатканыңды? - Кызыксыз чоң эне. Мен кечээ деле соо болчумун. Ойлоно турган эч нерсеси жок. Багып алам дедимби, багып алам. - Даана ажы-мулук турбайсыңбы. Сага бул баланын тагдыры оюнчукпу. Аял болсоң да бир жөн. Эркек кишинин бала багып алам деп чыкканын биринчи көрүшүм да угушум. Кой сөздү көбөйтпөй бул ооруп кала элегинде жанакы ушундай балдарды багуучу жерге алып барып бер. Өзүң алып баргың келбесе, мага бер мен алып барып өткөзүп келейин. Жапар кемпирди кичинеге тиктеп турду да: - Кечээ сизге жардам бериңиз десем бул мени кайдагы бир баланы багыш деп кыйнай турган болду деп ойлосоңуз керек. Жардам бергиңиз келбесе, жөн эле коюңуз чоң эне. Өзүбүз деле эптеп күн көрөбүз. Деги биздин үйгө кирбей да койсоңуз болот. Экинчи сизден жардам сурабайбыз... - Бул мени чыгып кет дегениңби? - Ошондой түшүнсөңүз да болот. - Мейли мен чыгып эле кетейин. Эртең сен винонун аркасынан кубалап кетсең, тигил жарык дүйнөгө жаңы келген күнөөсүз наристенин тагдыры, убалы кимге? Ушуну ойлосоң боло? - Мен сизге түндө эле айтпадым беле. Мындан ары ичмек түгүл, жыттабайм дагы деп. - Ай, кайдан. Сенин абалың жетип калган алкаштар таштай алчу эмес эле. - Мен алкаш эмесмин. Таштайм дедимби, болду таштайм. Буга чейин деле ичпей токтотуп койсом күчүм жетмек. - Ишенбейм, ишенбейм. Раматылыгы болгон менин күйөөм, болду таштадым деп коюп эле, бир жума өтпөй кайра ылжып мас болуп келчү. Ошентип жүрүп алтымышка жашы жетпей топурак жамынды кургурум. - Мени өзүңүздүн күйөөңүздөй көрбөңүз да. - Ким билет. Наристенин убалы эртең экөөбүздү тең уктатпай жүрбөсүн. Кемпир айласы кеткендей шапшынды. - Болуптур, убадалашалы эне. Эгер мындан ары кичине эле кызыганымды көрсөңүз, ит экенсиң деп коюңуз. - Мен сени ит экенсиң дегенде, сен ит болмок белең? Же андан бир нерсе өзгөрмөкпү? - Анда ошол эле күнү баланы жанакы өзүңүз айткан балдар үйүнө жеткириңиз. - Мунуң кичине жөндүү кеп. Бирок менин жашым канча калды ким билет? Кийинки күндөрү жүрөк оорум бат-бат кармай турган болду. - Ой, чоң эне сиздин ден соолук али өгүздүкүндөй. Көрөсүз го Бактыбектин колукту алган тоюна да катышасыз. - А, кокуй кайдагыны айтпачы. Жок дегенде өз тамагын өзү алып ичкенге жарап, мектепке киргичекти тирүү жүрсөм да шүгүр десең. - Ой эне ал эртең боло турган иш да. - Аңгыча бала чукуранып ойгонуп калды. Жапар ордунан тура калып, баланы колуна ала койду. Кана, берчи. Бүгүн бир жакшылап көрөйүн. Кемпир баланы алып жүзүн карады да: - Оо, баатыр болчу түрү бар го я. Жапар атаң сени жоош деп мактап жатат го. Тфу-тфу көз тийбесин. Аман эле бол, - деп ырымдап жүзүн кайра жапты. Жапардын жамакайы кулагына жетип, ырсайып кемпирдин колундагы наристени элжиреп карап турду. Кемпир наристенин оромолун ачып, буттарын көтөрүп, чатын карап, моюндарын, колтуктарын карап чыкты. - Жапар сен олтура бербей суу жылыт. Бакытты жуунтпасак, көптөн бери жууна элек окшойт, деди эле. Жапар калдаңдап жөнөдү. Кемпир экөөлөп баланы жакшылап жуунтуп, таза оромолго ороп, сүт ичиргенден кийин бала магдырап уйкуга кетти. Кемпир Жапарга кайрылды. - Акчаң барбы, балага керектүү кийим-кече, дары-дармек дегендей майда-бараттарды алыш керек. Жапар жаш балача мурдун тартып: - Азыр жок эне. Үч күндөн кийин пенсиям тиет деди шыпшына. Кемпир жанынан кызыл он сомдуктарды сууруп чыкты да Жапарга сунуп; - Ме буга керектүүлөрдү алып кел. Жаныңда сокур тыйының жок дагы уялбай бала багам деп коесуң. Жапар акчаны алып жатып; - Пенсиям тиээри менен кайра берем. - Бербей деле кой. Андан көрө эмне алышты билесиңби? - Жапар ийинин күүшөй кемпирди тиктеп калды. - Унутуп каласың жазып ал. - Айта бериңиз. Кагаз калем алып келген Жапар столго олтура кетти. Экөө балага эмне керек экендигин тизмелеп чыгышты. Арадан үч ай өтпөй Жапар кадимкидей өзгөрүп, баягыдай кара шири болбой, жүзүнө кызыл жүгүрүп, баскан-турганы шайдоот тартып майып экенин унутуп койгонсуп дайым кыңылдап ырдап жүргөнүнө кемпир бир кубанып, бир чети таң калып да жүрдү. Бала да кадимкидей, колго алганга жарап торолуп калды. Кемпир менен Жапар балага ушунчалык чырмалышып кечке анын жанынан чыкпай айланчыкташат. Жапардын алкаш досторунун аягы тыйылып, бул үйгө каттабай калышты. Анан калса Жапар иштерман да болуп чыга келди. Бир аз эле түнкүсүн уктаганы болбосо жыгачка, темирге нечен түрлүү сүрөттөрдү чекмелеп түшүрүп, лактап койсо дүкөндөгү сатыкта тургандан артык болбосо кем калчу эмес. Аларды базарда олтурган кемпирлерге алып барса, сатып беришип Жапарга тийиштүүсүн беришет. Мындай эмгек түйшүктүү болгонуна жараша кирешелүү болот экен. Күнүнө-20-30 сомдон кем эмес акча түшүп турат. Үйүнүн ичи-тышын татынакай кылып оңдоп чыкты. Өзү да бир сыйра кийген кийимин жаңыртып, кара боюн таза кармап, жүрчү болду. Жапардын тааныштары күнөөнүн баарын кемпирге жүктөшүп, мунун башын айландырып, бала бактырган ошол мастан. Болбосо Жапар кайдан бала багууну ойлосун дешип жүрүштү. ХХХ Жапар тактага күйгүзүп түшүргөн айкелинин аягына чыгып, лактап чарчагыча иштеген соң баласын айланчыктап, анан колдорун, буттарын бош коюп, сербеңдетип элжирей тиктеп отурмай адаты бар. - Деги сен баланы кыйын багат экенсиң. Эркектен сени көрдүм, ушунча баласаак деп кемпир да Жапарды мактап жан-алы калбайт. Чын-чынында баланы Жапар багып жатабы же кемпир багып жатабы түшүнүш кыйын. Баягы басса-турса, онтоп он түрлүү оорусун айтып, өлөрүм калды деген кемпир да андайын койду. Эртеден - кечке, Бактыбектин жанынан чыкпай алектенет. Бактыбектин келиши менен мына ушул чакан короодо жаңы турмуш, жаңы дүйнө жаралды. Али жарык дүйнөгө жаралганын туйбаган ушу пенде эки үйдүн ичиндеги тээ качантан берки уюп келаткан томсоргон ээндикти, жалгыздыкты кууп чыгып, маңдай жарган кубаныч менен бака-шаканы ээрчитип киргенин билбей, эч нерсе менен иши жок курсагы тойсо бир билгени уйку. Анан колу-бутун сербеңдетип тыбырап жатып өз жыргалына батмай. Жапар кароосуз калган короонун ичин да ирээтке келтирип бир канча жылдан бери коңторулбаган үйдүн жанындагы тепкедей жерге ар түрдүү гүл отургузуп койгон. Кемпир экөө азыр эч кимге кошулгулары келбей өзүлөрүнчө күдүң-күдүң. Кошуна- колоңдору менен да көп байланыштары жок. Жат-жатка келгенде гана үйлөрүнө бөлүнүшпөсө ичкен тамактары бир. Кемпир Бактыбекти өзү менен алып жаткысы келип нечен суранса да Жапар бербейт. - Кемпир өлсөм үйүмдү Бактыбекке энчилеп таштайм. Жанагы өз канымдан жаралса да бир жылда бир басып келип алымды суроого жарабаган, кызым менен балага калтырганда эмне деп келет. Жапар: - Жок. Өз балдарыңызга эле калтырыңыз. Бактыбектин өмүрүнө жеткидей дүйнөнү өзүмдүн деле жыйнаганга кудуретим жетет деп болбойт. Анда кемпир кадимкидей таарынып: - Мени чоочунсутуп бөлгөнүңдү койбойсуң. Өлсөм акыры Бактыбек экөөңөр көмөсүңөр деп калат. Бактыбекке тиешелүү документ алууну кемпир экөө кеңешип, кийинкиге калтырышкан. Үч, төрткө чыгып аталап ээрчип калганда алалы деген ойго келишип, "Деги параласак да бир нерсе кылаарбыз" деп коюшкан. Жапар Бактыбектин келечеги тууралуу кыялдангандан тажабайт. Баласын ойлогон сайын жаны тынбай калды. Кыял бирикмесинин чоңдорунун эшигин тытып жүрүп, эптеп үйдөн иштөө кызматына орношуп алды. Улуттук кол өнөрчүлүктүн ордосу болгон "Кыялдын" усталарынын колунан чыккан сувенирлер таңсык. Кудайа шүгүр ишке орношкондон баштап тапканы баягыдан да арбыды. Эми материал издеп, жасаганын саттырам деп убара болбойт. Жапардын манжалары анан калса Бактыбек үчүн дегенде мурдагыдан да чебер болуп кетти. Ушундай талант берген кудайга да ырахмат дейт ичинен. Болгон аракети Бактыбек эс тарткыча каражат топтоп келишкен бир чоң там сатып алууну максат кылууда. Ишинин үзүрүнө караса ал деле бат эле болчудай. Анан Бактыбеги чоңойгондо элден кем болбой, минип жүрсүн деп машинесине акча топтосо, чоң окуу жайына өткөрүү да азыр акча. Кудай буюруп Бактыбек эстүү болуп чоңоюп, жакшы окуса каалаган окуу жайына өткөзүүдөн акчасын аябас. Ээ, Бактыбегин атасы (өзүн айтып жатканы) тирүү болуп ушу манжалары кыймылдап, көзү көрүп, турса каражаттан кор кылбайт. Жөн эле минситрдин балдарындай кийиндирип, менмин дегендин балдарынан артык кылбаса... Пенсияга тие турган бүт акчасын сактык китепчесине которуп койду. Өзү жалаң өнөрчүлүгү менен иштеп тапкан акчага жашап, анын да ашыган чып-чыргасын коротпой сактык китепчесине салууга өттү. Оо, баласы чоңойуп жүгүрүп калса, жай келген сайын Ысык-Көлгө барып эс алышып, Ысык-Көл эле эмес тиги Кара-Деңизге чейин барышаар. Кудай бөдө кырсыктан тышкары кылып, ден соолук эле берсинчи. Баласынын келечеги, ден-соолгу дегенде динчил да болуп кетти. Басса-турса бисмилдасы оозунан түшпөй күбүрөнүп, кудай өткөн күндөгү күнөөмдү кечир деп жалынчуу болду. Мунар экөө ажырашкандан кийин отурса-турса, кудайды тилдей бергенди эстесе муундары шалдырап, жанын коерго жер таппай "Мендей көрдүн кылыгы үчүн Бактыбегимди күнөөлөй көрбө" деп муңканып жиберет. Бул күндөр тириликке умтулган адамдын бактылуу күндөрү экенин кийин эч кимге айтып бере албас атиң. ХХХ Бактыбеги менен алышып жаткан Жапар күн шашке болуп калганын билбеди.. Бүгүн баласы көзүнө ырсаңдап күлүп калгандай көрүндү. Баягы алгачкы күндөгүдөй олдоксон болбой, азыр колдору деле эпчил. Бактыбек да атасынын бактысына ылайык ыйлаак болбой жоош. Курсагы тойсо болду. Монтоюп уктап жата берет. Ойгонгондо колу-бутун бош койсо өзүнчө оюн курат. Атасы баласы экөө күндө эртең менен көнүгүү жасашат. Атасы журналдардан кесип чогулткан жаш баланы багуу жөнүндөгү китептерден алган көнүгүүлөрүнүн түрлөрүн күн сайын үзбөй жасашат. Демейде көнүгүү жасап бүткөн соң курсагын тойгузуп койсо көшүлүп уктап калчу эле, бүгүн уктабады. Жапар ары-бери басса ээрчий карайт. - Бакын, Бакын, Бакынтай атасын тааный баштаган бала экен го. Күлгөнгө жарап калган бала экен го. Ата, бала ээн үйдө эзилишип жатышты. Ата менен баланын ортосунда гана болуучу улуу ысыктыктын кутуна экөө тең магдырап мас болуп жатышты. Эшик шарт ачылганда Жапардын жүрөгү эмнегедир кабынан ыргып кете жаздады. Бул демейдегиден бир башкача эшиктин тааныш эмес ачылышы эле. Баласын колуна ала коюп, бооруна кыскан Жапар каякка жашынаарын билбей, тар үйдүн ичинде курулуп кетти. Нечен жолу тилинген жүрөк кургур, бул жолу да кырсык келатканын айттырбай сезип турду. Мупмуздак шамаал ээрчитип, кемпирдин бир жылда энесине бир басып келбес мерез кызы жалаңдап кирип келди? - Силер баккан кандай бала? Мага көрүүгө болобу? Жапардын колундагы балага умтулду. Аркасынан кемпир кирди бүжүрөп, Жапардын көзүн карай албай жалтаңдайт. - Койсоңчу, тынч бирөөнүн тиричилигине киришип эмне кереги бар. Жөн болчу. Жапар эмне дешти билбей далдырап калганда Таня баланы колуна ала коюп: - Оо кудай, алда немедей бала тура. Кой эне мунуңар болбойт. Наристенин убал-сообу дегенди ойлош керек. Жапар ичинен көзүнө көр топурак тыгылгырдын көзү тийбесе экен деп баланы кайра Танянын колунан алгычакты шашты. Таня ошол бойдон эшикке жулунуп жөнөдү. Алардын сырттан каңк-күңк сүйлөшкөн сөздөрү жакшы угулган жок. Болгону кемпирдин - койсоңчу Таня бирөөнүн турмушуна кийлигишип эмне кыласың. Жөн болчу дегени гана кайта-кайта мээ жарып жаңырып жатты. Жапардын башы дыңылдап ооруп чыкты. Баланы колунан түшүрбөй бооруна кысып, ары-бери басат. Бооругуп тердеп кеткен бала ыйлап баштады. Ансайын Жапар баласын азыр бирөө колунан жула качуудай титирейт. Убакыт канча өттү ким билсин. Сырттан дүңкүлдөп баскан кишилердин дабышы угулуп, оңбогон эшик дагы тааныш эмес үн чыгарып ачылды. Тагдыр ушул пендеге эмнеге минтип кастарын тигип жабышып калды экен. Бу жолу чачы быжыгый тармал, бети жалжайган сары, көк көз милициянын лейтенанты Таня менен кошо кирди. - Урматтуу боорукер ушул жерде жашайбы? Босогону аттай элек жатып. Кекете баштады. - Оо, өзүбүздүн эски тааныш тура. Лейтенат ушул районду тейлеген бөлүмдө иштечү. Жапар солуктурчу жайдын күндөлүк коногу болуп жүргөндө нечен жүздөшкөн. Ал түгүл булар Жапардан тажашып, эптеп үйүнө жетүүгө дарманы болсо көчүккө тээп, көзгө көрүнбөй жогол деп кубалашчу. Камаган менен акча салса төлөбөйт. Оорулу болгондуктан сот кеспейт. Анан үйүнө кубалашпаганда эмне кылышмак. - Көптөн бери көрүнбөй калганынан тиги чын дүйнөгө кеткен экен деп жүрсөк боорукер болуп чыккан тура. - Пагондуудан жүрөгү калган Жапар баласын кучактай бурчка тыгылды. Көздөрү айлайып, үнү чыкпай калды. Баланы катуу кысып жиберди окшойт, Бактыбек чыркырап ыйлап кирди. Таня - Алдакыны өлтүрөсүң деп колунан жулуп алды. - Дагы бала багат имиш. Кара бооругуп өлөйүн деп калыптыр. Баланы лейтенантка көрсөттү. - Айланайындар, баламды алып кете көрбөгүлө. Жапар чөк түшүп, буркурап ыйлап жиберди. - Так, лейтенант жан сумкасынан кагаздарын алып чыгып, жазып кирди. - Кана баланы качан, кайдан таптың башынан айта бер? - Жапар ордунан тура калып Танянын колундагы балага жулунду: - Апкел, бала менин өзүмдүкү. Таня лейтенанттын артына буйтай качты. Экөөнүн ортосуна тура калган тигил Жапарга кайрылып: - Тынчтанасыңбы же азыр мен сени тынчытып коеюнбу? - Бала меники дейм. Алууга акыңар жок. - Ме сага сеники! Лейтенант колунун кыры менен Жапарды моюнга урду эле турган жеринен чөк түшө кулады. Лейтенант бөйрөгүн таянып Таняга буларды ушинтип эле жөнгө салып коебуз, дегенсип эдирейип карап койду. - Кичине эс алсын. Анан бөлүмгө алып барып, ошол жерден сүйлөшпөсөк болчудай эмес. Жамандын өз жанын араң сүйрөп жүрүп бала баккыч болуп чыкканын кантейин. Күйгөндө да ушундай келесоолордон күйөсүң. - Ошону айтсаң. Алы, күчү толук биз балалуу болууга батынбай жүрсөк, бул болсо менин мамама таянып бала баккыч болуп кетиптир. Өлө-сөлүү кемпир экөөнүн дымагын кантесиң. Келсем, мамам деле маңдайы жарыла кубанып мактанып коет. Биз татынакай кылып багып жатабыз деп. Карылыктан алжый баштады. Танянын тили-тилине тийбей өз ишин эрдикке баалап жатты. - Кудай айдап дагы келипмин да. Болбосо бул байкуш жарык дүйнөгө келгенин туя элек жатып, кайра коштошмок экен. Аңгыча Жапар кыймылдай баштады эле лейтенант кежигесинен мыкчый кармап тургузуп, оң колун аркасын кайырган бойдон эшикке дегдеңдетип сүйрөп жөнөдү. - Бала меники, эч кимге бербеймин. Өлсөм да бербейм деп кыйкырган Жапардын бут жерге бирде тийсе, бирде тийбей баратты. Боорунда "милиция" деген жазуусу бар машина жүрүп кеткенден кийин, үйдөн чыгууга кудурети жетпей, терезенин тушунда сыртты тыңшап бөгүп жаткан кемпир жөрмөлөп өзү жатчу диванга араң жетти да жүрөгүн мыкчыган боюнча бүк түштү. Кемпирдин чырагы ушул кечте күйбөдү. Кийинки кечтерде да күйгөн жок. Кызы Таня баланы кучактаган бойдон лейтенантка ыктап отурганда, жан дүйнөсү тартылыша түшкөн эле үйүнө кайрылып келбеди. Капталында "милиция" деген жазуусу бар машина шардагы акылынан айныгандар жатуучу оорукананын короосунун ичине келип токтоп, бирөөнү күч менен түшүрүштү. Ал түшүп-түшпөй жатып, жерди буза "Бала меники эч кимге бербейм" деп бакырып, оозунан ак көбүгүн куюлтуп, тиши жеткен жерин тиштөөгө жанталашып бир башкача жулунат. Үч формачан милиция кызматкери дегдеңдетип ичкери алып кийришти. Ушул оорукананын жанынан агылып өткөн миң сандаган пенделердин айрымдары таң кеч терезеде казыктай какайып турган ак кийимчен адамды көрүшкөндөрү менен анын түптүз ачык асмандын мейкиндигин карап "Бакытай, Бакытбегим кайдасың, сен менин баламсың, сени эч кимге бербейм" - деп акырын сыздап ыйлап жатканын угушчу эмес. Бул адам бүт сөгү эзилип, чучугу солуп каны жүрбөй калгыча ушул гана сөздү кайталай берип, көз жумганына доктурлар күбө болушса да көпчүлүк акылы айныгандардын бир катары маани беришпеген көрпенделик болду. |
|